Оо ото кызыктуу чыгарма, жакшы чыгарманы табыпсыз автор, ийгилик.
Тагдыр оюну
#22 18 June 2015 - 18:17
Аскар бир топко үн катпай отурду да, акырын сүйлөй баштады.
– Бегимай, кызым, сен эч нерсени билбейсиң али. Аскаттын өлүмүнө бир гана мен күнөөлүүмүн. Жашырганда эмне, бийликти жакшы көрчүмүн. Өмүр бою бийлик дедим. Жолум ушундай болушун кааладым беле, каалабадым беле... Анын баарын айтып отуруштун кажети жоктур. Аскат ким колдуу болгонун мен билип турам. Мен алардан акырындык менен өч алам. Мен сенден коркуп жатам. Эгерде менин айымдан жабыр тартсаң, уулумдун алдындагы күнөөм көтөрө алгыс болор. Ал менин бул жоругумду эч кечире албас эле.
Бегимай үнсүз угуп отурду да, Аскарды тике карады.
– Сиз Аскаттын ким колдуу болгонун билет экенсиз да.
– Болжолдуу түрдө билем.
– Эмнеге мага айткан жоксуз?
– Айтканда эмне өзгөрөт? Сен бул иштин четин билишиңди каалабайм.
Ушуларды айткан Аскар алыска карап отуруп калды.
– А Азаматчы? Эмне үчүн анын күнөөсү жок экенин билип туруп, камалып кетишине макул болдуңуз? Эмне үчүн адилет өкүм болушун каалаган жоксуз?
– Адилет өкүм... Силердей куракта, балким, мен дагы адилет өкүм деген нерселерди билсем керек. Ал учурда мага баары бир эле. Билбейм, балким, менин уулум үчүн кимдир бирөө азап тартышын каалаган чыгармын.
Бегимай эч макул болгон жок. Башын чайкай берди. Мына, көп кишини аты менен сүрдөткөн адам! А анын жанында чарасыз, чарчаган абалда отурат.
– Кызык, Аскат сизге таң каларлыктай окшош. Сиз, балким, анын курагында ага окшош болсоңуз керек эле...
– Анын курагында... - деген Аскар жылмайып алды.
– Жок, уулум менден акылдуу болчу. Жок, ал акылдуулук деле эмес, кечиримдүүлүк, кең пейилдик... Ал көп жагынан апасына окшош. Сырткы келбети мага окшош болгону менен, мүнөзү, боорукерлиги, адилеттүүлүгү, мээримдүүлүгү апасына окшош болчу. А мен...
– А мен аны сизге окшоштурчумун.
– Билесиңби, азыр мен эмне деп ойлоп турам. Көп жолу бийлик үчүн, байлык үчүн же жөн гана “самовыживание” үчүн күрөштүм. Кээде жеңдим, кээде жеңилдим. Бирок менин жашоомдогу эң чоң жеңишим Аскат болгон экен. Дүйнөгө жасаган эң мыкты ишим, жакшылыгым да уулум үчүн болуптур.
Бегимай мындан ары угуп отурганга чамасы жеткен жок. Ордунан туруп, коштошуп, сүрөттөрдү жыйнап жөнөп берди. Аскар ошол калыбында көпкө отурду. “Чунак кыз, кайдагы нерселерди эске салат?!” деп сүйлөнүп алды. Эске түштү көп нерселер. Анын арасында Аскар “эч качан эстебейм” деп мээсинен биротоло чыгарып салгысы келген да нерселер бар эле.

Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#23 18 June 2015 - 18:19
ххх
Убакыт тез өтөт. Бирок темир тордун аркасындагылар үчүн эмес. Азамат азыркы абалына эч көнө албай койду. Кийимине, ичкен тамагына, жаткан жерине көнө албады. Аскаттын өлүмү үчүн бейкүнөө жерден камалып кеткенден бери көп убакыт өттү. Андан бери достору бир-эки жолу келип-кетишти. Ал эми Бегимай өзү тууралуу кабар берген жок. “Аны күтпөй элемин” деп өзүнө көп жолу айтканы менен, жүрөгүнүн түпкүрүндө аны күтө берчү. Бул жолку кабар анын жүрөгүн солк эттирди.
– Азамат, сага бир кыз келди. Укмуш сулуу...- деди конвой.
Ага Азаматтын атасы келген сайын акча бергендиктен, жакшы мамиле жасачу. “Бегимай! ” деп алды анын атын айта электе эле. Ордунан обдулуп кетти.
Атайы жолугуу бөлмөсүндө жолугушту. Бегимай аны көргөндө эле кучактай берди. Адамдын өмүрүндө мындай көз ирмемдер аз эле болсо керек. Азамат эркек экенин да, кыздын алдында турганын да унутуп ыйлап жатты. Көз жашынан уялган да жок, жашырган да жок. Бугу чыгып кеткенче ыйлады. Анан оор улутуна бетин жууп келди да, Бегимайга жай бурулду.
– Эмнеге келдиң?
– Билбейм, Аза. Кыйналып кеттим. Сен экөөбүздүн азыр айырмабыз жок. Сен кандай эркиндикте эмес болсоң, мен дагы ошондой эле камактамын.
– Аскат! Ал мурункудай эле арабызды бөлүп, экөөбүздү тең кыйнап жатат. Экөөбүздүн тең кырсыгыбыз ошол адам экен.
– Антип айтпачы. Баса, эмне каалайсың, үйдүн тамагын сагынгандырсың. ..- деген Бегимай ала келген тамактарын столдун үстүнө жайната баштады.
– Бема, кереги жок. Алып кет,- деди Азамат башын чайкай. – Мага сенин боор ооруганыңдын кереги жок. Дегеле эч ким мени аяганын каалабайм. Мындан ары келбей эле койчу. Суранам, келбе...
– Мен баары бир сени актап чыгарам. Мен табам.
– Кереги жок. Эч нерсенин кереги жок. Жайыма койгулачы,- деген Азамат бөлмөдөн чыгып кетти.
ххх
Бегимай Азирет менен байланышка чыкпаганына көп болгон. Бирок таптакыр горизонттон жоготуп алуудан коркуп кетти. Бул жолу үнсүз гана Аскат экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн өзүнүн баракчасына илип койду.
– Кандайча?- деп жазылды мониторго.
Аралыкка карабай тиги жигиттин кандай абалда отурганын, дендароо абалын көз алдына келтирди.
– Ушундай...
– Мен таптакыр түшүнбөй турам. “Экөөң окшошсуң” деп айткан Алина. Бирок мынчалык окшош экенибизди таптакыр билген эмесмин. Шок болуп отурам.
– А балким, бул түйүндү апаң чечип берер...
– Апам азыр жок. Чет өлкөгө маанилүү конференцияга кеткен. Жок, болбогон нерсе үчүн апамды тынчсыздандыруунун кереги жок.
– Билбейм, мен дагы бул иштин аягын ойлонуп таба албадым.
– Тиги жигиттин, Аскаттын атасы же апасы барбы?
– Апасы жок. Билбейм, ал үйдө апасы тууралуу таптакыр сөз болчу эмес. А атасы бул жактагы өтө таасирдүү адамдардын бири.
– Кызык, мен бул тууралуу ойлонуп көрүшүм керек,- деген билдирүү менен Азирет ошол боюнча эки-үч күн байланышкан жок. Бегимайдын чыдамы таптакыр түгөнүп баратканда гана андан кыска билдирүү келди.
– Мен окуумдан суранып, силер жакка жол тартмай болдум. Мени тосуп аларсың. Эки күндөн кийин Кыргызстанда болом.
Бегимай иш бул жагына айланып кетерин билген жок эле. Бир сүйүнүп, бир күйүнүп, эмне кыларын билбей карбаластап калды. Баарынан да Алинага айтыш өзүнчө бир тозок болду.
Кызынын мындай абалын байкаган апасы болду.
– Сага эмне болгон? Байкасам, бир нары басасың, бир бери басасың. Бир кубарып, бир кызарып... Аскат турнирге кетип, келе жатканда ушинтип калмай адатың бар эле. Эми эмнеге?
– Апа, баары жайында, азыр өзүмдү колго алам.
– Мага таптакыр сырыңды айткың келбейт, ээ? Балким, мен сага кеңеш беремин.
– Бул иште баарын өзүм чечишим керек, апа. Сизге өзүмө ишенгендей ишенем. Бирок майда нерселер үчүн тынчыңызды албай эле коёюнчу,- деп койду.
Бир топ убакыт терезени тиктеп турду да, апасына кайрылды.
– Апа, сиз Аскар байкени көптөн бери эле тааныйсызбы? Анын мурунку аялы тууралуу эмне билесиз?
– Көп деле нерсе билбейм. Биз кийин гана таанышып калбадыкпы. .. Элдин айтымында, ал кимдир бирөөнү ээрчип кеткен имиш. Аскар аялын жакшы көрсө керек, көп жылдар бою үйлөнбөдү. Кийин жанагы актриса аялын албадыбы. Анысы деле жакшы чыкпады. Сулуулугу үчүн эле алса керек.
– Бирок чын эле сулуу аял, ээ, апа? Сүрдүү дагы... Биринчи жолу Аскат мени ээрчитип барганда сүрдөгөнүмдөн тердеп кеткем. Көз карашы да башкача.
– Жыландыкындай муздак...- деп кошуп койду апасы жактырбай.
– Ушундай сулуу көздөр муздак тиктегени өкүнөрлүк, ээ, апа? Баары эле сиздей эркелетип, мээримдүү караса...
Бегимай апасын эркелете тигилди. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу басылып, Алина кирип келди.
– Аяш апа, укмуш таттуу тамак жасап жаткан экенсиз, ээ?- деди адатынча кире элек жатып ашкана тарапты карап.
– Алиночка, келе гой, сенин келериңди билбей калбадымбы, болбосо андан да таттуу тамак жасап турмакмын.
Кирип келип, өзүнө тигилип туруп калган Алинадан Бегимай көзүн ала качты.
– Сага эмне болгон?
– Алишка, чай ичели...
– Башкага бурбай айтсаң. Бир маанилүү нерсе болуп кеткен экен, ээ?
– Анан айтып берем...
– Ага чейин чыдабай жарылып кетем, эй,- деген Алина Бегимайдын ой-боюна койбой кыйнап кирди.
– Болуптур, айтса айтайын. Азирет Кыргызстанга келет экен.
– Эмне-е?
Алинанын көздөрү чоңоюп кетти. Кыялында гана жашап келген адам жанына келерин ойлогондо азыртан сүрдөй баштады.
– Качан келет?
– "Эки күндө келип калам, мени тосуп алгыла" деди.
– Сени дагыбы?- Алина эми гана иш кай жагына айланып баратканын түшүндү.

#24 18 June 2015 - 18:21
Азирет келет дегенди уккандан кийин эки кыздан тең уйку качты. Бири-биринен ала салып, уктай албай жатканын сезип турушту. Дагы да болсо Бегимай чыдабай кетти. Башын акырын көтөрүп, Алинага тигилди.
– Алина, сен уктабай жатасыңбы?
– Ии, уктай албай жатам.
– Мен дагы...
Андан ары экөөнүн тең сөзү жок калгансып унчукпай калышты. Бегимай жакшы сөз айтып жубаткысы келди. Азирет келгенде экөөнүн ортосунда турбасын, курбусуна кыянаттык кылбасын айтайын деди. Антейин десе жүрөктөгү бир үмүт үзүлбөй, кандайдыр бир керемет менен ал жигит Аскат болуп калчудай сезим коё бербей жатты. Ай жаркырап чыгып турган экен. Мындай айдын канчасын тиктешпеди Аскат экөө. “Сен айсың, менин айымсың” дечү ал. “Сен күнсүң. Дайым жарык чачып, жылуулук, мээрим чачып турасың” дечү өзү. “Койчу, анда ай менен күн таптакыр кезигишпейт эмеспи. Ай кетип калган соң күн чыгат. Анда мен жылдыз болоюн” деп тамашалаган Аскаттын сөздөрүн эстеди. Эскерүү кайрадан жүрөгүн мыжыгып баратканын сезип, толукшуп турган айды да карагысы жок башын жуурканга катты.
Ошентип, эки курбу үчүн көптөн күткөн убакыт да келди. Бегимайдын жүрөгү элеп-желеп болуп, бир орунга тура албай жатты. Тамак ичейин десе тамак өтпөйт, сабагына алаксыйын десе эч нерсе кулагына кирбейт. Лекциядан суранып алып, акырын жылып чыгып Алинага телефон чала кетти. Ал дагы ошондой абалда эле.
– Алинка, кайдасың?
– Университетте. ..
– Мен азыр лекциядан суранып чыктым. Сага баратам. Экөөбүз Азиретти күтүп алабыз.
– Бема, мен коркуп жатам,- деди акырын шыбыраган Алина. Табиятынан эч нерседен тайманбаган кыз өзүн али көрө элек жигиттен коркуп, айбыгып турганы кызык эле.
– Сен эч качан, эч нерседен коркпойсуң. Азыр барып калам.
Жүрөктөрү дүкүлдөгөн эки курбу аэропортко келгенде учак конуп, андагы жүргүнчүлөр эки жагын каранып, айрымдар тааныштарын көрө жылмайып утурлай жөнөп жатышкан экен.
– Кана?
– Мага көрүнбөй жатат. Ушул рейс менен келет беле?- деп бири-биринен сурап жатышты, алды жагына тигилген экөө жан талаша.
Жүргүнчүлөрдүн артында бою узун, кең далылуу жигит айлананы кызыга тиктеп келе жаткан. Бул караанды биринчи көргөн Бегимай болду. Далай жолу Аскатты мелдештерге жөнөтүп, кайра ушинтип тосуп алчу. Ал дагы элдин аркасында, башын жерге салып басчу эле. Бегимай андан ары өзүн токтото албай калды. Аскаттын каза болгону да, ортодон эки жыл өткөнү да эстен чыгып кетти.
– Аскат!
Жүрөктүн түпкүрүнөн атылып чыкты бул ысым! Өзүн таң кала тигилген курбусун да унутуп, тиги караанды көздөй зуулдап жүгүрүп жөнөдү.
Азирет өзүн көздөй чуркап келе жаткан узун бойлуу бийкечти көргөндө алгач апкаарый түштү. “Бегимай! ” деди ичинен. Көз жашын төгө өзүнүн кучагына бой урган бийкечти ал дагы кучактай берди. Жаштуу каректер өзүнүн жүзүнөн алда нени издегендей тигилип, көкүрөгүнө башын жөлөй күбүрөп, өзүнө гана дайын болгон арманын төгүп жатты. Азирет эмне кыларын билбей чачынан сылап жубатуу менен алек.
– Бема, койчу эми, болду эми, ыйлабачы...
Бир топтон кийин гана эсин жыйган Бегимай күнөөлүү тигилип, жылмайып койду. Анын жылмайганы ыйлагандай аянычтуу эле.
– Кечирип кой мени. Кээде ушундай жиндимин. Таптакыр өзүмдү токтото албайм.
– Кабатыр болбо, мен сени түшүнөм...
Бегимай эми гана эсине келгендей көзүн бардап-бардап тигилип калды. Үнү башка! Аскаттын үнү коңур келип, мээримдүү эле. Ал эми Азирет тез-тез жана үндүү тамгаларга басым коюп сүйлөйт экен. Ошондо гана оор уйкудан ойгонгондой денеси чыйрала түштү.
– Тигине, Алина экөөбүз келгенбиз,- деди ал күнөөлүү адамдай башын жерге салып.
Алина жай басып келди да, экөөнү сынай тигилип туруп калды.
– Саламатсыңбы, Алина, мен сени дал ушундай элестеткен элем.
– Салам. Кандай жеттиң? Кыргызстанга куш келипсиң.
Алина Азиретти колтуктай, быдылдай бир нерселерди айтып жетелеп жөнөдү. Сөзгө алаксыган Азирет бир топто барып артына кылчайды. Бегимай бүк түшкөн боюнча жерди телмире тиктеп отурган экен. Жигиттин жүрөгү сайгылаша кетти. Өмүрүндө биринчи жолу.

#25 18 June 2015 - 18:22
ххх
Аскар Токтосунович чакырылган жерге таптакыр кечикчү эмес. Бирок бул жолу шашпады. Өлкөдөгү эң бараандуу адам аны күтүп жатканын эске албагандай, галстугун түздөп, буурул баскан чачын сылап көпкө турду. Анан адатынча уулунун сүрөтүнүн алдына барып, эриндерин күбүрөтө бир нерселерди айтып кеңешип жаткан сыяктуу болду да сыртка чыкты. Жан сакчысы аркасынан ээрчий бергенде колун жаңсай токтотуп койду.
– Бүгүн бошсуңар!
Жанына айдоочусун гана алган Аскар чыгып кетти. Дүр-дүйүм дасторкон жайылып, элитанын да каймактары өзүнчө шапар тээп жаткан эле. Аларга аралашкан Аскар бир топто гана өзүнө белгиленген ишараны түшүндү да, Баатырбек Асанбековичтин кабинетине бет алды. Купкуу жүзүнө апакай чачтары кошулуп, бул адамды арбактай кылып көрсөтчү. Ал сынай тигилди да, Аскарга отур дегендей ишарат кылды.
– Аскар, экөөбүз далай жерди чогуу бастык. Далай ишти чогуу бүтүрдүк. Бири-бирибизге ага-инидей эле мамиле кылып келдик. Бирок кийинки кездери бир жагдай мени кыжалат кылып келүүдө. Биздин чөйрөгө аркаңды салгансып жүрөсүң,- деди акырын.
Өзү мышыктай жылып баскан, акырын сүйлөгөн адам болгону менен, эчен кандуу окуялар анын чеңгелинен өтчү. Аскар ичинен “кара, дегеле периште болуп чыга келгенин” деп турду.
Сыртынан болсо:
– Жок, Баатырбек Асанбекович, аркамды салганга себеп деле жок. Өзүңүз билесиз, акыркы жылдар мен үчүн оор болду,- деди.
– Ооба, жалгыз уулуңдан айрылып, оор абалда жүрөт деп укканым бар. Бирок баарыбыздын барар жерибиз ошол эмеспи. Мындайда сабыр кылыш керек. Жакында бир чоң ишти максат кылып турабыз. Ошого кеңешке чакырайын деп жаткам. Өзүңдүн пикириңди билгим келди.
– Эми мени ал иштерге аралаштырбай эле коюңуздарчы. Жашым деле келип калды...
– Кой, антип айтпа. Мына мен 76дамын. Анан кырктын кырында турган жигитке антип айтыш уят. Али экөөбүздүн алдыбызда көп иштер бар.
– Мен бул жашоонун көйгөйүнөн алыс болоюн дедим. Мени тынч коюңуз.
Баатырбек Аскардын каршылыгын эле эмес, тээ тереңде кайнап турган жек көрүүсүн да сезип турду. “Бул жиндиге эмне болгон? “Уулунан кийин акылынан айнып калды” дешти эле. Чын окшойт го” деп астейдил таң калып да, таарынып да турду. Бирок ал колунан таптакыр чыгарып жибергенге макул эмес эле. Башын аста чайкап алды.
– Сен муну жакшы ойлондуңбу?
– Ойлондум.
– Болуптур, дагы кабарлашалы, - деген чал кете бер дегендей колун жаңсап койду. Аскар чыгып кетти. Шаңдуу үлпөткө да, досторунун азилине да жылмая албай, көңүлү азып турду. Ал жерден чыгып кетти. “Кемелбек! Азыр бирден бир каршылашым. Бул чалды алыстатпашым керек беле, балким. Эми Кемелбекти колго алышы мүмкүн. Кандай кылуу керек? Акырын баарын изилдейм. Ал үчүн азыр ымга келип, булар жактык болуп туруш керек окшойт” деп ойлонуп келе жатты.
Үйүнө кирип, аялынын бөлмөсүнө кирди да, чыракты жандырды.
– Аида!
Заңгыраган үйдө анын үнү жаңырып кеткенсиди.
– Аида, кайдасың?..- деди ал башка бөлмөгө чыгып кеткенби деген кыязда. Бөлмөнүн баарын карап чыгып, телефонуна чалды. “Абоненттин аппараты өчүрүлгөн” деген нерсени угуп, шалдайып отуруп калды. Бөлмөдөгү чаржайыттыктан улам ал бир жерге катуу шашылганы билинип турат. Өзүн кечеден кеч келет деп ойлогонун, кайдадыр кеткенин сезип турду.
Кыжыры, а балким, кызгануусу күч алып, өзүнө өзү батпай кетти. Заңгыраган үйүн тиктеп алып, көңүлү ого бетер бошоду.. “Кана айтчы, бул жашоодо эмне кылдың? Кимдин жолунан кайчы чыктың? Кимге жамандык, кимге жакшылык кылдың? Балким, ошол нерселердин эсеси ушул болуп жүрбөсүн” деп жатты ичиндеги бир үн. Думуктурган кууш бөлмөдөн чыга качкысы келип турду. Анан жин ургандай ордунан атып туруп, бөлмөдөгү кооз вазаны кош колдоп алып ыргытып жиберди. Өзүн курчап турган бардык нерсени чогултуп туруп өрттөп жибергиси келип кетти. Ошондо да акылы менен өзүн басып токтоду.
Уулунун бажырайган сүрөтү "ата, бошобо. Сен мындай эмес элең го. Кайда сенин сабырдуулугуң, акылмандыгың? " деп жаткандай туюлду.
– Макул, мен сенин өлүмүңө күнөөлүү адамдарды тапканга аракет кылам. Ошол иштин өтөсүнө чыгуу үчүн гана.

#26 18 June 2015 - 18:24
Азиретти өздөрүнүн квартирасына алып барды Бегимай. Адатта аны чет элден келген жарандарга батирге беришчү. Бир топ убакыттан бери бош турган. Азирет ачык адам экен. Кыздар менен кичинесинен бери бирге өскөндөй тез эле аралашып кетти. Келип жайгашып, чай-пай ичип отурушту.
– Сен кыргызча жакшы сүйлөйт экенсиң. Кичинеңден бери ошол жакта өскөнсүңбү? - деди Алина.
– Жок, апамдын айтуусунда, биз бир топ жылдар Түркияда жашаган экенбиз. Кийин Шах-Алам шаарына көчүп келиппиз. Апам – мыкты врач. Кесибинин аркасынан түшүп, жер кезип жүрө бермей адаты. А экөөбүз үйдө дайыма кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Балким, мени кичинесинен өз тилин билип чоңойсун деген далалаты болсо керек. Бегимай, сен эмне сүйлөбөйсүң? ..-деди Азирет үнсүз угуп отурган Бегимайга.
– Кечирип койгула, мен өзүмдү жаман сезип турам,- деген Бегимай сумкасын ала салып сыртка жөнөдү.
– Бема!
– Мына ачкыч, Алина, сен конокту жакшы жайгаштырып, биздин шаар менен тааныштыра бересиң, ээ? Мен чындап кетишим керек болуп калды,- деген Бегимай ачкычын столго коё салып сыртка жөнөдү. Чындап чыдай албайт эле мындан ары... Аскаттын кебин кийген адам маңдайына келип, бирок анын үнү менен эмес, анын кыялы, мүнөзү менен эмес, башка адам болуп келип алдында турганына... “Эмнеден үмүт кылдым? Эмне үчүн мынчалык окшоштук бар? Окшош, бирок ошол эле учурда таптакыр эки башка адам!” Колдору рулга карышып бара жатты. Азиреттин келишинен тынчтыкты издеген эле. Кайдан? Жараатын бирөө чукуп жаткансып кыйналып турду. Бегимай канчалык кыйналса да, ата-энесине билдирбеген жагы бар эле. Бирок эненин кыраакы көзү кызынын абалын рентген сыяктуу эле билип жатты. Бул жолу кызынын көңүлүнө карабай катуу айтты. Чындап жини келди окшойт.
– Аскатты мен өз уулумдай жакшы көрчүмүн. Бирок ар нерсенин чеги болот. Ал кезде катуу айта албагам. Анткени жараң өтө эле ачык болуп турган. Эми өзүнө келип калды деп жүрсөм... Дагы эмне башталды?! Өңүңдү карачы, чүнчүп, арыктап кеттиң. Болду, жок дегенде бизди ойло!
– Апа, өлгөн адам тирилип келиши мүмкүнбү?- деди алсыз үн менен.
– Эмне деп жатасың? Бегимай апасына болуп өткөн окуяны айтып берди. Эч нерсени жашырган жок. Азирет менен кокусунан таанышып калганын, анын Аскатка таң каларлык окшоштугун да айтты. Апасы таң калды. Кеңешип отуруп, Азиретти конокко чакырмай болушту.

#27 18 June 2015 - 18:25
ххх
Биздин каарман Азирет ким? Кайдан пайда болгон жан? Адамда эң бир жакшы сапат бар дешет. Ал – тагдырдын кандай соккусу болсо да туруштук берүү. Кандай абал болсо да ууртунан жылмаюу менен тосуп алуу. Азирет ушундай жигит эле. Дүйнөнү тамаша менен кабыл алып, тамаша менен жашаган шайыр, тынып-тынчыбаган энергиялуу жана акылы курч жигит болчу. Ошону менен бирге эле анда Аскаттагы мээримдүүлүк, токтоолук жок эле. Эгерде экөөнү сууга салыштырсак, Аскат мөлтүрөп тунуп турган, жан аттуунун баарына пайда алып келген, ичсең суусунуңду кандырган таза булак болсо, Азирет тентек, бейтынч, тыным албай шар аккан суу эле. Сырт келбети, жүзү укмуштай окшош болгон экөөнүн ушунчалык айырмасы бар болчу. Бегимайдын да биринчи көзүнө урунган нерсе ушул болду. Аскат жан дүйнөсү тынч, жайлуу мекен болсо, Азиреттин жанында туруу жалбырттаган өрткө кол тийгизүү менен барабар эле. Тигилгенде эле бейтынч, ойноктогон каректерге урунуп, өзүн кандай алып жүрүүсүн, эмне деп сүйлөөрүн билбей апкаарып жатты. Ал эми Азирет... Кучагына Бегимай келип урунуп “Аскат” деп шыбырап, өзүнөн паана издегенде эле жүрөгү солк эткен. А бирок түнт, ойлуу Бегимайдан көрө шайыр, күлкүлүү Алина менен жүрүү ага ыңгайлуу болчу. Ошентип, Бегимайдын чакыруусу менен алардын босогосун аттап турган кези.
– Саламатсызбы? - деп кирип келген Азиретти көргөндө Бегимайдын апасы чочуп кетти. “Оо, Жараткан” деп алды көздөрү алайып. Азиретке мындай реакция тааныш болгондой жылмаюусунан жазбай, кашын чимирип тура берди.
– Кир, үйгө кир, эмне босогодо туруп калдың?- деген Бегимайга шоктоно тигилип алды.
– Кийинки кездерде мени көрүп эстен танган адамдар мага жаңылык болбой калды,- деп койду тамаша-чыны аралаш. Тамак ичип отурушканда да, чай алынып келгенде да ыңгайсыз жымжырттык өкүм сүрө берди. Апасы чыгып кеткен соң Бегимай акырын сөз баштады.
– Кечирип кой. Сени ыңгайсыз абалда калтырып жатабыз. Бирок...
– Көнүп калдым. Бирок ошол окшошумдун сүрөтүн же өзүн көрсөм болот эле. Эми, албетте, өзү менен таанышканга жетишпей калыпмын. Бирок сүрөттөрүн көрсөм болобу?..
– Албетте. Экөө Бегимайдын бөлмөсүнө кирди. Дубалда чоңойтулган сүрөт. Рамкадагы сүрөттөр өтө көп эле. Азирет Бегимай экөө түшкөн сүрөттү алып, көпкө тигилди.
– Кызык, бул сүрөттү апам көрсө, мен деп ойлошу мүмкүн, ээ?
– Ким билет?..- деди Бегимай ойлуу.
– Аскаттын атасы бар деп айттың эле. Мен ал адам менен жолуксам болобу?
– Билбейм, Азирет, иштин жайын өзүм түшүнбөй туруп ал кишиге сени ээрчитип барыштан коркуп турам. Жүрөгү да ооруйт. Бекер үмүткөр кылгым келбейт. Билесиңби, үмүт кылган өтө жаман. Аскаттын өмүрдөн өтүп кетишине эки жыл өтсө да ишене албай жүрөбүз.
– Мен кызык адаммын. Мени бир нерсе кызыктырса, ээрчитсе, кете берем. Апам экөөбүздүн ушул жагыбыз окшош болсо керек. Кыргызстанга келгенимдин себеби да ошол кызыкдарлык оорум. Бул жолу мен туура эмес кылган окшойм. Бегимай башын көтөрө албай отура берди. Башын көтөрсө эле Азиреттин шоктонгон көз карашына кабылып каларын ойлоду. Өзүн ыңгайсыз сезип турду. Аңгыча Азиреттин телефону шыңгырап калды. Экөө тең ким экенин сезишти.
– Суранам, Алинага бул жакка келгениңди айтпа,- деди Бегимай. Түшүндүм дегендей башын ийкеген Азирет аны менен көңүлдүү сүйлөшүп кетти.
– Алина, мен шаар аралап жүрөм. Кайдасың дейсиңби, өзүм да билбейм, кайсы көчөдө экенимди. Жок, адашпайм. Адашсам дароо сага чалам. Мейли, көрүшкөнчө. ..- деп телефонду коюп, Бегимайды колдон алды.
– Кеттик.
– Кайда?
– Шаар кыдырып келебиз. Мага гид болосуң. Баса, менин бир шартым бар. Менин жанымда түнт, күлбөгөн адам болсо, жүдөп кетем. Андыктан... Колдон тарта сыртка сүйрөп жөнөгөн Азиреттен колун тартып алган Бегимай күнөөлүү үн катты.
– Азирет, мен бара албайм. Мен сага гид да боло албайм. Алина мындайга шыктуу. Анын үстүнө мен ойлонушум керек. А балким, чындап Аскар байке менен сени тааныштырыш керек болуп жүрбөсүн?.. Шаабайы сууй түшкөнүн билгизбей Азирет күлүңдөй берди.
– Макул, сулуу кыз. Бирок экинчи жолу колумдан чыгып кетем деп ойлобо... Эшик шарт жабылды. Шалдайган Бегимай аркасынан узата тигилип туруп калды. Чындап бул адамда эмне деген күч бар? Бөлмө Азирет менен шаңга бөлөнүп тургандай ал кетери менен томсоро түштү. Терезеге тигиле эркин кадам таштаган Азиреттин карааны узап кеткиче карап турду да, Аскаттын сүрөтүнө көзү түштү.
– Таарына түштүңбү, жаңылышасың, сенин ордуңду ээлей турган адам болбосо керек. Ал тургай сага тамчы суудай окшош Азирет да ээлей албайт. Кабатыр болбо. Мойнума алам, башкача адам. Бирок мен үчүн эмес.
ххх
Аскар үйүнө кирип келе жатып, Бегимайдын машинасын тааный койду. Дароо айдоочусуна кол жаңсай токтотуп, Бегимайга кадам шилтеди.
– Кызым, сен кайдан?
– Саламатсызбы?
– Жакшы, бу сен биз жакка көп кайрылчу болдуң. Тынч элеби? Бегимай аргасыз күлүп алды. Оюна Аскардын өзүн алыс бол деп жатканы, ар дайым бир нерседен коопсунуп турганы түштү. Атасындай жылуу мамиле жасаган бул адамды ого бетер сыйлап, жакшы көрүп алды.
– Мен сизди жөн эле көргүм келип... Балким, бир жерге барып тамактанабыз. Анын үстүнө бир топ иштер боюнча кеңешейин дедим эле.
– Мейли, азыр мен үйгө кирип чыгайын. Аскар үйүнө кирип, кайра чыкканча Бегимай тийиштүү жерге телефон чалып койгонго үлгүрдү.
– Бардыгы менин сүйлөшүүмө көз каранды. Эгерде иш оң жагына айланбаса, акырын билгизбей кете бересиңер...
– Эми кайда дейсиң? Бүгүн эрк сенде. Эки колун жая тамашалуу күлгөн Аскардын көздөрүн кимдир бирөөгө окшотуп жиберди. "Оо, Жараткан! Азиретти кимге окшоштуруп жатам десем, Аскар агайга окшош экен го". Ошол замат Аскардын сөздөрү эсине түштү. "Мага сырткы келбети гана окшош, ал эми Аскаттын кулк-мүнөзү энесине окшош" деген эле.

#28 18 June 2015 - 18:28
– Сага эмне болду?
Бегимай ошондо гана Аскардан көзүн албай тиктеп калганын байкап, уялып кетти.
– Сизди кимдир бирөөгө окшоштуруп алып...
Экөө тез эле машинага түшүп, жан сакчыларынын жетегинде зыпылдап баратышты. Болжолдогон кафеге да жетишти.
– Аскар агай, мен окуумду бүтүп калсам, чет мамлекетке иштеп келсемби деп жатам. Кандай дейсиз?
– Менин жеке оюмда, өзүң жалгыз кыз болсоң, анан алыска кетип калсаң, туура эмес болот го. Негизи эле аял кишинин карьеранын аркасынан түшкөнүн жактырбайм. Аялдын бактысы – күйөөсүндө, балдарында. Бирок бул менин жеке пикирим. Ал эми башка жагынан алып караганда, чет жерге барып, эл көрүп, жер көрүп, жаңы жашоо баштаганың өзүң үчүн жакшы.
Бегимай муңайым жылмайып, башын чайкай берди.
– Мен жаңы жашоону элестете албайм. Аскатсыз жашоону эч элестете албайм. Мага ал кайтып келчүдөй туюла берет.
– Балким, акылымдан адашып жаткандырмын же өлүмгө ишенгибиз келбеген пенделигибизби, айтор, мен дагы Аскаттын өлүмүнө ишенгим келбейт. Акылым жетип турса да жашоодон бир нерсе күтүп, баары бир күнү түп тамырынан бери бир нерсе өзгөрчүдөй бир сезим менен жашап жүрөм. Өзүмө өзүм таң калам мындай учурларда.
– Аскар агай, бүгүн мен сизди чакырткан себебим... анткени...
Сөздү кантип баштаарын билбей, мукактанып кетти Бегимай.
– Бегимай, кызым, бүгүн мен сени укканы келбедимби. Андыктан көңүлүңдө эмне болсо айт. Кеңешимди берем.
– Эсиңиздеби, мен сизге Аскатка окшош адамдын сүрөтүн көрсөтүп, ушундай бар экендигин айтсам, таптакыр ишенбей койгон элеңиз. Ал адам бар, чындыгында, азыр Кыргызстанда. Өз алдымча бул түйүндү чечкенге аракет кылып көрдүм, бирок колумдан келбейт экен. Менин жиндилигим же кандайдыр бир мистика эмес. Сизге башында айткым келген эмес. Жалгыз эч нерсе колумдан келчүдөй эмес.
– Кызык, ал жигит кайда экен анан?
– Бул жерде, Аскар агай...
Бегимай башын жерге сала күнөөлүү шылкыйып калды. Азыр кыялы корс адам туруп, басып кетсе эмне кылам деп бир корксо, Азиретти көрүп жүрөгү кармап калабы деп андан бетер коркуп жатты.
– Анда ал жигитти көрсөм болот экен да. Бул жерде болсо, балким, тааныштырасың? ..
Бегимай артына кылчайып, кимдир бирөөнү колу менен жаңсап койду. Кең далылуу жигит караңгы бурчтан басып келе жатканын көрүп, Аскардын жүрөгү болк дей түштү.
Азирет алардын жанына басып келди да Аскарга аста башын ийкеди.
– Саламатсызбы?
Аскар жигиттин жүзүн эми даана көрдү. Көздөрү алайып, өңү кубарып кетти. “Жараткан, дагы не деген табышмагың эле?” Дирилдеп, өзүнөн көзүн ала албай турган буурул чач адамды тиктеп алып, Азирет ыңгайсыз болуп кетти. Мындай реакцияны күткөн менен, тиги адамдын карегиндеги үмүттү, кайгыны, аталык сүйүүнү көрүп, өзүн күнөөлүү сезип кетти.
– Кечиресиз... - деп күңкүлдөп алды.
Неге кечирим сурады? Өзү да түшүнгөн жок.
– Уулум!
Аскар башка эч нерсе айта албады. Эткээл денеси солкулдап ыйлап жиберди. Баласы каза болгондон бери биринчи жолу ыйлашы. Жүрөгү өрттөнүп баратса да ыйлай албаган эле. Алдында отурган жигитти тиктеп, көз жашын токтото албады. Чачы, жүзү, көздөрү... деги койчу, тамчы суудай окшош эле алар.
– Аскар агай, бул жигиттин аты – Азирет,- деди бир топтон кийин Бегимай. Ал Аскардын абалын түшүнүп турду. Өзү биринчи көргөндө деле мындан жаман абалда калбады беле...
– Бегимай, мен жаман болуп турам. Жүрөк ушинтип калбадыбы кийинки кездери... Азыр...
Тумчуга сүйлөгөн Аскар көкүрөк тушун мыжыга берди. Ордунан учуп турган Бегимай Азиреттин жардамы менен Аскарды колтуктап сыртка жөнөдү. Ошол күнү Аскар оор абалда ооруканага жеткирилди.

#29 18 June 2015 - 18:30
– Менин келгеним бардыгыңарга оор болду окшойт. Келбей эле койсом болмок экен,- деди оор күрсүнгөн Азирет.
Экөө Аскарды ооруканага жеткирип, абалы жакшы дегенди угуп кайтып келе жатышкан. Жолдон көзүн албай келе жаткан Бегимай эч нерсе деп үн каткан жок. Иштин дагы кандай айланышына мээси жетпей жатты. Өз ойлору менен алек. Ушундай табышмактуу жагдайга туш болгон абалына жини келет. Азирет канча сүйлөп жатса да, ага бир бурулуп карап койбоду.
Тиги таң кала анын жүзүнө тигилип калды. Мындай кызды көргөн эмес. Качан болсо бир калыпта. Эмне деп ойлоп жатканы, жактырбай жатканы же жактырып жатканы билинбейт. Алина менен баары ыңгайлуу жана жөнөкөй. Бирок ошого карабай кийинки кездери Бегимай тууралуу көп ойлой турган болду. Сүйлөшкүсү, пикирин билгиси келет. Бирок Бегимай өзүн өтө эле оолак кармап...
– Уксаң, сенин Аскатың... жигитиң менен канча убакыт мамилелеш болдуңар эле?..
– Төрт жыл.
– Да, төрт жыл көп эле. Мен бир кыз менен да бир айдан ашык сүйлөшүп көргөн эмесмин.
Бегимай кыжалат боло тиктеп койду. Чындап бул жигит Аскатка келбети, жүзү гана окшош. Мында туруктуулук, бир адамга берилгендик деген нерсе жок. Аскаттын аркасынан не деген гана кыздар чуркашкан жок. Бирок ал Бегимайды гана жакшы көрчү. Сыйлачу. А бул бир айдан ашык бир кыз менен сүйлөшө албаганына мактанып жатканын кара. Бегимай тигини жактырбай карап койду. Ал жактырбаган көз карашын сезди да, жылмайып алды.
– Мен ушундаймын. ..
– Мен сенден суранайын дегем. Алина тууралуу...
– Алина – жакшы кыз.
– Ага мамилең олуттуу болушун каалайт элем. Менимче, ал сени жакшы көрөт.
– Туура байкапсың. Бирок жакшы көрөт эмес, сүйөт. Мен үчүн жанын бергенге даяр...
– Дагы?
– Мени менен дүйнө кезип жүргүсү келет.
Эми кандай кыласың дегендей Азирет жылмая күлүп тиктеп турду. Анын өзүн кыйын сезгенине, ачыктан-ачык өзүнө суктана тигилип турганына Бегимайдын ачуусу келип, туттугуп кетти. Мына сага, бул жигит достук деген эмне экенин билбеген неме го?.. Болбосо жакын курбусу жакшы көргөнүн билип туруп, өзүнөн көзүн албай келе жатканы кандай? Азирет ага суроо узаткандан тажаган жок. Жини келип жатканын байкаса да...
– А сенчи, өзүң жигитиң каза болгонунан бери эки жыл өтүптүр. “Эч кимим жок” дебе, баары бир ишенбейм...
– Ал сенин ишиң эмес.
Тиштенген кыз жини менен болушунча ылдамдыкты күчөтүп жиберди.
– Эй, акырын, сага эмне болду?
Каргыш алгыр, кайдан чыга калган неме эле бул?! Жүрөгүңө колун салып эле сууруп алат го. Ушунчалык жини келип, алып учуп жөнөгөн Бегимайды тиги үрөйү уча тиктеп калды.
– Болду эми, катуу айдаба...
– Ишиң болбосун!
Эми Азиреттин жини келип кетти. Дегеле эркелеп жүрүп көнгөн экен. Машинанын эшигин ачып жиберди.
– Азыр токтотпосоң, машинадан секирип кетем.
– Секире албайсың.
Өзүнө ишенимсиз айткан Бегимай айласыз ылдамдыкты азайтты.
– Сен жинди экенсиң. Анчалык эмне дедим?
– Аскат тууралуу эч качан сүйлөбө. Сендейлер аны сүйлөшүн каалабайм.
– Мен эмне экем?
– Сен үчүн ыйык эч нерсе жок. Сага баары бир, бир кыз сүйүп жатабы, он кыз сүйүп жатабы. Бүгүн бирөөнүн койнунда болсоң, эртең башканыкысың. Ал эч качан антмек эмес, ал адамдардан өзгөчө болчу.
– Идеалдуу адам жок. Ал жөн гана кыздардын кыялы.
– Ал идеалдуу болгон үчүн Кудай аны өзүнө алып кетти. А мага окшогон, сага окшогон адамдар дүйнөнү булгап кала беребиз. Ал...
Азирет эч нерсени уккан жок. Кыздын бирде кымтылып, бирде ачылып албырган эриндерине көзү түштү. Олуттуу жүз менен машинаны токтотуусун талап кылды. “Жеткирип коёюн” дегенине да көнгөн жок. Бегимай машинаны көчөнүн имерилишине токтотуп, аны тиктеп калды. Азирет кызды каруудан алып бооруна тарта берди.
– Эй, сага эмне?..
Жигитке кыздын күчү жетмек эмес. Жүзүнөн, эриндеринен өпкүлөп жаткан жигиттин жалындуу илебине бир эсе көнүп, денеси талыкшып баратты. Бирок ошол замат намыспы же өзүн-өзү коруу сезимиби, бир чоң күч өзүн токтотту. Дароо эсине келип, эптеп оң колун бошотуп, Азиретти жаакка чаап жиберди.
– Коё бер мени...
– Коё бербесемчи. ..
Айласы кеткен Бегимай эки бетин басып ыйлап жиберди. Мындайды күтпөгөн Азирет эмне дээрин билбей, кантип сооротушту билбей туруп алды.
– Кечир, сен кете бер, мен жөө эле барам.
Эшикти шарт жаап, Азирет чыгып кетти. Аркасынан узата карап калган кыздын көз карашын байкаган жок.

#30 18 June 2015 - 18:34
Аскардын жүрөгү бул ирет катуу кармады. Араң дегенде ажалдын оозунан алып калышты врачтар. Өзү өлүм дарбазасынын алдында турганын ойлоп деле койгон жок. Ойлогону эле Азирет! Кандайча? Эмнеликтен ал Аскатка окшош? Окшош эле эмес, тамчы суудай окшош. Палатасынын алдында ойлуу басып жүргөнүн көргөн врач аны колтуктан алды.
– Сизге азыр тынчтык керек. Жатып, эч нерсени ойлобой дем алыңыз, Аскар Токтосунович.
– Эй, иним, силердин куракта эч нерсени ойлобой эс алганга болот. Азыр ойлобоюн десең да ойлор токтобойт экен. Баса, мени тезирээк чыгар, иничегим.
– Жок, азыр таптакыр болбойт. Жок дегенде...
– Мен үйдөн бардык уколдорду алып турам. Кыйчалыш ишим бар. Үйгө барышым керек. Жок, күтө албайм мен...
Аскардын үнүнөн эле анын артка кайтпасын сезген врач башын чайкап алды. Бул ушундай киши. Көжөлүп туруп алса, ийге келбейт. Аскар үйүнө чыгып келери менен Бегимайга байланышты. Азиретке жолугушу керек экенин айтты.
– Аскар агай, азырынча, балким, жолукпай турасыздар. Менин башымдан өттү го. Азиретти карап туруп, соо турган менин жүрөгүм калчылдап чыгат. Сиздин жүрөгүңүзгө оордук келтиргим келбеди.
– Бегимай, кызым, менин абалымды сен, сенин абалыңды мен түшүнбөсөм, ким түшүнөт?! Айтчы, сен чыдай алар белең?.. Эч нерсе кылбай, эч нерсени көрбөгөндөй, билбегендей болуп койгонго?..
Аскардын үнү каргылданып кетти. Бегимай андан аркысын чыдап уга албайт эле. Азиретти ээрчитип барарын айтып, телефонду тез коё салды. Азирет менен тез байланышып, жолугушууну суранды. Жакасын жагжайта ачып, кең арыш менен өзүнө жакындап келе жаткан жигитти көргөндө кайда качарын билбей калды. Бул жигиттен чындыгында коркот. Өрттөн корккондой. ..
Тиги кадимкисиндей жылмайып күлүп келе жатты.
– Салам!
– Кандайсың, машинага түш!
– Кайда барабыз?
– Аскар агайга. Ал сени чакырып жатат.
Көпкө чейин үн катпай барышты да Азирет акырын сөз баштады.
– Бема, кечирип кой мени. Өткөнкү жоругум үчүн...
– Ал эми сага көнүмүш адат да...
Бегимайдын ызалуу үнүн байкаса да эч нерсе деген жок. Машина зуулдап Аскардын үйүнө келе жатты.
Аида күйөөсүнүн капысынан ооруп калганына кабатырланып отурду. Анткени ал эми дайым үйдө болот эмеспи. Кабагы түнөрүп, нары-бери басып жүргөн ал дарбазанын алдына келип токтогон машинаны көрдү. “Аскардын ден соолугун сурап келгендер болсо керек. Эми булар да тындырбайт” деп кыжырланып жатты. Эшиктен Аскардын жан сакчыларынын биринин жана жаш кыздын үнү чыгып жатканын байкады да, ордунан тура жөнөдү. Дал ушул мезгилде эшик шарт ачылып, босогодон Азирет кирип келе жаткан эле.
– Аскат! Жок, болушу мүмкүн эмес...
Аида кыйкырып жиберип, кимдир бирөөдөн калкалангандай эки колу менен башын кучактап отура калды. Азирет өзүнүн абалына жини келип, эчен-эчен чыгып кеткиси келип турду. Жок, чындыгында, арбак көргөнсүп баарынын үрөйү учкан көрүнүш канчага чейин созулат?!
Нары жактан көрүнгөн Аскардын салмактуу үнү чыкты.
– Кечирип койгула, мен аялыма айтпай калыпмын. Сырдашып отурганга кийинки кездери экөөбүздүн тең убактыбыз тар болуп жүрөт. Ушундай эмеспи, Аида?
Аида үн ката албады.
– Жүргүлө, бул жакка киргиле, балдар...- деп өз кабинетине алып кирген Аскар үй кызматчысына чай алдырды. Алдында отурган жигитке мээримдүү тигилип турду.
– Азирет... Чоң жигит, атың Азирет дечи...
– Ии...
– Биздин шаар көңүлүңө жактыбы? Эмне, иштер менен келдиң беле?
– Каникулдун эсебинен эле эс алып келейин деп... Анын үстүнө мен кичине кезимде кеткен экем Кыргызстандан. Кызык болду, эл-жеримди көрүш... Эми жакында кайрадан жол тартам.
– Ата-апаң барбы?
– Атам мен кичине кезимде эле кайтыш болуп кетиптир. Апам ал тууралуу эч нерсе айткан эмес. Апам “бизди Кыргызстанда кучак жайып күтүп турган эч ким жок” деп коёт. Ал жакка биротоло көнүп калган, мени да жибергиси жок. Бирок бул жолу апамдын уруксаты жок эле баса бердим.
– Атаңдын бир туугандары жок бекен? Алар менен жолугушсаң болбойбу? Кааласаң, мен таап берем...
– Жок, жөн эле коюңуз. Мен бул жакка туугандарымды деле издеп келбедим. Анткени атам жалгыз уул экен. Карыган ата-энеси да өлүп калса керек. Мен Бегимай менен Алинанын чакырыгы менен келгем. Сиздин уулуңуз менен өзүмдөгү окшоштуктун түйүнүн чечем деп ойлогом. Бирок бекер эле келипмин. Сиздердин баарыңыздардын жүрөгүңөрдү оорутуп...
Ал күнөөлүү боло Бегимайды тиктеп койду. Бегимай да ыңгайсыздана түштү. Тамагын кыра жөтөлүп алып кетүүгө уруксат сурады.
– Аскар агай, сыртка чыгып турайынчы. Азирет, мен сени сырттан күтөм,- деген ал жооп күтпөстөн сыртка бет алды. Сыртка чыгып бара жатып Аида дагы деле башын кучактап бир чекитке тигилген боюнча отурганын байкады.
– Эже, сиз түшүнбөй калдыңыз окшойт. Бул... Бул Аскатка окшош жигит... Кечириңиз, сизди жаман абалда таштадык. Бирок Аскар агай айтты го деп ойлогом.
– Ким бул? Неге келди?- деп чаңырып жиберди Аида.
– Мен да билбейм, эже, келбей койсо, балким, баарыбызга жакшы болот беле деп да ойлоп жүрөм,- деди шалдырай үн каткан Бегимай.
Чын эле, Азиреттин келиши менен өзүнө эле кыйноо тапты. Андан ары сөз уланбагандан улам сыртты көздөй бет алды. Ал эми бөлмөдө калган экөө бири-бирин тиктеп көпкө отурушту.
– Атаңдын аты ким, Азирет?
– Менин таң калганым, агай, сиздин уулуңуз менен фамилиям окшош экен. Атамдын аты – Аскар. Токтосунов Азирет Аскарович...
Аскар көкүрөк тушун мыкчый берди. Оо, Жараткан, бул дагы не деген табышмагың? .. Колдору менен араң таблеткасын таап оозуна салды да, өзүн токтото үрөйү учуп турган Азиретти жоошута сүйлөдү.
– Коркпо, уулум, азыр өтүп кетет. Иттики, ушундай болуп калбадыбы...
Араң туруп барып, нары жактан альбом көтөрүп келди да, Азиреттин колуна берди.
– Сен... муну байкап көрчү, балам. Балким, сага тааныш бирөө болуп жүрбөсүн?..
Азирет фотоальбомду калуна алып, барактай баштады. Бир сүрөттү көпкө кадала түшүп карады да, колуна алды.
– Апамдын сүрөтү бар экен сизде... Кызык...
– Апаңдын аты... Ал – Мариям эмеспи?
– Ооба, Токтосунова Мариям Дүйшеевна!
Аскар көзүн жума салды. “Мына, мына сага тагдыр. Мариям, биз да көрүшөт экенбиз да... Эчен жыл өткөн соң. Мына муну тагдыр дебей не дейбиз? Азирет, демек, менин уулум! Азирет менен Аскат... экөө тең менин уулум!”
Эркектер көп учурда ыйлабайт. Алар табиятынан ушундай эмеспи. Эгерде табияты башка болгондо Аскар азыр ай ааламга кыйкырык салып, боздоп-боздоп ыйласа керек эле. Текке кеткен жашоосуна, кан чыгарбай мууздаган тагдырына, эчен-эчен жолу кайрылбайм деп жаап койгон жолдоруна өкүнүп, башын койгулап ыйламак болсо керек. Азыр анте албады. Жүрөгүн гана мыкчып, эмне болуп кеткенин түшүнө албай отуруп калды. Ал эми алдында андан да дендароо болуп өңдөн кеткен Азирет...

