Бейшемби,18-декабрь,
2003-жыл.
Мен жада калса звонок кантип чырылдаганын да укпаптырмын,
бир гана Мегги капыстан эле ордунан туруп коридор жакка чыкканын байкадым.Бир мүнөттөн соң ал Лини колунан жетелеп кайтып келди.
-Кутман кеч,-деди ал,-Кечиккендигим үчүн кечирип койгула.
Столду тегеректеп олтурушкандардын үндөрү заматта өчтү.Анын эң сонун кара-боз костюму,саргыч чачтары,ачык-
көк коздөрү жана адамды өзүнө тарткан жылмаюусу баарын айраң-таң калтырып тынчтандырып койду.Красавец.
А бир нече секунд өтүп өтпөй кыздар,команда берилгендей,
аны тегеректеп башташты.
Сильвия столдун төрүндө олтурган жеринен атып туруп кудум качандыр бир кезде жоготуп алган бейкесин таап алгандай анын жанына жетип барып мойнуна чыгып алды.Баардыгы аны тегеректеп калышты,колдорун кысышты,бетинен өбүштү.Мен керек болсо ордумдан турууга да аракет кылбадым,баары бир бул үймөлөктөшүп турушкандардан өто алчу эмесмин,бирок ал өзү сылык,бирок көшөрүп алардан суурулуп чыкты да менин жаныма жакындап келип,беттен өбүп,жанымдан орун алды.Көз кыса шыбырады:
-Кечиккендигим үчүн кечир!
Көбүнө маалым болбогондой:
биз дээрлик бир апта көрүшпөдүк,
а мен ал кайсы бир аңда кантип кансырап,араң жан болуп жатканын элестетип алып алдан тайый араң жүргөн болчум.Мени куса жана жалгыздык ээлей баштаган эле.Мага артымдан аңдып жүрүшкөндөй туюлду.Анан эле,сыйкыр сымал,баары өзгөрдү:менин майтарылгыс красавчигим кайрадан жанымда,кечирим сурап кулагыма назик шыбырап атат.А мен деген ал өзүн жакшы алып жүрө алаарын унута баштаган болчумун да.
Бир аз өтүп эле меймандар ээн эркин кеп куруп жана күлө башташты.Луиза болсо Клэр "Куинз хед"де каткырып жатып кантип сийип алганын,анан ал туалеттеги кол кургатуучу "сушилка"
га трусигин кантип кургатканы жөнүндө айтып берди.
Стиви болсо жаңы эле сатып алган машинасы тууралуу Лиге мактанып атты,а мен жөн гана унчукпай олтурдум.Ли чындыгында кандай гана сымбаттуу:ушундай бир сулуу,токтоо,
кадыр-баркы ичинде толо бойдон! Ал кечиккендиги үчүн кандай гана кечирим сурады жана өзүнүн куралсызданткан жылмаюусу менен кандай гана жылмайды!
Жана,убакыты тар экендигине карабай,бир нече мүнөт табып,Сильвияга эң жакшы бир бөтөлкө шампанский,
а Меггиге бир букет ак роза гүлүн сатып алыптыр.Эң башкысы кыздар андан баштары маң боло кызыга карап атышкандыгында.
Мен кубанып алдым.Алар Лиден коздөрүн ала албай коюшту, а ал жайбаракат,
ээн эркин,кудум алардын көз караштарын байкабай жаткандай,столдун астынан менин тиземди сылаганча Стиви менен серезно сүйлөшүп олтура берди.
Сумкамдагы мобилнигим алсыз үн чыгарды,жана мен кимден эсэмэска келгендигин көрүү үчүн сууруп чыктым.
Сильвиядан келиптир...
"А эмне,анын көзү чындап эле ушундай жаркылдап турган түстөбү же бул цветной линзанын жардамыбы?
"
Мен бир колум менен нары-бери жооп жаза салдым.
"Чындап эле"
Мен Сильвия олтурган жакты карадым,бирок ал акыры күңкүлдөгөнүн токтотуп,өзүн көз арта караган Макс менен көңүлү көтөрүлө сүйлөшүп атыптыр.
Клэр бул убакыт аралыгында кызаргандан кызарып баратты.
-Клэр,жарыгым,
мүмкүн,сага эми жетишээрлик болгондур?-деп жумшак сурады Сэм,анын жанындагы бокалды чекерээе жылдырып.-Биз деген "Чещирский гербде" болушун каалабай эле турабыз да?
-Токтотчу!
-Клэр таарынгандай эриндерин чүйрүйттү.-А ошондой болсо да,сен аларга "Чещирский гребде" эмне болгонун дале айта элексиң!
-О,чындап эле! Мен күлкүдөн өлүп кала жаздагам. -Айтып бер аларга,-деп айткан Клэр кайра эле дем алуусун алмаштырып олтурбай айтчусун айтып салды:
-Бул мен жөнүндө эмес,Джек жөнүндө.Кыскасы,
Джек ошондо ичип атып каерде жүргөнү жана ким экендигин билбей калганга чейин мас боло ичет,ал бир гана азыр кусуп ийеерин гана билип калат...
-Мага бул окуя сага да тиешелүүдөй окшоп атат,-деп Сэм сөзүн улап кетти,анткени Клэрдин кезектеги өзүн кармана албаган кыткылыктап күлгөн пристубу башталган болчу...
-Жо,менде жакшы болчу... бирок Джек... Ха-ха-ха... Ал туалеттке чуркап жөнөйт... бирок такыр эч нерсеге акылы жетпей биринчи эле туш келген кабинкага атып кирет... А ал жакта бир "чувак"
олтуруп алып өзүнчө бейгам чычып аткан болот,анан эле ушул учурда асмандан кулап түшкөндөй Джек үстүнө кирип барат... Бирок эң башкысы,Джек эми өзүн эч нерсе кыла албай калган болот... а мүмкүн,ал масчылыкта кабинада бирөө олтурганын байкабай да калган чыгаар...-деди Клэр ыктыта жана күлкүдөн аккан жаштарын аарчып жатып.
-Жалпылап айтканда,ал түз эле тиги "чувактын"
тизесине кусуп салыптыр...-деди Сильвия.
-Бирок бул дагы эң күлкүлүүсү эмес,-деп сөзүн улады Клэр.-Качан гана ал өзүнө бир аз келгенде,чоочун бирөөнүн үстүнө кусуп салганын сезип калат.Анан ойлонот: "Эгер кайсы бир "урод" менин тиземе кусуп салганда,мен тумшуктан ары урмакмын"
-деп,анан чечим чыгарат... өзүн тумшуктан ары коюшун күтүп олтурбай,ал өзү,тиги "чувакты"
кулак түпкө бир уруп туалаттен шамал боло качып чыгып келе бериптир.
Баары каткырып киришти,Чарлиден башкасы.
-Ой,чыдай албайм,-деп онтоду Клэр,-мен сыртка чыгышым керек.Тезинен!
Мен азыр келем.
-Бир мүнөт,-деген Чарлинин үнү каткырып жаткандардын баарынын күлкүсүн бузду,-ал чоочун бир кишинин үстүнө кусуп салганы аз келгенсип,анан дагы кулагына бир урдубу? Жөн гана,эч себепсиз элеби?
-Оба,ошол сыяктуу,-деди Сэм козүнүн жашын аарчып жатып.
-Бирөө-
жарымың,мага соусту берип жибергилечи,
сураныч,-деди Чарли.
-Чарли,
ушинтип эле "зануда"
боло бербесеңчи!
-Билесиңби,
Ли,мага сенин жүзүң тааныш,-деди Стиви,-балким,
жумуш аркылуу кайсыдыр бир жерде көрүшпөдүк беле?
-Андай ойлобойм.Негизи эле,мен кээде "Ривер-бардын"
оозунда күзөткө туруп калам.Мүмкүн,
сен мени ошол жактан көргөндүрсүң?
-Оба,болушу мүмкүн.А сен жаңы клубка барып көрдүңбү? Бул бир өзгөчө көрүнүш! Мен албетте "Бог огня" жөнүндө айтып жатам.Биз ал жакка жума күну барган элек.
-Жок,бара элекмин.Мен негизи эле,клубдарга бара берүүчү любителдердин катарын кирбейм.Чагымда,
чоң муштумдар менен аралашып иштеп жүргөндө өтө көп жагымсыз ценалар болгон үчүндүр.
-Туура кыласың!-деген Макс столдун башка жагында олтурган жеринен сөзгө аралашты.-Мен ушул чоңоюша элек өспүрүмдөрдүн акылын туура жолго сала албай убарамын:алда качан чоңоюу убакыты жана акчаны керектүү нерселерге жумшашты үйрөнүү мезгили келген.Же акчаны кайсыдыр бир ишке иштетүүнү.
-Ой,сен оозуңду жапчы,"зануда"
.-Мегги ойноктой күйөөсүн мүрүсүнөн бир түрттү.-Балдар,
карып калган күңкүлдөккө көңүл бурбай эле койгула.Ал жөн гана жашоодон кандай ырахат алыш керектигин унутуп калган.
-О жок,ырахат кантип алууну эң жакшы билем!
-Ии оба,кроссворд менен диванда олтуруп алып ындыны өчүп араң ырдап жаткан "джаз"дан!
Биз тамактанып,
сүйлөшүп жана каткырып аттык,жана убакыт өткөн сайын Линин столдун астындагы колу жылып келип саныма келип катыды,оор,жылуу жана кыймылсыз.
Качан гана Мегги столдун үстүнөн тарелкаларды жыйнап алганда,мен дагы колумду столдун астына түшүрдүм да анын колун алаканыма алдым.Ли суроолуу мага карап койду.Анын көздөрү кенен ачыла түштү,ушунчалык тунук,ушунчалык көкмөк көздөр... Балдар бир нерсеге күлүп жатышкан болчу,эч ким бизге көңүл бурган жок.
Мен анын кулагына шыбырадым:
-Сен бүгүн үйдө болдуңбу?
Ал таң калгандай кашын көтөрдү:
-Мен жумушта болдум да.А эмне?
-Кимдир бирөө вилкалар менен бычактардын ордуларын алмаштырып коюптур.
А ал мени ушундай бир карады,кудум:
"Кимге бул ерунда менен алек болуштун кереги бар?" деп айткысы келген кыязда,бирок көздөрүнөн жылмаюунун белгиси жалт этти.
-Бул эмне,ушундай тамашабы?
-Мен жөн гана,артыңдан көз сала жүрөөрүмдү билишиңди каалагам.
Эмнегедир мага мени тумандар тегеректеп калгандай сезилди.Менде ыңгайсыздык жаралды.
-А эмнеге сен записка калтырып койбодуң?-деп сурадым.
-Анда бул нерсе өтө эле ачык болуп билинип калмак да.-
Ал жылмайды да көз кысып койду.
Мен анын айтканынын төркүнүн ойлоно виномду ичип бүттүм.Столдун ары жагында жаңы каткырыктын чаңырыгы чыкты-Сильвия кезектеги анегдотун айткан болчу.
Ли столдун астында менин колумду сылап жаткан,менин жонумду аралаган калтырак чуркап өттү.
-Ли,-дедим мен секин.
-Мм?
-Эми мындай кылба.Сураныч.
-Эмнени мындай кылба?
-Менин буюмдарымдын ордун алмаштырба.
Сураныч.Макулбу?
Анын жүзү бозоро түштү,бирок ал башын ийкеди.Бир нече көз ирмемден кийин ал менин колумду кое берди да кече бүткүчө колума тийген жок.
Бейшемби,13-декабрь,
2007-жыл.
Бул жолу медициналык центрде адамдар көбөйө баштаганы байкалды,бир топ ызы-чуу жана нары бери өткөндөр көбөйдү.Мен бурчка тыгылдым,башымды эки мүрүмө бекиттим.Негизи эле эмне үчүн мен бул жакка келип алдым? Менин тушумда турган кайсыдыр бир киши оозун жаппай туруп жөтөлдү;кир комбинизон кийген жаш бала өзүндөй эле жүдөгөн кичинекей инисин жыгач кубик менен атып урду,а апакеси балдарына эч кандай маани бербей,кошунасына кайсыдыр бир фибромдор жана жаңы дарылануунун методу жөнүндө айтып атты.
Мен ушунчалык ордумдан туруп кетип калгым келди.Мындай караганда,мен деген оорулуу эмесмин да-эми нервдер бир аз иш берип коет,эмне экен! Дүйнөдө менден жүз эсе катуу ооруган адамдар толтура.Анан эми эмнеге мен өзүмдүн баалуу убакытымды врачтарга жөндөн жөн эле коротушум керек?
-Кэти Бейли?
Селт эте,башымды көтөрдүм да коридордун бир бурчунда эки-жакты карап аткан кишини көрдүм.
Мен тура калдым да доктор Малхотранын артынан жөнөдүм.Биз кадимки эле көрүнгөн,колго сыйпалуучу антибактерия средствосу бир топ эле жагымсыз жыттанган бөлмөгө кирип бардык.
-Сиз Стюарт менен доссузбу?-деп сурады ал ичкери кирип баратып.
-Оба,-дедим мен,анын бул нерсени кайдан билээрине таң калганча.
-Стюарт-классный жигит.
Санджив Малхотра анча бийик эмес бойлуу адам экен,кара костюм кийип алган,боз-кызыл көйнөкчөн жана галстукчан.
Кыска капкара сакал,жана тоголок келген көз айнек ага жарашыктуу көрүнүш тартуулап турат.
-Сизге кандай жардам бере алам?-деп сурады ал.
Мен аягы жок текшерүүлөрүм жөнүндө,коркуу приступтары жөнүндө айтып бердим.Алар убакыт өткөн сайын жаман жагына ооп бара жаткандыгын айттым.Ал менден өзүмө кол салуу каалоосу болбоду беле,деп сурады,а мен айттым-жок,эч качан,оюма да келген эмес.Ал бул курчуунун себепчиси ким болгондугун сурады,анан мен Робин жөнүндө айттым.Анан Робинге чейинки баардык нерселер жөнүндө да,чынын айтсам,бул бөлүктү мен болушунча кыскарттым.
Болгон окуялар тууралуу болушунча эстебөөгө аракет кылып жаткандыгым тууралуу айттым.
Доктор Малхотра компютерге олтурду да бир нерселерди жазып атты.Стюарт алдын ала айткандай,ал мени өзүбүздүн райондогу психиатрический центрге,карап аныктоо үчүн,ал жакта пациенттер өтө көп экендигин,ошондуктан бир нече жума күтүш керек болуп калышы мүмкүн экендигин эскерткенче жолдомо берип жөнөтүп ийди.
Ушуну менен кабыл алуу аяктады.
-Мен Стюарттын ден-соолугу менен проблемасы болуп калганын уктум,-деп белгилей өттү ал аягында.
-Оба,ийинин оорутуп алыптыр.
-Өкүнүчтүү!
Эмне демекмин,болбоду дегенде жекшемби күнү бизде утуп алуу үмүтү пайда болду.
Мына эми мен үйгө автобуста кетип баратам,мага эмнегедир ушул медициналык центрге кирип чыкканым такыр болбогондой сезилди,анан да менин эмнегедир көңүлүм айланып атты.Жана да,баарын жакшы кылып текшерип чыгууну өлгүдөй каалап жаттым.Эмнегедир бир жолку текшерүү менен эле кутулаарымдан күмөн санап турдум.
- (2 )
-
- 1
- 2
Сен кайсы жерде жашынсаң да. Элизабет Хейнз
#21 28 July 2015 - 18:59
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#22 28 July 2015 - 19:13
Дүйшөмбү,22-декабрь,
2003-жыл.
Рождествонун алдындагы акыркы дүйшөмбү күн-белектерди, продукты сатып ала турган акыркы жулкунуу (рывок),а анан-эки күн бүтүндөй боштондук! Саат алты жарымдарда шаардын борборуна жан кирди,элдер бир магазинден башкасына өтүп нары-бери чуркап жүрүшөт.Мен жумушта кийимди алмаштырып, кылдат таранып жана боёнуп алганмын,анткени биз кыздар болуп "Чещирский гербде" жолугушмакчы болгонбуз,бирок башында мен Лиге белек сатып алышым керек болчу.Ал бир апта бою иштеди,"Ривер- барда" эмес,кайсыдыр бир мен билбеген жерде.Анын бул "тапшырмалары" ,эмне жөнүндө болду экен? Ал бул "тапшырмаларынын" артынан апталап жоголуп кетет,анан таптакыр жүдөгөн жана жаман маанайда пайда болуп калат.
Акыры келип мен ага көйнөк караш үчүн "Маркс и Спенсер"ге кирдим.Ли бул белекти көпкө чейин эстеп жүрүшү үчүн кандайдыр бир өзгөчө белекти табууну кааладым.
Ли экөөбүз бирге кантип бул Рождествону өткөзөөрүбүз тууралуу элестеткенче магазинде берилип жаткан музыкага кошула кыңылдай ырдап атып кыялдарга берилип кетиптирмин, анан эле капыстан алдымда кандайдыр бир фигура пайда болгонун байкадым.Мен көзүмдү жогору кылдым-Ли.
Мен бул чоң кубанычка чаңырып жибердим,а ал мени кучагына алды да эринимден өптү.Бул өбүшүү эң узак өбүшүүлөрдүн бир болду.Анын эриндери жылпыз (мято) жыттанып атты.
-А мен сени иштейт деп ойлогом,-деп айттым мен качан гана кошуна кафеге кирип столдон орун алгандан кийин.
-Ансыз деле иштеп жүрөм,-деди ал абайлай сүйлөй,-анан бош мүнөттөр пайда боло калды эле сага жолугуп кетүүнү чечтим.
Кафенин ичи дээрлик бош болчу:бизден сырткары,чыга бериш жерде жаш эки жуп жана дагы чайдан ууртай аларга килейген тарелкада алып келинген куурулган балыкты ойго бата чайнашканча карып калган эрди-катын Хай-стрит жакка каратылган эң жакшы деген столдордун биринде олтурушат.Зээриккен официанттар стойкаларды сүртүп жана майрамга даярдалган пленкага бутерброддорду ороп атышат.
-Мен кечээ күнү түнү менен сен жөнүндө ойлонуп жаттым,-деди ал капыстан,-Түнү менен сени элестетип... анан сенин нымдуу "щёлка" ңды.
Мен кулактарыма чейин кызарып кеттим жана эки жагыма сактана карап койдум.Албетте, анын айланасында эч ким жок болчу,бирок ал керек болсо үнүн басаңдатып сүйлөөгө да аракет кылбады.
-Сен азыр деле нымдашып турасыңбы?-деп сурады дагы деле баштагыдай тике көздөрүмө карай.Мен заматта ага баштаганымды сездим.-Ошол жакка кирүүнү каалап турам.
Анан эле Ли ушул жерде артка чалкалады да көздөрү менен ылдый жакты көргөздү,өзүнүн аласы жагын.Мен аз-маз бозоро түштүм.Элестет, мен бир аз эңкейе столдун астын карайм,анан албетте,эмнени көрүүнү күткөн болсом ошону көрөм.
-Ох,Ли,кереги жок.Серезно, бул жерде эмес.
Мага бир секунддай ал азыр менин колумдан кармайт да столдун астынан тиги жагын тиктөөгө мажбур кылчудай сезилип кетти,бирок ал күрсүнүп алып кайра түздөнүп олтурду.
-Анда мынтип жасанып кийинип алган сулуу,кайда баратат?
-"Чещирский гербде" Клэр менен Луизага жолукканы.
Ли мени тиктөөсүн уланта берди,акыры мен өзүмдү кармана албай кеттим,күлүп жибердим.
-Сен эмне? Эмнеге мынтип тиктеп атасың?
-Сен каалаган нерсеңдин баарын сатып алдыңбы? Магазиндерден?
-А бул чындап менин ишим.
-Уксаң, дагы канча магазинди кыдырып чыгасың! "Бертон" ,"Принсиплз" ,"Некст" ,эми бул магазин.
-Эй,сен эмне,артымдан аңдыдыңбы?
Ал үндөбөй эки далысын кысты жана дагы кыйшыгыраак жылмайып койду.Ал эмне,атайылап менин жиниме тийип атабы,көбүрөөк дүүлүгүшүмдү каалап турабы?
-Болуптур, мындай дейли:мен бүгүн кечинде бул юбканы көрүп шилекей агызган көптөгөн эркектердин бири болдум.
-Бирок сен-жалгызсың, ким билет,анын артында эмне жашынып жүргөнүн.
Ли бир жутум менен кофесин ичип бүтүп,столун жылдырды да турду:
-Болуптур, мен ишимди улантканы кеттим.-Ал эңкейди да катуу,өкүмдүк кыла эринимден өптү.-Үйдө өз убагында болуп кал!
Ушул эле учурда терезенин жанында олтурган карып калган эрди катын да столдорун кыйчылдата, пакеттерин жана белектер салынган пакетчелерин жерден көтөрүшө кетүүгө камдана башташты,аларга униформадагы аял поднос менен идиштерди жыйноого жакын басып барды.
Мен бир чашка кофе менен,мен эми чындап эле "Чещирский гербке" барууну ушунчалык каалап турамынбы,деп ойлонгончо олтура бердим,анан эле капыстан Линин менден кафедеги пространстваны тосуп алган карааны пайда болду.
-Турсигиңди чеччи!-деп буйрук кылды ал.
-Эмне? Бул эмне деген тамаша?
-Мен тамашалаган жокмун! Тезинен чеч! Бол эми,эч ким карабай эле турат!
Болушунча аз кыймылдоого аракет кыла,мен юбкамды жогору кылдым жана турсигимди тизеге чейин шыпырдым,анан кезеги менен буттарымды чыгарып,тоголоктой жерден көтөрдүм да муштумума кыстым.
-Эми,бери бер,-деди ал,колун суна.
Мен жинди адамды тиктегендей ага карадым:
-Анын сага эмне кереги бар?-бирок ага аппак тоголокту сундум.
Ал абайлабастан аны чөнтөгүнө тыкты жана дагы бир жолу мени өптү,бул жолкусунда назик:
-Мына эми жакшы кыз болдуң.
Ли артына бурулуп кафеден шашылып чыгып кеткенден кийин,тиземди кысып,анын көчөгө кантип чыгып баратканын карап,ордумда олтурган бойдон калып калдым.Анан юбкамды этият кыла ылдый түшүрүп ордумдан турдум.Мен бул абалга көнө албай,бир аз коркуп,башым аз-маз айланып,жана ошол эле учурда "возбуждениядан" калтырап аттым.
Ойлонулуп, пландалган белекке күч дагы,убакыт дагы калбай калган эле.Мен биринчи эле кезиккен,вешалкада илинип турган көк көйнөктү алдым да кассага алып бардым.
"Чещирский герб"ке бара жаткан аялдамадагы жолдо,күлүшүп, кучакташышып, ойноп жүргөн топ элдин арасынан өтүп баратып,муздак шамал кантип юбкамдын астына кирип жылаңач денемди аймалап ойноп атканы мага сезилди,-эгер башка учур болгондо,балким, бул нерсе жагымдуу болсо керек эле.Жана да ушул убакыттын баарында Ли менин артымдан аңдып жүргөндөй болгон туюмдар мени тынч коюшпады.Бул эмне,эки жакка ыкылас коюу (внимательность) тестиби? Мүмкүн,мен аны топ элдин арасынан таанып алышым керекдир? Башымды өтө эле эки жакка чайкабоого аракет кыла,эки жакка көз жүгүртүп,магазиндердин ичтерин,алдыларын, жарыктандырылып турган скамейкаларды абайлай карап чыктым.Албетте, мына ушинтип Рождествонун алдында жылаңач көчүк менен көчө аралай басып жүрүү бул-ойго келбеген бейбаш көрүнүш,бирок башка тараптан алып караганда-черт побери! Ушул нерсе тууралуу кандайдыр бир беймаза кылган ойлор бар эле.Мен керек болсо бая,кафеде,столдун астына шыр эле кире коюп аны кумардан жана коркуудан калтыратып жибербегеним үчүн өкүнүп да алдым.
Бейшемби,13-декабрь, 2007-жыл.
Жарым сааттан бери шайтан алгыр квартирамды текшерип жатам,ар жолу баары ойдогудай болбой атат! Ар бир текшерүүдөн кийинки ыраазы болуунун ордуна ишенбегендик менен коркуу сезимдери жоголбой калып кетип атат.
Эгер бул иштин аягына чейин чыгара албай жатсам,анда текшерүүнүн не кереги бар? Бирок,колдорум титиреп,көзүмө жаш толуп,ал эми башымда туман болуп атса,эмне кылышым керек? Мына эми,эки сааттан бери тарамышым тартыла бышактай ыйлай,андан алыстоого дарман жетпей,эшиктин алдында дале турам.
Мага кантип жогору жактан эшиктин ачылып жабылганы,тепкичтен бат-бат түшүп келаткан кадамдардын дабышы угулуп кеткендей болду.Демимди токтотуп,жылчыктарды сыйпалап жаткан колдорумду жогору көтөргөн бойдон,статуя болуп кубулуп кетүүгө аракет кыла катып калдым.
Ал өтө деле катуу такылдатпады, бирок ушул үндөн да денемди муздак шамал аралап өттү.
-Кэти,бул мен.Сенде баары жайында элеби?
Мен бир-ар нерсе деп жооп бере албадым,бир гана бышактап ыйлап жибербеш үчүн кыркырап деп алып баштадым.
Мага үшкүрүк сымал үн угулгандай болду.
-Түшүнүктүү. А эмне болду эле?
Мен өзүмдү колго алууга аракет кылдым.
-Эч нерсе... баары жайында.
-Сен эшикти ача аласыңбы?
-Жок.Кет.
-Кэти, мен жардам бергим келип атат.
-Жок.Кет. Сен баары бир мага жардам бере албайсың.
Мен полго олтурдум да эми ачык эле ыйлап жибердим,бир гана коркконумдан эмес,ызадан, анын тепкичте туруп алганына,жана мага башымдагы тозок алып келип аткан кара так менен күрөшүүмө тоскоол болуп жатканына жиним келгендиктен.
Бирок мен акыр-аягы өөдө боло алдым,эшиктин туткасын кармай,глазоктон сыртты карадым.Анын жүзүн көрдүм,площадкада андан башка эч ким жок болчу.
Калтыраган колдорум менен мен бекитмени (засов) жылдырдым,анан беш мүнөттөй ключту тешикке киргизүүгө аракеттендим. Бул нерсе менин акыркы күчүмдү алып койду,жана мен башымды колдорум менен мыкчый полго жыгылдым.
Стюарт эшикти ачты да суук шамалды өзү менен кошо ала кире ичкери кирип келди.Эшикти жапты да жаныма олтурду.Кучактап же бир жериме тийүүгө аракет кылыш үчүн эмес,жөн гана олтурду.
Мен башымды эки тиземдин ортосуна кыпчып алып,ыйымды токтото албай,мурдумду тартканча олтура бердим.Кандай гана маскаралык! Мен жада калса аны кароодон да уялдым.
-Анда мындай,кел дем тартып көрөбүз,-деп секин айтты ал.
Мен аракет кылып көрдүм.Жаңыдан башталган солуктап ыйлоодон башка эч нерсе колдон келбеди.
-Мен.. . ушунчалык... чарчадым.Дарманым түгөндү... Эч нерсе каалабайм.
-Билем, -деп жароокер айтты ал.-Бирок баары бир дем алууңду ордуна келтириш үчүн тынчтанууң керек.Көңүлүңдү дем алууңа сконцентрироваться этүү тууралуу ойлон.Жөн гана дем ал,болгону ошо.
Мен аракет кылып көрдүм.Мынакей, башталды:манжаларыма жүздөгөн ийнелер сайылды,жүзүм менен мойнум сенейип катып калды,көздөрүмдө кара чымындар пайда болду...
-Менин колумдан кармай аласыңбы?-деп сурады ал,колдорун мен жакка суна.
Мен анын колуна тийип көрдүм,тийдим, кайра тартып алдым,кайра дагы бир жолу тийип көрдүм.Ал алаканын менин колумду жумшак кысты.Анын колу мупмуздак экен эле,кадимки эле муз сыяктуу.
-Кечир,мен сууктан,-деди ал.-Так,умница, башың эми айланбай калдыбы? Кел дагы дем алып көрөбүз.Мени карай берсең болот.
Мен кыйынчылык менен кабагымды көтөрдүм.Дем алуумду эч эле оңдой албай жаттым,ал эми көз алдымдагы кара кругдар жоголгон жок.
-Кэти! Кэти,баары жакшы.Тынчтан. Дем алууң жөнүндө ойлон.Мени менен кошо дем ал.Дем тарт... ичиңе демди бир карма.Умница, дагы,дагы... жакшы болуп баратат.Эми демди чыгар.Кел дагы бир жолу,макулбу?
Бул нерсе канча убакыт уланганын билбедим го,бирок акыркы эсеп боюнча биз жеңдик.Манжаларым кайрадан сезип калды,дем алуу басаңдады.Мен анын колунан куткаруучу таяк сымал кармап олтура бердим.
-Эмне демекмин,сен азаматсың,-деди ал.-Эми баары жайында болот.
Мен башымды чайкадым,дале сүйлөшүү абалына келе элек болчум.Жаштарым баары бир токтобостон көздөрүмдөн агып жатты.Мен анын көздөрүнө карадым-мени эч кандай айыптабаган, боору ооруган боорукер көздөр.Мен аз-маз анын жанына жылдым,ал жону менен эшикке жөлөндү да бош колу менен мени кучактады,жана мен жүзүмдү анын көкүрөгүнө жашырдым.Ал жакта жылуу экен жана өзү жыттанып атты.Ал колу менен чачтарымдан сылап өттү.
-Баары жакшы,Кэти! -(Анын көкүрөгүндө кантип үн жаралып жатканын мен угуп аттым.)-Баары жакшы.Баары жайында.Мен сени мененмин.
Мен ушунчалык чарчаган экенмин анын кучагында уктап кетишиме аз калды,-аны менен,ушул сезимдер жана коопсуздук менен түбөлүк калып кетүүнү каалап аттым.Качан гана мен козүмдү ачканымда,мен анын көк көйнөгүнүн бир четин жана анысы дем алуусуна карап кантип кыймылдап жатканын көрдүм.Аз-аздан коркунуч кетти,бирок анын ордуна башка сезимдер алмашты-уялуу жана кысылуу.Ужас! Мен оолак болдум да далымды түздөдүм.
-Турууга аракет кылып көр,-деди ал жумшак,-кел бир топ ыңгайлуураак жерге орун алмаштырабыз.
Ал ордунан турду да мага да турушума жардам берди.Мен диванга бүк түштүм,бир түйүм болуп оролуп алдым.Эгер ал жаныма олтурганда, мен анын кучагына дагы кирип кетсем керек эле.
-Чай ичесиңби?-деп сурады ал.
Мен сууктан калтырай башымды ийкедим.
-Рахмат!
Ал кантип кухняда басып жүргөнүн,шкафчиктердин эшиктерин ачып жаап атканын угуп жаттым.Мына чайды да тапты.Чайникке суу куйду,плитага койду.А,мынакей чайник да чызылдай баштады.Квартирада менден башка дагы бир жан бар экенин моюнга алыш таң калычтуу эле.Трубаларды оңдоп кеткен сантехниктен сырткары,бул жерде эч качан эч ким болгон эмес. Мен,балким,көшүп кетсем керек,анткени жаныма ал чайы бар кружканы коёру менен үнүнөн ойгондуп кеттим.
-Эми кандай,азыр баары жакшыбы?-деп сурады ал.
Мен түздөндүм,эки колум менен кружканы кармадым.Колдорум эми калтырабай калган эле,бирок тамагым өлгүдөй ооруп атты.
-Оба.- Мен жөтөлдүм.-Рахмат. Чай үчүн да рахмат.
Ал стулга олтурду,өзүнүн кружкасынан чай ичти.Ал өзү да үрөйдү учура чарчаңкы көрүнүп турду.
-А сен бир-ар нерсе жедиңби?
-Оба,-калп айттым мен.-Сенин ийиниң кантти?
-Ооруп атат.
-Бечара! А сен кантип билдиң,менде. .. ушундай...
-Ыйлап жатканыңды угуп калдым.
-Анда көңүл бурбай эле койбойт белең.
-Анте албадым!-Ал чайдан дагы бир ууртады.-Эмне, өрчүп баратабы? Приступтар көбөйдүбү?
Мен башымды ийкедим.
-А бул эң жаманынын бир болдубу?
Мен далымды кыстым:
-Жок,мындан да бир топ жамандары болгон.
Ал мени баа коюучу,доктордук көз караш менен карады жана капыстан эле ал мен каргыш тийгир ооруканада жолуктурган жүздөгөн врачтарга окшошуп кетти.Баары ушундай көз караш менен,кудум мен азыр божомолдоп жаткан диагнозду коюу үчүн көргүсү келген нерсени көрсөтүп жиберчүдөй карашчу.
-Черт побери,кечир. Мага эми баары жакшы болуп кетчүдөй туюлган.Сандж. ..-ал,негизи эле,жакшы врач,жөн гана кээде жетишээрлик көңүл бурбай коет.Эмне деди ал?
-Сен айткан нерселерди эле айтты.Мени толук текшерип карап чыгууга жазды,же бул нерсе силерде кандай аталат.Ал,демек сен ооруп калсаң жекшемби күнү жеңе алаары жөнүндө айтып,эмнени айткысы келди?
Стюарт күлүп жиберди.
-Мына акмак! Жөн гана биз ар командада топ ойнойбуз,анан Сандж менде кандайдыр бир "паранармальный" өзгөчүлүк бар деп ойлоп алган.
Мен кружканы столго койдум,ушул эле учурда Стюарт да өзүнүн кружкасын коюп калды.
-Эми,кандай болгон учурда да сен биринчи кадамыңды таштап приемго жазылып алдың.
-Аха.-Мен анын көздөрүнө карадым да тартып ала албай тура бердим.
-А сен мага айтып бересиңби?-деп сурады ал ушундай бир үнүн секин чыгара,мен араң уктум.
-Эмне жөнүндө?
-Бул приступтарың негизи эле эмне себептен башталгын жөнүндө.
Мен жооп бербедим.
Стюарт олтурган стулунан өөдө болду:
-Каалайсыңбы, сен уктап жатканыңда мен жаныңда олтуруп турам?
Мен башымды чайкадым:
-Жок,рахмат. Сен ансыз деле көп нерсе кылдың.Эми менин өзүмдүн деле күчүм жетет.
Ошентип ал кетти.Түшүнүктүү иш,менин уйкум келбей калды,мен баарынан да,ал кайрадан мени кучагына кысып,түнү менен жаш баланы алдейлегендей алдейлеп чыгуусун каалап турдум.Мен анын артынан эшикти кулпуладым да уктаганы жөнөдүм.
Мен баардык нерсе жөнүндө жакшы бир ойлонуп чыгышым керек эле.Мындан ары бул нерселер улана бербөөсү керек жөнүндө.Буттарымды араң шилтей,ар бир үнгө селт эте,араң дем ала,күнүмдүк жашоо менен гана жашагандан чарчаганым жөнүндө.

#23 28 July 2015 - 19:30
Шаршемби,24-декабрь,
2003-жыл.
Рождествого чейин баары жакшыдай эле болуп бараткансыйт. Ачыгын айтсам,негизи эле,өтө деле жакшы эмес.Жумалап жоголуп кетчү адам менен кантип бир жакшына жолугуп жүрө берсе болот? Бирок Ли жанымда болгон убакта,баардык нерсе кудум сыйкыр сымал кооз боло түшчү.Ар жолу,кезектеги командировкасына жөнөп жатканда,Ли бул тууралуу сөссүз эскертчү,ал эми ал жанымда кайра пайда болгондо эч кандай жаракат албай эсен соо кайтып келгенин көрүп аябагандай бактылуу боло түшөөр элем.Бул мүнөттөрдө мен өзүмдүн таарынычтарымды жана талаптарымдын баарын унутуп койчумун.Ал командировкаларынын ортосунда Ли көбүнчөсү меникинде жашап жүрдү.Мен жумушума кеткенде,ал бөлмолөрдү жыйнап,шыпырып, оңдош керек болгон нерселерди оңдоп,кечкиге тамак да жасап койчу.
Качан гана Ли жанымда эмес болгондо,мен ага куса болуп,жана өзүмчө ар кандай жаман окуяларды элестете берчүмүн.Кечиндеси уктаар алдында да,мен аны эми такыр көрбөй калышым мүмкүн деген ойлор менен жатчумун.Бирок ал көбүнчөсү карышкырдай курсагы ач,кырынбаган, чарчап жана кирдеген абалда кайтып келээр эле,эң чети дегенде мушташтан калган жаракаттын тактарын байкачу эмесмин.Биринчи жолкусунда эмне болгон күндө дагы,андан бери ал бир топ этияттанып калганын байкадым,жана бул этияттык менин айымдан болуп жатканына абдан кубанычта элем. Мен өз жашоомдо Жаңы-жылда жалгыз калып калганым биринчи жолкусу эмес:Ли күзөткө туруу кезеги ага келгенин айтты.Анан дагы ал менин менен жок дегенде бир аз убакыт өткозүп кетүү үчүн эптеп айла табып келип кетээрине убада берди.Ал жумушунан эртерээк эле бошоп калаарын айткан,бирок кечки саат ондордо да андай кабар болбой атты.
"Какого черта,-деп ойлондум мен,-эмне,ушинтип үйдө жалгыз олтура береминби?" Эч качан да! Даярдануунун иши он мүнөттө бүтөт.Жакшы көргөн ачык-кызыл көйнөк,каблук, эриндерди жана көздөрдү боёсом,чачты үстүгө топтосом,мейли майда чачтар пешенеме жана жаагыма түшүп калса-мен сыртка чыгууга дапдаярмын.
Он жарымда биз Клэр жана Сэм болуп "Чеширский герб"де олтурдук.Мен алардан бир топ эле артта калып кеткен болчум,жетиш үчүн "двойной бренди"нин жардымы менен кууп жетүүмө туура келди.Клэр жаңыжылдык түнгө эми эле өзүнө "жертва" белгилеп койду,бирок ал өтө эле жаш көрүндү,жана ал ашыкча эле ичип алыптыр,бул сулуу үчүн кайсыдыр бир ишке жарай турган түрү жок.
-Өзүңө каяктагы бир араң жан бирөөнү тандап алыпсың го,Клэр!-деп кулагына кыйкырды Сэм,биз бир канча жолу рок-группанын хит болуп жаткан "Уизард" ,"Пусть каждый день как праздник Рождества" деген ырларына танцплощадкада жан алыбыз калбай бийлеп жатканда.
-Бирок сен анын бул жакка ким менен келгенин карасаң!-деген Сэм колундагы жарымдап калган пивонун бөтөлкөсү менен кайсыдыр бир бурчту көргөзө жооп кыла кыйкырды.
-Ал сени менен таанышууга аракет кылып көрдүбү?-деп сурадым мен.
-Азырынча жок! Бир нече мүнөттөн соң ал өзүн тааныштыруу үчүн биз олтурган столикке басып келди,чынында эле сымбаттуу жигит экен.
-Саймон! -деп тааныштырды өзүн.
Анан ал мага Афганистанда служба кылаарын,азыр эки жумалык отпускада жүргөнүн айтууга үлгүрдү.Чагымда, ал мага чындап эле кызыгып алды,анын капкара көздөрү суктануу менен жанып турду,жана бул кара-күрөң тарткан секс-символго көз артып койгон Сэмдин алдында өзүмдү ыңгайсыз сезип кеттим.
-Саймон!-деп сергек кыйкырдым мен.-Сэм менен таанышып ал.А мен барышым керек,Жаңы-жылың менен!-Мен анын жүзүнөн өбүп,Сэмге көз кыстым да гардероб тарапка өзүмдүн пальтомду табыш үчүн жөнөдүм. -Демек,"Чеширский герб" иштен чыкты,башка жерди издөө керек.Ичтим, ичтим-жок дегенде көзүм тумандап койсочу!
Мен өтө эле бийик келген каблук менен Бридж-стрит аркылуу "Дыра в стене" деген ресторан тарапка,ал жердеги бардан кысылып болсо да орун ала аламбы деген ойдо чуркап бараттым.
Жакшы, жок дегенде ушул пальтомду кийип алууга акылым жеткен экен эле,-күтүүсүздөн эле анча муздак эмес,карга айланууга үлгүрө элек жамгыр төгүп кирди.Мага бир секундка жакшысы үйдө эле олтура бербептирмин деген ой келип мээмди черпип өттү.
-Болбойт дедим,дос! Эмнеге экен,жылчы нары! Си*илип кетчи дедим го!
Кыйкырыктан селт эте,тар көчө тарапка,караңгы жерде кажышып жаткан үч караан жакка башымды бурдум,үчөөнүн бирөөсү анык эле экөөсүнө караганда түзүгүрөөк эле мас болчу."Наркодилерлер окшойт,-деп ойлондум мен,башымды ылдый түшүрө,-көңүл бурба,алды жакка кете бер,алар жакты караба"
"Дыра в стене"нин оозунда очередь бар экен,бирок анчейин деле узун эмес.Мен кошуна турган супермаркет жагындагы кысыла кучакташып турушкан сүйүшкөн жуптун артынан орун алдым.Дубалга жөлөндүм да дал ушул моментте,жанакы тар көчөдө калчылдашып жаткандардын экөөсү жаныбыздан өтүп баратышканда башымды көтөрдүм.
Алардын бириси Ли эле.
Ал мени көргөн жок,жөн гана бырышкан джинсасынын чөнтөктөрүнө колдорун терең салып алып досунун тамаша сөздөрүнө күлүп басып баратты.
Ушул моментте клубдун эшиги ачылды,жана тротуарга кылжыңдаша мас болушкан,майрамды башка клубда улантууну чечишкен бир топ эле чоң компания чыга келди.Алар менен бирге эле ресторандык бардан түрмөктөлгөн жылуу буу,музыканын үндөрү жана ысып күйгөн денелер менен кошо ичкиликтин жыты да чыкты.
-Эй,сиз киресизби?-деп эшик күзөтүүчү мага кыйкырды эшикти жаппай кармап турганча.
А мен эмне,башкалардан кемминби? Мен эшик күзөтүүчүгө жаңыжылдык өбүү белек кылдым да ичкери кирип бардым,жылуу жана тентектик өкүм сүргөн майрамдык атмосферага.
Жума,21-декабрь, 2007-жыл.
Жумуштан кайтып келген мен эшикке кыстарылып турган записканы көрдүм.Анын бир көрүнүшүнөн эле менин маанайым көтөрүлдү.Чагымда, Стюартка записканы эшиктин астынан түртүп киргизип жиберүү бул-менин территорияма бастырп кирүүдөй туюлган окшойт,ошондуктан ал,менден башка эч ким көрбөшүн билгени үчүн сыртка эле таштап коюптур.
Записканы алдым,пальтомдун чөнтөгүнө салдым жана бир жарым сааттай убактымды алган текшерүүм менен алек болдум.Анан диванга олтурдум да бүктөлүү записканы ачтым.
К.,салам, баары жакшы деп үмүт кылам.
Сен жөнүндө ойлондум.
Ишемби күнү бир жакка барып бир-ар нерсе ичип келүүгө кандай карайсың?
Целую.С.
"Целую. С."? Өзүн кармана албаган жылмаюу жүзүмө калкып чыкты.Ичип келүүгөбү? Кудай,оба! Ооба!!! "Жинди болдуңбу,-жемелей сүйлөдүм өзүмдү.-Кайда жөнөдүң? Сен-ичип келгени? Эсиңе кел! Анан да анчейин тааныш эмес,ошол эле убакта сенин көз жашыңды аарчыган жана сенин "чокнутая" экениңди билген эркек менен? Ии ооба,ооба... А балким тобокел кылып көрсөмчү?"
Негизи эле,акыркы күндөрү мен илим менен,тагыраагы, Стюарт атайы мен үчүн интернеттен көчүрүп берген методика менен дем алып калган элем.Мен өткөн жылы да өзүн-өзү дарылоо жолу менен алек болуп көргөнмүн,бирок анда бул нерсе мага жардам бере алган эмес:анда катачылык мендеги топтолгон коркуу сезимдерим ойлорумду башымдан түртүп чыгарып ийип ордун үрөйдү учурган элестетүүлөр менен толтургандан кийин гана мен өзүмдү танчтандыра баштаганымда болгон болчу.Туура дем алууну мен анда өздөштүрө электигимден демим кысылып дагы да көп паника кыла баштачумун. Мен озүмдү дагы да жаман сезип баштаганымдын себеби анчалык деле таң калаарлык эмес эле.
Бирок Стюарт себептүү болуп мен паникалык чабуулга каршы кошумча куралдуу болдум,-эң болбоду дегенде,мен бул паника эмнеден башталат жана ал менен кантип күрөшүү керек экенин түшүнүп калдым.Кечинде жумуштан келгенден кийин мен дем алуу көнүгүүлөрүн жасачумун.
Квартираны текшерип болуп,уктоочу бөлмөмдөгү килемге олтуруп,көздү жумчумун жана дем алчумун.Жаай- жаай,дем тартуу-дем чыгаруу.Башында мен үч мүнөт дем алчумун,таймер коюп алам,ушул кыска убакытта мен жумулуу көздөрүм менен араң чыдачумун.Ар бир үн алагды кылып,ар бир дабыш селт этүүгө мажбурлачу. Биринчи жолкуларында жарытаарлык деле эч кандай пайда болбой жатты:көзүмдү жумаарым менен заматта менин регулярдуу эки жашоомдун механизми жанып калчу:"перфекционизм" жана "самоуничтожение" .
Биринчиси таймердин үнү чыкмай сайын баарын ойдогудай аткарып көзүмдү ачпаш керек экендигимди айтып кеңеш кылып баштаса,ал эми экинчиси мен ылдый жактан чыккан машинанын сигналынан селт эте терезеге өзүнөн-өзү бара коюп ылдыйды карап баштаганымда мен жада калса туура дем ала албаган "ничтожество" экендигимди айтып айкырчу.
Мына ушундай менин манерам баардык нерсени абсурдка чейин жеткирчү:кайсыдыр бир туура,пайдалуу иш баштагандай болосуң-мисалы, квартирамды кулпулаганымдын эмнеси жаман? Бирок кайсыдыр бир күнү,кандайдыр бир себептер менен мен эшикти биринчи жолкусунда эле "туура" жабалбай калдым дейли-бүттү, кайрадан баары башталат да калат... Башыма ар кандай картиналар тартылып баштайт-биринчиси экинчисинен коркунучтуу: эгер замоктун темири өз тешигине буга чейин жүз жолу,жок,миңдеген жолу киргендей толук кирбей калса эмне болуп кетиши мүмкүн?
Жалпылап айтканда,мен жада калса ойлонуп калчумун:ушинтип кыйналуунун не кереги бар? Үч жылдай эч кандай врачтарсыз эле жашап келдим го.Эң болбоду дегенде,азырынча тирүүмүн.
Анан эле мен кайрадан дем алуу үчүн олтурдум,жана ошол эле кечте,бир топ жакшы жыйынтык чыккан.А эмнеге экенин билесиздерби? Мен жанымда Стюарттын муздак полго олтуруп алып,колумдан кармап жана тынчтандыруучу бир нерселерди сүйлөп жатканын элестеттим, анын колу муздак,а көздөрүндө- тревога.Жана мен көзүмдү жума элек жатып үч мүнөт өтүп таймер кантип иштеп кеткенин байкабай калганмын.
Ошол түнү мен керек болсо уйкуну да кандыра уктап алган болчум.
Мына азыр да Стюарттын запискасын жаныма койдум,килемге олтурдум.Эми бутумду кайчылаштырып, жаным жай алат жана көчөдөн келип жаткан үндөрдү угам, а анан коздөрүмдү жумам да дем алуума ыкылас коём.Дем алуу.Дем чыгаруу.Тынчтандыруу ыкма катары кайрадан Стюартты колдоном:өткөн жолкуда жардам берген эле,балким,азыр да жардам береттир? Окшоштук боло бербөөсү үчүн мен аны муздак полдон анын мейман бөлмөсүнө котором,биз жанаша олтурабыз,ал мени эки далымдан кучактайт,алэ ми күн анын кафелный полуна жарык квадрат нурларын тартып баштайт.Жылуу, жакшы,ыңгайлуу, жана ал мага ар кандай жагымдуу сөздөрдү айтат.Баягы, мен уккандарды, жана мен да өзүм кошумчалап ойлонуп таап аткан сөздөрдү.
"Мен жаныңдамын. .. Баары жакшы,баары жайында... дем ал... жайыраак... дем тарт... дем чыгар.Ушундай. Дагы бир.Баары жакшы,сен коопсуз жердесиң.Дагы"
Мен көзүмдү беш мүнөт өтүп кеткенден кийин гана ачтым--таймерге убакыт коюуну унутуп коюптурмун!

#24 28 July 2015 - 19:39
Шаршемби,24-декабрь,
2003-жыл.
Үйгө түнкү саат экилер чамасында гана кайтып келдим.Жолдо келатканда менде жада калса кичинекей компания түзүлдү:өспүрүм үч жаш балдар жана алардын кыздары.Бирөөсү, Крисси дегени,сураштырып келсек Сэмдин тууганы болуп чыкты.
Өспүрүм жаштар "Куинз хед" барында калып калышты,андыктан акыркы кварталды жалгыз басып өтүүмө туура келди.Кудайгу шүгүр,шамал тынчыды,жамгыр токтоду,суук болуп атты,бирок мени ичтеги ичимдик үшүткөн жок.Андан сырткары менин жандай жакшы көргөн узун пальтом дагы сууктан эң сонун коргоп атты.Азыр бир чашка ыссык чай болсо,анан эрте менен узагыраак уктасам,-мен өзүмө келип калсам керек.Үйдүн жанында бир караандын фигурасы туруптур.Ли!
-Кайда жүрдүң?-токтоо үн менен сурады ал.
Мен ключту алып чыгуу үчүн сумкамдын ичип тинтип баштаган элем.
-Шаарда эле.Үйдө жалгыз олтургум келбей койду.А сен бул жерде узактан бери турасыңбы?
-Он мүнөттөй болду.-Ал менин жүзүмдөн өптү.-Эми,балким, ичкери киреттирбиз? Мен бул суукта жумурткаларымды эми эле тоңдуруп алдым.
-А сен бул жерде эмнеге үшүп турасың? Сенде ключ бар эле го.
-Сен өзүң мага тыюу салып койгонсуң го,эсиңдеби?
-Тыюуну эмнеге салдым?
-Сен үйдө жок кезиңде мен үйгө кирбешимди жана сенин буюмдарыңа тийбешимди айттың го.
-Бирок мен бул мааниде айткан эмес элем да! Албетте,сен качан кааласаң ошондо келе берсең болот!
Биз квартирага жаңы гана кадам таштап кирип барганыбызда, Ли мени өзүнө каратты да пальтомдун топчуларын чечип жиберип эриндери менен жабышты.Анын өбүүсү тез,кургак болуп жана өзү жыттанып атты.Демек,бүгүн мен жалгыз ичиптирмин!
-Мен эрте менентен бери бир гана сен жөнүндө ойлонуп жүрдүм,-деп шыбырады ал мойнума,колдорун юбкамдын астына киргизип,буттарымды эки жакка шашылбай кеңейткенче. -Бул көйнөгүңдө сени жада калса тиктей да албайм,ушунчалык каалап атам!
Ох,кандай гана жалындуу эркек! Дүүлүккөнчө, мен анын ременин чечип,джинсы шымынын замогун ылдый тартып түшүрдүм.Дал ушул кире бериш жерде элеби? А эмнеге болбосун?
-Айтчы мага,-деп онтоду ал,колдорун чачтарымды аралата сойлото,-айтчы, бул көйнөгүңдө эч ким менен сиг*шпегениңди.
-Жок,жаным, бир гана сени менен,-деп шыбырадым мен.-Бир гана сени менен.Мен бир гана сендикмин.
Ишемби, 22-декабрь,2007- жыл.
Абы-ырайы бүгүн эң сонун-мүмкүн, бул жакшы белги.Мындан сырткары бүгүнкү число жуп күн,ошондуктан барга барып келүүмө эч кандай каршы көрсөткүч жок эле.
Текшерүүлөрүмдү рекорддук кыска мөөнөттө бүтүрүп,жогору көтөрүлүп бардым да эшикти такылдаттым. Стюарт мени кире беришинде эле күтүп туруптур.
-Салам! Эмне,кеттикпи?
-Ийиниң кантти?
-Бир топ түзүк.Таблеткалар акыры таасир берген окшойт.-Ал орому өзгөрүлүп калган лентанын ичиндеги колун кыймылдатып койду.
Рождествонун алдында,Хай- стриттеги элдер,кудум белектерди он жылга жетээрлик сатып алчудай жүрө башташат.
Стюарт каптал жактагы ничке келген аллея жакка бурулду,бул жакта элдер дээрлик жокко эсе экен.Мен таң калгандай эки жакка элеңдей баштадым,бирок Стюарт колумдан ишенимдүү кармады да алдыга жетелеп жөнөдү.Чындап эле,аллеянын эң этегинде "Будте уверены!" деген бар бекинип алыптыр.Ал бар мага дароо жакты.Кире бериште "Очень вкусно" деп ак бор менен жазылуу грифельная доска туруптур.Стюарт эшикти ачты да мени алдыга өткөзүп жиберди.
Бар эми гана ишке киришкен экен.Биз биринчи кардарлар болуп чыктык.Кичинекей бөлмөдөгү "камин" дин (камин-пристенная комнатная печ с широко открытой топкой с прямым дымоходом) тушунда жапыз келген эки диван турду,а "камин" де бүлбүл жанган от бозомук тартып күйүп атты-чагымда аны азыраакта эле күйгүзүшкөн, бир кочуш жалын үй сыяктуу болуп тыкан үйүлүп турган жыгачтарга өткүзү келбегендей уйпаланган гезитти астейин аймап атты.
Стойканын үстүндө гирляндылар (гирлянды-елка коздоодо колдонуучу ар түстөгү бир зымга байланган кийинекей лампочкалар) өчүп-күйүп бири-бирине кулпуруп атышат,ал эми бурчта күмүш жана ак шарлар менен көркөмдөлө кооздолгон чыныгы балаты турат.Жана да кудайга шүгүр,бул жерде аягы жок жаңыжылдык гимндерди айландыра бербейт экен.
Стюарт мага бир бокал вино буюртма кылды,мен жумшак келген олтура турган жери полго тиер тийбес болуп калган диванга олтурдум да отко колумду тостум.Жок,азырынча оттон эч кандай тап урбай атты.
-Сен мынча купкуусуң,-дедим мен,Стюартты караганча.-Канча уктадың?
-Эгер ачыгын айтсам,бир аз.Эч нерсе эмес,мен бул нерсеге көнүп калгам.Жумуштан кеч кайтканымда, менде көбүнчөсү укташ кыйынга турат.
Мен винодон бир жутум жуттум-акыркы үч жыл ичиндеги биринчисин. Мага эмне болуп жатат? Чындап эле мен араң эле тааныган эркек менен барда вино ичип олтурамынбы? Жада калса ишениш кыйын.
-А мен терең дем алуумду машыктырып жатам,-деп мактана өттүм.-Сенин методикаң боюнча.
Стюарт алдыга эңкейди да столго "Гиннес" деген пивосу бар стаканын койду.
-Бул сөздү угуу мага жагымдуу болду! Куттуктайм. Бир гана эсиңе түйүп кой,жарым жолдон токтоп калганга болбойт.Сен бул нерсе өзүңдүн кадимки эле дем алууңа айлангыча приктика кыла беришиң керек.Сен эч кандай "без напряга" автоматтык түрдө ушинтип дем алууга өтө алышың үчүн.
Мен башымды ийкедим:
-Оба,мен "напрягаться" эткенге ушунчалык көнүп калган экенмин,жанды жай алдыруу мен үчүн эң эле оор жумушка айланып калыптыр.Бирок мага бул нерсе менен алек болуу абдан жагып атат.
Стюарт өзүнүн бокалын көтөрдү:
-Анда эмесе кел өзгөрүүлөрдүн башталышы үчүн ичебиз.
Биз ичтик да унчукпай калдык.
Мен дароо эле дээрлик мас боло түштүм,жада калса көздөрүм тумандай баштады.
-Баса, жанакы акмак сага эми тийишпей калдыбы?-деп сурады Стюарт.
Мен башымды чайкадым:
-Бактыга жараша,мен аны ошондон бери көрө элекмин.Билбейм акыры бир күн ага жолукканымды эмне деп айтаарымды, бул тууралуу керек болсо ойлонгум да келбейт.-Унчукпай калдым.-Стюарт, мен сага ошол түн үчүн дале ыраазычылыгымды айта элекмин го.Сен өзүңдү чыныгы достой туттуң.Эгер сен болбогондо, мен,балким,дале дарактарга жашырынып коркуудан ыктытып жана калтырап жүргөн болсом керек эле.Ал эми азыр менде акыры бул дүйнөдө баары эле жаман эмес экендигине ишеним пайда болуп баштады.
Ал күлдү:
-Оба сага.Чын-чынына келгенде мына мен сага ыраазычылык билдиришим керек.
-Кызык, эмне үчүн?
Стюарт үшкүрүнүп алды да мени ойлуу карап калды,кудум мага айта берсе болобу деп чечим чыгарып жаткандай.
-Билесиңби,мен бул жакка көчүп келгенимде мен жакшы абалда эмес элем,жүрөктү мышыктар аймап жаткан болчу.Мен көчүп кетүүнү каалаган эмесмин,бирок мажбур болдум,ушундай болуп калды.А анан мага ушул үй негедир өзүмдүн үйүмдөй сезиле баштагансыдыбы же кандай... Оюмча,бул нерсе бул жерде сен жашагандыгыңдан болсо керек.
-Мен? Эмнеге?
Ал эки далысын кысып койду жана бир аз кызара түштү.
-Билбейм. .. жөн гана... мен сени менен жолугушчу ар бир учурду күтөм.
Ал кысылууну жашыруу үчүн кыска гана каткырып койду,анан эле мен капыстан эмнеге ал кекечтене жана кызара бергенинин себебин түшүндүм,жана мен өзүм да кулагыма чейин кызарып кеттим.Чындап эле мен ага жагамынбы? Балким,керек болсо мени ал сүйүп калгандыр? Жана ал сылыктык менен четин чыгарып (намекает) атат,чочутуп алуудан коркот.Ал мени таптакыр билбей турганын айткым келди,анан эле бул нерсе жалган экенин шарт эле эстей койдум.Менин шылдыңдуу сырларымды билген адам жалгыз ушул Стюарт да.
Кайсыдыр бир жактан мен өзүмдүн ничке,коркок үнүмдү уктум:
-Сен.. . Сени менен мен коркпойм.
Корккондугумдан мен дээрлик бир бокал винону ичип жибердим,зато бир аз жаным жай ала түштү.Стюарт менин көздөрүмө тиктеди,мен дагы көзүмдү тартып алган жокмун.
Эшик ачылып жабылды,жана барга ызы-чуу компания кирип келишти.Биздин үндөбөй тиктешип калганыбызды бузган официант бокалдарды алып кеткени жаныбызга келди
-Дагы вино ичесиңби?-деп сурады,эми гана ойгонгондой болгон Стюарт.
-Кел эми мен сени коноктойм! -мен турууга аракет кылдым,бирок колдон келбеди.
-Эмне? Жок,эч качан!-Стюарт атып турду да официантты кууп жетиш үчүн жөнөп кетти,а мен ыраазы боло кайрадан жумшак диванга жөлөндүм.
-Бул жер бош элеби?-Жаш аял тушумдагы диванды көргөздү.
Анын артында сергек келген кубарган аял турду.Экөө тең белектер салынган бир нече пакеттер менен экен.
-Бош эле!-Мен тушумдагы дивандан Стюарттын курткасын алдым да,Стюарттын жытын бир жыттап алуу каалоом менен күрөшкөнчө, өзүм олтурган дивандын жөлүнчү жагына жайгаштырдым, -жада калса өзүмдүн да күлкүм келип кетти.
Кудай ай,мен качан мынчалык мас болуп калууга жетишип ийдим? Мага бир аз эле керекпи.Мейли, дагы бир бокалдан кийин мен,жакшысы, токтотом.Болот ошо!
Стюарт кайтып келди,тиги эки аялга нааразы болгон көз карашын ыргытты-алар бул учурда Джульеттен кетип калган кайсыдыр бир шүмшүк Френк жөнүндө өтө кызуу талкуу кылып жатышкан эле,-анан менин жаныма олтурду.
Диван энсиз болгондуктан Стюарттын саны менин саныма тийип калды.Мен өз ичимде түйүлө түштүм,мына болду,азыр мени паника оройт,бирок, жада калса ыңгайсыздык сезими да жаралган жок.Анын бутунан кандайдыр бир жагымдуу,үйдөгүдөй жылуулук чыгып атты.Мына сага Кэти,муну сенден күтпөдүм эле:бар ичинде элдердин көзүнчө кызыктуу эркек менен жанаша,дээрлик кучакташа олтурасың,жана винодон урдуруп атасың! А мүмкүн,бул жашоонун ырахаты дале түгөнө элекдир.
-Сен канттиң?-деп сурады Стюарт.
"Эмне "канттиң" ?"-деп сурагым келди,бирок мен ойлоп жаткан ойлор менен ал деле алек болуп жатканын билдим.Эгер ошол түндөгү Робин менен болгон окуядан соң Стюарттын паникамдан кийин мени тынчтандырганын эске албасак,анда ошондон бери менде бир да жолу эркек адам менен контакт боло элек болчу.
-Жакшымын,-дедим мен күбүрөнө жаркырап аткан жүзүмө мынчалык эле шадыраңдай бербөөсүнө буйрук берүүгө аракеттене. -Мен жөн гана ойлонуп көрдүм,эмнеге. .. Билбейм,бирок мен сенден такыр коркпойм.Бирок, негизи эле,мен баарынан корком дечи.Чекеден баарынан.Сенден башкалардан. А мен деген сени такыр билбейм го.
Стюарт жарымдап калган стаканындагы пивосун бир көтөрүм менен ичин бошотту да столго койду.
-Менден коркпогондугуңдан кубанычтамын. Менден коркпой эле кой.
Ал манжаларын менин манжаларыма кийгизди.Мен биздин чырмалышкан колдорубузга тиктей,таң калганча,эмнеге колдорум муздак бойдон,ал эми көкүрөк тушта жылуулук пайда болду го деп ойлоно көздөрүмдү ылдый түшүрдүм.Жана да мага тырнактары кыска алынган бул күчтүү чоң колдор жагып турду.Жүрөгүм капилеттен тез-тез согуп баштады,бирок корккондугумдан эмес.
-Менин билбегениң жөнүндө айтсам.Анда мындай.Мен сага бир нерсени айтышым керек.Алда качан эле айткым келген,жөн гана ыңгайлуу учур болбой жүрдү.
Мен биз ар жолукканыбызда жалаң гана менин проблемаларым жөнүндө талкуу кылабыз го деп айтайын дедим,бирок, бактыга жараша,жок дегенде ушул жерде унчукпай олтура алдым.
-Кыскача айтканда,бул жакка көчүп келгениме чейин,мен Ханна менен Хэм-стедде жашачумун.Келинчегим менин... Мен биз экөөбүз бактылуубуз деп ойлойт элем,ал эми ал,чамасы,мындай ойлобогон.
Ал менин колумду тиктей унчукпай калды.Мен анын манжаларын аз-маз кысып койдум:
-Эмне болду эле? Эмнеге ажырашып кеттиңер?
-Ал башка бирөө менен жашыруун жолугуп жүрүптүр.Жумушундагы бир жигит менен.Боюна да бүткөн-менденби же тигинисиненби- анан аборт кылган.Мен бул иштерден баары болуп бүткөндөн кийин гана кабардар болдум.Кыйын. .. болгон.
-Кандай гана ужас!-деп ийдим мен анын жүрөк оорусу менин колума агып өтүп жатканын сезип.
Ал бармагы менен менин алаканымды аяр сылап койду эле менин мойнумдан кумурскалар чуркап өттү.
-Мындайча айтканда,балким, сен азыр жаңы мамилелерге даяр эмессиң?-деп үнүмдү секин чыгарып сурадым мен суроонун түздүгүн жумшарта күлүмсүрөй.
"Сурай турган нерсени да сурадың да!-деп мен өзүмө-өзүм таң калдым.Кезектеги бокалдан кийин мен эмнелерди гана айтып жибереерим бир гана кудайга маалым... Бактыга жараша,Стюарт капа болгон жок жана мага жооп кыла жылмайып койду:
-Балким азырынча даяр эместирмин. -Ал кайрадан биздин чырмалышкан манжаларыбызга карады.-Чынында, сен дагы жаңы мамилелерге даяр эместигиңди кайсы бир туюмдар айтып атат.
