Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#41 Пользователь офлайн   rnurzida   16 Май 2015 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бир узум от салып журокко,
Карегин карекке тунотпо.
Эсимде калышын каалабайм,
Элесин айланып суротко...
Козумдо жазылган ырларды,

Коодондо катылган сырларды,
Окуйм деп жанынды карч уруп,
Токтотчу, убара кылганды.
Таарынба, койду деп тоготпой,
Ооба, чын - убактын коротпой,
Адашпай бактысын тапсын деп,
Оолактайм, жаныма жолотпой...

А бирок озогум орттонуп,
Озгоруп, окунуп, окчолуп...
Журогум тыз этет, аттин ай,
Озунсуз бардуйном боксоруп...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   rnurzida   16 Май 2015 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Билбеймин,
Мени кантип таап келдин?..
Капыстан
жамгыр болуп жаап келдин!
Ыр гана
сыйган менин журогумо,
Батынып,
жакынымдай даап келдин!

Дуйномо
Ыр апкелдин белек кылып!
Ырыма
нур апкелдин, седеп кылып!
Карагат
каректерин журогумду,
Элиртет, эмнеге элеп-
желеп кылып?..

Мен сени
Карыз элем ырларыма!
Бакыттан
озумо-озум сыйбадым да!
Кыйкырып
кол булгадым, кырда туруп –
Озунсуз
арманда откон жылдарыма!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   rnurzida   25 Май 2015 - 00:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Асырап ал

Сөздөрүңдүн чындыгы бар канчалык?
Бир заматта бүлүк салып, чаң салып,
Билип чыккым келет ички дүйнөңдү,
Жандилиңдин булуң-бурчун аңтарып,

А болбосо ойлор кумдай чачылып,
Шектенүүлөр ишенимди качырып,
Мага жаккан көздөрүңдүн артында,
Жаткан окшоп жалганчылык жашынып...

Ара жолдо турат сезим алдастап,
Канаттары кайрылчудай калдактап.
Кайып болуп калкып учуп кетпесин,
Кармай алсаң, асырап ал ардактап...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   rnurzida   30 Май 2015 - 02:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Балбылдап, күлүп атсаң Күндөй болуп,
Түнөрүп турдум эле Түндөй болуп.
Азабым тартып жүрүп өтөт элең,
Бактылуу кылдым сени.... сүйбөй коюп!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   rnurzida   31 Май 2015 - 02:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

КАП, АТТИҢ...

Кучагы музураак, ташыраак,
Кубаныч, күлкүсү азыраак,
Кусалык аталган дүйнөдөн,
Куткарып, алып кет батыраак.

Борошо, бороону болбогон,
Ботодой боздотуп койбогон,
Боорукер дүйнөңө алып кет,
Боштуктан – боорумда ойногон.

Жандүйнөм жанчылып, жанчылып,
Жарышкан ойлордон чаң чыгып...
Жанымда жүрсөң да жалгашпай,
Жакындык – күнчөлүк, айчылык...

Каректер карыгып калышты,
Канаттар кайрылып, талышты...
Кап, аттиң кайрылбас ирмемдер,
Кар басып канча алыс калышты...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   belka   01 Июнь 2015 - 02:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Просмотр сообщения rnurzida (15 Май 2015 - 16:22) жазган:

БАЛМУЗДАК ЖЕГЕН КАРЫЯ
(Болгон окуядан улам)

Жаштыгы алда кайда калып калган,
Кибиреп кичирейип, карып калган,
Баладай жалтаңдаган бир карыя,
Кеминде токсондорго барып калган,

Көлөчүн оң-тетири артын басып,
Коңултак сүйрөп алган тарпылдатып,
Тамшанып, балмуздак жеп баратыптыр,
Көчөдө колу-башын калчылдатып. ..

“Апаке, кара тиги чоң атаны,
Жөн эле жесе бирөө талашабы?
Көздөрү неге алаңдайт күнөөкөрдөй,
Же балким уурдап кетип баратабы?..” –
дейт уулум таң калганын жашыра албай,
айтууга дагы көптү батына албай...
ансайын карбаластайт карыя да,
колунда балмуздагын батыра албай...

Карылык чоң атаны жадаткандай,
Чочуркайт өз тобунан адашкандай. ..
Ушул жол, ушул таттуу балмуздагы,
Кайра аны бала кылып бараткандай. ..

“Карганда балага окшоп калат адам...” –
ушинтсем, уулум бир жалт карап маган:
“Кантип сиз..? Сиз да ушунда болосузбу?” –
дейт мени ишенбей да, аяп анан...

Башымды аста-акырын ийкеңдеттим,
Үшкүрүп: “Аттиң дүйнө, бир кем...” – депмин.
Бул сүрөт, бул жооп менин Нурэлиме,
Канчалык оор тийерин билген эмесмин...

“Тарп-турп, тарп...”- улам узап барат кадам,
Артына кылчак-кылчак карап балам,
Бакырып ыйлап азыр жиберчүдөй,
Көздөру жашылданып баратты анан.

Элестетип алып ыйлагым келип кетти.
Ырлары сонун экен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   belka   02 Июнь 2015 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Просмотр сообщения rnurzida (15 Май 2015 - 17:16) жазган:

Сен

Калп эле башымды ийкеп:
Унчукпай: “Сеники чын...” –
Дегеним менен сезем,
баары бир меникисиң!
Калп эле сыртың салып,
Кайдыгер болгон менен,
Көңүлдө көрүнбөгөн,
Көмүскө жолдор менен,
мен жакка агыласың.
Сезбейт деп жаңыласың,
Серпилип, селт” дей түшүп,
Сен мени сагынасың...
Мынча сонун......
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   rnurzida   05 Июнь 2015 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Дайыма,
жол жүрүп чыгарымда,
Даярдап сөздөрдү кыялымда,
Дарыдай бапестеп катам сага,
Дагы издеп жолугуу кыябын да...

А бирок,
багыттар агылышып,
Агымдын шарында жаңылышып,
Аттиң ай, кайчы өтүп кетебиз ээ,
Алыстан каректер чагылышып...
Ж.И.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   rnurzida   05 Июнь 2015 - 18:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бир жолу...

Мен өзүмдү акын эмес,
жөн эле...
аял сезип калганда,
Казан кайнап,
тасмал жайнап андайда,
Күйөөмдүн да чечекейи чеч болуп,
Бапыраңдап калышкансыйт балдар да...

Баш көтөрбөй,
көртирлик деп күчөнүп,
Жамап-жаскап, жыртык-тешик бүтөлүп,
Үстү-үстүнө ойлор келип деген бир:
"Биз деле элдей дүнүйө-мүлк күтөлүк..."

Жарма, токоч
убагында жасалып,
Жада калса Короочум да жасанып,
Казан-тулга, кашык-аяк капырай,
Азыр эле чыккан окшоп жасалып...

Башкача бир
аппак болуп жакасы,
Мурут чыйрап, балдарымдын атасы:
- Эмнегедир башкачасың, - дейт мага,-
Не болгон саа, балдарымдын апасы?...

Канча бир жыл
айла-амалсыз жүргөндөй,
Бүгүн чындап кайра баштан сүйгөндөй,
Алаканы арчып терин чекемдин,
Эркелетет, эң алгачкы күндөрдөй.

- Ук, абышкам,
акындыкты коеюн,
Сага жакса, жөн эле аял болоюн,-
дедим анда, - Үзүлгөнүңдү улашып,
чачылганыңды орду-ордуна коеюн.

Билбейм неге,
бир кызарып, кубарып,
Бирде ишенип,
бирде ишенбей, бул анык,
Кандайдыр бир күнөө жасап жаткандай,
Акыры анан калгансыды ынанып.

"Шакектерим
манжаларда жарашып,
жандап өткөн
жандын баары карашып,
Турсачы..." - деп бир ойлодум капырай,
Акындыктан “айнып” кетип баратып.

"Иномарка
болсо алдыда мингеним,
Импорт болсо
ичкен-жеген, кийгеним...
Ушунча жыл жашап жүрүп ушундай,
Жашоо барын баштатан не билбедим?..." -

дедим дагы
өзүмдү-өзүм тилдедим,
Билип туруп бир паста анан кирдедим.
"Эки кабат үй салалык эбин таап,
Эми ушундай үйдө жашайт ким?" - дедим!

Күйпөлөктөп,
ыз-быз этип аарыдай,
Ызылдасам
күйөөм калды тааныбай.
Кайра баштан
самады окшойт жашоону.
Баягыдай – баары тегиз, баары жай.

"Сага ошондой
бардар күйөө керекпи?
Төрт тарабың кыбыла анда, - дебеспи!
Ырың барда башкача элең, жакшы элең,
Эми сени билбейм кимге теңешти!"

Мына ошентип,
Кайра акынга айландым,
Бая күнкү айтканымды кайра алдым.
Байымдын да кербезденип көөнү ток,
Ыр бөбөгү өскөн сайын балдардын.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   rnurzida   05 Июнь 2015 - 18:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Күтүү

Көчө жымжырт,
унаа аягы токтогон...
Бүлбүл шамдар – үмүтүмө окшогон!
Тереземди карай берип сыягы,
Бүгүн түнү силер менен дос болом.

Түнкү шамдын
нурларына чайынып,
Жапырылып, жалгызсырап, кайыгып,
Бир тамчы суу "тып!" дей түшсө жонуна,
Бүт азаптан кетүүчүдөй айыгып.

Байкуш дарак!
Жамгыр жааса тирилмек,
Дыбырттаган тамчыларга киринмек!
Күтүү менен сагынычтын жаңы ырын,
Жалбырактар ырдап иймек дирилдеп! ..

Тагдырыбыз –
экөөбүздүн төп түшүп,
Мен да сендей бир тамчы эле сөз күтүп,
Учу-кыйры көрүнбөгөн жолдордон,
Бакыт күтөм, башымды ийип, чөк түшүп.

Ошол жолдор
мага сүйүү апкелет,
Ошол жолдон... мага бир күн жаз келет!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   rnurzida   05 Июнь 2015 - 18:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бүгүн түн.

Жүрөгүмө
бүгүн түн үлпүлдөтүп,
Өзүң берген ак шамды жагып алып,
Көздөрүңдө көлкүлдөп тунуп турган,
Мээримиңди тумардай тагып алып,

Жазайынчы!
Ыр жазбай жүрдүм эле,
Көптөн бери көңүлдү булут чалып...
Көкүрөктө көл болуп тунуп турган,
Жазайынчы, көйгөйдү унуткарып...

Ак таңда анан
сабалап канатымды,
Кайып болуп сен жакка учсам бекен?
Ошондо да унчукпай карашыңдан,
Жүрөгүңдүн кагышын уксам экен!..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   rnurzida   06 Июнь 2015 - 03:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ыр жазып жатканда...

Ойлоруңдун ойкуп-кайкыр учугу,
О, бир анан оргуштамай утуру!
Ондогон жыл ойлонсоң да таппайсың,
Кандай жыргал акынга ошол учуру!

Күнбү, түнбү жүрөккө ырлар өбүлүп,
Балкып денең, кабыргаң кырк сөгүлүп.
Буркан-шаркан албуут дайра сыяктуу,
Өзүңө-өзүң толуп, кайра төгүлүп...

Жарыңдын да коюнунан суурулуп,
Кайыл болуп - калганына буулугуп.
Кандай жакшы, кучагында ырлардын,
Каның-жаның кайнап жатса жуурулуп!

Саптар... Саптар келген кезде төркүндөп,
Коргошундай көөлгүп денең, көлкүлдөп,
Мына-мына чыгып кетчү өңдөнүп,
Жаның ырдын кылда учунда мөлтүлдөп! ..

О, ошол кез кандай жыргал, керемет,
Байлыгың да, бийлигиң да кеп эмес!
Керек болсо кээде бир сап жакшы ырга,
Бүтүндөй бир өмүр дагы тең эмес!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   rnurzida   10 Июнь 2015 - 13:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Багытың келбейт уурдагым


Айыгам бир күн
Азапка салган кусадан,
Арылам бир күн
Алкымдап алган ызадан.
Аяба бирок,
Абалы кантти экен деп,
Ак кушум менин,
Айланып араң узаган...

Дарылайт мезгил,
Дартымды какыс сакайтып,
Дагы улайт деп бил,
Данектүү ырын жашартып...
Кайрылба бирок,
Каалабайм азап тартканың,
Кабарым алба,
Канча жол узак арттамын...

Бакытың тилеп,
Балбаалап ыйлап турганым,
Башкача зирек,
Байкагыч элең, туйбагын! ..
Балапан кезден,
Байралып конгон бакытым,
Бара гой эми,
Багытың келбейт уурдагым...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Июнь 2015 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

МАС АЯЛ

Төбөсүндө түйгөн чачы соксоңдоп,
Желп-желп этип, андан- мындан шокшоңдоп,
Бет алдымдан аял чыкты, жийиркендим,
Эки бетин басып алган кош колдоп.

Карап турдум, кайра артыма кайгырып,
Мас экен ал, тизелери айрылып.
Бүчүлүксүз калган эки этеги,
Делбек- делбек этет артка кайрылын.

Чачы кеткен, эки көзү канталап,
Жыгылат да турат улам кайталап.
Ушул азыр кантип сени бирөөлөр,
Дити барып”эне”, “эже” деп айта алат.

Эмне болуп барат билбейм, замана!
Эрге жолдош, эне болчу балага,
Тээ эзелден ыйык, назик, мээримдүү,
Аялдардын мас болгону жаман, а!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Июнь 2015 - 00:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Бул дүйнө

Келгенге да, кеткенге да теңмин деп,
Кимге тармын, кимге ошончо кеңмин деп,
Бир калыпта чалкып жатат бу дүйнө,
Бөксөрбөй да, толуп-ташпай мелмилдеп…

А биз болсок миң түрлөнүп кубулуп,
тирүүлүктүн тирөөчүндөй туюлуп,
сезип-сезбей баратабыз, жолдордо –
өмүр агып калып атса чубуруп...

Күндөр, жылдар бир-бирине тогошкон,
канчасы анын аттиң текке корошкон…
Өмүрдүн тээ бир учунда кепинчен
жаткан пенде... кайтып барат «коноктон…»
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Июнь 2015 - 00:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кубулуп ыргактарга
түркүн-түркүн
кулакка угулат бир
муза күн-түн…
Жатпасын балким анын
сыры сенде,
сен мага комуз чертип
берчи (ээ) бир күн?

Добулбас
сымал жүрөк дүкүлдөгү,
бул саптар
болгону анын күкүмдөрү…
сен мага
бир көрүнсөң болот эле,
Ханзаадам...
балким сенсин түшүмдөгү?

Кээде мен
ыйлап аткан, ырдап аткан,
кездерде
дилин төшөп, тыңдап аткан...
Сенсиңби,
кең дүйнөгө сыйбай, бирок
керилип
бир керемет ырга баткан?..
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   rnurzida   11 Июнь 2015 - 00:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ууртуңа конгон күлкүнүн,
Ууртагым келип сүртүмүн,
Унчукпай карап турганды,
ушунча, жаным сүйчүмүн...

Көздорүң күлүп жодурап,
көздөрүм менен жолугат.
Көбүрөөк карап кала албай,
Өтүмүм менин жогурак...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   rnurzida   12 Июнь 2015 - 22:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

СЕН ДЕЛЕ ЖОЛ ТАППАЙСЫН

Жандүйнөңдүн
издеп үтүр, чекитин,
Казып окуп ээ, баяндооч, этишин,
Сен жөнүндө илим жактап акыры,
Керек, - дейсиң, - мен бакытка жетишим.

Балким жашап
бир селсаяк билинбей,
Жүргөн болсо баш калкалап дилиңде эй,
Дароо кызыл сыя менен өчүрүп,
Жолдон алып салам, - дейсиң, - тигиндей...

Мени окуп
бүтө албайсың, карагым,
Барактаган сайын арбып барагым,
Жада калса өзүм дагы өзүмдү,
Окуганга жетише албай барамын...

Мейли канча
кара жанды сабагын,
Жүрөгүңдү миң азапка саламын.
Канча жумшак болгон менен мүнөзүм,
Кайра ошончо ташмын, сары санаамын.

Кээде шокмун,
оюнкараак баламын,
Кээде 100 жыл жашагансып аламын.
Мени издесең кээде бармын, кээде жок,
Кээде өзүмдү бир сап ырдан табамын...

Бекер эле
мени изилдеп жаттайсың,
Дүйнөм кенен, кечир, бирок батпайсың.
Ара жолдо канчалары адашкан,
Журөгүмө сен деле жол таппайсың...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   rnurzida   13 Июнь 2015 - 02:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Жакшы адам...

Жанга айланып –
ымтыраган, эптеген,
Жандүйнөмдүн
чырагы өчкөн кезде мен...
Жандалбастап,
от көтөрүп келесиң,
Жакшы адамым,
жадымымдан кетпеген.

Көйгөй, санаа
көтөрүп чаап бөктөрүп,
Көңүл чөгүп,
көөдөндөн ыр бөксөрүп,
Турган кезде
көз жаш болуп келесиң,
Көл-шал түшүп,
алам анан өзгөрүп...

Түркүн түйшүк,
түмөндөгөн убара,
Түпсүз санаа,
түгөнбөгөн убада
Түңүлткөндө,
түпкүрүнөн дүйнөмдүн,
Түндү кууган
шооратынды угам, а!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   rnurzida   14 Июнь 2015 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кошо учуп кеттим.

Канатым сынып,
Каректе жашым айланып,
Калганда жалгыз...
Капилет Күндү, Айды алып,
Караңгы түндө,
Калдайтып жайып канатың,
Каралдым менин,
Кашыма келдиң байралып.

Качанкы качкан
Кайрыгын ырдын кайра алып...
Козголуп дүйнөм,
Коргошун болуп балкыдым,
Кош канат бүтүп,
коно албай жерге калкыдым...

Комузуң үч кыл,
Кошоктоп биздин дүйнөнү,
Колуңду кармап,
кошо учуп кеттим, артыгым.
Коно албай жерге,
кошо учуп кеттим, алтыным...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 02:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: