Аракечтиктен кантип арылам?Жардам бергилечи... Аракечтиктен арылып кете аламбы?
#64 28 January 2019 - 22:26
Салам достор!Менин жашым 23 тө.Учурда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын дарылоо факультетинде 5-курста окуйм.Жашоодо өйдө-ылдый тагдыр болот тура."Бири кем дүйнө"сыягы мен үчүн жаралгандай.
Менде кудайга шүгүр баары жетиштүү.Алдымда унаам,келишкен келбет,жетиштүү акчам бар.Бирок,тагдырдын ташбараны менин тагдырымды талкалап кеткен сыяктанат.Жашоодо өксүгөнүмдү ачуу арак менен чыгарчу болдум.Себебин айтып берейин.Менин бул кылыгымды бир гана жалгыз жан курбум билет.Жигитим менен 3 жыл сүйлөшкөнбүз.
Тойду да пландап койгонбуз.Бирок,
таш боор өлүм мага ыраа көрбөдүбү же шум ажал өздүк кылып алгысы келдиби,айтор,
бир башыбыз экөө болуп кошулчу күндө,бул дүйнөдө жалгыз куру башым калды.Ошол күнү Айдынды акыркы сапарга узатып тим болдук.Ошондон бери эстеген сайын итатайым тутулуп ыйлай берем.Ыйымды арак менен чыгарчу болдум.Мен адам кейпинен тайып баратам.Ата-
энем менен да батынып баштагыдай сүйлөшө албайм.Агаларым билсе өмүр бою бир туугандыктан кечиши мүмкүн.Адам болуп жашагым келет.Бактылуу жар,мээримдүү эне,сүйүктүү келин болгум келет.Мен жигитимдеги асыл сапаттарды өзгөлөрдөн таппай келем.Ал менин бул кылыгыма нааразы болуп датса керек.Урматтуу форумчулар,
суранам кеңешиңиздерге,
жылуу сөзүңүздөргө куштармын.Турмуш мени абдан эле мазактап калчады.Суранам сиздер мени түшүнүү менен кабыл алыңыздарчы.
Ушул кыз азыр Кулинар кыз деген ник менен "Опасный абысын" деген тема ачып элдин башын айлантып журот. Шерлоктор карап коргуло. Гроза кайдасын? ))

Супер-Инфо
super.kg
видео