#31 18 June 2015 - 18:41
xхх
Алина телефонун тыңшап отуруп тажап кетти. Азиретке чалып жаткан. Бир жолу алып “бошобой жатам” деген боюнча телефонун көтөрбөй койду. Биринчи Азирет келгендеги кубанычында чек жок болчу. Күнүгө жанында, чогуу... Чын эле экөөнүн көп жерлери окшош болчу. Табити, жашоо образы, ар дайым тынып-тынчыбаган ойноок кыялы да окшош эле. Экөө чогуу жүргөндө күндүн кантип өткөнүн билбей калышчу. Анан эмне болду? Бардыгы эле мурункудай сезилчү. Бирок... Азиреттин көңүлү башка жакта болуп эле калды. Сүйлөшүп жатса деле көзү менен издегени башка.
Себеби Бегимай деп ойлоюн десе, ал Азиреттен оттон качкансып качып жүрөт. Бир канча жолу Азиреттин сунушу менен киного чакырды эле, караманча барбай койду. Башка ким? Шаарда эч ким менен тааныш эмес. Ал эми өзүнө күндөн күнгө Азиретсиз жашоо токтоп калчудай сезилип жүрөт. Ушундай ойлорго кабылып, өзүнөн-өзү кыйналып келе жаткан. Алдынан чыккан курбусу ой-боюна койбой кафеден тамактанабыз деп ээрчитип алды.
Алинанын көңүлү эч нерсени сүйбөй турган эле. Кенедей жабышкан курбусуна:
– Самара, үйгө барыш керек болуп жатат. Кийин баралыкчы кафеге...
– Сен эмне башкача болуп кеттиң? Боюңду көтөрүп эле болбой калдың. Баса, тиги виртуалдык сүйүүң сенин курбуң менен эле ээрчишип басып жүрөт экен го.
– Азиретпи?
– Ии.
– Эмне? Бема мененби? Ким айтты?
– Биздин кыздардын баары эле айтып жатышат.
Алина туттугуп, эмне деп айтарын билбей калды. Үн катпай, коштошуп да койбой жулкунуп жөнөдү. Кызганыч дүрт жанган өрттөй. Көкүрөгүңө кирди дегиче мээңди, жүрөгүңдү ээлеп алып айлаңды кетирет. Жалбырттап, жалындап азыр Азиретти, Бегимайды, деги ааламдын баарын өрттөп жиберчүдөй болуп буулугуп баратты. Бирок ошол күнү Кудай жалгап, экөөнө тең жолуга алган жок.
Бегимай Аскаттын мүрзөсүнө келип, Азирет Аскардын үйүндө калган эле. Бул жерге Бегимай кусасы толуп, айтарга жан адам калбай калганда келет. Айланасында адамдар бар, керек болсо жанын бергенге даяр адамдар бар эле. Бегимай алардын бирине да кайрыла албайт. Анткени Аскат билген Бегимайды эч ким билчү эмес. Бир да адам анын жан дүйнөсүнө кире албаган.
“Аско, неге мен тынчый албайм? Неге мен бул жакка келбейм деп коюп эле келе берем? Айтчы, мындан ары мен кантип жашашым керек?”
Ар дайым ушул суроо көкүрөгүндө. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, жашоосу бир калыпта өтүп жатканы чын. Бирок Аскат менен байланышкан жипти эч үзө албай койду. Унута албай койду Бегимай.
Ал эми Азирет... Ал Аскардын үйүнөн чыгып, дубалды таянып отура калды. Ал тагдырдын мындай оюнун таптакыр күткөн эмес эле...
ххх
Окурман, чиеленишкен түйүндүн башы тээ алыскы жылдарда жаткан. Адам өзүнө оор нерселерди эстебегенге аракет кылып, өткөндүн дарбазасын жаап коёт эмеспи. Аскар да өмүрүнүн ошол күндөрүн эч эстегиси келчү эмес. Оор болду ошол түн Аскар үчүн. Азирет кеткен соң креслосуна шалак эте отуруп, альбомду колуна алды. Сүрөттө өзүнө тигилип турган жаш келин үчүн бир кезде өлүмгө да барганга даяр болчу.
“Мариям, Мариям де. Сен дагы деле менден акылдуулук, куулук кылган экенсиң” деди ичинен тына. Эми эстегенге аргасыз эле.
90-жылдар. Канына сиңип калган советтик система кулагандан кийин көп адамдар баш аламан жашоонун кай агымына бой урарын билбей алдастап калышты. Аскар бул учурда жаңы үйлөнгөн. Өмүр бою тоодо мал баккан ата-энеси уулунун келечек камын көрүшкөн эмес. Бардык эле советтик адамдардай алар заман дайыма эле ушундай болуп турат деген сокур ишеним менен жашап келишкен. Бардыгы жеке менчикке таралганда деле ошол тоо боорунда жашап, колунда бар малын кайтарып кала беришкен. Аскар Политехникалык институтту бүтүп жаткан учур болчу. Беш жыл жан үрөп окуган окуусунун үзүрүн көрө албай, ылайыктуу жумуш чыкпай жүргөнүнө көп болду. Келинчеги Мединституттун акыркы курстарында эле. Караңгы каптаган сайын Аскардын эки буту үйүнө карай шилтенбей, шалдайып келе жатты. Көз алдында батиринин акчасын доолаган кожойкеси, өзүн күтүп, азык-түлүк алып келсе тамак жасайм деп отурган келинчеги Мариям тартылды. Аргасыз эки колун чөнтөгүнө тыгып, үйүнө кириш тозок болуп турганда келинчеги чыга калды.
– Не турасың? Кечигип жатканыңдан сени издейин деп чыккам.
– Келем да. Мени Кудай алмак беле?
Өзүнө-өзү нааразы болгон Аскар не деп жооп айтышты билбей турду. Келинчеги анын абалын түшүнүп турду. Жакын келип, жаагын жаагына тийгизип жароокерлене кетти.
– Баары жакшы болот. Бүгүн таппасаң, эртең табасың жумушту... Мен бүтсөм, экөөлөп иштейбиз. Гуля эжеден бир аз карыз алып келип, тамак жасап койдум. Жүрү, тамак ичели.
Аскар жылмайып алды. Не дейсиң, мындай ысык, мындай жароокер, камкор жанга? Болгону, татыктуу жашоо берүүгө тийиш. Алаканына салып бөпөлөшү керек. Жакында наристелүү болушат. Орустун эски тамында ыңгайсыздыкта кантип баланы багышат? Үй-бүлөсү үчүн Аскар баарын кылганга даяр эле. Оң каруусунда терең дем алып уктап жаткан келинчегин тиктеп, ошол түндү уйкусуз өткөрдү.
Жүгүрүп жүрүп эптеп тапкан жумушунан да убактылуу кыскартылып калды. Эми эмне кылат? Жаш үй-бүлөнүн кыйналып жатканын байкап, кожойкеси бир аз күн батиринин акысын азайтканга көндү. Бирок андан ары эмне болот? Ошентип жүрүп Аскар жүк ташуучу болуп базарда иштегенге өттү. Жаш үй-бүлө үчүн каргашалуу бороон ушинтип башталарын эч ким билген эмес. Таң азандан турмай. Төшөгүнөн колуктусун ойготпоюн деп акырын туруп бараткан Аскарды Мариям токтотту.
– Аскар, бүгүн, балким, барбай эле коёсуң...
– Эмнеге?
– Жакында мен стипендия алам. Бир аз акчабыз бар. Аябай арыктап, жүдөп кеттиң. Бир күн болсо да эс алып алсаң. Анын үстүнө жаман түш көрүп жатыптырмын.
– Сен мени ойлогондон көрө окууңду ойло. А мен иштешим керек. Барбай койсом болбойт. Эми түш көрдүм деп жумушка барбай койгон кантип болсун?!
Аскар колуктусунун саамайынан жыттап алып чыгып кетти. Ушундай кыйылып турду жаш колукту. Чыгып баратканда да башкача бир көз караш менен тиктеп алды.
Жүк көп болгондуктан, Аскар ошол түнү калып иштемей болду.
– Кел, бир аз болсо да отуруп эс алалы,- деди жанында чогуу иштеп жаткан Кайып.
– Жок, сиз эс ала бериңиз.
– Ой, жоо алгырдын иши кайда качат эле?! Өлө турган болдук. Бир аз чылым чегип, эс алалы.
– Мен чекпейм.
Өзүң бил дегенсиген Кайып ага мурчуя нары басып кетти. Дугдуңдап көпкө иштеген Аскарды байкап туруп, тиги кайра басып келди.
– Эй, сен бир аз чырм этип ал. Дегеле өлөрүңө карабай иштейт экенсиң,- деди нааразылана.
Ошол боюнча Аскар аны көргөн жок. Чарчап, таң агарып калганда вагонго кирип, караңгыда керебетти таап жатып калган. Эртең менен милиция кызматкерлеринин тапыраган үндөрүнөн ойгонуп кетти. Аларды көрөрү менен келмеси оозунан түшүп, ордунан тура калган Аскарды кең далылуу милиционер төшкө түрттү.
– Токто, сен кайда?
– Мен...
Аскар эч нерсени түшүнгөн жок. Көрсө, ошол түнү Аскарлар жүгүн ташып жаткан уйгурду кимдир бирөө бычактап өлтүрүп кеткен экен. Жөн эле сайып эмес, ичеги-кардын эшип таштаптыр. Анысы аз келгенсип, жүк ташуучу Кайыпты кошо өлтүрүшүптүр. Ал эми канга боёлгон бычакты Аскардын жаздыгынын алдынан табышты. Баарынан кызыгы, бычактагы колдун бармак издери Аскарга тиешелүү болуп чыкты.

#32 18 June 2015 - 18:43
ххх
Мариямдын абалы оор эле. Биринчиден, шаарда каралашар адамы жок болсо (Балдар үйүндө тарбияланган кыз болчу), экинчи жагынан, төрөтү жакындап калган.
Ал эми Аскар капысынан тигинтип түрмөгө түшүп калды. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, бир заматта дүйнөсү чаң-будуң түштү да калды. Күндө милиция бөлүмүнө барат. Бир жолу күйөөсү менен жолукканга уруксат алды. Көрөрү менен кучагына жыгылды. Аял байкуш кандай алсыз? Дирилдеп, күйөөсүнүн көкүрөгүнө башын катып алып бир топ ыйлады. Бир топто эсине келди.
– Кандай анан?
– Алынча эле. Мени кой, өзүң эми кантесиң? Апамдарга барасыңбы?
– Аскар, окуумду эми бүткөн жатсам... Анын үстүнө алар угуша элек. Бир жаңсыл болгончо айтпай эле турайын дегем. Апам байкуш күйүп кетет го.
– Мариям, бала менен эмне болосуң сен?
– Мен эч нерсе болбойм. Курбуларым, эжейлер жардам беришет. Азыр сенин абалыңды ойлоп жатып жинди болуп кетмей болдум. Деги бир аз үмүт барбы акталып чыгышыңа?..
Аскар башын чайкап алды.
– Менимче, жок. Көп жыл бериши да мүмкүн.
– Мариш...
– Оув.
– Сен мага ишенесиңби? Мен бул ишти кылбаганыма, ак жерден күнөөлүү болуп жатканыма ишенесиңби? Сенин ишенимиң мен үчүн баалуу.
– Аскар, мен сени жакшы билем, өзүңдөн да жакшы билем. Мындай иш сенин колуңдан келмек эмес. Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем.
Алар бири-бирине чындап ишенишер эле. Аскар Мариямга зоодой жөлөк болсо, Мариям күйөөсү үчүн жайлуу мекен эле. Бул алардын акыркы жолугушуусу болду. Ошондон кийин Аскар канчалык аракет кылса да, аялы тууралуу кабар уга албады. Ал эми Мариям күйөөсүнүн акыркы сотуна да келген жок. Кумга сиңген суудай жоголду. Аскар үчүн бул жандырмагы жок табышмак болду, дал ушул күнгө чейин. Анын тагдыры не болду? Кандай жагдай Аскардан баш тартканга аргасыз кылды?
Аскар бейкүнөө жерден көп жылга кесилип кетти. Баары бир адилеттик болоруна ишенип жүргөн жаны 10 жылга кесилгенин укканда дендароо болуп туруп калды. “Өлдүм!” деген муздак ой дене боюн муздатып таштады. Ойлогону Мариям жана анын боюнда калган баласы. Бир оюнда жаш баласы менен ата-энесинин үстүнө эле барса дейт. Бирок ушунча жылдан бери бар-жокко, ач-токко түтүп окуп келе жаткан окуусун таштап басып кеткенин да туура көрбөйт.
Ал эми айы-күнү жетип турган Мариямдын абалы андан да оор болчу. Өзү дагы оор көтөрдү. Елена Петровна аттуу жалгыз бой аялдын үйүндө жашап жүргөн. Күйөөсү тигинтип ак жеринен күнөөлөнүп кеткен соң ал Мариямга боору ооруп, өзүнүн жанына алып алган эле. Анын үстүнө үлгүлүү окуган, адептүү кызды ичинен аяп турчу. Кезегинде өзү дагы Балдар үйүндө тарбияланып, эми өз күчү менен профессордукка жеткенин Мариямга көп айтар эле.
Аскардын акыркы соту болор күндөрү Мариям катуу ооруп калды. Бир чети санаадан да алдырып койду көрүнөт.
– Кызым, кайгыдан адам бир нерсе болсо, анда мен эбак өлмөкмүн. Адам өзүнө келген кыйынчылыкты жеңе билиш керек. Туура, абалың оор. Бирок жатып алуу менен эч нерсени жеңбейсиң,- деди бир күнү кабагы түшүп, соолуп жаткан Мариямга Елена Петровна.
– Достору Аскардын сотуна катышып келишиптир. 10 жыл берди дешти,- деди араң үн каткан Мариям. – Мен мындан ары кантип жашашымды да билбейм. Балам менен эми кандай күн болот? Мен го мен, өзү не болот? Кандай адам болуп чыгат?
Көмөкөйүндө буулуп, азыр баа деп ыйлап жиберчү абалда. Бирок көктүгүнө салып карманып жатты. Балким, Балдар үйүндө чоңойгондун таасири үчүнбү, Мариям көк, өтө намыскөй жан болчу. Тиштенип чыдап окуусун улантып, дагы бир ооруканада санитардык кызмат өтөп, айтор, жашоо менен айыгыша күрөшүп жатты. Ошол иштеп жүргөн кезинде толгоосу кармап калды.
Пол жууп жатып бели зыр дей түшкөн Мариям ичин кармалай чөгөлөп отура калды. “Башталды! ” деди үрөйү уча. Араң ордунан туруп баратып көзү ымыр-чымыр боло түштү. Ошол замат “Тез жардам” чакырылып, Мариямды төрөт үйүнө жеткиришти. Биринчи төрөт болгон үчүнбү же эгиз төрөп жаткандыктанбы, жаны көзүнө көрүнүп, кыйналып жатты. Адам канчалык кыйналса, ошончолук анын кайрымжысы да болот деген чын окшобойбу, таңга жуук бул ааламга эки перзент жарыша келип апасын бакытка бөлөдү.
– Мына сага, эки уул!
– Жигиттер төрөлдү!
Акушерка, врачтар кубана сүйлөнүп калышты. Мариям эки каруусуна экөөнү алып, болкулдап ыйлап жиберди.
– Эй, сага эмне болду?
– Сүйүнүш керек мындай ишке...- деп жатышты аны курчагандар.
Төрөт үйүнө аны тосуп келген Елена Петровна гана болду. Каатчылык элдин башына түшүп турганы менен, байкуш аял шаанисин кылам дегенби, бир аз стол жасап койгон экен, аны карап Мариям күлүмсүрөп алды. Мындан ары кандай болот? Эки бала менен аты-жыты тааныбаган орус аялдын үстүндө жашай бере албашы да чын. Колун байлаган экөө менен же бир иштей албаса. Алды туңгуюк, арты жар. Кандай кылуу керек? Ушундай кыжалат, кыйын күндөр түштү Мариямдын башына. Бир күнү Елена Петровна аны шашылыш ишке чакыртып калды.
– Кызым, тез келип кал. Сен керек болуп жатасың.
– Балдарды кайда таштайм?
– Коңшунун кызына табыштап келе кал. Ассистентим ооруп калыптыр. 15 минутадан кийин оор операция жасалганы турат. Сенин тажрыйбаң деле жетиштүү.
Мындай учурда көпкө ойлонуп туруу болбосун сезип, Мариям балдарын коңшуга табыштай салып ооруканага жөнөдү. Чындап эле оор операцияга даярданып жатышкан экен. Чет өлкөдөн илимий семинарга келген академик капысынан ооруп калгандыктан, тез операция жасоого мажбур болуп жатышыптыр.
– Келдиңби? Даярдан,- деген Елена Петровнанын буйругун угуп, шашып кирип кетти.
Дарыгерлик кесиптин өзгөчөлүгү ушунда. Ал өмүр менен өлүмдүн дарбазасында турганда баарын унутуп, ошол адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн гана жашап жаткандай туюлат. Жүзүнөн тер төгүлгөн Мариям операция бүтүп, шалдырай отурганда гана балдары эсине түштү. Өзүнөн өтүп чарчаган устаты ага боору ооруй карады.
– Рахмат, Мариям, бүгүн ишке жарадык экөөбүз тең.
– Эч нерсе эмес, Елена Петровна, мен балдарга барайын...
Мариям үйүнө келсе, эки уулу тең бака-шака түшүп ыйлап жатышкан экен. Экөөнү уктатып, кирлерин жууп, адатынча түн бир оокумга чейин иш кылып жүргөн Мариям Елена Петровна келип, жанына отурганда байкады.
– Кел, чай ичели,- деди ал шашпай.
Узак сүйлөшүүнү каалаганда гана ушинтип калмайы бар. Кирлерин таштап, чай койгону жөнөгөн Мариям уулунун бири ойгонуп калгандыктан, ага чуркады. Аны уктатып коюп, ашканага кирди.
– Кел, кызым, экөөбүз сүйлөшөлүчү.
“Мына азыр айтат. “Канчага чейин үйүмдө жашай бересиң?” деп айтат” деп жүрөгү опколжуган Мариям орундукка коомай көчүк басты.
– Кандай пландарың бар?- деди тиги түз эле.
– Кечирип коюңуз, биз сизди жүдөтүп жибердик. Кылган мамилеңизге, жакшылыгыңызга, баарына рахмат. Мен эки өмүрдө сиздин жакшылыгыңыздан кутула албасмын. Бирок кам санабаңыз, жакында кетебиз.
– Кайда кетесиң?- деди тиги өкүм үн катып.
Мариям жооп ордуна эки ийинин куушурду. Чындап, кайда барат? Эки кичине баласы менен кайсы эшикти каккылайт? Заман болсо бул...
– Азыр кичине балдарың менен кимдикине батасың, кимге барасың?
– Аскардын ата-энесиникине барам. Балдар чоңойгончо. .. Калганын кийин көрө жатарбыз.
– А окууңчу, ишиңчи? Ушунча жыл окуп, анан бүтөйүн деп жатканда таштап коёсуңбу?
Көпкө кеңешип отурушту, бирок бир жыйынтык чыгара алышпады. Бир жумадан кийин жумуштан сүйүнүп келген Елена Петровна сумкасын таштай салып Мариямга сүйүнчүлөдү.
– Мариям, баягы биз операция жасаган академик айыгып калды. Бүгүн өзүнө чакырып алып, ыраазычылыгын билдирди. Анан сен тууралуу да сөз болуп кетип, сенин жагдайыңды айтып, түшүндүрдүм. “Таланттуу врач болуп чыгат, азыр эгерде баарын таштап айылга кетип калса, медицина эң мыкты дарыгеринен айрылат” дедим. Ал биздин жагдайды ойлонуп, сени илимий тажрыйба топтоо үчүн өз командасына кошуп алмай болду. Ошондо окууң да улантыла берет. Кандай, сонун жаңылык бекен?
– Ким билет, башкалар үчүн мындай ийгилик түшүнө да кирбесе керек эле. Бирок мен баш тартканга аргасызмын, - деди Мариям.
– Кандайча? Акылсызым, мындай ийгилик миңдин бирине келет. Эртең дүйнө эмне болуп кетерин билбей жатканда мындай нерсени коё бериш мүмкүн эмес.
– А балдарчы?
– Убактылуу Балдар үйүнө өткөрүп турсаң болот.
– Эмне-е?!
Келин көздөрү чанагынан чыга кыйкырып алды.
– Эч качан Балдар үйүнө өткөрбөйм. Боортоктоп темселеп калган күндө да мен балдарымды таштабайм. Билесиз го, мен өзүм ал жакта чоңойгом. Мен эч качан балдарымды ал жакка бербейм.
– Коё турчу, анда кандай кылсак?..- деди ойлонгон устаты. – Сен келечегиңди ойлобой жатасың. Азыр балдарың менен калып калдың дейли, анан кандай болот? Баса, сен балдарды чоң аталарына таштап турсаң кандай болот, ыя?
– Жок, мен өлүп калам буларсыз... Кантип түшүнбөйсүз? Мени жарыкка үндөгөн, жашоого аракет кылдырган ушул экөө. Буларсыз, балким, жанымдан деле кечип коёт белем. Ушулар менин тушоом, жарыксыз күндөрүмдү алдыга жетелеген үмүт да болуп жатпайбы?!
Мариям канчалык жан далбастаган сайын Елена Петровна аны академиктин командасына кошулуп кетишине шыкактай берди. Анын айтканы да бир четинен туура. Анткени эки баланы бирдей боорун жерден көтөртүп кетүү кыйын болчу. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк чын эле миңдин бирине келчү нерсе эле. Акыры ойлонуп отуруп, баланын бирин Аскардын ата-энесине таштап келмей болду. Ал эми экинчисин карышкырча оозуна тиштеп болсо дагы багып кетет. Ага көзү жетет эле.
Мариям эки баланы тиктеп отурду. Чоңойгон сайын биринен бирин айрып алгыс. Бирок азыртадан эле мүнөздөрү байкалып..

#33 18 June 2015 - 18:45
Мариям колдорун эрбеңдете бири-бирине үн салып жаткан балдарын ичи элжиреп тиктеп отурду. Ал үчүн бардыгынан оору – экөөнү ажыратуу эле. Азыртадан эле экөө бири-бирине жакын, бирин алып башка жакка жаткырып койсо, экинчиси сөзсүз чукуранып ойгонуп кетет. Экөө эки жакта чоңоюп каларын ойлогондо көздөрүнөн жаш агып кетти. Жаагынан ылдый кулаган жашты сүртүп, башын чечкиндүү көтөрдү. “Болду, мындан ары ыйлабайм. Ыйлап отурушка убактым да жок. Тагдыр сыноону көтөрө ала турган адамга гана буюрат экен. Демек, мен баарын жеңип чыгышым керек” деп ойлоп жатты. Аскаты жоош, момойгон бала, ал эми Азирет шок, көбүрөөк Аскарга окшош. Чапчаң кыймылдап колдорун сереңдеткендери,
чытылган кабагы, көжөлгөн көктүгү окшош.
Мариям Аскатын колуна алды.
– Уулум, мен сага ишенем. Сенде менин мүнөзүм көбүрөөк. Ал эми бөбөгүң (Азирет жарым саат кийин төрөлгөн) андай эмес. Ал шок баланын жанында дайыма жүрбөсөм болбойт го. А сен чоң ата-чоң энең менен... Кандай дейсиң, менин акылдуум?
Ал эми Аскат бир калыпта бармагын соруп, апасына жалжылдай карап жатты. Мариям үчүн бул кадам, албетте, оор болду. Дем алыш күндөрү бир уулун таштап, экинчисин колуна алып Ысык-Көлдүн алыскы айылын көздөй жөнөп калды. Чындыгында, кайын журтуна бир гана жолу келин болгондо келген. Аскар тигиндей ишке кириптер болуп, өзү ай күнүнө жетип турганда бир жолу издеп келип кетишкен. Алардын колунан не келмек, боздоп-какшап түйүнчөгүн артынып алып келишкен байкуштар кайра кетишкен эле. Кайнатасы Аскарга окшош бойлуу, кең далылуу адам. Келинин аяп тиктеп алып:
– Бекем бол, мүңкүрөбө. Кемпир экөөбүз турабыз го. Сени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып алабыз. Окуйм деп жатасың. Эми аныңа деле жолтоо болбойлу. Бирок төрөгөн соң баланы бизге таштап кет, жалгыздын жалгызын эрмек кылып жашап туралы,- деп кеткен эле.
ххх
Келин күн кечтеп баратканда болжогон айылга жетти. Эки жагын элеңдей карап алды. Аскардын ата-энеси айылдан алыс, тоо этегиндеги кашарда жашачу. Ал жакка барууга да бир топ жол бар. Уулун бооруна кыса четки тамдын дарбазасын какты.
– Ким бул?
– Байке, саламатсызбы, мен силердин айылдык Токтосун деген адамдын үйүнө келе жаткам. Ал жакка жетпей...
Аңгыча эшик шарт ачылып, орто жаштагы адам чыга келип аны сынай тигилип калды.
– Саламатсызбы?
– Жакшы, айланайын. Токтосун абанын келини болосуң го дейм баамымда.
– Ооба, бүгүн шаардан чыгып келгиче ушул болуп кетти. Мүмкүн болсо, конуп алып эртең жетсемби деп сиздердикине кайрылгам.
– Кел, келе гой, айланайын. Эртең өзүм деле жеткирип коём. Мен дагы малды түшүргөнгө тоого барайын деп жаткам. Колуңдагы бала да үшүп кеткендир...
Мариямды өз кызындай тосуп алган үй-бүлө чындыгында меймандос адамдар экен. Аялы да кабагы жаркыган жакшы аял тура.
Баланы колдоруна алып, биринен өтүп бири эркелетип болбой калышты.
– Мына сага, бул жигит чоң атасынын өзү го, ыя? Тим эле Токтосун абамдын көчүрмөсү. Кемпири экөө жыргап калат экен да. Көпкө эле келдиңерби чоң атасыныкына?
Келин муңайым жылмайып койгону менен жооп узатпады.
– Аскардын башына түшкөн окуяны уктум. Акмактар, адамдын убалынан коркпогон немелер да. Болбосо биздин эң ишенген жигиттерибиздин бири Аскар болчу. Орто мектепти эң мыкты аяктаган...
Үй ээси көпкө күпүлдөдү. Мариям ошол түнү таң атканча уктаган жок. Уулун бооруна кысып, аны менен чоң адамдай сүйлөшүп, бирде кеңешип, бирде ыйлап, сооронуп жатты. Мемирей эмчек ээмп жаткан Аскат болпоюп энесинин кайсы түйшүктү тартып, кыйналып жатканын сезбеди.
Эртең менен эрте туруп, кайнатасыныкына тиги киши менен жөнөп калды. Эки бөлмөлүү үйдүн мору алыстан эле көрүнүп жатты. Сыртта от жагылып, кир жуулуп жаткан сыяктуу. Кайненеси бир нерселерди илип, кайнатасы ат байлаган мамыны жаңыртып жаткан экен.
– Токтосун аба, кандайсыз? Сизге конок алып келдим.
– Болсун, келгиле,- деп бүшүркөгөн Токтосун ат арабаны көздөй басып, бооруна баласын кыскан келинин көрүп шашып кетти.
– Аа, балам, сен белең? Кел, келе гой. Кемпир, балдар келиптир,- деп келиндин колунан баланы ала салды.
– Кагылып кетейин каралдым, келдиңби? Кыйналды го, жаш бала менен деп эле жаттым. Жок дегенде кабар алып келейин десем бул жөнөтпөйт,- деп ыйлап келип келинин басып жыгылды кайненеси.
Араң жарык берген чырактын алдында ошол күнү кечинде үчөө кеңешип отурушту.
– Апа, ата, мен эртең кайра шаарга кетишим керек. Окуумду улантпасам болбойт. Мени, балким, жаман көрүшүңөр мүмкүн, бир айлык наристени таштап басып кетти деп. Бирок...
Бирин-бири тиктеген абышка менен кемпир үн ката алышкан жок. Не дешмек? “Жок, сен 10 жыл бою түрмөдө жаткан адамды күт” деп кантип айта алышат? 10 жыл! Азыр сан менен гана айтылган мезгилдин ичинде дээрлик өмүр жатпайбы. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш келинди кантип кармай алышат? Ошону таразалап отуруп, Токтосун ага сөз баштады.
– Балам, сенде не күнөө? Эң туура чечим кылдың. Сени Аскарды күт деп айта албайбыз. Жок дегенде жалгызымдын жалгызын колубузга таштап жатканың – акылдуулук. Эртең бактың ачылып турмушка чыксаң, бул баланы өгөйлөйт. А кемпир экөөбүздүн колубузда балага жакшы болот.
Ошентип, кичинекей Аскат чал-кемпирдин колунда калды. Ыйлап туруп батасын берип жөнөтүштү алар. Мариям болсо уулунун акыркы жолу бетинен өөп, көз жашын көрсөтпөскө бурула берди. Ат арабада өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап бараткан Мариямдын ичинде дагы бир сыр кеткенин эч ким билбеди. Мариям эгиздин түгөйү Азирет тууралуу аларга айткан жок.
Шаарга келип, тез эле еврей чалдын командасына кошулду. Илимий тажрыйба топтоочу топ менен алгач Алматы шаарына жөнөшкөн алар кийин көп өлкөлөргө барышты. Мариямдын жашоосу ошол боюнча дөңгөлөк үстүндө калды. Азирет менен алгач кыйналса, кийин топтогулар ага көнүп калышты.
Мариям экинчи уулу тууралуу унутуп калды деп ойлоп жатасызбы? Жок, ал унуткан жок. Бирок бир жылдан кийин эле түрмөдөн чыгып келген Аскар аны эч качан кечирбесин түшүнгөн соң артына кайрылып бара албады. Ал Аскарды жакшы биле турган. Бир айлык баланы таштап баса берген өзүн эч качан, эч убакта түшүнбөйт эле.
Аскардын түрмөдөн чыгып, бизнес чөйрөсүнө аралашып, ийгиликтүү ишкер болгонун көп жылдан кийин укту. Анда ал өзү менен чогуу иштеген казак жигитке турмушка чыккан эле. Аскардын алдына барып, сырды ачканга эч эле кайраты жетпей койду. Адамдарда жаман сапат бар эмеспи. Өзүбүздү аяп же бир калыптагы жашообузду нугунан бузгубуз келбей кийинкиге деп шылтап коюп, мезгилден уттуруп алабыз. Мариям да ошондой болду.
Баарынан жаманы – кийинки күйөөсүнөн балалуу болбоду. Көп жылдар чогуу жашап, көңүл калтырышпаганы менен, экөөнүн ортосунда бир дубал пайда болду.
– Мен сени кармай албайм, Даул,- деди бир күнү тамак ичип отуруп. – Эркек артында туяк калтырышы керек. Ансыз деле мага көп жардам кылдың. Азиретти өз балаңдай көрөсүң. Бирок билип турам, жүрөгүңдө өз балаңды эркелетип, өз ысымыңды сен да жер жүзүнө калтыргың келет. Ансыз да үйлөнбөй туруп, бир балалуу аял алып алганыңды ата-энең туура көрбөй жүрөт. Мындай абалга кийинки кездери сен эмес, мен чыдабай бара жатам. Ошондуктан сени бошоткум келет...
– Мариям, мен сага бир нерсе дедимби? Бизде баары жакшы го. Дагы күтөлү.
– Ошол эч нерсе дебегениң мага оор болуп кетти. Күнөөсүз күнөөлүү болуп, өзүмдү өзүм жек көрүп баратам. Бактылуу болушуңду каалайм,- деп ордунан туруп кеткен.
Күйөөсү анда деле кетип калбады. Үмүткө жетеленип жүргөнүн көрүп, Мариям эч чыдай албай койду. Малайзияда жакшы жумуш чыгып, баласын колунан жетелеп алып ошол жакка кетип калганга аргасыз болгон.
Ал эми 10 жылга кесилген Аскардын тагдырын, ал кандай күндөрдү башынан өткөрдү, кантип ушул даражага жетти билбейт эле. Ал да өзүнчө таржымал болчу.

#34 18 June 2015 - 18:49
Абал адамды өзгөртөт. Аскар эркиндикте жүргөндө дүйнөдө адилеттик жашаарына ишенчү. Соттун акыркы мүнөттөрүнө чейин ишенди. Ишеними сынган соң ошол күндөн тартып башкача адам болуп өзгөрүлдү. Түрмө аны таш боор, сак, кашкөй адамга айландырды.
Бирок ошондо да адилет сүйлөп, ак иш кылгандан кайткан жок. Анын түз сөзүнө, тыкан жүрүш-турушуна,
айрым жерлерден айткан акылына таң бергендер айланасына чогула баштады.
Тез эле ал тууралуу кептер түрмөдөгү авторитеттин кулагына жетти. Сыртынан байкап жүрүп, кийин өзүнө тарта баштады. Ага баарынан Аскардын түрмөдө жүрсө да чөкпөй, элге окшоп чефир ичип, нашаа тартпай жүргөнү жакчу. Ар дайым денесин машыктырып, эртең мененки көнүгүүлөрдү үзбөй жасап, колуна тийген китепти, гезитти жантыгынан жата калып окуп жүргөнүн байкачу. Бир күнү бул тууралуу сүйлөшүп калышты.
– Сен биз мененсиң. Бирок кылмышкерлер дүйнөсүнө таптакыр коошпой турасың. Же жалган айтамбы?- деди.
Аскар күлүп койду.
– Мен кылмыш кылган эмесмин,- деди жөн гана.
– Эркиндикке чыккың келеби?- тигинин үнү дагы деле эч нерсе болбогондой жай.
Аскардын жүрөгү дикилдей согуп, апкаарып кетти. Оюнда “эх, андай болсо кана?! Үй-бүлөмдүн маңдайына тирүү барсам... Ата-энемди тирүү көрсөм, Мариямдын алдынан өтүп бир кечирим сурасам... Баламдын жүзүнөн өпсөм... Ушул нерселерди кыла алсам, дүйнөдө мендей бактылуу жан болбос эле” деп жатты.
Кашка баш Самат анын жүзүн тиктеп туруп, кандай ойлор сапырылып кеткенин байкады.
– Сени эркиндикке чыгарып, келечегиңе кам көрүш, ишенимдүү адамдарга тапшырыш колумдан келет. Дагы айтам, сен кылмышкер дүйнөсүнө жат адамсың. Сени канчалык аракет кылсак да өзгөртө албайбыз. Сен бизге сырттан көбүрөөк пайда алып келишиң мүмкүн.
– Сиз чындап менин эркиндикке чыгышыма көмөк көрсөтө аласызбы?- деди Аскар. Үмүт оту жанып, не ишенерин, не ишенбесин билбей алдастап кетти.
– Мен кааласам баарын кыла алам. Бирок бир шарт менен... Сага жол көрсөтсөк, көп нерсеге жетишесиң. Бирок ошол учурда сени кимдин колу ал жакка алып барып отургузганын, ким сенин эркиндигиңе өбөлгө болгонун унутпашың керек. Бизге сыртта таасирдүү адам болушу керек. Мен азыр кийинки 5 жылдыктын камын көрүп жатам. Сенин мага ишенимдүү адам, экинчи кол боло турган учуруң керек. Кийин колду үзө турган болсоң, билесиң, биздин кол кандай узун экенин...- деп коркутуп бүтүрдү сөзүн.
– Эгерде мени бул тозоктун отунан куткарсаңыз, өмүр бою сиздин жардамыңызды унутпайм. Бул менин жигиттик сөзүм!- деди Аскар.
Ушул убаданы берип жатып, ал өмүр бою өзүн туткундап жатканын эч түшүнгөн эмес. Аты эркиндик болгону менен, өзүн андан жаман, андан да татаал, андан да тикенектүү капаска салып жатышканын түшүнгөн эмес эле. Бир билгени, бир сезгени үй-бүлөсүнүн маңдайында болуу бактысы эле. Аскар үчүн башынан эле эң ыйык, эң бийик нерсе – үй-бүлөсү болчу. Ошентип, бир жарым жылдан кийин Аскар түрмөдөн бошоп чыкты.
ххх
Караңгыда караңдап келаткан караанды көргөн Токтосун аба таң кала токтоп калды. Тоого мындай беймаал учурда эч ким келчү эмес. Андан да жөө келе жатканы кызык. Бул маалда тоодо карышкыр деген нерсе да болот. Көздөрүн ирмеп, узакка карап турду. Караан жакындаган сайын көзүнө тааныш учурай берди. Утурлап келе жаткан караан алыстан эле кыйкырып жиберди.
– Ата-а!
– Не дейт бу?
Жүрөгү болк эткен карыя эми гана караандын Аскар экенин баамдады.
– Оо, Кудай, тилегимди бердиңби? Жалгызымдын үнү бейм? Аскарым го...
Калдастаган ал жаш балача чуркап жөнөдү. Ата менен уул демигишип, бири-бирине чуркап баратышты. Кучакташа берип, аптыга не сөз айтарын билбей, тек гана көздөрүнөн жаш төгүлүп жатты. Атасынын көз жашын Аскар ошондо биринчи ирет көрдү. Чокчо сакалынан аккан тамчылар, атасынын кичинесинен тааныш кочкул жыты каңырыгын түтөтүп жиберди.
– Ох, уулум, Кудай бар экен го. Адилеттик бар экен го...- дегенден башканы айта албай болкулдаган ата көпкө уулун кучагынан чыгарбай турду.
Аскарды ээрчитип кирип келгенде апасы очок алдында күйпөлөктөп бир нерсе жасап жаткан экен. Токтосун аба Аскарды токтотуп калды.
– Апаңа акырын айталы, балам, жүрөгү жаман неме чочуп кетпесин,- деп биринчи үйгө кирип кетти.
– Кемпир, тилегибизди Кудай берди. Эми бөксөбүз толуп, биз да бактылуу карылыкты көрөт окшойбуз.

#35 18 June 2015 - 18:52
– Ии, ботом, анчалык не болуп кетти?
– Аскарың келди. Акталып келди...
Колунан табагы ыргыган апасы бурула берип босогодо өзүн күнөөлүү тиктеп турган уулун көрдү.
– Апа!- деп басып жыгылды Аскар.
Апасы ыйлаганга да, кубанганга да шайы келбей уулун кучактап катып калды. Аскар ата-энеси менен учурашып болуп, төргө отурду. Ошондо гана болуп жаткан окуяны кызыга тиктеп турган балакайды байкады.
– Ата, бул кимдин баласы?
– Албы? Ал – менин неберем, сенин уулуң... Ушундайбы, Аскат? Атоов деп койчу... Атага салам берчи...
– Кандайча? А Мариям? Мага ал башка өлкөгө кетип калган деп айтышты го...
– Кеткени чын, балам,- деп күрсүнүп алды Токтосун аба. – Бирок сөөгүбүз ыраазы. Бизге эрмек болсун деп бул жаманды таштап кетти. Не дейт элек, батабызды берип узаттык. Бир айлык немени адам кылабызбы деп коркконубуз да чын. Же жакын жерде врач жок. Бирок убагы келген маалда кемпир экөөбүз баланы эмдеткени алып барып турабыз...
Атасы эмне деп айтканын Аскар андан ары уккан жок. Болпоюп өзүнөн көзүн албай турган балакайды кантип колуна алып, бооруна кысканын билбей калды. Наристеден жыпар жыт бур дей түштү. Аскат эч чочуркабай, жатыркабай атасынын төшүнө башын коюп, куду бир нерсени билгендей терең улутунуп алды.
– Карасаң деле, улутунганын. ..
– Ата бекен ал...
– Ата сага эми машина сатып келет...
Кемпир-чалдын кубанычында чек жок эле.
Алардын сагынычы тарагыча бир топ мезгил Аскар үйүндө болду. Топоюп кийинген уулун ээрчитип алып суу жээктеп басканды өнөкөт кылып алды. Анан да уулу бир нерсе түшүнө тургансып сүйлөшө берчү.
– Аскат, эми сени эч качан жанымдан чыгарбайм. Апаң болсо, үчөөбүз эч качан айрылышпайт элек. Бирок ал жеңил ойлуулук кылыптыр. Жок эле дегенде бир жарым жыл күтө албаган экен. А мен ага ушунчалык ишенчүмүн, уулум. Жыгылсам таяй турган, оорусам дартыма даба боло турган, капа болсом жоошута турган адамым ошол деп ойлочумун. Апамдан кийинки эле ыйык аялзаты – мен үчүн сенин апаң эле. Көрсө, мен билбепмин. Адамдар ар кандай болушарын, көзүңдү тиктеп туруп эле башкача ой кыларын, жамандык менен жакшылык ээрчише жүрөрүн билбепмин. Бирок бир нерсеге ыраазымын. Ал мага сени белек кылды. Ал эми өзү... Апаң эми өз жолу менен кетсин!
Мындай учурда Аскат атасынын эмне деп жатканын түшүнбөсө да, быйтыйган алакандары менен жүзүнөн сылап, наристелик жүрөгү менен боор толгоп кетчү.
Ата менен бала ошол жолугушкандан баштап жүрөгү бирге эле. Уулун биринчи жолу бооруна кысып, наристе жытын искеген мүнөттөн баштап Аскардын жүрөгүнүн жарымы уулу эле.
Ата-энесинин көңүлүн кыйбай аларга таштаганы менен, тез-тез каттап турчу. Тез эле Саматтын таанышы аркылуу бизнес жаатына өттү. Иш билгилиги менен тез эле бутуна турду. 5 жылдын ичинде бизнес жаатындагы эң белдүү адамга айланды, саясатка аралашты. Коомчулук аны новатор депутат катары кабыл алды жана элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Бирок анын көшөгө артында калган көп иштери билинбей кала берди. Алардын катарында анын жеке адамдык тагдыры да бар эле...
Өмүрүнүн бул барагын Аскар таптакыр жаап салган. Анткени Мариямга болгон ызасы күчтүү эле. Көп жылдар “аял деген ушул экен да” деген ой менен үйлөнүү тууралуу да ой кылбады. Жөн гана мамиле куруу үчүн, көңүл ачуу үчүн гана аялзаты керек сыяктуу болгон эле. Өзүнөн ошол сезимдерди кубалаганы менен, тээ көңүлүнүн түпкүрүндө сүйгүсү келгенин сезчү. Аскар өтө чоң сүйүү үчүн жаралган адам болчу. Кээ бир адамдар болот, жөн гана жашап жүргөнүнө, бирөөнүн күйөөсү, баланын атасы болгонуна ыраазы. Турмуштан андан ашык да нерсе күтпөсө керек. Аскар андай эмес эле. Ал өтө чоң сүйүүнү күтүп, бирок ошол нерсеге туш боло албай, ал эми түпкүрдө бир сезим аны коё бербей кыйнап келди. Эл көзүнө кудуреттүү, бай адам өз дүйнөсүндө ушунчалык бактысыз жана бечара эле. Аидага да жаңылып үйлөнүп алганын тез эле туюп, бирок артка кайтканга кеч болуп калган. Эми Азиреттин пайда болушу эбак эле көкүрөгүнөн кууп салган Мариям деген аялдын бар экендиги аны алдастатып салды. Көз алдында өзүн таң кала тиктеген Азирет...
А Азиреттин абалы андан да оор болчу. Аскардын үйүнөн чыккан соң баш оогон жакка басып кете берди. Тагдырдын мындай бурулушун күтпөгөн жаны дендароо. Алдынан бүжүрөп келе жаткан абышканы да көрбөстөн жөөлөп кетти.
– Эй, көзүңө карасаң боло...- деди жек көрө тиктеген ал.
– Кечиресиз... - деп күңкүлдөгөн жигит андан ары жолун улады. Эптеп Бема “убактылуу жашап тур” деген батирге жетти да, керебетке сулк кулады.
“Эмнеге апам менден мунун баарын жашырды? Эмне, ушунчалык жакын адамым да мени ушундай алдашы мүмкүнбү? Эмне болуп кетти? А балким, бул түшүмдүр? Оо, Кудай, түшүм болуп калса кана?” деп жатты.

#36 18 June 2015 - 19:00
Азиреттин телефону шыңгырады. Ордунан туруп, телефонун көңүл кош алып көз жүгүрттү да, кайра таштап койду. Алина экен. Мындай учурда аны менен сүйлөшө албасын ойлоду. Ким менен сыр бөлүшө алат? Ойлонуп, Бегимайга чалып жолугуу тууралуу сүйлөштү да, шарт курткасын алып сыртка багыт алды. Бегимай болжолдогон жерге тез эле келип калды. Негедир экөө тең көпкө чейин үн катышкан жок. Бегимай Азиреттин жүзүнө таң калып карап койду. Анткени дайым күлүп же тамаша айтып, жок дегенде көзүн ойноктотуп калчу жигит алды жагынан көз албай томсорот. “Тамашага салып жатат, азыр дуу каткырып жиберет” деп ойлогон Бегимай ага көз кыйыгын салып келе жатты. Азирет андай кылбады. Жакшылап караса, жүзүндө жаш. Ошондо гана машинасын токтото калып, Азиретке бурулду.
– Эй, сага не болду?
– Эч нерсе.
Кулап бараткан жашын колунун сырты менен аарчыган Азирет шуу үшкүрүп, башын чалкалата берди.
– Коркутпачы мени, үйдөгүлөрүң жакшы элеби?
– Жакшы эле.
– Анда не болду?
– Түшүмдөн чочуп кеттим. Ооба, бул түш болуш керек. Айтчы, сен Аскат экөөбүздүн неге мынча окшош экенибизди билгиң келди беле? Мени ошон үчүн чакыргансыңар да, ээ? Эми билип жаткыла. Ал экөөбүз эгиз экенбиз!- деп көздөрү жалын чача кыйкырып алды. Бегимайдын көздөрү алайып кетти. Башкасын күтсө да, мындай болорун ойлобоптур. Анын үстүнө “дүйнөдө окшоштор азбы?” деген нерсеге ишенип калган эле.
– Кандайча? Ал...
– Эгиз экенбиз...
– Кантип? Кандайча? Аскат “эгизим бар” деп айткан эмес.
– Ал өзү билбесе сага нени айтсын? Мен дагы, ал дагы, атүгүл атабыз да билбептир бул тууралуу. Болгону, апам... Бема, элестет, менин апам мени өмүр бою жашырып келиптир. Алдап келиптир. Экинчи уулун өмүр бою көрбөй, көргөнгө да аракет кылбай, жокко санап коюптур. Ушундай да болобу? Апам... Менин апам!
Азирет ыйлап жатты. Эс тартканы биринчи жолу ушинтип ыйлашы. Бегимай чыдабай, түтпөй кетти. Алдында Аскат отургансып, арманын айтып, өзүнөн жардам күтүп жаткандай сезилди. Азиретти кучактай бооруна тартты. Ал көптө барып өзүнө келип, өзүнө таң калып тиктеп турган Бегимайды карап, аргасыз жылмайып алды.
– Кечир мени!
– Эч нерсе эмес.
– Мен кимге барарымды, кайда барарымды билбей калдым. Бул шаарда же эч кимим жок. Бирөөгө айтып албасам жеңилдечүдөй эмесмин. Оюма сен түшкөн соң ойлонбой туруп сага жөнөдүм. Эч нерсени түшүнбөй турасыңбы, азыр сага баарын айтып берем.
Экөө машинадан түшүп, көк чөптүн үстүнө отурушту. Аскардан уккан нерселердин баарын айтып берип, оор үшкүрүп отуруп калды.
– Апаң бул тууралуу билеби?
– Азырынча билбейт. Бирок бүгүн сүйлөшөм. Аскар агай болгон окуяны айтып берген соң сыртка чыгып кеттим. Ал... ал мени токтоткон жок. Балким, өзүнө келип алсын дедиби? Кызык, мындай окуялар кинодо же китепте эле болот деп ойлогом. Шок болуп калдым.
– Мен дагы өзүмө келе албай жатам. Бирок Аскат экөөңдөгү окшоштук бекер эмес экенин билсем керек. Сенин сүрөттөрүңдү көрө электе эле бир окшоштук бар экенин билгем.
– “Аскат сага эч кандай окшош эмес” деп айткансың бир жолу...
– Билбейм, сүйлөгөнүңөрдөбү же ойлонгонуңардабы, бир окшоштук бар. Туура, Аскат таптакыр адамдан башкача жан эле. Мээримдүү, аяр, камкор...
Бегимай Аскат тууралуу сөз болгондо өңү өзгөрүлө түшөр эле. Башын кыялдуу кыйшайтып, алды жагына мээримдүү тигилип калды. Бул Азиреттин көз жаздымынан калган жок. Кызганычка окшош бир нерсе алкымын бууп жиберди.
– Билбейм, андай адамды өмүрү кезиктирбегем, эми дагы кезиктирбесем керек. Ал башкача болчу...
– А мен?
– Сен... сен кадимки эле жигитсиң. Жаман жагың да, жакшы жагың да бар. А ал өзгөчө болчу.
Ордунан шарт турган Азирет машинага жөнөдү.
– Кеттик!
Бегимай менен жолугуп келгенден кийин көңүл бөксөсү бир аз толуп, жан ооруткан оорусу басаңдап калгандай сезилди.
Бир топко ойлонуп турду да, апасына телефон чалды.
– Алло, Ази? Кандайсың, балам?
Апасынын дайымкы коңур үнү угулганда Азиреттин ташкындап турган жини басаңдай түшкөндөй болду.
– Апа?- деди үнү буулуп.
– Не болду? Үнүң башкача го. Ооруп калган жоксуңбу? Болду эми, саякатчы бака болуп жүрө бербей үйгө кайт. Ал жактагы Аймирлер кандай?
– Апа... мен... мен Казакстанда, Аймирдин үйүндө эмесмин (Аймир Азиреттин казак досу болчу. Апасына “Казакстанга кеттим” деп кеткен).
– Анан кайдасың?
– Мен Кыргызстандамын, апа.
Апасы не дээрин билбей калды окшойт, трубкадагы үн көпкө жоголуп кетти. Азирет айтарга сөз таппай жөтөлүп алды.
– Апа?
– Сен... ал жакта... не кылып жүрөсүң?!
– Апа, мен сага айткан учурда деле эч качан жибербейт болчусуң. Канча жолу барып келели десем куру шылтоолорду айтып, артка тарта бердиң эле. Мен... Аскар агайга... жолуктум.
Апасынын үнү буулуп, ыйлап жатканы угулду.
– Мен эми баарын билем.
– Кантип? Кандайча ал жакка барып калдың? Ким айтып жүрөт мунун баарын сага?
– Тагдыр, апа, тагдыр мени өзгөчө ойнотту. Бул жакка келеримде мени мындай сюрприз күтүп турганын таптакыр билген эмесмин. Мындай окуяга туш болом деп ойлогон эмесмин. Угуп жатасыңбы, апа? Мага бардык чындыкты сенден уксам жеңил болмок. Неге ушунча жылдан бери айткан жоксуң?
– Азирет, бул жакка качан келесиң? Мен сага баарын жай айтып түшүндүрүп берейин. Азыр бүтүм чыгара көрбө, мен билем, сен мени кечиресиң. Аскар менен Аскат кечирбеши мүмкүн. А сен кечиресиң.
Азирет эми гана апасы Аскаттын каза болгону тууралуу билбесин эстеди. Не дээрин билбей калды.
– Апа, Аскат... ал эми...
– Мен Аскат тууралуу баарын билем, уулум.
– Кантип, апа? Сыр алдырбай кантип жүрдүң? Мен сени жакшы билем деген элем, көрсө...
– Айтканда не өзгөрмөк? Ал кабарды интернеттен окуган күндөгү менин абалымды көрсөң... Айлап өзүмө келе албай жүрдүм. Ботосун жоготкон төөдөй буркурап, түнү менен ыйлап чыгып, эртеси кызматка барып жүрдүм. Сен анда менин жанымда эмес болчусуң, Индияга кеткенсиң.
Азирет эми чындап өзүнөн кетти. Шалдайган боюнча дубалга сүйөнүп отуруп калды. Ооба, эсинде, кезектеги саякатынан соң үйгө келип, апасынын төшөк тартып жатып калганын көрүп таң калган. Бетинин нары качып, көзүнүн нуру өчкөн апасынын элеси көз алдына тартылды. Демек, Аскат тууралуу билген экен. Бир топто гана апасы телефонду коюп койгонун байкады.
Ал бул окуядан кийин өзүн таптакыр жоготуп койду. Апасы күндө чалып, канчалык Малайзияга кайтуусун суранганы менен, көгөрүп эле барбай койду. Эзелтен жоготуп алган нерсесин тапкандай, эми өзүнө таандык нерсеге жеткендей Бишкектен кете албады. Аны жипсиз байлаган кара көз сулуубу же Аскар Токтосуновичпи, өзү да аңдай албай жүрдү. Ички туюму дагы бир окуя боло турганын кабарлап жатты. Тагдырдын оюну али аягына чыга элек экенин жүрөгүнүн түпкүрүндө сезип жүрдү.
Бегимай бул окуяга өзү да бушайман. Азирет менен Аскаттын эгиз экенин билгенден кийин көп ойлонду. Акыры Аскар Токтосуновичке жолугуп, аны менен сүйлөшпөсө болбой турганын сезди. Аскар аны көрүп, адатынча жылмайып койду. Аскат каза болгондон кийин бул кызды көрүү ага өтө оор болчу. Уулунун аткарылбай кеткен тилек-максаттары, сүйүүсү ушул кызда калгандай сезилер эле. Канчалык алыс кармаса да болбой кыз өзүнө тартылып жатканын, андан кеңеш, колдоо күтүп жүргөнүн сезчү.
– Саламатсызбы, Аскар агай...
– Кел, кызым, өзүң кандайсың?

#37 18 June 2015 - 19:02
Ушул учурда Аскардын чөнтөк телефону шыңгырап калды. Таң кала колуна алган ал күбүрөй берди. – Кызык, номер чет өлкөнүкү экен.
– Алло...
– Аскар, саламатсыңбы? Таң калычтуусу, ортодон 20дан ашуун жыл өтсө да, Аскар бул үндү жазбай тааныды.
– Мариям?! Калтыраган үнүнөн өзү уяла түштү. Телефондогу токтоо үн сөзүн улай берди.
– Азирет мага чалып болгон окуяны айтты. Сенин телефон номериңди да андан алдым.
– Ошондой де...
– Мен азыр сенден кечирим сурап отурганга убактым жок. “Үйгө кайт” деп жалындым, бирок ал укпай койду. Сага чалганымдын себеби... Аны менен сүйлөшүп, салып жибер. Суранам сенден...
– Кызык, мен эмнеге аны сага салып жиберишим керек? Мен, тескерисинче, эми уулумду жанымдан чыгаргым келбесечи... Мен бир уулумдан өлүп айрылгам, экинчисинен тирүү айрыла турган алым жок. Уктуңбу сен?! Сен... Аскар жиниге бакырып-бакырып алды.
– Болуптур, мен анда Кыргызстанга барам. Ага чейин уулумдун жанында бол. Ал жалгыз болбосун, азырынча суранарым ушул,- деди аялдын чарчаңкы үнү. Аскар аялдын эч нерсе болбогондой бир калыптагы үнүнө таң калып турду. Эсине кылт этип түшө калса, жаны кашайып, жүрөгү ооруп кете турган. 20 жыл бою... Өзүн таң кала тиктеп турган Бегимайды эми байкап, уялып кетти.
– Кызым, кечирип кой мени. Бизде кийинки убактарда тынч күн жок болуп калды. Баса, жөн келбесең керек.
– Телефон чалган Азиреттин апасыбы?
– Ий-и, ошо. “Уулумду салып жибер” дейт. Ал менин да уулум экени эсинен чыгып кеткен окшобойбу. Аскар демин баса албай буулугуп, скамейкалардын бирине отуруп калды. Ошол күнү Бегимай экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Көп жылдан бери эч кимге айтылбаган сырын, бугун ушул жапжаш кызга айтам деп ойлогон эмес. Көзүн бакырайта тиктеп, сөзүн бөлбөй отурган Бегимайга ичи жылып жатты.
– Мен бардыгын жоготтум деген учурда кайра таптым, кызым. Аскат бөксөртүп кеткен дүйнөм эч качан толбойт деп ойлочумун.
– Аскат бөксөрткөн дүйнө эч нерсе менен толбойт, мен үчүн...- деди ойлуу үн каткан Бегимай. Болгону ушул сөздү айтты, 4 сааттык баяндын ичинде. Ал сөздүн ичиндеги маанини жалгыз гана өзү туйду.

#38 18 June 2015 - 19:05
ххх
Аскар каршысында майыптын арабасында отурган адамга тике карады. Тиги көзүн жүлжүйтө не уктап отурганы, не ойлонуп жатканы белгисиз. Жашы 80ге таяп калса да, кылмышкерлер дүйнөсүндө али күчү бар адам эле. Кезинде түрмөнү титиретип, “кашка баш Самат” дегенде көптүн тизелери калчылдачу. Калыстыгы менен да даңкталган жайы бар. Аскарды да түрмөдөн чыгарып, чоң чөйрөгө аралашканына көмөк көрсөткөн. Көрсөткөнү курусун, Аскардын колу менен бир топ иштерди кылган. Карып иштен четтегени менен, “крёстный отец” дешип анын акылына, күчүнө таянгандар бир топ болчу. Ал уктап жаткан мышыктай үргүлөгөнү менен, Аскардын ар бир кыймылын көз жаздымга калтырбай байкап жатты. Анын жөн келбегенин да билди.
– Ии, иштер жакшыбы?- деп койду бир топтон кийин гана көзүн ачып-жумуп.
– Мен сизге бир иш менен келдим.
– Кулак сенде.
– Бир кезде мени түрмөдөн чыгарганыңызда “ак кызмат кылам” деп сөз бергем. Ал сөздөн бир дагы жолу кайткан жокмун. Колумдан не деген иштер өттү, аны бир гана Кудай билет. Каалабай турсам да булганыч иштерди кылганга туура келди. Ошонун баарын мен байлык үчүн да, мансап үчүн да иштебедим. Тек жигиттик сөзүмөн кайтпайын деп иштедим.
– Туура айтасың, мен сага өзүмө ишенгендей ишенем.
– Мына, эл ортону элүүгө таяп калдым. Эми мени бошотуңуз. Убадамды так дебейин, колумдан келишинче аткардым. Өзүмдү өзүм жек көрүп, жанымдан кечким келип турган чакта да айтканыңызды кылдым. Колуңуздагы кылыч болуп сиз каалаган жакка чабылдым. Эми баарын токтотушка туура келет. Мени бошотуңуз.
– Мындай чечим кабыл алуу оңой эмес...- деди тиги да ойлуу көз жүгүртүп.
– Уулум себеп болду. Менин былык иштеримдин айынан жалгыз уулумду жоготуп алдым. Ата болгонуңузда, балким, түшүнөр белеңиз менин жоготуумду, - деди Аскар башын чайкай.
– Аталык сезим мага деле жат эмес. Уланта бер...
– Мен башында уулум үчүн өч алгым келди. Уулумдун өлүмүнө тийиштүү деп болжолдогон адамдардын тизмесин да түзүп алгам. Бирок бул оюмдан кайтууга мажбурмун. Анткени жар кырында турганда тагдырдын күтпөгөн сыйына туш болдум. Уулумдун түгөйү бар экенин, эгизи ал сыяктуу бой жеткенин жакында билдим. Аскатымды кайтарып ала албайм, бирок кийинки өмүрүмдү Азиретим уялбагандай жашап өткүм келет. Эми үй-бүлөмө эч кандай залака тийгизгим келбейт. Мени эми иштен четтетиңиз. Кашка баш Самат көзүн жумуп ойлонуп калды. Анысы да, мунусу да туура, ойлоп көрсө. Ак, таза кызмат өтөдү. Сый катары деле башын азат кылып койгону туура деп чечти ичинен. Бир топтон кийин гана көзүн ачып, өзүнөн жооп күтүп турган Аскарга жылмайып койду.
– Болуптур, айтканыңды кабыл этем. Сен дагы менден көңүлүң калбасын. Бирок биздин дүйнөдөн акырындык менен гана чыгып кетүүгө болот. Айтарым, ушуну унутпа,- деди. Аскар коштошуп чыгып кеткен соң тийиштүү адамды чакырды да буйругун айтты.
– “Дипломат” (Аскардын кримчөйрөдөгү лакап аты) иштен четтетилди. Анын ордуна киши даярда...- деди. Тиги башын аста ийкеп чыгып кетти.
ххх
Азирет коңгуроо басылганда эшикти ачып, алдында турган Аскарды көрдү.
– Келиңиз... Ата дээрин билбей же Аскар агай деп айта албай буйдала түштү. Экөө көпкө чейин үн ката албай туруп калышты.
– Уулум, мен апаң менен сүйлөштүм. Ал сенден кабатырланып жатат. “Тез үйгө келсин” деди.
– Билем. Апам мага да күн сайын чалат. Бирок эч нерсе болбогондой мурунку жашоомду уланта албайм. Анын үстүнө мен Кыргызстандан кетким келбейт. Азырынча кете албайм. Көп нерсени ойлонушум керек.
– Анда келиштик, эч кайда кетпейсиң, жүрү, өзүбүздүн үйүбүзгө барасың. Мен да сенин кетишиңди каалабайм. Аскар терезени тиктеп турган уулунун жанына барды. Так өзүндөй бойлуу, чачы кайраттуу эле. Бооруна кыскысы келди.
– Уулум... менин уулум,- деди жаш аралаш күбүрөй.
– Ата... Азирет атасынын кучагына бой урду. Аскар кримчөйрөдөн алыс болгусу келген чечими Азиретке байланыштуу эле. Азиретти өз үйүнө алып келип, чогуу жашап жаткандарына эки жума болгон. Уулун жакындан билген сайын анын өзүнө окшош тынчы жок адам экенин байкап жатты. Эртеби, кечпи, бир нерсеге аралашып калабы деп чочулап турду. Аны чочулаткан дагы бир жагдай, Азирет Аскаттын өлүмү тууралуу көп ойлончу болгонун байкады. Бир нерселерди тактап, блокнотуна жазып жүргөнүн да байкады.
– Аскатты өлтүрдү деп камалган жигит чындыгында бул ишке аралашкан деп ойлойсузбу? - деди бир жолу күтүлбөстөн. Дасторкон үстүндө отурушкан. Суроо ушунчалык күтүлбөгөндөн болгондуктан, дасторкон четинде отурган Аида да селейе түшүп, колундагы чай ичип жаткан кружкасын түшүрүп алды.
– Кечиргиле, колумдан түшүп кетти...- деди күңкүлдөй. Азирет ага бир тиктеп алып, атасына карады.
– Кандай версиялар болгон эле?
– Азирет, уулум, сен кызыкчу нерсе эмес. Өткөн өттү.
– Жок, бул нерсе жөн эле калбашы керек. Мен Бегимайдын айткандарынан улам көп нерсе арткы планда калып кеткенин билдим. Кесибим юрист экенин унутпаңыз. Аяктай элек болсом да юристмин,- деп кошумчалап койду жылмая. Аида да өзүнөн көзүн албай катып калганын байкап, таң калып койду.
– Экөөңдүн тең көзүң чанагыңардан чыгып кетейин деди го. Анчалык эмне коркуп?..
– Аскаттын өлүмү – менин айыккыс жарам, балам. Ага тийбей эле койгонуң дурус.

#39 18 June 2015 - 19:20
– Аскат менин эски жарам, балам, аны кайра жаңыртуунун кереги жок. Бул ишке киришпешиңди суранам.
– Сиз мени туура түшүнбөй жатасыз. Неге бул ишти аягына чейин изилдешкен жок? Неге күнөөсүз адам камалып кетишине жол беришти? Мен ушуну түшүнбөйм. Бегимайдын айтуусунда, соттолуп кеткен жигиттин бул ишке тиешеси жок экен. А сиздер ушуга макул болуп...
– Токтот! Бул ишке киришпе дедим, киришпе,- ушуну айткан Аскар кофесин бат-бат ууртай салып сыртка чыгып кетти. Столдун эки четинде калган экөө бири-бири менен тиктеше түштү. Азиреттин оттуу көздөрү суроолуу тиктеп турду. “Демек, Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү адам бар экенин атам билет. Так билбесе да, болжолдогон адамы бар болуш керек. А бул аялчы? Кызык, экөөнүн ортосунда канча жаш айырма болду экен? Сүйүп турмушка чыкканы деле билинбейт”. Аида көзүн ала качты. Ага Азиреттин келиши, деги эле күйөөсү экөөнүн жашоосунда пайда болушу жан дүйнөсүнө бүлүк салды. Аскатка куюп койгондой окшош жанды тиктеп, дал Аскат тирилип келип маңдайында туруп калгандай бир коркуу сезими пайда болду. Күндөр өткөндө гана ал сезим басаңдай баштады. Анткени сырткы келбети окшош болгону менен, экөөнүн такыр эки башка адам экенин сезди. Мисалы, Аскат өзү тарапка бир да жолу тигилип же бир нерсе деп кайрылып көргөн жан эмес. Ал эми мунун курч көздөрүнөн кача албай убара. Аскат өзүн жактырбаганы менен, атасынын аялы катары ыйбаа мамиле кылчу. А бул, тескерисинче, экөөнүн жашоосун ийне-жибине чейин билгиси келгендей...
– Кызык, жинденип туруп кеткендей мен анчалык не кылдым десеңиз?..- деди Азирет жайбаракат жылмайып.
– Ал дайым ошондой. Аскат тууралуу сөз болуп калса эле өзүн токтото албай калат.
– А Аскат тууралуу сиз эмне айта аласыз? Мен ал тууралуу билгим келет. Жөн эле кызыкчылык үчүн... Аида бул суроону укмаксанга сала ордунан тура жөнөдү.
– Мына сага, сиз дагы качып баратасыз. Бул үйдө ал тууралуу сүйлөөгө болбойт окшойт. Аида аркасынан сүйлөнүп калган Азиреттен оттон качкандай качып, өз бөлмөсүнө келип бүрүшүп отура калды. Негедир чыйрыгып чыкты...
ххх
Студенттер үчүн жайкы каникул башталды. Эми аптапта шаардын ысыгына чыдап жүрө бербестен, эс алуу керек. Бегимайдын үй-бүлөсү чогуусу менен Ысык-Көлгө эс алууга камынып жатышты. Бегимай гана баргысы келбеди. Аскат каза болгондон кийин көлгө эс алууну унуткан болчу. Эски жарасын сыйрыгысы келбеген ата-энеси анын жайына коюшту.
– Кийимдериңердин баарын салдыңарбы, эч нерсени унутпагыла, - деген ал апасына жардам берип жаткан. Бир кезде “Бемааа!” деген кыйкырыкты угуп, балконду тиктеп калды. Алина менен Азирет экен. Колдорун булгалап, жүздөрүн күлкү каптаган экөөнү көрүп, Бегимай аргасыз жылмайып алды. “Экөө сонун жарашат. Качан болсо күлкү, оюн, тамаша ойлорунда. Мен сыяктуу эмес...”
– Кызым, сен дагы зерикпейт окшойсуң, досторуң биз кете электе эле келип калды,- деди атасы тамашалай. Ата-энесин узатып коюп, Бегимай тигилердин жанына келди.
– Көпкө күттүрдүң го, сулуу кыз... Азирет адатынча тамашалай шоктонуп калды.
– Салам!
– Салам! Биз Азирет экөөбүз бир план ойлоп таптык. Аны сенин жардамың менен гана ишке ашыра алабыз.
– Кандайча? Эмне болгон план? Азирет Бегимайга тигилип калды. Дайым ушундай. Бир нерсе айтарында деми буулуп, бир саамга тиктеп калат да, анан баштайт. Бегимайды колтуктан ала машинадан оолактата нары басты. Муну көргөн Алинанын көзү топтоголок болуп чанагынан чыгып кете жаздады. Бирок эч нерсе айта албай, ызалуу гана эрдин тиштеп машинада кала берди. Бегимайды обочо алып барган Азирет ойлуу сөз баштады.
– Бема, мен Аскат тууралуу кийинки кезде көп ойлончу болдум. Мага көп нерсе түшүнүксүз, көп учурда өзүмдү анын ордуна коюп көрөм. Мен бул тууралуу изилдегим келет. Балким, ошондо менин бир тууганымдын алдында жүзүм жарык болор. А балким, сенин алдыңда дагы... Билбейм, эгерде сен чыныгы кылмышкер эркиндикте жүрөт деп ойлосоң, бул ишти изилдегенге неге болбосун?
– Бул сенин колуңдан келчү иш эмес. Атүгүл Аскар агай өзү эч нерсе кыла албады.
– Атам, менин оюмча, кылмышкерди билет. Бирок ал дагы бул ишти жайына койгон. Неге анткенин ким билсин?..
– А менин кандай тиешем бар?
– Сенин мага ишенимиң гана керек азырынча. Мен бул ишти аягына чыгарам. Мен соттолгон бала менен жолугуп сүйлөшкүм келет. Колуңдан келеби аны менен жолуктуруш? Бегимай не дээрин билбей калды. Чын эле көкүрөгүн курттай жеп келе жаткан, тынч уйкусун бузган нерсе ушул эмеспи.
– Мен дагы чарчадым. Теңтуштар менен болобу, башкалар менен болобу, кайсы бир жерде отурсам деле көкүрөгүмдөн бир ой кетпейт. Ар биринин жүзүнө тигилип “а балким, ушу өлтүргөндүр, балким, бул” деп шектене берем. Ошонун айынан Аскаттын достору менен да жолуккум келбей калды. Мен сага ишенем, Азирет. Эгерде чыныгы кылмышкерди тапсак, сага бир өмүр ыраазы болуп өтөр элем. Макул, мен Азамат менен кантип жолуктуруу тууралуу ойлонуп көрөйүн...
– Баса, дагы бир суранычым бар.
– Айт.
– Эртең апам учуп келет. Мен жалгыз болбой, экөөбүз тосуп алсак дегем.
– Аскар агай барбайбы?
– Менимче, барбайт. Экөөнүн ортосунда айтыла элек, чечиле элек бир топ маселе бар окшойт. Мен алардын мамилесине кийлигише албайм. Апамды гана тосуп алып... Бул жигитте бир касиет бар. Ал кандай адам болсо да ийгерип, кандай адам болсо да жагып кете турган. Бегимай да аргасыз баш ийкеди.
ххх
Учактан түшүп, жүктөрүн алган соң Мариям айланасын бир тиктеп, көөдөнүн кере дем алып алды. Ушул жытты көп жылдан бери сагынып, эңсеп жүргөнүн эми сезди. Чындыгында, көп өлкөдө болгон, кесибине байланыштуу. Бирок дилине тааныш, жүрөгүнө жакын өзүнүн гана мекени болгонун түшүндү. А балким, мурун жөн гана мойнуна алгысы келбей жүргөндүр. Абайлай тигилип туруп, уулу Азирет өзүнө кол булгалап турганын көрдү. Жанындагысы ким болду экен? Антип ойлогуча болбой Азирет жетип келди.
– Апа...
– Ази, уулум! Апасы өзүн кармаганы менен, көзүнүн жашы агып кетти.
– Эй, сизге не болду? Көп болсо 3 ай мени көрбөй калдыңыз. Ошого да ыйлайт бекен?
– Сагындым, балам... Мариям өзүн токтото албай ыйлай берди.
– Апа, дейм, уят эми... Мен жалгыз келген жокмун.
– Ыя? Апасы башын көтөрүп, өзүн суз тиктеп турган кызды көрдү. Кыздын көз карашында не таң калуу, не жек көрүү турганы билинбейт. Болгону, суз гана тигилип колун сунду.
– Куш келипсиз...
– Апа, бул Бегимай. Менин... ой, Аскаттын... не деп жатам, жөн гана жакшы таанышым. Жүргүлө эми үйгө. Апасынын сумкаларын көтөрүп жөнөй берген Азирет четте турган Аскардын машинасын көрдү. “Келген экен да, демек, түтпөгөн экен!” деп мыйыгынан жылмайып алды. Аскар чын эле түтпөдү. Бүгүн Мариям келерин билген соң эрте эле келген. Чачын кыска кырктырган, орто бойлуу, ак жуумал, татынакай аялды алыстан тааныды. Жүрөгү булкуп алды. Алар Бегимайдын машинасына түшүп жөнөй бергенде гана оор күрсүнүп алып, алардын аркасынан айдап жөнөдү. Бегимай аларды мурун Азирет жашап кеткен үйгө жайгаштырды. Апасы ысыкта сергийин деп жуунганы кирип, жалгыз калган Азирет ашканага баш бакты. Кыздын илбериңки кыймылдаган колдорун карабайын десе да карап турганын сезди. Байкабайын десе да ойлуу жүзүн, жаш денесин байкап жатты. Анын көз карашын байкаган Бегимай кашын серпип койду.
– Не болду анчалык?
– Не болуптур? Жөн эле сени карап ойлонуп жатам. Башкача жансың. Менин агам жолдуу экен сүйүүдөн...
– Жок, мен жолдуумун аны жолуктурган. Эгерде аны көрсөң, аны менен жарым эле саат сүйлөшсөң, сен антип айтпайт элең.
– Сен аны качандыр бир кезде унута аласыңбы?

#40 18 June 2015 - 19:25
Шаардын четинде жайгашкан Петровкадагы түрмөгө Бегимай менен Азирет жол тартышты. Жүрөк үшүткөн кунарсыз түрмөгө жакындаган сайын Бегимай өңүнөн кете баштады. Бул жерге келүү ага оңой эмес эле. Cоттун өкүмү чыккандагы Азаматтын абалы, эки колунан жулкулдата алып кетип бараткандагы үмүтү өчкөн каректери али да эсинде. Бул жолу кантип чыдаар экен? Азамат таң калып турду. Үй-бүлөсү кечээ жакында эле жолугууга келип кетишкен. Конвой мыскыл жылмая “керемет сулуу кыз экен” дегенде жүрөгү дүкүлдөп алды. Бегимай! Андан башка келе турган бийкеч жок. Бегимай жолугуучу бөлмөгө кирип келген Азаматты көрүп, жүрөгү сыйрыла түштү. Сакалы өсүп, көздөрү алайып, арыктап кеткен экен. Бооруна кыса кучактап турду. Азамат да кучактады, ушунча көргөн кордугу, азабы, арманы бир тең, кыздын боор тарта кучактап турушу бир тең болду. Көптөн кийин жеңи менен көз жашын аарчып, Бегимайдын жүзүнө тигиле муңайым күлүп койду.
– Эх, Бема, Бема, жүрөктү дүкүлдөтүп жибересиң да. Кел, отур эми, не жаңылык?
– Жакшы. Окуп жүрөм. Эми каникулга чыктык. Арыктап кетиптирсиң. ..
– Бул жер түрмө эмеспи,- колун жая күлүп койду Азамат.
– Аа, достор кандай? Экөө жалпы тааныштары тууралуу сүйлөшүп, чер жазыша күлүп отурушту. Бир кезде Бегимай ойлуу тарта сөз баштады.
– Аза, азыр бир адам келет. Сен таң калба, бирок ал Аскаттын көчүрмөсү. Ага өтө окшош адам!
– Аскатка окшош?.. Кандайча?
– Мен сага баарын түшүндүрүп берейинчи алгач... Бегимай болуп өткөн окуяны Азаматка айтып берди. Тиги таң кала күлүп алды.
– Өзүнчө эле сериал го бул...
– Ал Аскаттын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин тапкысы келет. Сени менен сүйлөшкүсү келгени да ошондон.
– Ал кайдан чыккан Бэтмен экен?! Бул ишти ал эмес, андан кыйындар аягына чыгара албады го. Ушул учурда Азирет кирип келди. Окшош деген менен, мынчалык экенин ойлобосо керек, Азаматтын көзү алая түштү. Куду Аскат кирип келгендей эңгирей, ордунан кантип тура калганын да билбей калды. Көз карашы... Бир гана көз карашынан улам алдында Аскат эмес, анын эгизи турганын байкады. Жалгыз айырмасы, Аскаттай мээримдүү эмес, курч тигилген көздөр экен.
xхх
Аида Аскардын галстугун байлай албай жатканын байкап, жанына жакын келди.
– Кел, байлап берейин.
– Жөн кой, өзүм эле. Оолактата берген Аскардын сөзүндө, үрөйүндө бир дил үшүткөн салкындык байкалды. Аиданын жүрөгү шуу дей түштү. Азыр гана Аскардан айрылса эч ким болбой кала турганын, жашоосу ала салынып, көчөдө каларын ойлоду.
– Кечинде эмне тамак жасатып коёюн? Канчада келесиң? Аскар таң кала каштарын көтөрүп алды.
– Сага эмне болгон, эзели качан келеримди сурачу эмес элең?
– А сага эмне болгон, мынчалык жасанчу эмес элең? Аскар ички сырын бирөө билип койгондой дирт дей түштү. Аялына жооп бербестен костюмун алып, сыртка шашылды. Аскардын толкундап жатканынын себеби бар эле. Болжолдогон жерге келип, көзү менен Мариямдын караанын издеди. Ал четки столдо ойлуу отурган экен. Аял Аскар жакын келгенде гана көзүн көтөрө берди. Чачын буурул баскан, олбурлуу адам бир кездеги Аскар экенин көптө тааныды. Таң кала көзүн албай туруп калды. “Ушундай болуп калган экен да. Кызык, а мен эмне, ошол кездегидей болуп турамбы? Мезгил деген баары бир өзүнүкүн алат тура”.
– Эмне, өтө өзгөргөн бекем?- деди Аскар.
– Баарыбыз өзгөрөбүз. Мариям менен Аскар официант бала алып келген чайдан ооз тийип, көпкө тунжурап отуруп калышты. Экөөнүн ортосунда көп нерсе бар эле. Эч нерсе менен ченегис, эмне менен баштап, эмне менен бүтөрү билинбеген зор нерсе жаткан. Алтургай бири-бирин тиктөөгө даабай, эбак жабылып калган дарбазаны ачып алыштан коркуп отурушту. Анан да алар бирине-бири чоочун эле. Алдында кайгыдан, оорудан жүзү жүдөгөн, капалуу отурган Аскар менен мурунку Аскар эч коошпой турду. Бир кездеги камкор, жароокер, көздөрү күлүп турган Мариям мынчалык муздак аялга айланганын Аскар кабыл ала албай жатты. Жалпы иштери тууралуу супсак сөздөр гана айтылып жатты. Канча убакыт өткөнүн ким билет, бирок бир учурда кетүүгө да камынышты.
– Мен сенден бир гана нерсени өтүнөм,- деди Мариям кетеринде.
– Айта бер.
– Азиретти өзүмө кайтарып бер. Ал... ал балада сенин акың жок. Анын жолу башка, тилеги, каалоосу башка. Ал менин уулум, менин Аскатта эч кандай укугум жок болчу. Ошол укугум жоктугунан азасына да келе албайм деп чечкем. Менин анда канчалык акым жок болсо, сенин Азиретте эч кандай акың жок. Коё бер уулумду... Аскар муздак жылмайды.
– Мен сага окшоп эч качан Аскатты тагдырдын буйругуна таштай салып качкан эмесмин. Сенин энелик укугуң жок, ал туура. А бирок мен Азирет бар экенин билсем, жер жүзүн кыдырып болсо да тапмакмын. А сен Аскаттын бар экенин билип туруп кайдигерлик кылгансың, билгиң келген эмес. Ошондуктан экөөбүз укук жактан салмакташпай эле коёлу.
– Сен билбейсиң, менин ошондогу абалымды!
– Билгим дагы келбейт!- жараатына кол салгандай Аскар атырылып кетти. – Бир билгеним, ак никелүү жарым менин ишеничимди актаган жок. Жок дегенде бир жыл күтө албады. Мен бир жылдан кийин эле чыккам. Бир аз чыдасаң...
– Бир жылдан кийин?
– А сен мени түрмөдө чирип өлөт деп ойлодуң беле? Мени ошол боюнча көрбөй калам деп жаныңды ала качтың беле? Мен сага ишенген элем, өзүмдөн да көбүрөөк сага ишенгем. Мариям үн ката албады. Чындыгында, мунуку туура. Эгерде барга-жокко чыдап бир жыл чыдаса, мунун баары болбойт беле? Аскаты, балким, жанында өсмөк. Балким, ал мындай кырсыкка учурабайт эле? Оо, эгерде баары мындай болорун билгенде...
– Эмне үчүн өзүңдүн гана кызыкчылыгыңды ойлойсуң? Менин жашоом ширин болгон жок. Сен түшүнбөйсүң, жаныңдын жартысын таштап, жүрөгүңдүн жарымын бөлүп, эгиздин түгөйүн таштоо эне үчүн кандай экенин?..
– Актанба, сен баарын өз колуң менен иштегенсиң, эми өз мойнуң менен тартасың. Азирет эч кайда кетпейт. Эгерде аны алып кетем деп келген болсоң, ал үмүтүң менен коштошо бер. Азирет – менин уулум! Эми аны сага бере албайм. Кел, жигит, тамагыңдын акчасын ал,- деген ал столдун үстүнө акчаны ыргытып жиберип, сыртка чыгып кетти. Мариям үн ката алган жок. Аркасынан узата тиктеп кала берди. Чындыгында эле Азиретти алып кетүү үчүн келген. Өмүр бою тарбиялап чоңойткон апасына караганда атасынын таасири күчтүү болорун сезип жүрчү. Азирет атасына өтө окшош эле. Кыялы, жүрүш-турушу, ойлонгону да атасыныкындай болчу. Ошондуктан тез эле атасын жанындай көрүп калды. Жок, тагыраагы, атага болгон сүйүү, мээрим анда бала болуп башына жүн чыкканы болсо керек. Ошондой эле атасыныкындай жолго түшүп кетүү коркунучу бар. Мариямдын эң негизги коркунучу ошол эле.
xхх
Аида телефон менен сүйлөшүп жатты.
– Билбейм эмне кылам, биздин үйдө жомоктогудай нерселер болуп жатат. Аскаттын эгизи бар экенин, ал кайдан-жайдан пайда болгонун айтпадым беле. Эми ал бир нерселерди изилдемиш этип жүрөт. Мен андан корком. Аскар да түшүнүксүз болуп жүрөт. Бүгүн...- деп келе жатып, Аскардын машинасын көрүп шашып кетти.
– Аскар келе жатат. Анан чалам, өзүң байланышка чыкпа... Ордунан тура калып, Аскардын алдынан тосуп чыкты. Аны барсыңбы-жоксуңбу деп койбой жанынан өтүп бара жаткан күйөөсүн жеңден тарта берди.
– Өңүң эмне купкуу, жүрөгүң кайра кармап калдыбы?
– Жок, мени жайыма кой. Чалгандарга эс алып жатат де... Өз бөлмөсүнө кирип, галстугун чечкен Аскар креслого отуруп калды. Көз алдында Мариям! Анын талаптары... Кайрадан жини келип, көйнөгүн булкуп жиберди эле топчусу ыргып кетти. Ачуусунан өңү кадимкидей карарып кетти. Бирок эстегиси, кезигишүүнү майда-баратына чейин көз алдына келтирүүнү да каалап жатты. Бул жек көрүүбү же сүйүүбү, өзү да түшүнө албай, ээн бөлмөдө өзү менен өзү алпуруша берди.

Супер-Инфо
super.kg
видео