Суперстан: Оз бактысын чанган келин. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Оз бактысын чанган келин. кыска бирок тасирлуу ангеме

#1 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   12 Февраль 2014 - 23:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Достор мен телефондон жазам ошого аз аздан жазылаткапа болбой кутунуздор е
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   12 Февраль 2014 - 23:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Бир кезде, мындан беш-алты жыл мурда Гүлзаттын базары "гүлдөп" , эркектерди көйнөк алмаштыргандай эле күнүгө жаңылап, түрлөнүп кийинип, иномаркаларда жүргөнү чын. Анча-мынча жигиттерди теңине албай, тескери карап өтүп кетчү. Акча дегенди оңду-солду чачканычы. Бул Бишкекте ал кирбеген жогорку класстагы ресторандар калбады шекилдүү. Чиркин, илебине нан бышып, жаштык ооматы жүрүп турган ал жылдар эми кайрадан келбес-ов! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   12 Февраль 2014 - 23:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Өзү да толгон айдай толукшуп ачылган гүлдөй бажырайып, кызылы кызыл, агы ак дегендей чырайы эркек атпайды тамшандырып, келбети таңдайды такылдатган сулуулугун айтсаң, чиркин! Эми бардык нерсенин өз убагы, учуру болот турбайбы. Мезгилдин өтүшү менен кызылы оңуп, нуру кетип, суу себилген оттой өчөт экен десең. Бир кездеги маралдай керилген келбеттен да көзгө сүртөөрлүк эч нерсеси калбаганычы .Гүлзатты азыр көрсөң тааныбай да калышың ыктымал. Тыртайып арык, жүзү соолуган бадыраңдай каршы-терши бырышка тордолуп, эки ийини уркуюп чыккан. Көздөрү алайып, ичине кирип, чачтарын ак аралай баштаган, тообо. Сүйлөгөн сөздөрү да түшүнүксүз, тили чайналып, араң гана күрмөөгө келгендей. Буттары да тушалган аттын буттарындай чалыштайт. Оорубу десең, куландан соо. Анан ага эмне болгон? Балдары, күйөөсү кайда?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   12 Февраль 2014 - 23:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Гүлзат Белек менен сегиз жыл жашады. Гүлзаттын кепилдигин алалбаймын дечи, бирок, Белек аны өзгөчө берилүү менен сүйгөндүгү эки жерде эки төрт дегендей эле чындык экендиги талашсыз. Ортодо Нурбек, Мирбек аттуу эки баласы бар эле. Улуусу төрттө, кенжеси экиде. Белек эпчил, иштин көзүн билген, соодага көзү жетик жигит эле. "Жигули" машинасы менен ары-бери чапкылап, бир жерден экинчи жерге аны-муну алып барып сата коёт. Же болбосо кирекечтик кылып, адам ташып акча табат. Кыскасы үй-бүлөөсүн эч нерседен кем кылбай багып жүрдү. Кээ бир үй-бүлөө нанга зар болуп жүргөн кезде мындай табышкерлик жакшы жышаан эмеспи. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   13 Февраль 2014 - 09:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Жок экен", "улантыңыз" деген комментарийлерди купуясына жазгыла!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   13 Февраль 2014 - 19:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Ал эми Гүлзатчы? Ал күнүгө бирди кийип, көзү-кашын, оозун боёп, акчаны сумкага салганча Бишкекке жөнөйт. Эмне иш кылганы белгисиз. "Коммерция" деп коёт сурагандарга. Бирок, тапкан акчасынын деле дайыны жок. Барып-келүү менен убара. "Эмне кылып жүрөсүң?" деп Белек аны тескебейт да, тооба.Балдарычы? Аларды ким карайт? Оокат-ашы, кир-когу бар дегендей. Бир адам керек болбой койбойт дечи. Экөөнү Белектин жетим жээн кызы карайт. Тогузду бүткөн соң ал мектептен окубай коюптур. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   13 Февраль 2014 - 19:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Россияга соода жасаганы барабыз, - деп бир күнү эле жепилдеп, учуп-конуп калды Гүлзат.- Ким менен?- Майя экөөбүз. Тез акча таап бер, Белек!- Канча сом?- Кырк миң жетээр…- Эмне алып барасыңар?- Трикотаж буюмдарын.Белек жок дебеди. Оозунан чыккан сумманы досторунан процентке алып берип, Гүлзатты Россияга узатып койду. Өзү жүгүрүп-желип 40.000 сомдун ордун толтуруу үчүн аракет кыла баштады. Бош боло калса балдары менен убара. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   13 Февраль 2014 - 19:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Гүлзат үч айдан кийин келди. Ырас, 30.000 сом акчасы бар экен. Белекке жарымын берди. Балдары сагынып калганбы, жанынан чыгышпайт. Экөө тең бура бастырбай ээрчишип, ажырашчудай эмес. Буга деле карабады Гүлзат. Эки жумадан соң изине кайтты. Белек балдарды карашат. Базарга чыгат. Кирекечтик кылат. Иши кылып акча тапмай менен алек. Балдар апасын көп эстешчү болду. Гүлзаттан болсо эч кандай кабар жок. Балдарынын апасы эмеспи, Белектин да тынчы кете баштады…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   14 Февраль 2014 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Жок, бир күнү эле капыстан Гүлзат шып кирип келди. Нурбек менен Мирбек бакырышып ордуларынан тура калышып, ага бой ташташты. - Апа!- Апам келди!Негедир Гүлзат балдарга үзүлүп түшпөдү. Өөп-жыттап, эркелетпеди деле. Белек менен суз гана саламдашты. Бирок, жанында бир топ эле акчасы бар экен. - Өзүм жалгыз кыйналдым, эжемди кошуп ала кетем! - деди ал. - Соода кандай?- Жакшыдан жогору. - Эмне сатып жүрөсүң?- Алма, жаңгак.- Каяктан аласыңар? 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   14 Февраль 2014 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Оштон. Ошол жактык Орозалы деген жигит менчик "КамАЗы" менен ташып жеткирип турат. Майя үчөөбүз чогуу иштейбиз.Он беш күн жүрүп Гүлзат өзүнөн эки жаш улуу Айзат деген эжесин кошуп ала кетти. Эжеси жалгыз уюн сатып, акчасын белине түйдү. - Эч нерсе эмес, эже, бир айда үч уйдун акчасын таап аласыз, - деди Гүлзат ооз толтура сүйлөп. - Буюрса десең.- Гарантия бар, эже! Мага ишене берсеңиз болот… 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   14 Февраль 2014 - 21:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Билинбей эле үч ай өтүп кетсе болобу. Эже-сиңдиден кабар жок. Жымжырт. Төртүнчү ай дегенде гана экөө арып-ачып, жүдөп кирип келишти. Бир сом акча табышпаптыр.  Көрсө, баягы "КамАЗ" айдаган Орозалы деген оштук киши менен Гүлзат ойнош болуп жүрүшпөйбү. Эки жолу ал айылынан алма тартып келип, акчага маарышат. Ушул барышында Гүлзат, Айзат, Майя үчөөнүн 120.000 сом акчасын алып кеткен боюнча караанын үзөт. Үчөө күтүп-күтүп жедеп жадашып, үмүттөрү үзүлүп, жолго карызга акча сурашып, үйгө кайтууга аргасыз болушат. Издеп барууга даай алышпайт, так дареги да жок. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   14 Февраль 2014 - 21:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Баарынан жалгыз уюн сатып, жол киреге сарптап кеткен Айзатка убал эле болбодубу. Көзгө басар жалгыз уюнан ажыраганы аз келгенсип, күйөөсүнөн таяк жегенин айтсаң. Бул да мейли эле балдарынын айран-сүттөн куру-жалак калганына не дейсиң? Айылдын узун кулак ушакчыларына кудай мындай бербей калсын. Ушакташып эле жыргап калышпадыбы, чиркин. Орозалы ойношу алдап, сызга олтургузуп кеткенин биздин Гүлзат чымын чакканчалык да көрбөдү. Мурдагы эски жолуна кайрадан түштү. Бишкекке каттап, капчыктуу эркектердин башын айландырып, кайырмагына илиндирип, Россиядан жоготкон акчасынын ордун толтурууга киришти. Балдарын да, күйөөсүн да жадынан чыгарып койду шекилдүү. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   18 Февраль 2014 - 20:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Кабагым-кашым дебей балдарды багып Белек жүрдү. Кирекечтик кылып, соода жасап акчадан кемчил болбоду. Көп болбосо да күнүмдүк турмушуна жетээрлик акчаны таап турганы ырас. Гүлзаттын сойкулук ишмердүүлүгүн ачык билсе да тилин тишине басып, чыдады, балдарынын жүзү деп ага катуу сүйлөбөдү. Кол да көтөрбөдү. Эгерде Гүлзаттын акылы болгондо Белектин ага жасаган аяр мамилесин туура түшүнүүсү керек эле. Сүйүүсүн мазактабай кайра урматтоого тийиш болучу. Бирок, ал тизгинин тартуунун ордуна, таскагы кайра күчөбөдүбү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   18 Февраль 2014 - 20:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Бир күнү Белек Гүлзатка кеңеш салды:- Гүлзат, айылга, Ысык-Көлгө ата-энемдин кашына баралы. Бул жер бизге болбой калды. Элден уялып бүткөндөй да болдум. - Мен айылда жашабайм! Өзүң кете бер. Сенин ата-энеңдин кызматын жасагыдай күң эмесмин, - деп Гүлзат асман-айдан түңүлдү. Белек бир эле жолу айтуу менен тынчып калбады. Улам-улам эскертип турду. Бирок, Гүлзат анын сөзүнө кулак салбай, сойкулук ишин улантып, шапар тээп жүрө берсе болобу. Үй-бүлөөсүн, келечегин ойлоп да койгон жок.Акыры анын оңолбосуна көзү жеттиби. Белек үйүн сатып, эки баласын алып, ата-энесине кете берди. Гүлзат ал кезде жумалап үйүнө барбай, Бишкектин сауналарында сайрандап жүргөн болучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Ashurova-gulida   18 Февраль 2014 - 20:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 295
  • Катталган: 09 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 20:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:мекеним кыргызстан

Ата-энеси Белекти айылдык жоош кызга үйлөп койду. Турмушу жаман эмес. Балдары кашында. Жакында жубайы көз жарды. Кыз экен. Ысымын Аида коюшкан имиш. * * * Белектен калганы Гүлзаттын иши оңолбоду. Улам эле соодасы кыйчалыштап, банкрот боло берди. Акыры сокур тыйынсыз калды. Айласы кеткенде өзүнөн кичүү бир ичкич жигитке турмушка чыкты. Бир кезде анын бардык күнөөсүн кечирип, соңунан жалынып Белек жүрбөдү беле? Эми Гүлзат жаңы күйөөсү Мелистин көзүн карап, ага жалбарып тиричилик кылууда. Канча жолу анын таягын жеп, бети-башы жарылбады десең, анткен менен чыдоого аргасыз. Мурдагы сойку келинге кимдин эле көзү учуп турат десең? Кезектүү дүйнө деген ушул да.
АЯГЫ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   chingizhan01   23 Февраль 2014 - 17:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 26 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Фев 2017 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бул жерден корунбойт

Аял киши эки эле тешикти тыйса бактылуу болот, алар бири оозу экинчисин билесинерда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Nemo_0587   24 Февраль 2014 - 19:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 172
  • Катталган: 14 Январь 14
  • Соңку аракети: 12 Янв 2022 20:15
  • Жынысы:Эркек

Уландысы качан чыгат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   hakker   26 Февраль 2014 - 22:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Мар 2015 12:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения chingizhan01 (23 Февраль 2014 - 17:56) жазган:

Аял киши эки эле тешикти тыйса бактылуу болот, алар бири оозу экинчисин билесинерда


Жайлапсын го ха-ха
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Jamalym   16 Март 2014 - 23:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Окунучтуу.Бакыт кушун кармай албай учуруп жиберген тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   27 Октябрь 2016 - 15:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Менимче автор турмушта тааныган эле жуптун коп жылдык жашоосун, трагедиясын кыска, бирок нуска кылып чыгармадай кылып жазып койгон окшойт...


Сая жургон таяк жейт дейт, жаман журсо акыбети ошол...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 11:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: