Эркелегим келет кимдир бирөөнө,
Мен эңсеген жылуулукка жылынып.
Эркелегим келет кимдир бирөөнө,
Мен издеген улуулукка сыйынып.
Көңүлдү жүк, санаа басып кирдеген,
Көтөрө албай, кирпикти араң ирмеген.
Кечиргиле мүнөттөрүм аялуу,
Айыбым күп, баркыңарды билбеген.
Ар бир ирмем жалгызсыңар, азсыңар,
Анан калса шашмасыңар, батсыңар.
Азыр эле бир ирмемге карытып,
Мына, мына, өмүр уурдай качтыңар! ..
Мен издеген, мени издеген адамым,
Сенсиз күндүн бар бактысын танамын.
Бул өмүрдөн өткүчөктү акыр бир,
Бар экениң билиш үчүн табамын!
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 15 Май 2015 - 19:59