Урматту мекендештер мындай тема барбы жокбу билбедим болсо ошол темага кошуп койсо деле болот! Менин айтайын дегеним апрель окуясында курман болгон жана жарадар болгондорго баатыр наамын бериш керек беле? Мен озум андай наамга каршымын себеби оз призидентибизди кубалап,ак уйду ортоп, жоокерлерибизди олтуруп анан баатыр деген наам алыш эмне деген шумдук. Туура ал жерге баардык инсандар акыйкат издеп барды бийликке каршы чыкты, ошол кездеги оппозиция элди угутуп эл менен бийликтин кагылушусун жараты. Оппозиция эрчип ал бийликти тополон менен айдап эмнеге жетик? Бул инсандарыбызга баатыр деген наамдан башка урмат сый корсотуп койсок болмокта. Эми баатыр болуш учун созсуз бийликти кулатып тополон кылыш керекби ушинтип баатыр деген наамдын кадыр баркын кетирип алдык биз!!
Апрель баатырлары тууралуу
#2 10 Февраль 2016 - 21:07
Ошол жерде курман болгондорго "баатыр"
наамын берсе болот. А жарадар болгондорго медицина жактан женилдик берсе жетиштуу го. Себеби алар омур бою дарылануудан отуулору керек болот.
#3 10 Февраль 2016 - 21:20
Тыйындын эки тарабы болгондой эле бул нерсени да эки жактан карап корсок болот , биринчиси чын эле ошол куну Бакиевдик бийлике каршы чыгып окко учкан жарандар экинчиси ошол куну кокустан эле же болбосо эч нерседен кабары жок эле аянтка келип ок тийгендер . Болуп откон баардык нерсеге убакыт отушу менен тарых ордуна коет. Кантип айтсак да ал каргашалуу окуя болуп отту такыр болбосо эн жакшы болмок.
Билдирүүнү түзөткөн: KG-Oligarh: 10 Февраль 2016 - 21:21
#4 10 Февраль 2016 - 23:28
Чек арада,Баткен окуясында,Оштогу кагылышууда курман болгон,же жарадар болгондорго эмне учун Баатыр наамы берилген эмес?Ошолор чыныгы баатырлар болчу.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#5 10 Февраль 2016 - 23:43
Чууш президентти кууп баатыр наам алыптыр деген уят башка мамлекеттер укса чалкасынан тушуп кулот.Тынар айтмакчы батырлар яман кобойуп кетти баатырдында баркын кетирип бутушту
Баатыр деп мекенин Эли жерин коргогондорго бериш керек
Баатыр деп мекенин Эли жерин коргогондорго бериш керек
#6 11 Февраль 2016 - 00:19
Аларга революционер куболугун берсе жетиштуу, билип журобуз ээ жанагы ызычуу менен аянтта жургон сиер беленер,деп.
#7 11 Февраль 2016 - 08:43
Баатыр деген наамга ылайык эмес дешуудо,мейли,
туура дейли. Бирок ушуну менен эле токтобойт,эртен бул бийлик кетет,анан чындык ачыка чыгат. Оздору мыкаачылык менен олтурот да,кайра оздору баатыр деп наам берип маскаралаган да ушул бийлик.
#8 11 Февраль 2016 - 09:06
Мен революционермин!
!!Мен Акуйдун алдында революция жасап жургондо автомат менен атышкан.Козумду ачсам Таатандын алдында жатыпмын.
Короче,апрель окуясында баатырларча эрдик кылган,элин жерин коргогон адамды корбодум.Бийлик талаштын курмандыгы гана болушту,баатыр болушкан жок.
Революция кылуу аста аста
Баатыр болуу бир паста дегендей эле нерсе.

#9 11 Февраль 2016 - 10:52
Тема тазаланды!
ФЛУДга айлантмай, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол жок! Ийгилик!
#10 11 Февраль 2016 - 14:23
Болунуп жарылбай жон гана оюбузду билдирейли себеби, азыркы оппозицияда билсин элда билсин бийликти кубалап оз жоокерлерибизди олтуруп анан баатыр наамды алган туурабы же туура эмес экенин!
#11 11 Февраль 2016 - 14:32
Манастан бер жагын эле алганда аты чыккан баатырлар саналуу эле.Тээ фашисттер менен согушканда деле аз эле баатыр чыккан.Анан эле эки саатта биринин артынан бири баатыр болуп чыга келгени кандай?Баатыр деген наам оюнчук эмес да.Мага да ок жаңылганда баатыр дешмек,бирин бири менен чабышып өлгөндү кыргыз баатыр деген эмес.Тарых баарын ордуна коёт.
#12 11 Февраль 2016 - 14:37
Чынын айтсам,мен ошол козу отуп кеткен маркумдарды баатыр дей албайм.Алар болгону бироолордун колдонулган мишени катары гана калды.Ошол козу отуп кеткен маркумдардын каны эч качан уктатпайт го кимдин мишени катар колдонулган болсо дагы.Кана,азыркы бийликтин онолгону?Азыркы бийлик светке 2,5 тыйын кылып койду эле,кынк этпей толоп жатабыз.Кыскасын айтсам,алар баатыр эмес,алар болгону мишень болгон.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#13 11 Февраль 2016 - 15:40
Өлгөндөн кийин үстүнө алтын чачсаңда бекер, кабырына шам чырак болуп бербейт.
Көзү өткөндөн кийин наам берип, медаль таккан жөрөлгөбүз качан токтойт экен?))
Көзү өткөндөн кийин наам берип, медаль таккан жөрөлгөбүз качан токтойт экен?))
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#14 11 Февраль 2016 - 18:02
Чындыгында апрель революциясы деп айтуунун озу уят иш. Эмнеге? Революция болду дейли,а революция эмне учун болду?,ошол кездеги окмоттун элине карата кылган куйтулугунан ,элине карата,кыйноосунан,
элине жаркын жашоо тартууламак турсун,калын журттун чонтогуно кол салып баарын кымбаттатып жашоо шарт начарлап айласыздан элибиз жер кезип талаалап калдык эмеспи ошол кезде,баары ошол кездеги окмоттун туура эмес саясатынан болду дейли,анан азыр эмне жыргап жашап жатабызбы? Бакиев кетти да Атамбаев келди оорун алмашкан менен коомдук корунуш алмашкан жок! АПель революциясынын баатырлары!
Бул деген жеткен акылсыздык,
алар ким учун баатыр болушту?кайсы жоого боорун тосушту? Баатыр болуп кыргыз элине эмне кылып беришти?. Бул баатыр санагандар учун казынадан канчалаган акчалар чачылды эсеби жок,уй да куруп бериштиго. Акылдуурак бироо келип бул корунушту тубу менен жокко чыгарып салса абдан туура болмок.
#15 11 Февраль 2016 - 20:48
А деп Б десек да ал куну Ак уйго ким кандай максатта барды , кандай ниетте журуп окко учту аны бир кана оздору менен жалгыз Аллахка маалым
.Аркасында калган балдары менен аялы ата эне бир туугандарына кана кыйын болду .
.Аркасында калган балдары менен аялы ата эне бир туугандарына кана кыйын болду .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#16 12 Февраль 2016 - 12:14
Менимче элдин копчулук болугу аларды баатыр деп эсептебейт экен, бирок отуп кеткен инсандарга кайсыл бир денгелде урмат сый корсотуп коюш жетушту деп ойлойт экен деп ойлоп калдым
#17 12 Февраль 2016 - 15:21
Бакиевдик бийлик кетти кулады.бирок эч Ким деле кетпедиго Бакиевден башка.
#18 12 Февраль 2016 - 15:50
Биздин уйдон да ушундай талкуу болгон эле. Бул азаматтарыбызга революционерлер деп атап,жакындарына жардам корсотуп турса туура болмок.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#19 12 Февраль 2016 - 15:51
Биздин уйдо да ушундай талкуу болгон эле. Бул азаматтарыбызга революционерлер деп атап,жакындарына жардам корсотуп турса туура болмок.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#20 12 Февраль 2016 - 17:38
7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда
Кээ бир 7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына “Айкөл Ала-Тоо” коомунун координатору, Апрель баатыры Каримжан Стамов билдирди. Анын айтымында, мындай кадам куудул Рахман Разыковдун баатырларга арналган ырына байланыштуу болууда.
“Күбөлүк өрттөп, орден ыргытууга кээ бир баатырлар даярданып жатканын уктум, бирок канча адам экенин айта албайм. Менин оюмча, Разыковдун ыры үчүн күбөлүк өрттөө - бул аша чапкандык. Ошол эле маалда Апрель баатырлары куудулдун ыры чын болсо уялып унчукпай калар беле, ким билет... Бирок Разыков аткарган интермедиясы үчүн кечиримди бизден эмес, элден сурап, катачылыгын моюнуна алышы керек”,- деди Стамов.
Ошондой эле Апрель баатырлары Рахман Разыковго жооп катары ыр жазышканын билдирип, анда "7-апрелде шейит кеткен 86 бала менен Ош окуяларын салыштырба" деген сыяктуу ойлор айтылганын айтты
Апрельдин баатырлары уялышыптар орттой баштаптыр