Суперстан: Enesaiдын ыр тамчылары. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Enesaiдын ыр тамчылары.

#81 Пользователь офлайн   Enesai   04 Ноябрь 2015 - 12:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Тирүүлүккө күбөлүк...

Бирде узун,бирде кыска ченеми,
Бир кубантса,бир кайгыртаар белеги,
Кээде күлсөң,кээде жашың төгүлгөн-
Турмушуңдун жолу татаал,себеби. ..

Кээде сунуп,чөйчөгүнөн бал,таттуу,
Кээде ташын төшөй коёт,эң каттуу...
Бирде бийик,бирде төмөн ыргактуу-
Бул турмушуң,болбойт экен,бир саптуу.

Миң жыгылып,миң бир жолу түзөлүп,
Жолуң улап...Жашоочудай түбөлүк...
Моюн сунбай,татаалдыкта таймашып,
Жашай берүүң-тирүүлүккө күбөлүк!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Enesai   05 Ноябрь 2015 - 14:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Убакыт.

Дартың болсо,ичтен жеген кууратып,
Койгуң келет,мезгилдерге уурдатып,
Жараатыңды, күн сааттарын чубатып-
Кылдат гана,дарылайт дейт,убакыт. ..

Унутулат,убактылуу көз ирмем,
Бирок өчпөй калат экен,тизмеден. ..
Жылдар өтүп,күндөрдүн бир күнүндө-
Эске түшөт...Унутулбайт, тирүүңдө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Enesai   07 Ноябрь 2015 - 09:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Ыр тамчылар...

Кайрылып келбес,балалык аруу мезгилим,
Тоолордо калган,булактай мөлтүр сезимим,
Өзгөрттү мени,баёо кыз болбой жетилүүм,
Керексиз эми,кайрылып кайра кезигүүм...

Айыпсыз,тунук, сыр кылып каткан сезимдер,
Гүлүнө тоонун,катканым балким,сезилээр. ..
Жолугуу үчүн,жыл сайын гүлдөп жаңыдан,
Жоодурап бир күн,кызыл гүл болуп кезигээр...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Enesai   07 Ноябрь 2015 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Күтүү...

Боёкту аяп,бозортуп тарткан сүрөттөй,
Боз туман басып,жүдөттү бүгүн күн өтпөй...
Күтүүнүн деле,болоор дейм,акыр-аягы,
Сактасаң экен,сабырым кактап,түгөтпөй. ..

Алыстап менден,үзүлсө десең үмүтүм,
Уурдаба оюм...Тынчымды алып,күнү-түн. ..
Себеби болуп,түбү жок сары-санаанын,
Күз болуп келип,аябай мени үшүттүң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Enesai   08 Ноябрь 2015 - 12:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Кусалык...

Эрте жазда,эрки күчтүү аялдай,
Коркпой кардан,суукка дагы карабай,
Тоо боорунда,аппак болуп гүлдөгөн,
Байчечекей көздөн учту,аябай.. .

Табият да,жаңы жашыл көйнөкчөн,
Талаа,түзгө- түрлүү,түстүү гүл өскөн,
Кымыздыгын, кычкыл даамдуу ышкынын,
Көп сагынам,жазда жетпей,үзбөстөн. ..

Мөңгү эрип,булактардан топтолгон-
Сууну жээктей,албууттанып, шоктонгон,
Чырмалышкан бүлдүркөндөр жапайы-
Бышкан кезде,бир барсам дейм,атайы.. .

Жөө жете алгыс,алыста өскөн карагат,
Жылдар өтүп...Кыял болуп баратат...
Туулган жерден алыс жүргөн адамга-
Окшош күндөр...Түн кирет да,таң атат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Enesai   20 Ноябрь 2015 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Жалгыз өзүм күбөмүн...

Жазмыш болуп,жашоо жолум чийилген,
Өткөн өмүр-көйнөгүмдөй кийилген,
Жаңысында жарашыгы жакшы эле,
Кемчилдиги, мезгил өтүп билинген...

Кемибестей, жаштык толгон чөйчөгүм,
Жакшы жашап,кайгырбадым, чөкпөдүм.
Түгөтө ичип,койгонумду кеч байкап,
Сабыр кылдым,көз жашымы төкпөдүм...

Өкүнүчтөр кээде мени чырмаса,
Көңүл кээде,көз жаш төкпөй ыйласа,
Сооротоору кайра эле өзүммүн-
Жаштыкты эстеп,жүрөк кээде туйласа...

Бир кылчайып,жаштыгымды эскерип,
Кайтаар жолум,калптан издеп жүрөмүн,
Кайрый алгыс,артта калган күндөргө,
Басып өткөн,жалгыз өзүм,күбөмүн...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   aruuke.14   20 Ноябрь 2015 - 21:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 20 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 23 Авг 2021 06:59

Мынча жакшы жазасыз китеп чыгартсаныз болчудай экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Enesai   27 Ноябрь 2015 - 09:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Жамийла эмессиңер...

"Кырк үйдөн тыюу" көрүп тарбия алган,
Оту өчпөй коломтодо,дайым жанган,
Кыргыздын эң жөнөкөй аялдары-
Бул ырды,силер үчүн,гана жазгам...

Жамийла эмессиңер," эл сөз кылат"...
Баш ийип тагдырыңа,жашоо уланат...
Түгөнбөс түйшүктөрүн жонго артып,
Өзү эмес,уул кызы үчүн,көп кубанат...

Жат нерсе,Аселдеги чечкиндүүлүк-
Миң күлсө,турмушунда миң бир күйүп...
Көз жашын,терс бурулуп төксө дагы,
Жашоосун кайра улайт,калптан күлүп...

Курмандык кылган өзүн асылдарым...
Кээде оор,кээде катаал,тагдырларың. ..
Энелик,эң чоң бакыт курчап турсун,
Баарынан,эне болгон,сен улуусуң!

Боз Торгой,фейсбук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Enesai   27 Ноябрь 2015 - 09:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения aruuke.14 (20 Ноябрь 2015 - 21:24) жазган:

Мынча жакшы жазасыз китеп чыгартсаныз болчудай экен.

Рахмат,буюрса аракет кылам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Enesai   27 Ноябрь 2015 - 10:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Ыр тамчылар...

Мен буулугуп,боз түстөгү туманмын,
Төгүлө албай,жазыла албай,турамын. ..
Жамгыр болуп,бир көз жашым төккүм бар.
Бир тамчылап,өткүн болуп өткүм бар...

Мен кар болуп,үшүткөндө билээрсиң,
"Жаз келсе",-деп, мендей болуп тилээрсиң...
Жылынаарга жарык нурум сагынып,
Жылыта албас,сулуу тонуң кийээрсиң...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Enesai   10 Декабрь 2015 - 06:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Уулума...

Дем берет,жакшы сүйлөп жылмайышың,
Байкатпай жигит болгон кубанычым...
Мойнума асылбастан токтоо тартсаң,
Таарынтат сага,энелик кызганычым. ..

Кечээги шок бала элең жөн турбаган,
Токтоолук көркүң ачты,көз тийбесин.
"Апалап" аз кайрылып,сырдуу болсоң,
Энелик кызганыч бар,сен билбейсиң...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Enesai   10 Декабрь 2015 - 07:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Уурдалган бакыт...

Бир тамчы бакыт үчүн,
Көз жаштай ачуу тамган,
Адашып аял жашайт,
Ак жолдон жаза тайган,
Үшүгөн жарыгы жок,
Үмүттү ээрчип алган...

Тымызын башка аялдан,
Уурдалып келген бакыт,
Байкатпай уурдап жүрөт,
Жаштыгын аздан катып...
Адашып аял жашайт,
Тузу ачуу сүйүү татып...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   aruuke.14   10 Декабрь 2015 - 07:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 20 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 23 Авг 2021 06:59

Просмотр сообщения Enesai (27 Ноябрь 2015 - 10:01) жазган:

Ыр тамчылар...

Мен буулугуп,боз түстөгү туманмын,
Төгүлө албай,жазыла албай,турамын. ..
Жамгыр болуп,бир көз жашым төккүм бар.
Бир тамчылап,өткүн болуп өткүм бар...

Мен кар болуп,үшүткөндө билээрсиң,
"Жаз келсе",-деп, мендей болуп тилээрсиң...
Жылынаарга жарык нурум сагынып,
Жылыта албас,сулуу тонуң кийээрсиң...

Боз Торгой.


Ээхх ушул ыр мен учун жазылгандай екен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Enesai   30 Декабрь 2015 - 07:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Каалоо-тилек. ..

Келээр жылдын-ачып жаңы барагын,
Өкүнсөк да,бир жыл артка таштайбыз.
Жаңы жылда күтөөр бизди-узак жол-
Кетти эски жыл...кайрылбайбыз, кайтпайбыз.. .

Жашап өттүк,кимге кандай жыл болду,
Чыгараарга жыйынтыкты кез келди...
Унутулуп,кайгы- капа таарыныч-
Жаңы жылга жакшы ой менен жетели!

Баарынан да,бизге заман тынч болсун!
Андан кийин,үйүбүзгө кут толсун!
Унутулуп эмне экени жокчулук-
Ар бир үйдө толуп-ташсын, токчулук!

Эркелесин күлкү кетпей,наристе!
Ар-бир аял өзүн сезип периште-
Эң сүйүктүү эне болсун,жар болсун,
Жакындардан жаратканым- кемитпе?...

Аман болсун,асыл ата-апалар,
Алыс кетсин,куса, кайгы-капалар. ..
Орундалсын- жакшы аруу-тилектер-
Майлуу-сүттүү, жаңы жылым кирип кел!

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Enesai   30 Декабрь 2015 - 07:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Жаады кар...

Бийлегендей, кыштын көркү аппак кар,
Каалгып учуп,жерден сапар түгөтүп,
Муздак,бирок, көзгө сүйкүм бүртүгү-
Карегимде... кубанычым күчөтүп...

Жетип-жетпей, алаканым отуна-
Эрип кетти...кооздугун жашырып...
Тээ илгерки балалыктай чуркагым,
Келип кетти...карды кечип,каткырып. ..

Аруулуктун белгисиндей ак карды,
Чачкым келди,жаш баладай сапырып...
Кыялымды-түнөргөндөй турмуштан,
Койгум келди,аппак карга жашырып...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Enesai   30 Декабрь 2015 - 07:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Аял-эне!

Кайталангыс. ..баары түрдүү башкача...
Жамгыр жууган,назик гүлбү,таптаза? ...
Аялзатын ырдап эч ким бүтпөстүр...
Аруулугун дастан кылып,баштаса!

Назик жанда-байкалбастан, эч кимге,
Сынбас кайрат,"сындырбайм" деп жашынат,
Үлбүрөгөн булут сындуу аялга-
Билбейм кайдан,тоодой кайрат табылат?

Көз жашынын тамчылары" мөлт"этип,
Акса агып...өзүн акпай токтотуп...
Аялзаттын эрктүүлүгүн сөз таппай-
Аска-зоого койгум келди,окшотуп. ..

Же сүйүлүп,же сүйүлбөй бирөөгө,
Күнөөлүүдөй. ..эч батпаган күнөөгө,
Оор болсо да,турмуш жүгүн жонго артып,
Жашайт аял...Чырак болуп,бүлөдө. ..

Бала сүйүп,тартса түйшүк-кубанып,
Учкун болуп,өчөөр кезде тутанып,
Мээримдүүлүк кайдан издеп таап алат,
Өзүнө эмес,балага өмүр суранып?...

Гүлдөй назик,бирок таштай кайраттуу,
Ак куу сымал-же арстандай айбаттуу,
Көрүнүшү,көркү- күчүн жашырган,
Аял-эне!Эң аялуу,кымбаттуу! ...

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Enesai   30 Декабрь 2015 - 07:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Жоготуудан коркосуң...

Ак тонуна мени катып,жашырып,
Аяз мени уурдачуудай азгырып,
Себеби жок,кызганасың мынчалык,
Чилде мени калган сымал,жактырып. ..

Жүрөгүмдү музга айлантып коёт деп,
Сен ызгаардан корктуң экен,мынчалык. ..
Мен жөн гана...тоңгум келген сен үчүн
Жашасам деп,жалындабай тынч алып...

Көз жаштарым жамгыр эмес,кар болуп,
Калгандыгы. ..сени уйкудан ойготуп...
Сөздү издеп,мага айтчу сооротуп,
Сен коркосуң,мени алуудан жоготуп...

Табылууга мен сен үчүн кайрадан,
Кышты ээрчип,бир жоголуп кетким бар...
Менсиз жашай албашыңды аныктап-
Издеп тапсаң,жазда кайра келгим бар.

Боз Торгой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   osh93   05 Январь 2016 - 14:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ушу сиздин талантыныз озгочо да,мындан да жакшы ырларды жазыныз.Ийгилик!
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Enesai   07 Январь 2016 - 18:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

Просмотр сообщения osh93 (05 Январь 2016 - 14:50) жазган:

Ушу сиздин талантыныз озгочо да,мындан да жакшы ырларды жазыныз.Ийгилик!

Рахмат,иним, сага дагы ийгилик каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   mega777   07 Январь 2016 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Эжеке жоголуп кетпей кирип туруңуз.Ырларыңызды күтүп окуйм.Ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 47 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 47, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 05:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: