Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.
#321 21 Август 2017 - 19:47
Сагынычка саргайсын
жылдарыбыз
Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе жаным,
Андан көрөк арбалып мен барайын.
Ырдан ширин ымыркай жаратууга,
Өмүр бою өзүңө камданайын.
Дүйнөсүнөн күтүүнүн келбе жаным,
Сагынычы чоң бакыт мендеги анын.
Андан көрөк талытып канатымды,
Ырга айланып сен жакка мен барайын.
Турмушумда кезикпе, келбе жаным,
Жоготпогун өзүңдө, менде барын.
Тажашкандан көрөкчө - күткөн жакшы,
Сагынычка саргайсын жылдары анын.
Бийигинен сүйүүнүн түшпө, мага...
Жете албайын, жеткирбе, күтпө мага.
Ай нурунан ак жоолук салып алып,
Айылыңдан жолугам түштө гана...
Ыр дүйнөмдөн кайрылып келбе, жаным.
Сагынычка саргайсын жылдары анын.
“Бир үзүм от”
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#322 21 Август 2017 - 19:55
Мен сага баратамын
Сен мени байлап алып карашыңа,
Сезимдин алыскы бир калаасына,
Кошо алып кеттиң окшойт өзүң менен,
Кондуруп алып сезим канатына.
Тузакка түшүп жүрөк... туткундалып,
Туйлашы башкача бир тынчымды алып,
Тыпырап бир орунга отура албай,
Чакырат бет алдымдан сүйкүм жарык.
Сезимден жол төшөлүп көрүнбөгөн,
Түшүмдө, кыялымда, өңүмдө мен,
Токтолбой толкун жиреп баратамын,
Кудурет- күчкө ээ болуп чөмүлбөгөн.
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#323 21 Август 2017 - 19:56
Жашоого ким бар экен, түркүк болгон,
Омур аз – бир кыпындай, бүркүп койгон...
Суранам, жакшы сөзүң аябачы,
Дарыдай жүрөгүмө сүртүп койгон...
Эски дептерден)
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#324 26 Август 2017 - 22:39
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү,
Ошол күнү билем дароо өзгөрөм:
Түнгө айланам, таштай катам, муз болом,
Анда өзүмдү-өзүм дагы жек көрөм!
Сүйбөй калдым дебе мени бир күнү,
Ошол күнү мен сүйүүгө өчүгөм:
Элесинди, сүрөтүңдү көзүмдөн,
А сүйүүмдү жүрөгүмдөн өчүрөм!
Сүйбой калдым дебе мени бир күнү,
Анда кантип?... Кайдан минтип шоктоном?
Алапайым таппай калып капилет,
Өзүмдү-өзүм өрттөп ийер от болом...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#325 26 Август 2017 - 22:41
Булут үзүп, жылдыз терип жазганга,
Чыгып кетким келип жүрөт асманга.
Бир серпилип, канат күүлөп алайын,
Кичинекей таканч барбы аскаңда?..
Айтышууда ак сүйүүнү жок дешип,
Аны иликтеп, аныктоого жок кесип.
Арзууну мен алып келем ыр менен,
Асылым эх, а сен антип тоспо эшик!
Ж.И.
Чыгып кетким келип жүрөт асманга.
Бир серпилип, канат күүлөп алайын,
Кичинекей таканч барбы аскаңда?..
Айтышууда ак сүйүүнү жок дешип,
Аны иликтеп, аныктоого жок кесип.
Арзууну мен алып келем ыр менен,
Асылым эх, а сен антип тоспо эшик!
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#326 16 Сентябрь 2017 - 20:02
Сагыныпмын. ..
Чарчапмын.
ушунчалык чарчаптырмын. ..
Оң-солго,
ооба, жанды калчаптырмын. ..
Куюлуп,
батып кетким келип турат,
Ушу азыр
кучагына төрт сап ырдын...
Эх, кечээ
эртеңдерди сагыныпмын,
Ашыгып,
Алыстарга камыныпмын.
Ар бир саат,
ар бир күндүн кымбаттыгын,
Байкап да,
Байкабай да жаңылыпмын.
Кайрыгын
уккум келбей карылыктын,
Мен эми
качанкы ырды сагыныпмын. ..
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#327 21 Сентябрь 2017 - 19:52
Мени сүйсөң...
Мени сүйсөң азабыма түтүп сүй,
Кышка айлансам, ызгаарыма үшүп сүй.
Түнгө окшогон кездеримде капилет,
Таңга айланып келеримди күтүп сүй.
Мени сүйсөң кемчилигим санаба,
Сузсуң дебе, салба сары санаага.
Сага деген жакшы ойлордон шек санап,
Жалгансың деп жыкпа аны да жалаага.
Мени сүйсөң үлгү кылба өзгөнү,
Ар адамдын болот, ооба өз жөнү.
кандай болсом ошондой сүй, а бирок
суранамын, сурабагын өзгөрүү...
Ж.И.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#328 23 Декабрь 2017 - 22:59
Хеппи сиз жок тема чаң басты. Эженин ырларын жүктөп туруңуз жок дегенде.
#329 20 Апрель 2018 - 21:00
Мен суйгон Жыпара эжени бул жерден ырларын таап алганыма ото кубанычтамын)))
#330 21 Апрель 2018 - 15:55
Эженин бир ырын таппай калдым, мункун болсо жазып коёсунарбы?
Колдо бала, колумда бар казалым. ,
ушундай беле
Колдо бала, колумда бар казалым. ,
ушундай беле

#331 16 Январь 2019 - 13:30
СИЗ БАР ҮЧҮН...
Бүгүн барып Сиз жөнүндө ыр жазам,
Издеп-издеп. .. таап ширин сөздөрдү.
Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
Шылтоо кылып “жалт” караган көздөрдү.
Ушул көздөр мени кылган бактылуу,
Көңүлүмдү жууп өтөт чайыттай.
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу,
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкпай...
Кандай жакшы, кандай асыл адамсыз,
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп.
Ушул ырды жалгыз гана Сизге арнап,
Сизге карап, Сизге гана аярлап.
Анткен менен Сизге сырым билгизбей,
Сыртыңыздан сүйүп жүрөм абайлап...
Ж.Ис.
"Бир үзүм от"
Бүгүн барып Сиз жөнүндө ыр жазам,
Издеп-издеп. .. таап ширин сөздөрдү.
Кыялданып жүрөк менен сырдашам,
Шылтоо кылып “жалт” караган көздөрдү.
Ушул көздөр мени кылган бактылуу,
Көңүлүмдү жууп өтөт чайыттай.
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу,
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкпай...
Кандай жакшы, кандай асыл адамсыз,
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүүлүк.
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу,
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп.
Ушул ырды жалгыз гана Сизге арнап,
Сизге карап, Сизге гана аярлап.
Анткен менен Сизге сырым билгизбей,
Сыртыңыздан сүйүп жүрөм абайлап...
Ж.Ис.
"Бир үзүм от"
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.