Аскаттын апасы жан талаша суроолорун берип, жооп алган соң ойлуу отуруп калды. Аны тиктеп отуруп, өзүмдүн сезимиме жооп таба албадым. Анткени мен бул аялды жек көрүшүм керек эле. Ал биздин үй-бүлөнүн каргашасы болчу. Атам менен апамдын ортосундагы айлап-жылдап бүтпөгөн чыр ушул аялдын кесепетинен эле. Менин бактысыз балалыгыма да ушул аял күнөөлүү болчу. Бирок аны таптакыр жек көрө албай жаттым. Кичинемден берки желмогуздун образы өзүнөн өзү жоголуп бара жатты. Азыр алдымда отурган аял менден да алсыз, чарасыз, назик көрүндү. Жүзү периштеникиндей сулуу эле... Өзүн күнөөлөп, ичтен жеген кайгысы бар экени жүзүнөн билинип турат.
– Сиз бул нерсеге күнөөлүү эмессиз, өзүңүздү кыйнабаңыз,
- дедим.
Ал муңайым күлүмсүрөп койду.
– Биз, ата-энелер, ар дайым балдарыбыздын алдында күнөөлүүбүз.
Мен Аскаттын алдында күнөөлүү болсом, сенин ата-энең да сенин алдыңда күнөөлүү. Биз, бул окуянын каармандары,
баарыбыз күнөөлүүбүз.
Бул сөз жүрөгүмдү тилип өттү. Өзүмдүн апамды, анын мага жазган каттарын эстедим. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук. Аскат, билесиңби, сени эле эмес, сени төрөгөн апаңды да сүйдүм...
Ххх
Бир ай күтүү менен, үмүт менен өттү. Аскатка калганда ырымчыл да болуп кеттим. Жолумда жолуккан бардык нерсени Аскатка жоруйм. Эртең менен туруп чоң апам үйрөткөн дубаларды кайталайм. Бактыбызды,
тагдырыбызды Жараткандан жалдырап сурап жүрдүм. Ошентип, Аскаттын соту боло турган күн да келди. Ошол күнү эртең менен жүрөгүм ооруп, бир нерседен тынчсызданып ойгондум. Телефонума Илимбек байкеден кабар келген экен, шашып-бушуп окуй салдым. «Карындашым,
сен сөзүңө турасыңбы? Мага берген убадаң эсиңдеби? Аткара албай турган болсоң айт» деген экен. Эч нерсени ойлогум келбеди. Дароо бардык өтүнүчүн аткарарымды айтып убада бердим. Тагдырдан эч качан жамандык күтпөйт эмеспи адам. Менин оюма да эч жамандык келген эмес. Сотко мени катыштырбай коюшту. Бирок акыры жакшылык менен бүттү. Анткени Илимбек байке тиги жигитти бычактаган чыныгы адамды тапты. Бардыгы Аскаттын пайдасына чечилди. Сүйүнгөнүм,
ай, ошол күнү! Жанымды коёрго жер таба албай кубанып жүрдүм. Аскат чыга турган күнү аны алып кеткенге атам менен чогуу бардым. Бирок атам Аскаттын апасын көрөрү менен мени түшүрүп койду да, кетип калды.
– Ата?
– Кызым, мен машина жиберем. Азыр тиги адамдарга жолукпай койгонум оң,- деди ал.
Аргасыз көндүм. Аскатты көрөрүм менен так секире эч кимди көзүмө илбей анын мойнуна асылдым.
– Коё тур, Данек, коё турсаң.
Уялып кеткенин кызарып кеткен жүзүнөн билдим. Мени кучагынан чыгарып, апасына умтула берди. Апасы кучактап, өөп жатты, жүзүнөн тамчы жаштар төгүлүп кетти.
– Апа, болду эми, мен жаныңдамын!
Ушинтип айткан менен Аскат өзүн да зорго кармап тургандай. Апасын кучактап алып ыйлап жибере тургандай абалын байкадым. Атам болсо алыстан байкап турганын сезип жаттым. Ошентип, ал күнү үйгө келдик. Кандай сонун, менин бактым кайрадан мени менен чогуу отурат. Кечки тамак соңуна чыгарын араң күтүп отуруп Аскат экөөбүз жашырынып бакчага чыктык. Далдоого киргенибизде эле ал мени кучактап катуу бооруна кысып алды.
– Сагындым...
– Мен дагы.
Экөөбүз бири-бирибиздин демибизди тыңшап туруп калдык. Мен ушул мүнөттөрдө Жараткандан бир гана нерсени – мени Аскаттан эч качан ажыратпасын тилеп жаттым.
– Кел, экөөбүз эртең эле үйлөнүп алабыз,- деди Аскат бир аздан соң.
– Жинди го, мен али мектепти бүтө элекмин.
– Эч нерсе болбойт. Бир аз кечиксек, сени жоготуп алчудай болуп жатам. Кайдан бул ойлор башыма келди билбейм, түрмөдө отуруп «аман чыксам, тез арада Данекке үйлөнөм» деп ойлодум. Шашпасам болбойт деп чечтим. Сенден ажырап калам деген бир коркунуч пайда болду.
– Менден ажырабайсың.
Мен өлөр өлгөнчө сеникимин.
Өзүм айткан сөздөргө ишенген элем ошол учурда. Эртеси Илимбек байкеге рахматымды айтып коёюн деп телефон чалдым. Ал келип жолугуп кетишимди сурады.
– Кандайсың, Данек? Ден соолугуң жакшыбы?
– Жакшы, агай, чоң рахмат! Сизге Аскат үчүн рахмат айтайын деп келдим.
– Мен өз ишимди аткардым.
Илимбек агайдын көздөрү мени жылдырбай тиктеп турду. Мынчалык таасирдүү көз карашты көргөн эмес элем. Не сынаганы, не аяганы билинбейт. Тайсалдай көзүмдү ала качтым. Ансайын анын көздөрү мени кубалап алгандай сезилди.
– Айданек, убадаң эсиңдеби?
Жүрөгүм куушурула түштү. Бул сөздүн артында эмне бар экенин билбесем да оор сөз турганын сездим.
– Ооба, билем.
– Эмне сурайт деп ойлоп турасың?
– Билбейм, бирок убадамдан артка кайтпайм.
– Сени биринчи көргөнүмдө эле...- деп келе жатып токтоп калды.
Жүрөгүмө бүдөмүк ой келип, бирок ошону ойлогонго даай албай отуруп калдым. Илимбек байке сөзүн андан ары улады.
– Мен бир окуяны сага айтып беришим керек.
– Ал окуяга менин тиешем барбы?
– Жок, сен ал кезде, балким, төрөлө элек да болсоң керек. Бирок азыр сенин түздөн-түз тиешең бар. Мен жаш кезимде бир кызды жакшы көргөм. Үйлөнүү тоюбузда экөөбүз жол
кырсыгына кабылдык. Мен аман калып, бирок аялымдан айрылып калдым. Өзүмдү Айша менен кошо өлтүрүп алыптырмын,
көп жыл тирүүнүн өлүгү болуп жашадым. Ошондон улам андан кийин үйлөнгөн жокмун. Бирок адам баары бир тирүү болгондон кийин жашоосун улантыш керек экен. Сен алгач менин кабинетиме кирип келгенде жүрөгүм көптөн бери биринчи жолу солк этти. Сенин жаштыгың, ишенчээктигиң,
бардыгына даяр болгонуң мага Айшаны эстетти. Айша...
– Мен Айша эмесмин!- дедим калтырай артка кетенчиктеп.
– Билем, сен Айша эмессиң. Сен...
Эрдин тиштей мени тиктеп көпкө ойлонуп калды. Эмне деп айтышым керек? Кандай кадамга барышым керек? Менин ордумда башка адам болгондо кандай кылат эле? Башымды өйдө көтөрө албадым.
– Мен агаңды куткардым, сөзүмө турдум. Эми кезек сеники...
– Жок! Болбойт!
Өзүм кыйкырдымбы же жүрөгүмбү? Аңдай албай турдум.
– Агаңдын амандыгын кааласаң керек.
Жашоо катаал экенин билчү элем, бирок мынчалык кастарын тигип алганын билбеген экем.
– Мен көп ойлондум. Сенден ажырай албайм. Бул туура эмес, бирок канча жылдан бери издеген адамымдан баш тарта албайм. Сен азыр али кичинесиң, бирок акылың, турмушту
билгениң көп адамдардан ат чабым алдыда.
Илимбек байке дагы көп нерселерди сүйлөгөндөй болду. Бирок мен андан аркысынын маанисин аңдай албадым. Ушундай болду. Сүйрөлүп чыгып, көчөдө баш оогон жагыма кетип
бара жаттым. Оюма эмнелер гана келген жок. Ошол күнү кечке көчөдө басып жүрө бердим. Телефонумду өчүрүп салган элем, жандырсам, Аскат бир нече жолу телефон чалыптыр. Бир нече жолу СМС да жазыптыр. Кечинде бутумду сүйрөп үйгө келдим. Аскат мени көрөрү менен жаныма жетип келди.
– Кайда жүрдүң?
– Мен... иштер менен...
– Эмне иштер анчалык?
Тагдыр оюну
#122 14 July 2015 - 18:53
Аскаттын апасы жан талаша суроолорун берип, жооп алган соң ойлуу отуруп калды. Аны тиктеп отуруп, өзүмдүн сезимиме жооп таба албадым. Анткени мен бул аялды жек көрүшүм керек эле. Ал биздин үй-бүлөнүн каргашасы болчу. Атам менен апамдын ортосундагы айлап-жылдап бүтпөгөн чыр ушул аялдын кесепетинен эле. Менин бактысыз балалыгыма да ушул аял күнөөлүү болчу. Бирок аны таптакыр жек көрө албай жаттым. Кичинемден берки желмогуздун образы өзүнөн өзү жоголуп бара жатты. Азыр алдымда отурган аял менден да алсыз, чарасыз, назик көрүндү. Жүзү периштеникиндей сулуу эле... Өзүн күнөөлөп, ичтен жеген кайгысы бар экени жүзүнөн билинип турат.
– Сиз бул нерсеге күнөөлүү эмессиз, өзүңүздү кыйнабаңыз, - дедим.
Ал муңайым күлүмсүрөп койду.
– Биз, ата-энелер, ар дайым балдарыбыздын алдында күнөөлүүбүз. Мен Аскаттын алдында күнөөлүү болсом, сенин ата-энең да сенин алдыңда күнөөлүү. Биз, бул окуянын каармандары, баарыбыз күнөөлүүбүз.
Бул сөз жүрөгүмдү тилип өттү. Өзүмдүн апамды, анын мага жазган каттарын эстедим. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук. Аскат, билесиңби, сени эле эмес, сени төрөгөн апаңды да сүйдүм...
Ххх
Бир ай күтүү менен, үмүт менен өттү. Аскатка калганда ырымчыл да болуп кеттим. Жолумда жолуккан бардык нерсени Аскатка жоруйм. Эртең менен туруп чоң апам үйрөткөн дубаларды кайталайм. Бактыбызды, тагдырыбызды Жараткандан жалдырап сурап жүрдүм. Ошентип, Аскаттын соту боло турган күн да келди. Ошол күнү эртең менен жүрөгүм ооруп, бир нерседен тынчсызданып ойгондум. Телефонума Илимбек байкеден кабар келген экен, шашып-бушуп окуй салдым. «Карындашым, сен сөзүңө турасыңбы? Мага берген убадаң эсиңдеби? Аткара албай турган болсоң айт» деген экен. Эч нерсени ойлогум келбеди. Дароо бардык өтүнүчүн аткарарымды айтып убада бердим. Тагдырдан эч качан жамандык күтпөйт эмеспи адам. Менин оюма да эч жамандык келген эмес. Сотко мени катыштырбай коюшту. Бирок акыры жакшылык менен бүттү. Анткени Илимбек байке тиги жигитти бычактаган чыныгы адамды тапты. Бардыгы Аскаттын пайдасына чечилди. Сүйүнгөнүм, ай, ошол күнү! Жанымды коёрго жер таба албай кубанып жүрдүм. Аскат чыга турган күнү аны алып кеткенге атам менен чогуу бардым. Бирок атам Аскаттын апасын көрөрү менен мени түшүрүп койду да, кетип калды.
– Ата?
– Кызым, мен машина жиберем. Азыр тиги адамдарга жолукпай койгонум оң,- деди ал.
Аргасыз көндүм. Аскатты көрөрүм менен так секире эч кимди көзүмө илбей анын мойнуна асылдым.
– Коё тур, Данек, коё турсаң.
Уялып кеткенин кызарып кеткен жүзүнөн билдим. Мени кучагынан чыгарып, апасына умтула берди. Апасы кучактап, өөп жатты, жүзүнөн тамчы жаштар төгүлүп кетти.
– Апа, болду эми, мен жаныңдамын!
Ушинтип айткан менен Аскат өзүн да зорго кармап тургандай. Апасын кучактап алып ыйлап жибере тургандай абалын байкадым. Атам болсо алыстан байкап турганын сезип жаттым. Ошентип, ал күнү үйгө келдик. Кандай сонун, менин бактым кайрадан мени менен чогуу отурат. Кечки тамак соңуна чыгарын араң күтүп отуруп Аскат экөөбүз жашырынып бакчага чыктык. Далдоого киргенибизде эле ал мени кучактап катуу бооруна кысып алды.
– Сагындым...
– Мен дагы.
Экөөбүз бири-бирибиздин демибизди тыңшап туруп калдык. Мен ушул мүнөттөрдө Жараткандан бир гана нерсени – мени Аскаттан эч качан ажыратпасын тилеп жаттым.
– Кел, экөөбүз эртең эле үйлөнүп алабыз,- деди Аскат бир аздан соң.
– Жинди го, мен али мектепти бүтө элекмин.
– Эч нерсе болбойт. Бир аз кечиксек, сени жоготуп алчудай болуп жатам. Кайдан бул ойлор башыма келди билбейм, түрмөдө отуруп «аман чыксам, тез арада Данекке үйлөнөм» деп ойлодум. Шашпасам болбойт деп чечтим. Сенден ажырап калам деген бир коркунуч пайда болду.
– Менден ажырабайсың. Мен өлөр өлгөнчө сеникимин.
Өзүм айткан сөздөргө ишенген элем ошол учурда. Эртеси Илимбек байкеге рахматымды айтып коёюн деп телефон чалдым. Ал келип жолугуп кетишимди сурады.
– Кандайсың, Данек? Ден соолугуң жакшыбы?
– Жакшы, агай, чоң рахмат! Сизге Аскат үчүн рахмат айтайын деп келдим.
– Мен өз ишимди аткардым.
Илимбек агайдын көздөрү мени жылдырбай тиктеп турду. Мынчалык таасирдүү көз карашты көргөн эмес элем. Не сынаганы, не аяганы билинбейт. Тайсалдай көзүмдү ала качтым. Ансайын анын көздөрү мени кубалап алгандай сезилди.
– Айданек, убадаң эсиңдеби?
Жүрөгүм куушурула түштү. Бул сөздүн артында эмне бар экенин билбесем да оор сөз турганын сездим.
– Ооба, билем.
– Эмне сурайт деп ойлоп турасың?
– Билбейм, бирок убадамдан артка кайтпайм.
– Сени биринчи көргөнүмдө эле...- деп келе жатып токтоп калды.
Жүрөгүмө бүдөмүк ой келип, бирок ошону ойлогонго даай албай отуруп калдым. Илимбек байке сөзүн андан ары улады.
– Мен бир окуяны сага айтып беришим керек.
– Ал окуяга менин тиешем барбы?
– Жок, сен ал кезде, балким, төрөлө элек да болсоң керек. Бирок азыр сенин түздөн-түз тиешең бар. Мен жаш кезимде бир кызды жакшы көргөм. Үйлөнүү тоюбузда экөөбүз жол
кырсыгына кабылдык. Мен аман калып, бирок аялымдан айрылып калдым. Өзүмдү Айша менен кошо өлтүрүп алыптырмын, көп жыл тирүүнүн өлүгү болуп жашадым. Ошондон улам андан кийин үйлөнгөн жокмун. Бирок адам баары бир тирүү болгондон кийин жашоосун улантыш керек экен. Сен алгач менин кабинетиме кирип келгенде жүрөгүм көптөн бери биринчи жолу солк этти. Сенин жаштыгың, ишенчээктигиң, бардыгына даяр болгонуң мага Айшаны эстетти. Айша...

#123 14 July 2015 - 19:21
Эмнеге жазып жатасынар кайталанма чыгармаларды жаза бербегилечи.
бул чыгарма барго.
#124 14 July 2015 - 20:13
Бар экенин билебиз. Нар жак,бери жактан издеп отурбай бир жерден оукган он эмеспи. Сага кыйынчылык жаратып жатса окубай эле кой синдим.
#126 14 July 2015 - 21:16
– Кайда жүрдүң?
– Мен... иштер менен...
– Эмне иштер анчалык? Канча жолу чалдым, албай койдуң. Мени жинди кылайын дедиңби?
Аскат мага кыйкырып колдон алганы барып, өңүмдүн купкуу экенин көрүп чочулай түштү. Тез бооруна кыса кучактап жиберди.
– Айтчы, эмне болду?
Үнү тынчсызданып, коркуп чыкты. Өзүмдү эч токтото албай моюнуна асылып ыйлап жибердим.
– Аскат, мен макулмун. Бүгүн десең бүгүн, эртең десең эртең үйлөнөлү. Мен макулмун!
– Данек...
– Мени алып кетчи, башка жакка кетеличи...
Жүрөгүмдөгү нерсени айта албай ыйлап жибердим. Аскат, ай, ошондо эле такып сурап алганда мен сага баарын айтып бербейт белем. Бирок сен мага келгенде эле жумшактык кыласың. Атам менен апам да чуркап келишти. Ким кандай жоруду ким билсин, бирок мен аларга эч нерсе деп түшүндүрүп айтпадым. Аскат эч нерсени сураган жок, бөлмөмө кирип, бооруна кыса кучактап отура берди. Ал сурабаганы менен тыбырчылай, ал сөздөр көөдөнүмдөн эми ыргып кетчүдөй сезилет. Бир топ күн өткөндөн кийин Илимбек байке мага телефон чалды.
– Кандайсың, Данек?..
– Саламатсызбы?
– Жакшы жүрөсүңбү? Ден соолугуңду билип коёюн деп чалдым.
– Рахмат!
Мындан ары сөзүбүз түгөндү да, экөөбүз тең унчукпай калдык. Илимбек байке менден жооп күткөндөй. Көпкө үн катышпай турдук, акыры чыдабай кеттим, «сизге өзүм жолугам, баарын ошондо сүйлөшөлү» дедим. Шаардын сыртынан жолугуштук. Машинасынан түшүп, ыңгайсыздана эки жагын карап алган ал мени көздөй кадам шилтеди. Кызык, чоң адамдын жанында басып баратканыма өзүм кыжалат болуп кеттим. Жай басып бара жаттык.
– Сиздин сунушуңуз мен үчүн өтө күтүлбөгөн нерсе болду. Бирок мен сиз менен боло албайм...- дедим.
Илимбек агай кашын көтөрө берип, саамга токтоло калды да, кайра кадам шилтеп акырын сурады.
– Себеп?
– Мен башка адамды сүйөм! Эгерде сиз өзүңүз айткандай мындай сезимдерди башыңыздан өткөрсөңүз, мени туура түшүнөсүз деп ойлойм. Мен сиздин жакшылыгыңызды эч унутпайм, бирок ушундай кылганга аргасызмын.
Ал мени көпкө тиктеп турду да, макул дегендей башын ийкеди.
– Ал адамды сүйөрүңө, ал чыныгы сүйүү экенине ишенесиңби?
– Өзүмө ишенгендей ишенем.
– Эмне кылабыз, тагдырга баш иебиз да...
– Кечирип коюңуз, мен чындыкты айтып коюуну туура көрдүм.
Башымды өйдө көтөрүп, жүзүнө тигилип калдым. Мынчалык муңга толгон көздү көрө элек элем. Илимбек агайдын көздөрү бир кымбат нерсесин жоготуп алып издеп жүргөн адамдай, аны кайтарып алуу үчүн үмүтүн үзбөй жүргөндөй сезилди. Тике карай албай көзүмдү ала качтым.
– Мен тек гана үмүт кылгам...- деди ал акырын гана.
– Данек, мен өз өмүрүмдө көп адамдарды кезиктирдим. Айрыкча аялзатын... Бирок өзүмдүкүн издөөдөн чарчаган эмесмин, бактымды кайра бир жолуктурам деген үмүт менен жашап жүрдүм. Сени көргөндө ошол адам экениңди билдим, бирок... Билесиңби, бүгүнкү таңдын атканын бир чети чыдамсыздык менен күтсөм, экинчи чети таң атпай коюшун да кааладым. Ушунчага чейин эч нерседен коркпогон жаным, сенин жообуңдан корктум.
– Мен...
– Болуптур, Данек, мен сени менен агаң катары жолугуп турсам болобу?
Бир нерсе деп айтайын дейм, бирок эмнени? Ал ушуну айтып тез адымдай машинасына түшүп кетип калды. Биздин кездешүүлөрүбүз ошону менен эле бүтүп калбады, ал адам чакырганда карызы бар адамдай баш тарта албай жүрдүм. Мен ага Аскат үчүн өмүр бою карыздар сезер элем өзүмдү. Билбейм, ал мени чанда чакырып сейил бакта басканды, сүйлөшкөндү, менин пикиримди укканды адат кылып алды. Кээде мен түшүнбөгөн өзүнүн иштери тууралуу да айтып калар эле. Биздин жолугуп жүргөнүбүздү баарынан жашырдым. Аргасыз, амалсыз, моюнунан байланган иттей абалымды баарынан жашырып жүрдүм. Анткени Аскат бул тууралуу билип калса, эч нерседен кайра тартпайт эле. Бирок ал менин абалымды так билбесе да, сезип жүрдү.
– Данек, сен менден бир нерсе жашырып жүрөсүң?- деди ал бир күнү.
– Эмнени?- көздөрүм чоңоюп кетти.
– Табышмактуу боло баштадың, кайсы бир учурларда ойлоруң такыр эле башка жакта жүргөндөй. Мен кыйналып кеттим, анын үстүнө жакында сенин окууң башталат.
– Көп убактымды башка жакта өткөргөнгө аргасыз болуп жатам. Кечирип койчу.
– Эмнеге кечирим сурап жатасың, күнөө сенде эмес. Мен быйыл эле окуумду улантайын деп чечтим. Бош жүрсөм жинди болуп кетчүдөймүн. Андыктан атамдын сунушун кабыл алууну ойлоп турам.
– Кандай сунуш?
– Атам окуумду чет өлкөдө улантышымды каалайт, кийинки учурда ооруп жүргөнүнөн улам аны капа кылгым келбеди. Америкага окууга жөнөй берсемби дейм.
– Ошондой де...- үнүм калтырап кетти.
– Анын үстүнө сенин ар бир баскан кадамыңды карап, издеп, өзүмдү да, сени да кыйнайт окшойм. Ошон үчүн бир аз убакыт алыстай турганыбыз оң окшойт. Окууңду бүтүргөндөн кийин сен мага тез эле келип каласың.
– Сен кандай кааласаң ошондой болсун!
Аскат мени ыйлайт же каршылык көрсөтөт деп күтсө керек, таң кала тиктеп калды. Ошентип, мен аны кыйкырыксыз, көз жашсыз коё бердим. Аскат мага өзүнө ишенгендей ишенер эле, ошондуктан менин кыймыл-аракетимден шектенсе да, бир ооз сурап көңүлүмдү калтыргысы келбеди. Биздин сүйүүбүзгө, ишеничибизге так калтыргысы келбей турганын сезип турдум. Аскат шектенип, бир аз эле кысым көрсөтсө, мен ыйлап баарын айтып берет элем. Бирок ал антпеди, мен жүрөгүмдөгү оор жүк менен кала бердим. Кетер күнү экөөбүз жетелеше үн катпай басып жүрө бердик. Ажырашуу канчалык оор экенин сөз менен түшүндүрүп бере албасак керек эле.
– Эртең узатып жатканда ыйлаба, ээ, болбосо артка кайтам,- деди Аскат.
– Ыйлабайм...
Убада бергеним менен, эртеси өзүмдү араң карманып турдум. Атамдан уялганымдан эле тиштене чыдап турдум. Аскат баарыбыз менен коштошту да жөнөй берди. «Бир эле кылчайсаң» деп жалынып жибердим ичимден. Аскат менин оюмду угуп тургандай кадамын жайлата калды да, кайрылып жарк эте жылмайды. Токтоно албай экөөбүз тең бири-бирибизге бой таштадык. Апам бизди карап тура албады көрүнөт, жүзүн бура башка тарапка басып кетти, атам кадимкидей эле мээримдүү жылмайып тиктеп турду. Экөөбүз араң ажыраштык. Кайтып келе жатканда атам мени карап оор үшкүрүп алды.
– Эмдиги жылы Данекти узатабыз. Өмүр ушинтип улана берет экен го. А биз картайып бара берет экенбиз.
– Азыр силерге картайганга али эрте,- дедим билгизбей жашымды сүртүп.
Экөө бирин-бири карап күлүп калышты.
Аскат кеткенден кийин күндөр кунарсыз өтүп жаткандай сезилчү болду. Болгон убактымды аны менен интернет аркылуу сүйлөшкөнгө, анан окуума арначу болдум. Аскат жаңылыктарын күндө жазат, кээде түнү менен экөөбүз сүйлөшүп таң атырабыз.

#127 14 July 2015 - 21:23
Аскатты узаткандан бери бир жыл өттү. Кимдер жанындай көргөн жакын адамын сагынса, менин абалымды жакшы түшүнө алат болуш керек. Канчалык көп сүйлөшүп, убактыбызды телефондо, интернетте бирге өткөрбөйлү,
баары бир Аскатты сагынып жаттым. Эч кимге айта албай кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде ал таптакыр эле жоголуп кетти. Телефонун албайт же байланышка да чыкпайт. Мындай эч качан болгон эмес эле, жаным көзүмө көрүнүп жүрдү. Атам таптакыр байланыша албаган соң Америкага учуп кетти. Дагы бир нерсенин ичинен чыкканын билип эле турдум, бирок көңүлүм жамандыкка бура албай жатты. Адам катуу кыйналганда жок дегенде көңүлдөгүсүн айтып ала турган бир адамга ыктайт экен. Илимбек байке телефон чалганда биринчи жолу сүйүнүп кеттим. Анткени көңүлүмдөгү бурганакты кимдир бирөөгө айтып албасам жарылып кетчүдөй абалда элем.
– Эмне болду?- деди ал дароо эми ыйлап жибере турган абалымды көргөндө.
– Эч нерсе...
– Көрүп турам го. Бир нерсе болгон экен. Сен менден эч кандай сыр жашырбайм деп айтканың эсиңдеби?
– Аскатты сагындым! Ал байланышка чыкпай жатат.
Ушинтип айтып ыйлап жибердим. Буркан-шаркан болуп турган сезимдерим эми бир жылчык тапкандай агылып кетти. Сагынганымды, жанымдын кыйналганын, дагы бир нерселерди айта бердим. Илимбек байке мени кучактап сооротуп жатты.
– Эмне кылайын айтчы, азыр баарын жасайм сен үчүн. Сенин бир тамчы жашың үчүн баарын жасайм. Ыйлабачы, баарын жасайын алдыңа...
– Аскатты сагындым!
Көкүрөгүмдөн мындан башка эки ооз сөз чыкпай буулуга ыйлай бердим. Анан... анан... анын ар жагын такыр эстегим келбейт. Кандайча мындай болду, ушу кезге чейин өзүм да түшүнбөйм. Көрсө, алыстан жайылган тор баары бир өз курмандыгын илет көрүнөт. Көпкө ыйлап соорондум. Күүгүм кирип калган экен, шашыла ордумдан турдум.
– Үйгө кантип барасың, апаң тынчсызданат. Жок дегенде өзүңө келип, бети-башыңды жууп ал,- деди Илимбек байке.
Чындыгында апам бул түрүмдү көрсө башымдан сылабашы анык. Анын үстүнө үйдө эмес, сыртта жүрүп оюмду жыйып алышым керек. Ушуларды ойлоп Илимбек байкенин сунушуна макул болдум. Жок, чындыгын айтышым керек, тек жалгыз калгандан корктум. Бир таяныч табылып калгандай, менин кайгымды, сагынычымды бөлүшө ала турган адамдын көңүлүн четке кага албадым. Дагы бир себеби, мен ишендим. Илимбек байке бир жыл ичинде ушунчалык ишеничиме кирип алгандыктан, аны бир тууган агамдай көрөр элем. Көрсө, турмушта баары эле мен ойлогондой апакай эмес экен.
– Жүрү, үйгө барып бети-башыңды жууп, тамактанып ал. Анан үйүңө жеткирип коём.
– Макул.
Үйүнө жетип, ваннага кирип жуунуп, кайра чыктым. Илимбек байке дасторкон жасатып коюптур, көрүп дароо баш чайкадым.
– Мени жеткирип коюңуз!
– Жүрү, бир аз тамак ичип алалы.
– Жок, апам күтүп жатат.
– Убактыңды деле албайм, мени менен бир жолу тамак ичип койчу.
– Үйгө барышым керек.
Менин өжөрлүгүм анын жинине тие баштады. Колумдагы сумкамды алып ыргытып, кыйкырып жиберди.
– Эмнеге бир айтканды түшүнбөй жатасың?! Сага айттым го...
Коркунуч тамагыма кептелип калды. Жан талаша сумкамды жерден ала эшикке бой урдум. Эки аттап жетип Илимбек байке мени кучактап калды. Анын күчтүү колдорунан чыга
албай чыңырып жибердим.
– Кыйкырба, акырын, акырын...
Демигип жаткан ал мени тез колуна көтөрүп экинчи кабатка жөнөдү. Тыпырап жаттым. Кыйкырып, колунан жулкунуп жаткан мени кучагынан чыгарбады.
– Мен сени эч кимге бербейм! Сен менин жашоомсуң! Мен сени кайра коё бере албайм. Айшам менин!
– Жок, мен Данекмин, сиз жаңылып жатасыз... Коё бериңиз мени, суранам, коё бериңиз...
– Жок, сен меникисиң!
Ушу сөздөр менен өпкүлөп кирди. Жараткан, аялды неге мынчалык алсыз кылдың экен? Мен бир гана өлүмдү тилеп жатып эсимден тандым. Кандайдыр бир муздак нерсе жүзүмө тийди. Акылым, эсим өзүмө кайрылып баштады. Ошол замат өзүмдөн өзүм жийиркендим. Ушу күндөн баштап мен Данек болбодум! Кор болгон, тытылган денем менен гана калдым. Ал денени аргасыз сүйрөгөн алсыз рухум калды. Мени бул абалга жеткирген адам өз күнөөсүнүн оордугун билип, бир сөз айта албай, кирпик көтөрүп карай албай башын мыкчыган боюнча отурду. Эсиме келтирем деген окшойт, жүзүмө, денеме суу чачкан экен.
Ордумдан турсам буттарым калчылдайт, андыктан эшикти көздөй жөрмөлөп жөнөдүм.
– Данек!
Келип сүйөй калайын деди эле, эркимден тыш чыңырып жибердим.
– Коркпо, тийбейм, тийбейм, тынчтансаң. Мен сага бир нерсе айтайын. Мен...
Эмнени айтып жатат билбейм, бир нерсени далбастап түшүндүрүп жатты. Артымдан ээрчий чыгып мен таксиге отуруп жөнөгөндө да бир нерселерди айтып жатты. Отуруп кете бердим. Тынбай чырылдаган телефонумду алсам атам экен.
– Данек, эмне албай жатасың, кызым?
– Мен...
– Мен биздин тентекти таптым. Адатынча бирөө менен урушуп кетиптир да, бир аз муштум жеп калыптыр. Бирок азыр баары жакшы. Мен жанындамын. Трубканы сурап жатат.
Берейинби?
Жок! Анын үнүн угууга бетим чыдабады. Жан талаша телефонду басып салдым. Аскаттын үнүн угууга акым жок эми. Менин эми Аскатта эч кандай акым жок. Чырылдап жаткан телефонду албай тура бердим. Безилдеп жатып ал да токтоду. Баары бүттү! Анан эмне болду? Же мындан кийин эмне болушу керек? Гүлдөп турган Данек кыз сабагынан үзүлгөн жалбырактай үч бүктөлүп жерге түштү. Окуя тууралуу эч кимге айткан жокмун, айта турган, арманымды бөлүшө турган деле адамым жок эле. Кимге эмне деп айтмакмын? Менин акмактыгым, акылсыздыгым, ишенчээктигим эмеспи бул? «Анын үйүндө эмне кылып жүрдүң?» деген суроо чыгат же «аны менен эмнеге байланыштың? » деген кеп болушу мүмкүн... Чоң апам болсо, балким, айтат белем, бирок апама айта албадым. Апама ишенбегенден эмес, болгону ал муну укса барып эмне кылып жиберет деп корктум. Бир жума нес болгон адамдай эле эптеп мектепке барып-келип жүрдүм.
Мектептен келе жатсам апам алдыман кубанып чыкты.
– Эртең атаң менен Аскат келе жатыптыр, сүйүнчү!
– Ыя?
– Аскат келе жатыптыр.
Шалдайып сумкам колуман түшүп отуруп калдым. Кантип, кайсы бетим менен карайм? Экөөбүздүн ак сезимибизге так түшүрүп коюп эч нерсе болбогондой кантип тосуп алам? Апам менин абалымды сүйүндү деп ойлоду окшойт, күлүп кайра кирип кетти. Кайдадыр жоголуп кетким келди. Аскаттын жүзүн көрбөй, ысымымды сагынычтуу атаганын укпай өлүп кетким келди. Ал күн жакындап келе жатты. Жок шылтоону айтып бир жакка кетип калайын дейм, Аскатты көргүм келип жатат. Калып калайын дейм, бирок кантип? Оюмду жыйганча атам менен Аскат да келип калышты...

#128 14 July 2015 - 21:24
Убакыт мага каршы иштеп жатабы же мен убакытка уттуруп жатамбы билбейм, көз ирмемдей тездикте үйлөнүү тоюна даярдыктар башталды. Мен эмне кыларымды билбейм, бөлмөмө камалып алып баягы төрөгөн апамдын каттарын кайра-кайра окуп отурам. «Күнөөлөрүм үчүн сенден да, Жараткандан да кечирим сурайм. Сен менден күчтүү бол, жарыгым. Сен менден бактылуу бол! Чоң энеңдин айтымында, сен акылдуу кыз болуп чоңоюп жатыпсың. Аны угуп, атаңды тартканыңды түшүндүм. Сүрөтүңө карап менин көчүрмөм экениңди билдим. Ошого каниет... Кош. Апаң Гүлай.»
Ушу саптарды кеминде 30 жолу окудум. «Менден бактылуу бол» деген экен бечара аял, бирок андан да бактысыз болорумду кайдан билди. Ал жок дегенде сүйүктүү адамынан кыздуу болуптур, а мен...
Аскат келерин билген күнү үйдөн чыгып, көчөдө басып жүрө бердим. Телефонума чалуулар, билдирүүлөр биринин аркасынан бири келип жатты. Калтыраган колдорум менен жансыз телефонду тиктеп эле тура бердим. Аскат экөөбүз көп келе турган сейил бакка, дал биз отурган жерге келдим да, бүрүшүп эки тиземди кучактап түн киргенче отура бердим. Ал келди! Мен келишин каалабай, көзүн тиктөө мен үчүн өлүм болуп турган учурда да анын мени таап келгенине жүрөгүмдүн бир бурчу тыбырап сүйүнүп жатты. Ал жаныма келди да, үңкүйүп отура берди. Мен билген Аскаттан башка адам жанымда отургансыды. Адатынча кыйкырбады, өкүрбөдү, жинденген да жок. Минтип үнсүз жазалагандан көрө менин колу-бутумду жулуп, туш тарапка ыргытып жиберсе жеңил болбойт беле.
– Эмнеге 50 жолу телефон чалдың?- дедим акыры чыдабай кетип.
– А сен эмнеге жооп бербедиң?
– Кечирип кой...
– Анан?
– Кечир мени!
Башка сөз айта албасымды билди окшойт, Аскат каткырып күлүп жиберди. Ачуу, ыза, какшык толгон күлкүсү бир топко жаңырды да, тып токтой калды.
– Айтчы, ушуну менен баары бүттүбү? Сен бир ооз кечирим сурап коёсуң, анан экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбогондой эки жолго түшүп кетебизби? Сен үчүн ушундай эле жеңилби? Айтчы, эмне болду?
– Мен...
– Эмне сен?
– Мен ага... турмушка чыгам!
Аскат муштуму түйүлүп барып өзүн араң токтотту.
– Сен андай эмессиң. Өз эркиң менен ушу кадамга барып жатканыңа ишенбейм. Эгерде мен үчүн, мени түрмөдөн сактап калганы үчүн ушундай болуп жатса, мен түрмөдө чирип өлгөнгө даярмын! Мени билесиң го, сен үчүн баарын кылам, сен үчүн оңолдум, адам болдум го. Эмне болду, баарын айтчы?..
Ушу күнгө чейин ойлоном. Мен ошондо баарын Аскатка айтып салсам туура болот беле? Жини менен барып тигини өлтүрүп салмак, аркасынан өзү кете бермек. Анан баары бүтмөк, мен үчүн да, ал үчүн да. Бирок мен айта албадым, коркоктук кылдым, тилимди тиштеп алдында күнөөлүү болуп туруп бердим. Аскат сурай берип тажады. Жини келип ордунан туруп басып кете турган болду.
– Аскоо!
Менин үнүмдү укпадыбы же угуп туруп кайрылгысы келбей койдубу, Аскат кетип калды. Алгач анын кайрылып келишин күтүп жаттым. Мени таштап басып кетиши мүмкүн эмес эле, бирок бир топ убакыт өткөндө чын эле кетип калганын билдим. Жанымдын жартысын жоготуу оңой эмес эле. Түндү жара бакырып-бакырып алдым. Тура калып аркасынан чуркагым келди. Өкүрүп, өксүп, боздоп ыйлап жаттым. Бир кезде темселеп аркасынан бара жатып кулап түштүм. Караңгылык мени курчап алды.
Көзүмдү ачсам, ооруканада жаткан экем. Дагы эсимди жоготуп койгонумду сездим да, кыжалат боло ордуман тура турган болдум. Эшик ачылып, палатага Илимбек байке менен атам кирип келди. Көрсө, мен жыгылып калганда Илимбек байке таап, ооруканага алып келип, атамдарга кабар берген экен.
Бир жумадай ооруканада жатып араң жакшы болдум. Тойду жылдыралы дегендерине караманча-каршы болуп туруп алдым. Мен атамдын үйүндө, Аскаттын жанында турганга кыпындай да акым жок эле. Антип жашай да албайт элем. Аскат бул күндөрү мени көрсө да көрмөксөнгө сала далысын салып бурулуп кетип жатты. Той көйнөгүмдү бөлмөмө алып кирип жатышканын көргөндө да мыскылдуу жылмайып алды. Андан кийин бөлмөмө кирип, көйнөктү сынай тиктеп, шылдыңдуу ышкырып койду. Жүзүнө тик карай албай китебиме үңүлө бердим.
– Хм, жакшы көйнөк экен. Канча турат?
– ...
– Айданек, той качан?
– ...
– Мен сени менен сүйлөшүп жатам.
– Билет экенсиң го, өзүң баарын дайындап жатыптырсың.
– Мен атама гана жардам бергим келди. Ушунча жыл бекер бакканы аз келгенсип...
Кимдир бирөө жаакка чапкандай селт эте түштүм. Ушул күнгө чейин менин бакма кыз экенимди атам да, апам да, Аскат да бир сөз кылган эмес эле. Ошондо гана көзүмдү көтөрүп Аскатты тиктеп калдым. Ал мени эзелки өчү бар адамдай муздак тиктеп турган экен, ичиркене түшүп, кайра карегимди тартып алдым. Ал мага жакын келип эңиле кулагымдын түбүнө шыбырай берди.
– Макул, карындашым, сенин тоюңдун камын мен көрбөгөндө ким көрөт эле?..
– Болдучу, Аскат!
– Болбосомчу, баары бир биздики бүткөн окуя эмеспи. Бирок эсиңде болсун, минтип бүтүп калбайт. Сен мени кандай азапка салсаң, эми мен сенин жашооңду тозокко айлантам. Сенин жана күйөөңдүн... Мени жөн гана калып калат деп ойлосоң, жаңылышасың. ..
Ушуну айтты да, Аскат чыгып кетти. Кандай ачуу сөздөрдү айтсаң да, мен баары бир эч качан сени жек көрө албайм. Ал тургай мени өлтүрүп койсоң да, миң алекет кыйноого салсаң да мен сени жек көрө албайм.
Мына, ак көйнөк кийген Данек күзгүнү тиктеп турат. Сулуу, муңдуу колукту... Кимдир бирөө башынан сылап жиберсе баа этип бакырып жиберип арманын, кайгысын айтканга даяр Данек... Бирок эч ким башымдан сылабады, эч ким жаным араң илинип турганын байкабады. Күзгүнү тиктеп турсам атам кирди. Коомайлана берип колундагы белегин сунду.
– Кызым, мен көп сүйлөй албайм, билесиң. Болгону бактылуу болушуңду каалайм. Бул чоң энеңдин жакшы көргөн билерик, шакектери. Сен турмушка чыкканда өз колу менен
салам деп жүргөн. Чындык дайыма улуу, туура, сени багып алганбыз. Бирок, кызым, өз кызымды да сендей жакшы көрбөсөм керек. Сен кантип ойлойсуң билбейм, бирок сен менин кызымсың!
– Сиз менин чыныгы атамсыз!
Мен атамдын моюнуна асылып калдым. Кучакташып турганыбызда атамдын көз жашы менин жүзүмө тамды. Туура, мындан канча жыл мурун бактысыз үй-бүлө дагы бир бактысыз наристени колдоруна алышкан. Башка адамдын кызы экенимди билем, бирок мени кучактап дирилдеп ыйлап жаткан адам – менин эки дүйнөдөгү атам экени чындык болчу.
– Бактылуу бол, кызым!
– Ата...
Сөз айта албай ыйга муунуп турган мени атам жетелей сыртка чыктык. Мына, жарданып менин тоюма келген, кубанып турган эл. Элдин арасында жерден көзүн албай Аскат турат. Көзүңдү көтөрбө, жаным, Данек сенин көз карашыңдын алдында алсыз экенин билесиң. Мага жардам бер! Ансыз бул үйдөн чыга албайм...

#129 14 July 2015 - 21:25
Колдоруң эмнеге муздак?- деген Илимбек колумду кармай салды. Мен куду ток ургандай селт эте түшүп, колумду жулка артка кетенчиктей бердим. Дароо жоругумду кимдир бирөө байкап калдыбы деп эки жагымды тиктеп алдым. Алыста турса да Аскат гана байкаптыр, көзүбүз чагылыша түштү. Жакындай түшсөм жини келе баш буруп кетип жаткан, караанымды көрсө качып кеткиси келген Аскат тез адымдай мага келе жатты. Эмнеге мындай кылды билбейм, жаныма жакын келип, колумду колдоруна алды. Бир жиндилик кылып жибербесе экен деп чый-пыйым чыгып кетти, көздөрүнө жалбарып тигилдим. Элден обочолой түштүк.
– Коркпо, колдоруңду эле жылытып берем...
Чын эле дирилдегеним басылып, жылый түштүм. Колумду көпкө кармап туруп коё берип, жүзүмө тиктеп калды. Өрттөнүп кеттим, баарын таштап, жалгыз гана ушул адамдын аркасынан кетким келди. Ак көйнөк кийгенимди да, элди да, баарын унутуп көздөрүнө чөгүп кетким келди. Колдорун күчүмдүн жетишинче кармап алып коё бербей турдум. Ал менин жан дүйнөмдө эмне болуп жатканын билди. Акмак кызмын, кандай акым бар эле, аны ушунча кыйнаганга, анын менден башка көргөн азабы аз беле? Аскат тез бурулду да, шарт чыгып кетти. Мен анын экинчи бул жерге да, менин жашоомо да кайра келбесин түшүндүм. Той өтүп жатты. Эмнегедир баары мага суз сыяктуу сезилди. Атам да, апам да кабактары салыңкы, ал тургай Илимбек да бул тойдо өз ордун таппай жаткандай, бир нерсеге кыжалат болгондой. Аскат чыгып кеткенден кийин эле мага баары бир болуп калган. Болгону жүрөктү мыжыккан бир оору турат. Кыйноом бүттү окшойт, той аягына чыкты.
Мен жаңы келин катары Илимбектин үйүнүн босогосун аттадым. Бир-эки күн өтүп келгендердин аркасы сээлдей, Илимбек экөөбүз эле кала турган болуп калдык. Аны менен жалгыз калгандан катуу коркор элем. Жаныма отуруп, саамайыма колу тийгенде шарт четке жыла бердим.
– Тийбеңиз мага!- дедим ал жакындайын дегенде эле калтырап.
– Чачыңдан гана сылайын дегем...
– Жок! Мен сизден корком.
Чынында коркуп калган экем, ал болбой эле мага кадам таштаганда жапайы үн менен чаңырып жибердим. Дароо баягы каргашалуу күн көз алдыма тартылып, сыртка кача турган болуп калдым. Ал селдейе катып калды да, артка чегине берди.
– Данек, мен эми эч качан сенин эркиңен тыш колумду тийгизбейм. Менин акмакчылыгымды кечир, мен эми эч качан... Мен...
Оозуна башка сөз келбеди окшойт, ушинтип айтты да, эки колу менен башын мыкчып туруп калды. Мен да шалак эте отуруп калдым. Эрксизден көзүмдөн жаштар ага баштады.
Жаңы үйлөнгөн эки адамдын бири минтип башын мыкчып, экинчиси көз жашын төгүп отурганы кинодо же китепте боло турган көрүнүш. Бирок бул менин чыныгы турмушум эле. Биз бир үйдө эрди-катын аталып жашап калганыбыз менен, чыныгы жубайлар болгон жокпуз. Коркунучу кетсин дедиби же мени аядыбы, же жумшарышымды күтүп жүрдүбү, Илимбек экинчи мен жакка жакындаган да жок. Ооба, сабыры түгөнгөндө окуп жаткан гезитинин аркасына жашынып алып менин ар бир кыймылымды тиктеп отурганын байкачумун. Ал мени ээрчитип жүргөнүнө, кечинде жумуштан келсе анын үйүнүн жарыгы күйүп турганына гана бактылуу.
А мен шордуу такыр көнө албай койдум. Анчалык деле акылсыз жан эмесмин, үйлөнгөндөн кийин чогуу жашашыбыз керектигин, аялы-күйөөсүнүн ортосунда боло турган мамиле экенин түшүнүп турам. Бирок...
Күндөр ушинтип уланып, таңдар ушинтип атып жатты. Анан жашоомду дагы бир жолу аласалдырган окуя болду. Өзүмдүн чыныгы атамды жолуктурдум. Мен анын жашоосуна капысынан келип чаң-будуң салсам, ал дагы менин жашоомдо капысынан пайда болду. Илимбек мени бир сыйлуу жерге кошо барышым керек экенин айтты.
– Ал жерге баары аялдары менен барышат. Сенден өтө көп нерсе сураган жокмун. Бир аз отуруп келе беребиз,- деди өтө олуттуу үн менен.
Бир аз жашасам да көнүп калгам, мындай үн менен кайрылганда баш ийбеске арга жок. Көндүм. Жалаң министрлер, депутаттар чогулган чөйрө экен. Эсимде жок, кайсы бир белгилүү адамдын юбилейи болуп жаткан. Бир аз отуруп, акырын чыгып кетем деген ой менен Илимбек бир адам менен сүйлөшүп калганда эшикке чыгып бара жаткан элем. Шашып бараткан жаным алдымда келе жаткан ак чач адамды сүзүп алдым.
– Кечиресиз...
Ыңгайсыз боло четке чыга берген мени тиги киши таң кала тиктеп калды. Жок, таң калуу эмес, бул өлүп калган адам кайра маңдайына пайда боло калганда коркунучтан чоңоюп кеткен көздөр болчу.
– Гүлай?!
– Жок, мен Айданекмин! - дедим.
– Токточу, кызым, сен... Сен анда Гүлайдын кызы болбо?..
– Жок, менин апамдын аты Алина...- деп ийинимди куушуруп коюп чуркап кеттим.
Тиги киши аркамдан көпкө тиктеп турганын, мен түшүп кеткен машинанын номерин да карап жатканын көрдүм. Ким бул? Эмнеге атымды Гүлай деди? Бул окуя унутулуп калган эле,
бир нече күндөн кийин үйдүн босогосунда ошол ак чач адам турду.
– Саламатсызбы?
– Кандайсың, кызым, мен Илимбекке келген элем.
– Ал бул учурда жумушта болот.
– Күтүп турсам болобу?
Таң кала жол бошото бердим. Анткени түштө аны эч ким сурап келчү эмес, болгондо да күтүп турам дегени эмнеси?
Ал диванга коомай отурду да, менин жүзүмөн бир нерсе издегенсип көпкө тигиле берди.
– Сен Азирет Аскаровдун кызы экениңди уктум...
– Ооба...
– Канча бир туугансыңар, кызым?
Эки дейин деп бара жатып Аскатты эстегенде эч сөз сүйлөгүм келбей кетти. Үн катпай кутулууну чечтим. Бирок тиги абышка мени жөн коё тургандай эмес, кыжалат болгон көз
карашы менен тиктеп, мен аны карап калсам көзүн ала качып жатты. Көпкө отуруп, менден эч кандай сөз чыгара албай койгондуктан түз сөзгө өтө турган болду.
– Мен сени бир адамга өтө окшоштуруп жатам. Балким, жаңылышкандырмын, бирок мынчалык окшоштук жакын адамдарда гана болот.
– Сиз мени ким деген адамга окшоштуруп жатасыз?
– Менин бир жакын адамым болгон. Бирок тагдырданбы же менин коркоктугуманбы, ал адамды жоготуп алган элем. Жолугуп, кечирим сурагым келет. Анын сенин курагыңдагы
кызы боло турган...
Жүрөгүм сайгылашып кетти. Апамдын өлүм алдында жатып мага жазган катын эстедим. Демек, бул... Жок! Жок! Оюма келген нерседен өзүм чочуп кеттим. Тиги адамдын көзүнөн
жаш сызылып турган экен. Үмүт менен караган көздөр мени жалынычтуу тиктеп турду.
– Сиз Гүлайды жакшы таанычу белеңиз?
– Ооба, мен аны катуу сүйгөм. Өмүр бою сүйдүм. Адамдардын бир келесоолугу чыныгы сүйүүнүн баркын билбей учуруп жиберет турбайбызбы. .. Кийин зар болуп, темселеп ошол
жылуулукту дербиштей издейт экенбиз. Сүйүүгө да эрдик керек экен.
Дагы бир бактысыз сүйүүнүн баяны. Жок, уккум келбейт, адамдар ушунчалык алсызбызбы?

#130 14 July 2015 - 21:25
nurka85 Чыгуу
Отправить
Супер-Инфо / Жан дүйнө
ТАГДЫР ОЮНУ-3
№579 06-декабрь-12- декабрь, 2013-ж
(Башталышы өткөн сандарда)
Эгерде эчен жыл илгери сенден, сенин апаңдан баш тартып кеткен адам бой жеткениңде келип, кечирим сураса кечирет белең? Көп адамдар кечирет беле билбейм, бирок мен өтө кекчил болсом керек, кечире албай койдум. Ак чач адам кечигип болсо да кечирим сурап көп жолу келди, үн катпай көпкө отурдум да, «менин өзүмдүн атам бар, убара болбоңуз» деп жооп бердим. Анын жүзүнөн нуру күбүлүп, карегиндеги үмүтү өчүп кеткенин байкадым. Анын өмүрүндө балалуу болбогонун угуп да жүрөгүм жибибей койду. Бирок кечире албайт элем, аны жана дагы бир адамды өмүр бою кечире албасым чындык!
Мени качандыр бир кезде жумшарат деп күтүү менен, үмүт менен Илимбек жашап жүргөнүн сезип жүрдүм. Эртең менен турсам эшигимдин алдына гүл коюп, баракчага «Мени кечир!» деп жазып кетет. Муздаткычты ачсам анда да «Данек, өмүрүм өткөнчө кечирим сурап жүрүп өтөм, бир жолу жылуу тиктеп койчу...» деген жазуу болот. Эмнеге колум тийип, эмнени жакшы көрсөм, бардык жерге жазып калтырат өтүнүчүн! Башка адамды, балким, бул жорук кубандырат эле, бирок мени тек кыжырланта берди. Мунусу менен ого бетер кыжырыма тийип, жаралуу жеримдин картын сыйрып жатканын өзү да билбеди. Жек көрүү оор нерсе экен! Өз колуң менен өлтүрүп салгың келген адамдын аялы болуу, аны менен бир үйдө жашоо тозок экенин билген эмесмин. Ал канчалык жылуулук күткөн сайын менин жүрөгүм муздай берди. Илимбек баарына чыдап жатты. Ал качан менин чыдамым түгөнөрүн күтсө, мен качан анын сабыры түгөнүп, мени коё берерин же биротоло жок кылышын күтүп жашап жүрдүм. Ким сабырдуу, ким чыдамдуу деген оюн ойноп жаткандайбыз. Бул жоруктун аягы эмне менен бүтөт? Акыры бул оюн да бүтө турган күн келди.
– Данек, Аскат жакында кайра окуусуна кеткен жатыптыр, барып коштошуп келсек кандай дейсиң?- деди Илимбек бир күнү.
– Качан?
– Билбейм качан экенин, бирок жакында деп атаң айткандай болду.
Колдорум шалдырай түштү. Кеткен жатыптыр! Көрбөсөм да анын бир шаарда турганы, мен дем алган аба менен дем алып жатканы маанилүү эле. Ошол түн мен үчүн азаптуу түн болду, уйкум келбей, жүрөгүм аптыгып, аба жетпейт. Акыры баары бир аны көрбөй, коштошпой коё албасымды билдим. Төшөгүмдөн акырын туруп, атамдыкына жөнөдүм. Турмушка чыкканы келе элек элем, бир ай өтүптүр. Өз ачкычым менен эшикти ачып үйгө кирдим. Экинчи кабатта Аскаттын бөлмөсүнүн жарыгы күйүп турат! Ага жолуга албайт элем, болгону ошол жарыкты эш кылып көзүмдү албай отура бердим.
– Бечара!- деди артымдан чыккан үн.
Селт эте артыма бурулуп, Аскат мени тиктеп турганын көрдүм.
– Аскат?
Ал үн катпай жаныма жакын келди да, ортобузда эч нерсе болбогондой, бир ай өтпөгөндөй, мен турмушка чыкканымды унутуп койгондой бооруна кыса кучактай берди. Жүзүмдү жууган жаштарды алаканы менен аарчып, сагына бооруна кысып, саамайымдан сылап турду.
– Мен сени эч кимди жек көрбөгөндөй жек көрүп калам деп ойлогом. Жок, такыр жек көрө албай койдум. Акыры күнөөлүү адам өзүм экенимди сездим. Сен өз эркиң менен турмушка чыкпайт элең, башка бардык адамды алдасаң болот, бирок мени эмес, Данек! Бир нерсе болду, мен сени сактай албадым, жаныңда болбодум. Сени эмес, ушул күндөрү өзүмдү күнөөлөдүм. Эгерде мен Данекти билсем, ал мени эч кимге, эч качан алмаштырбайт болчу деп ойлодум. Айтканым келди бейм, мына, сен мени издеп келдиң го...
– Издеп келдим...
– Менсиз жашай албайсың!
– Жашай албайм!- дедим аргасыз.
– Акылсызым, акылдуум, жалгызым...
Аскат жүзүмдөн аяр сылап, эриндеримден аста өөп койду. Анан экөөбүз тең кармана албадык. Бутумдун учуна тура калып бүткүл дилим менен берилип өбүштүм. Билбейм, кантип менден алыстаганга күч тапты, Аскат өзүн тез токтото салды да, мени кучагынан чыгара колу менен акырын түртө берди.
– Аскоо!- дедим жалбарып.
– Токтот, кет бул жерден! Экинчи көзүмө көрүнбө! Мен сенден баш тарта албасымды билип туруп эмнеге келдиң? Эмне кылып жатабыз экөөбүз, билесиңби? Сен... сен эмнеге менин жашоомо кирдиң? Эмнеге чала жан кылып таштадың? Эмнеге менин жашоомдогу адамдар мени ушунчалык сүйүп туруп, кайра мени турмушунан сүрүп чыгарып салышат? Алгач апам, анан сен...
Аскат жерге чөгөлөй жыгылып ыйлап жатты. Жерди муштап, кыйкырып-бакырып жатты. Жакындай бергенимде кайрадан колумду карыштыра берип өзүнөн алыстатты.
– Жок, жолобо мага, азыр жакындасаң өзүмдү башкара албайм. Кет бул жерден! Мени узатпа! Менин жашоомдо эми сага орун жок!
Аргасыз артка чегиндим. Караңгылыкка чүмкөнгөн жолдо темселеп ыйлап келе жаттым. Мындан ары мага жол калбады. Келип, таза жуунуп, ак көйнөгүмдү кийдим да, узак кат жазганга отурдум.
«Мына, бул күндөлүктүн да биринчи барактары саргарып, дал мендей өңү өчүп бара жатыптыр. Демек, күндөлүк экөөбүздүн жашообуздун бүтүшү да ошол! Мен азыр эч кимди күнөөлөбөйм. Кандай окуя болсо да турмушумдун сыноосу эле, бирок мен бул сыноодон өтө албадым. Ата, апа, мен силерди жакшы көрөм. Мен бул өмүрдөн жашоону жаман көргөнүм үчүн кетип жаткан жокмун. Мен жашоону чексиз сүйөм, бирок мындан аркы жолумду таба албай калдым. Мен мени кордогон адам менен жашаганга аргасыз болдум. Аскатты сактап калам деп жатып ушул нерсеге дуушар болдум.
Аскат, жаңылышасың, сен ойлогондой сенин жашооңдон кетип калганым оңой эмес экен. Сенин жашооңдон кетип калуу үчүн алгач өз өмүрүмдөн баш тартышым керек тура. Көрсө, мен эбак эле сага, сенин жашооңо айланып кетипмин. Мен өмүрүмдүн акыркы күндөрүн жашап жаткандаймын. Адамдар эртеңки күнүн үмүт менен күтсө, мен өлүмүмдү күтүп жашап жүргөндөймүн. Сен өмүрүңдө окубаган бул күндөлүктү мен сага арнап жазган элем. Күндөлүк эмес, ар бир күнүм, дем алуум, жашоомдун маанисин сага арнап алыпмын. Сенсиз куурап, соолуп, акырындап баары бир жок болом. Андан көрө өзүмдү ал азаптан куткарайын дедим.
Жарыгым, сен эч күнөөлүү эмессиң! Жашооңдо сени бактылуу кыла турган адамга жолугуп, чексиз-чексиз бактылуу болушуңду каалайм. Мен үчүн да жаша, мен үчүн да бактылуу бол, эч качан артыңа кылчайба. Мен билем, сен мени көпкө чейин унута албайсың, бирок жашоо ордунда токтоп калбайт. Кээде гана эстеп, ууртуңдан жылмайып койсоң, мага ошол жетиштүү. Мен сени чексиз сүйөм! Сенин мага арналган жылмаюуң эч кимге буюрбаса экен деп тилеп жатам. Экөөбүз кандай бактылуу болот элек, көп балабыз болмок. Мен ошол кыялыбызды буздум, төрөлө элек балдарыбыздын убалына калдым.
Ата, апа, мени кечиргиле...
Силердин Айданек!»
(Окурман, эсиңизде болсо, Азирет Бегимайга жолугуп Айданектин күндөлүгүн бергени менен окуя башталган эле. Бул жерден күндөлүк аяктады.)
Бегимай Айданектин күндөлүгүнүн акыркы барактарын окуп, шалдырай көпкө турду. Ал өзүн саамга унутуп койгондой.
– Окуп чыктыңбы?- деген Азиреттин үнүн укканда гана селт этип алды.
– Ооба, окуп чыктым. Мен бул тууралуу билген эмес экенмин. Билгенде деле кандай чара кылмакмын?..

#131 14 July 2015 - 21:27
Азирет үн ката албады. Мына, жашоосунун маңызы болгон аял маңдайында турат. Дал өзүнүкүндөй чарчаңкы көздөр, тагдыр менен күрөшүп чарчагандай.
Өтмүшүн коё бере албай же бүгүнкү жашоосу менен жашай албай, мезгилдин сынагында адашып калгандай.
– Кызык, биринчи жолу мен сени аяп жатам. Көп учурда жүрөгүмдү чабалактаткан сүйүү, анан муунтуп өлтүрүп сала тургандай жек көрүү боло турган сени эстегенде. Азыр мен сени жөн гана аял катары, уулумдун апасы катары аяп жатам.
Бегимай кашын көтөрө тиктеп, саамайындагы чачын оңдой кетти. Мурун да бир нерседен сактанганда, бир маанилүү сөз айтарда ушундай кыймыл жасаар эле. Канча жыл өтсө да ар бир кыймылы тааныш экен, Азиреттин жүрөгү зырп эте түштү.
– Ким билет, балким, жашообуз башкача болот беле, Азирет? Бирок мен тагдырыма ыраазымын. Экөөбүздүн уулубуз бизден акылдуу, сабырдуу, экөөбүздөн күчтүү бала болуп чоңойду. Азыр бул күндөлүктү окуп, экөөбүз эч качан Айданек менен Аскаттай даанышман, кечиримдүү, боорукер болбогонубузду түшүндүм. Экөөбүз сүйүүбүз үчүн батылдык, эр жүрөктүк кыла албадык. Керек болсо өлүмдөн да кайтпаган сүйүү бар экен... А биз ар ким өз тагдырына наалып отура берүүнү ылайык көрдүк. Өз бурчубуздан чыгып, сүйүү үчүн бир нерсе кылбадык. Азирет, экөө чогуу болушу керек, биз бактылуу болбодук, бирок биздин балдарыбыз сөзсүз бактылуу болушу керек. Алар биз үчүн гана эмес, чоң атасы, чоң энеси үчүн, атүгүл каза болуп калган Аскат үчүн бактылуу болушу керек.
– Кызым араң аман калды. Кантсе да Илимбекке чоң рахмат, ал болбосо аман калат беле? Врачтар ашказанын жууп жиберип араң алып калышпадыбы. Ал өзүнө келгенде гана Илимбек менин колума бул нерсени карматты. Түнү менен окуп чыктым, анан сенин окуп чыгышыңды кааладым. Анткени экөөбүздүн тагдырыбыз да жазылган экен. Болгону секелек кыздын түшүнүгү, көз карашы менен сүрөттөлгөн.
– Эх, Азирет!
– Азыр өмүрүбүздүн тең жарымын жашап койгондон кийин мен сени эскерүүлөр менен кыйнабашым керек. Эки кызың, өзүңө тең күйөөң бар. Мен баарын билем. Бирок баары бир жакындык бар, аны колуң менен алып сала албайт экенсиң. Андан качып да кутула албайт экенсиң.
– Мен бактылуумун, Азирет!
– Ылайым бактылуу бол, асылым...
Азирет мээрим төгө тиктеп турду. Анын каректеринде мурункудай күйүп-жанган от же жек көрүү жок эле. Тек сыйлоо, аёо гана бар болчу.
Ххх
Палатанын аппактыгы көзүн уялта берди. Данектин оюна алгачкы келген нерсе «өлгөн турбаймынбы, ошон үчүн баары апаппак көрүнүп жатат. Кызык, азыр эмне болор экем?» деген суроо болду. Кимдир бирөөнүн муздак алаканы чекесине тийди. Жанында турган Илимбекти көргөндө көздөрү бакырайып кетти.
– Мен...
– Менден кутулуунун жолу ушул деп тапсаң, таптакыр туура эмес ойлонот экенсиң. А мен дүйнөдөгү эң акылдуу кызга үйлөндүм деп ойлоп жүргөм. Да, мени катуу иренжиттиң.
– Мен кайдамын?
– Ооруканада!
– Анда аман калган экенмин да...
– Албетте!
Данектин көздөрүнөн жаш акты. Кандай кыйналса да, өмүр таттуу экенин туйду. Аман калганына чын дилинен кубанып турду.
Илимбек анын көздөрүн сактана тиктеп турган экен, өзүнө келгенин байкап, суу алып келип ичирди. Данек чаңкап калыптыр, алгач анын колунан алгысы келбей туруп чаңкоосу күчтүү болуп кеттиби, аргасыз алды. Стаканды берип жатып мурункудан эки эсе ачуу менен бурк эте берди.
– Сактап калганыңыз үчүн рахмат күтүп жатсаңыз керек...
Илимбек эки ийинин куушуруп койду.
– Мен сенден эч кандай ыраазычылык деле күткөн эмесмин. Бирок бул тууралуу айтып калганыңдан кийин мен сенден бир нерсе сурайм. Кантсе да өмүрүңдү сактап калбадымбы.
– Менден эч нерсе сурабай эле, күтпөй эле коюңуз.
Данектин кичинекей колдору менен төшөгүн тырмыша кармап, ал жакка бир кадам таштаса тура калып бакырып жиберчүдөй абалы Илимбектин жүрөгүн сыздата берди. Куду карышкырдан корккон улактай эки көзү бакырайып, ансыз да кубарып турган өңү бир башкача көрүндү. Аргасыз артка чегинди.
– Коркпо, мына мен сага жакындабайм. Алыс туруп эле сүйлөшө алам. Болгону... Сага күйөө боло албасымды түшүндүм, бирок агаң болгонго мүмкүнчүлүгүм бар болсо керек деп ойлойм.
– Агам? Кандайча?
– Аскат менен ордумду алмаштыргым келет. Анткени сенден баары бир ажырай албайм. Жок дегенде карындашым катары жашооңдо ордум болсо дейм.
Данек таң кала ордунан обдула берди.
– Мен...
– Данек, эгерде мен Аскат тууралуу билсем, сенин жүрөгүңдү биротоло ээлеген адам бар экенин билсем, үйлөнүү той болуп жаткан күнү өзүм тойду токтотмокмун. Сен мени бул абалга жеткирбей эле койсоң болмок. Сен...
– Сиз аны кайдан билесиз?
– Күндөлүктөн.
Данектин башы шылк эте түштү. Ким билет, балким, өмүрүндө мынчалык уялбаса керек. Бир топтон кийин башын көтөрүп, Илимбек өзүн тиктеп турганын көрдү.
– Аскат кетип калдыбы? Ал чындап кетип калдыбы?
– Ооба, сенин дары ичип алганыңды көрүп «Тез жардамга» чуркадым. Анан атаң менен байланышканда ал Аскатты узатып аэропортто жүргөнүн айткан эле. Менин оюмча, учуп кетти.
– Демек, кеткен экен да...- деди күбүрөгөн Данек.
– Ал кайра келет!
Илимбек бул сөздү ушунчалык ишенимдүү айтканына Данек башын көтөрө тиктеп калды. Үйлөнгөндөн бери анын жүзүнө тиктебеген экен. Убайым баскан муңдуу көздөр... Мындай көздөрдү көпкө тигилип туруу мүмкүн эмес эле, Данек тез каректерин тартып алды.
– Данек, мен өмүрүмдө бир дагы кишиге башымдан өткөн окуяларды айтып бергим келген эмес. Балким, өтө алсыз адамдырмын же жанда жок өзүмчүлдүрмүн. Бирок сени менен жашагандан кийин гана өзүмдөгү көп кемчиликтерди түшүндүм. Сен мага чаңкоомду баскан таза булак болдуң. Сенин тазалыгыңдан мен өзүмдөгү кир нерселерди, жаман сапаттарымды жакшыраак көргөнгө мажбур болдум. Сенин чыдамдуулугуңду көрүп, жашоого умтулуум пайда болду. Сенин рухуң күчтүүлүгүн көрүп, жашагым келди. Мындан ары эч кимге эч жамандык кылбай, периштедей таза өмүр сүргүм келди. Мен бүгүн Жаратканга ыраазымын, аз күнгө болсо да сени мага ыроолоп койгонуна. Сен айыгарың менен ажырашууга арыз берем. Бирок бир шартым бар.
– Шартсыз сизде эч нерсе болбойбу?
Бутага атылгандай түз суроо Илимбекти аргасыз жылмайтты.
– Кесибим ошондой эмеспи, Данек. Макул, жөн гана адам катары өтүнүчүм...
– Хм...
– Сага башымдан өткөн окуяларымдын баарын айтып бергим келет. Мен дагы адаммын да, мындан ары мындай жүк менен жашай албайм.
– Мен укканга даярмын.
– Мен Айшанын өлүмү кокустук деп айткан элем. Бирок ал кокустук эмес эле. Өмүр бою өзүмдү өзүм жазаладым. Мен аны өз колум менен...
Илимбек эки колу менен башын мыкчый отура калды. Канча жыл мурун болгон окуя көз алдына тартыла берди.

#132 14 July 2015 - 21:28
Данек бул окуяны уккусу деле келген жок. Мындан ары ал Илимбектин окуясын тургай өзүн көргүсү келбеген абалда эле. Бирок сөз бергенден кийин укканга аргасыз болду. Илимбек көзүн жумуп, ошол окуяларды азыр көрүп жаткандай берилүү менен айта баштады.
– Менин алдымда бир топ максаттар, бийик тилектер бар эле. Мен дагы сен сыяктуу бактылуу болгум келчү. Бирок тагдырым мага жалгыздыкты жазып коюптур. Айшаны биринчи курста, кайсы бир студенттик балда кезиктирдим. Назик, конуп турган көпөлөктөй көркөм кыз эле. Көздөрү ушунчалык таза жана ишеним менен карачу. Көп жыл өтүп, сен кабинетиме кирип келгениңде мен кайрадан Айшаны көргөндөй болдум. Көп жылдан бери тымтырс болуп үн катпай калган жүрөгүм биринчи жолу дирилдеди. Ишенчээк, баёо жүзүң менен караганыңда алдымда эбак каза болгон Айша тирилип келип өтүнүп жаткандай болду. Жүрөгүм тыбырчылап «таптым, таптым» деп жатты. Менин биринчи жаңылыштыгым ушунда эле.
– Сиз мен тууралуу эмес, Айша тууралуу айтып баштагансыз, - деди аста гана Данек.
– Кечир, сөзүмдү башка жакка буруп жиберипмин. Ошентип, мен Айша аттуу кыз менен «оорудум» да калдым. Бассам, жатсам, турсам да Айша! Акыры бардык күчүмдү, акылымды, куулугумду салып жатып ага жакындай баштадым. Мурун башын чулгуй басып кетчү кыз кийин мага ылым санап, кээде сабактарын чогуу даярдап калчу болду. Бирок баары бир жүрөк түпкүрүнөн мен деген ысык сезимди көрө албадым. Ошентсе да үмүтүмдү үзгөн жокмун.
– Илим, сен өтө таланттуу, мыкты жигитсиң. Көп кыздар сени жакшы көрүшөт. Эмнеге сен аларга көңүл бурбайсың?- деп калчу Айша.
– Мүмкүн, менин бактым болчу кыз жанымда отургандыр. ..
– Жоок, мен сага татыктуу эмесмин. Анын үстүнө...
Айша бир нерсени айткысы келди, бирок мен сөзүнүн аягына чыгарбай аны колдон ала сөздү башкага бурдум. Кээде адам өзүнө жакпаган чындыкты таптакыр уккусу келбейт экен. Асыресе эркектер ушундай болот көрүнөт. Мен да Айша ачылып бир нерсе деп бара жатканда дайыма сөз төркүнүн башкага буруп жиберчү элем. Бечара же мени аядыбы, же күткөн адамына ишеним артпадыбы, так кесе башканы сүйөрүн мага айта албады. Жашап кете алабыз, тигини унутат деген ой менде күчтүү эле. Бирок чыныгы сүйүү таптакыр унутулбасын кийин мен өз башыман өткөндө гана билдим.
– Айша, менин жарым болгонго макулсуңбу? Мен сенсиз жашай албайм...
Бир күнү так кесе ушинтип айттым. Ал көзүн бакырайта тиктеп алып, башын чайкай берди.
– Эмнеге?
– Сен өзүң деле билесиң го, мени кыйнап сурай бербечи. Сен менин эң жакын адамымсың, Илим. Сен менин досумсуң, бир тууганымсың, бирок мен баары бир аны унута албайм.
– Ал баары бир сага кайрылып келбейт!- деп бакырып жибердим.
– Ким айтат? Кимдин былжыраганын угуп жүрөсүң?- деди ал өңүнөн кете кубарып.
– Кыз жандуу акмак экен аның, баары айтып жүрүшөт. Ал сага кайрылып келбейт! Кечээ биздин курстун балдар-кыздары айтты. Аны деген...
Айша кулагын жаба калды. Сүйүктүү адамыңа жанына баткан катуу сөз айтыш оор экенин билгеним менен, катуу айттым. Айша менден мындай катуу сөздү күтпөсө керек, эки колу менен бетин басып ыйлап жиберди. Бир топко өксүп ыйлады. Же кетип кала албай, же жанында отура албай мен кыйпычыктап басып жүрө бердим. Бир кезде жашын сүртүп ордунан турду да, мага жакын келди.
– Жүрү кеттик,- деди ал улутуна.
– Таарынып калдыңбы?- дедим колдорун кармалап.
– Жок, сен болгону чындыкты айттың. Мен өзүм күнөөлүүмүн. Илим, сен кандай катуу айтсаң да, кандай болсо да мен андан баш тарта албайм. Баары бир мага кайрылып келчүдөй сезилет. Ал жеңил ойлуу болгону менен, түпкүрүндө мени сүйөрүн билбей жатат. Мен ошол күнү, ал мага кайрылып келген күнү эркин болбой каламбы деп корком. Мен аны чын эле жакшы көрөм.
– Анда кемпир болгончо күт!
Бурк эте силкинип кетип калдым. Жаным катуу жабыркады, намысым андан кыйнап, эмне кыларымды билбей жүрдүм. Чындыгында, мен Айшадай адамды жолуктурбадым. Кишиге бир жамандыгы жок, жаркылдаган жан эле. Экөөбүз жанагыдай урушуп кеткенибиз менен, бир жума өтпөй кайра табышып алдык.
– Илим, сенсиз күндөр өтпөй калды, экинчи урушпайлычы, - деп жаркылдады ал.
Мен да андан баш тартып басып кете албайт элем, кайрадан аркандын эки учундай сүйрөлүп жүрө бердик. Айшанын жүрөгүн эзген жигит музыкант эле. Ошол кезде жылдызы жанып, теңирин тааныбай турган неме Айшанын сезими менен тек гана ойноп жүргөнүн билчүмүн. Кээде муунтуп өлтүрүп салып, мына эмесе деп басып кетким келчү. Ошентип, студенттик жылдар өтүп бара жатты. Айша деген «оорум» басылмак тургай кайрадан күчөдү. Эми аны таптакыр бура бастырбай ээрчип алганга өттүм. Ушундай күндөрдүн биринде мен ага айтпай ала качып кеткенге белсендим. Айша эч кандай деле каршылык көрсөткөн жок. Бир гана өңү бопбоз болуп, жоолукту мыкчый кармап башына салдырбай туруп алды. – Кой, кызым, мени сыйла, жаман жерге бүлө болгон жоксуң,- деген апамды жаш толгон көздөрү менен карап туруп башын чайкай берди да, аргасыз мыкчып турган жоолукту колунан бошотту. Ошентип, мен көксөгөн тилегиме жеттим.
– Сиз баарына күч менен жетем деп ойлойсуз,- деди Данек көз жашын аарчый.
– Сен ыйлап жатасыңбы? Кечирип кой, балким, башка жолу улунтармын. ..
– Жок, уланта бериңиз...
Илимбек оор күрсүнүп алып, андан ары сөзүн улады.
– Менин аздыр-көптүр бактылуу күндөрүм башталды. Айша мен күткөндөн да мыкты жубай болду. Кайната-кайненеси да өз кызындай жакшы көрүшчү. Бир аз убакыт өткөндө заманбап үлпөт тоюбузду белгилемек элек. Канчалык Айша каршы чыккан сайын мен тойду өткөрөбүз деп туруп алдым. Ошол күн таптакыр эсимден кетпейт. Таң эрте туруп, апакай көйнөгүн боюна ченеп жаткан Айша бактылуу жылмая берди.
– Илим, сага сюрпризим бар. Бирок той бүткөндөн кийин айтам.
– Айтчы азыр эле...
– Жок, анда сюрприз болбой калат, той бүткөндөн кийин айтам...
Боорума кысып өпкүлөп алып сыртка чыгып кеттим. Биздин тоюбуз болгон күн эң бактылуу да, каргашалуу да күн болду. Шаарыбыздагы чакан кафелердин биринде тоюбуз өз нугунда өтүп жаткан. Бир кезде куттуктоолорду кабыл алып жатып Айшанын өңү бозоруп, ырчылар ырдап жаткан жакты тиктеп калганын байкадым. Мен да көз жиберип алып, каным дүргүй түштү. Айшаны кусалуу тиктеп баягы музыканты турган экен. Муштумдарым түйүлө, каным башыма тээп чыкты. Өз тоюм экенин унутуп, барып өз колум менен муунтуп өлтүргүм келди.
– Ырчы Мукай өзү суранып Илимбектин тоюна ырдап берем деп келиптир! - деп жаткан тамаданын сөзүн кулагым араң чалды.
Музыка кетти! Жетпей калган сүйүү тууралуу муңкана ырдап жаткан ырчыны бир өлүп, бир тирилип тиктеп турдум.
Ал болсо Айшадан көзүн албайт! Кызганыч алкымымды бууп, өзүмдү араң токтотуп турдум. Кубанган урук-тууган, ата-энеден гана ыйбаа кылып өзүмдү кармадым. Көз кыйыгым менен Айшаны тиктесем, анын көздөрүнөн жаш сарыгып турган экен! Ошол көз жаш баарын жууп кетти...

#133 14 July 2015 - 21:30
Илимбек баянын уланта берди.
– Менин ордумдагы ар бир эркек ошол нерсени кылмак болушу керек. Өзүмдү токтото албай калдым. Жетип барып тигини жакадан алып, балжа-булжасын чыгарып салдым. «Кой-кой» дешкен туугандарды да, ата-энемди да караган жокмун. Аларды же намысты ойлой турган абалда эмес элем. Көз алдымда Айшанын көзүнөн сарыгып агып турган жаштар... Моокумум канганча уруп, четке чыга бердим. Көзүм дирилдеп ыйлап турган ак көйнөкчөн колуктума чалынды. Аны колдон жетелеп алып ыйлаганына койбой машинага салып, кутургандай айдап жөнөдүм. Көзүм жолдо, колум рулда, бирок ашатып сөгүп келе жаттым.
– Сен баарын билгенсиң, мен аны сүйөрүмдү билсең да ушунча жыл артымдан калбай жүрүп ала качып алгансың. Азыр эч нерсени билбегендей эмнеге чатак салдың?- дегенине түтөп кеттим. Машинаны токтотуп, энтиге аны карадым.
– Дагы кайталачы сөзүңдү...
– Кайсы?
– Мен аны сүйөм деген...
– Ооба, мен аны сүйөм!
Өзүмдү токтото албай, эки колум менен аны алкымдан алдым. Тыбырап жатты, бир кезде карышкан колдорумду жазып, аны коё бердим. Шалак түшкөн денесин карап койбой, тамеки тартып келип, акырын үн каттым.
– Айша!
Ал үн катпады. Өңү бозоруп, көзү жумулуу. Колдорун кармалап жиберсем муздак, жүрөгүм шуу дей түштү. Бакырып боорума кысып, жулкулдатып жибердим. Ошентип, мен аны өз колум менен өлтүрүп алдым... Бул үчүн өзүмдү кандай гана жазаладым, бир Жараткан билет. Анын аркасынан өлгүм келди, катуу айдап келе жатканда аварияга учурадым. Жараткандын менде башка да жазасы барбы же менин өлүп кутулушумду каалабады окшойт, аман калдым. Эл экөөбүз кетип баратып авария болуп, ошондон моюну үзүлүп кетти деп ойлошту. Бул сыр менин гана көкүрөгүмдө кала берди. Андан да жаманы, кийин анын 3 жумалык боюнда бар экенин билдим. Демек, мен сүйүктүү жарымды гана эмес, өз баламдын да жарык жашоого келишине тоскоол болгон экем...
Ушул жерге келгенде Илимбек чыдай албай ыйлап жиберди. Денеси солкулдап ыйлап жаткан адамды көргөндө Данек учуп тура калды. Боорукер жаны эми эле жек көрүп турган адамын бооруна кыса берди.
– Кечиргиле мени. Бирок мен өзүмдү өзүм кечирбейм!
Көп жылдан бери көкүрөгүнө бугуп калган дарт оңой эмес да. Данектин кучагында Илимбек көпкө ыйлады. Бир маалда гана башын көтөрүп, өзүнө келди. Көкүрөгү жеңилдеп калганын туйду. Бетин жууп келип, кайра Данектин маңдайында отурду.
– Сен керемет кызсың!
– Эмнеге?
– Апама да айта албай койгон сырымды сага айттым. Мээримдүүсүң, боорукерсиң, сендей асыл адам жок жашоодо. Аскат кандай гана бактылуу адам.
Данек уялыңкы күлүп койду. Кайрадан оңдонуп отуруп, баянды угууга камынды.
– Макул, азыр баарын айтып берем. Ошол боюнча мен үйлөнгөн жокмун. Утурумдук көңүл ачуулар болду, бирок жүрөгүмө жакын адамды таба албай койдум. Өзүмдү карьера жасаганга арнадым. Кыргызстанда эң күчтүү адвокат болдум. Байлык топтодум. Бирок бактылуу боло албадым. Апам эң жакын адамым эле, ал каза болор алдында менин эмнеге үйлөнбөй жүргөнүмдү такып сурады. Ыйлап, өмүр бою жалгыз калбасымды суранды. Эненин жүрөгү сезгич эмеспи, бир нерсе туура эмес экенин байкаса керек. Бирок айта албадым. Менин күнөөмдү укпай тынч кетсин деп ойлодум. Апам ошол боюнча билбей өтүп кетти.
Ошол бойдон мен жалгыз өткөнгө даяр элем. Бирок жашоомдо капысынан сен пайда болдуң. Бир көргөндө эле жүрөгүм тыпырап кетти. Өзүмдү токтотсом да болбой элесиң алдымда турганы турган. Адам бир нерсени кыялданса ээлигип алат экен, канчалык ал кыз менин теңим эмес дегеним менен, ошончолук тартылдым. Бирок, чын айтам, Аскат тууралуу билген эмесмин. Мен аны сенин агаң деп гана ойлоп жүргөм. Амалкөйлүк кылып акырын тузак тарта баштадым. Бетимди сыйрып салып, Аскатты куткарып бергенимди доомат кылдым. Сенин айлаң кетти. Мени менен кездешүүгө аргасыз болдуң. Баарын туура эмес кылып жатканымды билген менен, артка кайта албадым. Кээде жөн гана сенин жаныңда жүргөнүмө, кээде алыстан көрүп калганыма бактылуу болчумун. Анан баягы каргашалуу күн болду...
Сен «Аскат чалбай жатат» деп ыйлап жибергениңде боорума кыса кучактап алдым. Гүлдүн жыпар жытын искеп алган адам кайрадан аны жыттагысы келет экен. Мен сени кайрадан кучактагым келди. Күнөөсүзүм, сен аны байкабадың. Сенин көз карашың менен жүрөгүм серпилип жатканын сезбедиң. Жамгыр жаап жибергендиктен, үстүң суу болчу. Анан ыйлаган түрүң да укмуш эле. Менин «үйгө барып өзүңдү иреттеп алып, анан бар» деген сунушума үн катпай макул болдуң.
Үйгө киргенде сени таптакыр коё бергим келбеди. Шайтан ой мени азгырып алды. Сен кетип, кайрадан жалгыздыгым менен жекеме-жеке калгым келбей, кандай болсо да сени алып калсам дедим. Сен болсо сүйлөшүп отуралы дегениме караманча болбой койдуң. Ары да айтып, бери да айтып таптакыр көнбөгөнүңдө жаным кашайып кетти. Итчилик кылып сени кучактап, өпкүлөп баштадым...
– Болду эми, айтпаңыз мага...- деп ыйлап жиберди Данек.
– Данек, чырагым, бүгүн экөөбүз тең айыгышыбыз керек. Сен өзүңдү күнөөлүүмүн деп жүрөсүң. Өзүн-өзү күнөөлөгөн, өзүн жек көргөн кандай оор экенин жон терим менен билем. Сенин эч кандай күнөөң жок. Ошол күнү... ошол түнү экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон жок.
– Ыя?
– Сен бир нерсе болду деп ойлодуң. Бирок колумдан жулунуп жатып эсиң ооп калганда мен сага тийген жокмун. Боорума кыса кучактап, жүзүңдөн өпкөндөн башка эч нерсе кылбадым. Көзүмдөн жаштар агып жатты. Бирок периштедей тазалыгың мени акмакчылыктан сактап калды.

#134 14 July 2015 - 21:31
)
– Анда эмнеге аны убагында айткан жоксуз? Мен сизге ошон үчүн турмушка чыктым. Мен Аскаттын алдында ошон үчүн күнөөлүү болдум. Кандай таш боор адамсыз...
Данек же ыйлаарын, же кубанарын билбей ушинтип күбүрөнүп жатты.
– Мен айткыча өзүң «мен сизге турмушка чыгам» дедиң. Көптөн күткөн бактым өзү келип жатканына сүйүндүм. Сени көнүп кетет, алданат, жаш эмеспи дедим. Бирок сен байлыкка да, менин сүйүүмө да, менин даражама да кызыкпаганыңды билдим. Ошондо таң калдым, сени ого бетер сүйдүм.
– Сиз Аскат тууралуу күндөлүккө чейин эле билдиңиз беле?
– «Аскат кетип жатат» дегенди укканда көзүңдөн жаш айлана берди. Сен туруп, тымызын үйдөн чыкканыңда Аскат менен коштошкону бара жатканыңды билдим. Сен кеткенден кийин бөлмөңө кирдим. Сага болгон сагыныч ушунчалык күчтүү болгон экен, кийимдериңди жыттап керебетиңде көпкө отурдум. Көзүм столдун үстүндө турган күндөлүгүңө чалынып, барактап чыкканда мага баары белгилүү болду. Сенин келе жатканыңды угуп күндөлүктү ордуна койдум да, бөлмөңдөн чыгып кеттим. Бир топтон кийин кирсем, сен эсиңди жоготуп жаткан экенсиң. Шалактаган денеңди көтөрүп алып машинага отурдум. Мен сени өлтүрүп алдым деп корктум. «Аман калса баш тартам» деп Жаратканга убада кылдым.
Илимбектин баяны бүттү көрүнөт, башын шылкыйта отуруп калды. Данек туруп терезени ачты. Асман көпкөк, аалам жаркып турган маалы экен.
– Кантип мен ушул кадамга бардым? Жөн гана жер бетинде басып жүрүүнүн өзү бакыт тура!- деди ал таң кала. Сөзүн улай:
– Рахмат сизге! Мени сактап калганыңыз үчүн!- деди.
Данек жадырай жылмайды. Анын жылмаюусу эчен сыноодон өткөн жеңүүчүнүн жылмаюусу эле.
ххх
Данек жакшы болуп үйүнө чыгып келгенден кийин бир топ убакыт өттү. Азиреттин кабатырланганы уулу эле.
– Аскат, келбесең болбойт, Данек...- деп телефондон кеп баштаганда эле ал жиндеп кетти.
– Ата, анын азыр жанында күйөөсү бар. Сиз да, мен да анын жашоосундагы чоочун адамдарбыз. Мындан ары ал тууралуу башымды ооруткум келбейт.
– Уулум, Аскат!
– Жок, мен эми эч качан Кыргызстанга кайрылбайм!
Аскат ушинтти да, телефонду тарс коюп салды. Андан кийин канча жолу чалса да албай койду. Аргасы кетти. Баарынан оору – Данектин көзүндөгү үмүттү көрүп туруп эч нерсе кыла албай жатканы эле.
– Аскатка кабарлаштыңызбы? - деди Данек чай ичип отурушканда.
– Ооба, бирок ал «жакында келе албайм» дейт.
– Билем, ал азыр мени кечирбейт! Бирок үмүтүмдү үзбөйм, кайсы бир күнү ал баары бир мени издеп келет. Ата, ага чейин мен сиңдимди издегим келет. Илимбек байке дагы
сиңдимди табышканга жардам берем деген.
Азирет кызын сыймыктануу менен тиктеп алды. Сыртынан карасаң үлп эткен желге туруштук бере албагандай назик кыз, бирок мен-мен деген эркектерден руху күчтүү. Кайрадан
жашоо баштаганга эрки жетип жатканын айт...
– Биринчи жакшы бол, анан бардыгы ордуна келет,- деди ал мээрим менен.
Бирок Азирет айткандай баары ордуна келбеди. Аскат Данек тууралуу сөз баштаса эле телефонду коюп койчу болду. Ал өзү менен өзү күрөшкөн сайын, унутууга аракет кылган сайын Данектин элеси ээрчип алды. Эчен чакырым алыстыктан кутулам деп ойлогону бекер экен. Кээде өзү байкабай ал жактырган нерселерди, ага арнап белектерди сатып алып, үйүнө келгенде кубанычы күбүлүп отуруп калар эле. Ошондой күндөрдүн биринде ага күтпөгөн конок келди. Сабагынан келип, эми тамактанууга отурган Аскат эшикти ачып дел болуп калды.
– Апа?
– Сен келбейм дедиң, аргасыз сени издеп келдик...
Жылмайган апасын кучактай берип, жерден так көтөрүп алды.
– Эх, апа, кандай керек болуп жаткан маалда келдиңиз.
– Билем, балам.
– Канча күнгө келдиңиз?
– Экөөбүз чогуу кетебиз,- деди ишенимдүү сүйлөгөн Бегимай.
– Кандайча?
– Мен сени тойго чакырып келдим.
– Кимдин тою?
– Сенин...
– Апа, кайдагыны айтпаңызчы. ..
– Сен алгач бул нерсени окуп чыкчы. Кийин баарын түшүндүрөм.
Аскат Данектин буюмун көргөндө жүрөгү болк дей түштү. Эчен жолу ичинде эмне бар экенине кызыкса да, таптакыр колун тийгизчү эмес. Бул апасынын колуна кайдан тийди?
– Окуп чык, анан келген себебимди түшүндүрөм.
Шурудай тизилген саптар Аскаттын көз алдынан өтүп жатты.
ххх
Данек атасынын машинасынан түшүп, балдар үйүнө жакындаганда жүрөгү дүкүлдөй берди. Сиңдиси Нурай табылып, аны Азирет багып алууга арыз жазган. Бүгүн аны менен жолугушууга келе жаткан. Бопбоз дубалдар өзүн басып калчудай апкаарыган ал директордун кабинетине араң кирди. Атасы жанында болгонуна шүгүр...
– Кана, бардык документтер бүттү, эми кызыңарды алып кетсеңер болот,- деп чаңкылдаган балдар үйүнүн директору аларды сынай тиктеди.
Бир кезде эшик акырын ачылып, тарбиячысынын колун бек кармап 6 жаштагы кыз кирди.

#135 14 July 2015 - 21:32
Бир кезде эшик акырын ачылып, тарбиячысынын колун бек кармаган 6 жаштагы кыз кирди. Сербейген чачтары өрүлүп, көздөрүндө укмуш коркунуч!
Кимдир бирөөнүн үнү катуу чыкса дирт этип кайра кача тургандай элейет.
– Келчи, кызым, атың ким сенин?- деген мээримдүү үндү укканда ал көзүн көтөрө берди. Алдында бою узун, саамайын ак аралаган сулууча киши турганын көрдү.
– Нурай...- деди араң шыбырай.
– Нурай, кандай сонун атың бар. Мени менен кетесиңби?
– Эмне, сиздин өзүңүздүн кызыңыз жокпу?
Азирет кысыла түшүп Данекти тиктесе, ал көзү жашылданып турган экен.
– Кызым бар, бирок эки кызым болгону жакшы эмеспи...
– Анда мейли...
Кыздын араң чыккан үнү, адамдарды ишенбей караганы Азиреттин жүрөгүн оорутуп жиберди. Кызга колун суна берди.
– Жүрү анда, үйгө кеттик!
Тыпырайган алакандарын анын колдоруна койгон наристе кыз ушул учурда өз тагдырын тапшырып жатканын билбеди. Шап көтөрүп алып бооруна кыскан бул адам ага камкор ата болорун, жанында ыйлап турган кыз анын бир тууган эжеси экенин, үйүндө улам бир таттууну жасап толкундана эшикти тиктеп жаткан аял ага өз энесинен артык мээрим берерин ал учурда кыз билген жок. Бирок балалык жан дүйнөсү менен бул адамдарга ишенимдүү кадам таштады...
ххх
Аскат күндөлүктөн башын көтөргөндө апасы аны муңайым тиктеп турган экен.
– Апа, мен билгем, Данек өз эрки менен менден баш тартпайт болчу. Күнөөлүүмүн, анын кандай адам экенин билип туруп мен алдыга кадам жасай албадым.
– Аскат, эч качан өзүңдү күнөөлөбө! Атаң экөөбүздүн жашообуздан деле сабак ала тургандай болдуң. Сенин оюңча, биз чогуу болбой калганыбыз үчүн күнөөлүүбүзбү? Көп жолу тагдырымды кабыл алгым келбей качтым, бирок акыры көп жылдан кийин мен адам тагдырына баш ийгенде гана бактылуу болорун түшүндүм. Атаң экөөбүздүкүндөй сүйүү ааламда аз гана болор, бирок ошого карабай чогуу боло албадык. Бирок бул биз сүйүүдөн адаштык же бактысыз болдук дегендик эмес. Сүйбөй өткөндөн көрө, сүйүп азабын, жыргалын таткан адам бактылуу. Мен ар бир күнүмө ыраазымын, эң ыраазы болгонум – сенин бул дүйнөгө жаралганың. Атаң менен чогуу жашоо бешенеме жазылбады, бирок аны бир мүнөт дагы сүйбөй калган жокмун. Бүгүн кечээкиге караганда күчтүүрөөк сүйөм, аркы күнү андан да күчтүү сүйөм. Акыркы демим токтогончо ал сүйүү мени менен жашайт. Сен бизден чечкиндүү бол, сен бизден эр жүрөк бол, уулум.
– Данек мени кечирбейт болуш керек, апа.
– Апендим, ал сени чыдамсыздык менен күтүп жатат. Сен үчүн жанын кыйганга макул болгон адам, кантип сени кечирбей коёт?!
Бегимай жакын келип уулунун калың, тармал чачтарынан сылады. Көкүрөгүнө жыгылган Аскат эч тартынбай, эч кысынбай апасын кучактап жаш балача өксүп ыйлады. Ушул мүнөттөрдө кичинесинен бери келген азабын, сагынычын, күйүтүн ый менен кошо сыртка шилеп чыгарып жатты. «Дүйнөдө эненин болгону кандай жакшы... Эркекпи, аялбы, эненин кудуреттүү кучагында гана эс алат». Аскат ый арасында ушуларды ойлоп жатты.
Бакчада ойлуу отурган кыз өтмүшү, келечеги тууралуу ойлонуп жатты. Ойлоп көрсө, ушул бак анын кичинекей ааламы экен. Акырын термелип отурган ал кимдир бирөө өзүн тиктеп турганын сезди. Кылчая берип Аскатты көрдү. Арыктап, жол азабынан чарчап турганы билинсе да, көздөрү шайдоот. Үн катпай, жөн гана бири-бирин тиктеп тура беришти. Данектин көздөрүнө жаш толуп бара жатты. Аскат жакын келгенде көзүн жума берди эле, мелт-калт болуп турган жаштар тоголонуп берди.
– Сен мен үчүн акыркы жолу ыйлап жатасың, жаным, эми бир тамчы жашыңды да агызбайм.
Чыныгы бакыт алдына келгенде кыз дендароо боло түштүбү, качып жөнөй турган болду эле, Аскат жетип кучагына алды. Тыбырап бошонгонго аракет кылган кызды жоготуп алчудай бекем кучактап алды.
– Эч качан бошотпойм сени! Эми чындап меникисиң, качыра койбойм!
Данектин кыймылдары жайлап, жигиттин жалындуу илебине көшүй берди. Колдору өзүнөн-өзү анын моюнуна артылып, көздөрү жумулуп бара жатты.
– Сагындым, жалгызым, жарыгым...
Аскат сүйүктүүсүнө дүйнөдөгү бардык жакшы сөздөрдү арнап жатты. А бакча мемиреп тыптынч, адамдардын сүйүүсүнө, жан эриткен мээримге алар да баш ийгендей мемирейт...

#136 14 July 2015 - 21:33
Той жакындаган сайын, ал тууралуу сөз болсо эле Данек апкаарып, куду бир кылмыш кылып койгондой уялып кетчү болду. Кээде ордунан шарт туруп качып кетет. Эки жашты кыйнай бербейли деп ата-эне азыраак адам чакырып, чакан той берише турган болду. Дагы эң чоң окуя, эки чоң үй-бүлө биригип, тойго чогуу кам көрө башташты. Бул жолу Аскат атасы менен ачык сүйлөштү.
– Ата, көп жылдар апамды менден алыс кармаганыңызга, аны майрамдарда же каникулда гана көргөнүмө макул болуп жашадым. Мындан ары андай кылгым келбейт. Апам да менин тоюма катышып, андагы эң маанилүү адам болгонго акысы бар. Экөөңдүн ортоңордогу таарынычка менин эч кандай тиешем жок, бирок мен уул катары талап кыла алам деп ойлойм.
– Мен дагы ойлонуп жүрөм, уулум. Эми бизде таарыныч, кызганыч же кектөө калбады. Апаңды чакыр, чогуу болсун, ал тургай үй-бүлөсү менен келсин. Буга Алина да каршы болбойт,- деп Азирет өзү уруксат берген.
Ошентип, эки үй-бүлө чогуу тойго камданып жатышты. Бардыгы үйгө жакшылык, нур түшкөндөй кайпактап, кубанып жүрүшөт, болгону тойдун ээлери эле эмне кыларын билишпейт. Данек тура качса Аскат анын аркасынан жөнөйт. Өмүр бою ага-карындаш болуп келген экөө өзгөчө ата-энесинин көзүнчө уялып жатышты. Жаш баланыкындай жоруктарына экөө каткыра күлүп алышат.
– Апам экөөбүз эртең көйнөк тандаганы барабыз,- деди Данек.
– Мени ээрчитип алгыла.
– Жоок, сен мени көрбөшүң керек.
– Уурданып болсо да көрүп алам...
Ушул учурда бакчада кыңылдай ырдап, куурчагы менен ойноп жүргөн кичинекей Нурайды көрүп калышты.
– Нурай сага аябай окшош, далай жигиттин жүрөгүн оорутат го...
– Нурайка, чынбы, сен мага окшошсуңбу?
Ал көзүн бакырайта тиктеп калды да, улутуна башын чайкай берди.
– Эй, сага эмне болду?- деди Аскат кичине кызды эркелете.
– Менин сеникиндей узун чачым жок, анан кичинекеймин, менин жигитим да жок. Атам менен апам «сен чоңойгондо алы-ыс жакка окутабыз» дешти.
Бирин-бири тиктеп алып күлүп жиберишкен экөө ортолоруна Нурайды отургузуп алышты.
Чындыгында, Азирет менен Алинага бул кыз тагдырдын белегиндей болду. Экөө ушул кичинекейдин ааламында айланып, өз наристесиндей мээрим төгүп, эми гана чыныгы үй
бүлөгө айланышкандай. Кээде Азирет тизесине отургуза жомок окуп берип жатса, Алина чачын ар кандай кылып өрүп берүү менен алек.
– Атам менен апам эми чындап бактылуу...- деди Данек.
– Эми биз дагы чындап бактылуубуз! - деди Аскат салтанаттуу.
Экөөнүн тилегин коштогондой Нурай бактылуу жылмая берди.
Аппак көйнөк кийген колукту аста басып элдин алдына чыкканда баары суктана тиктеп калышты. Адамдын көзү кандай керемет! Андан бакытты да, өкүнүчтү да, кайгыны да бирдей окууга болот. Данек көздөрүнөн бакыттын нуру төгүлүп, ого бетер көркөм эле. Колуктусун биринчи жолу көрүп тургансып Аскаттын оозу ачылды да калды. Өзүнө периште жылмайып, утурлап келе жаткансыды. Ал эми күйөө жетип, колуктусун жандай чогуу басканда аларга адамдар эмес, аалам өзү суктанып тургандай эле. Бирин-бири толуктап, бирин-бири чексиз сүйгөн эки адам бактысын утурлай бара жатышты. Ушул учурда кимдир бирөөнүн катуу үнү тойго келген элди, той ээлерин да селт эттирди.
– Токтогула! Бир азга токтоп тургула!
Кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз Илимбек аларды армандуу тиктеп турган эле. Жүзү купкуу, алда жаман нерседен кабар бергендей сумсаят...
– Токтогула, силерге бир ооз сөзүм бар...- деп энтиге токтоду.

#137 14 July 2015 - 21:35
Аскаттын жетегинде бара жаткан Данектин денеси дүр эте түштү. Алда неден корккондой Аскат колуктусун аркасына калкалай калды. Илимбек жолун тоскондорго ээ бербей аларга жакын келди да, Айданектин көзүнө тике карады.
– Мени кечирип кой! Келбешим керек эле. Бирок акыркы мүнөттө эч чыдай албай койдум. Менин Айданегим, менин кичинекей карындашым менден кек сактап кетишин каалабадым. Мен башка өлкөгө кеткен жатам, бүгүнкүгө билет алып койдум. Сени менен көрүшпөй кете албасымды түшүндүм. Кечир мени...
– Мен сизди мурун эле кечиргем. Сизге ак жол каалайм.
Дирилдеген кыздын эки колун бириктире кармап туруп, акыркы жолу сүйгөнүнүн колунан өптү да, Илимбек эч кимге кайрылбай, бир сөз айтпай артка бурула берди. Артынан карап
турган эл жеңилдене дем алышты. Никеге каттоо бүтүп, эки жаш шакектерин колдоруна салып, бирин-бири тиктеп калышты. Аскаттын от чачкан каректери ушул учурда да Данекти апкаарытып, күйгүзүп өттү.
– Антип тиктебечи, азыр элдин алдында кулап кетем,- деди ал уялыңкы шыбырай...
Бактылуу жылмайган Айданек куттуктоого кучак жайып келе жаткан атасы менен апасына бурулду. Уул-кызын чекесинен өөп, кубанганынан апкаарып турган Азирет бүгүн бактылуу эле. Курган жүрөк ушул учурда да көптүн ичинен Бегимайды издеп тапты. Мына, ал дагы мойнун буруп өзүн тиктеп туруптур. Өзүнө коёндой окшош эки кызы, күйөөсү жанында экен. Каректер издешип, кайра тайып, карабай коёюн десе да болбой барып кайра тиктешип калды. Бирок мурункудай өксүк, кайгы, өкүнүч толгон көз караш эмес, бул жолу экөөнүкү тең бактылуу көз караш болчу.
– Бактылуусуңбу, ошондой көрүнөсүң. Ылайым бактылуу бол, жарыгым,- деп жатты Азиреттин көздөрү.
– Жалгызым, мындан ары экөөбүз бири-бирибизди издешкенге эч акыбыз жок. Анткени экөөбүздүн жомок бактылуу аяктады. Биздин уулубуз бактылуу. Андыктан биз мындан ары жомогубузду издеп, күйүт тартышка акыбыз жок...- деп жатты Бегимайдын сулуу каректери.
– Эмнени ойлонуп кеттиң?- жанына келген Алинанын сөзүнө селт эткен Азирет ага бурула берди. Жаркырай күлүп турган аялын аяр кучактай маңдайынан өөп, кичинекей Нурайды жетелеп ары жөнөдү.
Той өзгөчө шаңдуу өттү. Бөлмөлөрүнө кирип, ашык кыймыл кылгандан коркконсуп фатасын колуна кармап, колуктунун көйнөгүн чечпей көпкө отурду Данек. Кимдир бирөө жүрөгүнүн түрсүлүн угуп койчудай уялат. Аскат бөлмөгө киргенде жалт карай берди.
– Чарчадыңбы? - деди ал мээримдүү жылмайып.
– Балким...
– Кел, мен көйнөгүңдү чечкенге жардам берем...
Демин чыгарбай турган Данек Аскаттын колдору көйнөгүнүн бүчүлөрүн акырын чечип жатканын туйду. Бир аз титиреп турган колдордон ал дагы сүрдөп турганын билди.
– Аскоо...
– Ов.
– Мен сени...
Акыркы сөзүн айттыра койбой Аскаттын эриндери жабыша берди. Апкаарыткан, толкуткан, калтыраткан бир күч экөөнүн тең башын айланта, чимирик аттырып жөнөдү. Күйөөсүнүн ысык илебине туруштук бере албай, денеси, жүрөгү, бүткөн бою балкый берди. Бул түнү не деген ысык сөздөр айтылбады... Тагдыр экөөнө канчалык сыноо берсе да, азыркы алар сезип жаткан бакыт андан алда канча күчтүү, алда канча маңыздуу болчу. Ар бир эле адам мындай азапты да, мындай бакытты да башынан өткөрүү энчисине ээ болбосо керек. Таң атып, чымчыктар сайрай баштаганда реалдуу дүйнөгө кайткандай бирин-бири тиктеп алышты.
– Мен биринчи жолу толук бактылуу болдум,- деди Аскат.
– А мен сенден да бактылуумун. ..
Данектин күлүңдөгөн көздөрүнөн бакыттын тамчысы кулап бара жатты...

#138 15 July 2015 - 22:03
Мен ушул чыгарманы супер-инфодон окугам. Сонун чыгарма аябай жагат.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.

Супер-Инфо
super.kg
видео