Ырлар
Көптөн бери
көкүрөгүм бош болуп,
Көздөрүм да
шүүдүрүмгө дос болуп,
Көксөп турам,
көөнүм толбой, капырай,
Көөдөнүмдө
силерге орун жок болуп...
Кайдасыңар,
неге келбей кеттиңер?
Кандай мага
кересиңер эх, силер!
Канаттарым
кайрылганда жашоодон,
кайгы-өмүрдүн
ортосунда чепсиңер!..
Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#181 01 February 2016 - 04:25
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#182 01 February 2016 - 21:56
Башкага кеттим дедиң...
Аярлап,
азаюуну билбесин деп,
Өзүңдү аягандай,
Көңүлү кирдебесин, сынбасын деп
Көзүңдү карагандай,
Сен дагы,
Бир аз эле ийилсең не,
Болбосоң дагы менин,
Жүрөгүм каалагандай!
Мен сенден тоону көрүп,
Сыймыктанып,
Дем берип, сага ансайын
Ыр жыттанып,
Сүйүүмдү
жалын кылып жалбырттатып,
Өзүмдү өзгөлөрдөн жалгыздатып,
Өрттөнүп сени гана сүйгөндүгүм –
мендеги
ошол айып, жалгыз жазык!
Сен дагы:
“Улуу сүйүү сездим,-дедиң, -
Сүйдүргөн эмес сендей
эч ким”, -дедиң.
Ишендим,
Жашоом бүтүн сага айланып,
А бүгүн:
“Башканы таап кеттим!”- дедиң...
Аярлап,
азаюуну билбесин деп,
Өзүңдү аягандай,
Көңүлү кирдебесин, сынбасын деп
Көзүңдү карагандай,
Сен дагы,
Бир аз эле ийилсең не,
Болбосоң дагы менин,
Жүрөгүм каалагандай!
Мен сенден тоону көрүп,
Сыймыктанып,
Дем берип, сага ансайын
Ыр жыттанып,
Сүйүүмдү
жалын кылып жалбырттатып,
Өзүмдү өзгөлөрдөн жалгыздатып,
Өрттөнүп сени гана сүйгөндүгүм –
мендеги
ошол айып, жалгыз жазык!
Сен дагы:
“Улуу сүйүү сездим,-дедиң, -
Сүйдүргөн эмес сендей
эч ким”, -дедиң.
Ишендим,
Жашоом бүтүн сага айланып,
А бүгүн:
“Башканы таап кеттим!”- дедиң...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#183 01 February 2016 - 21:56
Кышкы бак
Аяз чымчып жып-жылаңач денесин,
Жанга батып, кайыктырып жатабы?
Балким мендей – сабыры суз, унчукпас,
Мүнөз күтүп алаар кышта атайы?..
Арык, ичке сабактары “тырс” этип,
Тийип койсоң сынып кетчү немедей.
Кайырчынын колдорундай кунарсыз,
Бубак баскан бутактары селегей.
Кышкы кымгуут, ызы-чууну укпаган,
Ойгоо туруп, көзүн жумбай уктаган.
Кышкы бактын боюндагы жылуулук,
Убактылуу, жазга чейин муздаган.
Аяз чымчып жып-жылаңач денесин,
Жанга батып, кайыктырып жатабы?
Балким мендей – сабыры суз, унчукпас,
Мүнөз күтүп алаар кышта атайы?..
Арык, ичке сабактары “тырс” этип,
Тийип койсоң сынып кетчү немедей.
Кайырчынын колдорундай кунарсыз,
Бубак баскан бутактары селегей.
Кышкы кымгуут, ызы-чууну укпаган,
Ойгоо туруп, көзүн жумбай уктаган.
Кышкы бактын боюндагы жылуулук,
Убактылуу, жазга чейин муздаган.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#184 02 February 2016 - 23:09
#185 02 February 2016 - 23:35
Бир узум от салып журокко,
Карегин карекке тунотпо.
Эсимде калышын каалабайм,
Элесин айланып суротко...
Козумдо жазылган ырларды,
Коодондо катылган сырларды,
Окуйм деп жанынды карч уруп,
Токтотчу, убара кылганды.
Таарынба, койду деп тоготпой,
Ооба, чын - убактын коротпой,
Адашпай бактысын тапсын деп,
Оолактайм, жаныма жолотпой...
А бирок озогум орттонуп,
Озгоруп, окунуп, окчолуп...
Журогум тыз этет, аттин ай,
Озунсуз бардуйном боксоруп...
Карегин карекке тунотпо.
Эсимде калышын каалабайм,
Элесин айланып суротко...
Козумдо жазылган ырларды,
Коодондо катылган сырларды,
Окуйм деп жанынды карч уруп,
Токтотчу, убара кылганды.
Таарынба, койду деп тоготпой,
Ооба, чын - убактын коротпой,
Адашпай бактысын тапсын деп,
Оолактайм, жаныма жолотпой...
А бирок озогум орттонуп,
Озгоруп, окунуп, окчолуп...
Журогум тыз этет, аттин ай,
Озунсуз бардуйном боксоруп...
Козумдо жазылган ырларды,
Коодондо катылган сырларды,
Окуйм деп жанынды карч уруп,
Токтотчу, убара кылганды.
Таарынба, койду деп тоготпой,
Ооба, чын-убактын коротпой,
Адашпай бактысын тапсын деп,
Оолактайм жаныма жолотпой!
Мен учун жазылгандай.
#186 13 February 2016 - 19:38
Таарынтпайм сени экинчи
Кымбатым менин!
Кыйноого салсам кечирчи?
Кылгырып көзүң,
“Кыйбасым, жаным!”- десинчи?
Кылчактап араң
узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми,
таарынтпайм сени экинчи!
Таптаттуум менин!
Таарынтып койсом кечирчи?
Түшүмө кирди,
Тунжурай түшкөн кезиңчи...
Таң атпай, узак
болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми
таарынтпайм сени экинчи!
Сагынчым менин!
Санаага салсам кечирчи?
Саналуу кеткен
Элесиң жанды эзилтти.
Эркелеп, сүйүп,
жытыңды келди жыттагым,
Жыргалым эми
таарынтпайм сени экинчи!
Кымбатым менин!
Кыйноого салсам кечирчи?
Кылгырып көзүң,
“Кыйбасым, жаным!”- десинчи?
Кылчактап араң
узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми,
таарынтпайм сени экинчи!
Таптаттуум менин!
Таарынтып койсом кечирчи?
Түшүмө кирди,
Тунжурай түшкөн кезиңчи...
Таң атпай, узак
болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми
таарынтпайм сени экинчи!
Сагынчым менин!
Санаага салсам кечирчи?
Саналуу кеткен
Элесиң жанды эзилтти.
Эркелеп, сүйүп,
жытыңды келди жыттагым,
Жыргалым эми
таарынтпайм сени экинчи!
#187 13 February 2016 - 19:41
Миң-Булакта бир булак
Айылымда – мен сыйынган булак бар,
Балалыкка бир кылчайтып каратчу,
Бир мезгилде жээгинде желбиреп,
Жакшынакай мажүрүм тал жарашчу.
Мен барганда кубанычтан “селт” этип,
Бариктерин жерге ыргап алышат.
Кетээримде үн чыгарбай кош айтып,
Жар артында жашырынып калышат.Шылтоо кылып, апаларды жазгырып,
Суу алганы булакка ойноп барчу элек.
Апкөч калып, чака кулап жар ылдый,
Муз тепкенде үйдү унутуп калчу элек.
Чыпылдаган чыбык кармап колуна,
Тээ күүгүмдө издеп келчү энелер,
“Ойносом” деп жүрөктөрү ээленип,
Кыңырылып араң турчу жеңелер.
Ошол балдар, ошол кыздар бой жетип,
Ошол булак күбө болгон сүйүүгө,
Уяң кыздын чакаларын калтырып,
Сүйгөн жигит алып кеткен үйүнө.
Айылымда – мен сыйынган булак бар,
Балалыкка бир кылчайтып каратчу,
Бир мезгилде жээгинде желбиреп,
Жакшынакай мажүрүм тал жарашчу.
Мен барганда кубанычтан “селт” этип,
Бариктерин жерге ыргап алышат.
Кетээримде үн чыгарбай кош айтып,
Жар артында жашырынып калышат.Шылтоо кылып, апаларды жазгырып,
Суу алганы булакка ойноп барчу элек.
Апкөч калып, чака кулап жар ылдый,
Муз тепкенде үйдү унутуп калчу элек.
Чыпылдаган чыбык кармап колуна,
Тээ күүгүмдө издеп келчү энелер,
“Ойносом” деп жүрөктөрү ээленип,
Кыңырылып араң турчу жеңелер.
Ошол балдар, ошол кыздар бой жетип,
Ошол булак күбө болгон сүйүүгө,
Уяң кыздын чакаларын калтырып,
Сүйгөн жигит алып кеткен үйүнө.
#188 13 February 2016 - 19:45
Атаке
Атаке, баары эсимде... Бала чагым,
Эсимде - жытың, ысык алаканың...
Кызганып, башкаларга ээлик кылбай,
Колуңду “чар-чур” этип талашамын...
Элжиреп, бекем кысып кучагына,
Кондуруп ийинине – бутагына,
Атакем көккө ыргытчу балапанын,
талпынып аз-аз калган учарына.
Бой жетип, эс тартсам да эркеледим,
Кай жакка барсам, шашып энтеледим.
Мойнуңдан шорулдата жыттасам деп,
Атамдын мээрими эле эңсегеним.
Сен баскан жерде дайым гүл өсчү эле,
Жүрөгүң асылдыкты түнөтчү эле.
Сен барда үйүбүз шаң, жыргал кенен,
Бапырап бакыт менен күн өтчү эле.
А бүгүн сенин ордуң боп-бош турат,
Ушул кыш дегдеп келип, жоктоп турат...
Балдарың, апам түгүл, өзүңө ата,
Бүт дүйнө аза күткөн окшоп турат.
18.59
02.02.2016.
Атаке, баары эсимде... Бала чагым,
Эсимде - жытың, ысык алаканың...
Кызганып, башкаларга ээлик кылбай,
Колуңду “чар-чур” этип талашамын...
Элжиреп, бекем кысып кучагына,
Кондуруп ийинине – бутагына,
Атакем көккө ыргытчу балапанын,
талпынып аз-аз калган учарына.
Бой жетип, эс тартсам да эркеледим,
Кай жакка барсам, шашып энтеледим.
Мойнуңдан шорулдата жыттасам деп,
Атамдын мээрими эле эңсегеним.
Сен баскан жерде дайым гүл өсчү эле,
Жүрөгүң асылдыкты түнөтчү эле.
Сен барда үйүбүз шаң, жыргал кенен,
Бапырап бакыт менен күн өтчү эле.
А бүгүн сенин ордуң боп-бош турат,
Ушул кыш дегдеп келип, жоктоп турат...
Балдарың, апам түгүл, өзүңө ата,
Бүт дүйнө аза күткөн окшоп турат.
18.59
02.02.2016.
#189 13 February 2016 - 19:47
Сезесиңби?..
Сен – жалгызсың!
Сен – бирөөсүң жалганда!
Сендей эч ким боло албасы,
Ошол азап, арман да!
Карааныңды, каштарыңды,
Коюу түндөй чачтарыңды,
Таппасымды билсем деле,
Издей берип азганымды,
Сезесинби анан да
Калдалактап басканыңды,
Канат жайып шашканыңды,
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү,
Карегиме чөккөнүңдү,
Күн нурундай бүт дүйнөмө,
Ак жарыгың төккөнүндү! ..
Жада калса колдоруңду,
Чакчалекей ойлоруңду,
Чагылгандай өктөм, кээде
Таштай катып койгонуңду,
баарын, баарын... кусаланып,
Издей берчү болбодумбу. ..
02.20.
2.02.2016
Ж.И.
Сен – жалгызсың!
Сен – бирөөсүң жалганда!
Сендей эч ким боло албасы,
Ошол азап, арман да!
Карааныңды, каштарыңды,
Коюу түндөй чачтарыңды,
Таппасымды билсем деле,
Издей берип азганымды,
Сезесинби анан да
Калдалактап басканыңды,
Канат жайып шашканыңды,
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү,
Карегиме чөккөнүңдү,
Күн нурундай бүт дүйнөмө,
Ак жарыгың төккөнүндү! ..
Жада калса колдоруңду,
Чакчалекей ойлоруңду,
Чагылгандай өктөм, кээде
Таштай катып койгонуңду,
баарын, баарын... кусаланып,
Издей берчү болбодумбу. ..
02.20.
2.02.2016
Ж.И.
#190 13 February 2016 - 19:48
Башкага кеттим дедиң...
Аярлап,
азаюуну билбесин деп,
Өзүңдү аягандай,
Көңүлү кирдебесин, сынбасын деп
Көзүңдү карагандай,
Сен дагы,
Бир аз эле ийилсең не,
Болбосоң дагы менин,
Жүрөгүм каалагандай!
Мен сенден тоону көрүп,
Сыймыктанып,
Дем берип, сага ансайын
Ыр жыттанып,
Сүйүүмдү
жалын кылып жалбырттатып,
Өзүмдү өзгөлөрдөн жалгыздатып,
Өрттөнүп сени гана сүйгөндүгүм –
мендеги
ошол айып, жалгыз жазык!
Сен дагы:
“Улуу сүйүү сездим,-дедиң, -
Сүйдүргөн эмес сендей
эч ким”, -дедиң.
Ишендим,
Жашоом бүтүн сага айланып,
А бүгүн:
“Башканы таап кеттим!”- дедиң...
Аярлап,
азаюуну билбесин деп,
Өзүңдү аягандай,
Көңүлү кирдебесин, сынбасын деп
Көзүңдү карагандай,
Сен дагы,
Бир аз эле ийилсең не,
Болбосоң дагы менин,
Жүрөгүм каалагандай!
Мен сенден тоону көрүп,
Сыймыктанып,
Дем берип, сага ансайын
Ыр жыттанып,
Сүйүүмдү
жалын кылып жалбырттатып,
Өзүмдү өзгөлөрдөн жалгыздатып,
Өрттөнүп сени гана сүйгөндүгүм –
мендеги
ошол айып, жалгыз жазык!
Сен дагы:
“Улуу сүйүү сездим,-дедиң, -
Сүйдүргөн эмес сендей
эч ким”, -дедиң.
Ишендим,
Жашоом бүтүн сага айланып,
А бүгүн:
“Башканы таап кеттим!”- дедиң...
#191 13 February 2016 - 19:50
Сен мени
Сен мени сагынтайын дедиң бекен,
Телефон чалбай дагы, келбей коюп.
Чын эле сенсиз мага күндөрүмдүн,
Татыбай тузу такыр кемдей болуп...
Сен мени таарынтайын дедиңби же,
Атайлап алыстатып кабарынды,
А бирок билбейсиң ээ, кандай азап,
Жоготуу жандай көргөн адамыңды.
Сен мени унутайын десең керек,
Арга жок, ага деле түтөм демек.
Жолуңду карай-карай, үшкүрүккө
үшүтүп үмүмтүмдү үзөм демек...
Сен мени сагынтайын дедиң бекен,
Телефон чалбай дагы, келбей коюп.
Чын эле сенсиз мага күндөрүмдүн,
Татыбай тузу такыр кемдей болуп...
Сен мени таарынтайын дедиңби же,
Атайлап алыстатып кабарынды,
А бирок билбейсиң ээ, кандай азап,
Жоготуу жандай көргөн адамыңды.
Сен мени унутайын десең керек,
Арга жок, ага деле түтөм демек.
Жолуңду карай-карай, үшкүрүккө
үшүтүп үмүмтүмдү үзөм демек...
#192 13 February 2016 - 19:56
Мени сүйгөн бир адам
Мени сүйгөн, таза сүйгөн бир адам,
Чын сүйүүгө арзыганга кубанам.
Сүйүү деген аруу сезим бар үчүн,
Көрсө кызык, сулуу экен бу аалам.
Мени сүйгөн, таза сүйгөн ал адам,
Көңүлүмдү аздектеген, аяган...
А мен анын... ушунчалык суктанып,
Сүйүү толгон көздөрүнө карагам...
Мени сүйгөн, таза сүйгөн бир адам,
Чын сүйүүгө арзыганга кубанам.
Сүйүү деген аруу сезим бар үчүн,
Көрсө кызык, сулуу экен бу аалам.
Мени сүйгөн, таза сүйгөн ал адам,
Көңүлүмдү аздектеген, аяган...
А мен анын... ушунчалык суктанып,
Сүйүү толгон көздөрүнө карагам...
#193 16 February 2016 - 21:50
Чайпалдым – турмуш
оң-тетир чайкаганда,
Чаңкадым бир аз
чаң жутуп, байкаганга.
Ансайын бирок,
арышым таштайм, анткени
Акым жок билем,
мен азыр чарчаганга!
Жаз дүйнөм тооруп,
кыш чилде басса кычырап,
Жандүйнөм ооруп,
жүрөгүм аста кысылат.
Ансайын күчөп,
жомокко кетем айланып,
Азынап келсе,
Пегасым менин – кызыл ат.
оң-тетир чайкаганда,
Чаңкадым бир аз
чаң жутуп, байкаганга.
Ансайын бирок,
арышым таштайм, анткени
Акым жок билем,
мен азыр чарчаганга!
Жаз дүйнөм тооруп,
кыш чилде басса кычырап,
Жандүйнөм ооруп,
жүрөгүм аста кысылат.
Ансайын күчөп,
жомокко кетем айланып,
Азынап келсе,
Пегасым менин – кызыл ат.
#194 18 February 2016 - 22:41
Сапарга
санаа менен чыктың эле
Калдайтып,
канатыңды жайып коюп,
Кайдадыр кеттиң узап, кайып болуп!
Капшытым эңшерилип кала бердим,
Сага эмес, өзүмө-өзүм айып коюп!
А балким,
чарчасаң эс алдыра албай.
Чаңкасаң суусунуңду кандыра албай,
Көңүлүң ооруттумбу, жүрөктөгү -
Жогуңду издеп келсең бар кыла албай!
Же балким,
сен дагы азап чектиң бекен,
Адашып келдиң бекен, кеттиң бекен?
Сапарга санаа менен чыктың эле,
Сабалап эңсөөңө эсен жеттиң бекен?!.
санаа менен чыктың эле
Калдайтып,
канатыңды жайып коюп,
Кайдадыр кеттиң узап, кайып болуп!
Капшытым эңшерилип кала бердим,
Сага эмес, өзүмө-өзүм айып коюп!
А балким,
чарчасаң эс алдыра албай.
Чаңкасаң суусунуңду кандыра албай,
Көңүлүң ооруттумбу, жүрөктөгү -
Жогуңду издеп келсең бар кыла албай!
Же балким,
сен дагы азап чектиң бекен,
Адашып келдиң бекен, кеттиң бекен?
Сапарга санаа менен чыктың эле,
Сабалап эңсөөңө эсен жеттиң бекен?!.
#195 26 February 2016 - 17:34
АЯЛ
(Бүтпөс монолог)
Ким айтат,
аялдарды – алсыз деп?
Аял – жеңил,
акылы аз, арсыз деп?
Аял – шайтан,
аял деген – азгырык,
Бузуку иштер
болбойт болчу ансыз деп?!.
“Алтын баштуу аялдардан –
Бака баштуу
эркектерди артык...” – деп...
Ооба, айтышат...
Жатат мында улуу ой,
Четке кагуу
мүмкүн эмес – калпыс деп!
Анткени ушул
Макалды да чыгарган –
Аял го деп
болжойм да айтам – алкыш кеп!
Кезде анткени –
эл башына иш түшкөн,
Эмес эрлер –
бүжүрөйүп, бүктүшкөн!
Аял дайым:
“Баатырым! ” – деп дем берип,
Турганы үчүн
сакасы айкүр, чик түшкөн!Менчи? Ушундай
Аял боло алдымбы?
Абай салып
карайм артым, алдымды.
Шерим, сени -
“Баатыр” кылуу ойдо эле,
Сезе алдыңбы,
Сен да менин баркымды?
Бирде толо
Бирде турмуш тузу кем,
Ак чач аял –
Мына турган ушу мен,
Кечээ эле
Ата-энемдин алпештеп,
Арзып тапкан,
Алмончоктой кызы элем...
Басып-туруп:
“Аял жакшы – эр жакшы”,
Мына ушуну
эсиң тут”, - дечү энем.
“Эр сыйлаган
Жатпайт балам эшикке...” -
десе эркелеп,
Кыт-кыт күлгөм нече мен...
Жубай болдум,
уулуна анан атанын...
Жондо – бала,
жолдо – эрчиди азабым.
Жолдош болду –
көртүйшүгүм, а бирок
Көөнөргөн жок,
көкүрөктө казалым!..
Башыңа иш
түшкөн кезде мүңкүрөп,
Алтын таажы
келди сага жасагым!.
.Баар таптымбы,
барк таптымбы ушундан?
“Канат болсом...”-
дедим сени учурган!
Кербезденбей,
кетмен, күрөк колго алып,
Оңдойм дедим,
ой-чуңкурду бузулган...
Улутунуп
Унчукпайсың. .. Турмуштан
утулдумбу,
балким жокмун утулган!
Алдастадым,
алыс-алыс талпындым,
Мойнума анан
чаар баштыкты артындым!
Орусия, Европа, Корея,
чет жерлерде
Канча өмүрүм калтырдым!
Ден соолугум,
жаштыгымды, назымды,
Садага чаап
капчыгы үчүн калкымдын.
Канча эне
калды бала “өңөрбөй”,
Канча бешик
турат бөбөк бөлөнбөй?!
Кайран кыздар
азып-тозуп жүргөндө,
Манастай уул,
калды бекен төрөлбөй?! .Канча ымыркай,
чоочун жерде калгандыр?
Башка түшкөн
бул – шор, ачуу армандыр?!
Эркеликти,
аял назын унуткан,
Эби келсе
эркектерче урушкан,
Энелерди,
эжелерди, кыздарды,
Эрлер, шерлер,
мен силерден суранам,
Колдон келсе,
Эми аялга айландыр?!
.Кечир, шерим?
Албайсың да төгүндөй...
Ак аралап,
кара чачты көмүрдөй,
Сен бир кезде
сүйгөн эки ууртумдан,
Күн нурундай
күлкү, шаттык төгүлбөй,
Аппак жүзүм,
ысык-суукка туурулуп,
бырыш түштү
ошол бойдон өбүлбөй...
Менде да айып,
балким бардыр азыраак?
Акыйкаттын
даамы дайым ачуураак.
Мен эшикте
“эркек” болуп жүргөндө,
(Айта албаймын,
Аны аял деп пасыраак),
Башка бирөө,
менден эстүү, жашыраак...
Мен бере албай
Жүргөн назды, сүйүүнү,
Тартуу кылып
турса сага асырап,
Айтчы, ага
айта аламбы каяша,
Сен деп турса,
кантип сүйлөйм катуу, даап?..
Кайран күндөр,
кайран менин жаштыгым!
Кайран түндөр,
кайран жалкы жаздыгым!
Кабыргасы
ката электе кайышкан,
кайда сезим,
кайда сүйүүм, жактыруум?..
Кайталабас
бекен биздин катаны,
Кагылайын,
калдайган топ – арткы муун?!..
Балдарды ошол
эркелетип өбө албай,
Эмизе албай,
эне мээрим төгө албай,
Ата салтын,
эне наркын үйрөтүп,
“Илгери-и... ” - деп
жомок айтып бере албай..!
Жада калса
ата-энемди жайына,
бергенде да
алып-учуп келе албай!..
Балдарга эми
кантип айтам батынып:
“Маңкуртка окшоп
Калдыңар, - деп, - неге андай?!.
”Кыздарыбыз
өзүнө орун таппаган,
Түйүлө элек
түйүлдүккө, башкадан –
жакшы жашоо,
издеп уя, жылуулук,
чет элдикти
эрчип кетип жатса анан!
Кантип гана
кабыргалар кайышпайт,
Күңгө айланып,
жатышса ошол жакта анан?!
Акылы бар
болчу! Билем, анын да –
Кыргыз эне
каны бар да, канында!
Бизге энелер
айткан окшоп насыят,
Биз айта албай,
болбой калып жанында...
Шырдакбектин
Эркайымы окшотуп,
Байкуш кыздын,
биз байладык багын да...
“Оорун – колдон,
Жерден алсам жеңилин”, -
деп жашагам...
Беделине Шеримин
шек келтирүү –
оюмда да жок эле,
катуу кетсем,
кечир мени, Теңирим?!
Кантип айтпайм,
тамырына доо кетип,
жүрөгү ооруп
турса элим-жеримин.
Өх-х десеңчи,
өмүр барат азайып,
Өксүп эмне,
эми көзгө жаш алып?!.
Өйдө-төмөн
өкчөлсөк да акчанын,
Көрдүйнөнүн
кулу болуп жашадык.
Сенчи, Шерим?
сереп салып карачы,
Аткардыңбы,
парсыңды эрлик, аталык?
Улуулардын
аманатын урпакка,
бере алдыкпы?..
Кечир бизди, Атажурт.?! Кечир тарых,
кечир бизди келечек?
Эмнелер жок,
өткөн-кеткенди элесек...
Азбы, көппү,
жол издеген адашып,
Ай-жылдарга
салган кезде сары эсеп,
Ойлор – онго,
санаа – санга бөлүнүп,
Өзөктү өрттөп,
өксүк күндөр жан эзет.
Эркек! Чыны
сен бийиксиң аялдан,
Мен анткени
кабыргандан жаралгам.
Сен – күчтүүсүң,
түндүгүмдүн түркүгү,
Сени көрөм,
неберемден, баламдан...
Каалаганым -
Элди, жерди, эртенди,
Калкалап кал,
кара тумоо абалдан?!.
(Бүтпөс монолог)
Ким айтат,
аялдарды – алсыз деп?
Аял – жеңил,
акылы аз, арсыз деп?
Аял – шайтан,
аял деген – азгырык,
Бузуку иштер
болбойт болчу ансыз деп?!.
“Алтын баштуу аялдардан –
Бака баштуу
эркектерди артык...” – деп...
Ооба, айтышат...
Жатат мында улуу ой,
Четке кагуу
мүмкүн эмес – калпыс деп!
Анткени ушул
Макалды да чыгарган –
Аял го деп
болжойм да айтам – алкыш кеп!
Кезде анткени –
эл башына иш түшкөн,
Эмес эрлер –
бүжүрөйүп, бүктүшкөн!
Аял дайым:
“Баатырым! ” – деп дем берип,
Турганы үчүн
сакасы айкүр, чик түшкөн!Менчи? Ушундай
Аял боло алдымбы?
Абай салып
карайм артым, алдымды.
Шерим, сени -
“Баатыр” кылуу ойдо эле,
Сезе алдыңбы,
Сен да менин баркымды?
Бирде толо
Бирде турмуш тузу кем,
Ак чач аял –
Мына турган ушу мен,
Кечээ эле
Ата-энемдин алпештеп,
Арзып тапкан,
Алмончоктой кызы элем...
Басып-туруп:
“Аял жакшы – эр жакшы”,
Мына ушуну
эсиң тут”, - дечү энем.
“Эр сыйлаган
Жатпайт балам эшикке...” -
десе эркелеп,
Кыт-кыт күлгөм нече мен...
Жубай болдум,
уулуна анан атанын...
Жондо – бала,
жолдо – эрчиди азабым.
Жолдош болду –
көртүйшүгүм, а бирок
Көөнөргөн жок,
көкүрөктө казалым!..
Башыңа иш
түшкөн кезде мүңкүрөп,
Алтын таажы
келди сага жасагым!.
.Баар таптымбы,
барк таптымбы ушундан?
“Канат болсом...”-
дедим сени учурган!
Кербезденбей,
кетмен, күрөк колго алып,
Оңдойм дедим,
ой-чуңкурду бузулган...
Улутунуп
Унчукпайсың. .. Турмуштан
утулдумбу,
балким жокмун утулган!
Алдастадым,
алыс-алыс талпындым,
Мойнума анан
чаар баштыкты артындым!
Орусия, Европа, Корея,
чет жерлерде
Канча өмүрүм калтырдым!
Ден соолугум,
жаштыгымды, назымды,
Садага чаап
капчыгы үчүн калкымдын.
Канча эне
калды бала “өңөрбөй”,
Канча бешик
турат бөбөк бөлөнбөй?!
Кайран кыздар
азып-тозуп жүргөндө,
Манастай уул,
калды бекен төрөлбөй?! .Канча ымыркай,
чоочун жерде калгандыр?
Башка түшкөн
бул – шор, ачуу армандыр?!
Эркеликти,
аял назын унуткан,
Эби келсе
эркектерче урушкан,
Энелерди,
эжелерди, кыздарды,
Эрлер, шерлер,
мен силерден суранам,
Колдон келсе,
Эми аялга айландыр?!
.Кечир, шерим?
Албайсың да төгүндөй...
Ак аралап,
кара чачты көмүрдөй,
Сен бир кезде
сүйгөн эки ууртумдан,
Күн нурундай
күлкү, шаттык төгүлбөй,
Аппак жүзүм,
ысык-суукка туурулуп,
бырыш түштү
ошол бойдон өбүлбөй...
Менде да айып,
балким бардыр азыраак?
Акыйкаттын
даамы дайым ачуураак.
Мен эшикте
“эркек” болуп жүргөндө,
(Айта албаймын,
Аны аял деп пасыраак),
Башка бирөө,
менден эстүү, жашыраак...
Мен бере албай
Жүргөн назды, сүйүүнү,
Тартуу кылып
турса сага асырап,
Айтчы, ага
айта аламбы каяша,
Сен деп турса,
кантип сүйлөйм катуу, даап?..
Кайран күндөр,
кайран менин жаштыгым!
Кайран түндөр,
кайран жалкы жаздыгым!
Кабыргасы
ката электе кайышкан,
кайда сезим,
кайда сүйүүм, жактыруум?..
Кайталабас
бекен биздин катаны,
Кагылайын,
калдайган топ – арткы муун?!..
Балдарды ошол
эркелетип өбө албай,
Эмизе албай,
эне мээрим төгө албай,
Ата салтын,
эне наркын үйрөтүп,
“Илгери-и... ” - деп
жомок айтып бере албай..!
Жада калса
ата-энемди жайына,
бергенде да
алып-учуп келе албай!..
Балдарга эми
кантип айтам батынып:
“Маңкуртка окшоп
Калдыңар, - деп, - неге андай?!.
”Кыздарыбыз
өзүнө орун таппаган,
Түйүлө элек
түйүлдүккө, башкадан –
жакшы жашоо,
издеп уя, жылуулук,
чет элдикти
эрчип кетип жатса анан!
Кантип гана
кабыргалар кайышпайт,
Күңгө айланып,
жатышса ошол жакта анан?!
Акылы бар
болчу! Билем, анын да –
Кыргыз эне
каны бар да, канында!
Бизге энелер
айткан окшоп насыят,
Биз айта албай,
болбой калып жанында...
Шырдакбектин
Эркайымы окшотуп,
Байкуш кыздын,
биз байладык багын да...
“Оорун – колдон,
Жерден алсам жеңилин”, -
деп жашагам...
Беделине Шеримин
шек келтирүү –
оюмда да жок эле,
катуу кетсем,
кечир мени, Теңирим?!
Кантип айтпайм,
тамырына доо кетип,
жүрөгү ооруп
турса элим-жеримин.
Өх-х десеңчи,
өмүр барат азайып,
Өксүп эмне,
эми көзгө жаш алып?!.
Өйдө-төмөн
өкчөлсөк да акчанын,
Көрдүйнөнүн
кулу болуп жашадык.
Сенчи, Шерим?
сереп салып карачы,
Аткардыңбы,
парсыңды эрлик, аталык?
Улуулардын
аманатын урпакка,
бере алдыкпы?..
Кечир бизди, Атажурт.?! Кечир тарых,
кечир бизди келечек?
Эмнелер жок,
өткөн-кеткенди элесек...
Азбы, көппү,
жол издеген адашып,
Ай-жылдарга
салган кезде сары эсеп,
Ойлор – онго,
санаа – санга бөлүнүп,
Өзөктү өрттөп,
өксүк күндөр жан эзет.
Эркек! Чыны
сен бийиксиң аялдан,
Мен анткени
кабыргандан жаралгам.
Сен – күчтүүсүң,
түндүгүмдүн түркүгү,
Сени көрөм,
неберемден, баламдан...
Каалаганым -
Элди, жерди, эртенди,
Калкалап кал,
кара тумоо абалдан?!.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#196 01 March 2016 - 11:59
Билбесем да ушунча кечигээриң,
Билем, күтөм, бир күнү кезигемин.
Сен деп канча өмүрүм өттү, кетти,
Бирок мейли кектебейм, кечиремин.
Билем, күтөм, бир күнү кезигемин.
Сен деп канча өмүрүм өттү, кетти,
Бирок мейли кектебейм, кечиремин.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#197 01 March 2016 - 11:59
Балким...
Аттиң десең, бүгүн көргөн эртең жок...
Деген менен мен өлүмдөн коркпоймун.
Тирүүлүктүн, бирок парзын аткарбай,
Жүргөнүмө... жүрөкзаада окшоймун.
Кечир, Кудай? Кечир мени абийрим,
Аз өмүрдө кылдым канча пенделик.
Сен чакырган күнү алдыңа барармын,
Жакшымды да, жаманымды теңденип...
Дагы канча жол басармын, ким билет,
Дербишке окшоп, бет алдымды тиктеймин...
Жүрөгүмдө бир боштук бар толбогон,
Кимди? Сени, балким өзүмдү издеймин?...
Аттиң десең, бүгүн көргөн эртең жок...
Деген менен мен өлүмдөн коркпоймун.
Тирүүлүктүн, бирок парзын аткарбай,
Жүргөнүмө... жүрөкзаада окшоймун.
Кечир, Кудай? Кечир мени абийрим,
Аз өмүрдө кылдым канча пенделик.
Сен чакырган күнү алдыңа барармын,
Жакшымды да, жаманымды теңденип...
Дагы канча жол басармын, ким билет,
Дербишке окшоп, бет алдымды тиктеймин...
Жүрөгүмдө бир боштук бар толбогон,
Кимди? Сени, балким өзүмдү издеймин?...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#198 01 March 2016 - 12:00
Ууртундагы күлкүнү ууртап алып,
Чок ортосу бетимдин куйкаланып.
Жашынууга жер таппай кеттим анан,
Чакчалекей ойлорум уйпаланып...
Чок ортосу бетимдин куйкаланып.
Жашынууга жер таппай кеттим анан,
Чакчалекей ойлорум уйпаланып...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#199 01 March 2016 - 12:01
Сени сүйүп,
сен деп ыйлап,
карегимден жаш акты!..
Бул өмүрдү сен деп сүрүп,
сен деп жедим азапты!
Менин ыйым,
Ырым дагы өзүңсүң!
Эңсөөм, эркем,
Эки кара көзүмсүң!
Сүйөм сени,
Карааныңа кагылып,
Дарыядай сен тарапка агылып...
Сүйөм сени,
Акылымдан адашып!
Кээде сени,
Сени өзүңдөн талашып!
Бул жашоого
сен деп келген эмедей,
Сүйөм сени,
эч бир жанга теңебей!
Сенсиз мага -
күндөр супсак, кунарсыз,
Сенсиз жашоо -
Кереги жок кенедей!
"Махабат мазарынан"
сен деп ыйлап,
карегимден жаш акты!..
Бул өмүрдү сен деп сүрүп,
сен деп жедим азапты!
Менин ыйым,
Ырым дагы өзүңсүң!
Эңсөөм, эркем,
Эки кара көзүмсүң!
Сүйөм сени,
Карааныңа кагылып,
Дарыядай сен тарапка агылып...
Сүйөм сени,
Акылымдан адашып!
Кээде сени,
Сени өзүңдөн талашып!
Бул жашоого
сен деп келген эмедей,
Сүйөм сени,
эч бир жанга теңебей!
Сенсиз мага -
күндөр супсак, кунарсыз,
Сенсиз жашоо -
Кереги жок кенедей!
"Махабат мазарынан"
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#200 01 March 2016 - 12:02
Улуттук боштондук күрөштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына
Бешик...
Миң тогуз жүз он алтынчы жыл. Кыргын...
Бир тамчысын келди бүгүн ыр кылгым.
О, карт тарых, канчаларын бурмалап,
Канчаларын жаап-жашырып, сыр кылдың!
Белен жашоо издеп келген “берендер”,
“Сырттан келип, төр меники дегендер! ”
Келгиндердин үстөмдүгү – жер-сууга,
селт эттирди! Кыргыз жаны белем –Жер!
Күчтөп улам ал ансайын салыкты,
Ак падыша эл дүйнөсүн тарытты!
Ылдам, ыкчам буйрук кылды жана да,
Кыргыздардан согушка аскер алышты!
Каяша айткан кылычталып, атылып,
Башы алынып, зындан... дарга асылып!
Тебеленип жери, укугу, намысы,
Букара элдин жатты жаны ачынып.
Туш-тушта анан колго курал алышкан,
Кайран кыргыз баш көтөрдү намыстан.
Коргойбуз деп элди, жерди күрөшүп,
Кордуктан бу – каректен кан тамызган.
Бул акараат пааша каарын кайнатты,
Ала-Тоого күчтөп улам солдатты.
Курал-жарак, ок-дарыны аябай,
Атчан аскер, жөө аскерди сандатты.
А кыргызда бир курал жок заманбап,
Алдан тайып, чегинишип анан бат!
Колдорунан түшүп союл, айрысы,
Калганы чын, дайнын таппай алаңдап....
Арттан сүрүп ак падыша аскери,
Кытай беттеп Ала-Тоонун качты эли.
Кайран элдин ишеничи, үмүтү,
Ашуу, белдин ар жагында жатты эми...
Атып, өрттөп, колго тийсе кескилеп,
Эч аёосуз кармап, сабап, тепкилеп.
Кырып-жоюп, кууп келет армия,
Качкан элден алыш үчүн кекти бек.
Сөөктөр ач бел, куу жондордо чачылган,
Ушул үркүн – бир кылымга катылган!
Элдик кайра жаралуунун башаты –
Ушул күрөш – бир солк этип, басылган!
Ак кар менен көк жалтаң муз каптаган,
Аска, зоолор эзели адам ашпаган..!
Тоңуп өлгөн, ооруп өлгөн андан көп,
Томурайып жаткандар бар ачкадан!
Кыйкырык, ый, бирин-бири жоктогон,
Жардан кулап, сууга аккан, боздогон...
Кайран кыргыз! Азайса да, азса да
азыраагы аман калаар окшогон...
Бурганак кар төшөк болуп жабылып,
Бешикте бир жатат бөбөк таңылып!
Боздоп, улуп... бороон “кыйч-куйч” терметет,
Алдей айтып, ботосундай жан уруп.
Эне колу жетип-жетпей тарбайып,
Тоңуп калган... ажал сууруп жанды алып.
Ар кай жерде томурайган мал, жан! Өх-х,
Көздөн учкан ашуу турат калдайып.
Аттап-жөөлөп, бири эмгектеп, жөрмөлөп...
Ирдүүлөрү ашып өттү өндөнөт..!
Коңгуроосу добуш салып шыңгырап,
Белде калган бешик аста термелет...
Бешик...
Миң тогуз жүз он алтынчы жыл. Кыргын...
Бир тамчысын келди бүгүн ыр кылгым.
О, карт тарых, канчаларын бурмалап,
Канчаларын жаап-жашырып, сыр кылдың!
Белен жашоо издеп келген “берендер”,
“Сырттан келип, төр меники дегендер! ”
Келгиндердин үстөмдүгү – жер-сууга,
селт эттирди! Кыргыз жаны белем –Жер!
Күчтөп улам ал ансайын салыкты,
Ак падыша эл дүйнөсүн тарытты!
Ылдам, ыкчам буйрук кылды жана да,
Кыргыздардан согушка аскер алышты!
Каяша айткан кылычталып, атылып,
Башы алынып, зындан... дарга асылып!
Тебеленип жери, укугу, намысы,
Букара элдин жатты жаны ачынып.
Туш-тушта анан колго курал алышкан,
Кайран кыргыз баш көтөрдү намыстан.
Коргойбуз деп элди, жерди күрөшүп,
Кордуктан бу – каректен кан тамызган.
Бул акараат пааша каарын кайнатты,
Ала-Тоого күчтөп улам солдатты.
Курал-жарак, ок-дарыны аябай,
Атчан аскер, жөө аскерди сандатты.
А кыргызда бир курал жок заманбап,
Алдан тайып, чегинишип анан бат!
Колдорунан түшүп союл, айрысы,
Калганы чын, дайнын таппай алаңдап....
Арттан сүрүп ак падыша аскери,
Кытай беттеп Ала-Тоонун качты эли.
Кайран элдин ишеничи, үмүтү,
Ашуу, белдин ар жагында жатты эми...
Атып, өрттөп, колго тийсе кескилеп,
Эч аёосуз кармап, сабап, тепкилеп.
Кырып-жоюп, кууп келет армия,
Качкан элден алыш үчүн кекти бек.
Сөөктөр ач бел, куу жондордо чачылган,
Ушул үркүн – бир кылымга катылган!
Элдик кайра жаралуунун башаты –
Ушул күрөш – бир солк этип, басылган!
Ак кар менен көк жалтаң муз каптаган,
Аска, зоолор эзели адам ашпаган..!
Тоңуп өлгөн, ооруп өлгөн андан көп,
Томурайып жаткандар бар ачкадан!
Кыйкырык, ый, бирин-бири жоктогон,
Жардан кулап, сууга аккан, боздогон...
Кайран кыргыз! Азайса да, азса да
азыраагы аман калаар окшогон...
Бурганак кар төшөк болуп жабылып,
Бешикте бир жатат бөбөк таңылып!
Боздоп, улуп... бороон “кыйч-куйч” терметет,
Алдей айтып, ботосундай жан уруп.
Эне колу жетип-жетпей тарбайып,
Тоңуп калган... ажал сууруп жанды алып.
Ар кай жерде томурайган мал, жан! Өх-х,
Көздөн учкан ашуу турат калдайып.
Аттап-жөөлөп, бири эмгектеп, жөрмөлөп...
Ирдүүлөрү ашып өттү өндөнөт..!
Коңгуроосу добуш салып шыңгырап,
Белде калган бешик аста термелет...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.

Супер-Инфо
super.kg
видео










