Атама.
Кыш күнү,айыл карлуу,муздар тоңгон,
Биз болсо-жетиле элек,бала бойдон,
Чымчылап бетибизди аяз каарыйт,
Биз ыраазы-оюн үчүн кайыл болгон.
Жарышып,дөңдөн ылдый муз тебебиз,
Кеч күүгүм,үйдү унутуп,кечигебиз,
Кончуна өтүктөрдүн толтуруп кар,
Кайтабыз,илкий басып,үйлөргө жай.
Бут кийим,мээлейлерди топтоп алып,
Атакем мешке отту-улуу жагып,
Эсимде-өтүктөрдү тизип чыкчу,
Мээлейге тоңгон карды,күбүп-
кагып.
Мен азыр башка өлкөдө,жолдор алыс,
Кыш келсе,камың көрүп бара албаймын,
Бүлөөлүү кыз баламын-чийден чыккан,
Сиз үчүн,жылытып от жага албаймын...
Enesaiдын ыр тамчылары.
#62 15 Октябрь 2015 - 13:14
Ыр тамчылар...
Жазда ачылып,суктандырып гүлдөгөн,
Сен жактырып,аяп бирок,үзбөгөн,
Булак жээктеп өскөн гүлдү эстечи?
Сүрөт баштап,бирок тартып бүтпөгөн.
Өкүнбөгүн үзбөдүм деп ал гүлдү,
Элесиңде жаздай жайнап жашасын.
Суук күндөрдө,суук көздөрдөн калкалап,
Кыялыңда,коюнуңа катасың...
Жашап калсын,сулуу бойдон,жаш бойдон,
Мезгилдери кеч күз эмес,жаз бойдон,
Үзүп алып,сактай албай соолутуп,
Койгон жаман,назик көңүл оорутуп...
Жазда ачылып,суктандырып гүлдөгөн,
Сен жактырып,аяп бирок,үзбөгөн,
Булак жээктеп өскөн гүлдү эстечи?
Сүрөт баштап,бирок тартып бүтпөгөн.
Өкүнбөгүн үзбөдүм деп ал гүлдү,
Элесиңде жаздай жайнап жашасын.
Суук күндөрдө,суук көздөрдөн калкалап,
Кыялыңда,коюнуңа катасың...
Жашап калсын,сулуу бойдон,жаш бойдон,
Мезгилдери кеч күз эмес,жаз бойдон,
Үзүп алып,сактай албай соолутуп,
Койгон жаман,назик көңүл оорутуп...
#63 16 Октябрь 2015 - 14:22
Ээсин күткөн эски үй.
Жетимсиреп, жансыз,жалгыз өмүр сүргөн,
Жадагалса карт дөбөт жок,короодо үргөн,
Бапыраган бактылуулук тентип үйдөн,
От тутанбай коломтодо муздап бүткөн...
Жашыл чөпкө,жалгыз аяк жол багынып,
Издер түшпөй,үмүт үзгөн.Жок,таарынып. ..
Күңүрт тартып,үй эмерек бүт чачылып,
Кабак ачпай,кайгыргансыйт- үй чаалыгып...
Наристелер үнү чыкпайт,дубал жарчу,
Эне да жок.Узун түндө алдей айтчу,
Ата дагы,кайтпас жакка кетип калган,
Чаалыгып,ат бастырып,кечте кайтчу.
Үй жалгыз.Керээзин уулдары улантпады,
Кичүүсү үйдө жашап,карт үйдү кубантпады.
Жетимсиреп, жалгызсырап, эрмек таппай,
Эски үй,ээсин күтүп-турат дагы...
Жетимсиреп, жансыз,жалгыз өмүр сүргөн,
Жадагалса карт дөбөт жок,короодо үргөн,
Бапыраган бактылуулук тентип үйдөн,
От тутанбай коломтодо муздап бүткөн...
Жашыл чөпкө,жалгыз аяк жол багынып,
Издер түшпөй,үмүт үзгөн.Жок,таарынып. ..
Күңүрт тартып,үй эмерек бүт чачылып,
Кабак ачпай,кайгыргансыйт- үй чаалыгып...
Наристелер үнү чыкпайт,дубал жарчу,
Эне да жок.Узун түндө алдей айтчу,
Ата дагы,кайтпас жакка кетип калган,
Чаалыгып,ат бастырып,кечте кайтчу.
Үй жалгыз.Керээзин уулдары улантпады,
Кичүүсү үйдө жашап,карт үйдү кубантпады.
Жетимсиреп, жалгызсырап, эрмек таппай,
Эски үй,ээсин күтүп-турат дагы...
#64 24 Октябрь 2015 - 07:57
Таңды тосуу.
Түйшүктүү дагы бир күн жашап бүтүп,
Чаалыгып,эртеңинен жарык күтүп,
Максатың алга сүрөп,үмүт кошуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу!
Өкүнбөй жашап өткөн кечээкиңе,
Кадамың таамай болуп,эртеңкиңе-
Күн сайын кайра-кайра адам болуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу...
Түйшүктүү дагы бир күн жашап бүтүп,
Чаалыгып,эртеңинен жарык күтүп,
Максатың алга сүрөп,үмүт кошуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу!
Өкүнбөй жашап өткөн кечээкиңе,
Кадамың таамай болуп,эртеңкиңе-
Күн сайын кайра-кайра адам болуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу...
#65 24 Октябрь 2015 - 11:15
Enesai (24 Октябрь 2015 - 05:27) жазган:
Таңды тосуу.
Түйшүктүү дагы бир күн жашап бүтүп,
Чаалыгып,эртеңинен жарык күтүп,
Максатың алга сүрөп,үмүт кошуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу!
Өкүнбөй жашап өткөн кечээкиңе,
Кадамың таамай болуп,эртеңкиңе-
Күн сайын кайра-кайра адам болуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу...
Түйшүктүү дагы бир күн жашап бүтүп,
Чаалыгып,эртеңинен жарык күтүп,
Максатың алга сүрөп,үмүт кошуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу!
Өкүнбөй жашап өткөн кечээкиңе,
Кадамың таамай болуп,эртеңкиңе-
Күн сайын кайра-кайра адам болуу-
Баарына насип кылсын-таңды тосуу...
Чынында, насип кылсын танды тосуу,
Адамдардан алыс журсунчу "Олум" жоосу.
Батинкенин чечилип кетсе да "боосу"
Чалыштап баса албай каласын го озу,
Ошонун сынарындай жашоонун чечилбесин!
"Боосу"
Аз эле жашайбыз бул жашоодо, озу.
Ар бир жандын аман болсо, жаны
Коро жатаарбыз
Алдыда эмне болоорун дагы

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#66 24 Октябрь 2015 - 11:40
Кечирүү...
Жалгыз сөзүң,баарын айтып,"кечиргин? ",
Жоопсуз калды...Бирок үнсүз кечирдим...
Үмүттөрдүн эркелигин тизгиндеп,
Ойго батып,токтоо тартып,жетилдим. ..
Жоопсуз сөзүң,жообун алып сезимдин,
Жакынымсың. ..Үнсүз-сөзсүз кечирдим...
Кечээ шамал,ишенимим учурган,
Өкүнүчтүү... Сен бир күнгө кечиктиң...
Жалгыз сөзүң,баарын айтып,"кечиргин? ",
Жоопсуз калды...Бирок үнсүз кечирдим...
Үмүттөрдүн эркелигин тизгиндеп,
Ойго батып,токтоо тартып,жетилдим. ..
Жоопсуз сөзүң,жообун алып сезимдин,
Жакынымсың. ..Үнсүз-сөзсүз кечирдим...
Кечээ шамал,ишенимим учурган,
Өкүнүчтүү... Сен бир күнгө кечиктиң...
#67 25 Октябрь 2015 - 14:05
Соолуган булактын арманы.
Шыңгыр үндүү булак болуп,ага албадым,
Башат болуп,дайрама жол таба албадым,
Агып-акпай,бото көзүм соолуп калып,
Табиятка бир жакшы ыр жаза албадым...
Сырдуу ай,күзгү кылып көрүнбөдү,
Жылдыздар жымыңдашып чөмүлбөдү,
Жээгимде мөлтүрөгөн бүлдүркөндөр-
Чач болуп,көркүм ачып өрүлбөдү...
Желаргы саамайымдан сылабады,
Сырымды эркелетип сурабады...
Акыркы арманымды айтаарымда,
Соолупмун... Бир тамчы жаш кулабады...
Шыңгыр үндүү булак болуп,ага албадым,
Башат болуп,дайрама жол таба албадым,
Агып-акпай,бото көзүм соолуп калып,
Табиятка бир жакшы ыр жаза албадым...
Сырдуу ай,күзгү кылып көрүнбөдү,
Жылдыздар жымыңдашып чөмүлбөдү,
Жээгимде мөлтүрөгөн бүлдүркөндөр-
Чач болуп,көркүм ачып өрүлбөдү...
Желаргы саамайымдан сылабады,
Сырымды эркелетип сурабады...
Акыркы арманымды айтаарымда,
Соолупмун... Бир тамчы жаш кулабады...
#68 26 Октябрь 2015 - 12:04
Сирия...
Көздөн тамчы жашым кетти агылып,
Кечээ күнү көрүп жатып жаңылык,
Наристелүү жаанда калган зарыгып,
Эне элеси-көздөн кетпейт тартылып...
Эне,бала-алар беле күнөөкөр,
Кайда биздин-Алла сүйчү жүрөктөр?
Момундардын азаптарын баяндайт,
Жан кейитип-Сириялык сүрөттөр...
Качып-бозуп, жанын сактап тозоктон,
Үйүн-жайын,бар мал-мүлкүн жоготкон,
Бөтөн өлкө өгөйлөгөн жарандар-
Арып-азган,күн- түн баскан адамдар...
Наристенин балалыгы уурдалып,
Чымчыктын да уясы бузулбасын.
Каран күнгө туш болбой адамзаты,
Аккан канга топурак жуурулбасын!
Көздөн тамчы жашым кетти агылып,
Кечээ күнү көрүп жатып жаңылык,
Наристелүү жаанда калган зарыгып,
Эне элеси-көздөн кетпейт тартылып...
Эне,бала-алар беле күнөөкөр,
Кайда биздин-Алла сүйчү жүрөктөр?
Момундардын азаптарын баяндайт,
Жан кейитип-Сириялык сүрөттөр...
Качып-бозуп, жанын сактап тозоктон,
Үйүн-жайын,бар мал-мүлкүн жоготкон,
Бөтөн өлкө өгөйлөгөн жарандар-
Арып-азган,күн- түн баскан адамдар...
Наристенин балалыгы уурдалып,
Чымчыктын да уясы бузулбасын.
Каран күнгө туш болбой адамзаты,
Аккан канга топурак жуурулбасын!
#69 28 Октябрь 2015 - 11:06
Тоодо өскөн Гүлкайыр.
Көркөмү кээ бирине жакпаса да,
Калкалап,күйүмдүү жан бакпаса да,
Шамалдан шайы кетип сынып калбай,
Гүлкайыр,тоодо өстү,аруу таңдай...
Үзүлүп,десте болуп сатылбады,
Бир күндүк кооздук болуп тагылбады,
Нукура жыпар жытын алмаштырып,
Жасалма жыттуу болуп,жагынбады. ..
Көркөмү кээ бирине жакпаса да,
Калкалап,күйүмдүү жан бакпаса да,
Шамалдан шайы кетип сынып калбай,
Гүлкайыр,тоодо өстү,аруу таңдай...
Үзүлүп,десте болуп сатылбады,
Бир күндүк кооздук болуп тагылбады,
Нукура жыпар жытын алмаштырып,
Жасалма жыттуу болуп,жагынбады. ..
#70 28 Октябрь 2015 - 11:16
Эне тилеги.
Сар-санаа көз ирметпей курчап алып,
Түн уйку миң түйшөлткөн ойдон качып,
Кусалык,сагынычка айла таппай,
Энелер таңды тосот,кирпик какпай...
Бактыбыз Жараткандан тилеп-сурап,
Таң атпай,түйшүгү көп-эрте турат...
Бой жеткен,алыс кеткен уул-кызынын,
Тал чачы-эне үчүн баасыз кымбат...
Уулдарын-жаман жолдо баспаса дейт,
Кыз-кымбат,эл сөзүнө калбаса дейт,
Адашпай ак жолунан адал иштеп,
Ар-намыс,ак ниеттен кайтпаса дейт..
Сар-санаа көз ирметпей курчап алып,
Түн уйку миң түйшөлткөн ойдон качып,
Кусалык,сагынычка айла таппай,
Энелер таңды тосот,кирпик какпай...
Бактыбыз Жараткандан тилеп-сурап,
Таң атпай,түйшүгү көп-эрте турат...
Бой жеткен,алыс кеткен уул-кызынын,
Тал чачы-эне үчүн баасыз кымбат...
Уулдарын-жаман жолдо баспаса дейт,
Кыз-кымбат,эл сөзүнө калбаса дейт,
Адашпай ак жолунан адал иштеп,
Ар-намыс,ак ниеттен кайтпаса дейт..
#71 28 Октябрь 2015 - 11:22
Эң биринчи өз тилимде"апа"
деген сөздү айтсам,
Ак бешикке терметилип, "алдей" ырын угуп жатсам,
Кантип анан-өз тилимди башкага алмаштырам,
Үч сөзүмө,төртүнчүнү- чоочун тилде жалгаштырам?...
Ак бешикке терметилип, "алдей" ырын угуп жатсам,
Кантип анан-өз тилимди башкага алмаштырам,
Үч сөзүмө,төртүнчүнү- чоочун тилде жалгаштырам?...
#72 30 Октябрь 2015 - 15:20
Ыр тамчылар...
Чечкиндүүлүк эмнеге аз өзүмдө?
Көңүлчөөктүк үстөм кылат көбүнчө.
Чарчап бүгүн,бар күнөөңдү кечирдим,
Кийинкисин, келди дагы кечиргим...
Түгөнөөр дейм,чыдамымдын тамчысы,
Унчукпоо бул-жазалоомдун жакшысы.
Сурабагын,мен да сага жооп бербейм,
Кечирилген бардык күнөөң башкысы...
Кечиримим бекер эле беремин,
Чечкиндүүлүк издеп таап келемин...
Чечкиндүүлүк эмнеге аз өзүмдө?
Көңүлчөөктүк үстөм кылат көбүнчө.
Чарчап бүгүн,бар күнөөңдү кечирдим,
Кийинкисин, келди дагы кечиргим...
Түгөнөөр дейм,чыдамымдын тамчысы,
Унчукпоо бул-жазалоомдун жакшысы.
Сурабагын,мен да сага жооп бербейм,
Кечирилген бардык күнөөң башкысы...
Кечиримим бекер эле беремин,
Чечкиндүүлүк издеп таап келемин...
#73 30 Октябрь 2015 - 15:36
Кандай сонун ырлар! Ар бир сабы журоко жетет. Алтын калеминиз курчуй берсин!
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#75 01 Ноябрь 2015 - 14:38
Жазды күтүү...
Мен күткөн,мен арзыган,мени сүйгөн,
Үмүттүү күндөр санап,үнсүз күткөн,
Жаз айым,чыйрыкканым сездиң бекен?
Түшүмдө жылытууга келдиң бекен?..
Күз,кышка чоочундугум сезесиңби?
Күттүрбөй быйыл эрте келесиңби?
Мен үчүн сактап жүргөн жылуулукка,
Мээримиң бир аз кошуп бересиңби?
Күтөөрүм дайым сени билесиңби?
Жарашкан жашыл көйнөк киесиңби?
Кышында куса болуп сагынганда,
Уурданып,күтсөм түшкө киресиңби?..
Мен күткөн,мен арзыган,мени сүйгөн,
Үмүттүү күндөр санап,үнсүз күткөн,
Жаз айым,чыйрыкканым сездиң бекен?
Түшүмдө жылытууга келдиң бекен?..
Күз,кышка чоочундугум сезесиңби?
Күттүрбөй быйыл эрте келесиңби?
Мен үчүн сактап жүргөн жылуулукка,
Мээримиң бир аз кошуп бересиңби?
Күтөөрүм дайым сени билесиңби?
Жарашкан жашыл көйнөк киесиңби?
Кышында куса болуп сагынганда,
Уурданып,күтсөм түшкө киресиңби?..
#76 01 Ноябрь 2015 - 14:59
Эки саптар...
Чыркырап чындык издеп,чырылдап жүргөнү бар,
Тебелеп акыйкатты-табалап күлгөнү бар...
Карайлап жолун таппай,адашып жүргөнү бар,
Үстүртөн сынай тиктеп,үстөмдүк кылганы бар...
Үй,жайын баарын таштап,талаалап жүргөнү бар,
Элинин эсебинен,бай турмуш сүргөнү бар...
Ак жерден түзөлө албай,ийилип жүргөнү бар,
Чыныгы жүзүн катып,бет парда кийгени бар...
Туурасын айта коюп,тууганга жакпаган бар,
Кошомат коштоп жасап,катасын айтпаган бар...
Чөнтөгү жок,акылы бар жарандар бар,
Абийирин сатып,акчасы самандар бар...
Кашкайган чындык турса,кашайта чапканы бар,
Адамдык ар-намысын акчага сатканы бар...
Колдоосу жок,коргоосу жок жүргөндөр бар,
"Үйлөп ичип айранды,сүткө оозу күйгөндөр" бар...
"Оозу кыйшык болсо да,байдын" сөзүн уккан бар,
Балын татып алданып,кайра уусун жуткан бар...
Намысы,ары эң бийик-эл деп жашап жүргөн бар,
Уучубуз куру эмес,элге-журтка күйгөн бар...
Чыркырап чындык издеп,чырылдап жүргөнү бар,
Тебелеп акыйкатты-табалап күлгөнү бар...
Карайлап жолун таппай,адашып жүргөнү бар,
Үстүртөн сынай тиктеп,үстөмдүк кылганы бар...
Үй,жайын баарын таштап,талаалап жүргөнү бар,
Элинин эсебинен,бай турмуш сүргөнү бар...
Ак жерден түзөлө албай,ийилип жүргөнү бар,
Чыныгы жүзүн катып,бет парда кийгени бар...
Туурасын айта коюп,тууганга жакпаган бар,
Кошомат коштоп жасап,катасын айтпаган бар...
Чөнтөгү жок,акылы бар жарандар бар,
Абийирин сатып,акчасы самандар бар...
Кашкайган чындык турса,кашайта чапканы бар,
Адамдык ар-намысын акчага сатканы бар...
Колдоосу жок,коргоосу жок жүргөндөр бар,
"Үйлөп ичип айранды,сүткө оозу күйгөндөр" бар...
"Оозу кыйшык болсо да,байдын" сөзүн уккан бар,
Балын татып алданып,кайра уусун жуткан бар...
Намысы,ары эң бийик-эл деп жашап жүргөн бар,
Уучубуз куру эмес,элге-журтка күйгөн бар...
#77 01 Ноябрь 2015 - 16:03
Аябай таасирдуу жакшы жазылган. Калеминиз мындан да курчуй берсин.
#79 03 Ноябрь 2015 - 10:45
Бир кездерде...
Бир кездерде...Мен канаттуу пери болуп,
Жомокто жашаганмын, өзүм жалгыз...
Эч кимге мен айтпаган,эч кими көз артпаган,
Бар эле,эң кооз дүйнөм кайталангыс. ..
Бир кездерде...Дүйнөнү эң таза элестетип,
Чуркагам кучак жайып...Чалынгыча. ..
Жомогум башкалыгын, ал дүйнөм тазалыгын,
Сезбегем,мен тагдырга таарынгыча. ..
Бир кездерде...Жазылбаган барак болуп,
Жакшы ыр жазылаарын күткөн элем...
Ыр эмес,турмуш менен чиймеленип,
Ыр саптан үмүтүмдү үзгөн элем...
Бир кездерде...Мен канаттуу пери болуп,
Жомокто жашаганмын, өзүм жалгыз...
Эч кимге мен айтпаган,эч кими көз артпаган,
Бар эле,эң кооз дүйнөм кайталангыс. ..
Бир кездерде...Дүйнөнү эң таза элестетип,
Чуркагам кучак жайып...Чалынгыча. ..
Жомогум башкалыгын, ал дүйнөм тазалыгын,
Сезбегем,мен тагдырга таарынгыча. ..
Бир кездерде...Жазылбаган барак болуп,
Жакшы ыр жазылаарын күткөн элем...
Ыр эмес,турмуш менен чиймеленип,
Ыр саптан үмүтүмдү үзгөн элем...
#80 04 Ноябрь 2015 - 11:56
Суранам...
Жөн-жай гана,бере салчу убадаң,
(Ишенимди өзүм,сенсиз курагам...)
Корком бир күн,ара жолдо түгөнүп,
Калбаса экен,ката турчу суранам...
Көңүл үчүн,бере салчу убадаң,
Алдануумбу? ..Же жөн гана убарам...
Үмүттөрүм,үшүп өчүп калбасын-
Сактап койчу,бир бүртүгүн,суранам. ..
Убадаңды,өзүң бекем турбаган,
Бекер бербе...Мен алуудан уялам...
Уюткудай бир аз калды убадаң-
Аяр сактап,беките тур,суранам. ..
Жөн-жай гана,бере салчу убадаң,
(Ишенимди өзүм,сенсиз курагам...)
Корком бир күн,ара жолдо түгөнүп,
Калбаса экен,ката турчу суранам...
Көңүл үчүн,бере салчу убадаң,
Алдануумбу? ..Же жөн гана убарам...
Үмүттөрүм,үшүп өчүп калбасын-
Сактап койчу,бир бүртүгүн,суранам. ..
Убадаңды,өзүң бекем турбаган,
Бекер бербе...Мен алуудан уялам...
Уюткудай бир аз калды убадаң-
Аяр сактап,беките тур,суранам. ..