Суперстан: Аракечтиктен кантип арылам?Жардам бергилечи... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Аракечтиктен кантип арылам?Жардам бергилечи... Аракечтиктен арылып кете аламбы?

#1 Пользователь офлайн   Alkash-kyz   18 Май 2015 - 12:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 15 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Апр 2019 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Фрунзенин бульвары

Салам достор!Менин жашым 23 тө.Учурда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын дарылоо факультетинде 5-курста окуйм.Жашоодо өйдө-ылдый тагдыр болот тура."Бири кем дүйнө"сыягы мен үчүн жаралгандай. Менде кудайга шүгүр баары жетиштүү.Алдымда унаам,келишкен келбет,жетиштүү акчам бар.Бирок,тагдырдын ташбараны менин тагдырымды талкалап кеткен сыяктанат.Жашоодо өксүгөнүмдү ачуу арак менен чыгарчу болдум.Себебин айтып берейин.Менин бул кылыгымды бир гана жалгыз жан курбум билет.Жигитим менен 3 жыл сүйлөшкөнбүз. Тойду да пландап койгонбуз.Бирок, таш боор өлүм мага ыраа көрбөдүбү же шум ажал өздүк кылып алгысы келдиби,айтор, бир башыбыз экөө болуп кошулчу күндө,бул дүйнөдө жалгыз куру башым калды.Ошол күнү Айдынды акыркы сапарга узатып тим болдук.Ошондон бери эстеген сайын итатайым тутулуп ыйлай берем.Ыйымды арак менен чыгарчу болдум.Мен адам кейпинен тайып баратам.Ата- энем менен да батынып баштагыдай сүйлөшө албайм.Агаларым билсе өмүр бою бир туугандыктан кечиши мүмкүн.Адам болуп жашагым келет.Бактылуу жар,мээримдүү эне,сүйүктүү келин болгум келет.Мен жигитимдеги асыл сапаттарды өзгөлөрдөн таппай келем.Ал менин бул кылыгыма нааразы болуп датса керек.Урматтуу форумчулар, суранам кеңешиңиздерге, жылуу сөзүңүздөргө куштармын.Турмуш мени абдан эле мазактап калчады.Суранам сиздер мени түшүнүү менен кабыл алыңыздарчы.
Жашоо бар,жашаш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Patrik   18 Май 2015 - 12:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Айымдар ушундай адамгерчиликтен чыгып калганбы?Пахмел кылбай кой бир кун. Болбосо тугонбос пахмел башталат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   bossmos7   18 Май 2015 - 12:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Жаш экенсин , Озунду колго алсан ! Кутуласын! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Meruet84   18 Май 2015 - 12:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сабырлуу бол.Сен бир уйдун куту , бироонун асыл жары , ,балдардын энеси болчу инсансын .Бул жолун туура эмес ото эле жаш экенсин.ТОКТОТушу убакка чейин ичкенин жетишет.Озунду колго ал Аллах пешенене ал баланы кошкон эмес.Айлананды карасан дагы сага жар болчу балдар чекеден чыгат.Келечегин али алдыда экен.Бул жол мн кетсен бут омур тагдырыны талкалап аласын.Аллахдан суран тобоо кыл , ал балага куран окуу .
АРАК ШАЙТАНДЫН СУУСУНДУГУ .
Бирок синдим оор тийсе кечирим сурайм бизге айтууга оной сен учун оор азап болгонун сезип турам .Ушул айткандарым сага бири болбосо бири жардам болоор ниетте .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   azamat1992kg   18 Май 2015 - 13:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул жашоо андан ары улана берет. Арактан алыс болуп, келечегиңерди ойлогула. Китеп окуугула, спорт менен машыккыла. Куран жаттагыла. Намаз үйрөнгүлө.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_portal   18 Май 2015 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 541
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:29

"Жүрөк сыры" бөлүмүнө жылдырылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Naku01   18 Май 2015 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 048
  • Катталган: 22 Апрель 15
  • Соңку аракети: 09 Апр 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кудайым ыйман,ынсап берген жер

Сабырдуу болунуз жашоодо баардык нерсе болот ошого чыдай билишибиз керек, арактан алыс болунуз (аракты кара суу деп коюшат эмесби) арактын тубуно эч ким жеткен эмес, арак ичкениниз адамдарга эмес Кудайгада жакпайт кудайым омурунузду, ден соолугунузду берген болсо сиз дагы коооп жашашыныз керек

Билдирүүнү түзөткөн: Naku01: 18 Май 2015 - 13:22

Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aiym-87   18 Май 2015 - 13:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 02 Апрель 15
  • Соңку аракети: 06 Авг 2015 16:32

Ошондо сен кундо ичип жатасынбы?же кайгырган кезинде ганабы?Аял киши ичкиликке кирип кетсе чыгышы кыйын болот эркектерге караганда,кеч боло электе токтот синдим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   aqua-94mema   18 Май 2015 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Озунузду колго алып бактынызды башкадан издегиз . олгон адамдын артынан оло албагандан сон .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aidyn   18 Май 2015 - 14:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

Кандай коллега. Логинин да жакшынакай экен. Негизи кызбала спирттин ичимдигин ичиши анын ыймандык денгээлин эн томон корсотот. Просто сен кооп кеткенсин, кылаарга иш таппай калпеле жигитиндин олгонун повод кылып ичип атасын. Базар жок катуу суйот экенсин, бирок кыз башын мн мындай кылганын туура эмес го. Психология сабагын деле отсонор кк.
Башынды орутуп кайгыга батып ичип чекпей сабагынды аман эсен бутуруп ал да кыскасы.
Леч факта окуш оной эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Alkash-kyz   18 Май 2015 - 14:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 15 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Апр 2019 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Фрунзенин бульвары

Канча бир табыптарга кайрылдым.Дарыландым айлап-жумалап. Мен ичпеген дары-дармек да калбады.Курбум мени карап жалооруй ыйлай берет.Тагдырымды да түшүнөт.Өзү жакында шаардык бейтапканалардын бирине кызматка орношкону жаткан.Бирок, мени алаксысын,баш көтөрсүн деп өзүнүн ордуна мени киргизди.Кудайга шүгүр 10 күндөн бери эч нерсени ойлобой иш менен алагды болуп калдым.Бирок кечээ жигитимдин туулган күнү эле.Былтыр биз баскан бакка,биз олтурган чайканага барып ушундай азапка баттым.Биз жүргөн жерден аны таап алчудай болуп элеңдей издей бердим.Анын апасы чалды.
-Кызым,бүгүн Айдынга куран окутуп жатабыз,келесиңби? ,-деди.
-Ооба,кантип барбай коёюн,-деп жөнөй бердим.
Барсам бир туугандары баары жакшы тосуп алды.Алар эң ириде апасына,андан соң мага боор ооруп жатты.Алар биз экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү чоңойтуп дубалдарынын бооруна илип коюптур.Сабырымды кармап уйгө келдим.Үйгө келсем курбум Жибек аш бышырып,дасторкон жайып Айдынга багыштап куран окуду.Ал намаз окуганды үйрөнүп,дин жолуна түштү.Мени да күндө өзү менен кошо баянга алып барат.Кичине жеңилдей баштадым.Курбум менин күндөн-күнгө соолуп баратканыма жан үрөп жатат.Демек, мен жалгыз эмес экенмин.Менин кымбат адамдарым али да болсо бар тура.Өзүмдүн денемди ачуу аракка уулап,жан-дүйнөмдү жабыркатып алдым.Дагы башымдын бөтөлкөнүн ичине киришин каалабайм.Мындай тагдырды да эч кимге каалабайм.Мезгил өтүп,убакыт закымдаса бул жабышкан жагдайдан баш отум менен кутулсам керек.Өзүмө кепилдик бериштен корком.Жашоодо бардык нерсеге өзүңдү даярдашың керек тура...
Кечээ Айдындын иниси Нурдинди көрүп ушундай кыйналдым.Ал Айдынга еуюп койгондой окшош.Көздөрү бакыраң,мүнөзү элпек,басканычы, басканы кудум эле Айдын.Мени үйүнө баратсам астыман тосуп баштыгымды көтөрүштү.Басып келе жатканы,бутунун кадам шилтегени Айдындын дал өзү го.Ал мени абдан түшүнөт.Майрамдарда өзүнүн сүйлөшкөн кызына гана белек арнабастан, мага да Айдындын ордун жоктотпой ырымдап гүлү менен белегин кошо ала келет.Ушундай уул-кыздарды тарбиялаган ата-энесине абдан таң берем.Кийин кайын журтум ушундай болсо деп абдан кыялданам.

Билдирүүнү түзөткөн: Alkash-kyz: 18 Май 2015 - 14:57

Жашоо бар,жашаш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   18 Май 2015 - 15:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Айланага коз чатырыныз эч ким жыргап жургону жок, ар бир адамдын озуно жараша арманы бар. Сабырдуу болунуз арак сизди жаман жолдон башка жолго алып барбайт биринчиден ден соолугунузга зыян берсе экинчиден тагдырынызды талкалайт. Аял заты назик болгону менен коп нерсени которо билуу керек... Эрктуу болсонуз баарын женесиз. Прошлый менен жашаган болбойт озунузду колго алып жашоонузду жаны багыттан баштаныз. Эзилип кундо ботолко кучактасаныз жашоодогу жакшы коз ирмемдерден куру каласыз. Ачуу ууду ичкенче бир кола же пепсини кучактап сейилдоого чыгыныз же болбосо кино концерттерге барыныз. Стресске тушконсуз психолого кайрылсаныз да болот...
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   18 Май 2015 - 15:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Бирок ачкан нигинизге аватарынызга караганда зээриккенден ачылган тема деп ойлоп калдым... Де форумду кызытуу максатында. ..
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Alkash-kyz   18 Май 2015 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 15 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Апр 2019 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Фрунзенин бульвары

Просмотр сообщения Aidyn (18 Май 2015 - 14:27) жазган:

Кандай коллега. Логинин да жакшынакай экен. Негизи кызбала спирттин ичимдигин ичиши анын ыймандык денгээлин эн томон корсотот. Просто сен кооп кеткенсин, кылаарга иш таппай калпеле жигитиндин олгонун повод кылып ичип атасын. Базар жок катуу суйот экенсин, бирок кыз башын мн мындай кылганын туура эмес го. Психология сабагын деле отсонор кк.
Башынды орутуп кайгыга батып ичип чекпей сабагынды аман эсен бутуруп ал да кыскасы.
Леч факта окуш оной эмес.
Саламатсызбы! Негедир атыңыз көзүмө абдан жакшы көрүндү.Жок, бул көпкөндүк эмес.Бул күйүттүн азабы.Шайтандын азгырыгы болсо керек.Мен жашоонун ачуу-таттуусун, ак-карасын,ысык- суугун кичине бала кезимден эле кечиргем.Айылда тезек жайып,дыйканчылыкка жардам берип өскөн кызмын.Канчалык мени турмуш бөпөлөп турса да,артта калган кыйынчылыктарга карап түздөнүп турам.Бекерчиликтин айы дейин десем,бекерчи деле эмесмин.Академиянын студенткасымын. Менин бүгүнкү аракетим эртеңки Кыргызстандын саламаттыгы да.Бул жак да мен үчүн абдан пайдалуу экен.Бук болуп эч ким менен сүйлөшө алчу эмес элем,кеңешиңиздер аз да болсо жашоого болгон соолуп калган сезимдерди жандандыра баштады.
Жашоо бар,жашаш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   ROZI   18 Май 2015 - 15:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Пенде, биринчи оорунда АЛЛАХ ТААЛАНЫ суйуш керек!
Мен сенсиз жашай албайм, сен жок кантип жашап журдум экен же сен менин жашоомдун негизисин деген создор, ойлор бул тап-такыр туура эмес!!!
Бул жашоо туболук эмес, баарыбыз АЛЛАХ ТААЛАНЫН алдына барабыз жана кылган иштерибизге жооп беребиз. Дегеним азыркы кооз-кооз нерселерге кызыкпай, акча деп анын артынан куубай жана дагы башка азгыруучу нерселерге берилбей, АЛЛАХТЫН алдында менин акыбалым кандай болот, кантип жооп берем деген суроо болуш керек!!!
Урматтуу автор, куноолордун энеси - арак!
А арам нерсе денеге киргенде 40 кун зыянын берип, дубасы кабыл болбойт деп уккам.
АЛЛАХ ТААЛАМ ден-соолугунузду, акыл-эсинизди, ата-эненизди бердиби мына ошол сизге бакыт! Кеийп кепчип, арактан кучунузду чыгарууда заяндан башка, куноодон башка пайда жок!
Баары АЛЛАХ ТААЛАНЫН колунда деп билуу керек!




АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Lenin   18 Май 2015 - 16:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 780
  • Катталган: 20 Июнь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2024 11:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:http://marykaynsd.com/

Алколгликтер эч качан оздорун аркечпиз деп эсептешпейт. Мунун баары бир психологоиялык онокот. Кыз келиндерди бул дарртан сууруп чыгыш кыйыныраак деп билем. Эркетерге салыштырмалуу. Арака караганда вино адамдын денесин бат кондурот экен деп окугам.
Так что эч нерсе кеч эмес. Ой мен аракеч эмесмин-деп айта баштаганынарда коркуш керек!!

Билдирүүнү түзөткөн: Lenin: 18 Май 2015 - 16:33

marykaynsd. com- бул ссылка эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kychkyltek   18 Май 2015 - 16:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 07 Март 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 12:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кайсы жерге аба жетпей жатса,ошол жерден болом.

Арыбаңыз эжеке!Сизге эмне деп ооз ачышты билбей турам.Тагдырыңыз абдан оор тура.Негизи адамдар бул жашоого келгенде тагдырга таарынбай,жашоодон жаңылбай жашашы керек.Сиз өзүңүздүн кадырыңызды өзүңүз көтөрүшүңүз керек.Төрөлүү, өлүү бул жашоодогу ыйык зат.Төрөлүү менен өлүүнүн ортосундагы убакыт өмүр деп аталат.Сизге буйруган өмүргө каниет кылып адам болуп жашаңыз.Өлгөндүн артынан эч ким өлгөн эмес.Жашоо бар.Ата-энеңиз, байкелериңиз бар экен.Жан күйөр акылдуу курбуңуз бар экен.Ушунун өзү чоң бакыт эмеспи.Карайган түндүн артынан агарып аткан таң келерин,ызгаары күч кышты улап,артынан күн жылымдаган жаз келерин унутпаңызчы. Көкүрөгүңүздөгү дартты арак менен дарылап,жигитиңизди арак менен тирилтип же ыраазы кыла албайсыз.Жаштыгыңыз кетет.Жашоодогу маанилүү нерселерден бекер кол жууп калууңуз мүмкүн.Негизи кыргыз аялзатына өзгөчө сабыр берген.Сабырыңызды жыйнап,жашоого оптималдуу көз чаптырыңыз. Эжекем экенсиз,сизден кыйла кичүү болсом да,тагдырыңызга аянычтуу караган адам,сизди түшүнгөн ини катары кеңешимди жаза кеттим.Жашоодо чөгүп кетпеңиз.Сиз менен купуядан кат жазышалы.
Адамда баары келишимдүү болушу керек:жүзү дагы,кийген кийими дагы,сөзү дагы,ою дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aiym-87   18 Май 2015 - 16:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 116
  • Катталган: 02 Апрель 15
  • Соңку аракети: 06 Авг 2015 16:32

Просмотр сообщения Lenin (18 Май 2015 - 16:17) жазган:

Алколгликтер эч качан оздорун аркечпиз деп эсептешпейт. Мунун баары бир психологоиялык онокот. Кыз келиндерди бул дарртан сууруп чыгыш кыйыныраак деп билем. Эркетерге салыштырмалуу. Арака караганда вино адамдын денесин бат кондурот экен деп окугам.
Так что эч нерсе кеч эмес. Ой мен аракеч эмесмин-деп айта баштаганынарда коркуш керек!!


+++++555555
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   jaanymgoo_janym   18 Май 2015 - 21:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 22:00

Кудая тообоо!! !
Ушу кантип болсун эми,макул озун аракеч болуп баратыптырсын, бул жакка жардам сурап кайрылдын дейли.
А тетиги нигиндин кейпи кантет,ушинтипда ник ачабы адам...
Эми акылынды топтоп ыйман жолуна туш,ана сага болгон жакшы нерсенин баары ошо жакта!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   samina86   18 Май 2015 - 21:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 255
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2025 14:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

ушинтип жардам сурап тема ачканыныздын озу сиздин туура жолго кетип жатканыныздан кабар берет . АЛЛАХЫМ озу хидаят берип эки дуйно бактылуулугун берсин оомин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 19:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: