Марифатуллах - бул бүтүндөй ааламдагы купуя сырларды окутуучу түбөлүктүү Жаратканды таануу илими.
Бул илимге толук аныктама берүүгө мүмкүн эмес. Себеби ал адам баласынын аң сезиминен тышкары турат. Бирок ар ким бул илимден өзүнүн чама чаркына, аракет кайратына жараша насип ала алат.
Ошондуктан ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам);
" (Оо, Жараткан Алла!) Сага ылайыктуу түрдө алкыш айтып, шүгүр келтирүүдө алсызмын!
Сен Өзүңдү кандай алкап даңктасаң, ошондойсуң!
" деген. (Муслим, Солаат,222).
- (2 )
-
- 1
- 2
Марифатуллах
#2 01 June 2015 - 20:26
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын;
"Алла Таала жараткан жандуу жансыз жөнүндө ой жүгүрткүлө, бирок Алланы Заты жөнүндө ойлонбогула. Анткени силер Анын аныгын (Ага ылайыктуу түрдө) эч качан аңдай албайсыңар. .. " деген сөзү Алла Тааланын Зат маанисин аңдоо адамдын акылынан тышкары экендиги ачык айкын айгинелеп турат.

Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#3 01 June 2015 - 20:32
Билгим келип жүргөн ушул жөнүндө.Илимдин арты менен өзгөчө иш ерди жасагандар жөнүндө сөз болобу?
Бир молдокени билем, кружкасы "Бисмиллах" деген үн чыгат экен, кармап көрсөң. Уландысын күтөөлүчү. Бул нерсе динибизде кандай?
Бир молдокени билем, кружкасы "Бисмиллах" деген үн чыгат экен, кармап көрсөң. Уландысын күтөөлүчү. Бул нерсе динибизде кандай?
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#4 01 June 2015 - 20:38
Ырасында адамдын аң түшүнүгүн ыйманга сугара турган Улуу Алла жөнүндө маалыматтар Анын Зат маанисине карата эмес, сыпаттары жаатындагы маалыматтар болуп эсептелет. Анткени Алла Таала мезгил убакыттан да, кандайдыр бир жер орундуктан да сырткары Улуу Зат. Ал эми адамдын аң түшүнүгү убакытка жана жер орундукка шартталгандыктан анын ой түшүнүгү мынабу ааламдагы көзгө көрүнгөн нерселер менен гана чектелет. Адам кандайдыр бир нерсени түшүнүү үчүн көзгө көрүнгөн ааламда ошол нерсеге окшош дагы бир нерсенин болушу керек, а Алла Таала болсо бүтүндөй жандуу жансыздын бирине да окшош эмес. Бул деген сөз Ал көзгө көрүнүп көрүнбөгөн,
биз билип б0лбеген бардык нерседен кескин түрдө башкача, жогору дегенди түшүндүрөт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#5 01 June 2015 - 20:42
Бул акыйкат ааламдагы адамды аң таң калтырган мыйзамдын өтө жогорку деңгээлде курулгандыгын түшүнүүнүн өзүнчө талабы.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#6 01 June 2015 - 22:24
Билгим келип жүргөн ушул жөнүндө.Илимдин арты менен өзгөчө иш ерди жасагандар жөнүндө сөз болобу?
Бир молдокени билем, кружкасы "Бисмиллах" деген үн чыгат экен, кармап көрсөң. Уландысын күтөөлүчү. Бул нерсе динибизде кандай?
Бир молдокени билем, кружкасы "Бисмиллах" деген үн чыгат экен, кармап көрсөң. Уландысын күтөөлүчү. Бул нерсе динибизде кандай?
Керемет - бул мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү жүзөгө ашыра ала турган дарамет, Керемет тигил же бул пенденин жекече эрк каалоосу менен эмес, Алла Тааланын уруксааты менен гана жүзөгө ашат, Керемет менен күнүмдүк болуп жаткан кадыресе кубулуштардын ортосунда айырма жок, айырма анын ар бир пендеге эле ыроолоно бербешинде жатат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#7 01 June 2015 - 22:34
Чыныгы Чексиз Кудурет -бул Алла Таала гана, Аны эч бир жандуу жансызга салыштыруу мүмкүн эмес, Ал теңдешсиз Зат. Анын өзүнө берген сыпаттамасынан тышкары Ага башка сыпат берүүгө адам баласынын күч кудурети жетпейт. Ал тургай биз чектелүү аң түшүнүгүбүз менен "Чыныгы Кудурет" дешибиз дагы Аны чектейт, бирок түшүндүрүү үчүн ушинтип айтууга аргасызбыз,
ал эми чындыгында Алла Таала жөнүндт адамдын ойуна кандай пикир келсе келсин, Улуу Жараткан Алла Таала андан такыр оолак.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#8 02 June 2015 - 06:18
Андыктан Ислам ишениминин өзөгүн түзгөн келмесинин негизи "Лаа илааха" (кудай жок) деген сөз менен аң сезимден Алла Таала жөнүндөгү туура эмес түшүнүктөрдүн бардыгы жокко чыгарылып, анын ордуна "иллаллах"
(Алладан башка) деген сөздүн акыйкатын, т.а., Жараткан Алла Өзү маалымдаган эң туура "Аллах"
түшүнүгүн орнотууга багытталат.
Бул багытта Куран аяттарында;
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#9 02 June 2015 - 06:26
Бул багытта Куран аяттарында;
"Аллах! Андан башка кудай жок. Ал Тирүү, Түбөлүк! Ал үргүлөбөйт, уктабайт. Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Ага (гана) таандык..." (Бакара,255).
"Ага окшош эч нерсе жок. Ал Угуучу, Көрүүчү!" (Шуура,11).
"(Эй, Элчим) Айткын; Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес. Ал төрөгөн да, төрөлгөн да эмес! Ага теңдеш эч ким жок! (Ихлас,1-4).
"Аллах! Андан башка кудай жок. Ал Тирүү, Түбөлүк! Ал үргүлөбөйт, уктабайт. Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Ага (гана) таандык..." (Бакара,255).
"Ага окшош эч нерсе жок. Ал Угуучу, Көрүүчү!" (Шуура,11).
"(Эй, Элчим) Айткын; Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес. Ал төрөгөн да, төрөлгөн да эмес! Ага теңдеш эч ким жок! (Ихлас,1-4).
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#10 02 June 2015 - 06:33
Ошентип биздин Анын "Заты" жөнүндөгү аң түшүнүгүбүз чектелүү. Биздин эң иридеги милдетибиз Аны Заты менен кабыл алып, Ага толук моюн сунуу, Анын буйрук жарлыктарына баш ийүү болуп эсептелет. Кыскасы, пенде мынабул утурумдук дүйнөдө чектелүү мүмкүнчүлүктөрү менен Анын "Затын"
аңдоо кескин түрдө алсыз, алсыз жана дагы алсыз...
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#11 02 June 2015 - 06:41
Ыйык Куранда маалымдалгандай,
аз. Муса (алейхиссалам) Тур-у Синада Жараткан Алла менен сүйлөшүүдөн өзгөчө руханий ырахат алган. Мына ушул ырахаттын керемети менен өзүнөн танды. Дүйнөдө же акыретте экендигин түшүнө албай, өзүнчө убакыт мейкиндиктен,
жер орундуктан сырткары чыккандай, дендароо болуп туруп калды, Эң бир аруу, эң бир улуу сүйүүнүн кучагында Жараткан Кудуреттин Затын көрүүнү жан дили менен самады.
Алла Таала ага;
Алла Таала ага;
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#12 02 June 2015 - 07:55
Муса (алейхиссалам) убакытсыз жана тарапсыз жана мейкиндиксиз жагдайда Алла Таала менен сүйлөшөөрдө пенделик көшөгөлөр алынды, ал өз Жаратуучусу менен сүйлөшүүдөн теңдешсиз жыргал татым алгандыктан,
эми Анын эч кимге белгисиз Жамалын көргүсү келди, ал бул арзуусуна жетүүнү көксөп туруп алды.
Алла Таала ага; "Лан тароонии" б.а., " Мени көрө албайсың! " деп буйруду.
Муса пайгамбар болбой эле каалоосун кайрадан билдиргенде;
Алла Таала ага; "Лан тароонии" б.а., " Мени көрө албайсың! " деп буйруду.
Муса пайгамбар болбой эле каалоосун кайрадан билдиргенде;
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#13 02 June 2015 - 18:53
Муса алейхиссалам пайгамбар болбой эле каалоосун кайрадан билдиргенде;
Мына бул тоону кара! Эгерде ордунда турган болсо, сен Мени көрө аласың! деди (Ал, Майдан өрөөнүндөгү Зубайр деп аталган бийик тоо болчу)
Жазма булактар боюнча, тоого Жараткандан бир нур түштү, Нурдун күчүно туруштук бере албаган бийик тоо быркырап кетти, Мына Кудуреттин жана Улуулуктун Күчүн көтөрө албаган пайгамбар турган жеринде эстен танды, бир оокумда эсине келип, чектен ашксндыгы үчүн Жараткан Алланы даңазалап, Алладан кечирим тиледи.

#14 02 June 2015 - 19:01
Ыйык Куранда маалымдалган жогорудагы бул окуя Жараткан Алланын Затын аңдоо адам баласынын мүмкүнчүлүгүнөн толук кандуу түрдө сырткары болгондугун ачык айкын айгинелеп турат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#15 02 June 2015 - 21:04
Ошондой эле куттуу хадистерде белгиленгендей момун мусулмандар бейиште Жараткан Алла Тааланын Затын бул дүйнөдө толгон Айды кандай көрүшсө, дал ошондой бири бири менен жөөлөшпөй ачык айкын түрдө көрүшөт. Бул маселе менен жогоруда айтылган акыйкаттын ортосунда эч кандай төп келишпестик жок. Себеби бул дүйнөдөгү шарттар менен акыреттик шарттар бирдей эмес. Тагыраак айтканда, Жараткан Алла бейиште мусулмандарга Өзүнүн Затын көрсөтүүгө жарай турган такыр башкача шык жөндөмдүүлүктү ыроолойт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#16 04 June 2015 - 08:07
Аалам - бул Жараткан Алланын чексиз кудуретин ачык айкын далилдеринин бири. Илим илгерилеген сайын Жараткан Алла Тааланын ажайып укмуштуудай купуя сырлары ар тараптуу ачылып, Анын чексиз кудурети менен дагы да жакындан таанышууга зор мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө, Учурубузда космостук изилдөөлөрдөн тарта генетика илиминин ачылыштарына,
компьютер табылгасына чейинки илимий ачылыштар бардыгы Алланын чексиз кудуретүүлүгүн тастыктап турат.
Себеби мына ушул табылгалардын бардыгын изилдеп тапкан адам баласына ошол акылды, ошол күчтү, ошрл аң сезимди Жараткан Алла ыроологон, ошол купуя сырлардын бардыгын Алла Таала жараткан.
Себеби мына ушул табылгалардын бардыгын изилдеп тапкан адам баласына ошол акылды, ошол күчтү, ошрл аң сезимди Жараткан Алла ыроологон, ошол купуя сырлардын бардыгын Алла Таала жараткан.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#17 04 June 2015 - 08:15
Жараткан Алла Өзүнүн Заттык жалгыздыгын жүрөк менен тастыктап, тил менен айтуу аркылуу жүзөгө ашкан ыймандын табыгый мыйзам ченемдүү талабы катары ибадаттар менен даңазаланашын каалап, муну жүзөгө ашыра турган жөндөмдүүлүктү жандуу жансыздардын арасынан адамдарга жана жиндерге гана ыроологон. Аларга аң сезим, акыл, күч кудурет бергендиктен аларды мына ушул аң сезиминин жана күч кудуретинин чама чаркына жараша милдеттүү кылган.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#18 04 June 2015 - 08:29
"Кичинекей аалам" делген адам баласы да аалам сыяктуу акыйкаттардын топтому, адам баласынын "аалам өзөгү" делишинин сыры дал ушул жерде жатат, Маселен, буудайдын бир данында андан өсүп бышып жетиле турган эгиндин бардык өзгөчөлүктөрү кандай сакталган болсо, адам баласында дал ошондой эле ааламдагы жана Курандагы бардык акыйкат сырлар жайгаштырылган.
Улуу Алла Таала адамды жер жүзүндө "халифа" (орун басар) катары жараткан, Аны бүтүндөй жандуу жансыздын эң кадырлуусу кылып, ааламдын өзөгү катары жараткан. Өзүндө катылуу акыйкаттар өңүтүнөн адам кичинекей ааламга салыштырылган. Илим да бул өңүттөн адамга эң ириде өзүн таанытып, жаралуудагы максатын түшүндүрүп, Марифатуллахка себеп болушу керек.
Улуу Алла Таала адамды жер жүзүндө "халифа" (орун басар) катары жараткан, Аны бүтүндөй жандуу жансыздын эң кадырлуусу кылып, ааламдын өзөгү катары жараткан. Өзүндө катылуу акыйкаттар өңүтүнөн адам кичинекей ааламга салыштырылган. Илим да бул өңүттөн адамга эң ириде өзүн таанытып, жаралуудагы максатын түшүндүрүп, Марифатуллахка себеп болушу керек.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#19 04 June 2015 - 08:36
Кыскасы, адам баласы себептен себепкерге,
эмгектен устага карай кеткен жол аркылуу аңдоого аракет кылган, Жараткан Кудурет тарабынан бул дүйнөгө жиберилген өзгөчө жан. Ал мына ушундай өзгөчөлүгү менен өзүнчө аалам жана жандуу Куран болууга (б.а. Куран менен жуурулуша жашоого) мүмкүнчүлүгү бар жан.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#20 04 June 2015 - 08:50
Илимий изилдөөлөр ааламдагы купуя сырларды ачууда бир топ илгери жетишкендиктерге жетсе да, али адам баласынын көптөгөн сырларын али ача албай келет. Мунун себеби адам баласынын "рух" жана "дене" турпаттан турушунда, ошондой эле адамдарга "рух" жөнүндө аз гана маалымат берилгендигинде жатат. ошондон арбак "рух" жөнүндө билбеген нерселерди айта берүү туура эмес, алардын абалын биз билбейбиз. Анын дене турпаты жөнүндөгү маалыматтар мындан эки миң жыл илгеркиге салыштырмалуу олуттуу түрдө өзгөрүп, алдаканча так жана көп болсо да, "рух" тууралуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыжасында көптөгөн түйүндөрдүн жабык бойдон калышы талап кылынган, бул багытта Куранда;
"Алар сенден (адамдар пайгамбардан) рух жөнүндө сурашат. "Рух Жараткан Роббиме таандык иштерден. Ал жөнүндө силерге аз гана маалымат берилген" деп айт. (Исра, 85).
"Алар сенден (адамдар пайгамбардан) рух жөнүндө сурашат. "Рух Жараткан Роббиме таандык иштерден. Ал жөнүндө силерге аз гана маалымат берилген" деп айт. (Исра, 85).
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео