САЛАВАТТЫН ПАЙДАЛАРЫ
Салават айткан адамдын эсеп дептерине жакшылык жазылат.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
مَنْ صَلَّى عَلَيَّ مَرَّةً وَاحِدَةً، كَتَبَ اللَّهُ لَهُ بِهَا عَشْرَ حَسَنَاتٍ
“Ким мага бир жолу салават айтса, Алла Таала ага он жакшылык жазат”.
(Ахмад б. Ханбал, Муснад, 7772-7773.)
مَنْ صَلَّى عَلَيَّ مَرَّةً وَاحِدَةً، كُتِبَ لَهُ بِهَا عَشْرُ حَسَنَاتٍ
“Ким мага бир жолу салават айтса, ага он жакшылык жазылат”.
(Ибни Хиббан, Сахих, III, 195.)
مَنْ صَلَّى عَلَيَّ صَلَاةً صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ بِهَا عَشْرًا وَكَتَبَ لَهُ بِهَا عَشْرَ حَسَنَاتٍ
“Ким мага бир жолу салават айтса, Алла Таала ага он жолу салават айтат жана он жакшылык жазат”.
(Тирмизий,
Витр, 21.)
Алланын Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) болгон сүйүү жана салават айтуу.
#23 07 June 2015 - 16:46
САЛАВАТ АЙТКАНДЫН ПАЙДАЛАРЫ
Салават айткан адамдын кылган каталары өчүрүлөт жана даражасы көтөрүлөт:
مَنْ صَلَّى عَليَّ صَلاةً وَاحِدَةً, صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ عَشْرَ صَلَواتٍ, وَ حُطًّتْ عَنْهُ عَشْرُ خَطِيئاتٍ ورُفِعَتْ لَهُ عَشْرُ دَرَجاتٍ
“Ким мага бир жолу салават айтса, Алла Таала ага он жолу салават айтат. Ал кишинин он катасы өчүрүлөт жана он даража жогору көтөрүлөт”. (Насаий,Сахв, 55. Насаий, Сахв, 55.)
Алла Таала өтө берешен зат. Чын ыклас, таза ниет менен кылынган бардык иштин акысын берет. Бир ишибизге он эсе, кээде андан да көп эселеп акысын алганга мүмкүнчүлүк берет. Мына ошол иштерден бирөөсү – Пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллаху алейхи васаллам) салават айтуу. Эгер Алла Тааланын ырайымын, мээримин, он катабыздын кечирилишин жана он даража жогору көтөрүлүшүн кааласак, анда Пайгамбарыбызга (саллаллахуалейхи ва саллам) бир жолу салават айтканыбыз жетиштүү. Демек, салаватты канчалык көп айтканыбыз бизге ошончолук жакшы.

Адебим менен адаммын!
#24 12 June 2015 - 08:24
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) үчүн көбүрөөк салату - салам окуп, Алла менен болгон байланышыбызды Ал аркылуу күчөтөлү. Анткени эң коогалуу күндө, арийне махшарда Анын шапаатына өтө муктаж болобуз.
Алла Тааланын "Сираты мустаким" деп аталган туура жолунун жалгыз гана жол баштоочусу Азирети Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) терең маанилүү, кең руханиятынан жүрөгүбүзгө бакубат бир насип буйруп, жан дүйнөбүзгө берекет нурлары буюрусун. Жүрөгүбүз Алла Таалага жана анын Пайгамбарына деген сүйүүбүздүн түбөлүктүү оруну болсун.
Алла Таала баардыгыбызды Анын шапаатына жеткизсин.
Эки дуйнөнүн таксыры
Мухаммед Мустафага салават.
Адам жин пайгамбары
Мухаммад Мустафага салават.
Кутту эки жердин имамы (Мекке, Медина)
Мухаммад Мустафага салават.
Асан, Үсөндүн таятасы

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#25 18 June 2015 - 10:05
Тооба сүрөөсүндө Жараткан Өзү азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бактыбыз үчүн, бар күчү менен жанүрөшү караңыздар кандай билдирет; "Чындыгында силерге өз араңардан кадырман элчи келди. Силердин түйшүгүңөр ага оор келет, ал силерге камкор, момундарга мээримдүү, боорукер"
(тооба,128).
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#26 18 June 2015 - 10:13
Ооба, Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын адам баласына болгон сүйүүсү эненин уулуна болгон сүйүүсүнөн да жогору.
Ал зат; "Пайгамбарлардын эч бири мен көргөн азапты, кыйынчылыкты, зордук зомбулукту башынан өткөргөн эмес..." дейт куттуу хадистеринин биринде, Пайгамбарыбыз буга эч кандай кыжалаат болгон эмес, өкүнгөн да эмес. Бирок үммөтү башынан кечирген кордуктар, кыйынчылыктар анын журөгүн бирөө тирүүлөй жулуп алгандай,болор эле.
Ал зат; "Пайгамбарлардын эч бири мен көргөн азапты, кыйынчылыкты, зордук зомбулукту башынан өткөргөн эмес..." дейт куттуу хадистеринин биринде, Пайгамбарыбыз буга эч кандай кыжалаат болгон эмес, өкүнгөн да эмес. Бирок үммөтү башынан кечирген кордуктар, кыйынчылыктар анын журөгүн бирөө тирүүлөй жулуп алгандай,болор эле.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#27 18 June 2015 - 10:23
Ал ушундай мээримдүү, ырайымдуу, боорукер ар дайым адам баласынын камын ойлогон пайгамбар болгон. Ал бу дүйнөдө күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн, тозок отунан оолак болуубуз үчүн, эки дүйнөдө тең бейпил өмүр сүрүүбүз үчүн Жаратканга жалынып суранганы сыңары, сурак күнү Арштын алдында да биз үчүн деп күйүп жанып, саждага баш койуп, бизге шапаат кылуу үчүн Улуу Жараткан Алла Тааланын алдында алакан жая мунажат кылып, дубасы кабыл болгонго чейин кут төгүлгөн көз жашы менен жалынып жалбармакчы.
(Бухари,Анбия,
3,9).
Жараткан Субахаан Алла Таалага чексиз шүгүрлөр болсун.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи васалламга чексиз салават жана саламдар болсун.
Жараткан Субахаан Алла Таалага чексиз шүгүрлөр болсун.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи васалламга чексиз салават жана саламдар болсун.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#28 18 June 2015 - 10:35
Кечээ окудум эле саллаллаху алейхи уа саллам суйуктуу Мухаммад пайгамбарыбызды мусулман инсан АЛЛАХ ТААЛАДАН кийинки даражада жакшы коруп, сый-урмат менен салам айтыш керек экенин. Жон эле атын атап койбостон, ушунча жакшы коруу сезим менен салават айтып, журок менен туюш керек экенин.
1. Ар бир мусулман, эн биринчи АЛЛАХ ТААЛАМДЫ суйуп, коркуп, уялып, чон умут менен дуа кылып кайрылуу.
2. Андан кийинки суйуу саллаллаху алейхи уа саллям суйуктуу Мухаммад пайгамбарыбызга салам-салаваттарды айтып, саллаллаху алейхи уа саллям суйуктуу Мухаммад пайгамбарыбыздын кулк-мунозунон, чыныгы мусулмандык парздарды аткаруудагы сабырдуулугунан улгу алышы керек.
3. Мына мындан кийин анан башка суйуу сезимдеринин тепкичтери:
ата-мекенге, ата-эне, бир тууган, уй-булоосуно.

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#29 30 June 2015 - 08:12
Расулалла (саллаллаху алейхи васаллам) өзүн сахабаларына тереңдигин тил менен айтып жеткирүү мүмкү болбогондой деңгеелде сүйдүргөн. Мындай сүйүү тек кана Жаратканга болгон сүйүү жана береке аркылуу жүзөгө ашат. Мындан башка жол менен болуусу мүмкүн эмес.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#30 30 June 2015 - 08:22
Мындай берилген сүйүүнүн күчүн көптөгөн хадистерде да эң айкын көрө алабыз. Кадырлуу сахабалар Азирети Пайгамбардан (саллаллаху алейхи васаллам)дан бир хадис риваят кыларда жаңылыш айтып албайын деп тизелери калтырап, жүздөрү купкуу болуп чыгаар эле.
мисалы, Абдуллах Ибни Масуд "кооля Расулуллах" (Расулулла айтты) деп, хадис баштаганда абдан калтаарып чыкчу, Сахабалардын көбү адам баласынын унутуу сыяктуу кемчиликтерин эске алып, сөздү Алла Элчисине таандык кылып сүйлөөрдө; "Ушундай, же ушул сыяктуу, ушуга жакын, ушуга окшош" деп сүйлөшчү.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаламга чексиз салам, салаваттар болсун.

#31 30 June 2015 - 08:44
Анткени Ал ушундай улуу урматтуу пайгамбар болгондуктан үстүндө элге кутпа окуган (үгүт айткан) курма дарагынын сөңгөгү да Элчиден (саллаллаху алейхи васаллам)дан айрылганда сыздап ыйлаган эле.
Суусуз калган үммөтүнө Кудайдын кудурети менен салаасынан суу агызган. Дарат алуучу идишинен суу ичкендер шыпаа табышкан. Дасторконунда болушкандар тамактардын тасбихин угушкан. Андан эстеликке калган чачы менен куттуу сакалынын талдары мечиттердин дубалдарында сакталып, азыркыга чейин "куттуу тал чачы" аталып үммөтүнө калка болуп келатат.
Ал - Кыяматтын махшаардын имамы.
Ал - күнөөкөрлөрдүн шапаатчысы.
Ал - үммөтү үчүн "үммөтүм, үммөтүм" деп сыздаган саллаллаху алейхи васаллам.
Азирети Мухаммад Мустафага чексиз салават жана саламдар болсун.

#32 04 July 2015 - 04:47
Йа пайгамбарым Мухаммад расулаллах.
Сен болбосоң түз жолду билбейт элек...йа Расулаллах.
Сен болбосоң карарып кирдейт элек.йа Расулаллах.
Көрүнгөг отко ташка кулдук уруп,
Аллага башыбызды ийбейт элек..йа Расулаллах.
Арамдын деңизинде чабак уруп,
Аллахтын мыйзамында жүрбөйт элек..йа Расулаллах.
Асылдардын асылы элең,
Баатырлардын баатыры элең..йа Расулаллах.
Мээримиңе мемиретип кубандырган.
Жетимдердин жакыны элең..йа Расулаллах.

#33 04 July 2015 - 04:57
Азап кайгы баарына сабыр кылган.
Акылмандын акылы элең...йа Расулаллах.
Туңгуюктан чыгарган ал сен элең...йа Расулаллах.
Дилди иманга сугарган, ал сен элең..йа Расулаллах.
Аялзатка теңдик берген ал сен элең..йа Расулаллах.
Көкүрөккө кеңдик берген ал сен элең..йа Расулаллах.
Душмандарды кечирип азаттык кылган.
Айкөлдөрдүн айкөлү элең..йа Расулаллах.
Адашкандар багытын карманбадың.
Ак жолуңдан чыгарууга акча дүйнө берди алданбадың. .йа Расулаллах.
Үммөтүңдүн келечегин ойлоп ыйлап,
Бизчилеп бул өмүрдө шаңданбадың. .йа Расулаллах.
Аллага шүгүр кылып, Сүйөм Сени, Сүйөм Сени, Сүйөм Сени, Пайгамбарым. .йа Расулаллах.

#34 04 July 2015 - 05:05
Сүннөтүңдү тирилткенге кантип жарайм..йа Расулаллах.
Ибадаты жок жаннатты кантип самайм..йа Расулаллах.
Үммөт болуп үммөтчө иш кылдымбы.
Акыретте жүзүңдү кантип карайм..йа Расулаллах.
Алланын атын айтып мактадымбы. .йа Расулаллах.
Адашып далай жолду баспадымбы. .йа Расулаллах.
Энелердин буту алдында бейиш дедиң,
Энекемдин ак сүтүн актадымбы..йа Расулаллах.
Ибадаты жок жаннатты кантип самайм..йа Расулаллах.
Үммөт болуп үммөтчө иш кылдымбы.
Акыретте жүзүңдү кантип карайм..йа Расулаллах.
Алланын атын айтып мактадымбы. .йа Расулаллах.
Адашып далай жолду баспадымбы. .йа Расулаллах.
Энелердин буту алдында бейиш дедиң,
Энекемдин ак сүтүн актадымбы..йа Расулаллах.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#35 04 July 2015 - 05:17
Сен көрбөгөн уйкуну биз уктадык..йа Расулаллах.
Пайда кылып келбедик чымынчалык. .йа Расулаллах.
Сен өмүрдө каткырып күлдүң бекен.
Биз каткырып, акыретти ойлонбостон.
Жалган дүйнө жабыр тартып кырсыктадык. .йа Расулаллах.
Адашкан жандар чыкты,
Аруубас арман чыкты, унчукпадык. ..йа Расулаллах.
Сен айтканды толуктап аткарбадык. .йа Расулаллах.
Напсибизди токтотуп башкарбадык. .йа Расулаллах.
Бул заманда үммөтүң баары турат.
Шүгүрчүлүк Жаратканга айталбадык. .йа Расулаллах.
Тамак десе тойо жеп курсак байлап.
Же сенчилеп бир жолу ач калбадык..йа Расулаллах.
Жарты болуп жүрөктөр ууга батып.
Жамандыктан пенделерди кайтарбадык. .йа Расулаллах.
Жапыс туруп жасалма бийик болуп.
Мансап үчүн чуркаган күлүк болдук..йа Расулаллах.

#36 04 July 2015 - 05:31
Күндү тоскон карарган булут болдук..йа Расулаллсх.
Күнөөлөрдү моюнга илип койдук..йа Расулаллах.
Өлүк жандай пайдасыз тирик болдук..йа Ра,улаллах.
Көздүү туруп көкүрөк көргө айланып,
Акыйкатты айтпаган дудук болдук..йа Расулаллах.
Сен билгенди биз билгенде.
Күнү түнү дуба кылып ыйлаар элек..йа Расулаллах.
Сен билгенди биз билгенде.
Чеги менен жалганда жыргаар элек..йа Расулаллах.
Сен билгпнди биз билгенде.
Саждада Жаратканды мактаар элек..йа Расулаллах.
Сүннөтүңдү тирилтип сактаар элек.
Сен билгенди биз билгенде.
Арактын тамчысын да татпайт элек,
Көкүрөктү түтүнгө чылап,
чылым алып тартпайт элек..йа Расулаллах.
Сен билгенди биз билгенде.
Жаназага акча сурап.
Алланын сөзүн сатпайт элек..йа Расулаллах.
Сен билгенди биз билгенде.
Ажылыкты наам кылып.
Ажымын деп мактанып айтпайт элек..йа Рамулаллах.

#37 04 July 2015 - 05:41
Үммөтүңдүн ичинен чыкты жандар.
Динди кыска кылып өлчөшкөндөр. .йа Расулаллах.
Жихад дешип илими жок.
Аллах сөзүн өйдө ылдый өлчөшкөндөр. .йа Расулаллах.
Сүннөтүңдүн сырын билбей.
Исламды чапан менен сакал менен көргөзгөндөр. .йа Расулаллах.
Кийимде эмес жүрөктө.
Ыйман чегин билген барбы..йа Расулаллах.
Алланы да, мекенин да, динин да, Элин дагы.
Тилин дагы эч айныбай сүгөн барбы..йа Расулаллах.
Жакшылыкка, чакырып, жамандыка күйгөн барбы..йа Ра,улаллах.
Сөзүм жетпейт, өзүмдүн да дүйнөм жарды..йа Расулаллах.

#38 04 July 2015 - 06:07
Бейиш не экенин биз билгенде.
Байлыктан көп садага кылаар элек.йа Расулаллах.
Көр азабы,тозок эмне биз билгенде
Түндөй болуп намазга тураар элек..йа Рамулаллах.
Коркуудан напсибизди тыйаар элек..йа Рамулаллах.
Таттуу туруп ууланган балды кантем..йа Расулалах.
Түнгө нурун чачпаган айды кантем..йа Расулаллах. .
Намазы жок агарган таңды кантем..йа Расулаллах.
Улуу туруп балдарына акыл айтпас.
Арагынан башын тартпас чалды кантем..йа Расулаллах.

#39 05 July 2015 - 04:08
Айткандар жүрөктө сезилсин дейм..йа Расулаллах.
Мээримдүү Аллах бизди кечирсин дейм..йа Расулаллах.
Азап күнү ааламга угулсун дейм..йа Расулаллах.
Шапаатыңды Аллах бизге буюрусун дейм..йа Расулаллах.
..Аллахты сүйгөнүмдөй жүрөгүмдөн.
Сүйөм Сени, Сүйөм Сени, Сүйөм Сени.
Пайгамбарым Мухаммад Мустафа..йа Расулаллах.
Сага чексиз салам салаватым болсун..йа Расулаллах.
Мээримдүү Аллах бизди кечирсин дейм..йа Расулаллах.
Азап күнү ааламга угулсун дейм..йа Расулаллах.
Шапаатыңды Аллах бизге буюрусун дейм..йа Расулаллах.
..Аллахты сүйгөнүмдөй жүрөгүмдөн.
Сүйөм Сени, Сүйөм Сени, Сүйөм Сени.
Пайгамбарым Мухаммад Мустафа..йа Расулаллах.
Сага чексиз салам салаватым болсун..йа Расулаллах.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#40 14 July 2015 - 02:03
Аллоохумма солли ъалаа Мухаммад
Пайдасы:Пешим намазынан кийин ушул салаватты 100жолу окуган кишиге 3белек берилет:
1)Эч качан карыздар болбойт.
2)Эгер карызы болгон болсо да андан кутулат
3)Кыямат куну андан эч бир эсеп-китеп суралбайт.

Кудай буйруса баары жакшы болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео