Enesaiдын ыр тамчылары.
#101 07 Январь 2016 - 19:07
"Керегем сага айтам..." (Кыздарга күмүш сырга)
Тыйылбай кыздар,"кырк үйдөн",
Адепсиз сүйлөп,көп күлгөн,
"Бурчунда жүктүн" отурбай,
Капамын кызга-кеч жүргөн...
Чылымын чегип,түтөтүп,
Сөгүнгөн сөзүн күчөтүп,
Көзгө илбес кичүү-улууну,
Жактырбайм андай"сулууну" ...
Эненин сөзүн укпаган,
Көрүнгөн менен"уктаган" ,
Көзү ачылбаган" жыргалдан"
Уялам андай кыздардан...
Кыргыздын атын булгаган,
Кыйратып бүлө курбаган,
"Башкага" болгон кол жоолук,
Кыз көрсөм,жүрөк ыйлаган...
"Бийкеч" деген аты бар,
Чынында"айым" заты бар,
Абийирин төккөн айрандай-
Кыздардан көөнүм калгандай...
Канынан бүткөн баласын,
Күкүктөй болуп бакпаган,
Буюмдай кылып,таштаган-
Кыздарды корком,жазгандан. ..
Кыздарын кыргыз барктаган,
Намысын-арын сактаган,
Кыркылган бир тал чач үчүн-
Кыргындуу согуш баштаган!
Абийир сактап жашыңдан,
Кер-какшык укпай касыңдан,
Адашып баспай жолуңду,
Турмуштан тапкын,ордуңду!
Тыйылбай кыздар,"кырк үйдөн",
Адепсиз сүйлөп,көп күлгөн,
"Бурчунда жүктүн" отурбай,
Капамын кызга-кеч жүргөн...
Чылымын чегип,түтөтүп,
Сөгүнгөн сөзүн күчөтүп,
Көзгө илбес кичүү-улууну,
Жактырбайм андай"сулууну" ...
Эненин сөзүн укпаган,
Көрүнгөн менен"уктаган" ,
Көзү ачылбаган" жыргалдан"
Уялам андай кыздардан...
Кыргыздын атын булгаган,
Кыйратып бүлө курбаган,
"Башкага" болгон кол жоолук,
Кыз көрсөм,жүрөк ыйлаган...
"Бийкеч" деген аты бар,
Чынында"айым" заты бар,
Абийирин төккөн айрандай-
Кыздардан көөнүм калгандай...
Канынан бүткөн баласын,
Күкүктөй болуп бакпаган,
Буюмдай кылып,таштаган-
Кыздарды корком,жазгандан. ..
Кыздарын кыргыз барктаган,
Намысын-арын сактаган,
Кыркылган бир тал чач үчүн-
Кыргындуу согуш баштаган!
Абийир сактап жашыңдан,
Кер-какшык укпай касыңдан,
Адашып баспай жолуңду,
Турмуштан тапкын,ордуңду!
#102 07 Январь 2016 - 19:27
Тоо койнунда аткан таң.
Үргүлөйт,атаар таңдын жарыгында,
Жылдыздар-түнкү уйкусуз күзөтчүлөр.
Акырын жол бошотуп келээр күнгө,
Кетишет...Келет нурлар-сүрөтчүлөр!
Кызарган боёк сүртүп мөңгүлөргө,
Нурлардын кучактаары чоку экен!
Булакты каптап турган туман кайтат,
Алыстайт,жогорулайт, кокту менен...
Шиберде мөлтүрөгөн тунук тамчы,
Мөлт этип...Таптырбастан көздөр кайып...
Тоо гүлү көйнөгүнө мактангансыйт-
Жасанып,шүүдүрүмгө жүзүн чайып...
Боз Торгой.
Үргүлөйт,атаар таңдын жарыгында,
Жылдыздар-түнкү уйкусуз күзөтчүлөр.
Акырын жол бошотуп келээр күнгө,
Кетишет...Келет нурлар-сүрөтчүлөр!
Кызарган боёк сүртүп мөңгүлөргө,
Нурлардын кучактаары чоку экен!
Булакты каптап турган туман кайтат,
Алыстайт,жогорулайт, кокту менен...
Шиберде мөлтүрөгөн тунук тамчы,
Мөлт этип...Таптырбастан көздөр кайып...
Тоо гүлү көйнөгүнө мактангансыйт-
Жасанып,шүүдүрүмгө жүзүн чайып...
Боз Торгой.
#103 07 Январь 2016 - 19:37
Төрөлбөгөн наристелер.
..
Күндүн нурун,жарыкчылык көрө албай,
Канаттары кайрылган... периштелер,
Жараткандын каалоосуна каяшадай-
Жан кыйылып- төрөлбөгөн наристелер. ..
Жаралса да,өз энеден төрөлбөгөн,
Алдей угуп,ак бешикке бөлөнбөгөн,
Тизмесинен эрте өчүп жашоосунун,
Курмандыгы ата-эне каалоосунун. ..
Ак сүттүн уузунан эмбей калган,
Кыйылып,бул жашоого келбей калган,
Эркелеп,балдай таттуу сөзү тамбай,
Чырактар-өчүп калган,жанып- жанбай...
Боз Торгой.
Күндүн нурун,жарыкчылык көрө албай,
Канаттары кайрылган... периштелер,
Жараткандын каалоосуна каяшадай-
Жан кыйылып- төрөлбөгөн наристелер. ..
Жаралса да,өз энеден төрөлбөгөн,
Алдей угуп,ак бешикке бөлөнбөгөн,
Тизмесинен эрте өчүп жашоосунун,
Курмандыгы ата-эне каалоосунун. ..
Ак сүттүн уузунан эмбей калган,
Кыйылып,бул жашоого келбей калган,
Эркелеп,балдай таттуу сөзү тамбай,
Чырактар-өчүп калган,жанып- жанбай...
Боз Торгой.
#104 09 Январь 2016 - 16:45
Бир көз ирмем күтө тур...
Өкүнүчтөр,бүгүн үйүм какпагын,
Кыйкым издеп,карт жараатым ачпагын,
Үмүт менен жарпым жазып алайын-
Бир көз ирмем күтө турчу,шашпагын. ..
Сары санаа мени издеп келбегин,
Сенден качып,Кыял деген жердемин.
Түбөлүккө кала албасым билсем да,
Кучагына жарым саатка келгемин...
Кайгы мени,жайыма кой,тооруба,
Чырмалайын кубанычтын торунда,
Телегейим тегиз болуп жашайын,
Баш көтөрүп,эртең сенин жогуңда!
Өкүнүчтөр,бүгүн үйүм какпагын,
Кыйкым издеп,карт жараатым ачпагын,
Үмүт менен жарпым жазып алайын-
Бир көз ирмем күтө турчу,шашпагын. ..
Сары санаа мени издеп келбегин,
Сенден качып,Кыял деген жердемин.
Түбөлүккө кала албасым билсем да,
Кучагына жарым саатка келгемин...
Кайгы мени,жайыма кой,тооруба,
Чырмалайын кубанычтын торунда,
Телегейим тегиз болуп жашайын,
Баш көтөрүп,эртең сенин жогуңда!
#105 09 Январь 2016 - 16:52
Мен кеткенде...
Карааным көргүң келип,жазгы кечте,
Сагынсаң,мен суу алчу булак жээкте,
Күүгүмдө элесимди тартып кетем,
Кыпкызыл көйнөк кийген мени эсте...
Мен кеткенде...
Ээрчишип,жылга өрдөп баскан жерде-
Ай,жылдыз керемет нур чачкан кезде,
Элесим айга аяр тартып коём...
Апапак көйнөк кийген,мени эсте...
Боз Торгой.
Карааным көргүң келип,жазгы кечте,
Сагынсаң,мен суу алчу булак жээкте,
Күүгүмдө элесимди тартып кетем,
Кыпкызыл көйнөк кийген мени эсте...
Мен кеткенде...
Ээрчишип,жылга өрдөп баскан жерде-
Ай,жылдыз керемет нур чачкан кезде,
Элесим айга аяр тартып коём...
Апапак көйнөк кийген,мени эсте...
Боз Торгой.
#106 09 Январь 2016 - 17:06
Тоолорго...
Менин күлкүм аскасында жаңырып,
Тоолор мени,күткөн окшойт,сагынып. ..
Көркөм тасма болуп түшкө агылып,
Тоолор кирди,баары мага таарынып...
Силер үчүн булак болуп аккым бар,
Мөңгү болуп,кучагыңда жаткым бар,
Булут болуп,ороп алып эркелеп,
Шамал болсо,бийигиңе шашкым бар...
Жазды издеп,коюнуңдан тапкым бар,
Жамгыр болуп,сагынычым чачкым бар,
Орун алып,жылгалардын ичинен,
Жазым келсе,кызыл гүлүм ачкым бар...
Менин күлкүм аскасында жаңырып,
Тоолор мени,күткөн окшойт,сагынып. ..
Көркөм тасма болуп түшкө агылып,
Тоолор кирди,баары мага таарынып...
Силер үчүн булак болуп аккым бар,
Мөңгү болуп,кучагыңда жаткым бар,
Булут болуп,ороп алып эркелеп,
Шамал болсо,бийигиңе шашкым бар...
Жазды издеп,коюнуңдан тапкым бар,
Жамгыр болуп,сагынычым чачкым бар,
Орун алып,жылгалардын ичинен,
Жазым келсе,кызыл гүлүм ачкым бар...
#107 13 Январь 2016 - 15:16
Наристе жыты...
Төгүлүп кирпиктери, аппак билек,
Нур чачып,уруп турган,жылуу илеп,
Уйкуда наристелер жылмайганда-
Түшүнө эркелетип кимдер кирет?..
Бүлкүлдөп,сүттү издеп,эриндери,
Бөйтөйүп,элжиретет эт-жүрөгүң,
Бар дүйнөң,бар байлыгың бала болуп,
Тынчтанып,тапкансыйсың, жан түнөгүң.
Жытычы?..Чарчооң басып,кубат берген,
Тогуз ай,бир жүрөктө батып келген,
Аялга мындан артык бакыт болбос-
Эң кымбат,эң бир таттуу бала деген!
Боз Торгой.
Төгүлүп кирпиктери, аппак билек,
Нур чачып,уруп турган,жылуу илеп,
Уйкуда наристелер жылмайганда-
Түшүнө эркелетип кимдер кирет?..
Бүлкүлдөп,сүттү издеп,эриндери,
Бөйтөйүп,элжиретет эт-жүрөгүң,
Бар дүйнөң,бар байлыгың бала болуп,
Тынчтанып,тапкансыйсың, жан түнөгүң.
Жытычы?..Чарчооң басып,кубат берген,
Тогуз ай,бир жүрөктө батып келген,
Аялга мындан артык бакыт болбос-
Эң кымбат,эң бир таттуу бала деген!
Боз Торгой.
#108 13 Январь 2016 - 15:27
Мени издебе...
Мен оорудан бүгүн толук айыктым,
Кызганычка эми менде орун жок...
Убактыңды бөлүшкөндү самабайм,
Күтпөйм дагы,ойлобоймун көңүл ток.
Кечээ гана бүтүн элек,бөлүнгүс. ..
А мен жээкте калгым келди алыстап...
Колдон келет-менсиз деле сүзүп көр,
Бир сулууга коём сени табыштап...
Кайрылгандай басып өткөн издерге,
Кайра кайтып,мени жээктен издебе...
Таштап кетем,бирок өзүм жок болом,
Жоолугумду жээкте өскөн шиберге...
Боз Торгой.
Мен оорудан бүгүн толук айыктым,
Кызганычка эми менде орун жок...
Убактыңды бөлүшкөндү самабайм,
Күтпөйм дагы,ойлобоймун көңүл ток.
Кечээ гана бүтүн элек,бөлүнгүс. ..
А мен жээкте калгым келди алыстап...
Колдон келет-менсиз деле сүзүп көр,
Бир сулууга коём сени табыштап...
Кайрылгандай басып өткөн издерге,
Кайра кайтып,мени жээктен издебе...
Таштап кетем,бирок өзүм жок болом,
Жоолугумду жээкте өскөн шиберге...
Боз Торгой.
#109 13 Январь 2016 - 15:52
Жан курбума...
Кетелиби?
Кымгуутун ушул шаардын таштай качып,
Баягы биз экөөбүз жүргөн басып,
Жолдорго,жалгыз аяк,суу бойлогон,
Мезгилге,жете алгыс,кыял болгон...
Кетелиби?
Бейкапар балалыктын доорун сүргөн,
Жайлоого,жетелешип бирге жүргөн...
Тоолорго,издерибиз калып кеткен,
Мезгилге-балалыкты алып кеткен...
Кетелиби?
Сырдашып,уктабастан таң атырган,
Түндөргө,бааланбаган бакыт болгон...
Уялчаак тоо кызынын назы менен,
Алгачкы арзууларын катып койгон...
Кетелиби?
Сенин да сагынычың мелт-калт чыгаар...
Кусалык менде да бар,көңүлдө ызгаар...
Жөн гана кыял болгон ал мезгилдер,
Кайрылбай экөөбүздү далай кыйнаар...
Боз Торгой.
Кетелиби?
Кымгуутун ушул шаардын таштай качып,
Баягы биз экөөбүз жүргөн басып,
Жолдорго,жалгыз аяк,суу бойлогон,
Мезгилге,жете алгыс,кыял болгон...
Кетелиби?
Бейкапар балалыктын доорун сүргөн,
Жайлоого,жетелешип бирге жүргөн...
Тоолорго,издерибиз калып кеткен,
Мезгилге-балалыкты алып кеткен...
Кетелиби?
Сырдашып,уктабастан таң атырган,
Түндөргө,бааланбаган бакыт болгон...
Уялчаак тоо кызынын назы менен,
Алгачкы арзууларын катып койгон...
Кетелиби?
Сенин да сагынычың мелт-калт чыгаар...
Кусалык менде да бар,көңүлдө ызгаар...
Жөн гана кыял болгон ал мезгилдер,
Кайрылбай экөөбүздү далай кыйнаар...
Боз Торгой.
#110 13 Январь 2016 - 15:54
ийгиликтерли каалайм Ылайым ырларыныз китеп болуп чыгып жетпей тугонуп бизге окшогон окурмандарыныз ызылдашсын
Билдирүүнү түзөткөн: aiturgan2015: 13 Январь 2016 - 15:55
#111 15 Январь 2016 - 21:39
Кышкы жомок...
Кыштын узун,түгөнбөстөй түнүндө,
Жапжашыл жаз кирчү эле түштөргө,
Апапакай ичик кийген кар кызы-
Түшкө кирди,таттуу уйку бүтөөрдө.
Ак боз атка,муз араба чиркелген,
Айнек көзү мунарыкты тиктеген,
Кардын кызы ал жигиттин түшүнөн,
Балким,бир аз,жылуулукту издеген?
Ал да атын жетпөөчүдөй камчылап,
Кар кызында мээрим оту барчылап,
Туура тартып,жолун бөгөп токтотту,
Колдон тартып,азыр эңип алчулап...
-Кимсиң?-деди, кыш түнүндө адашкан,
Аппак карга аппак тону жарашкан,
Ызгаар менен бир туугандай ээрчишип,
Бороон менен тең жарышып бараткан.
-Кимдигимди өзүм азыр,унуткам,
Жүрөгүмдү,ким- бирөөгө сууруткам...
Муздан азыр,мендеги эт-жүрөгүм,
Кар кызымын,кышта жашап жүрөмүн...
-Каалайсыңбы, жазга ээрчитип кетемин,
Жүрөгүмдү белек кылып беремин,
Же,кааласаң кышта калып,сен менен,
Мен сен үчүн,бардыгынан кечемин?
-Жок,-деп чочуп,кардын кызы шашылды,
Ала качып,тунук көзүн жашырды...
-Жаз келсе да эрибеске ант бергем,
Музга айлантып,көздөн акчу жашымды...
Жолум тоспо,сүйүү эмне,унуткам,
Ким бирөөнү бир кездерде жылыткам...
Эритем деп,убалыма каласың,
Тамчы болуп,тамып бүтөм ысыктан...
Кышта калсаң кереги не сүйүүнүн?
Муз жүрөктөр,нени сезмек,түшүнмөк. ..
Жылуулук жок,экөөбүздө сезимдер-
Жазды күтпөй,кайра бизди үшүтмөк...
...Катуу уйкудан,чочуп жигит ойгонду,
Унута албай,көргөн түшүн ойлонду,
Кардын кызы түшкө кирип,уурданып,
Жүрөгүнө мөөрүн басып койгонбу?...
Боз Торгой.
Кыштын узун,түгөнбөстөй түнүндө,
Жапжашыл жаз кирчү эле түштөргө,
Апапакай ичик кийген кар кызы-
Түшкө кирди,таттуу уйку бүтөөрдө.
Ак боз атка,муз араба чиркелген,
Айнек көзү мунарыкты тиктеген,
Кардын кызы ал жигиттин түшүнөн,
Балким,бир аз,жылуулукту издеген?
Ал да атын жетпөөчүдөй камчылап,
Кар кызында мээрим оту барчылап,
Туура тартып,жолун бөгөп токтотту,
Колдон тартып,азыр эңип алчулап...
-Кимсиң?-деди, кыш түнүндө адашкан,
Аппак карга аппак тону жарашкан,
Ызгаар менен бир туугандай ээрчишип,
Бороон менен тең жарышып бараткан.
-Кимдигимди өзүм азыр,унуткам,
Жүрөгүмдү,ким- бирөөгө сууруткам...
Муздан азыр,мендеги эт-жүрөгүм,
Кар кызымын,кышта жашап жүрөмүн...
-Каалайсыңбы, жазга ээрчитип кетемин,
Жүрөгүмдү белек кылып беремин,
Же,кааласаң кышта калып,сен менен,
Мен сен үчүн,бардыгынан кечемин?
-Жок,-деп чочуп,кардын кызы шашылды,
Ала качып,тунук көзүн жашырды...
-Жаз келсе да эрибеске ант бергем,
Музга айлантып,көздөн акчу жашымды...
Жолум тоспо,сүйүү эмне,унуткам,
Ким бирөөнү бир кездерде жылыткам...
Эритем деп,убалыма каласың,
Тамчы болуп,тамып бүтөм ысыктан...
Кышта калсаң кереги не сүйүүнүн?
Муз жүрөктөр,нени сезмек,түшүнмөк. ..
Жылуулук жок,экөөбүздө сезимдер-
Жазды күтпөй,кайра бизди үшүтмөк...
...Катуу уйкудан,чочуп жигит ойгонду,
Унута албай,көргөн түшүн ойлонду,
Кардын кызы түшкө кирип,уурданып,
Жүрөгүнө мөөрүн басып койгонбу?...
Боз Торгой.
Билдирүүнү түзөткөн: Enesai: 15 Январь 2016 - 21:45
#112 15 Январь 2016 - 21:42
#113 15 Январь 2016 - 21:56
Өзүм жөнүндө...
"Булут экен,түнөргөндөн түнөрөт..."
дебегиле...Кээде күндөй нурум бар...
Өткүн болуп,бир себелеп басылчу-
Мүнөзүмдөй- жазып койчу ырым бар...
"Ырларында кыштын ызгаар суугу бар..."
дебегиле...Бат эричү муздаймын...
Жазды сүйөм...кыялымда камчылап-
Канатымды кайрыймбы деп,учпаймын. ..
"Ким болду экен,өзүн кылган табышмак?"
дебегиле...Жандырмагын жазганмын...
Боёгу аз,кем дүйнөдөн жашынып-
Ырды сүйүп,ырда жашап калганмын...
Боз Торгой.
"Булут экен,түнөргөндөн түнөрөт..."
дебегиле...Кээде күндөй нурум бар...
Өткүн болуп,бир себелеп басылчу-
Мүнөзүмдөй- жазып койчу ырым бар...
"Ырларында кыштын ызгаар суугу бар..."
дебегиле...Бат эричү муздаймын...
Жазды сүйөм...кыялымда камчылап-
Канатымды кайрыймбы деп,учпаймын. ..
"Ким болду экен,өзүн кылган табышмак?"
дебегиле...Жандырмагын жазганмын...
Боёгу аз,кем дүйнөдөн жашынып-
Ырды сүйүп,ырда жашап калганмын...
Боз Торгой.
#114 16 Январь 2016 - 14:21
Күтүлбөгөн жооп...
-Сүйөсүңбү?- деп,сен кечээ сурадың,
(Келип кетти,дагы сени сынагым...)
-Жок!-деп койдум,кабак бүркөп атайы-
Күчү менен,сен калтырган ызанын...
Өрттөн эми,кызганычта жалында!
Мага жетпей,турсаң дагы жанымда...
Сен да мени,чогуу жүрүп,кээ күнү-
Жалгыз таштап,жашагансың алыста...
Боз Торгой.
-Сүйөсүңбү?- деп,сен кечээ сурадың,
(Келип кетти,дагы сени сынагым...)
-Жок!-деп койдум,кабак бүркөп атайы-
Күчү менен,сен калтырган ызанын...
Өрттөн эми,кызганычта жалында!
Мага жетпей,турсаң дагы жанымда...
Сен да мени,чогуу жүрүп,кээ күнү-
Жалгыз таштап,жашагансың алыста...
Боз Торгой.
#115 16 Январь 2016 - 14:32
Сүрөтүмдү эми тартпа,кайрадан.
..
Ишенимдүү тиктеп,менин сүрөтүм,
Көп жыл мурда,сен аркылуу тартылган...
Жаштыгымдан, уяңдыгым байкалып,
Карегимде,сүйүү турган,жашынган. ..
Качан кайра,оңдоп- түзөп тарткансың,
Мен өзүмдү азыр турам,тааныбай. ..
Көздөрүмдө баштагыдай учкун жок,
Турсам дагы,мен жаш бойдон,карыбай. ..
Өчүрүпсүң,ишенимди каректен,
Туңгуюкту тиктегенсийт кайдыгер...
Карегиме таарынычтар тартылган,
Керек эми,мага мезгил дарыгер...
Оңдоп кайра,тартпа эми сүрөтүм,
Баштагыдай жакшы боёк табылбайт...
Мен гана эмес,жада калса сүрөтүм-
Колдоруңду, кармаса деп,сагынбайт. ..
Боз Торгой.
Ишенимдүү тиктеп,менин сүрөтүм,
Көп жыл мурда,сен аркылуу тартылган...
Жаштыгымдан, уяңдыгым байкалып,
Карегимде,сүйүү турган,жашынган. ..
Качан кайра,оңдоп- түзөп тарткансың,
Мен өзүмдү азыр турам,тааныбай. ..
Көздөрүмдө баштагыдай учкун жок,
Турсам дагы,мен жаш бойдон,карыбай. ..
Өчүрүпсүң,ишенимди каректен,
Туңгуюкту тиктегенсийт кайдыгер...
Карегиме таарынычтар тартылган,
Керек эми,мага мезгил дарыгер...
Оңдоп кайра,тартпа эми сүрөтүм,
Баштагыдай жакшы боёк табылбайт...
Мен гана эмес,жада калса сүрөтүм-
Колдоруңду, кармаса деп,сагынбайт. ..
Боз Торгой.
#116 16 Январь 2016 - 14:56
Жаңыл Мырза?!
Чечимиң текебердик эмес бекен,
Жаа атып,махабаттын жибин чечкен?!
Жол бербес,намыс- арың бийик беле,
Сүйүүнүн жыргалынан аша кечкен?!
Жаңыл Мырза?!
Далили болдуңбу же,аялзаттын-
"Билгиле, намыс-ары,бийик! "-деген?
"Кордолбой таза бойдон сакталсын." -деп,
Сүйүүңө,түбөлүккө уйку берген?..
Жаңыл Мырза?!
Алданган,же кор болгон аялдардын-
Чогултуп,жебе жасап,армандардан,
Өчүңдү махабаттан алдың бекен,
Кайра өзүң арман болуп калдың бекен?!
Жаңыл Мырза?!
Сага айтат,түшүнбөгөн, " каргыш тийсин!"
Сырыңды башка жандар кайдан билсин...
Намысын бийик койгон,cүйүүдөн да,
Адашкан махабаттан, деги кимсиң?...
Боз Торгой.
Чечимиң текебердик эмес бекен,
Жаа атып,махабаттын жибин чечкен?!
Жол бербес,намыс- арың бийик беле,
Сүйүүнүн жыргалынан аша кечкен?!
Жаңыл Мырза?!
Далили болдуңбу же,аялзаттын-
"Билгиле, намыс-ары,бийик! "-деген?
"Кордолбой таза бойдон сакталсын." -деп,
Сүйүүңө,түбөлүккө уйку берген?..
Жаңыл Мырза?!
Алданган,же кор болгон аялдардын-
Чогултуп,жебе жасап,армандардан,
Өчүңдү махабаттан алдың бекен,
Кайра өзүң арман болуп калдың бекен?!
Жаңыл Мырза?!
Сага айтат,түшүнбөгөн, " каргыш тийсин!"
Сырыңды башка жандар кайдан билсин...
Намысын бийик койгон,cүйүүдөн да,
Адашкан махабаттан, деги кимсиң?...
Боз Торгой.
#117 16 Январь 2016 - 19:11
Калеминиз курч болсун,
Жазганыныз калемпир менен мурч болсун!
Жазганыныз калемпир менен мурч болсун!
#119 16 Январь 2016 - 21:12
Ай менен сүйлөшүү...
Тереземдин түбүндө,
Даракка өскөн-илинип,
Ай,мени неге аяйсың,
Уктабай жатсам,тигилип? ..
Сурадың,анан, акырын-
(Болгондой менин жакыным...)
-Уктабай нени ойлодуң,
Өткөрүп,түндүн жарымын?..
-Уурданып кирип,нурларың,
Себебин неге cурадың?...
Маанайым менин,бүгүн жок,
Сырдашкым келбей турамын...
Санааркап,сезим- туюмум,
Чече албай,ойдун түйүнүн,
Кыйналып турам,ансыз да,
Аңтарба,ичин, үйүмдүн...
Тынчымды алган санааны,
Кыялым менен азгырам...
Уялтып,тоскоол болбой тур,
Уйкумду кайра чакырам...
Унутам түнкү ойлорду-
Унуткан түштүн бириндей,
Эскиртем эптеп,өңү өчсүн,
Кийилбей калган кийимдей...
Мен эртең таңды тосомун!
Унутуп баарын коёмун...
Терезем түнү тигилсең-
Уйкуда жаткан боломун...
Боз Торгой.
Тереземдин түбүндө,
Даракка өскөн-илинип,
Ай,мени неге аяйсың,
Уктабай жатсам,тигилип? ..
Сурадың,анан, акырын-
(Болгондой менин жакыным...)
-Уктабай нени ойлодуң,
Өткөрүп,түндүн жарымын?..
-Уурданып кирип,нурларың,
Себебин неге cурадың?...
Маанайым менин,бүгүн жок,
Сырдашкым келбей турамын...
Санааркап,сезим- туюмум,
Чече албай,ойдун түйүнүн,
Кыйналып турам,ансыз да,
Аңтарба,ичин, үйүмдүн...
Тынчымды алган санааны,
Кыялым менен азгырам...
Уялтып,тоскоол болбой тур,
Уйкумду кайра чакырам...
Унутам түнкү ойлорду-
Унуткан түштүн бириндей,
Эскиртем эптеп,өңү өчсүн,
Кийилбей калган кийимдей...
Мен эртең таңды тосомун!
Унутуп баарын коёмун...
Терезем түнү тигилсең-
Уйкуда жаткан боломун...
Боз Торгой.
#120 16 Январь 2016 - 21:28
Шах-мат!(Ак,
кара түстөгү ыр)
Эч нерсе бүгүн чечпейт-
Сен тартуу кылган десте...
Тагдырлар шахмат болуп,
Ойнолуп жаткан кезде...
Төрт бурчтук тактай-
Бөлүнгөн ак-карага...
Алдыда татаал таймаш-
Батырган сар-санаага. ..
Жеңилгим келбей турат...
Биринчи менде кадам!
Тооруба,мени антип-
Чыгууга жолум табам!
Бүгүнкү беттешүүбүз-
Ак-кара түстө гана...
Балким мен "шах" деп айтам,
Байкатпай туруп сага...
Таймашта баары болот,
Көктүгүм "мат" кылаарсың...
Бүгүн да бул таймашта-
Жеңүүчү сен чыгаарсың?.. .
Жакшылап жолдор изде...
Мен оңой багынбаймын. ..
Жеңүүчү болсоң эгер-
Мен сага таарынбаймын! ..
Боз Торгой.
Эч нерсе бүгүн чечпейт-
Сен тартуу кылган десте...
Тагдырлар шахмат болуп,
Ойнолуп жаткан кезде...
Төрт бурчтук тактай-
Бөлүнгөн ак-карага...
Алдыда татаал таймаш-
Батырган сар-санаага. ..
Жеңилгим келбей турат...
Биринчи менде кадам!
Тооруба,мени антип-
Чыгууга жолум табам!
Бүгүнкү беттешүүбүз-
Ак-кара түстө гана...
Балким мен "шах" деп айтам,
Байкатпай туруп сага...
Таймашта баары болот,
Көктүгүм "мат" кылаарсың...
Бүгүн да бул таймашта-
Жеңүүчү сен чыгаарсың?.. .
Жакшылап жолдор изде...
Мен оңой багынбаймын. ..
Жеңүүчү болсоң эгер-
Мен сага таарынбаймын! ..
Боз Торгой.