Мен кайраттуу баш ийкедим.Ойлондум, дагы ойлондум анан акыры кыйынчылык менен сыртка чыгардым:
-Деги эле кайсыдыр бир күнү даяр болушума толук ишене албайм.
-Эмне,ушунчалык эле жаман нерсе болгонбу?-деп сурады ал.
Башымды ийкедим.Мен баардык чындыкты эч кимге айткан эмесмин.Ошондо менден полиция сурак алганда мен бир катар жооптор менен эле чектелгенмин- мен дээрлик сүйлөй да албай калган элем.Ал эми качан гана ооруканда жатканымда дагы болгон окуялардын майда-чүйдөсүнө чейин айткым келген эмес.Врачтар, тергөөчүлөр жана психиатрлар мени сүйлөтүүгө аракет кылышкан,бирок бара-бара аларга эмне керек экенин түшүнгөнмүн: менин оңолуп баратканымды түшүнүп анан мени жайыма коюуларын каалаган мен маалыматтарды бөлүк-бөлүк кылып бере баштагам.Ооруканадан чыккандан кийин мен психотерапевтен бир курстук лечениядан өтүшүм керек болчу,бирок баардыгы эмнегедир бул жөнүндө унутуп калышты.Андай болбогон күндө деле,мен баары бир бул психотерапевге барбайт болчумун:ал убакта мага эң башкысы-качуу, артка кылчайбай болушунча алыска качуу гана ойлор туурадай сезилген.
Мен азыр деле эч нерсе айткым келген эмес,бирок кокустан эле кудум менин атымдан башка бирөө айтып ийгендей эле оозумдан чыгып кетти:
-Мага кол салуу болгон.
Стюарт унчукпай калды:
-А аны табыштыбы?
Мен баш ийкедим:
-Оба.Ал азыр түрмөдө.Аны үч жылга камап коюшкан.
-Болгону үч жылгабы? Эмнегедир узакка эмес го.
Мен эки далымды кыстым:
-Үч жыл,отуз жыл... Кайсы маанинин айырмасы бар? Алар аны таптакыр таба албай да коюшмак.Эң болбоду дегенде,бул нерсе менин качып кетүүмө мүмкүнчүлүк берди.

#25 28 July 2015 - 19:59
Бейшемби,25-декабрь,
2003-жыл.
Рождество күндүн таңында мен жүзүмө күндүн нуру чагылышып жатканынан ойгондум.Ли жанымда жок болуп чыкты,бирок кухня жактан кострюль,сковородкалардын кагылышып жатканы угулду.Башым тим эле зыңылдатып ооруйт.Будилникти карадым-тогуз жарым.
Рождествонун күнүн сергек жана шаңдуу тосуп алуу үчүн болгон күч аракетимди жумшап турдум да кроватка олтурдум,бирок ошол замат онтоп алып кайрадан артка,жаздыкка куладым.
Качан гана кийинки жолкусунда көзүмдү ачканымда Ли жанымда олтуруп алып завтрак салынган подносту одеялдын үстүнө түздөп жайгаштырып аткан экен.
-Ойгонуу убагы келди,менин татынам,-деди ал.
Мен желкемдин ооруксунганына да көңүл бурбоого аракет кыла өөдө болдум.
-Ого! Тосты,сок жана шампанское! Сен эмне мени акыркы суткада аз ичти деп ойлоп жатасыңбы?
-Мүмкүн, көп болгондур,бирок мени менен эмес!-Ли джинсы шымы менен футболкасын нарыдан бери чече койду да мени бир колу менен кучактаганча жаныма жатты,а экинчи колу менен тостыдан (тосты-жука кесилип куурулган нан) бир кусок алды.-Майрамың менен!-деди ал.
Мен аны өптүм.Анан дагы бир жолу,бул жолкусунда подносту аңтарып ийе жаздадым.Анан соктон ичтим.
-Мен кечинде формада эмес элем,-деп айтты ал.
Мен аны таң калуу менен карадым:
-Формада эмес элем? Бирок эмнеге?
-Анткени мен кызганычтан өлүп кала жаздадым,-деп айтты ал бир калыптагы үн менен.-Сен шаар ичинде жалгыз,тиги көйнөкчөн,менсиз ойноп жүрдүң... кечир,мен туура эмес кылдым.
Ортону тыныгуу ээледи.Ли тост чайнап атты,мен узара түшкөн бул жымжырттыкты буздум:
-А сен эмнеге кызыл көйнөккө мындай реакция кыласың?
-Баарына эмес,бир гана сеникине.А эгер тагыраак айтсам-сага кийилип турган кызыл көйнөккө.
-А мен сени кече кечинде шаардан көрдүм,-дедим мен.-Сен кайсыдыр бир эркектер менен талашып аттың. Ал үнсүз подносту кроваттын четине жылдырды,анан менин колумдан кармады.
-Сен эмне наркотик сатасыңбы?
-Эмнеге мага мындай суроолорду берип атасың,Кэтрин? Буларга жооп бере албашымды жакшы билесиң го.
-Жумушуң мени коркутуп атат,-деп күбүрөндүм мен.
-Мына ошон үчүн жумушум жөнүндө сүйлөшүүнүн керегеи жок.
-Бирок эгер сени жарадар кылышса,же катуу токмоктоп коюшса,мен бул тууралуу кантип билем? Сенин досторуң мага чалышабы?
-Мени жарадар кылышпайт.
-Эми кокустук болуп кетсечи?
-Эч кандай "кокустук" болуп кетпейт.-Ал менин колумдагы бош стаканды алды,тумбочканын үстүнө койду,далымдан кармады да кайрадан төшөккө жаткызды.
-Ох,Ли,менин башым жарылайын деп атат!
-Эч нерсе эмес,бул нерсеге менде эң сонун дары сакталуу.
Албетте, дары жардам кыла албады,бирок биз аны колдонуп көргөнүбүзгө мен кубанычта элем.
Ишемби,22-декабрь, 2007-жыл.
Мен анын колун кое бердим да бокалдагы винодон ичтим.Муздак ак вино-мен муну дайым жактырчумун, бирок азыр,ичимдиктин ашып кеткендигиненби же ыңгайсыздыктанбы ичим ооруп баштады.
-Чагымда, мен эми эле мас болуп калдым,-деп мойнума алдым жылмая.
Стюарт баа коюучу көз караш менен тиктеп калды.
-Чындап эле,сен бир аз кызара түштүң.
-Балким, үйгө кетсекпи?-Капыстан эле менин барда олтургум келбей кетти.Болгону эки бокал вино-эми батпайт.А качандыр бир кездери мен дээрлик түнү менен ойноп жүрө берчүмүн,а эрте менен бадырыңдай сергек ойгончумун.
Биз таза абага чыктык,жана мен буттарымдын титиреп атканын байкадым.
Стюарт мени далымдан кучактады:
-Чыда,кемпир! Өзүң жете аласыңбы?
Анын кучактоосунан мен аз-маз жыйрыла түштүм,бирок оюмча ал сезбеди.Акылым жана жүрөгүм менен каалап аттым... аны каалап аттым... бирок денем анын жакындоосуна каршылык көрсөтө берди.
-Мен сен мурда эле айткандай башка адамдар менен сүйлөшүп көрүү тууралуу ой калчап көрдүм.Эгер мен дарыланууга барсам... өзүмдүн синдромумдан кутулуума жардам берет деп ойлогом.
-Чындап элеби?
-Оба.Бирок азыр мага башка бардык расслабляющий практикаларга караганда,мисалы сени менен сүйлөшүү стрессти бир топ жакшы таркатат деп ойлоп калдым.
-Бул эмне,менин дарегиме айтылган татаалдаштырып өрүлгөн ушундай бир комплиментпи? -күлдү Стюарт.
Мен дагы күлдүм:
-Аха.Билесиңби, мен азыркыдай эч качан болбогом.-Менин тиштерим сууктан бир аз калтырап атты.
Биз Толбот-стрит жакка бурулдук.
-Койсоң?-күлгөнчө сурады Стюарт.-Башкача айтканда кээде соо дагы болуп калат белең?
Мен тамашалай Стюартты капталына чыканак менен нукуп койдум,бирок кайрадан бат эле анын колун мүрүмө ашырдым.
-Жок сен таппадың.Мурда мен бар аралап түнү менен жүрө берчү элем.Ар түнү,эгер убакыт болуп калса.Аябай иччүмүн.Үйдө дээрлик болбойт элем.Жалпылап айтканда-" дура полная".
-Эмнеге шарт эле "дура"?
-Эми,мен ушундай бир тобокелчиликтерге барганмын да! Элестет,мен кээде ушундай бир эстен тана ичип алчу элем,кийин андан ары эмне болгонун такыр эстей албачумун... Кыскасы,мен таааныбаган эле бир жигиттин үйүндө калып кала берет элем,түшүнүп атасыңбы? Же өз үйүмө жаңы эле таанышкан бир эркекти ээрчитип келчүмүн.Азыр, ошол күндөрдү эстегенимде, ошондо мага эч нерсе болбогонуна айраң таң калып кетем.
-Мен дагы ошондо эч нерсе болбогонуна кубанычтамын.
-Ха! Балким,ошол кездери сен мени менен танышуудан алыс качсаң керек эле ээ?-деп ойноктой сурадым мен.
Стюарт эки далысын кысып койду:
-Мен негизи эле сени менен тааныша алганыма кубанычтамын.
"Шайтан алгыр,мынчалык эле чексиз сүйкүмдүү боло бербесеңчи. Мен бул нерсеге татыктуу эмесмин!"
-Бул менен эле бүтүп калбаган,-дедим мен.-Мени эки жолу күч менен госпитализовать этишкен.Кыскасы, эки жолу психушкага алып барышкан,түшүнүп атасыңбы? Билип ал дегеним.
-Сага кол салуу болгондон кийинби?
-Биринчи жолкусунда ошондон кийин.Мени ооруканадан качан гана,тиги... э-э-э... травмалар жайына келгенде чыгарышты,-ал убакта аларга менин башымда эмнелер болуп жатканы өтө деле кызыктырган эмес деп ойлойм.Бирок мен... анда өзүмдүн да үстү башымды карай алчу эмесмин,көп нерсени кыла алчу эмесмин.Кыскасы, бир жолу аптеканын ичинде менде "истерика" башталган,анан мени ак халатчан адамдар алып кетишкен болчу.
-Фельдшерлер болсо керек.Психиатрическая неотложка.Кээде аларга полицейскийлер жардам беришет.
-А анан бир жылдай убакыт жөн гана даарыланууда жүрдүм,иш сотко жеткиче.Анан сот иштери башталган убакта менде дагы "срыв" болгон,ооруканага дагы бир жолу жатып чыгууга туура келген.
-Бирок сага ал жактын жардамы тийди да туурабы?
Мен эки далымды кыстым:
-Мүмкүн.Эң эле болбоду дегенде,мен азыр жалгыз жашай алам.Мен узун жолду басып өттүм,өтө узун.Билип алышыңды каалап жатам.
Стюарт баш ийкеди:
-Оба,көрүнүп турат.Бирок бул эч кандай мааниге ээ эмес.
-Чындаппы?
-Чындап.
Биз үйгө жетип келдик.Стюарт сырткы эшикти озүнүн ключу менен ачты жана акырын,тынч мага айтты:
-Бир жолу текшер.Бир гана жолу.
Мен анын тарабына ачууланган көз караш ыргыттым-канча каалап жатсам,ошончо текшерем,бирок чынында эле бир жолкусу жетиштүү болду.Мунун себеби ал жанымда болгонунда.
Биз жогору көтөрүлүп келип менин квартирамдын тушуна токтодук.
-Рахмат, бүгүн мени менен айланып келүүгө макул болгонуңа,-деп айтты Стюарт.
А мен биздин ортобузда бири-бирибизге болгон тартылуу сезими өсүп баратканын сезгенче унчукпай аны карап калдым.
Мен биринчи кадамды ким кылаарын эстей деле албайм,бирок капыстан эле менин колдорум анын белинде,курткасынын ичинде пайда болуп калды,жана мен ага болгон күчүм менен,колдон келишинче бекем жабыштым.Ал оорубаган колу менен менин чачымдан сылады-кызыктай бир сезимдер болду,анан эле, күтүлбөгөн жерден менин чачтарым өтө эле кыска экендигин түшүндүм! Кудум мен бул мен эместей... Мен ал чачымдын тутамдары менен ойношу үчүн,манжаларынын ортосунан өткөзүп эрмектеши үчүн кайрадан мурдагыдай кылып өстүргүм келип кетти.
Ал билинер-билинбес дем алгандай болду,жана мен ушул учурда башымды көтөрдүм да аны өптүм.Ал башында катып калды,бирок бир секунддай гана.Менин желкемди аяр сылап жаткан кол жаагыма жылып келди,ал муздак колу менен жүзүмдү сылап атты.А анан менин өбүп кирди-кумарлуу, сугалактык менен,андан бир аз пивонун жыты чыгып турду.Менин тизелерим бүгүлдү,Стюарт белимден бекем кучактап алды.Өтө бекем,ооруган колуна да карабады.
Ушул учурда,мен истерикага түшүп паника кыла башташым керек болчу.Бирок мен бир гана нерсени каалап турдум:ал өзүнүн кучагында мени тубөлүккө кармап турушун.Ал менден бир аз артка алыстады,көздөрүм тигилди-чагымда менин канчалык мас экендигимди текшерди көрүнөт.Анан ал кайрадан менин эриндериме жабышканына караганда текшерүүнүн жыйынтыгы аны канааттандырды окшойт,бул жолкусунда бир күн ичинде эле өсүп кеткен сакал-муруту менен аймай дагы да кумарлуу өбүп жатты.
Акыры келип ал менден алыстады,жана мен каалабаган тейде колумду анын белинен тартып алдым-алар ал жакка кантип барып калды? Ал бир кадам артка жылды. "Айтып гана көр азыр "кечир мени" деп! Айтып гана көр!"
-Ичкери киришти каалайсыңбы? -деп айттым мен өзүмдүн эшигим жакты көргөзүп.
Мен андан анын кийимдерин жулуп алып төшөккө кулашты тилеп аттым.Ушул учурда анын кетип калбашына мен акы төлөгөнгө да даяр элем.Мен ырахатка,жакындыкка суусап турдум.
Бирок Стюарттын жүзүнөн ал өз каалоосун жыгуу аракетинде турганын көрдүм.Көздөрү менен мени жутуп ийчүдөй болуп,ал кыймылсыз турган,бирок капыстан эле башын чайкады.Анан мага жакындады да ысык жүзүмдөн өбүп жана шыбырай айтты:
-Эртеңкиге чейин!
Анан, эки тепкичтен аттап өтө жогору көтөрүлүп жөнөдү.Мен угуп турдум,кантип замоктун ачылганын,эшиктин жабылганын, анан баары тынчып калды,жана мен азыр кудум күндүз убак болгонсуп,жана жумуштан жаңы гана кайтып келгенге окшоп,ачылуу эшиктин жанында кала бердим.
Бирок менин башым шамалда жайылып турган жука кийим сымал айланып жаткан эле,жана жанымдын баардыгынча сийгим келип жатты.

#26 28 July 2015 - 20:11
Бейшемби,25-декабрь,
2003-жыл.
Менин мобилнигиме звонок келгенде биз Ли экөөбүз төшөктө ынтаа коюп "иш кылып" жаткан элек.Ли ритмден адашып кетпөөсү үчүн мен телефондун үнүн өчүрүүгө колум менен сыйпалап баштадым,бирок Ли кабагын чытты,жана анын эки далысы жыйрыла түшкөнүн сездим.
-Каргыш тийгир телефон!-деп чулдуруктады ал пешенесин колу менен сылай.
-Көңүл бурба,-деп шыбырадым мен,-токтобо, Ли!
Бирок ал ыкчам менден алыстады,анан эле,манжалары менен бир топ чачымды мыкчый кармап ушундай бир катуу тартып ийди эле мен оорудан чаңырып жибердим.Менин чаңырыгыма маани да бербей,Ли чачымдан кармаган боюнча мени көмкөрөмдөн жаткызды да артымдан кирип барды.Мен аны түртүп ийгенге аракет кылдым,бирок ал кайрадан күчтөнө менин башымды артка тартып жана ачууланганын мурдагыдан да катуу көбөйтө мага ээлик кылганын уланта берди.
Бир мүнөт өтүп,ыркырай, ал бүтүрдү да шарт эле кроваттан өөдө болду.Ванна тарапка жөнөдү,ал жактын эшигин ушунчалык катуу жапты эле жада калса терезелер титиреп кетти.
Мен кыйынчылык менен олтурдум,жаалдана согуп жаткан жүрөгүмдүн дүкүлдөгүн укканча абайлай башымды кармаладым. Бул эмнени түшүндүрөт? Эмне деген шумдук бул? Ли ваннадагы душту тамызды.
Телефон кайрадан чырылдады,бул жолкусунда жооп бердим.
-Кэтрин, жарыгым,Рождествоң менен куттуктайм! -деген кыргылданган Сильвиянын үнү угулду.
-Салам,кандайсың?
-Азырынча соомун.Сенчи?
-Араң эми он эки жарым болду го,-деп чайналдым мен саатты караганча,-Сен эмне,эми эле ичип атасыңбы?
-А сен кандай ойлодуң эле? Бир гана дагы деле төшөктөн тура элекмин деп айта көрбө!
-А эгер андай болсо,эмне экен?
-Эми билбесем,-деп күңкүлдөдү Сильвия,-бирок, эгер менин жанымда да Ли болгондо,мен деле турууга шашылбасам керек эле.
-Алып кете берсең болот аны,-деп күлдүм мен,-ал негедир эрте менентен баштап жинге тийип атат,өзүнчөлө "крутой самец" экендигин көрсөткүсү бар.
-Мен келип аны жакшы бир тилдеп коюшумду каалап жатасыңбы не?
-Жок,рахмат- деп күлдүм мен бул көрүнүштү элестете,-Сен туура айтасың,ага уйкусун кандырып алуу ашыкчалык кылбайт.А сен бүгүн эмне кылайын деп атасың?
-Билбейм азырынча.Апам тамак даярдашып коюшумду каалап жатат,а мен жаңы шмоткилеримди кийип алып кошуна барга кирип чыгууну каалап жатам.Баары ардайымкыдай эле.
Мен эски джинсы менен свитерди кийдим,жүн байпакты кийдим,анан ылдыйга жөнөдүм,кухняга. Ал жерде полный бардак өз бийлигин жүргүзүп атыптыр:рокавинага крошкалар төгүлгөн,кухонный столдун үстүндө колдонулган чайдын пакетчелери жатат.Радиодон чыгып жаткан рождественский гимнге кошула кыңылдап коюп мен уборканы баштадым.Ушул учурда джинсы шымчан,үстү жагы жылаңач,булчуңдарын ойноткон Ли жаныма келди.Ал артымдан шырп алдырбай басып келди да белимден кучактады,чочуганымдан секирип ийдим:
-Ли,сен эмне? Не болуп кетти сага деги?
-Мени сенин жаагы тынбаган телефонуң тажатты.Ким сага чалып жатат мынчалык эрте?
-Сильвия.
-Өзүм деле таап алсам болмок.
-Билесиңби, сен менин жанымды оорутуп ийдиң?-Анын колун чыгарбай туруп ага бет маңдай бурулдум.
-Кантип?
-Ушундай бир чачымдан булкуп тарттың,чагымда, жада калса бир ууч чачты жулуп алдың окшойт.
Ал бир башкача жылмайып койду да жаак этимден кармалап силкип-силкип койду:
-Кечир, жаным,бир-аз берилип кетиптирмин. А эмне,сага бул нерсени оройлук коштогон жакпайбы?
Мен бир саамга ойлонуп калдым:
-Баары бир жок,жакпайт. Эң болбоду дегенде,ушундай болгондо,бүгүнкүдөй.
Ли бир кадам артка жылды.
-Баардык эле аялдар аларды зордуктап салышын өтө жакшы көрүшөт,-деп айтты ал.-Ал эми тескерисин айтып жаткандар,жөн гана жалган сүйлөшөт.
-Ли!
Бирок ал жөн гана күлүп койду да гостиный жакка кетип калды.Мына сага.Мүмкүн, бул тамашадыр? Зордуктоо туурасында? Ал эми чындыгында ал мындай ойлобойт.Мен башымдын ачышып жаткан жерин кармаладым, манжаларды чачымды аралата өткөзүп алып,ал жактан тартып алган колумду айласы кеткен тейде тиктеп калдым-суу колумда бир нече узун-узун чачтардын үймөктөрү жабышып турду.Бир аз турдум да мусор салынуучу бачокко чачымды силкип-силкип алдым.
Жекшемби,23-декабрь, 2007-жыл.
Мына эми кайрадан жекшемби.Асманда- баштан аяк булут,бирок жамгыр жок,балким,чуркап келсе да болгудай.
Ал эми калган нерселер,кээ бирлери айтып калышкандай, бүтүндөй караңгы.
Стюарт мени лестничный площадкага таштап качып кетип калгандан кийин,өзүмдү кандай гана кеелесоо жандай туткандыгым мага аз-аздан жетти.Шарт эле жетпеди,эки бокал ак вино (болгону!) акыл-эсти түзүк эле тумандатып жибериптир, ошондуктан башында мен анын өбүүсүнүн даамын эриндеримден даамдап алып өзүнчө эйфорияда жүрдүм.
Бирок бүгүн,үтүрөйгөн, декабрь айынын туман каптаган таңын жалдырай тиктеген мага өзүмдүн мококтугумдун (собственной тупости) моюнга алышымдын ачуулугу үстүмө үйрүлүп түштү:мына сага,мени психушкага эки жолу алып барышкандыгын моюнга өзүм алдым! Сөйрүк! Мен аны өпкөнүмдө ал бечаранын катып калуусу анчалык деле таң калаарлык эмес,жана да менин бекем кучагымдан суурулуп чыгууга ашыкканы да,а анан... о позор үстүнөн позор! Үстү жакка жүгүрдү өзүнүн квартирасынын куткаруучу эшигинин артына менден жашырынууга.
Мен эмне жөнүндө ойлондум? Эмнем менен? Анык башым менен эмес...
"Недотраханная психапатка, сенден он метрдей алыс жерден да кутулбастыктын (безысходностью) жыты жыттанып турат,сенин бешенеңде жазылуу:" Жакындабагыла, бул бир аз тук-тук"! " Жада калса мага квартирамдын каргыш тийгир илгичтерин кырк жолу текшерип чыкмай сайын эшикке чыкканга болбойт.
"Деги эмнени кааладым-эркекти! Сен деген жөн гана "чокнутая" эмес "озабоченная" да турбайсыңбы! Биринчи эле жолуккан эркекке жок дегенде кыпындай эле кызыгуусу жаралса кучагына бой урган "сексуальная озабоченная психапатка! " Эң эле жаманы ошол биринчи эле жолуккан-психиатр менин башымда проблема бар экенин дароо эле билип койгон.
Кечээ кечинде,квартирага кирип келип,мен өзүмдү күзгудөн карадым.Жүзүм көз жаш менен жуулуп калыптыр,-чагымда, өзүм да муну аңдабай,анын өбүүсүнөн жаштап ийген окшойм,ал эми эки бетим жалын.Бирок мен азыр эле жанын сууруп алгыча өпкүлөп таштайын деген сулуу кыздай көрүнбөй эле,а кадимки "отвергнутая дура"га окшоп көрүндүм.
Оба,чын эле "отвергнутая" эмесминби? Бирок кечинде,болуп өткөн окуяга ушунчалык таң калган экенмин,квартирамды болгону бир жолу гана текшердим,анда да эптеп-септеп, плотформа үчүн.
Чын,уктап калуу тез эле колдон келбеди дечи.Түн бир оокумга чейин мен Стюарт экөөбүздүн мамилебизди анализдөө менен алек болдум.Боло элек мамилелерди. Мен ага жагым калганымдай чечим чыгаргыдай ал эмне деп айтты өзү? Мен канчалык көп эстеген сайын ошончолук менин кеңкелес экендигим калкып чыга берди.Ал деген олуттуу жаңы мамилелерге даяр эмес экендигин өзү моюнуна алды го.Ушинтип эле айтты,жана менин да даяр эмес экендигимди айтты.Андан сырткары жакында эле өзүнүн сүйгөнү менен эки ажырым жолго түшкөнү тууралуу да айтып өттү.Мага,ал мени көргөндө,чын жүрөктөн кубанып жатат деп туюлган болчу,бирок мындай эмес эле ал жалгыздыктан өтө тажап жүргөн экен.Анан ал бирөө-жарым менен сүйлөшүүнү каалаган.А бул жерде мен пайда болдум-"мамиле" тургай өзүн эптей албаган психапатка. Анан анын жаны жай ала түшөт,мен анын моюнуна минип алышыма көзү жетет.
Бечара, чагымда ал,кече кандай гана толкунданып кетти... Кандай гана келесоомун!
Түнкү саат үчтө мен чыдабай кеттим,одеялдын астынан суурулуп чыктым,а анан кухняга салпактап бардым да ысык чайды кош колдоп кармап он мүнөттөй сууктун айынан калтырап олтурдум.Качан гана калтыраганым бир аз басаңдаганда, мен бир аз дем алууну чечтим-зыяны тийбейт,ал эми укташ,чагымда, баары бир колдон келбейт.
Жалпысы, мен полго олтурдум да көзүмдү жумдум,бир гана бул жолкусунда Стюарт жөнүндө ойлонбоону чечтим.Балээниби! Канчалык мен озүмө ал жөнүндө ойлобоого тыюу салган сайын,ал ошончолук көгөрө менин ойлорума кире берди.Мен көзүмдү ачтым,жогору жактагы жымжыртыкка кулак төшөдүм.Кызык, азыр ал уктап атабы? Же ал дагы ойгоо жатабы,биздин кийинки жолугушуубузга жооп ойлоп тапканча:" Э-э-э-э,салам, мен... тиги... кечир,сени өпкөндүгүм үчүн,бирок,кудай алгыр,жакшысы мен кашымды кырып салам,бул нерсени дагы бир жолу кылгандан көрө.Жана да сенден сураныч,эми эч кандай кучакташмайды жок кылалычы.Көңүл бурганың үчүн ыраазычылык. Алдын-ала рахмат!"
Андан кийин мен өзүмө өзүм "разборка" уюштурууну чечтим.Мындайча айтканда,мээни тазалоого.
"Кэти, сен келесоосуң. Сен кантип ушул нерсеге жол бергенге чейин өзүңө болгон "контроль" ду жоготуп кое алдың! Өзүңө гана ишенишиң керек,кудум бул нерсени сен билбей жүргөндөйсүң! Сен өзүңдүн таракандарың менен өзүң күрөшүшүң керек,сен деген биринчи кадамдарды аткардың го.Сен өзүңдү бул саздан өзүң чачтан тартып сууруп чыгасың,түшүндүңбү? Бул сенин ишиң,башка эч кимдики эмес".
Өзүмдөн отчет алып алып мен дагы бир жолу демди түздөп алууну туура көрдүм.Кыскасы, кыйынчылык менен үч мүнөт олтура алдым,ошентсе да олтура алдым да.Анан элестетсеңиздер кандай гана тынчтана түшкөнүмдү, жада калса көшүп кеттим.
А бүгүн эрте менен ойгонгонумда, бир нече секунд гана анын ырахаттуу,аз- маз пиво жыттанган өбүүсүн жана назик эриндерин сезгенимди, күчтү колун жана булчуңдуу денени эстей алдым... Андан анык эле күч,ишеничтүүлүк аңкып жатты... Бирок ушул жерде калган нерселер эске түшүп кетти,жана мен өзүмө болгон жек көрүүмдөн кускум келип кете жаздады.
Эрте мененки сегизде мен өзүмдү төшөктөн турууга мажбурладым, чай ичтим,терезени карадым да чуркап келүүгө чечим чыгардым.Урганым барбы баарын! Мен спортивный костюмду,крассовкилерди кийип,ключту жоготуп албоо үчүн ички чөнтөккө байлап койдум,жана дагы бир жолу асманга карадым.У-у- у-у,булар чыныгы эле кара булуттар го! Мейли,баары бир чуркап келем.Жаанда калып суу болсом,-балким, акыл кошулаар.Баар бир бул жекшембиде мага эч кандай жакшы нерсе буюрбайт,бир кубандырган нерсе-чуркап келүү! Көчөдө суук экен жана шамал,түшүнүктүү болгондой,түптүз эле дал жузүмө согуп жатты,ошондуктан, качан гана мен парк жакка чуркап келгендимде эки бетим эч нерсени сезбей калды.Тездикте кошкон мен,биздин заманбап деловой квартал делинген Кэнэри-Уорф жактагы куполго эң сонун көрүнүш көрүнчү дөбөнү көздөй чуркоону өзүмдү мажбур кылдым.Түрмөктөлгөн кара булут куполдун дал үстүндө айланып калганын көргөн мен кайрадан артты көздөй сыздым.
Алгачкы оор муз тамчылыр мени парктан чыга бериште гана кууп жетишти.Жамгыр өтүп кеткиче кафенин чатырчасында корголонуп турсам болмок (кафе болсо али жабык болчу,жекшемби күн го акыры),бирок мен андан ары чуркай берүүнү чечтим.Парктын жанында жөндөн-жөн эле темселеп жүрө берүүнү жактыра бербейм,өзгөчө эки жакты түзүгүрөөк карай албай турган жана ким болсо да дабышсыз жакын келип алса боло турган мындай аба-ырайы маалында.Ошондуктан максималдуу тездик менен мен алдыны көздөй чуркап жөнөдүм.
Албетте, качан гана мен Толбот-стритке жакындап келгенде жамгыр дээрлик токтоп калды жана себелөөгө өтту.Бирок мен бүтүндөй суу болуп калганга үлгүрдүм,бир да курук жип калган жок,ошентсе да мен үшүгөн жокмун,беттерим шамалдын айынан жалындап күйүп турду.
Мен үйгө дал гана Стюарт үйдөн чыгып баратканда чуркап жетип келдим.Ал эшикти тыгыз эле жабылды бекен деп текшере,ручкасынан тарткылап жаткандыктан мени дароо эле байкабады,бирок мен баары бир үйдүн бурчуна жашырынып калууга үлгүрбөй калдым.
-Ой,салам! -деп ушундай бир таңкалган-бактылуу үнү менен ал сүйлөдү эле менин жада калса дем алуум токтоп калайын деди.
-Салам, -деп күбүрөндүм мен өпкөмдү басууга аракеттене. Тезирээк чуркап келиш керек болчу-ошондо мен үйгө эч кимге көрүнбөй кирип кете алсам керек эле!
-Мынакей, завтракка бир-ар нерсе сатып алып келүүнү чечтим.Сен эмне каалайсың?
-Мен кийимимди алмаштырууну каалайм.-Акылдуураак башка нерсени ойлоп таба алган жокмун.
-Ха-ха,бул нерсе чындап эле ашыкчалык кылбайт!-деди ал менин турган турпатыма көз жүгүртө.-Бар анда кийиминди алмаштыр,а анан меникине завтрак кылганы кел.Бекон менен жумурткага кандай карайсың?
-Эң сонун!-деп айттым мен.
Ал жылмайып койду да жолуна түштү.
-Стюарт! -деп кыйкырдым мен аны чакыра.
Ал токтоду:
-Эмне?
-Мен жөн гана... ыраазычылыгымды айтып коёюн дедим эле... кечээги күн үчүн... Тиги,сен,жанакы үчүн... Сен,менин... мага... отказ кылганың үчүн.Оба.Чагымда, вино башка катуу тепкен окшойт.
Ал каштарын тырыштырып койду:
-Кандайча- отказ кылдым? Мен сага отказ кылбадым.
-Түшүнбөдүм? -деп сурадым мен абдырай.
Стюарт жаныма басып келди,баягында түнү колумдан кармап мени тынчтандыргандай азыр да ошондой колумдан кармады:
-Мен жөн гана сенин алсыздыгыңдан колдонуп алгым келген жок,болгону ошо.
-А чынында... бул бир эле нерсени түшүндүрбөйбү?
-Такыр андай эмес,ишен.Мен сага эч качан отказ кылбайт болчумун.
Ал кайрадан жылмайды эле менин ичтеги жүрөгүм сайгалышып кетти-бул жолкусунда чуркап келгенимдин айынан эмес.
-Демек,бир нече мүнөттөн соң меникинде жолугушабыз, -деп айтты да,ал Хай-стрит тарапты көздөй кадам таштады,а мен шаштысы таптакыр кеткен адамдай колумду жүрөгүмдүн тушуна кыскан бойдон кала бердим.

#27 28 July 2015 - 20:24
Бейшемби,25-декабрь,
2003-жыл.
Биз эч бир үн-сөссүз кечки тамак үстүндө олтурдук.Эгер чынын айтсам,бул нерсе нервке катуу тийип атты.Ли кечки тамакты өзү даярдады:үндүктүн куурулган ломтиктери, бышкан картошка,подливка, жада калса кайсыдыр бир жерден клюкванын соусун таап чыгыптыр.Ал башына кагаздан жасалган майрамдык шляпасын кийди,жана тамактанып бүткүчө бокалына винодон куйганча менден көзүн албай олтурду.А мен өз ичимден ачуулана бердим.Негедир баары ойдогудай эмес.Жок,албетте, мен Рождествону ал менен чогуу тосуп алууну самагам,бирок азыр,ал бир ар жакка жылып кетсе,мен өтө деле капа болмок эмесмин.Мен аны капа кылбастан үйдөн кууп чыкканга ыңгайлуу себеп издей бердим.
Менин жиниме деги эмне тийди? Же,жанагы,бардык аялдар аларды зордуктап салышын жакшы көрүшөт деп камаарабастан айтканыбы? Мен бул сөздөрдү мээмден дагы бир сыйра өткөзүп көрдүм,бирок азыр ал сөздөр эч кандай ачуулантуу жана капа болуу сезимдерин козгошкон жок.Ким билет,мүмкүн ал бир жагынан туура айткандыр.Мени анын оройлугу кыжырымды келтирди,бирок башка кырдаалда мен,тескерисинче, дагы да күчтүүрөөк дүүлүкмөкмүн.
Жок,иш мында эмес.Жөн гана Линин менин жашоомдо өтө эле берилип кожоюндук кылып жаткандыгы бир аз жакпай турду.
Мисалы, бул:Мен спальныйга кийимди алмаштырганы жөнөдүм,ал эми кайрылып артка келгенимде, Ли белектерди кечки тамактан соң ачабыз,бир мүнөт да эрте ачпайбыз деп айтып мени кухняга киргизбей койду.Бир бокал шомпанскийди колума карматты да диванда күтүп олтурушума буйрук кылды.Айткылачы деги,эгер мен анын тамак даярдоосуна жардам берсем,мунун эмнеси жаман? Өз үйүңдө өзүңдү мейман катары сезүү өтө деле жагымдуу эмес да,туурабы?
Биротоло ачууланып албай үчүн мен шампанскийден бир топ эле бастырып алган болчум,ошондуктан кечки тамакка чайпалып басып келдим.
-Аявай ширин болуптур,-деп айттым мен жөн гана бул жымжырттыкты бузуу үчүн.
Ли баш ийкеди:
-Сага жакканына кубанычтамын. -Ал менин бокалыма шампанский куйду.
-А эми белектерди ача берсе болобу?-деп сурадым мен столдон жаңы гана турганыбызда.
Мен ушунчалык көп ичип алган экен элем Ли мени гостинойго чейин жетелеп барууга мажбур болду.А мен ал жерде жинди эмече каткыра килемге олтура калып балатынын астында жаткан белектерди алдыма үйө баштадым.Ли жаныма олтурду.
-Чагымда,сага жардам бергенге туура келет окшойт?-деп сурады ал,мага түстүү кагаз менен оролуп,бантик менен кооздолгон төрт бурчтук каробканы сунуп жатып.
-Жок! -деп кесе жооп бердим мен,бир аз кыжырымды келтире оролгон кагазды ачып жатып.-Өзүм ачам,рахмат чоң!
Белектерди биз бир кыйлага чейин ачтык,анткени мен ошол эле учурда бир нече бокалды да бошотууга жетиштим.Мен аттарын өмүрүмдө бир да жолу укпаган ырчылардын аттары жазылуу эки диск,көз уялта жалтыраган браслет,кожалуу сумка жана менин атым жазылуу күмүш ручка белекке алдым.Ли шамдарды күйгүзүп ал да бокалдагы винодон ичип жатты,бирок менчелик тездикте эмес.Ал менден көйнөк,дагы бир кандайдыр кийим,одеколон после бритья жана жаңы уюлдук телефон алды.Ал алган белектерине өтө ыраазы болгондой туюлду... Туурасын айтсам,ичимдиктин серезный дозасынан менин оюм обьективдүү болбой калышы да мүмкүн эле.
Кезектеги каробканы ачкан мен ал жактан керемет ич кийим таптым жана,албетте, шарт эле кийип көрүүгө тыянак чыгардым.Ли менин чечинишиме жардам кылды,бирок, белгилүү болгондой,ич кийимге жете албадык-менин ак лампочкалуу жалгыз гана гирлянда жана бир нече эски оюнчуктар менен кооздолгон жупуну гана келген балатымдын жанындагы килемдин үстүндө жаткан бойдон кала бердик.
Линин бир калыпта түртүп жаткан кыймылынан мен көзүмдү жаптым,бөлмө айлан көчөк болуп айлануусун жана титирөөсүн токтотушу үчүн терең дем алууга аракет кылдым.Менин ушунчалык катуу кускум келгендиктен кармана албай калуудан корктуп аттым,жана моогу биздин килем үстүндөгү кыбыр-жыбырыбыз менин качандыр бир кездеги кокустан гана таанышып калган,мен сыяктуу эле мас бейтааныш эркектерди үйүмө ээрчитип келип,алар менен дал ушундай гостинойдо си*ишкенимди эсиме түшүрдү.Анан жагымсыз ой кайрадан жүрөгүмдү жайпап өттү:а негизи эле,ким бул адам? Ким болот мага? Мен аны сүйөмбү деги? А эгер аны сүйсөм,анда эмнеге мынчалык катуу ичиип алдым жана ал тезинен ишин бүтүрүп мени жайыма коюшун самап жатам? Жөн эле.Кроватка жатып уйкуну кандыра уктоону абдан каалап тургандыгымдан гана.Жалгыз. Бирок башында туалетке кирип болушунча кусуп алуу керек.
Ли менин акыбалым начар болуп жатканын сезсе керек эле,анткени капыстан эле токтоп калды жана жаагымдан сылады.Мен араң көзүмдү ачтым.Ал үстүмдө катып калды,а жүзүнүн туюнтмасы ой өткөргүс эле.Чачы тердегендиктен карара түшүптүр,шамдын бир калыптагы жарыгы анын жаактарына секирген көлөкөлөрдү берип жатты.
-Кэтрин,-деп шыбырады да унчукпай калды.
-Мм?
Мен азыр,ал мага жагып атабы,же дагы ушу сыяктуу суроолрду узатат деп ойлодум,жана эми эле өзүмдүн жылмаюуларымдын эң бактылуусун даярдап койдум-тезирээк эле ишин бүтсүнчү,жана мен орудман туруп,муздак суудан ичип,андан кийин тынч төшөгүмө кулап алсам,анан бөлмөнүн дубалдары андан ары мени айлана албай калышат...
-Сен мага турмушка чыгасыңбы,Кэтрин?
Муну мен эч кандай күткөн жок элем.Жана,албетте, алапайымды таппай калдым.
-А?
-Сен мага турмушка чыгасыңбы?
Бир неча саат өтүп мен өзүмдүн кеңкелестигимди каргаганча ошол моментти ойлонуп төшөктө оонап жаттым.Албетте мен,убакыттан утуш үчүн,жаркылдап, ахнуть этип,аны өбүп,үзгултүккө учураган процесске кайтарышым керек болчу.Бирок менин бактысыз мээм ичимдиктин айынан тумандап калган эле,ошон үчүн мен обу жок жылмайып койдум да... эч нерсе деп жооп бербедим.Ыңгайсыз унчукпай калуу узарып кетти.
Ли менден оолактады жана диванга жону менен жөлөнө олтуруп калды.
Мен дагы өөдө турдум да жанаша олтурдум.Көздөрүмдө кара тактар үлбүлдөп жанып турду.
-А ойлонуп алсам болобу?-деп бир аз кечигип сурап калдым мен.
Ли мени карады,анан- о ужас!-мен анын коздөрүнөн жаштарды көрдүм.Кудайым менин,караңгы тар көчөлөрдө кылмышкерлер менен да жаңжалдашууга туура келген ушул крутой мырза,чачымды жулган самец,-менин ага "оба" деп жооп бербей койгондугума ыйлап атат!
-Кудай, Ли,кереги жок,ыйлаба! -Мен анын сандарынан буттарымды ашыра үстүнө олтурдум агып жаткан жаштарды колдорум менен аарчый,нымдуу жүзүн өпкөнчө.-Сага эмне болду? Эмнеге? Түшүн,мен жөн гана өзүмдү жоготуп койдум,мындай суроону күткөн эмес элем.
Бирок мен өзүмдүн күнөөмдүн тереңдигин баалабаптырмын, анын мактанчаак жанын (самолюбие) канчалык катуу жаралантып койгондугумду түшүнбөптүрмүн. Мени түртүп коюп,ал жогору турду,үнсүз кийинди да эшикти көздөй жөнөдү.
-Мен эртеге жумушка барам,-деди ал коштошууга мени өбүп жатып.-Жакшы кал.Жакында көрүшөбүз.
-Токто! Кетпе.Сен ичип алдың го,сага рульга олтурганга болбойт!
-Эч нерсе эмес,такси кармайм,-деди ал эшикти жабып атып.
Анын тезирээк кетишин мен өзүм каалагандай болгон элем-бирок эми кире бериш жердин дал ортосунда ушундай бир эмне кыларын билбей калган адамдай жана бактысыз адамдай кала бердим,мени жалгыздык дароо ээлеп алды. "Өзүңдүн каалоолоруңдан этиятыраак бол,Кэтрин,- деп айттым мен өзүмө.-Этиятыраак бол!"

#28 28 July 2015 - 20:32
Болду,түгөндү.
Уландысын которгонум дагы көбөйүп калганда илип коем.
Акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин гана пайда боло баштайт....
#29 28 February 2017 - 05:21
<font size="3">
&
nbsp;
&
nbsp;</font><
font size="4">
...</font><br>
#30 28 February 2017 - 05:40
Жекшемби,23-
декабрь,2007-жыл
Душта жуунуп атканча мен кечээ эле лестницада өбүшкон адам менен бирге эрте мененки тамактанууга кандай кийинип баруумду ойлонуп атып эле 10 мүнөттөй убакыт короттум.Эшиктин жылчыгынан эми эле куурулган бекондун жыты буруксуп баштады… шилекейим агып кетти.
Кайра кайтып барып кайталап текшергим келип аткан жабышкаак каалоомду эптеп басып,беконду жакшысы ысык бойдон жеген жакшы экенин билгеним үчүн,мен эшикти бир эле жолу текшерген бойдон жогору көтөрүлүп бардым.Анын үстүнө Стюарттын жанында мен текшерүүлөр тууралуу унутуп,мээмди андан бир топ жагымдуу сезимдердин ээлешинен үмүт кылып алган элем.
Стюарт эшикти ачык бойдон калтырыптыр, бирок мен баарибир такылдаттым.
-Уруксатпы?
-Кире бер!-деп кыйкырды кухня тараптан.
Стюарттын квартирасы меникине караганда ар дайымкыдай жылуу жана жарык экен.Терезеден күндүн нурлары кирип турат (чуркап келгени чыгып калсам жамгыр атайылап бир гана мага жаайт окшойт!),гостиной’до жасалгаланган балаты туруптур.Стюарт керек болсо терезелерге гирлянды’ларлы илгенге жетишиптир. Жалпылап айтканда,анын квартирасы Рождество’го бүтүндөй даяр экен.Журналдар жаткан столик’те бир пачка жаңы чыккан гезиттер,ал эми кухнядагы столдо жаңы гана демделген чайы менен чайник,апельсинден жасалган джем‘дин ачылып турган банка’сы,жана бир нече бууланып турган тост’ор (тост-поджаренный ломтик хлеба) турат.
-Сен дал өз убагында келдиң да,-деди Стюарт.
Ал столдун үстүнө эки тарелка койду,мен болсо анын тушуна олтурдум да,мен каалаган түс чыккыча,сүттөн тамчылата,өзүмө чай куюп даярдадым,-бул дагы өзүнчө бир ритуал.
Эмнегедир менин жан-дүйном капыстан эле түгөнгүс,түшүндүрө алгыс бакытка толо түштү да жүзүмө жылмаюу уялады.Ушинтип тушма-туш олтуруп алып,экөөлөп тамактануу- чынында кандай гана жагымдуу.Эриндерим жылмаюудан ушунчалык кең ачылгандыктан, чайнап жеш да кыйын боло баштады.Мен көздөрүмдү көтөрдүм да менден көзүн албай карап турган Стюартты көрдүм.
-Бактылуу көрүнөсүң го,-деди ал кызыгуу менен.
-Өзүмдү абдан сонун сезип турам!-деген мен куурулган нандын,эттин жана бир аз саргайып шыбалып турган жумуртканын сарысынын даамына тамшана,бир кусок беконду оозума жөнөттүм.
Стюарт капыстан эле кызара түштү.А балким,кечээки окуяны эстеп кетти бекен?
Сөздү башка темага буруп ийүү үчүн оозум толо болсо да араң сүйлөдүм:
-Кандай гана сонун жасайсың! Бир колуң танылуу болсо да!
-Мен бул тууралуу эрте менен ойлонгон элем,-деди Стюарт.
-Эмне тууралуу?
-Гм.Баса,Рождество күнү эмне кылайын деп атасың?
Каткырдым:
-Мурунку жылы эмне кылсам,дагы деле ошону,-эч нерсе.Жиндиче болгон программаларды телевизордон көргөнчө үйдө камалып олтурам.
-Үйгө Ал досум келет,мейманга. Рождествону тосуп алууга анын да шериги жок экен.А мүмкүн,сен дагы кирээрсиң? Чогуу бирге олтурмакпыз. Бул сунушка кандай карайсың?
-А эмне,сен өзүң эч жакка кетпейсиңби? Бир туугандарына жолугуп келүүнү каалабайсыңбы не?
-Жок,каалабайм. Эжеме барып келсем болмок,бирок ал Абердине’де жашайт,эптүү алыс.А Ральфи иним болсо рюкзак’ты артына асынып алып дүйнө кыдырып жүрөт,ал менен да көрүшө албайм.Анын үстүнө мен эртең да иштейм.Дал ошол Рождество күнү да ишке чакырып алагды кылбаса болгону.
Мен дагы бир чашка чай сураганым уят эмеспи-и деп ойлонгончо чайымды ичип бүттүм.
-Бул жанагы сен мага айткан Ал’бы? «Навязчивый состояния» боюнча специалист? Ошо менен Рождество күндү өткөзгүң келтабы?
-Ооба,а эмне болуптур? Келесиңби дейм?
-Ойлонуп көрсөм болобу? Бирок рахмат! Чакырганың үчүн рахмат!
-Эч нерсе эмес.
Биз жеп бүттүк,жана идиштерди жыйнап болуп,чайды ичип түгөтүүнү гостиной’до улантууга жөнөдүк.Анан мен ковер’го «Санди таймс» журналын тегерете жайып алып,мага тааныш эмес элдердин башына түшкөн мүшкүлдөрү жана бактылуу учурлары тууралуу жазган эң кызыктуу статья’ларды тиктегенче олтурдум.
Стюарт болсо өзүнө «Телеграф» гезитин тандап алды да диванга олтурду.Анда- санда бирде жылмая,бирде таң кала,мага кээбир статья’лардан үзүндүлөрдү окуп берип атты.Анан менин бутум уктап калды,анан мен да,колума илешкен бир журналды алып алып диванга олтурдум.Ал журналда мен «синдром навязчивых состяний» жөнүндөгү статьяга кадалып калдым.Негизи эле,мен өзүм ооруган ооруу тууралуу окугум келчү эмес,бирок бул жолкусунда берилип кеттим.Статья эң сонун жазылыптыр. Көрсө,көптөгөн белгилуу адамдар ушул оору менен ооруйт экен жана көп учурда бул ооруу пайда болгон убакта элдер алардын бул кылыгын «жылдыз оорусу менен ооруду» деп,же болбосо публиканы атайы таң калтырыш үчүн жасады деп түшүнүп алышат экен.
Статья’ны Стяюартка көргөздүм;ал бери жыла,менин мүрүмдүн үстүнөн окуй баштады.Мени капыстан тер каптап кетти:а мүмкүн ал мени дагы өпкүсү келип кетсечи? Эс-акылды алкоголь тумандатпай турган учурда,менин денем муну кандай кабыл алат?
Бирок Стюарт ордунан шарт турду да кайрадан чай койгону кухня тарапты көздөй басты,а күн болсо кезектеги булуттарга жашынып алыптыр.
-Мага кете турган убак болду окшойт,-дедим мен.
Ал мени укпай калгандай туюлду.Бир нече мүнөттөн кийин чайник менен кайтып келди да чайникти этияттап журналдар жаткан столго койду.
-Албетте,бара бер,эгер кааласаң.А бирок мен сенин дагы бир аз олтура турушуңду каалагам.
-Чын элеби?
-Чын эле.А сен эмнеге кечке эле бул тууралуу сурай бересиң?-Ал жаныма диванга олтурду.-Сен эмне,мага ишене албайсыңбы?
-Эй,өзүңдү психиатрларга окшото бербечи,-дедим мен капа болгондой түр менен.
-Мен окшотуп эмне кылам? Мен ансыз деле психиатрмын.
-Кое турчу,а мен сени больничный’да деп ойлоп жаткам.
-А эмнеге тез эле жиниң келе түштү?
-А эмнеге сен капыстан эле мен сенин оорулуу адамың болгонсуп мага суроолорду бере баштадың?
Ал жылмаюусун жашырыш үчүн оозун алаканы менен жаба койду да ордунан туруп чай даярдап кирди.
-Оба,жиним келе түштү.Анткени сен менин эмнени ойлоп жатканымды алдын-ала билип ала аласың,а мына мен болсо, сенин башында эмне болуп жатканын такыр биле албайм,-дедим сөзүмдү улай.
Тан калычтуу,бирок ал куддум мен өзүмө жасагандай кылып,канча сүт кошуш керек болсо,дал ошондой кошуп чай даярдай алды.Ошон үчүн мен үйгө качып кетпей кайра калып калдым.
-Мен кечээ кечинде сени өптүм го,-деп ийдим мен капыстан эле жиним келе.Муну айтууга эмне түрткү болду экен,түшүнө албайм!
-Анан мен сездим:менин жашоомдо бир нерсе өзгөрдү.
Ал көкмөк көздөрү менен менден бир нерсени күткөндөй карап калды.
-Оба.
-Мен мындай өзгөрүүлөрдөн коркуп калгам.
-Түшүнүктүү.
-«Оба», «Түшүнүктүү»? Мындан башка айта турган сөзүн жокпу?
Ал эки далысын кысып койду,менин суроомо өтө деле маани бербегендей:
-Мен сени түшүнүп турам.Албетте, өзгөрүүлөр баарын эле коркутат.Бирок билсең,ар бир адам оз өмүрүндө ар кандай өзгөрүүлөрдү басып өтөт.Мына көрөсүң,сен дагы басып өтөсүң.
Мен таң калгандай столду тиктеп ойлонуп калдым.Биз эмнегедир башка эле нерсе жөнүндө сүйлөшүп кеттик.Эмнеге бир аз мурунку эле жагымдуу сезимдерден эч нерсе калбай калды? Эмнеге биз капыстан эле ушу… ушул жагымсыз темага өтүп кеттик? Кошмар.Менин ичимде чындап эле өзөн-өзү бузуучу,өзүн- өзү жок кылып талкалоочу кызыл кнопка бар.
-Билбейм,менден эмне каалап жатканыңды, -деп күбүрөндүм бактысыз үнүм менен.
Стюарт түптүз менин көздөрүмө карады,мен ушундан коркуп аткам-ал менин сезимдеримди дароо эле түшүнүп алат деп коркуп аткам,бирок ошол,мени тиктеген көк көздөр мени башкача таасирлентти. Ал мени кандай гана тиктеди…
-Кэти,-деди ал жайбаракат, -ал деген жөн гана өбүшүү болду да.
Эки бетим албууттанып кетти.
-Сен андай өбүшүүлөр эч нерсени билдирбейт дегиң келип атабы?
-Жок,мен бул нерсени айткым келген жок.
-Жана да эмне үчүн сага мындай татаал нерселер жонундо сүйлөшүү опоңой?-деп сурап ийдим мен шашылыш түрдө.
Ал жылмайып койду.
-Балким мунун себеби менин жашоомдо татаал сүйлөшүүлөр жөнөкөй адамдардыкына караганда көбүрөөк болгондондур.
Ойлоно түштүм.Бул пикир алмашуудан кандай пайда тапмак элем? Менин ар бир суроомо андан ишендирээрлик жооп чыга берет.Бул жолку биздин тиктешүү таймашыбызда мен эмес,Стюарт жеңди.Бул терең көк көздөрдөн көзүмдү албай тиктеп тура берсем ыйлап ийемби деп коркуп кеттим.Чайымды ичип бүттүм да,жиним келгендей столго коюп:
-Болду,мен кеттим.Тамак үчүн рахмат,өтө даамдуу болуптур,-дедим.
Стюарт мени эшигинин оозуна чейин узатып келди:
-Кирип тур.Сен үчүн ар дайым кубанычтамын.
Мен лестничной плошадкага атып чыктым. Албетте,ал туура айтат-ойлонсоң, жөнөкөй эле өбушүү! Ойлонсоң,жөнөкөй эле эрте мененки тамак,ойлонсоң, бокал вина! Терезелердин илгичтерин текшергенче, мен биздин сүйлөшкөн сөздөрүбүздү улам-улам ойлонуп жаттым.Кайсы жерде биздин пикирлер эки анжы боло баштаганын, жана биз бири-бирибизди түшүнүшүбүз татаалдаша баштаганын билгим келди.
Шаршемби,7- январь,2004-жыл.
-Салам,татына кыз!
-Шайтан алгыр! Ли,адамды инфаркт кылып кое жаздадың го!
Бирок ал мени укпастан дароо эле кучагына алып кирген болчу.Биз менин жумушумдун жанындагы анча жарык эмес парковка’да турган элек.Мен бул кечтен ташбака сыяктуу кыймыл менен үйгө араң жетүүдөн башка эч кандай жанга жагымдуу окуя күткөн эмес элем,ошон үчүн аны көрүп аябай сүйүндүм.
Ли мени узаак жана назик өптү.
-А сен бул жерде эмне кылып жүрөсуң?-деп сурадым.
-Мен эртерээк бошоп калдым,-деди ал. –Анан сага сюрприз кылайын дедим.Кел бир жерге кирип олтурабыз?
-А мүмкүн биз алгач үйгө кирип,мен кийимимди алмаштырып алаттырмын?
-Сен ансыз деле ажайып көрүнүп турасың.
-Жок,чындап эле.Ли,мен деген бир күн кечке иш кылдым,кийимдеримди алмаштырып алгым келип атат…
-Олтуруңуз! – Ал менин машинамдын жанында эле турган машинанын эшигин ачты.
-Сонун машина го,-дедим мен,ичкери кирип баратып. –А өзүңдүн машинаң каякта?
-А мен жумуштан эле түптүз келе бергем.Бул служебная машина.
-Аха,түшүндүм. А бул кайсы жумушуңдан эле?
Жооп берилген жок,мен да күткөн эмес элем.Ли ийнедей жалтырап кийинген: кара костюм,кара- боз көйнөк,бети башы таптаза кырылган жана жуулган.Кызык, ал чындап эле керээлден кечке жумушта болдубу же машыгуу залында күндү өткөздү бекен? Машинада эч кандай дисктер,эч кандай эски парковочных талондор,кээде лобовой айнектин астына калтырып коюучу сааттар,кыскасы эсте кала турган буюмдардан эч нерсе көрүнбөйт.
Ли ишенимдуу түрдө машинаны шаардан алыс айдап чыгып баратты.
-А биз кайда баратабыз?
-Буга чейин эч бара элек жерге.
Жолдон көзүн албай туруп Ли колун менин тиземдин үстүнө койду.Мен канчалык чарчаганыма карабай,ал мага тийип койсо эле менде каалоо дароо пайда болуп кетчү.Анын колу юбкамдын астын сылап атты,улам-улам жогору кыла,биротоло эки саным агарып көрүнүп калгыча сылады.Ал ушинтип эле токтоп калбайт деп ойлоп аткам,бирок ал кайрадан эле колун менин тиземдин үстүнө койду.Мен колумду анын колунун үстүнө койдум.
-Биз эртерээк барып калат окшойбуз,-деди ал капыстан эле мага бурулуп. –А мүмкүн,бир аз убакытка токтоп турсак кантет?
Албетте,кышкы пейзажга карап суктануу учун эмес дечи,бирок,кандай болгон убакта да,биринчи эле учураган далдоо жерге эле токтобой,ыңгайлуураак жер табууга анын чыдамы жетти.Бул жер жергиликтүү элдердин парк’ынын үстүндө жайгашкан дөбөнүн чокусу эле.Парк’тын өзү түнкү убакка жабык экен,бирок ворота’ны жабып коюуга күзөтчүлөр чыгынбаптыр, ошон үчүн биз эч кандай тоскоолдуксуз анын территориясына кирип бардык.Кичинекей бир токойду аралап отуп шаар жактан чыккан жарыктарды жана чеке белин эң сонун көргөзүп турган бир чокуга келдик.Парковка’да дагы бир машина туруптур,ичи бошго окшоду,кыскасы, коздөр алысты көрө албай калган күүгүмдө мен жакшы деле карай албадым.
Ли сиденияны артка чалкалатканына карабай машинанын ичи тардык кылды.Биз машинадан чыгып багажник жакка өттүк.Ли юбкамды белиме чейин көтөрүп салды,ал эми турсигимди бир булкуп жыртты да жерге ыргытып ийди.Көкүрөгүмдөн өпкүлөгөнчө ал ушунчалык жырткычча тездик менен кыймылдып жатты,а мен болсо кыйынчылык менен ага жетишип,бирде чачтарынан кармасам,бирде далысынан кармап, сууктун айынан жана дүүлүккөнүмдүн айынан титиреп аттым.Туфлимдин каблуктары жумшак жерге матырылып кирип-чыгып жатты.
-О жок,мен мындай кылбашым керек, - деп ийди ал бир убакта.Деп да ийбеди,жада калса оор үшкүрө айтты.
-Эмнеге жок?
Ли башын өөдө көтөрдү.Караңгылыкта мен анын жүзүндөгү көрүнүштү көрө алган жокмун,бир гана чачтары шамалга кыймылдап жатты.
-Түшүнсөң,мен сен жөнүндө тынымсыз ойлой берем, - деди ал. –Жумушта кечке ойлорум сен жөнүндө,сен менен жолугушуу учурдун мүнөттөрүнө чейин санай берем…
-Мунун эмнеси жаман? – деп шыбырадым мен,жүзүнөн өпкөнчө,кулагынын учтарынан аяр тиштей.
Ал башын чайкады:
-Бул туура эмес,түшүнүп атасыңбы? Сен менин жанымда болгонуңда мен жумуш тууралуу ойлонбойм,негизи ушундай болушу керек. А ал жакта… бул деген… туура эмес.Мен оюнду таза алып барам.
-Сенин айтайын дегениң,сен өз жумушуңдун көзүнө мени менен чөп салып атам дегениңби?
Ли каткырып ийди:
-Дал ошондой! Анан да сен өтө серьезная соперница’сың. – Ал мени көтөрүп турган жеринен жерге этияттап тушурду да,костюмун түздөгөнчө өзү менден бир нече кадам алыстады.Чөнтөгүнө колун салып бир түйүм болгон бир нерсе алып чыгып мага сунду. – Сулуу айым,менимче, бул сиздики.
Мен бул учурда машинанын ичине кирип жылынганы эшикти ача баштаган элем:
-Эй,токточу, бирок бул менин турсийим эмес го!
-Албетте жок! Мен жаңы сатып алдым,сага кереги тиет деп ойлогом.
-А меники гана?
Ли эки далысын кысып койду:
-Ушул жердин бир жеринде эле жатат.
-Ли,койсоңчу! Сенде фонарик барбы? Аны издеп табыш керек-мен корүнгөн жерге эле турсийимди таштап кете бергим келбейт.
-Менде фонарик жок. – Ал машинаны жүргүздү. – Кеттик,негедир менин курсагым ачып кетти.
Жарым саат өткөндөн кийин биз дарыянын боюнда жайгашкан эң сонун эски кафелердин биринде кызыл винодон жутуп коюп олтурдук.Мен шашпастан меню’ну окуп жаттым,а Ли болсо адаттагы жылмаюусу менен мени тиктеп олтурду.
Башында мен анын жүзүндөгү өзгөрүүлөрдү байкаган жокмун,жөн гана анын түйүлө (напрягся) баштаганын сездим.Жүзүндөгү жылмаюу бир убакта жоголо түштү.
Мен ага бир нерсе деп сүйлөдүм,бирок Ли мени укпаган сыяктуу,байкатпастан менин артымдагы бир нерсени же кимдир бирөөнү акмалап карап атты.Эмнени карап атты экен деп мен да артка кылчайдым.Эч кандай тан калаарлык нерсе жок,кадимки эле кафе,жылмая чайнанып аткан адамдар олтурат.
-Э энеңди! – деп үшкүрүнүп ийди Ли.
-Эмне болуп кетти?
-Кылчайба.Караба артыңды. – Анын үнү муздак чыкты.Бир нече көз ирмемден кийин эле ал ордунан турду. – Ушул жерде бол,түшүндүңбү? Эч жакка кетпе.Мен азыр тез эле келем.
Албетте,ал кай тарапка кетти экен деп мен дароо эле карадым.Шашпаган кадамы менен Ли туалет жакка жөнөдү.Деги эмне болуп кетти? Ал кимди көрүп калды? Тааныш аялдыбы? Анын айтканын уруп ойнобой мен артыма бурулдум,зал жакка,анын туалеттен чыгып келаткан учурун көргөнү.Мына, туалеттин эшиги ачылды,бирок ал жактан чоочун эле эки киши чыгып келишти.Биринчиси, кымбат костюм кийип алган,жонунда кичинекей рюкзак асынып турат.Ал эми анын жанындагы бир аз улуу көрүнгөнү кара кожа куртка жана джинсы кийип алган.Алар бир нерселерди сүйлөшүп атышты,күлүп атышты.Мен алар өзүлөрүнүнн олтурган столуна барышат деп ойлогом,бирок алар түз эле мен жакты көздөй басышты.Дароо кайра бурулдум да меню менен жузумду тосуп олтуруп калдым.
Бактыга жараша мен аларды кызыктарбадым- алар жөн гана кетүүгө камынып жатышыптыр. Эшикке жакын калганда алар бири-биринин колун кысышты да эки жака кетип калышты.Жанагы улуурак келгени,курткачаны, эшиктен нары чыкты да караңгы парковка жакка кирип кетти.
Ошол учурда туалеттин жанында телефондо бирөө менен сүйлөшүп аткан Ли пайда болду.Ал залды калп эле карап койгон адамдай болуп мен жакка басып келип,тушума эмес жанымдагы столго олтурду.
- Оба. Болуптур. Сыртта жолугабыз. – Ал телефондон сүйлөшүп бүттү да көкүрөк чөнтөгүнө салып койду.
-Ли,эмне болуп атат?
-Кечир, - деди ал. – Биз сыртка чыгып машинеде бир аз күтүп олтуруубузга туура келет.
-О Кудай! Эмнеге мынтишибиз керек?
-Мен бир адам менен жолугушушум керек.Бул жерде күткөнгө болбойт.
-Шылдындап атасыңбы? Биз али эчнерсе заказ кыла элекпиз!
Ал машинанын ключун столго койду да аны менин колум менен жапты.
-Оозунду жап,келесоо, тур да жоно машинага! Мен бир аздан соң барам!
Жиним келген бойдон талпаңдап машинага бардым да эшикти катуу жабып ичине кирип олтуруп калдым.Чындыгында, машинанын жанында эчким жок болчу,бекер эле жинденип аттым.Эми эмне кылышым керек? Бардачок’ту ачып ичин аңтара баштадым,кандайдыр бир илинчээк таба аламбы деген үмүт менен.Балээгеби! Бопбош!
Бир нече мүнөт өтүп кафенин эшиги ачылып Линин карааны көрүндү.Эки жагын карабай түптүз эле мен жакка басып келди.
Эшикти ачып менин көздөрүмө карады.Мен атайылап мурчуюп олтура бердим.
-Жийиркеничтүү жер экен, - деди ал маанайы жогору. – Кел башка жер издеп көрөбүз!
-Сен эмне,үстүмдөн күлүп атасыңбы?
Менин сөздөрүмдөн анын башы ооруп кеткенсип ал пешенесин кашып койду.
-Менин айтканымды кунт коюп ук, - деди ал акыры. – Бир-эки мүнөттөн кийин бул жерге машина келет.Мен балдар менен жолугам да эмне болгонун түшүндүрөм, эгер баары жакшы болсо,биз башка жерден тамактанууга бул жерден кете берсек болот.
-А эгер баары жакшы болбосочу?
-Анда мен досторго жардам берүүмө туура келет.А сен болсо башыңды болушунча ылдый кылып,деминди чыгарбай машинада олтурасын,бир сөз чыгарбайсың.
-А бул нерселерди эмне учун аткарышым керектигин түшүндүргүң келбей элеби?
-Качан гана баары бүткөндө түшүндүрөм. Сөз берем.
Ал мени өбүү учун эңкейди эле мен бетимди тосуп башымды башка жакка буруп кеттим.Бирок ал караңгыда менин эриндеримди баарибир тапты,колун блузкамдын ичине сойлотконду да унуткан жок.Жаныбызга машина келип токтоду,Ли шашып калды.
-Мейли анда, - деди ал. – Ушул жерден чыкпай олтур,макулбу? Сен мени түшүндүңбү?
Мен башымды ийкедим.Ал жаныбыздагы машинага жакын басып барды да ичине кирип олтурду.Канчадыр убак тынчып калды, анан эле машинанын эшиктери ачылды да ичинен торт адам чыкты.Ли мага кол булгалады,жана баары тең тамашалаша сүйлөшө бири-бирин түрткүлөшө кафе жакка басышты.Бул көрүнүш кадимки эле достор адаттагыдай бирткеден пиво ичүү үчүн гана кирип бараткандай эле көрүндү.
Машинанын ичи абдан суук эле.Мен моторду,же жок дегенде радиону күйгүзсөмбү деп ойлодум.Же үйгө кетип калсамбы? Ли болсо бул жерде достору менен озү бир жаңсыл кылып алсын.Тамактанбасак тамактанбай эле коелучу,бирок менин иттей курсагым ачкан болчу.Анан да,эмнеге мени келесоо деп урушат? Ойлоно баштадым,бул жерде эмне болгон болсо да,баары бүткөндө ага эмне дешимди,бирок ошол учурда кафенин эшиги кайрадан ачылды.
Анан башталды!
Алгач эмне болуп атканын жакшылап көргүм келип моюнумду создум,анан кафенин ичинде мен көргөн рюкзак асынып алган киши мен тарапка жүгүргөндө кайрадан сидения’га жабыштым.Анын артынан эле кара курткачан киши чуркап келатты.А анын артынан-Ли.Ли бир нерсе деп кыйкырды,анан эле эки аттап рюкзакчан кишиге жетти да жерге жыгытты.Менин коздөрүм пешенеме көтөрүлүп кете жаздады,качан гана Ли чөнтөгүн чукулап шнур’бу же жиппи иши кылса бир нерсе алып чыгып жыгыткан кишинин колун артына байлап баштаганда. Линин эки досу колу байланган кишини эки жагынан бекем кармап машина жакка алып келатканда гана мага жетти:Ли азыр эле рюкзакчан кишини колго түшүрдү (арестовал)!
Дүйшөмбү,24-декабрь, 2007-жыл.
Бүгүнкү күн негедир эч эле жакшы жагына ообой жатты.Менин жука,тайыз,араң эле жан сактап келе жаткан жан-дүйнөмдүн тең салмактуулугу бырчаланып чачырай берди.
Керээлден кечке мен биздин продукция сакталуучу жаны склад’ыбызга кабыл алынуучу жумушчуларды кандай кабыл алуунун стратегия’сын иштеп чыктым,ал склад’ты формацевтик компаниябыздын башкы офисинин жанындагы аянтчага жаңы эле куруп бүтүшкөн эле.Склад негизи апрель айында ачылыш керек болчу,бирок биз жумушчуларды дээрлик баарын кабыл алып койдук.Бир гана жүк түшүргүчтөр, жөнөкөй жумушчулар, диспетчерлер жана фармацевтер калган.Аларды жергиликтүү жашоочулардан түзмө-түз эле табабыз деп ойлогонбуз. Биз жарнамалык гезиттерге бир жарым айдай жарыя кылууну чечкенбиз-а эгер ушул убакытта жетишээрлик өз ишин мыкты билген специалист’ерди таба албасак,анда кадровые агентство’лорго кайрылууга туура келет.
Иштерди саат төрттөргө чейин бүтүрүп ийип,үйгө эртерээк жылып ийүүнү чечтим.Метро менен Кингстон-стрит’ке чейин бардым,бул жерден үйүмо чейин бир километрдей бар.Ардайымкыдай эле,двор’го кирип терезелердеги заневеска’лар туура эле илинип турганын текшерип,анан гана Толбот-стрит жак менен кирүү үчүн айланып өтүүчү жол менен жөнөдүм.Өткөн аптада мен озүмдү бир эле жол менен эки жолу келүүгө,жана текшерүүлөрдү эки эсе азайтууга мажбурлай алгам.Эми болсо эрте мененки текшерүүлөрдүн баарына болгону бир саатка жетпеген эле убакыт коротуп калдым – бул деген прогресс!
-Сырткы эшиктен кире бериште арт жактан Стюарт чакырып калды.Ал буту-бутуна тийбей Толбот-стрит менен жүгүрүп келатыптыр.
-О,сен бугун эрте бошопсун го, - дедим мен ал жакын келгенде.
-Ооба дегин,сонун да,туурабы? Кандайсың анан?
-Жакшы,рахмат.
«Эшикти текшерип алуум үчүн аны кантип жылуу-жумшак узатып ийсем экен?»
-Ии анан – уйго киресиңби чай ичкени?
-Эмне,азырбы?
-Бирок мен… неме кылайын деген...
-Жүр-жүр!
Улам-улам чыдамы түгөнүп аткансып буту менен полду ургулап атып,ал эшикти бир жолу гана текшерттирди.
-Сага кат келиптир, - деди Стюарт почтадан келген каттар жаткан столдун үстүндөгү катты байкай коюп.
Мен кыжырым кайнап кеткендиктен тиштенип жибердим.Эгер ал оозун жаппаса,мен бул жерде түнү менен калып кетем.
-Кое турчу мен бүтүп алайын,анан карайм.
Анан эле эми аяктайын деп калганда ошону эле күтүп тургандай миссис Маккензи’нин эшиги ачылып,ичинен жаркыраган халатчан жана кызгылт тапочка’чан миссис Маккензи чыга келди.
-Кэти,бул сенби?
-Жана мен, - деп ортого кыпчылды Стюарт.
-О,кандай сонун.Экөөңөр тең-бирге!
Ал мени адаттагы эле ардайым эшикти текшерип жатканда көрүп калып карачу көз карашы менен карап калды.
Бир нече көз ирмем биз баарыбыз бири-бирибизди унчукпай тиктеп тура бердик.
-А мейли анда,керээлден кечке суйлошуп олтурууга убакытым жок, - деди акыры миссис Маккензи. – Мынтип жүрө берсем эч нерсеге жетишпей калам.
Эшик жабылды,а биз Стюарт экөөбүз бири-бирибизди карап койдук.
-Ал сага да чыгып турабы? – деп шыбырады Стюарт.
Мен башымды ийкедим:
-Бир гана ага Рождество тууралу эч соз айтпа – ал аны такыр жактырбайт.
-Билем.Өткөн жумада айта койгонум учун сөз уккам. Мына сенин катың,карасаң. – Ал мага менин атым жазылып турган жөнөкөй эле бир ак конверт сунду. Кай жактан келгенинин дареги жазылган эмес,бир гана Сэм Холанд деген ысым,мобилдик номер,анан,менимче, офистин номери жазылуу.Анан: «Сураныч,болушунча тезирээк чалыңыз» деген сүйлөм турат.
Мен конвертти алаарым менен дароо эле текшерүүнү башынан баштоо керектигин сездим.
-Жок, Кэти, - деп секин айтты Стюарт. – Биз бул жерде түнү менен тура албайбыз.Эшик жабык,жана да сен муну эң жакшы билесиң.Андан көрө жүр,кирели үйгө.
-Бирок мен ушул бойдон калтырып кое албайм да!
- Калтыра аласың.Жүр кеттик.
- А сен каяка шашып атасың?
- Шашпай элемин.
Ал өзүнчө ушундай бир жайбаракат жана жинге тиерлик бейпил эле,аны көрүп жиним келип кетти:
- Мени уксаң,андан көрө сен өз жолуң менен кете берсеңчи,а мен бул жерди беймарал аягына чыгарып койсомчу?
- Жок ай,мен да сенин фобияң менен аралашкым келбейт.
Мен каткырып ийдим:
- Эмне-эмне?
- Кэти, алдыга кантип жылууну сен өзүң эң жакшы билесин.Мен сага жардам берүүгө даярмын,бирок мен сенин кайталана берчу ритуал’дарыңа аралашсам,же жада калса сени бүтүп алсын деп күтүп турсам да,сенде алдыга жылуу мотивация’сы пайда болбойт.
- Ой,муну карасаңар! Чертов психиатр!
- Оба,мен психиатрмын, ушуну айта берип эч эле чарчабадың да,бирок бүгүнкү жумушум аяктады,ошондуктан уйго кирип вино ичкенге укугум бар.Сени менен чогуу.Болду, жүр эми кеттик.
Акыр аягы мен ага багындым жана кире бериштеги эшиктен мени алып кетүүгө жол бердим.Стюарт мен кайра артка качып кетпешим үчүн лестницада мени алдына салып алды.Өзүмдүн квартирамдын эшигинин жанына келгенде мен сагынгандай ал жакты карап кадамымды секиндетип баштадым.Жок дегенде өзүмдүн квартирамдын эшигин текшерип алганга укугум бардыр!
- Кэти,бас дейм, - чыдамсыздык менен Стюарт үн катты, - Токтобой бас!
-Токтосоң,мен мыноогу адамга чалышым керек да… Мыноогу Сэм Холанд’га.. .
-Меникинен деле чала бересиң.
Мен ордумдан жылбай туруп калдым,Стюарт эки далымдан жумшак кучактады:
-Сен эрте менен кетип атканда баарын жакшылап текшерип чыккансың го.
Мен бир нерсе дейин деп оозумду ачтым,бирок ал бир нерсе деп сүйлөшүмө мүмкүнчүлүк берген жок:
-Жүр эми кеттик,макулбу?
Чарчагандай эки далымды кысып койдум да андан ары жөнөдүм.
Стюарттын үйү ар дайымкыдай эле меникине караганда жылуу жана жарык экен.Стюарт кухня тарапка басып кетти.Маанайы көтөрүңкү шкафчик’терди ачып-жабып атты.
- Сен чай ичесинби же винобу?
- Менимче,вино, - дедим мен.
Ал муздаткычтан бир бутылка вино алып чыкты,а мен болсо серванттан эки бокал алдым.
-Жанагы Сэм дегениңе азыр чалып койгунуң, - деп айтты Стюарт, - ананыраак унутуп калып жүрбө.
Мен гостиной’догу диванга олтурдум да катты кайрадан жакшылап карап чыктым.Өтө эле кеч кирип калган болчу,ошон учун мен мобилный номерге чалууну туура көрдүм.Көбүрөөк күтүпп калдым - он чакты гудок,андан аз эмес,акыр аягы аялдын үнү жооп берди.
-Полиция’нын кылмыштуулук боюнча бөлүмүнүн сержанты Сэм Холанд угуп жатат.
О Кудай,кылмыштуулук боюнча?
-Кутман кечиңиз менен.Менин атым Кэти Бейли.Сиз мага кат жөнөткөн экенсиз.
-Бир мүнөт,сураныч. – Сержант Холанд телефонду көкүрөгүнө такап алгансып кызыктай үндөр чыгып,арт жаккы планда бир нерселерди шагыратып издеп жаткансыды.
Менин жүрөгүм капыстан эле бат-бат согуп,тамагыма кусундунун жыты келди.
Полиция’нын менде эмне иши бар? Алардан жакшы соөз укпайсың.
-Оба,кечиресиз, сиздин тынчыңызды алганым үчүн,мисс Бейли.Сиздин атыңыз Кэти’би? Чалып койгонуңуз учун рахмат.
Кайрадан бир нерселерди издеп баштады.
-Мен Кэмден’деги полицейкий отделения’нын үй ичиндеги зордук-зомбулук бөлүмүндө иштейм.Бизге түрмөдө олтурган Ли Брайтман жөнүндө маалымат келди.
-Чындап элеби? – деген мен чыйылдап араң сүйлөдүм.Үнүм негедир кайдадыр жоголуп кетти.
-Жалпылап айтканда,алар бизге маалымат жонотпой деле коюшмак,бирок бул нерсени сиздин абалыңыз үчүн гана аткарышты.Кыскасы мистер Брайтман’ды түрмөдөн 27-декабрда бошотушат экен.
-Эмнеге мынча тез? – деп шыбырадым мен.
-Мөөнөтүнөн мурда бошотуу,жакшы жүрүм-туруму үчүн болгондур да.Ал жашай турган дарекке Ланкастер’деги дарегин көргөзүптүр, ошон үчүн көчөдө кездешип калуудан коркпой эле койсоңуз болот.Ланкастерде иштеген коллегалар сизге муну айтып коюшумду суранышты.
-Ал эмне… менин кайда экенимди билеби?
-Билбесе керек,эгер сиз өзүңүз эле ага айтып койбосоңуз. Биз го айтпашыбызды анык билем.Анан да,шаардан чыгуу анын оюна келет деп ойлобойм.Кэти, ошондуктан эч кабатыр болбой тынч жүрө берсеңиз болот.А эгер сиз өмүрүңүзгө залака келтире турган бир нерсени байкасаңыз, ушул номерге чала бериңиз,эч тартынбаңыз. Макулбу?
-Рахмат, - деп оор үшкүрүнүп айттым да трубканы койдум.
Паника мени цунами’дей кылып тумчуктуруп баратты,жада калса дем тартып алууга үлгүрө албадым.Кандайдыр бир алыс жерден менин кулагыма,ничке, кызыктай,адамдын үнүнө окшобогон үн угулуп жатты – ойлоп аттым,демим түгөнгүчө ким эле мынтип кыйкырып атат,деп.Турууга аракет кылдым да,кайрадан дивандын бурчуна тырышкан бойдон жабышып калдым.Жоголуп кетким келди.Таптакыр. Эч кимге көрүнбөй.
Ушундай учурлар чынында коркунучтуу. Коркунуч ушундай бир күч менен ороп алат,жада калса ага каршылык көрсөтүү да пайдасыз болуп калат.Жашоонун өзү кереги жоктой сезилип кетет.
Көздөрүмдө кочкул кызыл,кудум кан сыяктуу булуттар учуп жүрдү.Кээде алар түссүз болуп кетип атты,мына ошол учурда тушумда турган Стюартты коруп жаттым,анын эриндери кыймылдап,бир нерселерди айтып атты.Мен эки далымдан кармаган анын колдорун сезип турдум,жана алы-ыстан чыккан анын: «дем ал…» деген үндөрү угулуп жатты.Бирок бир нече секунд өтүп паника’нын экинчи стадия’сы ороп баштады,жана токтото алгыс кусунду алкымыма чыгып келди- Стюартты түртүп ийгенге араң үлгүрдүм.Ал мусор салынган челекти кое коюп,менин ичим аңтар-көңтөр болуп жаткан убакта башымдан кармап турду.
Анан мен:үзүк-узүк, кыска,кырылдаган үндөрдү уктум – мен эмне ушундай дем алып жатамынбы? Тамагым абаны өткөзбөй буулуп,манжаларым эч нерсени сезбей чымырап,анан эле бөлмө айлан-көчөк болуп,көз алдымда нары-бери айланып баштады да,бир маалда эле боз ковер өтө тездик менен менин бетиме учуп келип бир тийди.
Шаршемби,7- январь,2004-жыл
Жол бою Ли унчуккан жок.
Ал машинаны бир гана Проспект-стрит’ден бир пакет куурулган картошка сатып алыш үчүн гана токтотту.Эми ал пакет столдо жатты,жана,менин табитим толугу менен жоголгонуна карабай,ачкалыктан башын айланып атты.Биз жарыкты күйгүзбөстөн диванда олтурдук.Ли озү биринчи олтуруп, мени тизесине олтургузду. Мен жаш балага окшоп таарына,мурчуюп алып тескери карап олтуруп алдым.Ал мени эмне менен таарынтканын мен эми анык эстей да албайт болчум.
- Болуптур,кел сүйлөшөлү, - деди ал жумшак сүйлөп.Анын колдору менин белимден бекем кучактап турду,а жүзү болсо менин ылдый түшүрүлгөн чачтарыма такалып турду.
-Биз алда-качан эле бир сүйлөшүп алышыбыз керек болчу.
-Кошулам.Мен туура эмес кылдым.Жана бугүнкү болгон окуя учун кечирим сурайм.
-А ким ал? Жанагы рюкзакчан киши?
-Биз көптөн бери анын артынан акмалап жүргөнбүз.Мен акмалап жүргөм.Анын дал ошо кафеге жолугушуу уюштурушу менин оюма такыр келген эмес,билгенимде сени ал кафеге эч качан ээрчитип бармак эмесмин.
-Ошондо сен полицейский’сиңби?
Ли башын ийкеди.
- А сен эмнеге мурда эле мага айткан эмессиң?
Ли унчукпай калды,анан эле мен ээрий түштүм да аны аяп кеттим.Ал менин колдорум менен ойноп жаткан болчу,манжалары менен алаканымдан сылап,манжаларымдын учтарын алмак-салмак өбүп.
-Мен жөн гана мындай болот деп күтпөгөм, - деди ал акыры. –Менде мурун мындай нерселер болбогон.Мен эч кимди сүйбөгөм,түшүнүп атасыңбы?Албетте, менде да ар кандай сүйүү романдар болгон,бирок бири да кийин эстеп бир нерсе айта тургандай олуттуу болгон эмес.Баарын эле мындай эле айта берүү татаалыраак, түшүнүп атасыңбы? Меники жашыруун кызмат (секретная служба).Мен көбүнчө көзгө көрүнбөй жашыруун иш кылам,кээде коркунучтуу болот.Биздин иште жакшысы жалгыз жашап,бир гана өзүңө ишенген ынгайлуураак.
- Кудай ай,Ли,булардын баары өтө коркунучтуу го!
- Башкаларга чынында коркунучтуу көрүнө берет.Анын үстүнө мен алда качан эле мындай образдуу жашоого көнүп бүткөм.
- Демек,жанагында, биринчи жолу үйгө бут жериң кан болуп келгенде,ушул ишин менен алек болуп келген белең? А мен сени бироо менен мушташкан окшойт деп ойлогом.
-Дал ошондой болгон.Ошо куну бир аз кобүрөөк кыймылдоомо туура келген.Бирок татаал колго түшүрүүлөр өтө эле сейрек кездешет.Көбүнчө мен эки-уч саат бою машинада кызыктуураак бир нерсе күтүп олтуруп калам,же болбосо терезеси жок бөлмөлөрдө кылмышкерлер менен сүйлөшүп олтуруп калам,же ар кандай каттарга жооп жазып компютердин жанынан чыгалбай олтура берем. – Ли капыстан эле колун артына алып отуп жон жагынан бир нерсе издеп калды. – Мен эмненин үстүндө олтурам өзү? Кирпичтин үстүндөбү? Бул эмне?
- Бул менин блокнот’ум. – Биз киргенде эле мен аны сумка менен кошо диванга ыргытып ийген элем.Мен Ли’нин кучагынан бошондум да ордумдан турдум. – Барып картошканы жегенге тарелка алып келейинчи.Дагы бир-ар нерсе алып келишимди каалайсыңбы? А мумкун,ичкиң келип жаткандыр?
- Жок, - деген ун чыкты диван жактан.
Мен чайникти жандырдым.Мага жакшы бир чашка чай гана жетишпей турган эле!
-Ичин көргөнгө уруксатпы? – деп сурады Ли.
Бир нече мүнөт өтүп мен кухнядан чашкаларды көтөрүп киргенимде свет күйүп,Ли күндөлүгүмдү окуп олтуруптур.
-Сен эмне кылып атасың?
-Жөн гана кызыгуум артып кетти.Кимдер бул адамдар?
Блокноттун артындагы тунук конверттерде мен ондогон визиткаларды сактачумун.
-Булар конференцияда, чогулуштарда жана жолугушууларда таанышкан адамдар. – дедим мен. – Жакшысы,ал жакты чукулай бербечи.
-Эмне учун? – деп сурады ал,бирок күндөлүктү жапты да мага берди.
-Ли,сырлар бир гана сенде эле боло бербейт да.Мен деген персонал боюнча менеджер болуп иштейм - блокнотко мен жумушчулар жөнүндө ар кандай жашыруун маалыматтарды жазып турам.Ар кандай айтылган сөздөрдү,премия же ар кандай майда кылмыштар жонундо да жазам.Бул тууралуу эч ким билбеши керек.
Ли кең жайыла жылмайды:
-Болуптур, сен не десең ошо.Картошкабыз эмне болуптур,муздай элек бекен? Карышкырдай курсагым ачты.
Дүйшөмбү,24- декабрь,2007-жыл
Мен ковер’до жаткан бойдон өзүмө келдим,мурдума кусундунун жыты дароо келди,менин паника’м кайрадан башталды.Стюарт менин дем алуума жардам берүүгө аракет кылып,эки далымдан кучактап,жүзүмдөн сылап атты,бирок мунусунан жыйынтык анчейин чыга бербеди.Мен жада калса анын сөздөрүн уга да албадым.Бактыга жараша,акыры келип менин дем алуум өзүнө келди,ошондуктан кайрадан экинчи жолу эс учумду жоготуп жыгылып түшкөн жокмун.Чын,жок дегенде баарын унутуп бир аз эс алуума тим койсо туура болмокпу дейм…
Аз-аздан менин кулагым үндөрдү угуп баштады:
-Кэти,дагы,дем тарт,дем чыгар.Мени менен кошо дем ал.Кэти,татынам менин,дагы кайтала.Дем ал,тез жардамды чакыргым келбей турат.Бол,биздин өзүбуздүн эле колдон келет,мен билем.
Анын эмне жөнүндө сүйлөп жатканын,сүцлөгөн сөздөрүн уккуча канча убакыт өткөнүн билбейм.Стюарт мага таза кийим алып келип берди,өзүнүн жука шымы менен бир футболкасын. Мени ошол боюнча эле кете берүүмдү каалабады,мен деле ошол боюнча кете албасам керек эле.Ал мени ванна’нын ичине чейин жетелеп барды да,өзү чыгып кетти,мен эптеп чечинип,анын мен үчүн толтуруп койгон ваннадагы жылуу сууга түштүм.Ал ваннанын бир аз ачылып турган эшигинин жанына туруп алып тынымсыз мени менен сүйлөшүп жатты.А мен болсо солуктап,титирей, кыска-кыска дем тарта денемдеги шрамдардын качан,кантип пайда болгонун эстебөөгө аракет кыла,аларды карабоого тырыша денемдеги кусундулардын издерин жууп аттым.
Ал (Ли) кайрадан менин мээме атака койгонун сездим.Тагыраагы, штурм’га даярданып кирди.Эс-тутумумдун тереңинен ал менен болгон ар кандай коркунучтуу картиналар калкып чыга баштады.Мен оорунун ачуулугунун даамын жогото алган болчум,а эми… журокту тушуроорлук ар кандай элестер кайрадан мээмди ээлей баштады,мурдагыдай эле коркунучтуу жана тунук.
Флакон’дон гель сыгып алууга үстүн бастым,колум ушунчалык катуу титирегендиктен гель’дин жарымы эле сууга түшүп кетти,ошентсе да калган гель’ге эптеп денемди жууп,кусундунун жийиркенткен жытынан арылдым.Гель’дин тааныш жыты (Ананчы,Стюарттан чыккан жыт) негедир мени сооротуп жаткансыды, бир аз жеңилдей түштүм.Жүзүмдү, колдорумду,чачымды жуудум,самын аралаш суу менен оозумду чайкадым.Ошондон кийин гана Стюарттын дагы деле мени менен суйлошуп жатканы мээме жетти.
-Мен сени биринчи жолу качан көргөнүмдү эстеп турам.-Ал коридордун полунда олтуруптур, бир аз ачылып турган эшиктен мен анын сунулуп турган буттарын көрдүм. – Квартира таап берген агент түз эле подьездге кирип барды,а сен,менимче, дал ошол учурда сырткы эшиктин жабылганын текшерүүгө ой топтоп жаткан болсон керек эле.Анан,сен мени ушундай бир эчнерсени түшүналбаган ,жактырбаган көз карашың менен тиктедиң,мен жада калса шашып кеттим.
-Эсимде жок.Чын элеби? – Тиштерим бири-бири менен ушунчалык катуу кагышып жаткандыктан аран сүйлодүм.Бакырыктан үнүм буулуп калгансып тамагым аябай катуу ачышып атты.Мен эмне,бакырдымбы?
-Оба,кадимки азуулуу душманыңа карагандай тиктедиң.
-Эшиктин илгичи бекем илинбей калса керек эле да,болбосо сенин агент’иң кирип келе албайт болчу.
-Байкуш кыз! – Стюарт күлдү. – Мен пайда болуп эшикти бекем жаба баштаганга чейин сен кантип жашадың экен? Оо Кудай! – Аны үнү бир аз өзгөрдү,кыялдана сүйлөп жаткандай угулду. – Сен мени корккон,жана ошол эле учурда жинин келген көз карашың менен тиктедиң,мен деген сенин ритуал’дарыңдын аягына чыгарып коюшуңа тоскоол болуп атпаймбы.Мен ошондо эле ойлогом,эгер ааламда ажайып сулуу периштелер бар болгон болсо,сени ошолордун бириси деп.
Чымырап эчнерсени сезбей калган манжаларым менен ваннанын тешигиндеги сууну тосуп турган капкакты тартып кордум,чыкты, суунун кантип ылдый курулдап агып кирип атканын угуп тура бердим,-булкурулдаган дабышты мен көп жолу укчумун өзүмдүн кроватымда жатып алып.Ойлочумун: бул киши тунку саат учто ваннага түшүп эмне кылат? деп.
-Мен сулуу эмесмин, - дедим мен сол колумдагы жеңил,жана санымдын айланасындагы терең шрам’дарды тиктегенче. Өтө эле терең шрам’дардын издери дале толук сакайбай кызарып тургандыктан кээде кычышып жана бир аз оорутат болчу.
-Сөзүңө кошула албайм.Эмне болду,даярсынбы?
Ваннанын ичинен полго түштүм да илинип турган чоң чачыкка орондум,ал бир аз ным боюнча экен,эрте менен Стюарт аарчынса керек да.Шылкыйып алым куруп ваннанын кырына олтурдум.Куч такыр калбады,жада калса ушу аарчынып да алганга.Жана да кечке эле оз денеме колдорумду тийгизгим келе берген жок.
-Мен чай коюп коеюн.Жалгыз олтуруп турасыңбы? – деп сурады Стюарт.Ал бир топ эле секин жана жаай сүйлөгөнү менен деле мен коркуудан дирт этип кеттим. – Кийимдериңди берип кой,мен аларды кир жуугуч машинага салып коем.
-Макул, - каргылданган үнүм менен шыбырап жооп узаттым.
Чагымда мен тамагымды дагы оорутуп алдым,кудум жанагында полиция менден да сурак алгысы келген күндөгүдөй кылып.Жок,анда менин үнүм такыр чыкпай калган болчу.Себеби мен үч күн бою токтобостон кыйкыргам.Алар менин үнүм өз калыбына келгиче күтүүгө мажбур болушкан эле.А бул аралыкта,түшүнүктүү иш да, ал (Ли жонундо айтып атат) алар менен маек куруп алууга үлгүргөн.
Мен жука шым менен футболка кийдим.Шым чак келбегендиктен ылдый түшө берди эле колдорум менен кармап алдым.Баарынан да колдорум ачык калып кеткени үчүн өзүмдү ушунчалык ынгайсыз сездим.Шрам’дар ушундай бир кызыктай көрүнүп жатты,Стюарттын аларды көрүшүн такыр каалаган жокмун.Эшиктин илгичинде кара-көк халат илинип турган экен эле,аны өзүмө эки айлантып ороп кийип алдым.Халат дээрлик полго сүдүрөлүп калды.Мейли, боло берет.
Тыпылдап кухняга жөнөдүм.Стюарт мен кусуп салган ковер’ду тазалап коюуга улгуруптур, квартиранын ичи кандайдыр бир дезинфекция кылуучу средство менен жыттанып турду.Кир жуугуч машина болсо менин кийимдеримди астейдил үнү менен айлантып атат.Мен жылаңайлак бутум менен полду сыйпалаганча столго олтурдум.Мен буга чейин Стюарттын үйүндө бир да жолу носки’леримди чече элек элем,башка кийимдер жөнүндө айтпай эле коеюн.
-Не болгонун айтып бере аласыңбы? – деп сурады Стюарт.
-Айта албайт окшойм, - деп шыбырадым мен.
-Телефондо сага эмнени айтышты?
Айтчу сөзүмдү айтуудан мурун ойлондум,ичимден кайталап даамдап да көрдүм.
- Аны жыйырма сегизинде эркиндикке бошотуп жаткандыктары жөнүндө айтышты.
-Сени кыйнаган адамдыбы?
-Оба.
Ал башын ийкеди:
-Азаматсың.
Кудум мен үй тапшырмасын ийгиликтуу аткарган окуучудай туюлдум.
-Ал (Ли) жашай турган жерине Ланкастер’деги дарегин көрсөткөнүн айтышты.Бул жакка келбейт дешти.
-Ал эмне,сенин дарегиңди билеби?
-Жок.Билбесе керек.Мен үч жолу орун котордум.Полициядан сырткары жалгыз гана бир адам билчу.Венди деген таанышым.
-Сенин оюнча,эми ошол Венди’ге бир нерсе болушу мүмкүнбү?
Бир аз ойлонуп,башымды чайкадым:
-Венди менен сүйлөшүп жүргөнүм тууралуу ал билбесе керек.Венди мени тапкандан кийин мен андан ары ал менен (Ли менен) сүйлөшкөн жокмун.Аны камакка алышты да.Бирок,иш козголгондон кийин Венди күбө катары көргөзмө берип жүрдү.
Чайдан бир ууртам жуттум.Албетте тамагымды күйгүзүп алдым,бирок, эмнегедир мен кыйла тынчтана туштум.Чайдын мына ушундай керемет күчү бар.
-Кыжаалат болбо. – деди Стюарт. – Ал сага эми колун тийгизе албайт.Сен коопсуз жайдасын.
Мен жылмаюуга аракет кылдым.Анын сөзүнө эле ага толугу менен ишенгим келди.Негизи эле,мындай караганда,мен ага алда качан ишенип баштагам,андай болбогондо мен мынтип анын халатын кийип алып анын уйундо олтурмак эмесмин.
-Бирок сен буга гарантия бере албайсыңда.
Ал капа болгондой башын чайкады:
-Туура айтасың бере албайм.Бирок эсиңе түйүп кой,сен эми жалгыз эмессиң,ал акмакка болгон коркууларыңдан бошоно аласың,сен өзүндү өзүн жеңишиң керек,андан күчтүү экениңе ишенишиң керек.Эгер анте албасаң-ал сенин өмүрүң өткүчө тынч уйкуңдү алып өтөт.Ошондуктан танда.
Мен ууртумдан жылмайдым.
-Меникинде эле жатып калууну каалайсыңбы? – деп сурады ал.
Мен сөзүмдү таппай калдым.Мен али өз квартирамды текшере элекмин да.Бирок ал жакка баруудан да коркуп турдум.Кайрадан жалгыз калуудан корктум.
- Ооба, - дедим мен, - каалайм.
-Анда мен диванга эле жатып алам.
-Жок, андай дебе,кереги жок, - дедим мен тезе эле, - диванды мен тандадым.Сен эс алышың керек – Мен анын оорулуу далысын көргөздүм.
-Бирок сен мурдакы жолкусунда диванда жатып калганыңда мага концерт койгонсуң да.
-А эгер түн жарымда сенин төшөгүңдө ойгонсом өгүнкүдөн да катуу концерт коем.
-А мейличи,сенин айтканындай болсун.Курсагың ачтыбы?
Чынында,менин тамак жегим келген жок эле,бирок анын бир нече саат мурун духовка’га салып койгон чөп-чар аралашкан койдун эти ушундай бир сонун жыттанып атты дейсинер,жок дешке такыр мүмкүн болбоду.Чогуу олтуруп алып жедик.Койдун эти чынында абдан даамдуу болуп бышыптыр-ыссык, жумшак,шорлуу. Алыс кеткиң келбейт,бирок жутуп жегенде тамагымды оорутуп атты.Стюарт винону ачты- ал журналдар жаткан столикте мен коюп койгон бойдон жаткан эле.
-Ушуну бекер эле ичип атам, - деди ал,эки жутум менен бокалды бошоткондон кийин.
-Эмнеге?
-Сенин бүгүнкү кечиң оор болду,а мен болсо эртен кечкиге «рожденственский ужин» даярдашым үчүн соо болушум керек.
-Бирок баары сонун болуп атпайбы!
Стюарт мени жылмая тиктеп калды,анан эле мен капыстан анын катуу чарчаганын байкадым.Көздөрү чарчаңкы,эки бети шалбырап бошошуп калыптыр.
-Бугун жумушта ойлодум эле,үйгө барып эле өлө ичем деп.
-Эмнеге?
-Өткөн жылкы Рождество,түзмө- түз айтсам,ойдогудай болгон эмес,ошону унуткум келди.Албетте, ичип алуу-бул баардык маселелерден кутулуунун жолу эмес дечи,бирок кээде жардам берет.
-А өткөн Рождество’до эмне болду эле?
Стюарт винодон дагы куйду,мен өзүмдүн бокалымдан бир нече эле жутум жутканга үлгүргөн элем.
-Куддум ошол күнү мен түшүндүм,Ханна экөөбүздүн жолубуз эки жакка айрылганын.
-Сүйлөшкөн кызыңдын экөөңөрдүнбү?
Ал башын ийкеди:
-Мен кечки тамак даярдаган элем.Төртөөбүз чогулдук:биз Ханна экөөбүз,анан анын агасы Саймон жанан анын сүйлөшкөн кызы Рози болуп.Саймон’ду мен колледж’ден бери таанычумун- экөөбүз эң жакшы достордон элек.Чынында Саймон аркылуу Ханна менен таанышып калгам.Кыскасы, биз тамактанып бүтүп калган болчубуз,анан эле Ханна’нын телефону шыңгырап калды.Негизи ал күнү Ханна бош болчу,бирок капыстан эле ал аны жумушуна шашылыш чакырып атканын айтып калды.Саймон’дун жини келип кетти.Ал Ханна’ны урушуп бакырды,Ханна болсо анын сөзүн угуп да койбой пальто’сун алган бойдон чыгып кетип калды.Саймон жини келгендиктен ушундай бир титиреп атты – ал неге мындай жинденип атканын мен такыр түшүнө албадым.Кыжаалат болбоосун айтып аны тынчтантууга аракет кылдым,бирок ал тынчтана албай койду.Бир аз туруп Саймон дагы сүйлөшкөн кызын ээрчитип алып кетти.А Ханна болсо түнкү саат үчтө кайтып келди.Мен аны күтүп атып диванда уктап калыптырмын. – Бети башын тырыштыра,ал мени ойлуу тиктеп калды. – Ошон үчүн Рождество ойдогудай болбоду,ал мага такыр жаккан эмес.Андан кийин,бир топ убакыт өткөн соң,баары билинди,ал көрсө берки жигитине сөз берген экен эле Рождествону ошол менен чогуу өткөзөм деп.А Саймон болсо муну билчу экен.Ал мага айткысы келиптир,бирок Рози ага каршы болуп коюптур.
-Анан мунун баарын качан билдиң?
- Июльда гана. – Стюарт диванга чалкалап жатты да тизелерин чертип олтуруп калды. – Кел андан көрө бул тууралуу мындан ары кеп козгобой эле коелу!
Ал эт бышырган миски’ни жууп кирди,а мен телевизорду жандырдым да экранга кадалып калдым.Стюарт килейген жука одеало алып келди да менин устумо жапты:
-Мен башка нерсе таап алам,а сен ушуну жамынып жат.
-Рахмат.
Бир нече секундга биздин көз караштар тиктеше түштү,жана менин жүрөгүм бат-баттан согуп кирди.Кокус ал мени өбкүсү келип кетсечи? Андай кылса мен эмне кылаар элем,биле албадым.Бирок ал жөн гана жылмайып койду да спальный жакка жөнөдү.Ал дабыш чыгарып бир аз басып жүрдү да анан жарыктарды өчүрдү.Мага анын жыты жыттанып турган жумшак диванда жылуу одеало’ну жамынып жатуу абдан жагып турду.Көзүмдү жумдум.Эсимде, ойлогон элем түнү менен уктай албай чыксам керек деп,бирок дароо эле уйкунун кучагына сүңгүп кирип кеттим.
Ишемби,17-январь, 2004-жыл
Сильвия өзүнүн өткөзүп берем деген кечесин «Порящем орле’ге» уюштурду.Ал бул клуб’ду өзгөчө жакшы көрөт,жана биз бул жерде бир нече эстен кеткис түндөрдү өткөзгөнбүз. Менин билишим боюнча,Сильвия кээде бул клуб’дун директору менен жатып жүрчү,бир туруп жаңжалдашып, бир туруп кайра эле жарашып жүрө беришчү,бирок, бактыга жараша,биротоло урушуп кетишчү эмес,достук мамилени өз нугунда сакташчу.
Биз такси кармадык,Ли бүркөлгөн күн сыяктуу былтыйып олтурду:
-Уксаң,биз эми түнү менен ал жерде калууга мажбур эмеспиз го.Эгер сага жакпай калса,эртерээк эле кете беребиз.Ли,койчу эми,жиндене бербечи.Кел андан көрө жок дегенде эки сааттай көңүл ачып келебиз.
-Болуптур,көндүрдүң.
Анын мынтип жиндене бергени үчүн,балким, мен аны таптакыр эле кайткыс кылып ‘послать’ этип салсам болмок.Бирок ал кечте Ли көз тиерлик өзгөчө көрүнүп турду.Ал мага кайсы кебетеде кобүрөөк жагат деп,мен такыр эле бир чечимге келе албай койдум-таза кырынып,атыр жыттанып,кыры чыккан жарашыктуу костюмчанбы, же болбосо тер жыттанган,өңү өчкөн футболка менен джинсы шымчан жүргөндөгүсүбү. Бүгүн Ли ал эки стилдин кандайдыр бир ортосуна токтолуптур: жапжаңы джинсы жана көк көздөрүн анан сайын жарык кылып турган кара-көк көйнөк.Жана албетте,дезодоранттын өзгөчө бир жагымдуу жыты.
Биз кыйкырык-өкүрүк жана музыка коштогон жагымдуу атмосфералуу чөйрөнүн эшигинен ичкери киргенде Ли менин колумдан кармады да аяр кысып койду.
Ал менин көйнөгүмдүн айынан жинденгенин билет элем.
Кечинде,ал денесиндеги сууларды силкип,жыпжалаңач болуп душтан чыгып спальный жакка келгенде мен дал ошол учурда кара вельвет’тен тигилген көйнөгүмдү кийип көрүп аткан болчум.
-Сен эмне,ушуну кийип барайын деп атасыңбы?
-Ооба,а эмне экен?
-А эмнеге кызыл көйнөгүң менен эмес?
-Кызыл көйнөгүм бүгүн эс алууда.Биз деген «Парящий орел’го» кетип атабыз да-бул деген клуб,ресторан эмес.Ал кызыл шелк’ту кийип алып не кылмак элем ал жерде? Башкалардан айырмаланып өтө эле жасанып кийинип (расфуфыренной) алгандай болуп калам.
Ли менин ачык турган шкафымдын эшигин карады да менин кызыл көйнөгүмдү алып чыкты-ал кара,кырмызы, күрөң шымдар менен пиджактардын жанында кадимки баалуу таштай жылтырап турду.Ал аны азыр мага карай ыргытып ийчүдөй туюлуп кетти,бирок антпеди,постель’ге олтуруп тизесине коюп назик сылап түздөдү да топчуларын чече баштады.
-Ли?
Чагымда,ал мен жөнүндө такыр эле унутуп койсо керек эле:шарт турду да эки далымдан кучактап,жүзү менен чачтарымды жыттап жана тили менен моюнумдан өбүп баштады-бүт денемден майда-майда жөргөмүштөр аралап жүгүрүп өткөнсүдү,каалоо калкып чыкты.
-Суранам сенден,кызыл көйнөгүңдү кийчи, - жалынгандай шыбырады ал.
-Ли,түшүнчү, анте албайм.А мунун эмнеси жаман?
-Кызыл көйнөгүң ушундай бир сулуу.Сен дагы ушундай бир сулуусун.Жана сен кызыл көйнөктө абдан сонун көрүнөсүң.
-Мен карада да бир сонун көрүнөм,- дедим мен шакафтын көзгүсүнөн өзүбүздү тиктегенче. – Же андай эмеспи?
Ал колун менин бутумдан үстүгө карай сылады,анан анын алаканы эки санымдын ортосунда болуп калды,жана албетте,мен дароо эле баардык нерсени унуттум.Берки колу менен ал менден көйнөктү чечти,кроватка түрттү,күлкүдөн өзүмдү баса албай мен жыгылдым,а ал болсо үстүмө жыгылды бүт денемди жабып,жана көйнөктүн жеңдеринен колдорумду чыгарып алуума жардам берди.
Менин денемди сылап-сыйпашына жарым сааттай мүмкүнчүлүк бердим,бирок андан кийин,ал кийинип такси чакырыш учун ылдыйга түшүп кеткенде,кайрадан эле вельветовый кара көйнөгүмдү кийип алдым.
Ли мени менен клубка жеткиче суйлошкон жок.
уландысы бар...

#31 05 November 2018 - 18:59
Автор аябай сонун которупсуз,
бугун кечке иш кылбадым, свет очуп телефонум очуп калып тушкода кирип чыкты. Уландысын чыдамсыздык менен кутом????!!
!!
#32 11 November 2018 - 19:56
Китепти издете турган кылдынызгоо,
жазыныз автор уландысын кутуп,тушумода кирип атат,
#34 13 November 2018 - 22:18
#35 14 November 2018 - 02:11
#38 29 November 2018 - 18:50
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео