Чымындуунун чымындары Аңгемелер, жомоктор ж.б чыгармалар
#21 10 Июнь 2015 - 23:54
#22 11 Июнь 2015 - 00:21
Ulantam.. jeke jashoomo taandyk bolgongobu jazuu maga oor bolup turat.. Sekin sekin jazyp bashtaim,kagazga orop korkomdop jazsamby degem>kaira zachem maga anda jazyp dep toktop kaldym..
Basa, Eltuzor menin jazganymdy okuganynga raazychylyk. Saga dagy rahmat!

Билдирүүнү түзөткөн: Gayshiyip_turat: 11 Июнь 2015 - 00:21
#23 15 Июнь 2015 - 23:35

КЕЧ! БААРЫ КЕЧ!
Кырсыкты кайдан деп болобу? Келер сааты ке-лип, жетер кезеги жеткен күнү бир да адам буйтап өтүп, бир мүнөт да жазгырып кете албайт тура. Же
анын кайдан, качан келерин эле биле алсакчы, чир-кин. Күтүлбөгөн жерден тосуп чыгып, болжобогон жерден алкымдан алганына канча жан күбө болду.
Кырсык болом десе буламыктан тиш сынат, кыламык-тан бут сынат деген сөз төгүн жерден жаралбаган экен. Кыскасы ошо күнү да кырсык айттырбай кел-ди. Келгенде да адаттагыдай эле күтүлбөгөн саатта, күтүлбөгөн жерде болду...
Керели кечке досторунун үйүндө конок болгон Баймурат, ал күнү түнү менен айылды карай жолго чыкмай болду. Мындай жолду буга чейин далай ба-скан неме, таң аткыча жол жүрөрүн кымындай да ой-лоп койгон жок. Анан калса жайдын мээ кайнаткан ысыгында эзилип баргандан көрө, түнкү салкында
жол жүрүүнү туура көргөн. Досторунун «күндүз эле кет, салып ийебиз» дегенин угуп да койгон жок. Ка-рандай эле көшөрүп «түндө кетем» деп туруп алды.
Акыры кете турган адам өзү болгон соң, достору да макул болду. Күндүз кечке көңүлүн алып конок кы-лышты дагы, кечинде айылына кетээр бусиктен бир-ди таап, салып ийишти.
Жайдын узун күнү батарына таянып, бир аз сал-кындап калган. Эки досунун коштоосунда келген Бай-мурат жакшынакай аппак бусиктин орто ченине отур-ду. Тим эле убагында келген экен, Баймурат отураары менен эле ордунан козголуп, жылып жөнөштү. Ансыз да түнү менен конокто отуруп, кайра анысы аз кел-генсип күндүз да жарытып уктабай калган неме, ша-ардын ичиндеги ызы-чуудан чыгып, чоң жолго түшүп алышса эле дароо уктап алууну ойлоп чыдабай барат-ты. Эптеп өзүн алаксытып, убакыттан утмакка сапар-лаштарын бир сыйра сыдыра карады. Өзү алдынан санаганда үчүнчү катарда отурган экен. Алдындагы
эле орунда эки аял баратат. Ал экөө жакын абысын-дарбы, же жөн эле бир айылдын келиндериби, айтор, кызуу кепке киришип, кимдир бирөөнү жер-жеберине
жеткире ушактап баратышат. Алардын алдында болсо улгайып калган абышка-кемпир отурат. Алардан анча-мынча эле кобураганы болбосо, үн деле чыккан жок.
Наркы капталда, жүргүнчүлөр кирген эшиктин жанын-дагы катарда дагы эки аял отурат. Алардын артында, өзүнүн тушундагы орундукта чыкыйып, таза кийинген
жигит, башына жоолугун орой тагынган келинчеги ме-нен жайланышыптыр. Колдорунда балдырап жаңыдан тили чыгып калган баласы бар экен. Баймурат андан
кийинкилерди караган жок. Мойнун буруп карагы-сы келбей, кайра алдын карап отуруп калды. Өзүнүн жанында отурган киши болсо терезе жакка үңкүйүп
алып, телефон менен сүйлөшүп баратты. Кебетеси жедеп такымын жеп бүткөн соодагер окшойт. Бир ту-руп инисине чалып, бир туруп аялына чалып айласын
кетирип урушуп баратат. Жок баса... Соодагер эмей эле сүткөр окшобойбу. «Күнүнө беш жүз сомдон ко-шулат деп бербедим беле ага. Анан эмне толук алган
жоксуң?» деп урушуп жатканынан байкады. Ооба, ини-си менен аялын ушул сөздөрдү айтып урушуп баратты. Аларды акча өндүргөнгө жумшаган өңдөнөт. Бир ма-алда зарыгып бере албай турган кардары чалды эле, аны ашатып койо берди. Ата-жотосуна чейин сөгүп-сагып ит кылды байкушту. Башкаларга угузбаштын амалы кылып, нары карап, оозун калкалап сүйлөгөнү менен, жанындагы Баймуратка анын сөздөрү даана угулуп жатты.
– Ооруп калган болсоң мен эмне кылайын? Эй, эмне бышактайсың мага? Сени мен ооруттумбу?
Эртеңден калтырбай таап кой акчаны. Болбосо баш-калар менен сүйлөшүп каласың. Пайызы менен таап кой! – деп опузалады тигини. Байкашынча наркы те-лефон чалган киши да аябай жалдырады окшойт. Би-рок, беркиде жибий турган түр жок. Чынында, Байму-ратка ушундайлар такыр жакпайт. Бир жолу мындай
сүткорго өзүнүн да күнү түшкөнү бар. Зарылып тур-ганынан пайызы аз эле сезилип ала калды эле, кийин так берер маалында машинасы менен кырсыктап бере
албай калды. Анан ачып көздү жумгуча тигинин пайы-зы өсүп кетсе болобу. Дагы жакшы, айылдагы агасына бир-эки мал бактырып койду эле, ошолорду сатып ку-тулуп кетти. Болбосо мындайларга бат эле кул болуп калчудайсың.
Баймурат ушуларды ойлоп келе берди. Машинанын орто жак катарында келеткандыктан алдыңкы тере-зеден баары көрүнүп турду. Күн эчак батып, айлана
караңгылап калыптыр. Арты-артынан чубалган маши-налардын жарыгы көзгө тике сайылчудай жаркырап келип, жандарынан зуу өтүп кетип жатты. Бир аз ка-рап отуруп көзү талып кетти. Анан эки колун бооруна алып, башын артка жөлөп уйкуга кам урду.
Канча өткөнүн ким билсин. Катуу уктап кетип-тир. Каптал жагынан эле бирөөнүн нааразы болуп күңкүлдөгөнүн угуп ойгонуп кетти. Эки жагын караса машинанын ичи караңгы болуп, адамдар көрүнбөй ка-лыптыр. Оң жагындагы бала-чакасы менен бараткан жигиттин жанында бирөө бүкчүйүп отурат.
– Иничек, эмне сени сыйлап койсом да жаманбы? Же сен адамдан өзгөчөсүңбү? – деп күңкүлдөп алып-тыр ал. Кыязы догурунуп аткан окшойт. Берки жигит
болсо ага такыр эле көнчүдөй эмес.
– Байке, койуңузчу эми. Мен намаз окуйм. Мын-дайды колума да кармабайм. Өзүңөр деле Кудайдан корксоңор боло! Жок дегенде ушу кан жолдо барат-канда ичкениңерди койсоңор болмок. Эч кимге деле жакпайт мунуңар, – деп нааразы болуп жатты ал.
– Эй иничек дейм. Сен бизге акыл айтпа. Мен се-нин раматылык агаң менен далай чогуу жүргөм. Мен ошону сыйлаганыман алып келдим ушуну. Ичсең ич,
ичпесең балакет ич, – деп күпүлдөдү берки. Кебете-сине караганда чоң кызуу болуп калгандай. Аңгыча арттан жолдоштору жаалап жиберди.
– Эй, таштачы аныңды. Молдо чалыш неме тура.
Энеңди урайындын байкеси жакшы киши эле, бул кай-дан чыккан?
– Азыркылар ушундай, халал болуп калбадыбы.
Ташта аны. Бери кел!
– Халал деп кой, ха-ха-ха.
Ушул убакта алдыда бараткан абышка да чыдабай
кетти. Тиги күжүлдөгөн немелерди карап урушуп койо
берди.
– Ичсеңер өзүңөрчө иче бербейсиңерби! Жөн отур-ган кишини кыйнабай! Же түшүп калып талаага барып
108
ичпейсиңерби! – деди ал. Ага берки кемпири, наркы катардагы аялдар да кошулуп жаалап жиберишти. Ошону менен жанагы бөкчөйүп жүргөн неме артта-гы ордун көздөй жөнөдү. Бирок калжактаган немелер тыйылып калган жок. Өздөрүнчө үймөлөктөшүп, кай-ра баягысына киришти. Баймурат бир аз ооруксуна түшкөн денесин чоюп, колу-бутун керип алды. Жанындагысы болсо эчак ук-тап калыптыр. Алдыдагы эки аял дагы эле баштарын тийиштирип, шыпшына шыбырашып кимдир бирөөнү шыпырылта ушактап келетат.
Баймурат, кайрадан алдыдагы жолду карады. Жел-дей сызган унаа кашкайта сызылган ак сызыкты бой-лоп сызып баратат. Алдыдан чыккан машиналардын
жарыгы бир аз сээлдеп калгансыйт. Бирок, так кесе түгөнчүдөй эмес. Кээ бирөө булар жакындай берген-де жарыгын басаңдатканы менен, кээ бири чакчайган
бойдон тик сайылып өтүп кетип жатты. Кечээтен бери ызы-чууда жүрүп, уйкусу канбай калган Баймурат, ко-лун кайчылаштыра бооруна катып, кайра уйкуга кир-ди. Бирок бул жолу аз эле уктады окшойт. Бир маал-да көзү эч себепсиз эле чакчайа ачылды. Дагы бирөө
ойготуп жибердиби дегенсип эки жагын элеңдей карады. Арттагы эки-үч мастын билинер-билинбес күңкүлдөшкөнү болбосо, калгандары бүт эле орду-ордунда баратышыптыр. Машинанын ичи жанагыдан да караңгылашып, жанагыдан да тунжурап калгандай.
Бир саамга эки жагын каранып алып кайра уктайын деди эле, дегеле көзү илинчүдөй эмес. Айла жок ал-дындагы орундуктун жөлөнгүчүн кырын мыжыга тая-нып, маңдайдагы терезеден жолду карады. Баардыгы так ушул убакытты, так ушул көз караш-ты гана күтүп тургандай болду. Уйкусу канбай кыза-ра түшкөн көзү тептегерек болуп алайып, оозун ачып кыйкырганга да үлгүрбөй алдындагы орундукту ты-рыша кармап отуруп берди.. Алдыда келеткан кош
жарык түз эле буларды көздөй качырып калбаспы. Күтүлбөгөн кыймылдан чочуп кеткен бусиктин шоо-пуру машинасын шарт буруп буйтап кетмек болду. Би-рок, бул жер буйтагыдай жер эмес болчу. Чакчайып
карап келаткан Баймуратка жол жээгиндеги дүпүйгөн терек бир башкача жапжарык болуп шашпай көрүнүп
келди да кулак тундурчудай карс эткен үн чыгып ба-рып жым-жыртыкка бөлөнүп жатып калды...
***
#24 16 Июнь 2015 - 00:47
#25 16 Июнь 2015 - 13:53
кыйкырып атты. Бирок, ким, эмнеге кыйкырып атканын, кимди ким мынча кыйнап атканын түшүнө алган жок. Түшүнмөк турсун, жарытып эсине да келе албай турду. Кудум уйку-соонун ортосунда жаткансып, тигинин зар какшаган үнүнөн өзү кошо диртилдеп жатса да, эсине келип акыл жүгүртө албай жата берди. Бир маалда бирөөнүн:
– Кеч! Баары кеч! Тарт жанын! – деген үнүнөн жүрөгү солк этип чочуп, көзү умачтай ачылып, эсине келе түштү. Бирок көзүн ачканы менен жумганынын эч айрымасы жок экен. Айлананы көөдөй караңгы басып, жылт эткен жарык жок болчу. Анан калса эмелеки озондоп аткандар менен, дене-бойду титиреткен заар үн дагы ың-жыңсыз өчүп, туш-тарап кулак-мурун кескендей жымжырттыкка бөлөндү.
Эки жагын карап, ордунан турайын десе кудум бирөө таңып койгонсуп зыңкыйып калыптыр. Козголо алгыдай эмес. Айрыкча, башы тим эле тегирмендин ташындай салмакташат. Ошол кыймылдабай отурган бойдон эмне болуп, эмне бүткөнүн эстегенге аракет кыла баштады. Дароо эле достору автобекетке алып келип, айылына кетчү бусикке салып жатканын эстеди. Анан жанындагы жүргүнчүлөр, зымыраган жол...
Жүрөгү дагы бир солк этти ушул жерден. Алдыдан чыга калган жарык менен, ойт берип буйтай бергенде так эле маңдайынан далдая көрүнгөн терек кадимкидей көз алдына тартылып, кайра сүзүшчүдөй чочуп кетти. Ошондо түшүндү кайда жатканын...
Эптеп башын көтөрүп алдын карады. Ушуну эле күтүп тургансып, алды жактан укмуштуудай коркунучтуу ит көзүнө кадимкидей көрүндү. Аны балким ит деп айтканга да болбостур. Тим эле ажыдаар сымал таноосунан жалын чыгып, арсайган азуулары шамдай жанып чагылып, кызарган көздөрү оттой балбылдап заар чачып, так эле өзү жакты карап туруптур. Коркконунан оозунан кеби түшүп, далдырап отуруп калды. Аңгыча тиги жаныбар бир күүлөнүп өзүн көздөй секирди. Баймураттын жүрөгү солк эте булкунуп, тула бою төбөсүнө чейин диртилдеп кетти. Жакшы эле бакырып жибергиси келди. Бирок, өңгөчүн үзө тартып алгансып, бир да добуш чыгара алган жок. Ичинен тынымсыз Кудайлап, жалынып-жалбарып жиберди. Анткени менен тиги ит буга көңүл буруп да койгон жок. Аркыраган бойдон келип, жанындагы кишини
шап эле кокодон алды. Ансыз да дене-бою камтууга келбей, былк эте албай титиреп отурган Баймурат, ал тарапка көңүл коюп карабаганы менен, көркоо иттин жанындагы адамды аркырай коколоп, кекиртегин чубап жатканын даана сезип турду. Жанатан шылкыйып жансыз немедей жаткан адам тигил иттин келиши
менен чаркырап өкүрүп, жан соогалай баштады. Бирок тиги анын өкүргөнүнө карачудай эмес. Ого бетер күчөнүп алкымдан бурдап, уу тырмактары менен денесин шала-була кылып тытып жиберди. Кекиртегин омурткаларына чейин азуусуна салып качырата чайнап туруп нары-бери силккен сайын тиги жан алы калбай тыбырчалап, өкүрүп-бакырып озондоп жатты. Башка убак болгондо Баймурат алды артын карабай тура качмак. Деги мынчалык коркунучтуу ит менен мынчалык өзөктү өрттөгөн чыңырыкка жан адам чыдабаса керек. Бирок, ал качмак тургай, ордунан козголгонго да жарабай, же эсинен танып кулап кетпей, зыңкыйып отура берди. Кимдир бирөө аны ушул окуяга атайы күбө кылып койгонсуп, жанындагынын абалын даана көрүп турду. Көркоо ит эми тигинин алкымынан баштап, курсагына чейин жарып таштады. Ичеги-кардын чубалта сууруп чыгып, кабыргаларын качырата чайнап, балжа-булжа кылып салды. Тиги болсо дагы эле Кудайга үнү жетчүдөй боздоп, тамагы үзүлгүчө айкырып жатты. Экөөнүн ортосундагы жан чыдагыс окуя бир топко созулса да, ортого түшүп арачалаган эч ким болгон жок. Бир топто барып жанагы
дене-бойду солк эттирген заар үн дагы угулду.
– Пайыз жеген күнөө, пайызга эч качан жолобо деп айтылбады беле сага?! – деди ал. Бул жолу ал мурдагыдан да каардуу, мурдагыдан да заар угулду. Аны эми
жалгыз эле Баймурат эмес, итке таланып жаткан киши дагы укту окшойт.
– Экинчи жолобойм! Кудай урсун экинчи жолобойм, жолобоойм! – деп бакырды ал.
– Кеч! Баары кеч! Тарт жанын! – деди үн. Ошондо жанагы ит оозун араандай ачып, башынан качырата тиштеди да, чырылдап-чыркыраганына карабай дыркыратып сүйрөп кетти.
Ошол бойдон кайда кетишти ким билсин, бир заматта экөө тең караңгыга кирип жок болушту. Дене бою калч-калч этип титиреп араң турган Баймурат, алар кеткен жактан көзүн ала албай эс-мас болуп отурду. Бир маалда сол тарабына өзүнөн-өзү назары бурулду. Байкаса жанагы ит сүйрөп кетти деген киши ордунда эле отургансыйт. Алгач, дене бою зырп этип, жүрөгү солкулдап кетти. «Жаңы эле ит сүйрөп кетпеди беле? Же ордуна башка бирөө келип калдыбы? » Бирок, бул жолу тигинин жаны жок, өлүк экенин даана байкады. Жок, ал өзү байкамак эмес. Ага кимдир бирөө үнсүз туюндурду. Ким туюндурду? Же ким байкатты? Эмнеге аны эле көрүп, башкалар көрүнбөй жатат? Баймурат бул суроолоруна жооп табууга үлгүргөн жок. Бир саам тунжурай калган жым-жырттыкты бузуп алдыңкы орундагы эки аял кыймылдай баштады. Алгач алар тирүү окшойт деп кубанып кеткен. Тилекке каршы кубанычы көпкө созулган жок. Тигил экөө ордунан туруп, өйдө болгондо, жүрөгү жанагыдан да лакылдап, коркунучу жанагыдан да күч алды. Бети-башы канжалаган эмелер, ордуларынан бир аз көтөрүлүл алып окшупокшуп куса баштады. Өңгөчтөрүн үзө тартып окшугандары тим эле жан чыдагыс. Ооздорун аңырайта ачып колдорун кекиртегине тыгып, бирдемени чыгара албай жатышты. Ушунчалык күч келгендиктен жаак эттери шала-була айрылып, ал тургай жаак сөөктөрү да кычырап бөлүнө баштады. Көздөрү болсо чыгып кетчүдөй тостоюп калган. Бир маалда башын жерге койгулап окшуп атып кишинин башын кусуп жиберди бирөө. Анан экинчиси да кусту. Артынан адамдын колу-бутун куса башташты. Ичек-карды үзүлүп кетчүдөй, аңтарыла окшуп, токтоло калганда боздоп кыйкырып, адам чыдагыс азап тартып атышты. Бирок алардын боздогону на эч ким жооп кылган жок. Кайра-кайра окшуп, ооз толтура куса беришти. Бир маалда нары жактан узун камчы кармаган, дардыйган бирөө пайда болду. Анын же көктөн түшкөнү, же жерден чыга калганы белгисиз. Ал жетип эле эки аялды колундагы камчы менен шилей-шилей чаап ийди эле, оозу толо кусуп аткан аял- дар, укмуштуудай ачуу үн салып кокуйлап, төрт аягын
тыбыратып чалкасынан жатып калышты. Жан талашып жан соога сурап, жалынып-жалбарганына карабай тиги киши аларды чачтарынан аткый кармап тургузуп,
жанагы өздөрү кускан адамдын эттеринин үстүнө таштады. Анан камчы менен жондорун тиле-тиле тартып алды да:
– Жегиле эми! – деп бакырды. Тигил экөө камчынын уусуна чыдабай, кускан эттерин тытмалап жей баштады. Узун киши аларды жон талаштыра тындырбай чаба берди. Камчынын уусу ушунчалык дейсиң, аялдар тургай бери жакта отурган Баймураттын сөөгү какшап чыкты. Ботодой боздогон аялдар алдыларын дагы адамдын дене мүчөлөрүн биринин артынан бирин ооздоруна тыгып, жутуп жатышты. Узун киши аларды үстөккө-босток сабап атып, кускандарын бүт жедирип жиберди эле, тигил экөөнүн курсактары дардыйып барып чарт айрылып кетти да, жаңы эле жеген немелери кайрадан жер жайнап жатып калды. Эми тиги киши аларды ого бетер күч алып сабады. Бир маалда баягы ачуу үн дагы жаңырды. Бул жолу ал жаалданган уу жыландардын үнүндөй шуулдап чыкты. Үндүн заары Баймуратты таманынан кылда төбөсүнө чейин дүркүрөтүп өттү.
– Ушак айтпа дегенди уккан жок белеңер?! Адамды ушактоо анын этин жеген менен барабар дебедик беле?! – деди үн.
– О кокуууй, о кокуй! Экинчи ушактабай калалы. Кечире көр! О кокуууй! – деп боздоду тигилер.
– Кеч! Баары кеч! Эми азабын тартасыңар. Тарт жанын! – деди үн. Ошондо жанагы киши экөөнүн оозуна колун чыканагына чейин тыгып, кекиртектен кармады
дагы, озондоткон бойдон сүйрөп кетти.
Айлана бир саам жымжырт боло түштү. Баймураттын дене бою калчылдап, көзү алайып отура берди. Бир маалда алды жактан дүп эткен үн чыкты. Караса
жаңы эле узун киши сүйрөп кеткен аялдардын жансыз денеси орундуктан шыпырылып, жерге кулап түшүптүр. Баймурат аларды көрүп жүрөгү дагы солк этти.
Өлүм кезеги өзүнө келатканын ойлогондо төбө чачы тик туруп, чылпылдаган муздак тер жонунан ылдый куюлду.
Бир маалда ортого башы мышыктай кичинекей, денеси жыландай оролушкан бирдеме пайда болду. Анын маңдайы толгон көздөрү оттой күйүп, арсайган азуу
тиштери шамшардай жанып туруптур. Ал жалаңдаган курч тикенектүү куйругун акырын сойлотуп, капталында отурган жаш жигитти үй-бүлөсү менен орой баштады. Ушул убакта жигиттин нары жагынан кандайдыр бир нур чыга келди. Ооба, жигиттин жанына аппак сакалдуу, нур жүздүү адам келип калыптыр.
– Мен булардын намазымын. Аларды мен алып кетем, – деди ал келип эле. Анын айдыңынан жанагы жаныбар кетенчиктегендей болду да, бир заматта жерге
житип жок болду. Нур жанган адам, тигил жигитти колуктусу менен аярлай жетелеп, баласын бооруна кысып, караңгылыкка сиңип кетти. Баймураттын жүрөгү
эми жеңилдей түштү. Ал тургай аларды ээрчип, аркаларынан чуркагысы келди. Бирок бул жолу да ордунан кыймылдай алган жок.
Аңгыча арка тараптан укмуштай күчтүү жалын тутанды. Жалынга удаа эле эркектердин айкырып-кыйкы рып боздогону угула баштады. Байкуштардын өкүрүгү
тим эле ай-ааламга жетип, кулакты тундуруп жиберди. Отко кошул-ташыл болуп, кимдир бирөө аларды шартылдата сабап да жатты окшойт. Баймураттын
тула-бою кайрадан дүркүрөп чыкты. Артын бурулуп кароого дегеле дарманы жеткидей эмес. Ал тургай көзүн бекем жумуп, дегеле аларды көрбөскө аракет
кылды. Бирок, негедир көзүн да жумалбай калыптыр. Канча аракет кылса дагы, жалжылдаган көздөр чакчайып тура берди. Бир маалда алдыдагы айдоочунун
күзгүсүнөн чагылдыбы, же башка нерседен көрүндүбү, айтор арттагылар кадимкидей көрүнө баштады. Көрсө жанагы арак ичип отурган үчөөнүн айланасы укмуш-
туудай жалындап, өздөрү кыпкызыл чок болуп күйүп жатыптыр. Байкуштар жан соогалап кыйкырган сайын ооздорунан куюлуп-куюлуп от төгүлүп турду. Балбыл-
дап чоктой жанган колдору менен темирди кармаса темир эрийт, жерди кармаса кармаса жер көлкүлдөп эрийт. Аларды да тири шумдуктай коркунучтуу, адам-
сымал бир нерселер от жанган темирлер менен тынбай сабап атыптыр. Тигил байкуштар болсо беркилер жон талаштыра чапкан сайын болгон үнү менен
айкырып, боздоп атышты. Бир маалда бирөө жерге боортоктоп сойлоп алдыны көздөй жылып жөнөдү. Аны сабап аткан узун неме колундагы темир менен
дал ортого чаап калды эле денеси белинен тең экиге бөлүнүп калды. Бирок тиги ага да караган жок. Колу менен жер тырмап, алдыны карай жан талашып сой-
лой берди. Так эле Баймураттын тушуна жеткенде арбайган адамсымал тартаңдап жетип келип, аттиштей болгон колу менен желкеден мыжыга кармап тап-так
өйдө көтөрдү. Ушул жерден тигинин бети Баймуратка даана көрүндү. Байкуштун көзү тээ түпкүрүнө чейин алоолонгон от болуп күйүп, башы былкылдап кайнап
турган экен.
– Арактын тамчысына да жолобо! Ал арам дебедик беле! – деген үн жаңырды ушул убакта. Негедир ал бул жолу күн күркүрөгөндөй жаңырып, тоолор жа-
рылып кеткендей заңгырады. Анын сүрү ушунчалык катуу, ушунчалык өкүм болгондуктан, Баймурат баятан болуп аткан азаптан дагы ошол үндөн заарканып,
тула бою зырылдай түштү.
– Экинчи жолосом өлөйүн! Эми бир жолу жашаткыла. Экинчи арака жолобой калайын! – деп боздоду тиги кишилер.
– Кеч! Баары кеч! Артка жол жок! Тарт жанын! –деп кыйкырды заар үн.
Жанагы адамсымалдар тигил үчөөнү шиш темирлери менен курсактарын кабыштыра-кабыштыра сайып, өкүрткөн бойдон сүйрөп кетти. Айлана дагы тунжурай түштү. Баймураттын оозу кургап, жүрөгү лакылдап чыкты. Муун-жүүнү калтырап, денеси нымшып тердеп турганын сезди.
Аңгыча маңдайындагы күзгүгө көзү дагы кадалды. Бул жолу күзгүдөн так эле оң кулагынын түбүндө чакчайып турган жалгыз көздү көрдү. Ал тим эле шыркыраган жалын болуп өзүн тиктеп туруптур. Көздөн башка дене барбы, жокпу аны байкаганга чамасы жеткен жок. Жаны оозуна кептелип калды. Кудум жүрөгүнүн какканы, ой жүгүртүүсү, ал тургай дем алуусу токтогондой болду. Балким чын эле баары токтогондур. Бир топко эч дабыш жок тунжурап калышты. Экөөнүн минтип тиктешкени тим эле миң жылга созулуп кеткенсиди. Адам чыдагыс сүрдүү көз аны матай тиктеп тура берди. Баймурат көзүн тартып алганга да күч таба алган жок. Акыры ага жанагы үн
дагы угулду.
– Баарынын ажалы жетти. Мен аны так орундаттым. Бир көз ирмем дагы кечиктирбедим, бир көз ирмем дагы эрте келбедим, - деди үн. Баймурат кыңк эткен жок.
– Бирок, сенин ажалың өткөндөгү кадыр түндүн урматына жылдырылыптыр. Тагдырың жаңыдан жазылган экен. Кыйын-чылыкта калган жаш балалуу жесир аял сенин берген жардамыңан улам, кадыр түндө амандыгыңды Аллахтан тиледи. Ал анын тилегин орундатты. Бирок, сен унутпа! Мен көз ирмем дагы кечикпейм!
Ушул убакта бусиктин эшиги калдырай ачылды. Ичине кимдир бирөө жарык кармап кирип келди да, заңкылдай үн салды.
– Эй тирүүсүңөрбү, айланайындар? !
Ушуну эле күтүп тургансып, салондогу адамдардан бир-экөөнүн кыңкыстаган үнү угулду. Сырт жактан тапырап- тупурап дагы эки-үч киши чуркап келди.
– Тез жардам чакыралыбы? Же өзүбүз эле жүктөп кетелиби? – деди алардын бирөөсү шашмалап.
– Кап, байкуштар, жаман сүзбөдүбү! Аман калышты бекен? – деди анын артындагысы шыпшынып.
- Болгула, болгула! Тирүү калгандар бардыр. Тезирээк кыймылдайлы, - деп шаштырды аларды биринчи кирген киши.
– Сиз машинанын ичинде белеңиз? – деди арттан келгендер ага таңыркай.
– Жок! Кудай сактасын. Мен он кадамдай нарыраакта тургам. Карс эткизе теректи сүзгөнүн көрүп эле чуркап келбедимби, - деди берки.
Баймурат аларды угуп турса дагы үн ката алган жок. Дендароо болуп кана отура берди. Көзүнөн аккан жаш салаа-салаа болуп агып, жаак ылдый куюлуп жатты. Бирок ага ошол да жагып турду. Жаш куюлуп турганын сезүү, бул тирүүлүктүн жышааны эмей эмне? Адашкан бойдон чыңырып-өкүрүп кете бербей, алдына дагы бир мөөнөт берилгенине миң мертебе ыраазы болду. Канча жери сынып, канча жери айрылганын ойлогон да жок. Кудум куландан соо калгандай сүйүнүп, ичинен тынбай шүгүр келтирип жатты. Оюна башка эч нерсе келген жок. Качан жанагы киргендер өзүн маталып калган жеринен сууруп алып, башка унаага салып атканда мээсине дагы бир ой жылт этти. «Ажал деген ушунчалык жакын, ушунчалык сырдуу тура...» Жанагынча адамдын жанын ошончо азап-тозок менен сууруп кетүү, он кадам арыраакта турган адам чуркап келип эшикти ачканчалык гана кыска убакытта болгону аны аябай таң калтырды. .. Ушунчалык узак, тим эле айлап, жылдап созулгансыган окуя көрсө көз ирмемчелик убакта гана болгон экен... Көз ирмемчелик убакытта гана...
#26 16 Июнь 2015 - 23:24
#27 16 Июнь 2015 - 23:30
ТОЙ
Заңгыраган чоң тойкананы карай колтукташа баскан кыз-жигит кирип келатышты. Экөө тең жасана кийинип, кыналыша басып алышкан. Бири-бирине карап кыт-кыт
күлүп, жадырап-жайнап жүргөндөрүнө караганда өтө чоң кубанычта жүргөн кездери окшобойбу. Тойкананын кең эшигине да жөн кирбей бири-бирин этияттык ме-нен жөөлөп, ойногончо кирип келишти. Мындай мей-мандарды кур кетирбей тосуп алууга эчактан бери маш болуп бүткөн жаш жигит кайдан-жайдан пайда болуп экөөнү сылык учурашып тосуп алды.
– Саламатсызбы? Кириңиздер!
– Саламатчылык. Келдик... Неме, админстратор ме-нен сүйлөшсөкпү дедик эле.
– А эмне боюнча?
– Үйлөнүү үлпөтүбүздү өткөрүү боюнча.
– Азыр беш мүнөт күтө туруңуз. Чакырып келе ка-лайын. Ага чейин бул жерге отура туруңуздар.
Шыпылдаган жигит экөөнү бир столго жайгашты-ра калды да өзү жылт коюп кайсы бир эшикке кирип кетти. Көп деле күттүргөн жок. Чыпыя кийинип, ба-шына бир байлам ак жоолук байлап алган жаш келин пайда болду булардын жанына.
– Саламатсыздарбы? Мени сурадыңыздар беле?
– Ооба. Сиз администраторсуз да э?
– Дал өзүмүн. Айта бериңиздер. Үлпөт өткөрөлү деп жаттыңар беле?
– Ооба. Биз үйлөнөлү дегенбиз. Анан ушул тойка-наны сунуш кылышкан. Аябай жакшы тейлейт дешти.
– Анысы чын. Буюрса жакшы эле тейлейбиз. За-лыбыз да кенен. Кайсы күнү өткөрүүнү ойлонуштуруп жатасыздар?
– Бизге эмки жуманын ичиндеги бардык күндөр бо-лот. Айрыкча биринчи күнү болсо андан да жакшы болмок.
– Кана азыр карайынчы... Ммм... Жакшы! Жакшы. Так ошол биринчи күнү бизде буйрутма жок экен. Бак-тылуу экенсиңер.
– Оо, ырас болбодубу. Кыз менен жигит бири-би-рин карап кубанычтуу жылмайып алышты.
– Эже, силерде тамада, музыкант дегендер бар да ээ? – деп сурады жигит.
– Ой, бизде баары бар. Бүт бар, эч коркпогула. Ан-дан көрө айта бергиле силерге эмнелер керек? Мен жаза берейин убакытты өткөрбөй.
– Макул. Анда мындай. Бизге бир тамада, бир му-зыкант, бир фотограф, бир оператор, эки-үч ырчы, бир же эгер болсо эки бийчилер тобу...
– Бизде бийчи кыздардын тобу бар. Анан кичинекей үч жашар, беш жашар балдардын тобу бар. Боло-бу ошолор? Аябай жакшы бийлешет.
– Үч жашар балдар?! Бийлей алышабы алар?
– Ой ооба. Сен экөөбүздөн жакшы бийлешет. Көрөсүң го.
– Аа. Мейли анда. Андан кийин, дагы 6 ак калпак-туу киши. Алардын жанына 5 аял.
– Омей Самат, эмнеге бешти? – деп чырылдай ко-шулду жанындагы кыз.
– Кызыксың го. Сенин атаңдын инисинин аялы келе алмак эмес да баары бир.
– Эми келе албаса деле ордуна кошуп койо берчи. Тамада «кыздын атасынын бир тууганы» деп чакырып калса Жаныкул байкем жалгыз чыкмак беле?
– А макул анда. 6 ак калпак киши, 6 жоолукчан аял. Анан, 6 же 7 классташ.
– Классташтар бизде 6-7 деп берилбейт. 5 же 10 деп берилет.
– Мейли анда. 10ду жазып койуңуз.
– Дароо эле тактап алалычы. Классташтарыңыз кан-дай болсун? Баары тең күрмө-шым, ак көйнөкчөн кел-синби?
– Ии баса. Мен да ушуну ойлоп отурдум эле. Бизге он классташ болду да. Ошондо алардын ичинен сегиз-дейи кычырап кийинген, сонун бийлеген балдардан
болсун. Экөөсү болсо мындай эле жынсы шым, кара свитер кийген балдардан кылыңыз. Анан тигилер бий-леп атканда ошол экөө мындай четкерээкте эле кол чаап, кыйшалаңдап турушсун да. Болбосо баарын тең кычыратып салсак тойдун жасалма экени билинип ка-лат го. Чыныгы нукура тойго окшосо жакшы болот
деп ойлойм.
– Түшүнүктүү, түшүнүктүү. Дагы айта бериңиз. Ма-стардын кереги барбы?
– Мастардын? Айка керекпи мастар?
– Жинди го! Мас жок дагы той болчу беле? Мас жок болсо тойдун жасалма экени даана билинип калбайбы.
– Ой эми ансыз деле билишет да.
– Койчу эй Самат. Ушунуң эле жаман да. Эмне баары эле биле бермек беле? Эртеңки жашооңду да ойлосоң. Кийин бирөөлөргө сүрөт-пүрөттөрүңдү, видеоңду деле
көргөзөсүң да. Анан алар «ии сонун той өткөрүшүптүр» деп ойлогудай болуш керек. Азаматтар депчи.
– И макул анда. Эже, бир мас кошуп койуңуз.
– Бир мас жакшы болбой калат менимче.
– Эмнеге?
– Негизи бир мас болгондо ал көбүнчө эле ар кимге барып тийишип, ордуна жөн отурбай калжактай берет.
– Анда эки мас кылыңыз.
– Жок, эки мас да жаман. Экөө ар кайсыны тала-шып, урушуп кетишет. Эң жакшысы үчтү кылгыла. Ка-жылдашып- кужулдашып тойдун көркүн ачат.
– Аа, макул анда, үчөө десеңиз үчөө болсун. Эне-син урайын үйлөнүү той эмеспи бул.
– Үч мас дедик ээ? Кана тактап алалы бир сыйра. Мастар жазылды, тамада жазылды, ак калпакчан куда-кудагыйлар жазылды. Ии баса өкүл ата керекпи?
– Омиий, аны унутуп калган турбайбызбы? Сөзсүз керек да ал.
– Кандайы керек? Кычыраган неме болсунбу же...
– Албетте кычыраганы болсун да. Ушунча үлпөт кы-лып анан өкүл атага жөнөкөй кишини койсок болбой калат го... Кандайлары бар силерде?
123
– Биздеби? Бизде өкүл атанын түрү бар. Жанна, өкүл аталардын каталогун алып келчи.
Нары жактан тыпылдаган кыз каталогдорду көтөрүп чуркап келди.
– Ой-иий эже, аябай сонун өкүл аталар бар го си-лерде?
– Ооба да. Бизде баары бар. Кана, шашпай танда-гыла.
– Карачы Самат, мобул сонун өкүл ата экен. Кебе-теси да сага окшош. Ушуну алалыбы?
– Чын эле э? Кызматы эмне экен көрөлүчү? “Ору-сиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси” дейби? Кой эй мунуңду. Булар көбүнчө алдамчы, же шүмшүк
немелер болот дешет ал жактагылар. Ошол жактагы мигранттарга документ-сокумент жасап, ортомчу бо-луп бутуна турушат имиш. Кереги жок. Азыр баары
эле Орусияга баргандар да. Алар бүт жаман көрүшөт.
– Макул анда. Башка тандайлы. Дагы кандайлары бар экен?
– Койо турсаң. Мобуну карачы. Ой, “Ата-Мекен партиясынын депутаты” дегендер бар экен бул бетте.
– Ии койчу Самат ошолорду? Ата-Мекендин азыр баркы түшүп калбадыбы.
– Сен даанасың го?! Текебаев турганда Ата-Мекен кайра эле көтөрүлөт.
– Самат, кечээ эле саясат жөнүндө сүйлөшпөйбүз дебедик беле. Экөөбүз ушул темага келгенде сөзсүз уруша кетебиз.
– Ии макулчу анда. Өзүң тандачы деги. Мен эмне айтсам эле каршы чыга бересиң.
– Ии, жаным таарынбачы. Макулчу, макул сен тан-дачы.
– Жок. Мен эчтеке билбейм. Сен өзүң танда.
– Иий бултушкам. Кел анда мындай кылалы. Заман-даш партиясы азыр жакшы чыгып келетат го. Ошон-дон койобуз өкүл атаны.
– Ммм, баягы эле мигрант – пигрант, диаспо-раларыңбы? Баса, кел андан көрө мэрияда иштеген-дерден койобуз.
– Кана ошондой бар бекен?
– Бар андайлар. Бизде баары бар. Мына 16-бет-ти карасаңар. Өткөндө үйлөнгөндөр дагы ошону тан-дашкан. Азыр мэрияда иштейт деген өкүл ата аябай
жакшы өтүп атат. Кийин айтканга да жакшы экен да. Мэрияда өкүл атам бар десеңер аябай жакшы угулат.
– Макул анда. Биз дагы ошону тандадык. Ырас бол-ду. Ушуну менен бүттү го э, эже? Кана дагы бир карап койсоңуз.
– Азыр, карай калайын. Кана, тигил бар, бул бар. Төрдө тигилер отурат. Булар бар. Ии, күйөө жолдош керекпи?
– Аа ооба. Бир күйөө жолдош, бир кыз жолдош ко-шуп койуңуз. Аны унутуп калган турбайбызбы.
– Кандайынан кошойун?
– Эмне алардын да көп түрү барбы?
– Жок үч эле түрү бар. Узун, кыска анан орто бой-лу у.
– Аа, ошондой элеби? Бизге орто бойлуусунан бере бериңиз.
– Макул. Негизи, ушул орто бойлууга аябай көп кардар чыгат. Жакшы иштейт ушулар. Тынбайт да.
– Дагы эже, дагы эмне керек?
– Эже-жезде, группалаш анан коллектив дегендер калды.
– Эми алар арткы пландагылар да. Андайдан кырк кишини өзүңүз аралаштырып кошо бериңиз.
– Болуптур, аны өзүм жайгарам. Ушуну менен керектүү адамдарды жазып бүттүк окшойт.
– Эже, шашпай дагы карап, толуктап көрүңүзчү. Сиз-де тажрыйба көп да. Мындай столдорго жайгашып от-урганын элестетип карасаңыз. Биз унутуп калчу элек.
– Макул. Анда дагы бир сыйра тактап чыгалы. Та-мада бар, фотограф бар, бийчилер бар, кудалар бар, өкүл ата... Ммм... Булар тигил жакка отурса... Тигилер
бул жакка... Ии баса, чоң ата, таята дегендер жок го силерде.
– Мейли, алардын кереги деле жок.
– Негизи аларды деле кошуп коюш керек. Балпай-ып төрдө отурса аябай сонун көрүнөт.
– Самат, кандай кереги жок? Мен кийин “биз үйлөнгөндө таятам-таянем бар болчу” деп айткым ке-лет. Кошуп койолучу.
– Оой, жаным ушинте бересиң эми.
– Самаат, суранаам...
– Ии макул, макулчу. Сага таята кошуп койолу. Би-рок, бирди эле.
– Таянем деле болсо жакшы болмок...
– Ой эми “таянем айылдан келе албай калган” деп деле айтып койчу. Акча жетпечүдөй болуп турат. Дагы көп нерсе алышыбыз керек.
– Ии болуптур, болуптур. Жиндебе ээ бултушкам. Эже, кандай абышкалар бар силерде?
– Биздеби? Бизде абышканын да түрү көп. Неги-зи, тойлордо алардын келгени, чыгып бата бергени жакшы да. Бирок ошол сөз байлыгына, талантына,
келбетине, иштеген тажрыйбасына жараша абышка-лардын баалары да өзгөрүп турат.
– А эмне алардын да каталогу барбы?
– Жок, алардын каталогун чыгарган анча пайдалуу
эмес. Себеби, алар бат-бат жаңыланып турат. Өлүп ка-лат, ооруп ишке чыга албай калат, ордуна жаңы келип
калат. Кыскасы каталогу жок.
– Анда биз кантип тандайбыз?
– Ой ал оңой эле. Тиги карылар үйүнө барсаңар, башчысы толтура абышка көргөзөт. Андан сыртка-ры, атайын иштеген элитныйлары дагы бар. Алар
өздөрүнчө топ-топ болуп иштешет. Аларды чакырсаң, тез эле келе калышат.
– Жакшы экен анысы. Биз деле ошол элитныйлар- дан чакырбайлыбы?
– Макул. Азыр чакырып береийнби анда?
Администратор кимдир бирөөлөргө чалып, өздөрүнчө сүйлөшө калды да телефонду колу менен басып кызга минтип шыбырады:
– Буларга 90го чыккан абышка жаңы кошулуп-тур. Кебетеси, жүрүш-турушу кадимкидей, эч кан-дай жасалмалуулук жок дейт. Эч кимге иштей элек
экен. Бирок, жаңы келгендер кымбат болот. Себеби биринчи кардары силер болуп атпайсыңарбы? Ала келишсинби?
– Кымбат болгондо канча? – деп чыдабай кошула калды Самат.
– Эми, жаңы да... Бир түнгө 150-200 доллардын башын чапчыйт.
127
– Омиий. А саатына мынча берели деп сүйлөшүп алсак болобу?
– Андай деле болот. Мейли анда, келе берсинчи. Калганын келгенде сүйлөшөбүз.
– Макул. Баса өткөндө курбу кызым бир чалды чоң ата кылса айласын кетириптир. Тойдо аягына чейин отурбай, калп эле кыңкыстап, ыйлактап, анткорло-нуп жатып шайыбызды оодарды дейт. Булар андай эмеспи?
– Аа, жанагы карылар үйүнүн чалдары ошондой болот. Эптеп эртерээк кетиш үчүн ошентип туйлай берет. Алганга жараша мобу элитныйдан алыш керек
да. Булар акча үчүн иштеген немелер каалаганыңды кылат.
– Аа, ошондойбу? Анда элитныйынан эле алалы, ээ Самат?!
– Макул. Бир ооз кебиң катта майрам дечү беле. Кана, анда бүттүбү кишилер?
– Ооба, бул жагы бүттү. Эми дасторкон калды. Абышкалар келгиче дасторконду ойлонуштура берели.
– Эже, эми столду өзүңүз билип тейлей берсеңиз болот. Эки-үч түр салат. Ортодо боорсок, момпосуй, печенье, алма өрүк, иши кылса дасторконду толтуруп
коюңуз. Анан эки ысык тамак бересиз дагы, кетээрде эт тартасыз. Баса, тамак-самактарыңыз чыныгы тамак-тай эле көрүнөбү? Камерадан караганда билинип кал-байбы?
– Жок, кокуй! билинбейт такыр. Тим эле алма-өрүккө чейин кадимкидей.
– Деги билинбесе болду. Ии баса! Бир столго чы-ныгы тамак-аш койдуруңуз. Аны унутуп кала жаздаган турбаймынбы. Болжол менен беш, же алты кишилик
столду кдаимкидей кылып даярдап коюңуз. Алар ме-нин чогуу иштешкендерим болот. Уят болбогудай бо-лолу. Кошумчаны жакшы кошуп атышат буюрса.
- Аа, макул. Аны жасайбыз. Макул анда, абышкалар келгиче отура тургула. Мен азыр келем..
#28 17 Июнь 2015 - 14:48
#30 17 Июнь 2015 - 18:22
Эрмендер
Бала кезимде апам алып келип берген китептерди агам экөөбүз талашып окучу элек. Айрыкча, «кыргыз эл жомоктору», «белорус эл жомоктору», «чет элдик жомоктор» деген китептер биздин сүймөнчүгүбүз болчу. Балалык сезимдерибиз дагы ошолор менен алга чабыттады окшойт. Чиркин, кандай сонун жомоктор эле... Бирок, ошолордун арасында бирөө бар болчу. Мага көп жакчу эмес. Эч кандай деле мааниси жоктой, тажатмадай сезилчү. Болгондо да кыргыз эл жомогу болсо керек эле. Азыр атын да айтам. Аты «Топулуу торгой» беле?... Ооба, так ошондой болчу. Эсиңиздердеби, торгой учуп баратып топусун эрмендин арасына түшүрүп алат. Анан аны алып бер деп эрменден өтүнсө эрмен алып бербей койот. Анан эрменди жедириш үчүн эчкиге барат. Бирок эчки да тил албайт. Ага өчөшүп торгой байкуш карышкырга барат. Бирок кашабаң да кашаят. Торгой бечера жылкычыга арызданат. Жылкычы да болбойт. Кыскасы ошентип биринен бирине өтүп жүрүп аягында куюнга жетет эмеспи. Анан куюн байдын байбичесинин жүнүн сапырат, байбиче балдарды сапырат, балдар чычкандын ийнине суу куят, чычкан байдын курсагын тешет. Бай болсо жылкычыларын урушуп, жылкычылар карышкырды, карышкыр эчкини кууйт. Эстедиңизби? Мына ушул жомок мага такыр маанисиз, анан өтө узун, өтө тажатма сезилчү. «Эмне болуптур» дечүмүн. «Торгой топусун түшүрүптүр, анан кайра ар кимге даттанып жүрүп алыптыр. Анын эмнеси кызык?» деп таң калчумун. Ушунча нерсени чубалжытып жазгандарга жиним келчү. Көрсө жомокту түшүнгөн эмес экемин ошондо. Ал жомок тажатма эмей эле укмуштуудай көрөгөчтүк менен, укмуштуудай даана жазылган жомок тура. Кантип дейсизби? Эмесе угуп туруңуз...
Бүгүнкү күнү тээ айылдардагы, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы маселелерин ошол жердеги «эрмендердин» айынан бүтүрө албай какпаган эшиги, жебеген кешиги калбай жүрүп отуруп ушул борборго чейин келип казысын салган байга, карынды жарган карышкырга жетпесе да жогорку сотко, премьерге, же так эле президентке чейин үнү жетип, андан да болбогондо чуулдаган балдардай чуркураган депутаттарга, депутаттарды жүндөй сабаган генпрокурорго, андан да айла болбой, аргасы кеткенде куюндай учуп, желдей сызып жүргөн журналисттерге барып ыйлап-сыктап арыз муңун айтып отурган «торгойлор» көбөйүптүр. Же калппы? Айыл мектебиндеги мугалим, аймактык милиция, аймактык сот, айыл өкмөт, кайсы бир мекеменин эсепкери, светчи, токойчу, керек болсо 1-2 жылдык окуусу менен бир айылга «актип» болуп калган мал доктуруна чейин өзүн бир шумдук сезип, мойнундагы милдетин аткарбай коюп, натыйжада анын иши Чубактын кунундай чубалып ушул борборго чейин жетүүдө... Эхх эрмендер, эрменде-ер.. .
#31 18 Июнь 2015 - 00:01
Атанын куру
Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет.
- Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле.
Балдары атасынын айтканын туура көрүп жолго камына башташты. Кемпир байкуш үкөктө калган талканын кагып, балдарына азык камдады. Абышка болсо колундагы мал-мүлкүн үч баласына бөлүп берди. Улуу баласы дароо эле короодогу жалгыз эчкини алам деди. Ортоңкусу болсо бакчада турган эки казды кармап, кабына тыкты. Ошону менен абышка-кемпирдин байлыгы түгөндү. Кичүү уулу ак көңүл, боорукер бала болгондуктан ата-энесин кыйнагысы келбей эки жагын каранды. Анан жүктүн кырында илинип турган атасынын эски, кайыш курун көрүп ошону колуна алды.
- Атаке, апаке, мобу курду мага бергиле. Бул силердин мага берген белегиңиздер болсун, - деди.
Абышка- кемпир айла жок ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп үч уулун сапарга чыгарды. Жолдо келетканда эки агасы кичүүсүн шылдыңга алып, какшыктай башташты.
- И, кана иничек, сен бул курду канчага сатасың? Же хандын кызына белек кыласыңбы? – деди улуусу.
- Жоок, сен муну эч кимге көргөзбө. Бул ааламда куну жок кур. Бирөө көрсө башыңды кесип кетет, - деп каткырып күлдү ортоңкусу. Кенже уул болсо аларга эч нерсе деп жооп кайтарган жок. «Кудай берем десе эчкилүүгө да берет, эски курлууга да берет» деп ойлонду ал ичинен.
Көп өтпөй үчөө чаканыраак шаарга келишти. Ал жерден улуусу эчкисин сатып базарда отурган кумарчыларга кошулду. Ортончусу болсо эки казын сатып ашканага кирди. Кичүүсү аларды канча айтса да угушкан жок. Укмак тургай алар ачууланып кубалап жиберишти. Айла жок кичүүсү андан нары жалгыз жолун улады.
Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, айтор бир күнү ал жол боюнда төө кармап отурган кишиге туш келди. «Мындай ээн талаада бул киши эмне отурат? Же жолунан адашып калганбы?» деп таң калды бала.
- Ассалоому алейкум! Бул жерге эмне болуп отуруп калдыңыз? – деп сурады ал.
- Алекум салам иничек. Эмнеге отурат дейсиң? Жүк арткан жибим үзүлүп, каптарымдын баары ооп калды. Эми буларды таштап кете албай ушул жерде отурам.
Бала тигинин жибин алып караса кичине эле жетпей туруптур. Дароо атасынын курун алды да жипке улай салып экөөлөп каптарды төөгө артышты. Андан кийин жолдо төөнү алмак-салмак минип бир шаарга чейин барышты. Көрсө, ал киши кийим тиккен тикмечи экен. Бала аны менен бат эле тил табышып, андан тикмечиликти үйрөнмөй болду.
Ошону менен арадан айлар өттү. Ар нерсеге зээндүү, элпек бала бат эле кыйын тикмечи болуп чыга келди. Колуна тийген кездемеден түрдүү кийимдерди тиге калганды аябай жакшы үйрөндү. Акыры ишти толук үйрөнгөнүнө көзү жеткенде устаты менен кош айтышып сапарын андан нары улады.
Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү белгисиз, бир күнү бала токтоп турган арабага туш келди. Арабанын жанында бир киши ат кармап туруптур. «Бул киши эмнеге мында турат? Же бирөөнү күтүп атабы?» деп ойлоду бала. Кишиге жакындай бергенде:
- Ассалоому алейкум абаке! Бул жерде кимди күтүп атасыз? – деп сурады.
- Алекум салам, иничек! Кимди күтөт элем. Араба менен отун тартып келетсам тизгиним үзүлүп калды. Эми ал жок же атты башкара албай, же арабамды калтырып кете албай ушул жерде турам, - деди тигил.
Бала жакшылап караса тизгинди улаганга көп деле кайыштын кереги жок экен. Дароо атасынын курун алып чыгып, тизгинди улай салды. Ошону менен арабачан киши экөө андан нары чогуу жол улашты. Жолдо катар аркы-беркини сүйлөшүп отуруп бат эле ынак болушту. Көрсө бул киши токойдон жыгач алып келип, андан ар түрдүү буюмдарды жасаган жыгач уста экен. Баланын өнөр үйрөнгөнү чыкканын угуп, устачылыкты үйрөтмөй болду.
Ошону менен арадан айлар өттү. Акылдуу бала бат эле устачылык өнөрүн үйрөнүп, чыгаан уста болуп чыга келди. Колуна тийген жыгачтан түрдүү оокаттарды жасаган ага кеп болбой калды. Качан бул кесипти жакшылап үйрөндүм деген күнү устадан уруксат алып андан нары жолун улады.
Аз жүрдүбү көп жүрдүбү айтор бир күнү ал жол жээгинде отурган бир абышкага жолукту. Ал бир ташка отуруп алып кайгырып отуруптур. «Бул кишиге эмне болгон? Же бирдемесин жоготконбу? » деп ойлоду бала.
- Ассаламу алейкум, атаке! Бул жерде эмне отурдуңуз? – деп сурады ал жакындай келгенде.
- Алейкум салам, балам! Кайсы бирин айтайын деги. Алдан-күчтөн тайдырып какшаткан карылыкты айтайынбы, же алты жылда бир табылчу дарыны айтайынбы? – деп кейиди абышка. Анан кебин минтип улады. – Тээ тиги жардын кырында турган көк талкан деген табылбас дары. Бул жалганда ал дарыдан айыкпай турган оору жок. Ошол дарыны көрүп алып же жетип ала албай, же таштап кете албай отурам, балам.
Бала абышка айткан дарыны карап желкесин кашып бир саам ойлонду да атасынын курун алып улам бир ташка байлап көтөрүлүп отуруп көк талканга жетип, алып түштү. Ошондогу абышканын кубанганын айт. Так секирип бийлегидей болсо аскада чуркаган тоо эчкилер жолдо калгыдай. Көрсө ал тамыр кармап кеселди таап, чөптөн дары жасап элди айыктырган дарыгер экен. Экөө бат эле тил табышып ынак болуп кетишти. Ошону менен ал абышкадан дарыгерликти үйрөнмөй болду.
Арадан күндөр өтүп, айлар алмашты. Табыпчылыкты үйрөнүп баштаганына толук бир жыл болот дегенде бала дасыккан дарыгер болуп чыга келди. Анан абышкадан уруксат сурап андан нары жолун улады.
Ошону менен аз жүрдүбү, көп жүрдүбү белгисиз, бир күнү бала чоң шаарга жетип келди. Келсе шаар эли бүтүндөй кара кийинип, кайгыга батып туруптур. Кабагын ачып күлгөн бир жан жок. Элдин баары түнөрүп алда немеге аза күтүп тургандай. Бул көрүнүшкө таң калган бала алдынан чыккан кишиден иштин жайын сурады.
- Абаке, эмне мынча кайгыга батып, кара жамынып алгансыңар? – деди ал.
- Ээ, балам, сен сураба мен айтпайын! Бул биздин хандын буйругу, - деп жооп кайтарды тигил киши. Өз элин мынча кайгыга салган хандын кылыгын түшүнбөй ого бетер такыды. Ошондо жергиликтүү адам ага минтип жооп кайтарды:
- Биздин хандын ай десе аркы жок, күн десе көркү жок айдай сулуу кызы бар. Ошол кызы бир жылдан бери төшөктөн тура албай ооруп жатат. Падышабыз аны айыктырып алыш үчүн канча аракет кылса да болбоду. Акыры ал бардык элди кара кийип, аза күтүүгө жарлык чыгарды. Эгер кызы ушул бойдон айыкпай турган болсо шаардагы кыз аттуунун баарын дарга астырам дейт. Ал эми кимде-ким кызын сактап калса, анда ага кызы менен жарым байлыгымды берем деп жатат.
Бала аны укту да түз эле хандын алдына барды. Алгач падыша анын кебетесин көрүп ишене алган жок.
- Бул жерге неченденген олуялар, чачын ак баскан улукмандар келип эч нерсе кыла албай кетти. А сен болсо ээгиңе бир тал түк чыга элек жапжаш бала экенсиң. Менин каарыма кабыла электе кетип кал, -деди ал. Бирок бала андан коркуп калган жок. «Устатым берген көк талкан турганда бул дүйнөдө айыкпай турган кесел жок» деп өзүнө ишенди. Акыры падыша аны кызына киргизип, дарылоого уруксат берди. Арадан көп деле өткөн жок. Хандын желдеттери алка-шалка түшүп жарыша чуркап келип кыздын айыкканы тууралуу ханга сүйүнчү айтышты. Бечера хан уккан кулагына ишенбей чуркаган бойдон кызына барса чын эле канчадан бери эс-учунан танып жаткан кызы куландан соо болуп ойгонуп отуруптур.
Падыша кызынын айыкканына кубанып бүткүл казынасын ачтырып отуз күн, отуз түн тынымсыз той берди. Бүтүндөй шаарды каптап турган кайгынын илеби тарап, кадимкидей шаңга бөлөндү. Бирок, падыша мурунку берген убадасын унутуп, эч нерсеси жок кедей балага кызын бергиси келбей кыйыла баштады. Акыры ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп бир шылтоо тапты.
- Мен болгон амал-айламды колдонуп кызымды өлүмдөн сактап калдым. Бирок, аны өзү жактырбаган бирөөгө берип, кайрадан азап тартышын каалабайм. Эгер кызымдын көңүлүн таба алсаң алып кет. Эгер таба албасаң жарым байлыгымды берем, бирок кызымды бербейм, - деди хан.
Бала хандын убадасынан кайтып, бербестин амалын кылып атканын түшүнсө да, айласы жок анын шартына макул болуп ханышанын көңүлүн тапмай болду. Кыздын алдына келип жүз аарчыдан укмуштуудай кооз гүл тиге салды. Муну ал тикмечиден үйрөнгөн болчу. Андан кийин камчысынын сабын ары-бери жонуп тыпырайган куурчак жасады. Муну болсо жыгач устадан үйрөнгөн. Ошентип, өз колунан чыккан эки белегин хандын кызына сунду. Баланын мындай өнөрү менен, укмуштуудай кооз белектерине хандын да, кызынын да көңүлү түштү. Ошондо алар мынчалык өнөрдүн баарына кантип жетишкенин сурашты.
- Мунун баарына атам менен апам берген тарбия, боорукердик жана адамгерчилик аркылуу жетиштим, - деп жооп кайтарды бала.
- Башка эч нерсе короткон жоксуңбу? – деп ого бетер таң кала сурады хан.
Бала койнуна катып жүргөн атасынын курун алып чыгып,
- Бул атамдын эски куру. Бир гана ушунун күчүн короттум, - деди.
Падыша баланын акылмандыгына, адамдык сапатына эми чындап суктанып ага кызын берип, өзүнүн ордуна падыша кылып дайындады.
Боорукер бала сүйгөнүнө жетип, такка отурганына үч күн, үч түн той берди. Бул тойго алыста жүргөн атасы менен апасын да алып келди. Андан кийин эки агасын таптырды. Агалары бүткүл акчасын уттуруп, ар кимдин үйүндө малай болуп жүрүшкөн экен. Боорукер бир тууган аларды да жанына алдырып үстүлөрүнө үй берди, астыларына ат берди. Ошентип баары жыргап-куунап бактылуу жашап калышты...
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 18 Июнь 2015 - 00:06
#33 18 Июнь 2015 - 17:53
Союз тарагандан бери каралбай калган кашарды көздөй кеткен жалгыз аяк жолдо эрбейген эки кичине бала жээрде атка учкашып баратышты. Күн өрөөндү кыркалай жайгашкан тоого алда качан жашынып, акыркы кызгылтым нурлары да өчүп бараткан. Жайлоодо бир айча бош жүрүп келген жалпак жээрде үстүндөгү эки балага анча баш ийе бергиси келбегенсип алчактап басып алган. Жол жээгинде дүпүйө өскөн чийдин дүмүрлөрүнө жакындаган сайын кошкурук атып окуранып, жалт берчүдөй чакчаңдап, жолдон чыга атырылып жөнөп кете жаздап да атты. Алдыга минген улуураагы колуна тизгинди орой тартып, чыңкылдап үнүн бекем чыгарганы менен, көөп турган неме бир ээлигип алса иниси экөөнү жыгып кетээрин ойлоп, ичинен калтаарыйт. Арттагысы болсо агасын эки колдоп бекем кучактап жабышып алып, такыр үн-сөз жок. Ансыз да жол жээгиндеги дүпүйгөн караандардан коркуп келаткан жаш немени, аттын минтип кошкурук атып турушу таптакыр коркутуп салды. Бул жакка буларды атасы жиберген эле. Жайлоодон кармап келген атты бүгүн тиги эски сарайдын жанындагы төшкө аркандап келгиле деген. Күндүз ушул чөйрөгө чейин ойноп келип жүргөн балдар, бул жолдордун түнкүсүн мынча сүрдүү болоорун кайдан билишиптир. Үйдөн кожурашып шаңдуу эле чыккан немелер, минтип жарым жолдо эле үрөйлөрү учуп, убакыттын тезирээк өтүшүн самап унчукпай келатышты.
«Так, таак» деп кыйкырып алды аңгыча агасы тизгинди кага. Ат сол жакты көздөй жалт берип барып токтоп калды. Агасын бекем кучактап алып, көзүн жумуп келаткан Марат аз жерден кулап кала жаздады. Көзүн ачып караса жол жээгиндеги эски мүрзөлөрдүн тушуна келишкен экен. Жалпак жээрде так ошол мүрзө жакты карап, кулактарын тикчийтип кошкуруп туруптур. Окуранып бир саам туруп калган жээрде ат, бир маалда сол тарапты көздөй шарт ойт берип, атырылып жөнөдү. Жана кыйшая түшкөн Марат эми оңдонуп отурмакчы болуп, агасын кармаган колун бошото берген окшобойбу, ат жалт бергенде кулап барып башы жердеги катуу нерсеге бир урунду да, эсин жоготуп койду. Ат тизгини менен алышкан Самат болсо, бир далайга «так, таак» деп кыйкырып, тизгинди тартып жүрүп эски кашардын тушуна жеткенде араң токтотту атты. Токтоткону менен жана мүрзөнүн арасынан көрүнгөн караан артынан аңдып, жакын эле жүргөндөй сезилип жатты. Коркконунан кичинекей жүрөгү чыгып кетчүдөй дукүлдөп алган. Алды-артын карагандан эси чыгып, тизгинди тырыштыра кармап келе берди. Мына, кашарды кыштаган чабандар жашачу эски тамга да келди. Атасынын айтуусу боюнча ээрди бул тамдын ичиндеги ороого катып, анан атты тиги төшкө аркандаш керек эле. Үстүндөгү чатырынын ар кайсы жери оюлуп, эшик терезеси капкара болуп аңырая ачылып турган там, сыртынан эле бир топ коркунучтуу эле. Так ушул маалда Саматтын эсине бул тамдын ээси тууралуу айылдагы балдардын айткандары келе калды. Алар тамдын ээсин «ак киши» же «көрүмчү» деп коюшчу. Караңгыда, кээде күндүз деле ар кимдин көзүнө көрүнүп, кайра жок болуп кетип турат дешчү. Ансыз да эси чыгып турган Самат, эми кантип бул тамга кирем деп ойлонуп жатты. Бирок эмнеси болсо да кириш керек эле. Болбосо ээр койгонго башка ыңгайлуу орун бул жакта жок болчу. «Ай жарык эмеспи» деп өзүн алдамыш болгон Самат, учкашкан инисин аттан түш демекке бурула берип, артында эч ким жок экенин эми байкады. Жанатан бери ар кайсыны ойлоп коркуп келатып, инисинин кайдан түшүп калганын да байкабай калган экен. Дене бою калчылдап, колдору титиреп жатты. Негедир мүрзөдөгү караан эсине келе калды. Марат ошол жерден ат үрккөндө түшүп калды деген ой келди. «Тиги караан Маратка көрүнбөдү бекен? Байкуштун жүрөгү тушуп калды го. Балким ал ошондон нары кайра айылга чуркап кеткендир» деп аягында өзүн-өзү жооткотуп алды. Дароо жерге түшүп эшиктин чагарагына атты байлай салды. Эми бурулуп аттын ээрин алмакчы болуп атканда үйдүн чатырынан күүлдөгөн добуш жаңырып кетти. Жалпак жээрде кошкурук атып үркүп, аз жерден эшикти жулуп кете жаздады. Эмнеден чочуганы белгисиз, тамдын чатырындагы көгүчкөндөр күрүлдөп учуп атты. Жүрөгү токтобой лакылдап согуп, колдору титирей берип, аттын басмайылын араң чечти. Жүгөндү шыпырып, ээрди куйрукту көздөй жылдырды. Кичинекей неменин бою аттын үстүнө араң жетип жатты. Куйрукту бери тартып куюшканды чыгарды. Эми тердикти шыпырса эле бүтөт. Бирок мунун баарын бир көтөрүп киргизе алмак эмес. Демейде ээрди өзү көтөрсө, тердикти иниси Марат алып келчү эмес беле. Эми бул үңкүрдөй тамга эки жолу кирип чыгабы? Эптеп бир эле кирип чыгып, тезирээк кетсе болмок. Ай тептегерек болуп чакыйып турганы менен тамдын ичи кап-караңгы. «Кантип эптештирип бир көтөрүп кирем» деп турганда үй жактан жаш баланын добушу чыкты. Ооба, Мараттын добушу. «Самат байке ээрди алып келе бериңиз, тердикти мен алып кирем» деди. Бул качан келе калып үйгө кирип кеткен өзү? «Марат сен ал жакта эмне кылып жүрөсүң» деп сураганча Самат шарт эле кирип барды тамга. Караңгы тамдын төр жагындагы ороонун аңырайган оозунда Марат ылдый карап отурган экен. Агасы кирери менен нары секирип түшүп кетти. Көргөн көзүнө ишене албай бирдемге туруп калды. Марат бул караңгы ороого кантип коркпой кирип кетти деп таң калып жатты чынында ал. Аңгыча «Самат байке мени тартып койчу» деп чырылдап жиберди иниси ороодон. Эки аттап чуркап жетип, эңкейип ороонун түбүн карай бергенде кимдир бирөө жакадан кармап тартып жибергендей болду да, түпкүрдү көздөй кулап кетти. Көмкөрөсүнөн кулаган неме, ороонун көрдөй караңгы түбүнө кулап түшкөндөн кийин, коркконунан көзү караңгылап барып, эсинен танып калды.
***
#34 19 Июнь 2015 - 01:02
***
#35 19 Июнь 2015 - 18:04
Ошону менен арадан айлар өттү. Мезгил кеч күзгө таяп калган. Элдин баары жайлоодон түшкөн мал-салын толуктап, кармачусун кармап, талаада жатчусун талаада акмалап багып жүргөн убак. Керели кечке балдар менен ойноп жүргөн Кубанычты кечинде апасы «торпокторду таап кел» деп кыйкырып, кубалап чыкты. Колуна чыбык көтөрүп алып каргап-шилеп, баласын бир топко чейин кууп да келди. Кубаныч канчалык тентек, оюнкарак болгону менен апасынан аябай коркчу. Анын үстүнө эки күн мурда да ушинтип ойноп жүрүп ала торпогун жоготуп, атасы эртеси камактан чыгарып келген. Ошондо апасынын чыбык менен шыйракка чыпылдата чапканы эсинен кете элек. Карабайсыңбы эми, алар бүгүн да жок. Тим эле өчөшкөнсүп баары жок. Торпокторун ичинен тынбай сөгүп, дикилдей баскан Кубаныч, айыл ичиндеги алар бара турган жерди бүт карап чыкты. Мектептин айланасы, суунун жээги, тиги шалдыр Сапардын картошка айдаган аянты, деги бүт карады. Аңгыча ага өзү теңдүү Тилек жолугуп калды. Ал дагы торпокторун издеп жүргөн экен.
-Кечээ тиги Жумабайдын баласы чөбүнө кирген Мусанын торпогун эски кашарга камап салыптыр. Бүгүн экөөбүздүкүн да камаган го, – деди Тилек бир саам баскан соң.
- Эй, ошо торпокторду ушул кыштактан ошол сарайга алып барыптырбы, ал келесоо?
-Жок эй, ал ошол сарайдын бери жагына быйыл чөбүн жыйбады беле. Анан анысын эптеп тосумуш болуп койгон. Бирок мал жөн эле кирип кетет ага.
- Анда эмне, ошол жакты карап келелиби... Караңгы кирип баратат го...- деп барып токтоду Кубаныч. Кебетеси коркпойсуңбу деп айтыштан тартынды окшойт. Эркек эмеспи, намыстана түштү.
- Караңгы кирсе эмне болуптур. Жүрү тезирээк карап келели. Менимче биздики ошол жакта, - деп Тилек ишенимдүү айтып жиберди. Айла жок, Кубаныч коркконун билдирбей макул болду да, жөнөп кетти. Экөө жалгыз аяк жол менен кыштактан чыкканда айланага күүгүм кирип калган эле. Алгач алар жакшы эле шаңдуу баратышкан. Торпокторун даана көрүшө элек болсо дагы, тим эле барып эле айдап келчүдөй, кудуңдап да алышкан. Ырас, эми таап барса апалары да урушпайт эмеспи. Бирок, алар тиги эски сарайга жеткенде айланага таптакыр эле түн түшүп калды. Жетээрин жетип алышып, капкараңгы сарайдын ичине кантип киришти билбей, бир саам акмалай басып жүрүштү. Баягы балдар айтып жүргөн сарайдын ээси деген шумдук экөө кирсе эле жакадан алчудай болуп, тим эле жүрөктөрү лакылдайт. Болбосо кечээ эле бир бала ак киши тууралуу айтканда шылдыңдап коюшкан. Ким билет, балким, бул экөө тура берип кайра кетип калышат беле, аңгыча сарайдын ичинен малдын добушу угулгансыды. Экөө «сен да уктуңбу» дегендей бири-бирин карады дагы, сарайдын эшигине бет алышты. Эски эшик чынында бек деле эмес болчу. Биринчи Кубаныч акырын эшикти ачып, ичине баш бакты. Сарайдын ичи көөдөй караңгы.
-Тилек сага бирдеме көрүнүп жатабы?- деди Кубаныч акырын шыбырап. Артында турган Тилек эшиктин нары жагында турган терезеге арта салынып, сарайдын ичин карай баштады. Ушул убакта тээ тиги сарайдын түпкүрүндө, кара чачы жайылган ак кийимчен аял экөөнү карап отурду. Көзүн бардап-бардап алып, үңүлө карап жаткан Кубанычка ал өзүнүн ала торпогунун башындай көрүнүп кети. «Тигине ала баш. Эми тезирээк кирип, айдап чыга калыш керек да, кетиш керек». Ушул ойдо Кубаныч эшикти ача салып сарайдын түпкүрүн көздөй кирип кетти. Артынан Тилек коркконунан дем чыгара албай, жыла басып келатты. Бирок, Кубаныч жанагы торпогун көргөн тушка жеткени менен, эч нерсе таппай калды. Ал тургай терезеден араң түшүп турган жарык да жок болуп кеткенсиди. Капкараңгы сарайдын ичинде эки бала элейип туруп калышты.
- Кубаныыыч, - деген үн чыкты бир маалда. Биринчи Кубаныч муну Тилек айтты го деп ойлоду. Ал коркуп атат окшойт деп, жооп деле бербей алдыга баса түштү. Өзүнүн коркконун ага билгизгиси келген жок. Дагы беш кадамча баскан кезде Кубаныч деген үн дагы чыкты. Бирок, бул жолу ал алды жактан угулду. Мына ушул кезде анын көзүнө төрдөгү ак сөлөкөт көрүнө түштү. Ал буларды көздөй жылып келаткан. Аңгыча Тилек бир бакырып алды да, тызылдай чуркап сарайдан чыгып кетти. Кубаныч деле жакшы эле артынан жөнөгөндөй болгон, бирок сарайдын эшигин кудум бирөө түртүп ийгендей, жабылып калды. Эшикке жетип түрткүлөгөнү менен эч майнап чыкпады. – Кубаныч, балам, мен сени күтүп жатпайымбы. Келчи бери! Мен сенин апаңмын го, - деп шыбырады аял баланын кулагына. Кубанычтын жүрөгү оозуна тыгылып, коркконунан бүрүшүп отура калды. Бирок аял аны бекем кармап, башын өйдө көтөрүп, өзүнө карата бергенде тигинин кебетесин көрүп, эсин жоготуп койду.
**
Алды артын карабай чуркаган Тилек, улам бир жерге чалынып жыгылып, буту-колу сыйрылганына кайыл боло, айылды көздөй катуу чуркап келатты. Анын ою токтоп калгандай. Бакырып ыйлап кана келе берди. Сарайдан бир топ узаган кезде аны кандайдыр бир ак ит кууп жетип, багалегинен бурдап тиштегендей болду. Тилек бир тоголонуп түштү да, кайра тура калып иттен качып жөнөдү. Бирок, ал бул жолу айылды көздөй эмес, мүрзөнү көздөй бет алды. Чынында мүрзө ага айыл сыяктуу көрүнүп жатты. Ак ит болсо аны артынан такымдап кууп келатты. Дегеле кала турган түрү жок. Улам багалегин бурдап өтүп, баланын шаштысын кетире берди. Чымылдап чуркаган бойдон мүрзөнү аралап киргенде ит жоголуп кетти. Тилек буту бутуна тийбей тызылдап чуркап келип, жарык чыгып турган бир жерге шарт эле кирип кетти. Эки аттап тээ төрүнө жетип, бир бурчуна тыгылып отуруп калды. Качан жанагы ак ит келип баса калат деп кечке бүрүшүп, башын катып жатты. Бир маалда акырын башын көтөрүп, айланасын карай баштады. Ал ар кай жери кулай баштаган эски дубалдардын ичинде жатканын эми байкады. Ортодо аңырайган чуңкур. Чуңкурдун наркы капталында үстүн шыбак басып, дүпүйгөн тикенектер өскөн дөбөчө. Ого бетер үрөйү учкан Тилек, жакшы эле сыртка чыга качмакчы болуп эшик тарапты карай бергенде, жанагы ак иттин куу тумшугу көрүнүп, ыркыраган үнү угулду. Ооба, ал сыртта эле турган экен. Бала, кайра бетин басып, бүрүшүп жатып калды. Көп жаткан жок окшойт, «Тилек» деген үндөн селт этип чочуп кетти. Бирок, эч башын көтөрбөй жата берди. Бир маалда атасынын коркунучтуу бирдеме болсо, келме келтирип жүр дегени эсине келип, шашыла шыбырап келме келтире баштады. 3-4 жолу кайталаган кезде «токтот аныңды» деген аялдын өктөм үнү угулду. Тилек эми келмени да айта албай калды. Көзүн ого бетер жумду. Кимдир бирөө жакындап келип жанына отурду. «Тилек, ач көзүңдү. Бул мен, сенин апаңмын» деп сүйлөп муздак колдору менен башынан сылай баштады. Тилек апаң дегенге алдандыбы, айтор акырын көзүн ачып карап алып, алайып отуруп калды. Мүрзөнүн ичи караңгы болгону менен маңдайында аппак кийимчен, чачы артын көздөй жайылган аял ага даана көрүндү. Ошону менен байкуш бала тил ооздон калып, эсин жоготуп отуруп берди. Ак кийимчен аял Тилектин башынан ылдый муздак колу менен сылап келип, колунан аяр кармады дагы, «турагой» деп өйдө сөөп тартты. Эмеле тызылдап чуркап жүргөн тентек эми кудум маңкурт болуп калгандай, аялдын айтуусу менен гана болуп калды. Эсине бир келгенде аял аны эски кашардын малчылар жашай турган тамындагы ороого киргизип, кымтылап жаткырып аткан экен. Жанында так өзүндөй үн-сөзсүз, көздөрү алайган Кубаныч да жатыптыр. Ак көйнөкчөн аял аларды жаткырган соң улуп-уңшуп ыйлап, бирөөлөрдү каргап шилеп баштады. Анын каргышы күчөгөндөн күчөп, какшанган ыйы адам чыдагыс ачуу чыңырыкка айланып баратты. Күтүлбөгөн ызы-чуудан тамдын чатырындагы көгүчкөндөр ары-бери үркүп, күүлдөп учуп жатышты. «Каракчылар, наадандар. Балдарыма тийбегиле. Балдарымды эч кимге бербейм. Каргыш тийгирлер, колуңар сынып, көзүңөр соолуп калсын» деп кыйкырып ыйлай берди аял. Анын жайылган чачы ого бетер саксайып, далбактаган ак көйнөгү алба-далба болуп айрылып кеткен. Купкуу болгон бети-башы жаңы эле жарылгансып, шүүшүңдөп аккан канга бойолгон. Анда-санда улам ороого түшө калып, эки баланы эски кийиз менен ороп, кымтылап коюп кайра эле каргана берди. Бир маалда ал сыздаганын токтотуп, тамдын ичинде жаткан эски-уску кийиздерди, терилерди, таар-талпактарды алып келип ороого таштай баштады. Кудум балдарды бирөөлөр уурдап кетпесин дегенсип, тапкан ташыганы менен экөөнү жаап атты. Улам дүп-дүп этип үстүлөрүнө түшүп жаткан терилердин, талпактардын, эски чокмороктошкон кийиздердин ачуу жыты каңылжарды өрдөй бергенде Тилек бир эсине келди. Үй ичи дагы эле көрдөй караңгы экен. Колу-башын кыймылдатайын десе үстүн оор бирдеме басып калгандай. Аба жетпей айласы түгөнүп баратканда, акыркы демин топтоп «апа» деп алсыз шыбыраганга араң жарады. Бирок ага апасынын ордуна өңү купкуу, чачы саксайган аял жооп берди. «Акырын балам. Бизди бул жерден эми эч ким таппайт» деп кан сөлү жок арбайган колдору менен баланын оозун жапты. Тилектин акыркы эсине келгени ошо болду. Дүйнө айлан-көчөк атып, баары тескери оодарылып кеткендей болду да, тымтырстыкка айланды....
***
Сыдырым соккон желдей тараган суук кабар айылдагы ар бир үйдө кайталанып жатты. Кээси көргөнүнө укканын кошуп айтып жатса, кээси укканына ойлогонун кошуп айтып дегендей, күздүн кыска күнү жарымдагыча жүрөктүн үшүн алган окуя жетпеген киши айылда калган жок. Мурдагы күнү кечинде торпок издеп кеткен боюнча жоголгон балдарды издеп жүрүшүп, жакындары бүгүн гана тиги эски кашардын бузулган тамынан табышыптыр. Кимдир бирөө аларды ороого жаткырып туруп, үстүн жылчык калтырбай кийиз-кече менен жаап таштаган экен. Эч кимге зыяны жок бул оюнкарак балдарды ким алпарып ороого бастырып таштаганы белгисиз. Же булардан өч алгыдай бирөөгө душмандыгы эле болсочу. Деги, айыл эли ары ойлонуп, бери ойлонуп эч жообун таба алышпады. Баса, ороонун нары түпкүрүнө көмүлгөн аялдын өлүгү дагы, андан берегирээк мүрзөлөрдүн арасына ырайымсыздык менен төгүлгөн эки баланын каны дагы бул айылдагы эл үчүн таптакыр белгисиз эле. Дүйнөдө болуп жаткан не бир шумдук алааматтар, алкымы бузулган адамзаттын көр турмуш үчүн эмне деген ойго келбес шумдуктарды кылары, эми гана тоталитардык режимдин караңгы кармаган чеңгелинен кутулган байоо элеттиктер үчүн али сыр бойдон эмеспи. Мындан бир жылча гана мурун, калаадан келген белгисиз машина тээ наркы айылдан бир келинди эки баласы менен кармап келип, түн ортосунда так ушул кароосуз калган кашардан союп, ички органдарын алып кеткенге аракет кылган болчу. Байлоодо жаткан байкуш аял жулунуп атып жибин үзүп, бошонуп алууга жетишип, ары-бери жан-соогалап чуркап, тигилердин бир топ айласын кетирген. Акыры мыкаачы жексурлар аны кармап алып чала-жан кылып сабаган соң, тиги тамдын ичиндеги эски ороону дагы тереңдей казып көмүп ташташкан. Баса айыл эли байкабасы үчүн, ороону мурунку тереңдигинчелик гана көмүп туруп, үстүнө саман-суман салып таптап коюшуп, андан нары шашкалактап жолун улашкан эле. Бул жерде көпкө кармалганга болмок эмес. Жан талаша кыйкырып, ызы-чуу салган аялдын үнүн кокус бирди-жарым угуп калган болсо, иш тескерисинен кетмек. Түн жамына жүргөн немелер, андан берирээк келип, шар суунун боюнда жайгашкан эски мүрзөлөрдүн арасынан балдарды союп, керектүү мүчөлөрүн алган соң, денесин жиликтеп, шаркырап аккан сууга ыргытып салышкан болчу. Ошол күндөн бери балдарынан айрылып, жаны ара-жолдо калган эненин арбагы, кечке маал жайынан туруп, эски кашар менен мүрзөлөргө жакындай келген кичине балдарды сак-сактап, аларды өз балдарынын ордуна бала кылып асырап алгысы келгенин, аларды бул дүйнөдөгү жексур адамдарга кайра алдырып койбош үчүн жанталашып чырылдаганын, бейкүнөө элеттин эли кайдан билсин. Ошентип, денеси ар кайда чачылып, ың-жыңсыз жоголгон уулдарын кайтара албаса дагы, энелик мээримин төгүп, сыздаган кайгысын бөлүшүп турганга, балдарына курбалдаш эки тестиерди ээрчитип алып, эненин арбагы өзүнүн ата-теги, тууган-уругу коюлган наркы айылдын мүрзөсү тарапка бет алып кетип баратты.
#36 20 Июнь 2015 - 19:17
Тайенесинин сөздөрү кулагына жаңырды: “Балам, намазды ушул убакка чейин калтырууга болобу деги?”
Тайенесинин жашы жетимишке барып калганына карабай азан окулаары менен ордунан шашып туруп, өзү курактуу кишилерден күтүлбөй турган тездикте даарат алып, намазын окучу. А бул болсо негедир напсисин жеңе албай кыйналаар эле. Дайыма намазын акыркы мүнөттөргө чейин кечиктирип отуруп, качан убакыт чыгаарда шаша-буша окучу. Азыр да ушуну ойлонуп жатып ордунан араң турду. Саатты караса куптан намазынын кирээрине он беш мүнөттөй гана калыптыр. Башын чайкап “дагы намазды кечиктирдим” деп өзүнчө күбүрөндү... Ары-бери даарат алып, колу-бетин толук кургатпай эле бөлмөсүнө кирди. Намазын тездетип окууга аргасыз болчу. Бир заматта шам намазын окуй калып теспе тартып отуруп калды. Оюна тайенеси келди.
– Жарыктык киши, ушул кылыгымды көрсө аябай кейимек, - деп ойлонуп жатты... Чынында таянесин абдан жакшы көрчү... Айрыкча намаз окуганы өзүнчө керемет эле. Ушунчалык ыкылас коюп окугандыктан күн желесин карагандай суктана карап отурчу. Ибадатта турганда таянесинин ырай-бешенеси бирде алдынан жырткыч айбан чыккандай кубарып, кан-сөлү кача кубарганына, бирде эң сүйүктүү адамына жолуккандай албырып, тамылжып чыкканына таң калчу. Керемет жан эле чиркин...
Ушуларды ойлоп отуруп өзүнүн чарчаганын сезди. Бүгүнкү сабактар оор болгонун, анан калса кечээ түнү менен сынакка даярданып чыкканын эстеди. Башын колдорунун ортосуна коюп саждага бүгүлдү. Намаздан кийин бир канча мүнөт ушул калыпта ой жүгүртүүнү жакшы көрөр эле. Кулак-мурун кескендей жымжырттыктан көзү сүзүлүп уйку тартып баратты.
Мейли бир саам уктап алайынчы. Анан турам”, – деген ой мээсинен сызылып өттү да ошол бүктөлгөн калыбынан жазбай уйкуга кетти...
Бир заматта алай-дүлөй башталып кетти. Эки жагын караса адам деген тим эле кым-куут. Кыйкырып-өкүрүп, бири-бирин карабай боздоп-сыздап жүрүшөт. "Кыямат! Кыямат" деген үндөр туш тараптан жаңырып турду. Көрсө чын эле кыямат болгон экен. Махшар майданынында турушуптур. .. Жүрөгү жарылып кетчүдөй сого баштады. Алда немеден жардам болоордой эки жагын карады. Кармана турган, баш калкалай турган бир нерсе көзгө илинбейт. Элдин баары кудум өзүндөй айласы кетип, өң-далаттан кетип, калч-калч этип титиреп, коркуп турушат. Кай бири тим эле таштай катып селейип калган. Жалжылдаган көздөр кыймылсыз бир чекитке карап тигилет. "Эми кантем, кимге таянып, кимден жардам сурасам" деген ойдо тааныштарын, жакындарын издеп туш тарабын карана берди. Бирок, кыжылдаган кым-кууттан ишенимдүү бел болоор эч ким көзгө илинбей жатты. Баса, тигине, тээ тигинде бир агасы турат. Эң жакшы көргөн абасы экен. Байлыгы да, мартабасы да күчтүү, кадырлуу адам болчу ал. Аны көрүп жетип баргысы, кучактап алып "мени сактап кала көр" деп бакырып ыйлагысы келди. Бирок, ушул ой келип кадам таштагыча анысын таппай калды. Ал бул көргөн маалда деле чачын жулуп, башы менен жер сүзгүлөп өкүрүп отурган болчу. А бул кайрыла берээрде кудум бир орунга отура албай калган немедей өкүрүп ыйлаган бойдон ызы-чууну аралап чуркап кетти. Өңгүрөп, боздогон бойдон кетти. Ого бетер жүрөгү лакылдап, башы чыңалып чыкты. Эми айланасын карагысы да келбей калды. Өмүр бою аска-тоодой таянып жүргөн агасы тигинтип айласы кетип турган соң... Алсырап баратты. Муун-жүүнү титиреп, буту бүгүлүп жерге күрс этип тизелей отурду. Чоктой кызарып так төбөдө куйкалап турган күндүн табына карабай денесин муздак тер басты. Тирүүчүлүктө кыямат, сурак жана акырет таразасы тууралуу уккандарын эстегендей болду бир саам. Ушул убакта ошол тирүүлүк дегени бир көз ирмемде эске келе калган, бир көз ирмемдик элесчелик гана экенин байкады. Өмүр бир канча жылдык убакыт эмей эле жөн гана бир өтүп кеткен эскерүү тура. Махшар майданындагычалык коркунучту ошол көз ирмемдик элестей өткөн жашоосун миң ирет сыдырып өтсө да учурата албады. Башын мыкчый кармап, кудум жанагы агасынан бетер чачын жулуп боздой баштады.
Кыямат соту болсо улана берди. Адамдардын чырылдап-чыркыраганы тынымсыз уланып жатты. Бир маалда өзүнүн аты аталды. Айласы кеткендей аптыгып эки жагын каранды.
– Менби?.. Мен... Мен даяр эмесмин. Мен билбейм... – деп оозуна келген сөздү эби-сыны жок сүйлөй берди... Жооп кылып, же сооротуп отурган эч ким болгон жок. Ал тургай көңүл бурган да киши болгон жок. Аңгыча алдыдагы топту жарып эки периште жетип келди. Ай-буйга келтирбей экөө эки колтуктан алды да кайдадыр алып жөнөштү. Махшар майданынын тейлөөчүлөрү болчу булар. Буйрукту чым этпей аткарган кызматчылар. Кандайдыр бир жерге жеткенде экөө муну ортого таштап эки жакка алыстады. Анан суроо-сопкут, өткөн өмүрдү сүрүштүрүү, адал-арам, мээримдүүлүк- зулумдук, чындык-жалган бүт териштириле баштады. Бүткүл өмүрү кудум кино тасмадан көрүнгөндөй кайталанды.
Ыйман-ынсаптуу таянеси, атасы-апасы, агасы көрүндү. Чогуу намаз окуп жаткандарын көрдү. Орозо кармагандарын көрдү. Улуу-кичүүгө ызаат кылып, ыйбаа сактаган учурларын көрдү. Чогуу дин жолунда кызмат кылган агаларды, инилерди көрдү. Окуган китептерин көрдү. Айткан шүгүрлөрүн, тарткан теспелерин көрдү. Кылган кайрымдуулуктарын, тараткан садагаларын көрдү. Анан эң негизгиси калтырбай окуган намаздарын көрдү. Баарын көрүп жатты. Албетте, жаза-тайып жаңылып, же азгырылып кылган күнөөлөрү да бар экен. Бирок, пенделик ач көздүгү дейбизби, же үзүлбөгөн үмүт дейбизби айтор, жалаң гана жакшы убактарына көзү токтоп, ошолорун эстеп отурду. Убакыт өткөн сайын жүрөгү мурдагыдан бетер кыпылдап, бирде бети кызарып чымырап, бирде көзүнө жаш ала ыйлап, бирде муңкана сыздап отуруп көрдү баарын. Жаак ылдый жаш аралаш тери куюлуп, таңдайы такылдап, оозу кургап турганын сезди. Бир жутум суунун, жок, бир тамчы суунун даамын таткысы келди... Бирок, баш көтөрүп сураганга дити барган жок. Сурамак тургай суусаганын айтканга дити да барган жок. Алдыда түбөлүк тагдырын чеччү өкүмдү гана күтүп ичинен кыпылдап, ичинен сызып таразанын ташы кайда оойт экен деп миң бир санаага батып отурду. Мобул төбөдө алоолоп кактап турган күндү көргөндөн бери тозоктун оту тим эле азыр, так ушул турган жеринен чыга келчүдөй коркуп, тезирээк кутулуп кетсем экен деп күттү. Секунддар жылга айланып, мүнөттөр кылымга айланып күтүп жатты. А махшар кызматкерлеринде санаа да, шашылыш да жок. Ар бир кылган ишти карап, ар бир кетирген айыпты, ар бир соопту санап, кимге, качан, эмнени дегенинен бери сүрүштүрө беришти. Бир да бирөөндө аёо, же жан тартуу деген көз караш жок. Артта болсо дале чурулдап-чуркурап турган эл...
Акыры күттүргөн мезгил да келип жетти окшойт. Эсеп китептери жыйыштырылып, таразалар токтоду. Мына өкүм да айтылды... Кудай бетин салбасын, бул эмне деген шумдук?!.. Бул эмне деген баш аламандык?! ... "Кантип эле ушундай болсун? Окуган намаздарым, тараткан садагаларым, кармаган орозолорум кайда калат? Мен Алла деген адам элем. Жаңылышып калдыңар... Кайра карайлы, айланайындар кайра..." деп жер сүзүп боздоп жиберди. Бозбодой анан кантсин?.. Бүткүл өмүрү сая кеткен турбайбы. Тозоктун отуна чыркырап күйөт деген ушу тура... Дагы колтугунан дыркырата сүйрөп алып жөнөштү. Боздоп-сыздаганына карап, көңүл буруп да коюшкан жок. Мындайлар үчүн кулактары керең, көздөрү азиз жаратылган немелер эле сүйрөгөндөр.
Өкүрүп ыйлап баратты... Ким куткарып калат, ким мага кепил болуп берет дегенсип уй түгүндөй түтөгөн элди карады. Атасын издеди, энесин издеди... Жок... Баары өз абалына күйүп, өз жанын куткара албай куурап турушат. Анан жанагы кылган амалдарын кайра эстеди. "Намаздарым. .. Намаздарым кана?.. Курандарым кана? Кызматым, орозом?... Бирөө да куткара албайбы?" деп боздоп жиберди ошондо. Колтугундагылар дагы эле үндөгөн жок. Жулунганга да, боздогонго да шайы калбай калган экен. Көзүнөн жашын салаа-салаа кылып агызып, калч-калч этип титиреп кете берди. Бирок, ооз учунан да тынбай күбүрөп баратты. "Намаз куткарат дедим эле... Орозом шыпаа болот дедим эле..." Эми оозунан "аттиң" деген арман сөздөрү да чыга баштады. "Эмнеден жаңылдым?" Акыры алыстан эле аптабы бетке уруп, алоолоп күйүп турган тозоктун кырына да жетип келишти. Ушул жерден ого бетер чырылдап, бар күчү менен жулунду. Бул мунун акыркы аргасы болчу. Жин тийген немедей жулуна берди. Тозоктун каары, тозоктун сүрү аны акылынан айнытып салды окшойт. Ичинен угулуп аткан адамдардын чыңырыгы кулактан өтүп чучукка жетип, тула боюн дирт-дирт этирип дүркүрөтүп, көзү чыбырчыктады. Сүйрөп бараткандар болсо көз ирмем да аярлап коюшкан жок. Кудум жаны жок куу жыгачты сүйрөп бараткандай сүйрөп келатышты. Акыры тозоктун аңырайган чуңкуруна жеткенде тап-такыр дарманы калбай калды. Ичиндеги алоолонгон оттун табынан көзү шыркырап агып куюлуп кетчүдөй жалтанып, чылк эле жумуп алды. Мойнун болушунча артка кайрып, күчүнүн жетишинче керилди. Эгер ушул убакта башы мойнунан корс сынып жулунуп кеткенде жыргап эс ала түшөт беле. Жок дегенде ушул башы тозоктун сыртында калса жеңилдик болот беле, атаганат... Бирок, болбоду... Андай кыял-тилектердин орундала турган убагы эчак өтүп кеткен. Экөө ошол дыркыраткан бойдон келип баш-сашы менен тозокту көздөй ыргытып жиберди. Бир саам калкып калгандай болду. Жүрөгү денесинен бөлүнүп чыгып, сыртта калгысы келгенсип жулкуна согуп баратканын сезди ошондо. Башка эч нерсе сезе алган жок. "Бүттү" деди ичинен. "Баары бүттү...."
Ооба бүткөн болчу... Тээ тирүү кезиндеги бейиш тууралуу кыялдары да, андан кийинки сурак учурундагы анча-мынча шоолалана калган үмүттөрү да бырын-чырын болуп бырчаланып, кумга себилген ундай жоголгон болчу. Таманынан өтүп мээни казандай кайнаткан кыпкызыл чок гана бүткүл акыл-эсин ээлеп, кудум ичиндеги жүрөгү да эттен эмес, так ошол чоктон жаралгандай ысып-күйүп, табы бүткүл денине кан менен тарап турган болчу. Баардук нерсе какшып, баардык нерсе соолуп куруп бараткан болчу... Күтүүсүз бирөөнүн колу шап эте желкеден алып, сууруп чыгып кеткенге чейин баары от менен кошо отко айланып күйүп бараткан болчу...
Так ошондой болду. Күтүүсүз кармаган күчтүү кол тозоктон бир кармап сууруп чыгып кетти. Дагы эле өзүнө ишене албай туруп, акыры араңдан зорго көзүн ачты... Диртилдеген денесин, калчылдаган башын токтото албай жерге чөк түшүп отурган бойдон үлдүрөгөн көзүн ачты. Так маңдайында өзүнө окшоп чөк түшүп ак чач, ак сакал абышка отурган экен. Жүзүнүн жагымдуулугу, көзүнөн көрүнгөн мээрим... Өзүн кармай албай бекем кучактап алып өксүп-өксүп ыйлады. "Мени таштаба, мени таштаба" деген сөздү айткысы келип турса да тили күрмөөгө келбей, булдуруктап ыйлай берди. Карыянын кучагы укмуштуудай жагымдуу эле. Кадимкидей күчүнө-күч, кубатына кубат кошулуп жаткансыды. Чын эле кошулуп жатты. Өмүр бою ошол абышканын жанынан чыккысы келбей, андан ажыраса эле азап кайра башталчудай кучактап отурду. Бир маалда күмүштөй жылтылдаган саамайынын түбүнөн, кулагына шыбырады.
– Сиз кимсиз? – деген эки ооз сөздү айтканга жарады. Абышканын үнү да ушунчалык мээлүүн, ушунчалык жагымдуу экен.
– Мен сенин намазыңмын, – деди ал. Жүрөгүнүн тээ түпкүрү менен уккандай болду анын жообун. Ушунчалык жагымдуу, ушунчалык сонун... Бирок, бир кичинекей өкүт, бир кичинекей таарыныч жибибей тура берди так ошо жүрөктүн толтосунда. Пенделик кылды болбой эле... "Таптакыр келбесе не болот эле?" "Жаңы эле алоолоп турган тозокко чырылдаган бойдон кирип кетсе эмне болот эле?" деген ойлор унутула түштү заматта. Энесине таарынган баладай мурчуя сүйлөдү дагы.
– Эмнеге мынча кечиктиңиз? Канча күттүм. Канча сабылып-сабыркап издедим. Баары бүттү, баары жок болду деген мезгилде араң жетиштиңиз го. Кокус жетишпей калсаңыз кантет элем?..
Карыя дагы жүрөгүнүн тереңин дирилдете жооп кайтарды.
– Сен да мени акыркы мүнөттөрдө араң-араң окуп жетишчүсүң, эсиңдеби?..”
Жети өмүрү жерге киргендей болду ошондо. Баарын кылган өзү экенин билбей, дагы таарынып турганына, догун артып турганына уялды... Карыяны кучагынан бошотуп кереметтүү жүзүнө карагысы келди. Жок... Бет алдына бүк түшүп отуруп алып кечирим сурап ыйлагысы келди. Ооба, ошондой кылды. Кудум саждада отургандай тизелей отуруп, башын алдына койду. Анан буркуруп ыйлап жиберди. Көрсө жанатан бери буулугуп турган экен. Биринен-бири өткөн коркунучтанбы, же төбөдөн тийип куйкалаган күндүн аптабынанбы, же тээ алыстан табы бетке уруп, жандуу-жансыз дебей капташканын чыркырата күйгүзүп аткан тозоктун отунанбы, айтор көзүндөгү жашы тургай, бүткүл денеси кургап калгандай тек гана буулугуп турган экен. Мына ыйлаганды эми көрүп ал. Булактын көзүн жапкан тыгынды алып салгандай төгүлүп койо берди көз жашы... Эреркеп ыйлап, эркелеп ыйлап, коркуп ыйлап, зарыгып ыйлап, сабылып ыйлап турду. Ыйлай берди, ыйлай берди... Тили деле булдуруктап жатты, көзү деле булактап жатты. Анан башын көтөрүп алдындагы карыяны карагысы келди. Белин түзөп отуруп көз жашын аарчыды. Суу астында жүргөндөй көз алдын боз чаңгыл кылып тосуп калган жашын сүртүп алдын карады. Бирок, абышканы көрө алган жок. Абышканын ордуна так маңдайында турган Кааба көзүнө илинди. Бир саам түшүнбөй калды. "Кайдагы Кааба бул? Мен кайдамын?" дегендей эки жагын карады. Бир топто барып тааныды өзүнүн бөлмөсүн. Алдындагы Меккенин сүрөтүн карады делдейип... Аңгыча сырттан азандын үнү угулду. Ошондо билди өзүнүн эч кандай тозокто, же махшарда эмес экенин... Түш көргөнүн билди... Жок... Тескерисинче. .. Азыркы тирүүлүк бир көз ирмемчелик гана түш, а тиги түш дегени анык ойгонуу экенин билди... Буга ушул тапта чындап көзү жетип, бүткүл жан дүйнөсү менен сезди... Анан кудум ошол ойгонуусундагы карыя куткаруучусун сагынгандай, шашылып жөнөдү. Намаз окуганга шашып жөнөдү...
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 20 Июнь 2015 - 19:19
#37 22 Июнь 2015 - 16:58
Тээ бозоргон мунарыкты карап үлбүрөгөн жаш келин ойлуу отурду. Ичинен эзген санаа аны күндүзү эле эмес, түнкүсүн да кыйнай турган болду. Сүйүктүү жары менен эми баш кошуп, бактылуу түтүн булата баштаганда мурда үч уктаса түшүнө кирбеген балээ башталды. Карыган кайнене менен жашоо мынчалык түйшүктүү болоорун ким билиптир. "Андан деги кантип кутулса болот деген" ой канчадан бери мээсин жеп келет. «Жетишет, бүтүрөм бүгүн» - деди акыры. «Уулу да, өзү да билбей турган кылып бүтүрөм...» Ошону менен, көптөн бери бир чечимге келе албай жүргөн неме, шарт туруп ыраматылык атасынын табып досуна жөнөдү.
Жалаң чөп-чар менен түрдүү ооруларга шыпаа берген аяш атасы муну өз кызындай көрчү. Ошондуктан бул дагы ага таянып, ага ишенип жашар эле. Кыскасы, көптү көргөн кыраакы карыяга кошчусун кошуп туруп, ыйлай-сыктай арманын айтты да, акыры түйшүгү түгөнбөгөн кемпирди өлтүрүп тыныш үчүн уу сурап келгенин билгизди. Акылман табып көпкө ойлонуп отурду. Акыры баштыгынан бир аралашма дарыны алып чыгып:
- Кызым, мобу дарыны күнүгө үч маал кайненеңе тамакка кошуп берип тур. Бул уу акырындап денесине тарап отуруп, үч айда эмне болуп өлгөнүн эч ким билбей калат. Башкалар шекшип калбаш үчүн сен кайненеңе болушунча жакшы мамиле кыл - деп кеңешин айтып, колундагысын берди. Кубанычы койнуна батпай кудуңдаган келин, аяш атанын кеңешин аткарууга дароо киришти. Кемпирге адаттагыдан жылуу мамиле кылып, уу кошулган тамагын өксүтпөй берип жатты. Күнүгө даярдалган чүйгүн тамак, жылуу мамилеге кемпирдин да дили агарып, бара-бара келинине өз кызындай мамиле кылганга өттү. Арадан айлар өттү. Эми келинди кайра санаа басты. «Бул уу үч айда өлтүрөт» деген эле аяш атасы. Өз энесиндей жакынына айланган мээримдүү кайнененин өлөөрүнө бир айга жетпеген убакыт калган экен. «Кантип бардым ушундайга? Эми кантем?» - деп сыздай турган болду келин күнү-түнү. Акыры чыдабай учуп-күйүп кайра жетти дарыгер атасына. Жетти да боздоп ыйлап турду.
- Энекемди, баягы өлтүргүм келген энекемди сактаңыз. Суранам, айласын табыңыз, - деп буркурап жатты келин. Аяш атасы көзүнөн салаа-салаа жаш аккан келинди карап мыйыгынан күлүп туруп:
- Айыккан экенсиң кызым. Кудай буюрса, айыккан экенсиң. Чыныгы оору сенин оюңда эле. Сен энеңе жакшы мамиле кылып жатып ал ооруңдан айыктың. Энеңе берген уу болсо, жөн гана күч-кубат бере турган пайдалуу дары чөптөр болчу, – деди.
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 22 Июнь 2015 - 16:59
#40 24 Июнь 2015 - 19:38
Көп күлөбүз. «Кудай кут кылсын», «күлкү эле болуп турсун» дегенибиз менен, күлө берип, күлө берип жалаң гана күлө турган жерлерге барып, күлбөй турган жерлерден качып калганыбызды байкабай калдык. Тойлор, мааракелер, отуруштар, майрамдар, концерттер. .. Ал тургай эки достун жолугушуусу дагы «анча-мынча хаха тээп, чер жазышмай» менен өтүп калды. Жүзүбүздөгү сүр жоголду, бабалардан калган баатырдык байыды. Кээде бышактап ыйлай турган абалыбызга да күлчү болдук. «Кечээ мас болуп алып ойда концерт коюпмун» деген адамды достору жамбашын чаап каткырып угуп отурганын көрбөгөн жан калбады. Болбосо ошол мастык дагы, ошол улуу-кичүүнүн алдында абийирдин айрандай төгүлүшү да күлө турган иш эмес эле. Жок биз күлүп тосуп алып жаттык аларды. «Эх досум, ошентип шерменде болгонуңа мактанганча өлүп алсаңчы» деген бир жан болбоду.
Баса, өлүп алгандар да болуп атат. Бирок, шерменде болгону үчүн эмес... Чочко болгуча мас болуп, сүйрөлүп калганы үчүн эмес... Же, ага-тууганы кимдир бирөөнүн колунда кор болуп көчө шыпырып жүргөнү үчүн да эмес. Же, жок дегенде эже-карындашынын ак никесин аттап, намысын тебелеп башка бирөө менен жүрүп кеткен күйөө баласы үчүн да эмес. Балким, атасы кагып койгону үчүн, же энеси акча бербей койгону үчүн... Жок, мен аларды гана күнөөлөгүм келбейт. Кара башы кайгыга малынып, кабыргасы кайышканда жанынан аша кечкен адамды бүгүн «өз убалың өзүңө» деш болбос. Баарыбыз күнөөлүүбүз. .. Кайсы убакта болбосун күлүп гана карап турган, көзүнөн муңу көрүнгөн адамды карагыбыз келбей жүз үйрүп, бирдемеси жугуп калчудай алыстай калып кайра ыкшыңдап күлүп турган биз, бүгүнкү коомчулук, баарыбыз күнөөлүүбүз. Ооба, кимдир бирөө капага батып турганын көрсөк жанына белгилүү убактан ашык тура албайбыз. Сооротуп, кайгысын бөлүшө албайбыз... Керек болсо өлүм-житимге барганда да эки-үчтөн топтошо калып «хаха тээп» алганга аракет кылабыз... Азалуу кишинин алдында жүзүбүзгө эптеп-септеп кайгынын бет кабын кийип турганыбыз менен, жүрөгүбүздө күлкүнү самап, элирип турабыз... Жүрөккө жедеп ошол сиңип калса кантели?! Жүрөк кудум бөздөй болот тура. Эмнени сиңирсек ошол чыгат экен...
Ошентип, караңкүнгө кабылган кишинин жүзү мындай болоору менен баягы кейпибизге келе түшөбүз. Жер жарылта каткырып күлүп алганга шылтоо кайда болсо табылат. Үйдө, көчөдө, мектепте, окуу жайда, кинодо, концертте... кайда болбосун күлүп атышат... Түнкү клубда абийири айрандай төгүлүп атса да алжактап күлүп атышат... Чет өлкөнүн бей адеп тасмаларын атасы кызы менен, баласы энеси менен чогуу көрүп, чогуу мылжыйып, чогуу эзилип отурат... Бирде бирөөнүн жүзү кызарбайт... «Азыр ушундай» дейт. «Баары эле ушундай тартылып атса кантели» дейт... Күлүп кутулат...
Жада калса өзүбүздүн кинолор да ошондой. Бойдокторунан тартып, жубайларына чейин күлө турган гана кинолор. Ажырашканына да күлдүк, жарашканына да күлдүк. Адашканына да күлдүк, сабашканына да күлдүк. Абышкасын тоногонуна да, апасын алдаганына да, үйүнөн качканына да, абийирин чачканына да күлдүк... Кечээ акындарыбыз «президентибиздин качканын» айтты, ага да күлдүк. «Ажолорубузду кошоктото кууганын айтты» ага да күлдүк... Айла жок күлдүкпү, же мактанып күлдүкпү, айтор күлдүк...
Кимдин телефонун караба күлө турган тасмаларды толтуруп алган. Прикол дейбиз аларды... баса ал жерде да ошол... Жыгылганы да, айрылганы да, жарылганы да күлкү... Жанталашып бири-бирибизге жиберип, көчүрүп алабыз... Анан улам-улам эскерип күлүп турабыз... Күнүмдүк норма толбой калчудай кайталап күлүп турабыз...
Деги күлкү болсун, ый болбосун... Кан какшап ыйлап турууну ким эле жакшы көрсүн. Бирок, Кудай сактаса экен... «Кичинебизде көп күлбө, ыйлайсың» деген сөз бар эле... Кудай сактасын... Эли-журтубузду ыйлагандан Кудай сактасын... Баса, күлүп турганыбызда ыйлай турган күн келээрин эстеп, ыйлап турганыбызда күлүп турган күн келээрин эстеп, тобо кылып, каниет кылып жашасак болгону. Ар нерсенин чегинен ашпай, күлчү нерсе менен ыйлачу нерсени ажырата билсек болгону. Керек болсо, сахнада мылжыңдап күлдүрүп турган маскарапоз үчүн да акы төлөй турганыбызды эстесек болгону...