Азирет Бегимайга карады да:
– Биз эркекче сүйлөшүп алалы. Жалгыз калтырасыңбы?
- деди. Бегимай Азаматка суроолуу тигилип, ал “бара бер” дегендей баш ийкеп койду. Бегимай сыртка чыгып кетти. Ээн калган экөө бири-бирин тиктешип калышты.
– Тамеки чегесиңби?
– Чегем. Чөнтөгүнөн сигарет алып сунган Азирет тигиге чылым түтөтүп берди да, бет маңдайына отурду.
– Сен чекпейсиңби?
- деди Азамат.
– Жок, чекпейм.
– Аскат да чекчү эмес. Экөө көпкө унчукпай отуруп калышты.
– Мен Аскат тууралуу билгим келет. Элдер экөөңдүн жакын дос болгонуңарды айтышат... Азаматтын чекеси тырыша түштү. Туура, жакын дос болгондугу чын. Тээ бала бакчадан Аскат, Азамат, Нурбек жан достордон эле. Кийин бир мектепте, бир класста окуп калышты. Ушунча ынтымактуу эле алар. Бирок Бегимай алардын жашоосунда пайда болушу менен Азамат өзгөрдү. “Эмне үчүн бардык жактан Аскат эң мыкты болушу керек? Окуудан да, спорттон да, атүгүл сүйүүдөн да ал жолдуу...” деген ичи тардык кийин жек көрүүгө айланып кеткен. Кийин мобу асты-үстү бетон, кай жакты карабасын темир тор болгон жайга келип түшкөндө гана өзүнүн жаңылганын түшүндү. Ошондой сокур кызганыч, ичи тардык болбогондо,
ошол каргашалуу кечте экөө урушуп кетпегенде минтип бул жерде отурбайт эле. Азамат сигаретин дембе дем соруп алып, акырын үн катты.
– Аскатты менден жакшы билгендер бар. Эмне үчүн мага келдиң?
– Мен чындыкты билгим келет.
– Чындыкты билдиң дейли, анан эмне кыла аласың? Колуңдан не келет?
– Аракет кылам, келбесе да...
– Чындык керек болсо, сага айтайын. Бирок мени сенден бир нерсе үмүт кылып жатат деп ойлобо. Жөн гана Беманы сыйлагандан сени менен сүйлөшкөнгө макул болдум.
– Чырдын башы Бегимайда болчу дечи... Сезип турам!
– Балким, Бегимайда чыгар, балким, өзүбүз эле тил табыша албай калгандырбыз.
Кандай болсо да... Азамат ошол түнкү болгон окуяны ийне-жибине чейин айтып берди. Эч нерсени жашырган жок. Эң акырында “мен аны өлтүргөн жокмун. Бегимай – мен үчүн эң кымбат адам. Бирок ошол кымбат адамым үчүн да бул ишти кылмак эмесмин. Чыныгы кылмышкер мен эмес. Мен да бул тууралуу көп ойлондум. Менин оюмча, бул иш тууралуу Аскар байке билет. Сен чындап киришсең, кылмышкерди Аскар байкеге жакыныраак адамдардан изде...” деп айтты.
ХХХ
– Апа, атам менен эмне деп сүйлөштүңүз?
Азирет апасына тынчсыздана карады. Анын ооруп жатып калганына караганда ортолорунда оор сөз болгон.
– Апа дейм...
– Аны эмне кыласың? Андан көрө кайда жүрдүң күнү кечке?
– Бема менен түрмөдө жаткан бир шордууга барып келдик. Ал Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү деп 7 жылды мойнуна илип алып кете бериптир. Мариямдын жүрөгү шуу дей түштү. Бүгүн минтип түрмөгө барса, эртең дагы бир чуулгандуу ишке аралашат. Тезинен алып кетпесе болчудай эмес.
– Ази, баарын токтот, эртең кетебиз. Мунун баары бир көргөн түштөй унутулат. Суранам, уулум, жүрөгүм бир нерсени сезип турат. Кетеликчи...
Апасынын түрү ага күлкүлүүдөй сезилди. Андан да “мени дагы деле бала көрүп жатат” деген ой болуп таарына түштү да, чалкасынан түшө керебетке суналды.
– Ази...
– Мен эч кайда кетпейм, апа. Балким, окуумду да бул жактан улантармын.
Атам мага ылайыктуу иш карап көрмөкчү болгон. Мен кетпейм... Кете албайм, апа. Мен бул жерден көп нерсе таптым. Кайда болбосун, мени кимдер курчабасын,
жалгыздык деген нерсе жанымды кыйнай берчү. Мен бул адамдардан бир жылуулук, жакындык таптым, апа. Атам, Бема, Алинка, атүгүл Аскаттын досу Азаматтан бир жылуулук таптым. Апа, ал жакка барыштын сага деле кереги жок. Бул жактан деле сонун иштей бересиң. Мариям уулун тиктеп турду да, күлүмсүрөп койду. Чунак бала, бул жактан кете албаганынын бир гана себеби – тиги кыз экенин мойнуна алгысы жок.
– Болуптур, калдык деп коёлу... А кайда жашайбыз?
– Атамдыкында.
.. Анын укмуш үйү бар. Аялы экөө гана жашайт. Мен да алар менен жашабадымбы.
Бул тууралуу атам менен сүйлөшүп койгом,- деди камырабаган Азирет.
– Макул, анда мага билет алып кой. Эртең учам.
– Апа?
– Сен өмүр бою издеген жылуулукту таапсың. Эми сага менин эмне керегим бар? А мен... Менин ордум башка, балам... Мен кетишим керек. Мариям уулун алып кетүү максатын көздөгөн эле. Аскар менен жолуккандан кийин уулуна болгон анын таасиринен андан бетер чочулай баштады. Мен кетсем, аркамдан келет деген акыркы үмүтү эле. Бирок Азирет сыр алдырбай ордунан туруп, сыртка бет алды.
– Сен кайда?
– Менби? Атамдыкына.
.. Андан чыгып сага билет алам. Эч нерсе болбогондой ышкыра чыгып кетти. Азирет апасын жакшы билчү. Ал эч качан өзүн таштап башка өлкөдө жашай албасын билер эле. Сыртка чыгып, апасы өзүн балкондон тиктеп турганын далысы менен сезип, мыйыгынан жылмайып койду. “Билет алып кой” дейт. Кайра сатышка туура келсе керек, алып койсом...”
ХХХ
Аскар Азиретти көрүп сүйүнүп кетти.
– Кел, азыр эле чай ичейин деп жаткам. Кандай ал-акыбал?
– Жакшы эле.
– Апаң качан жолго чыгайын деп жатат?
– Жакында...- табышмактуу сүйлөгөн Азирет атасынын жүзүнө тигиле калды. Бул көз карашта “чындап эле анын кетишин каалайсыңбы?
” деген суроо турган эле.
– Мен.. тиги... Сен жок үй аңгырай түшөт экен. Апаң кетсе, сен бул жакка келесиң го деп жаткам.
– Мага да Беманын үйүнө апамды алып барган ыңгайсыз сезилип жатат. Ошондуктан сиз менен эркекче сүйлөшөйүн дегем.
– Айта бер, балам.
– Апам сенин үйүңдө, менин жанымда жашашын каалайм! Аскар таң кала карап калды. Мындай нерсе оюна да келген эмес. Не деген оюнду баштаган турат бу бала? Азирет куулана тамагын кыра жөтөлүп алды да, сөзүн уланта берди.
– Апамды бул жакка алып калгым келет. Өзүм иштеп тапканча бул үйдө жашап турсак болот да... Ансыз деле 3 кабат үйдө экөөң эле турасың. Орун кенен, апам жанымда.
– Уулум...
– Капа болбо, биз Аидага ыңгайсыздык жаратпайбыз.
Мен өзүм иштеп тапкан соң үй сатып алып, апамды алып кетем. А балким, тиги жактагы үйүбүздү сатабыз. Бирок азырынча бул үйгө жашап турганга неге болбосун?
– Мен силерге мындан мыкты үй сатып бергенге күчүм жетет.
– Мен сени менен жашагым келет, ата! Сени дагы жакшылап билгим келет. Бул эки ооз сөз бардыгын, кийинки тагдырын чечип коёрун билген жок Азирет. Жөн гана колдору менен столду черткилеп, жайдары тиктеп турду. Аскар бир топ ойлонуп турду да, чечкиндүү үн катты.
– Макул, апаң макул болсо эле болду. Аида менен өзүм сүйлөшөм. Эң негизгиси, уулум жанымда болсо болду.
– Уулуңа да эң негизгиси сен болсоң болду. “Оппа, бардыгы менин планым менен кетип баратат. Мынчалык оңой чечилерин ойлогон эмес элем” ушинтип ойлогон ал чай көтөрүп кирип келген Аидага жеңиштүү тигилип, көзүн кысып койду.
Тагдыр оюну
#41 18 June 2015 - 19:28
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#42 18 June 2015 - 20:40
Ушул чыгарманы окуган сайын журогум кысылып кетет. Жонокой тил менен жазылса да менин жан дуйномо озгочо таасир калтырган. Эмнеге билбейм
#44 19 June 2015 - 09:37
Азиреттин суранычы менен Аскар Азаматтын ишин кайрадан каратууга макул болду. Балким, көңүлүнүн түпкүрүндө анын күнөөсү жок экенин ал деле билсе керек. Бирок уулунан жаңы айрылган учурда ага баары бир болчу. Азаматтын күнөөсү барбы же жокпу, териштиргиси келген эмес. Дүйнөгө, адамдардын кайгысына кайдигер карап калган эле. Өз уулун жоготуп жатканда башканын уулу тууралуу ойломок турсун, дүйнөңдү сел алсын дегендей абалда эле. Азирет “ата, өз башыңдан деле өткөн экен. Сени да бир кезде күнөөсү жок эле түрмөгө салып коюшса, анын абалын менден да жакшы түшүнүп турасың. Ал жигит менен жолугуп келдим. Менимче, ал – ак. Эгерде аны чыгарып алсак, чыныгы кылмышкерди табуу да оңой болчудай” деп кайра-кайра айтып жатты. Акыры Аскар Азиреттин сөзүнө муюду. Бул иштин башталышы гана болчу. Азирет эми Аскаттын ар бир досуна жолугуп, ал тууралуу билгенге аракет кыла баштады. Бирок ага ачык кастарын тиккен деле адам жок экенин билди. Эч кандай илинчек таппаганынан улам окуя болуп өткөн жерге, Ысык-Көлгө жөнөмөк болду. Бирок ага чейин апасын жайгаштырышы керек. Антпесе көңүлү тынгыдай эмес.
– Апа, мен экөөңдүн тең уулуңмун. Андыктан экөөңө тең керекмин. Мени экиге бөлүп ала албагандай эле, экөөңдүн тең мага болгон сүйүүңөрдү бөлө албайм. Мен атама да, сага да керекмин азыр. Эмнеге чогуу жашоого болбосун?..
– Дагы эмнени баштаганы турасың, уулум? Тынч эле кетип калалычы, суранам. Эмнеге минтип көжөлүп жатасың? Экөөбүз жаман жашадыкпы?
– Апа, мен сенден эч качан эч нерсе сурап көргөн эмесмин. Ушу суранычым биринчиси да, акыркысы да болсун. Андан да биз ал жакка түбөлүккө калып жаткан жокпуз да. Мариям эч нерсеге түшүнө албай турду. Анын жашоосу минтип түп тамырынан өзгөрүп кетишине өзү да даяр эмес эле. Бул учурда Аскар менен Аиданын ортосунда да айыгышкан күрөш жүрүп жаткан. Азирет менен Мариямдын бул үйдө турарын укканда Аиданын көздөрү чоңоюп кетти.
– Кандайча?
– Азирет менин үйүмдө, жанымда болушун каалайм. Ал болсо апасын жалгыз таштабасын айтып жатат. Бул аз эле убакытка, анан өздөрүнө үй сатып берем,- деди Аскар токтоо гана.
– Сенин азыр деле сатып берип койгонго мүмкүнчүлүгүң бар го... Аиданын муздак каректери жарк эте жаалданып кетти. Биринчи жолу чектен ашып кыжырланып, эмоциясын жашыра албай турганы ушу.
– Түшүнсөң, мен уулумду 21 жылдан кийин таптым. Анын өзүмдөн алыс болушун каалабайм. Аны күндө көрүп тургум келет. Эртең менен чогуу тамак ичип, кечинде коңшу бөлмөдө уктап жатканын сезгим келет. Аскатты жоготуп алгандагы абалымды билесиң.
– А мен тууралуу ойлонуп көрдүңбү? Сенин мурунку аялың менен чогуу жашай албасымды түшүнөсүңбү? Аскар ага кайдигер тигилип койду. Оюнда “ал биринчи сени менен турууга макул болот болду бекен? Азыр мени ошол нерсе көп тынчсыздандырып жатат!” деп санаасы сапырылып жатты. Мойнуна алышы керек, канча жыл бул аялга деген жек көрүү муунтуп келсе да, жүрөгүндө бир ысык нерсе калган экен.
– Мен Азиреттин мында жашашына араң макул болгом. Өлдү деген адам эле маңдайымда көзүн бакырайтып турганына араң көнүп келе жатсам, эми мунусу... Жок, мен чыдай албайм. Аскар жаш аялды бир тигилип тиктеп токтотту. Көз карашында ушунчалык кыжырлануу, араң чыдап тургандай жатыркоо бар эле.
– Токтот! Баары мен айткандай, мен чечкендей болот! Эгерде көңүлүңө жакпаса, анда...- деп колун жайып коюп бөлмөдөн чыгып кетти. Мындайды күтпөгөн Аида шалдырай отуруп калды. Чын эле, эгерде каалабаса эмне кыла алат? Жок дегенде баласы болсо, сөзү чоңураак болмок. Азыр көңүлүнө жакпаган иш кылса, ажырашам дегенден кайра тарта турган түрү жок. Анда кайда барат? Жыргал турмушка, эч нерсени ойлобогон, эртеңки күндүн камы жок жашоого эбак көнүп алган. “Эмне үчүн Аскардан балалуу болуунун камын көргөн жокмун? Аскардан азыр балам болгондо бардык көзүрлөр менин колумда болмок. Эми эмне кылуу керек? Тиги аялдын бул үйдө жашашына жол беремби?” Аиданын мээси тынбай иштеп жатты.
ххх
– Кел, кош келипсиң, Мариям.
– Аскар, кечирип кой. Сага оордук кылайын же жашооңо кийлигишейин деген оюм жок эле. Бир ойлогонум Азирет...
– Мен дагы Азиретти ойлогонумдан макул болдум. Мариям башын чайкай жумшак күлүп койду.
– Эмне болду?
– Ал мага “бул идеяны атам айтты. Мен макул болдум” деген эле. Бирок демилге өзүнөн чыкканын айтпаса деле түшүнүп тургам. Уулумдун айлакерлигине күлдүм.
– Уулубуздун де, Мариям, уулубуздун. .. Аскардын үнү катаал чыкты. Мариям ага таң кала тиктеп алып, айласыз курч көздөрдөн тайсалдай карегин ылдый түшүрдү.
– Мени жек көргөн адамыңдан да жаман жек көрсөң керек, ээ?- деди акырын гана.
– Жок, мен сени көбүрөөк аясам керек. Аялдык акылсыздыктан үч эркектин тагдырын бүлдүрдүң. Сени аяйм, анткени Аскаттын жанында болгон жоксуң, анын кандай адам экенин, анын жеңиштерин, анын сүйүүсүн сезе албадың. Аскат – менин жашоомдогу эң чоң жеңишим жана бактысыздыгым. Эне катары...
- Аскар дагы кызуулана бир нерсе деп баратып, Мариямдын жүзүндөгү салаалаган жашты көрүп унчукпай калды.
– Уланта бер.
– Сен туура эмес кылгансың, Мариям. Барып турган акылсыздык. ..
– А сен менин ордумда болгондо эмне кылат элең? Эки баланын бирин бутуна тургузуп кетсем, ошо олжо дедим мен. Менин жалгыз эгиз балдар менен калган абалымды элестетсең. .. Бирөөнү күнөөлөш оңой, Аскар.
– Мен өлүп калбайт элем го. Сен мага ишенген жоксуң. Ак экениме ишенген жоксуң. Алдың да, баланын бирин таштай салып, бет келди качып жөнөдүң. А мен сени күчтүү аял деп ойлочумун. Болуптур, ал ал болду, эмне үчүн мага Азирет тууралуу айткан жоксуң? Эгерде бактылуу кокустук болбогондо, мен уулумду өмүр бою көрбөй калмак экенмин да, ээ? Ушул учурда эшик шарт ачылып, күлүп-жайнаган Азирет кирип келди. Анын аркасынан Аида...
– Апа, сенин бөлмөң менин оң жагымда, ал эми атамдыкы сол жагымда. Чыныгы керемет эмеспи...- деп келе жатып, тиги экөөнүн өңүн байкай калып токтоду.
– Эй, силерге не болду? Аскар ачуусун токтото берип, Азиретке күлүмсүрөй тиктеди.
– Эч нерсе, апаң Аскат тууралуу бир нерсени сурады эле, айтып берсем, ошого капа болуп турган кези. Мариям, таанышып кой. Бул – үйдүн кожойкеси, менин сүйүктүү жарым Аида. Аскардын үнүндөгү какшыкты Мариям гана эмес, Азирет да туйду. Мариям башын көтөрө берип, өзүн тикчие тиктеп турган Аиданы көрдү. Мариям өз учурунда психология илимин да жакшы өздөштүргөн. Алдында турган суйкайган келинди бир тиктеп эле кандай адам экенин түшүндү. “Эх, Аскар, жетер жериңе жеткен экенсиң да” деп ойлоп турду ичинен.
– Ата, азыр айтып коёюн. Апама бул үйдө эч кандай кысым көрсөтүлбөсүн, үй-бүлөнүн кадимки мүчөсүндөй кабыл алышыңыздарды сурайм. Болбосо, апам менен башка үй караштырууга туура келет. Эрте айтып коёюн дедим силерге. “На всякий случай” дегендей,- деп тамашалай сөзүн бүтүрдү Азирет.

#45 19 June 2015 - 09:39
– Азирет айтты, демек, бул – мыйзам,- деген Аскар уулуна мээрим төгө тигилип, далысынан таптап койду. Сыпайы сүйлөп, күлүп, ашканага чогуу бет алышты. Азил-чыны аралаш болгону менен, бардыгы жашоосунда чоң өзгөрүү болорун дилинде сезип турушту.
– Мен Ысык-Көлгө барышым керек. Сени кыйноонун кереги жок деп ойлоп, Алинага мени менен барып келүүсүн сунуштагам. Ал жакка барып келбесем, жаным жай алчудай эмес,- деди Азирет. Бегимай унчукпай угуп турду. Ошол каргашалуу окуядан кийин чындыгында эле Көлгө бара элек эле. Мына, эки жылдай убакыт өтсө да, ал кездеги өзүнүн абалын унута албайт. Бирок Аскатка тиешелүү нерседен өзүн тышкары алып жүрө албасын ойлоду. Анын үстүнө Алина менен Азиретти чогуу жиберүүдөн да чочулап турат. Кыз Азирет дегенде эт-бетинен кетип жакшы көрөт. А Азирет үчүн утурумдук көңүл ачуу болушу ыктымал. “Мен акыры курбумунбу же киммин? Алинанын жанында болгонум жакшы эмеспи мындай учурда. Экөөнө жакшы абал түзүп берем. Бирок Алинаны жаман жоруктан сактап калышым мүмкүн. Эгерде Алинка мени менен барса, албетте, экөөбүз чогуу номер алабыз” деп ойлоп турду.
– Мен дагы барам,- деди чечкиндүү.
– Макул, бирок сага оор болбос бекен?
– Акыры бир күнү баары бир барышым керек да. Качанкыга чейин ушинтип качып жүрөт элем? Силер менен барган мага алда канча жеңил болор.
– Болуптур анда, эртең менен жолго чыгабыз. Камынганга жетишерсиң дейм,- деген Азирет машинасын көздөй басты.
– Машинаң кут болсун!
– Аа, муну айтасыңбы, атам ушул дем алышта сатып берди. Сен машинаңды айдабай эле койсоң болот. Меники менен барабыз. Бегимай макул дегендей башын ийкеди. Азирет адатынча шоктоно көзүн кысып коюп машинасын учурта айдап кетти. Бегимай деми кысыла отуруп калды. Мына, бардыгы ордунда, баары жай жайына келип баратат. А Аскат келбейт. Кайрылбайт дагы. Адатынча жылуу сүйлөп, маңдайынан сылабайт. Жоготуунун орду толбос болду. Эртеси таң эрте Азирет, Бегимай, Алина болуп жолго чыгышты. Бегимай үн катпай, өз алдынча ойго чөмүлгөн. Шамалга чачы иретсиз жайылып, ак жүзүн жаап калып жатты. Алина адатынча шоктоно тамашаларды айтып, бир нерселерди Азирет менен кызуу талашып бара жатты.
– Болду эми, азыр күлө берип рулду башкара албай калам,- деди Азирет Алинанын кытыгылап жатканына чыдай албай.
– Анда мага да тийишпе.
– Бема, эмне тууралуу ойлонуп келе жатасың?- деди Азирет арткы орундукта отурган Бегимайга күзгүдөн тигиле.
– Жанатан бери уктап келе жатасыңбы десем, ойгоо элесиң. Же сүйлөбөйсүң. ..
– Мен силерди угуп келе жатам,- деди күлүмсүрөгөн Бегимай.
– Бема жакында жомоктогу кар канышасына айланып калбаса болду,- деди Алина ичи тарый. Ал Азиреттин көңүлүн өзү гана ээлегиси келип турду.
– Мен Аскат менен Көлгө келе жаткан күндөрүмдү эстеп жатам. Экөөбүз тынчтыкты жакшы көрөр элек. Билесиң го, Алина, силер тобуңар менен дискотекага кеткенде ал экөөбүз көл жээгинде кол кармашып басканды жакшы көрчүбүз. Ошол күндөрдү эстеп жатам.
– Айтып берчи, Бема, кулак сенде,- деди Азирет ойлуу түр менен.
– Нени?
– Силердин сүйүүңөрдү. Мен Аскат тууралуу уккум келет. Бегимай бир чети сүйүнүп кетти. Анан баяндай баштады. Өзүнүн да көз алдына ошол күндөр тартыла берди. Өмүрүнүн кереметтүү, кайталангыс күндөрүн эстеп, экөөнө муңайым жылмая айтып берип жатты.
– Көлгө көп жолу келсем да, ушунчалык кооздугун байкабапмын. Айды карасаң...- деген эле. Анда Бегимай айланага суктана карап, Аскат тамашалай свитеринин жеңи менен Бегимайдын жүзүн калкалай койгон.
– Кой, анда бетиңди жаап турайын. Сага Айдын көзү тийип кетпесин.
– Айдын ичине кыз кирип кеткен деп уккам. Балким, сага тигилип, суктанып жаткандыр,- деген анда Бегимай кызгана.
– Эй, стоп! Экөөбүз азыртадан эле бири-бирибизди кызганбаш үчүн мен өзгөчө жол таптым. Мына! Аскат чөгөлөй калып, чөнтөгүнөн кутучаны алып Бегимайга сунду.
– Ой, бул эмне?
– Ачсаң көрөсүң. Кутуну акырын ачкан кыз андагы бриллиант чөгөрүлгөн алтын шакекти абайлап сууруп алып, бакырая Аскатка тигилип калды.
– Бема, мен билем. Бул жашоо биз каалагандай жеңил эмес. Анда баары эле шыр болуп кетпейт. Оор күндөр болорун да билем. Бирок ошол оор күндөрдө да эч качан сени таштап кетпегенге, ар дайым жаныңда болгонго, сени коргогонго убада берем.
– Аскат, биз коё туралы деп чечпедик беле. Сен чет өлкөгө окууга кетсең, мен...
– Билем, бирок ичимдеги бир күч негедир мени шаштырып жатат. Ушул күнү, ушул Айдын алдында колуңду сурап калбасам, жетишпей калчудаймын.
– Макоом десе, сенден эч кайда кетпейм.
– Билем, макул дечи.
– Макул, макул, миң жолу, жүз жолу макул. Кыз жигиттин мойнуна асыла кетти. Аскат Бегимайдын колуна шакекти салып, саатын карап, жылмайып алды.
– Саат 12ден өтүптүр. Демек, сени туулган күнүң менен куттуктай берсем болот экен.
– Эртең достордун баарына айтабыз, ээ?
– Папам катуу сүйүнөт. Акыркы убакта “үйлөн” деп эле шаштырып жатат.
– А меникилер капа болот. Атамдар мени жанынан чыгаргысы келбейт эмеспи.
– Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын! Бегимай “азыр мен дүйнөдөгү эң бактысыз адаммын” деп бүтүрдү эскерүүсүн. Ошентип, алар тез эле Көл кылаасына жетип келишти. Пансионаттарда эл азайып калган кез болчу. Үчөө “Голубое море” пансионатына токтошту. Бул жерге токтоону Азирет мурун эле ойлонуштуруп койгон. Аскат тууралуу изилдегенге ыңгайлуу болсун үчүн... Кыздарды номерлерине жайгаштырып коюп, өзү сыртта басып жүрдү. Пансионаттын короосун шыпырып жүргөн кароолчу абышка ага күлүмсүрөй карап калды.
– Ассалом алейкум, балам. Жанатан бери эле ары-бери басып ойлонуп жүрөсүң. Сендей жаш кезде да ойлонобу адам деген?..
– Жок, байке, ойлонгон деле жерим жок. Бир нерсени эстей албай жатам,- деп ары басып бара жаткан Азирет кайра кайрылып келди.
– Кечиресиз, сиз канчадан бери иштейсиз бул жакта?
– Көп болду, 15 жылдай болуп калды. Не болду?
– Мындан эки жыл мурун бул жерде бир жигит кайтыш болгон. Эсиңиздеби? Кароолчу аны чолуй карап алып, жооп бербестен шыпыргысын алып ары басты.
– Байке...
– Жок, андай эч нерсе эсимде жок!- чорт жооп берген кароолчу басып кетти. Жеңил кийим кийип чыккан кыздар өзүн издеп калганын көрүп, Азирет аларды көздөй басты.
– Жүрү, көлгө түшүп бир сергип келбейлиби, - деди Алина.
– Силер бара бергиле. Мен артыңардан барам,- деди Азирет. Азирет эч нерседен табылбаган жиптин учугун табам деп келген бул жакка. Эртеси райондук милиция бөлүмүнө, анан дагы башка адамдарга кайрылышы керек. Ага чейин бир аз ойлорун жалгыз отуруп жыйынтыктап албаса болбойт. Кыздар менен чогуу болгусу келбеди. Экөөнүн ортосундагы мамиле сууп кетишин каалаган жок. Көл жээгинде жалгыз бир караан Бегимайды көздөй келе жатты. Караан улам жакындаган сайын тааныш сезиле берди.
– Аскат!
– Менмин,- деди кадимкисиндей жайдары күлгөн жигит.
– Сагындым сени, мынча неге кыйнадың?- деди кыздын көз жашы төгүлө.
– Мен дайым эле сенин жаныңдамын, болгону, сен сезбейсиң. Бул жакка ырас келдиң. Экөөбүз жолукчу жай ушул жер... Бегимай аптыгып кетти. Аскаттын кучагына жыгылып, аптыгып ыйлай берди. Тим эле көз жашы дайра болуп агып жатты.
– Сени сагынбадымбы, жанымды коёрго жер таппай кыйналганымды билсең кана! Эми эч качан айрылышпайлыкчы. Мени жалгыз калтырбачы.

#46 19 June 2015 - 09:42
– Карачы, бугуң көкүрөгүңө жыйыла берип кыйналып кетипсиң,- деген Аскат аны бооруна кысты. Ошондо гана Бегимай Аскаттын кучагы муздак экенин байкады.
– Өзүңдү токтот деп канча айтам? Сен такыр мени укпай турган болдуң.
– Сени унута албадым. Кандай жаралган адам элең? Мендеги тирүү нерсенин баарын өзүң менен ала кетип, сөлөкөтүмдү эле калтырып койгонуңду билсең...
– Азирет! Ал сага жардам берет...
– Азирет?! Жо-ок! Таштаба мени ага, таштаба... Бегимай кыйкырып жиберди да, түшүнөн чочуп ойгонуп кетти. Анын кыйкырыгынан Алина да тура калды. “Аскат... Азирет... кандайча?” деп өзүнчө күбүрөп жаткан Бегимайды таң кала тиктеп калды.
– Сага эмне болуп кетти? "Азирет" деп кыйкырып тура калдың го.
– Эч нерсе. Сен укта, уктай бер. Бегимай башын кайрадан жаздыкка коюп, канчалык уктаганга аракет кылса да көзү ирмелбей койду. Көлдүн жээгине келип, кумду салаасына салып, кайра чууртуп отура берди. Канча отурду ким билсин, кимдир бирөөнүн кадамынан чочуй баш көтөрдү. Азирет экен. Ал жай жанына келип отурду да, Бегимайды аяй тиктеп алды. Анын бул көз карашынан кыздын жини келип кетти.
– Эмнеге келдиң?!
– Алина сенин чыгып кеткениңди айтты. Ал тынчсызданып жатат. Жүрү, номерге баралы.
– Жайыма койгулачы мени. Менде эмнеңер бар? Өз жашооңор менен жашагылачы! ..
– Токтот! Ордунан ыргып турган Бегимай бет келди чуркап жөнөдү. Аркасынан чуркаган Азирет жетип келди да, колунан катуу булка тартып токтотту. Эч качан эч кимге мынчалык ачууланып көргөн эмес. Көздөрүнөн түшүнүксүз учкундар учуп, башкача жинденип алыптыр.
– Катуу кармап жатасың, колум ооруп кетти, коё бер.
– Токтот дедим! Жетишер эми, качанкыга чейин кыйналасың? Эч нерсени кайрып ала албагандан кийин жашооңдун ал барагын жаап салганга кудуретиң жетпейби не?- деди энтиге.
– Коё бер колумду...- деди чыйрыга сүйлөгөн Бегимай. Тиги ого бетер колдорун сындырып жиберчүдөй булкуп, каруусунан карыштыра кармады.
– Жиндисиңби эмне?- не таң калганын, не ачууланганын биле албай калды Бегимай.
– Сен сыртыңан гана күчтүү көрүнөсүң. А түпкүрүндө алсыз адамсың. Аскаттын көлөкөсүнө айлангансың. Ал өлүп калгандан кийин өз алдыңча жашай албай, өз алдыңча кете албай жатасың. Сүйүү-күйүү эмес бул. Сен жөн гана реалдуулуктан коркосуң! Сага мен мурун эле айтайын деп жүргөм. Мына ушундай! Эми бар, өзүң бил, жаңы турмуш менен жашайсыңбы же Аскаттын аркасынан өлүп аласыңбы, өзүң бил. Мага эми баары бир... Бегимай оозун ача чоң-чоң аттап бара жаткан Азиреттин аркасынан карап туруп калды. Мынчалык жаны кашайганча жини келгендей эмне жорук кылганын түшүнбөй турду. Көл жээгинде калган кызга кылчайып да койбой Азирет кетип калды.
– Бема кана? Эмнеге аны алып келген жоксуң?- деди алдынан чыга калган Алина. Ал дагы эле тынчсызданып жата албай жүргөн экен.
– Аны не кыласың, жайына кой. А сен номериңден уктай албай жатсаң, меникине кел.
– Кандайча сеникине?.. Азирет ага кыжалаттана тиктеп алды да, бир нерсе деп айтайын деп баратып “эй, башымды оорутпагылачы” деп күңкүлдөй номерине кирип кетти.
ххх
Эртеси ал райондук милиция бөлүмүнө жөнөдү. Аскаттын ишин иликтеген райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы дагы деле ордунда экен. Азиретти бүшүркөй тигилип турду да, жөн жайын айтканда кыйпычыктай баштады.
– Эми андан бери 2 жыл өттү. Кылмышкер өз жазасын алды дегендей...
– Мен ал тууралуу баарын билем. Билбеген нерселерди сурап турам. Ошол түнү күзөттө болгон абышканын айтуусунда, кылмыш болгон жерге сен биринчи келген экенсиң.
– Ооба, бирок...
– Эмне бирок?
– Биз жогоруларга баш ийебиз да. Аскар Токтосуновичтин баласы болгондуктан, муну начальнигибиз, подполковник Мукашев өз колуна алган. Азирет тигинин ары-бери жүгүрүп жаткан көздөрүнөн, кубара түшкөн өңүнөн бир нерсе жашырып жатканын сезди. Жайланыша отуруп, көйнөгүнүн жакасын ачып желдетип алды.
– Күн катуу ысып кетти, ээ, майор? Жүрү, экөөбүз салкын жерде, көл жээгинде шам-шум этип келеличи. Каршы эмессиңби?
– Иш ордунда элем...- деди кысылган майор.
– Эмне, силер түшкү тамак да ичпей иштейсиңерби? - деди тамашалай көз кыскан Азирет. Бир аз убакыттан кийин эле экөө көл жээгинде отурушту. Дегеле мындай сыйды көрбөгөн майор курсагы жарылганча тамак да, шарап да ичип жатып мас болуп калды. Азирет тор жайган балыкчыга окшоп суроо берип отурат.
– Ошол түнү адаттан тышкаркы эч нерсени байкабадың беле?
– Мисалы?
– Мисалы, атайын экспертиза жүргүзүп жатканда... Майор ойлоно башын кашып калды. Жүзү чечкиндүү боло калып, Азиретке жакын отурду.
– Бар, бир нерсе... Бирок бул үчүн башымдан айрылып калышым мүмкүн.
– Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү эч ким билбейт деп жатам го. Мен эгизимди ким өлтүргөнүн гана билгим келет. Андан ашык эч нерсе...
– Экспертизадан көп нерсе табылган. Бирок тиги жигитти мойнуна алдырып коюшкандан кийин подполковник “бардыгын жогот, кокуй. Бул иштин тынч бүтүп кеткенине сүйүнөлү. Эч кимге ооз ачпа” деген. Ошондуктан тиги досу мойнуна алган боюнча шашылыш ишти жаап салганбыз.
– Ал дароо мойнуна алды беле?
– Жок, бирок... Майор эми гана эмнени жобурап салганын түшүндү окшойт, чекесинен чыпылдап кеткен терди алаканы менен аарчый берди.
– Сен эч нерседен коркпо. Айта бер,- деди анын көңүлүн уламакка Азирет.
– Менимче, Аскатты эки адам өлтүргөн. Же биринчи бирөө келип, кийин экинчиси келген. Айтор, ошол убакта бөлмөдө эки адам болгону анык. Биз “бычак сайып кеткен” деген гана версия менен токтогонбуз. Бирок алгач ага күчтүү уктатуучу дары берилген.
– Себеп?
– Ал оңой менен бирөөгө бой бере турган жигит эмес болчу. Спортсмен, кара курдун ээси, эки жолку Азия боюнча чемпион... Айтор, уктап жатканда кол салбаса, ага бир адамдын күчү жетмек эмес. Ошо, ага апельсин ширеси куюлган идиште аял кишинин бармак издери калган.
– Кандайча аялдын бармак издери? Азиреттин бүткөн бою дүрүлдөп чыкты. Шарт ордунан тура калып, тигиге курч көздөрү менен тигиле берди. Тиги байкуштун оозунан сөзү түшүп калды.
– Айт эми, аягына чейин,- деди демиккен Азирет.
– Менин оюмча, аял Аскатты жакшы билген адам. Ал муздаткычтан алып, жатар алдында дайым суу ичип уктаарын билген. Андыктан ага уктоочу дарыны кошуп койгон. Андан кийин гана башка адам келген. Анткени бычакта эркек адамдын бармак издери калган. Уктап жаткан учурда бычак менен үч жолу жүрөк тушка сайган. Мунун баарын подполковникке айтып бергем. Бирок ал “мен уктум, бул дөөдүрөгөнүңдү, башка адам укпасын. Баарын курут” деп буйрук кылган. Мен...
– Ошондо азыр сенде экспертизанын корутундулары барбы?
– Жок, дароо жок кылгам.
– Кандайча? Силер...- сөз таба албай туттугуп турду Азирет. “Мында бекер келбеген экем. Эми мага жеңилирээк болот” деп ойлоп турду. Майордун жалдырап “үй-бүлөмдүн убалынан корк. Сага азыр айтканымды эч кимге айтпа” дегендерин араң чыдап угуп, макул боло баш ийкеди. Аны үйүнө таштап коюп, пансионатка келди. Кечки тамак ичүүгө кирип келген Азиретти көргөндө Алина сүйүнгөнүнөн ордунан тура калды. Бегимай бир кылчайып карап алганы болбосо, ошол боюнча башын көтөргөн жок.
– Кайда жүрдүң күнү кечке?- деди Алина ага ыктай отуруп.
– Иштер менен.

#47 19 June 2015 - 09:44
Азирет Алинага жооп берип жатканы менен, көзүн Бегимайдан албай бир башкача тиктеп турду. Оюнда “катуу таарынып калбады бекен кечээкиге?” деп бушайман. Бегимай тунжураган калыбында нанды сындырып алып, тамагын шашпай жей берди. Маңдайлаш отурган адамдан көзүн буруп кетүү кыйын эмеспи. Азиреттин оттуу көздөрүнө көзү чагыла берип, тамагына нан тыгылып кала жаздады. Азирет күлүп жиберди.
– Эмне мынчалык карайсың?- деди кыз ызалуу, Алина шире алып келгени туруп кеткенден кийин.
– Сени караган жокмун. Терезени тиктеп жатам... Азиреттин кайдигер жообу Бегимайды өзүнөн чыгарып жиберди. "Оңбогур, качанкыга чейин адамды жинди кылат? Ыза кылгандан рахат алабы бул өзү?.." Бегимай эмне кыларын билбей туттугуп кетти. Колундагы вилканы таштап жиберди.
– Сен кандай жинди немесиң? Мени эмне эрмектейсиң сен?! Мен сени жек көрөм, уктуңбу? Жек көрөм! Сенин жаныңда беш мүнөт да тургум келбейт,- деп кыйкырып алып чыгып кетти. Азирет ийинин куушурган боюнча ордунда кала берди.
– Дагы эмне болуп кетти экөөңө?- деди Алина таң кала.
– Эрке кыз да. Мен болгону чындыкты айтсам, ошону көтөрө албай жүрөт. Бүгүн кандай эс алдыңар?.. Алина жан дили менен бүгүнкү күнүн айтып берип жатты. Анда-санда гана башын ийкеп, жасалма күлгөнү менен, Азиреттин көңүлү таптакыр башка жакта эле.
ххх
Бул учурда Аскардын үйүндө да бир катар окуялар болуп жаткан. Мариям келгенден бери Аскар менен Аиданын мамилеси таптакыр бузулду. Бир караган адамга анчейин эч нерсе болбогондой туюлганы менен, экөөнүн ортосундагы жарака дагы тереңдей түштү. Столуна үңүлүп кагаз жазып отурган Аскардын жанына келген Аида анын далысына назик колдору менен жеңил массаж жасап кирди. Эсеп-кысабынан башын көтөргөн Аскар ага таң кала тиктеп алды.
– Бир нерсе болдубу сага?
– Сени сагындым. Канчадан бери...- деп шыбырай кылгыра тигилген Аида бөлмөсүнө карай баш ийкеди.
– Аида, бүгүн сенин иштериң бар эмес беле?.. Узун колдору менен галстугун бошотуп, жаагынан сылай берген Аида ордунан чайпала туруп, ой-боюна койбой бөлмөсүнө сүйрөп жөнөдү. Бир топтон кийин Аскар энтиге дем ала ордунан турду да, шуу үшкүрүп алды. Тозок деген ушу экен да, көңүл азгырыгы дейбизби, дене талабы дейбизби, ошол нерсе гана аткарылып, көкүрөгү жайдакталып бош калат, мындай түндөрдөн кийин. Жаш колуктунун жасалма кылыгы эмес, жашоосунда чыныгы жакындык, берилүү керек эле да ага. Аны Аида кайдан билсин, Аскардын жанын ого бетер кыйнап, сагыздай жабыша бермей өнөр таап алды. Кантсе да Мариямдын таасирине берилип кетет деп ойлойт окшойт. Бирок Аскар менен Мариям бир үйдө жашап жатат деген аты гана болбосо, бири-бири менен таптакыр жолукпай, эгерде кокус жолугуп калышса, жат адамдай баш ийкешип өтүшчү. Көпкө чейин ошентип жүрүштү. Мариям табиятынан бош отура албаган энергиялуу адам эле. Заңгыраган үйдүн ичинде тажап кеткендиктен, өзүнө жумуш таап алды. Ар түрдүү гүлдөрдү алып келип, бош турган жерлерге өстүрүп, аларды баласындай карап, өзүнчө эле убара. Жумушуна чыгып бараткан Аскар чарбак жакка кокусунан баш бага калып, топуракка кык аралаштырып, өзүнчө кобуранып жаткан Мариямды көрдү.
– Бош турганча гүл эгип коёюн дедим.
– Хм, анда сага жардам кылганга бир адам жиберейин.
– Жок, кереги жок. Ансыз деле жетишем. Азирет келгенче эрмек кылайын дегем. Баса, чарбактын бир топ жери бош экен го. Менин оюмча, ал жакка алма, өрүк тигип койгон жакшы. Бир аз жылда эле мөмө байлай баштайт. Ким билет, балким, ага чейин үйдө жаш балдар да болуп калат чыгар. Мындай ой Аскардын башына таптакыр келбептир. Сүйүнүп кетти.
– Туура айтасың. Мен эртең эле жигиттерди жиберип, көчөт алдырайын. Мариям жылмайып койду. Мурункусундай эле шашмалык жайы калбаптыр. Шашканынан азыр күз жакындап калганын да байкабайт.
– Көчөттү жазында отургузуу керек. Жазында Азиретке арнап отургузуп кой. Бирок жакшы тилектерди айтып, өз колу менен тигиш керек адам.
– Ооба, чынында, жазында тигет эмеспи. А бирок сен неге күзүндө тигип жатасың?
– Бул күздө тигилчү гүл. Жаз менен баш көтөрүп калат. Андан ары экөө тең эмне дээрин билбей калышты. Мындан ары сөзү болбосо да Аскар кетип кала албай тура берди. Ал Мариям тууралуу көп нерсе билгиси келчү. Өзүнөн кеткенден кийин кандай жашоодо жашады? Анын жашоосунда кимдер болду? Азиретти кантип чоңойтту? Канчалык көңүл бурбай коёлу деген менен, ортолорунда көп нерсе бар болчу.
– Эмне туруп калдың? Бара гой, жумушуңдан кечигесиң... - деди аста үн каткан Мариям. Өз үнүндөгү жылуулуктан өзү да чочуп кетти. А Аскар... Ушу эки ооз сөз анын дүйнөсүн ала салдырып жиберди. Туура, көп аял болгон жолунда, бирок алардын бири да өзүнө Мариямдай камкор, сый, аруу мамиле жасабаган экен.
– Рахмат!- деди жылмая. Экөө терезеден жек көрө тигилип турган Аиданы көрүшкөн жок.
ххх
Алина кирип келсе, Бегимай кийимдерин чогултуп жаткан экен.
– Мен кетем,- деди ал.
– Кайда кетесиң?
– Шаарга.
– Азирет “таң атпай шаарга чыгабыз” деди. Азыр кеч болуп кетти, эртең чогуу кетебиз.
– Жол тосуп эле кетем. Анын жанында бир мүнөт да чыдап тура албайм,- деген Бегимай курбусунун сөзүн уккан да жок. Номерге кирип келген Азирет Бегимайдын сумкаларын көрүп, таң кала токтоду.
– Биз эртең кетебиз деп айтпадымбы.
– Мени менен эмне ишиң бар?!- жини келген Бегимай кийимдерин жыйнаштырганын токтоткон жок. Кыз өжөрлөнүп алганын көзүнөн байкаган Азирет алаңдап турган Алинага да ээк какты.
– Сен да жыйнала бер анда. Азыр чыгабыз.
– Биздин бир күнүбүз бар го али... Бема, эми көлгө качан келет элек? Курбусунун жалооруган көздөрүн карап туруп Бегимай аста башын ийкеди. Түн ичинде уктап жаткан Азирет кимдир бирөө бетинен сылап жатканынан ойгонуп кетти. Көзүн ачып, маңдайында турган Алинаны көрдү.
– Сен кайдан? Эмне болуп кетти?..
– Ази... Кыз буулукту. Бул адамды жанындай жакшы көрүп калганын кантип айтат? Эмне деп түшүндүрөт?
– Мен... мен сени...- мукактанып турган кыздын абалына боору ооруп кеткен Азирет тура калып бооруна кыса берди. Карылуу эркектин кучагында жүрөгү дүкүлдөгөн Алина сезимин башкара албай калды. Азиретти өпкүлөп, жалынып, эмне деп айтып жатканын да билбейт. Өзүн жулка кармап, силкип токтоткондо гана өзүнө келди.
– Азирет...
– Алина, сени түшүнүп турам, бирок сен да мени түшүнгөнгө аракет кыл. Мен сени сыйлайм, балким, жакшы деле көрөттүрмүн. Бирок сен күткөндөй чоң сезим менен жооп бере албайм. Мен башканы сүйөм.
– Беманыбы? Азирет башка эмес, өзү мойнуна толук ала электе бул ысым башка бирөөнүн оозунан чыгып турганына таң калды.
– Сен кайдан билесиң?
– Сокурга деле дайын болуп турбайбы. Бирок баары бир үмүт кылгам. Ишенгим келген эмес... Экинчи жолу Бегимай менин жолумда турат деп ишенген эмесмин.
– Аскатпы? Сен дагы аны жакшы көрчү белең?
– Аны сүйбөй коюуга мүмкүн эмес эле. Биздин компаниядагы бардык кыздар ага ашык болуп чыгышкан. Менин ага болгон сезимим деле убактылуу болчу. Бирок сен... Сен жан дүйнөмө терең орун алып алдың. Сен... Кыз эрдин кесе тиштеп туруп калды. Азирет эки аттап жетип аны кайрадан бооруна кысты. Ага жабыша кучактап ыйлап жаткан Алина:
– Ал баары бир сеники болбойт, ал Аскатты баары бир унута албайт. Мен Беманы билем го...- деп солкулдап жатты.

#48 19 June 2015 - 09:51
– Мен билем, Алина. Бема мени сүйбөйт. Кечээ буга көзүм жеткенде өзүмдөн чыгып ачууланып кеттим. Билесиңби, аны сүйүү оор, бирок сүйбөй коюу да мүмкүн эмес. Мен аны жакшы көрөм. Ар бир кыймылын жакшы көрөм. Тамак жегенин, уктаганын, сүйлөгөнүн сүйөм. Кээде кусалуу жылмайып, тиктеп калса жинди болуп кете жаздайм. Баарынан да өлгөн адамдан, өзүмдүн бир тууганымдан кызгануу оор экен. Мага оор, аябай оор болуп кетти.
– Болду, эч нерсе деп айтпачы, Кудай жалгагыр, эч нерсе дебечи,- деген Алина ыйлаган боюнча өз номерине чуркап кетти. Демейде күлкүлөрү тыйылбаган Алина менен Азирет жол бою унчукпай келе жатканын байкап, Бегимай таң калып койду. Акыры чыдабай кетти.
– Силерге эмне болгон? Же мен бир нерседен куру калдымбы? Экөө дагы деле үнсүз. Ал тургай бирин-бири карашпайт.
– Тобо, оозуңарга талкан салып алгансыңарбы? - дегенде экөө тең күлүп жиберишти.
– Биз сени тамашалап жатканбыз. Кандай экен, бир чекитти тиктеп үнсүз кете берген,- деди Азирет ага жылмая. Анан акырын кошумчалап койду.
– Атам чалды эртең менен. Азаматты бүгүн чыгарышат экен түрмөдөн...
– Рахмат сага!- деди Бегимай.
– Эмнеге рахмат?
– Сен болбосоң, ал дагы канча жыл отурат эле, ким билсин? Бегимай дагы бир топ нерселерди айткысы келди. Бирок...
xхх
Азаматтын иши кайрадан каралып, акталып чыкты. Бирок чыныгы кылмышкер ким? Жиптин түйүнү ушунда. Эртең менен чай ичип отурушкан Аскар менен Аиданын жанына Азирет келди.
– Ата, бош болсоң, экөөбүз сүйлөшө турган иштер бар эле.
– Кел, адегенде биз менен чай ич. Азирет столго отуруп, Аиданы тиктеп калды.
– Чай куюп бересизби мага да... Мурун көзүн ала качып, коркуп кетчү Аида негедир бул жолу аны тикчие тиктеди. Жүзүндөгү муздактыктан кимдин болсо да жүрөгү үшүп кете тургандай. Азиретте бир тынчсыздык пайда болду.
– Азыр... Чайнекти көтөрүп чайпалып басып кеткен Аиданы узата караган Азирет атасынан сурады.
– Сен Аскатка тиш кайрап жүргөн аял бар экенин билгенсиңби?
– Аял?!
– Билбейм, аялбы, кызбы, айтор, бир илинчек таптым. Ошол тууралуу сени менен сүйлөшөйүн дедим эле. Аскар ойлонуп калды. Бул жигит оңой эмес деп алды ичинен. Бир аз убакыт өткөн соң Аскардын кабинетинде болгон окуяны айтып отурду.
– Бирок азыр далил дегидей эч нерсе жок. Ошондой болсо да бир илинчек табылганына сүйүнүп турам.
– Азирет, башында бул идеяң мага жаккан эмес. Бирок ойлонуп көрсөм, сеники туура экен, балам. Аскатты өлтүргөн адам тирүү басып жүргөнүн билгенибизде баарыбыз тынч алып жашообузду уланта албайбыз. Сен да, мен да, эң негизгиси, Бегимай катуу кыйналып жүрөт. Ага бир канча жолу айттым “унут, жашсың, жаңы жашоо башта” деп, бирок чунак кыз уккусу жок. Мени анын тагдыры да ойлондурат.
– Болуптур, ата, бирок сага айтканым эч кимдин кулагына жетпесин. Атүгүл апама да айткан жокмун.
– Туура кыласың, уулум, ал дагы деле өзүн Аскат үчүн күнөөлүү сезип жүрөт. Атасы уулун далысынан таптай эркелетип койду.
ххх
– Бийкеч, мени күткөн жок белеңиз?.. Эшикти ача салган Бегимай жылмая тиктеп турган Азаматты көргөндө кубана кыйкырып жиберип мойнуна асылды. Чындыгында эле бул шайдоот жигитти сагынган эле. Эмнени ойлоду ким билсин, көзүнө жаш тегеренип ыйлап да жиберди.
– Эй, сен жашык болуп кеткенсиңби? Сени темирдей бекем, күчтүү деп ойлоп жүрсө...
– Кечирип кой, темирдей күчтүү кыздан эч нерсе калбай калган. Жүрү, үйгө кир.
– Андан көрө экөөбүз сыртка чыгып сүйлөшөлүчү. Үйдөгүлөрүң да кандай ойлойт? Кантсе да түрмөдөн келбедимби. Бегимай менен Азамат серүүндөп жүрүштү. Көпкө чейин сүйлөшүп чери жазылып калды. Көрсө, көптөн бери минтип эч ким менен сүйлөшпөгөн экен.
– Уф, бугум чыгып калды. Эч ким менен сырдаша элек элем.
– Сенден бир нерсени сурайын деген элем, Бема.
– Сура...
– Азирет... Ал менин оюмча жакшы жигит. Бегимай өзүнчө жылмайып алды. Бирок үн каткан жок. – Эй, сенден суроо сурадым окшойт.
– Жакшы жигит. Мыкты. Өзүнө-өзү укмуштуудай ишенет. Аскаттагы жөнөкөйлүк, тазалык, эмгекчилдик жок. Азиреттей адамдар жылдыз болуп жанып туруш үчүн жаралган. Андай адамдар менен өтө оор. Биздин мүнөзүбүз такыр дал келбейт. Жолуккан жерден урушуп кетебиз. Урушпасак деле бир тымызын тирешүү бар.
– Аскатка такыр окшобойт дечи.
– Жок, Аскат менен өзүмдү суудагы балыктай сезчүмүн. Азирет, тескерисинче, тынч жаткан дүйнөңдүн чаң-будуңун чыгарып жиберет. Кыскасы, тынчы жок адам.
– Кызык портрет түзүп койдуң алдыма,- деди күлүмсүрөгөн Азамат.
– Эх, Бема, Бема, мен сени менен ушинтип сүйлөшүп турам деп эч ойлогон эмес элем. Тиги жакта жатканда көп нерсени ойлодум. Мен көп катачылык кетириптирмин. Кызыгы, мен сени унуталбадым. Дагы деле... Бегимай бул сөздөрдү укпады, а балким, уккусу келген жок. Жерди тиктеп өз ойлору менен алек эле. Азамат не кылмак, аркасынан шалдая басып баратты.
ххх
– Апа, мен жокто кандай жашап жаттыңар? Эч ким менен урушкан жоксуңбу?- деди апасынын тизесине жата кеткен Азирет.
– Ай, балам, айтасың да. Менин бул жакта бөлүшө албай жаткан эмнем бар эле? Ким менен урушат элем? Өз иштерим менен алек болуп жүрдүм.
– А Аида?
– Аны кой, иштериң эмне болду?
– Апа, Аскат... мен аны жакындан билген сайын өз жашоомо жакшылап үңүлгөнсүйм. Мага оор, апа, бирок аягына чыгышым керек. Сенин уулуң көп жылдан кийин биздин жашообузга кирип, чыккыс болуп орноп алды. Тагдыр бу... Мариям уулунун чачтарын сылап жатты. Канчалык карманайын десе болбой көз жашы агат. Бул эненин трагедиясы эле.
– Менсиз чоңойду ал. Менин бар экенимди, аны сагынып, саргайып жүргөнүмдү билбей чоңойду. Бирок экөөбүз сыймыктана тургандай жигит болгон экен. Сенин агаң... Ал сенден жарым саатка эрте туулган.
– Апа, ыйлабачы...
– Ыйлабайм, балам. Менин жоготуум өзүм менен жерге кирет. Анын оордугун айта да, сүрөттөй да албайм.
– Атам жакшы адам, ээ?..
– Жакшы, ата деген кандай болсо да баласы үчүн жакшы болот.
– Ал мага бактысыз адамдай сезилет, апа. Аида... Балким, бир кезде жаштыгына, сулуулугуна карап үйлөнгөндүр. Бирок ал аял атам үчүн эмес. Мариям уулуна бир нерсе дейин деп барып оозун жыйып калды. Бул үйдө тургандан бери Аиданын айрым кылыктарын көрүп калган эле. Бир жолу кокусунан анын телефон менен сүйлөшүп жатканын угуп калды.
– Азырынча эч кайда чыга албайм, жолугуша албайм, жаным. Аскар азыр дайым үйдө. Бекер көзгө түшүп калбайлы,- деп жаткан экен. Канчалык оюнан кууп салайын десе да болбой бул сүйлөшүүнү эстей берчү болду. Азыр уулуна айтайын деп ооз ача албай токтогону да ушундан эле.
– Экөөбүздүн ишибиз жок, балам, алар менен. Сенин ишиң бүтсө болду, өзүбүздүн жашообуз менен жашайбыз. Азирет апасына тигиле карады.
– Сен аны дагы деле жакшы көрөсүң, апа. Өзүң да, балким, түшүнө элексиң. Сен атамды жакшы көрөсүң.
– Мен аны өмүр бою жакшы көрдүм, балам. Бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Ажыраган жолдор эч качан бирикпейт. Сен дагы бул тууралуу ойлонбой эле кой. Андан көрө өзүңө сак бол. Эми сенден башка эч жакыным жок.
– А менин атам экөөңдөн башка жакыным жок. Жок, калп айтам, бар бир адам, бирок менин ага керегим жок окшойт.
– Сен Бегимай тууралуу айтып жатасыңбы? Азирет, ал кыз сен үчүн эмес. Анын үстүнө анын жарасы али айыга элек. Азирет көшөрө башын чайкады.

#49 19 June 2015 - 09:53
Азирет Аскаттын бөлмөсүнө абайлай кирди. Бул бөлмөгө эч ким баш бакпаганына көп болгон. Аскар гана уулун сагынганда кирип, буюмдарын карап, кийимдерин жыттап, көпкө отуруп чыгып кетчү. Аскат каза болгондон кийин бул бөлмөгө эч кимди киргизбеди.
Терезелерин да ачтырган жок. “Уулумдун жыты калсын, сагынганда кирип турайын” деп ойлогон эле. Босогодо турган Азирет бөлмөгө көз жүгүртүп бир пас турду. Кадимки бөлмө. Жакшы жасалгаланган керебет, шкаф, Аскаттын машыга турган грушасы, гир, гантелдери.
.. Терезе жакта компьютер турат. Азирет компьютердик столго жакын келип, Бегимайдын сүрөтүн байкады. Жанында Аскат экөөнүн сүрөтү. Кыязы, кезектеги мелдештен келгенде тосуп алганы барган окшойт, колунда толтура гүлдөр менен аэропортто түшкөн экен. Азирет экөөнүн сүрөтүн колуна алып, аларга жымыя көпкө тигилди. Тамчы суудай окшош агасына, өмүрүндө бир да жолу көрбөгөн эгизине кусасы ташып, каңырыгы түтөп кетти. Сүйлөшкүсү келди. Ичинен ага кайрылып:
– Биринчи эле аны көргөндө таң калгам. Анын көздөрү кандай жайнап кеткенин көргөнүмдө. .. Кийин бир да жолу андай көз карашын байкабадым. Ошондо гана ал мени биринчи көргөндө сен деп кабыл алганын түшүндүм. Сен чоң сүйүүгө, Бегимайдын сүйүүсүнө татыктуу жигит болсоң керек. А мен эмне? Жүргөн бир... Апам айтмакчы, жүргөн бир саякатчы бакамын. А бирок тагдырдын тамашасы менен мен дагы аны сүйдүм. Сенден кем эмес сүйөм, бир тууганым. Бирок... Шалак эте отуруп калды. Бир топ отурган соң компьютерди күйгүздү. Бир топко аңтарып-теңтерип отуруп, Аскаттын электрондук почтасына көзү түштү.
– Хм, пароль... Паролу кандай болду экен? Алгач жөн гана Аскаттын почтасын карап көргүсү келсе, эми чындап кызыга баштады. Кандайча ачууга болот? – Аа, таптым, экөөбүздүн туулган жылыбыз бир эмеспи... Өзүнүн туулган жылын жазып көрдү эле таптакыр болбоду. Көпкө ойлонуп турду да, көзү столдун үстүндө турган Бегимайдын сүрөтүнө түштү. Адатта адамдар паролду өзүнүн кымбат адамдарынын туулган күндөрүнөн коёт эмеспи. Ойлонуп, Бегимайдын туулган күнү канчасы экенин эстей албай жатты. “Канчасы эле, канчасы эле? Аха, таптым!” Өткөндө бир жолу сөз болуп кетип, туулган күнүн айтканда эстеп калган эле. Эсинде калган сандарды тез тере салды. “89.06.18.” Буга да болбой койгон соң бул сандарга Бегимайдын баш тамгасын жазып көрдү эле электрондук почта ачылып калды. Тапкычтыгына кубанган Азирет алакандарын чаап жиберди. Почтадагы акыркы күнү келип түшкөн сүрөткө көңүлү бурулду. Арылаган сайын өңү кубара, мышка кармаган колдору титиреп кетти. Окурман, кимдин сүрөтү экенин сиз деле болжолдоп жатсаңыз керек. Бул – жаш жигит менен кумарга батып жаткан Аида эле. Жанындагы жаш жигиттин өңү анчалык даана көрүнбөгөндөй. Кучакташкан, өбүшкөн, биринин оозуна бири тамак салып эркелетип жаткан сүрөттөр...
– Акмакчылык, не деген акмакчылык? ! Не деген аял эле бул өзү?- деп күбүрөгөн Азирет не кыларын билбей башын мыкчый отуруп калды. Бир аз демин баскандан кийин кайрадан сүрөттөрдү тиктеп калды. Сүрөттүн четинде датасы жазылып калган экен. 10.07.2010! Аскат өлгөн түн! Чындап эле бул сүрөттөр менен Аскаттын өлүмүнүн байланышы болуп жүрбөсүн?.. Ошол замат Көлгө барганда майордун айтканын эстеди. “Менин оюмча, аял Аскатты жакшы билген адам. Ал муздаткычтан алып, жатар алдында дайым суу ичип уктаарын билген. Андыктан ага уктоочу дарыны кошуп койгон. Андан кийин гана башка адам келген. Анткени бычакта эркек адамдын бармак издери калган. Уктап жаткан учурда бычак менен үч жолу жүрөк тушка сайган. Мунун баарын начальникке айтып бергем. Бирок ал “мен уктум, бул дөөдүрөгөнүңдү, башка адам укпасын. Баарын курут” деп буйрук кылды”.
– Уфф, ушу кантип болсун? Кантип эле ушундай болсун?! Башын мыкчый кармап дубалга сүйөнгөн Азирет дендароо. Бир топко отурду да чөнтөк телефонуна сүрөттөрдү көчүрүп алып, компьютерди өчүрүп, эми чыгайын деп жатканда эшик шарт ачылып, күтүлбөгөн жерден Аида кирип келди.
– Бул бөлмөгө Аскар эч кимди киргизчү эмес. Ал “кирбегиле, эч кимди киргизбе, Аскат чыгып кеткенде кандай калса ошондой калтыр!” деп катуу айткан.
– Чын элеби?- деди Азирет кашын көтөрө мыскылдуу жылмайып.
– А мен бул үйдө эмне кааласам өзүм билет экенимди билесиңби?
– Менин ордум бул үйдө эле эмес, Аскардын жашоосунда да бар экенин унутпа!
– Ким билет?- деди жакын басып келип Аиданын көзүнө тике караган Азирет.
– Кээде биз ким менен жашап жүргөнүбүздү, анын кандай кадамдарга барарын да билбейбиз. Туурабы? Аида кумсара артка кетенчиктей берди. Жигиттин көздөрү күлүп турганы менен, өтө коркунучтуу эле.
– Эмне, менден коркуп турасыңбы?- деди ого бетер дубалга жабыштыра түрткөн ал.
– Мен эч кимден коркпойм, корккон да эмесмин. Сенден да, энеңден да...- деди чыйралган аял. Азирет чыгып кетти. Титиреген аял эмне кыларын билбей бүк түшүп отуруп калды. “Бир нерсени билет бул. Бирок эмнени? Кайсы жерден шек алдырып койдум? Окуяга байланыштуу нерсенин баарын жоготкон сыяктуу болбодум беле?” Бөлмөнү айланта карап, маңдайында турган Аскаттын сүрөтүн байкады. Сүрөттөр! Аскат тартып алган сүрөттөрдү чөнтөк телефонунан таппай койгон... Бирок ал кайда болушу мүмкүн? Капканга буту салынган жырткычтай Аида алдастай баштады.
ххх
“Аиданын жанында жүргөн жигит ким болушу мүмкүн?” Азиреттин оюнун баары ошого келип такалды. Эгерде ал адамды тапса, болгон окуянын аягы табылчудай. Бул сырды ким менен бөлүшүшү мүмкүн? Кимден жардам сураса болот? Атасынанбы? Болбойт, бул жаңылыктын чын-бышыгына жетмейинче ал адамга айтып жүрөгүн оорутуп кереги жок. Бегимайгабы? Анын да жараатынын картын сыйрыгысы келбеди. Акыры ойлонуп отуруп Алинага телефон чалды.
– Алинка, кезигелиби? Мен сени сагындым,- деди тигини ооз ачыра койбостон.
– Азирет, мени менен минтип тамашалашпа, - дирилдеген кыздын доошу азыр ыйлап жиберчүдөй.
– Ой, алтышка, кечирип кой. Жөн гана тамашаладым. Бирок сенин жардамың керек болуп жатат.
– Билем эмнеге экенин, бирок жардам бере албайм.
– Кандайча? Сен эмнени билесиң?
– Бегимай чет өлкөгө кеткени жатат. Сен аны менен жолуккуң келет, бирок ал сени көргүсү келбегенин айтканда сен мага чалып жатасың да, туурабы? Азыр эле шайырсынып турган жигиттин өңү өзгөрүлүп, жүзү олуттуу болуп кетти.
– Кандайча? Эмнеге?- деп кайталай берди. Алина тигинин дендароолугуна жини келдиби, телефонду коюп салды. Эмне кылуу керек? Чогуу болбосо да бир шаарда жашап, ал ушу шаардын бир четинде жашап, өзү жуткан абадан дем алып жатканы эле өзүнчө бир дем эмес беле. Кантип жашайт эми? Азирет эч нерсени ойлогусу келген жок. Машинасын от алдырып, Бегимайды көздөй жөнөй берди. Университеттен чыгып, эми машинасына отурайын деп жаткан Бегимай алдынан чыга калган Азиретти көрүп, таң кала кашын серпти.
– Сен кайдан чыга калдың? Жүрөгүм түшүп калды.
– Сени алыс жакка камданып жатыптыр деп уктум.
– Ооба, жакында...- деп келе жаткан Бегимайды каруудан кармаган Азирет акырын үн катты.
– Экөөбүз сүйлөшчү сөздөр бар. Суранам, бир ээн жерге барып сүйлөшөлү. Мен сага өтө маанилүү нерсе айтышым керек. Бир аз убакыттан кийин эле экөө чакан кафеде отурушту.
– Кайда кетмекчисиң, эмнеге?- деди Азирет.
– Сенин Көлдө айткан сөздөрүң мага катуу таасир этти. Биринчи таарынгам, кийин бул чындык экенин моюнума алышым керек экенин сездим. Чын эле мен Аскатсыз жашай албай, жалгыз кантеримди билбей жүрөм. Жашоомдун сценарийи боюнча, Аскат экөөбүз үйлөнмөкпүз, балалуу болмокпуз, мен аны тосуп алып мелдештерге жөнөтүп турмакмын, жөнөкөй эле үй кожойкеси болмокмун. Ал каза болгондон кийин ордумду таппай калганым чын. Эми башка шаарда жаңы жашоо баштап көрүүнү чечтим. Атамдын эжеси АКШда жашаганына көп болду. Мени көптөн бери чакырып жүргөн. Ошол жактан окуумду улантып, иштеп келейин деп чечтим.

#50 19 June 2015 - 09:56
Азирет Бегимайды тиктеп туруп, тагдырдын тамашасына тан берди. Эмне үчүн ушул кыз? Канча сулууну көрдү? Бирине да дирт дебеген жүрөк бул кыздын кирпигинин ирмелиши менен кеч күздөгү жалбырактай дирилдейт. Бир тууган агасынын сүйүктүүсү.
..
– Мени карачы... Бегимай укпай калдыбы же карагысы келбедиби, ылдый караган боюнча отура берди.
– Мен Аскатты ким өлтүргөнүн билдим. Бегимай алгач ишенбегендей карады. Азиреттин жүзүнөн анын чын айтып жатканын сезди окшойт, дендароо болуп отуруп калды.
– Ким? Ким экен ал?..
– Азыр атын айта албайм. Жаңы эле изине түштүм. Азыр сага көп нерсени айта албайм. Бирок бул иште мага жардамчы адам керек. Сенин азыр кеткениң дурус эмес. Мага бир аз убакыт бер. Ушул ишти бүтүргөндөн кийин экөөбүздүн ортобузда сүйлөшө турган сөздөр бар. Мен... мен... Бегимайдын каректерине толуп бараткан жашты көрүп, Азирет аргасыз токтоду.
– Айтпа. Мага азыр эч нерсе деп айтпа.
– Бема, кетчү болбо.
– Макул, дагы кабарлашабыз. Бегимай сумкасын алып сыртка карай атылды. Машинасына отуруп, бет келди айдап жөнөдү. Ыйлап баратты. Аскаттын кылмышкери табылды деген сөзгөбү? Азиреттин көзүндөгү жалындан коркконунанбы? Балким, ага жооп бере албаганы үчүнбү? Айтор, кыздын жан дүйнөсү алай-дүлөй.. . Азирет тамекисин буркурата тартып, ойго чөккөн боюнча кала берди. Ал ошол эле күнү сүрөттөгү жигитти кантип таап чыгууну пландады. Сүрөттү компьютер аркылуу чыгарып, Аиданын ордуна башка кызды койду да, сыртка чыкты. Аскардын эң ишенимдүү бир гана жан сакчысы боло турган. Мирлан деген далдайган жигитке Азирет да биринчи келгенде эле ишенип калган болчу. Атасы да Мирландын кол алдында көптөн бери иштеп жүргөнүн, ага ак ниет эмгек кылганын айтып калар эле. Короодо ары-бери басып жүрүп, машинасын оңдоп жаткан Мирландын жанына келди.
– Кандайсыз?
– Кандайсың өзүң? Чекесиндеги терин аарчыган ал машинасынын алдынан чыгып, Азиретке колун берди.
– Бош болсоңуз сүйлөшпөйлүбү? Четке чыгып, экөө бакчада бир топко сүйлөшүп отурушту. Бир маалда сөз арасында Азирет чөнтөгүнөн сүрөттү сууруп чыкты да, тигиге көрсөтө берди.
– Мына бул жигитти тааныйсызбы? Мирлан далдайган колдору менен сүрөттү жакын кармап туруп таң кала үн катты.
– Ой, бул деген Айбек деген жигит. Биз аны Айба деп койчубуз. Аскар Токтосуновичтин жан сакчысы болуп бир топ иштеген. Бул сүрөт сенде кайдан жүрөт?
– Ал азыр кайда? Мирлан башын кашып алып күнөөлүү үн катты.
– Ал каза болуп калган. Бир жарым жылдай болуп калды го... Эми таң калуу кезеги Азиретке келди. Жини келе тизесин чаап калды.
– Эмне, Айба сага ушунчалык керек беле?
– Керек болчу. Айтсаңыз, ал эмнеден каза болду? Эмне, ооруп жүрчү беле?
– Жок, кайдагы оору? Иш десе ишке, аш десе ашка тойбой, алдуу-күчтүү жигит болчу. Бир топ спорттук мелдештерге да катышып жүрчү. Эмне болгону эч кимге билинбей эле калды. Батирге алып жашаган үйүндө уктап жатканда кимдир бирөө газды коё берип кетип калыптыр. Аскар агай аркасынан изилдеткен, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ата-энесине жаман болду, жалгыз бала болчу.
– Өзү, мүнөзү кандай жигит эле?
– Кыздарга жакын болчу. Өтө эле кыз жандуулугун байкап, “эй, тынч жүрсөңчү” деп калчумун. Бирок ал мени уккан жок. Азирет андан ары эч нерсени сураган жок. Өз ойлору менен алышып жатты. Түйүн ошол күнү өзүнөн өзү чечилди. Ошол күнү чогуу тамак ичип отурган учурда Азирет атасына кайрылып калды.
– Ата, Айбек деген жигит сизде иштегенби?
– Ооба, ага эмне кызыгып калдың?
– Мындай эле. Бир иштин түйүнү барып ошол жигитке такалып жатат. Чай ичимиш болуп ылдый тигилген Азирет көзүнүн кыйыгы менен Аиданын реакциясын байкады. Айбек деген атты угары менен Аида колдору менен оозун баса кубарып отуруп калганын байкады да, жай сөзүн улады.
– Ал таң калычтуу жагдайда каза болуп калганын уктум. Не болду экен? Эч ким изилдеген жок беле? Аскар Азиретке шектүү тигилип, Аида көздөрү чыгып кетчүдөй абалда отурганын байкаган Мариям уулунун колун акырын түрттү.
– Тамак үстүндө андай темада сүйлөбөй эле коёлучу.
– Макул, апаке,- жарк эте күлүп апасына караган Азиретти Аида жек көрө тиктеп турду да, ордунан акырын турду.
– Менин табитим качып кетти. Азирет анын аркасынан жеңиштүү жылмайып алганын эч ким байкаган жок. Ошол түнү Аскардын үйүндөгү эки адам уйкусуз түндү башынан өткөрүп жатышты. Айбек тууралуу билгенден кийин Аида эмне кыларын билбей, куду капканга түшкөн жырткычтай бөлмөсүндө тыпырап ары-бери баса баштады. “Эмне кылуу керек? Кантип бул тордон кутулуп кетет?” Ойлонуп жатып бир гана жолду тапты... “Азиретти алдап чакырып туруп, көзүн жазгырыш керек” деди оюнда. Мээси чыңала иштеп жатты. “Ээн жерге чакырыш керек! Бирок кантип? Эмнеге алданат?” Ошол замат оюн бекемдеди да, чечкиндүү басып Азиреттин бөлмөсүнө баш бакты. Уйкусу качып, ооналактап уктабай жаткан Азирет анын дабышын угуп, башын көтөрө салды. Чачы жазылып, өзүн өчөгүшө тиктеп турган Аиданы көрдү.
– Эмне болду?
– Айба тууралуу билгиң келеби?- деди Аида моюнун койкойто тикчие тигилди.
– Мен сага баарын айтып берем. Бардык чындыкты айтып берем. Анан ким чыныгы күнөөлүү экенин өзүң тактап ал. Эртең түнкү саат 12:00дө мен сени жазылган даректе күтөм. Сен азыр баарын билем деп ойлоп жатасың. Туура, бир топ нерсени билишиң мүмкүн, бирок баарын эмес. Азирет жооп бергиче колундагы кагазды ыргытып жиберип, чыгып кетти. Бул сүйлөшүүнү экөөнөн башка адам да укканын сезишкен жок.
ххх
Жолдо зымырап учуп келе жаткан машинада Азирет бар болчу. Негедир шашып баратты. Ушул ишти бүтүрсө эле үстүнөн бир оор жүк кулачудай сезип баратты. Аида көрсөткөн дарек шаардан алысыраак, жаңы конуштарга жакын жайкашкан көп кабаттуу имарат экен. Кирип келгенде Аида тамеки чегип отурган экен. Азиретти бир тиктеп күлүмсүрөп койду.
– Келдиңби?
– Келдим.
– Кайда баратканыңды апакеңе айткандырсың. ..
– Убактым аз, эмне чындыкты айтайын дедиң эле? Кулагым сенде. Бирок мен билген чындыктан көп нерсе айтарыңа деле шегим бар. Колумдагы далил менен барып, сени каматып салууга кудуретим жетмек. Бирок атама андай кыянаттык жасагым келген жок. Эми айт! Айбекти өлтүргөнүңдүн себебин билип турам, бирок Аскатка кантип колуң барды? Аида ордунан акырын туруп барды да, терезени ачып жиберди.
– Караңгы, эч нерсе жок. Азирет, сен өмүрүңдө караңгы жерде калдың беле? Элестет, бутуң бир гана нерсеге илинип турат. Кокус тайып кетсең, жерге былч этип түшөсүң...
– Калган эмесмин.
– А мен өмүр бою ошол сезимде, ошол коркунуч менен жашадым. Атам арак ичип келгенде анын досторунан коркуп караңгыда качып кетип, эң бийик деген бакка чыгып алып, түнү менен бактын башында отурчумун. Үшүгөнүмдү сураба...- Аиданын үнү калтырап кетти.
– Эч нерсени түшүнгөн жокмун.
– Сенин атаңа турмушка чыкканга чейин менин турмушум ушундай эле. Жаштыгымды, сулуулугумду көрүнгөн пайдалангыча өзүм пайдаланайын дедим. Ошентип, 20 жашымда 44 жаштагы атаңа, Аскарга турмушка чыктым. Башында баары эле жакшы болчу. Бирок Аскар мен ойлогондой адам эмес экен. Ал мени, мен аны түшүнүшө албадык. Ортобуз суугандан сууй берди. Ушунчалык муздактык пайда болгондуктан, башка адамдардан жылуулук издей баштадым. Жаштыгым денеме сыйбай кетти. Жаш жигиттер менен көңүл ача баштадым.
– Аскат! Анын күнөөсү эмнеде эле?
– Ал мени түшүнгүсү келген жок. Пансионаттан тиги экөөбүздү көрүп калганда мен ага жалынып ыйладым. Экинчи эч качан бул ишке барбасымды айттым. Ал болбой койду... Аиданын көз алдына ошол каргашалуу түн тартылды.

#51 19 June 2015 - 10:00
Окурман, ушул жерден кайрадан артка кайрылып, болгон окуяны эми толугу менен айтууга мезгил жетти. Теңтуштары көлгө чумкуп, кыйкырык-сүрөөн менен ойноп-күлүп жатканын баамдап турган Аскаттын ошол күнү жээктен көргөн адамы – өгөй энеси Аида эле. Ал эми анын жанындагы далылуу жигит – атасынын жан сакчысы Айбек болчу. Көргөн көзүнө ишенбеген Аскат дал болуп калды. Атасынын “Аиданы ден соолугуна байланыштуу пансионатка жибердим. Мен азыр иштен колум бошочудай эмес. Жанына ишеничтүү деп Айбекти коштум” деп жатканы эсине түштү. Тигилер эч нерседен шек санашкан жок. Кучакташып,
өбүшүп, жетелеше баратышты. Ошол эле күнү Аскат Аида менен Айбек кошуна жайгашкан пансионатта эс алып жатышканын билди. Жаштар дискотекага жөнөгөндө жашырынып күндүз белгилеп койгон коттеджге жөнөдү. Кумарга берилген экөө терезенин пардасын да жаап коюшпаптыр.
Аскат обочо туруп алып эле чөнтөк телефонуна тартып жатты. Бирок дал ушул сүрөттөр өзүнүн өмүрүнүн баасы болорун билген эмес эле.
– Мен жалындым. Атасына эч нерсе билдирбешин сурандым. Бирок ал көк болчу. Таптакыр болбой койду. “Барарың менен папам менен ажырашасың. Эгерде антпейт экенсиң, мен бул сүрөттөрдү көрсөтөм” деп туруп алды. Мен үчүн Аскар менен ажырашуу өлүмгө тете болчу. Анын жан сакчысы менен көңүлдөш болуп жүргөнүмдү билсе, жөн эле мойнумду бурап жулуп алмак. Аскар – коркунучтуу адам. Мен баарын билчүмүн. Бул жоругумдун арты кандай болорун да билген элем, бирок токтото албадым. Аскат ошентип кетип калды. Айбек экөөбүз түнү менен эмне кыларыбызды ойлондук. Мен Аскаттын көзүн тазалагандан башка жол жок экенин сездим... Биринчи укканда Айбек чочуп кетти, “мен киши өлтүрө албайм” деп... Бирок Аскар билип калса, экөөбүздү тең өлтүрөрүн айтып аны көндүрдүм. Аида ийининен дем ала токтоп калды. Азирет аны жай гана тиктеп турду да, катуу буюрду.
– Уланта бер! Аида селт этип кетти. Көзүнүн жашын аарчып алып, Азиретке тике карады.
– Эртеси Аскаттын кызынын туулган күнү эле. Ал жоктугунан пайдаланып муздаткычтагы ширеге уктатуучу дары коштум. Аскат дайым уктаар алдында шире ичерин билчү элем. Ал уктап калгандан кийин Айбек кирип... Тез эле тындым кылды. Түнү менен биз шаарга келдик. Эртеси Аскардын адамдарынан Аскаттын каза болгонун уктум.
– А Айбекти неге өлтүрдүң?
– Ал алсыздык кыла баштады. Мурун ууртап-татып жүргөн неме кийин көп иче баштады. Ичкен сайын мени күнөөлөп, “мен киши өлтүрдүм. Аскар Токтосуновичтин көзүнө кантип тиктеп жүрөм? Мен өлүшүм керек. Мени Аскат жөн койбойт, баарын мойнума алышым керек. Минтип жашай албайм” деп эле дөөдүрөй берчү болду. Дагы жашай түшсө, баарын айтып салмак.
– Аны да уктатуучу дары берип туруп өлтүрдүң. Газды ачып кетип калган сенсиң да, ээ, акыры?
– Менмин!
– Эми менден кантип кутулмакчысың? - деди мыскыл жылмайган Азирет.
– Балким, атып салаттырсың же башка да ыкмаларың барбы? Аида көзүн көтөрө Азиретти тиктеп калды. Терезени ал атайын ачкан эле. Эптеп жакын келсе, коомай турганда түртүп жиберүү планы үчүн көп кабаттуу үйдү тандаган. Азиретти терезеге жакын алып келүүнүн амалын ойлоп жатты. Ушул учурда экөө тең күтпөгөн адам кирип келди.
– Аскар?!
– Ата, сиз кайдан?.. Аскар үн катпай тура берди. Бир топтон кийин гана чарчаңкы көзүн жумду.
– Чарчадым,- деди ал оор күрсүнүп. – Калптан, өлүмдөн, булганыч иштерден чарчадым. А балким, өмүрдөн да чарчагандырмын. Койнуңда жаткан аялың жылан болуп мойнуңа оролсо, сырттан издеген душманым күндө көзүмдү тиктеп, койнума жатып... Мындан оор эмне бар?
– Аскар!
– Токтот, сага сөз корото турган адам эмессиң! Эми баары бүттү. Чындап бүттү. Милицияга өз колум менен салып берем.
– Жок! Аиданын жапайы кыйкырыгы экөөнү тең селт эттирди.
– Мени кечирбейсиң, билем. Бирок өз эрким менен милицияга түшпөйм. Андан көрө... болуптур... мага жакындабагыла. Аркасы менен жылган Аида ачык турган терезеге жакындай берди.
– Жинди болбо...
– Жок, бул жиндилик эмес. Мен түрмөгө барганча... андан көрө... Калтыраган колдору менен терезени издеп тапкан Аида селейип турган ата-баланы тиктеп турду. Карегине жаш толуп, бүткөн бою калтыраган анын түрү коркунучтуу эле.
– Кечир, бирок баары бир кечире албайсың. Мен сени менен жаңы турмуш баштагым келген. Колдон колго өтүп кордолгонумду унуткум келген. Мен акчалуу болдум, даражалуу болдум. Бирок баары бир бактылуу боло албадым. Эми баары кеч. Андан аркы окуя көз ачып-жумгучакты болду. Аиданын ачуу кыйкырыгы түн койнун селт эттирди. Ал терезеден өзүн таштап жиберди...
ххх
Машинада ата-бала үн-сөзсүз келе жатышты. Милиция келип, Аиданын денесин алып кетишкен соң экөө сурак берип чыгышты. Эми гана бошоп, үйдү көздөй баратышкан эле. Азирет атасынын чарчаңкы жүзүн аяп карап алды.
– Сен кайдан билдиң? Кирип келгениңде таң калып калдым.
– Апаң силердин сөзүңөрдү уккан экен. Ал мага уккандарын айтып, сенин аркаңдан жөнөттү. Эшикти ачып койгон экенсиңер, мен баарын уктум. Эх, ушуну укканча кулагым керең болуп калса гана.
– Мен баары бир Аидага түшүнө албадым.
– Балким, буга мен өзүм күнөөлүүдүрмүн. Мен сулуулугуна арбалып, анын жан дүйнөсүндө эмне жатканын байкабапмын. Ал мага акча, бийлик, байлык үчүн чыкканын билгенден кийин таптакыр ичим жылыбай койду. Куру намысым аны түшүнгөнгө жол бербей койду. Биротоло ажырашып кеткенге да күчүм жетпеди. Баарына мен күнөөлүүмүн. Аскат, менин Аскатым таптакыр күнөөсүз эле да. Аскар ыйлап жатты. Энтиге эткээл денеси солкулдап, көз жашы жүзүн жууп ыйлап жатты.
– Ата, атаке, баары бүттү. Мен жаныңдамын. Мен Аскаттын ордун жоктотпойм. Мага ишен, ата. Эми сени жалгыз таштабайм,- деген уулунун сөздөрүн эшитти.
– Рахмат, уулум!- деп алды оор улутуна. Мариям өзүн коёрго жер таппай жаткан экен. Машина келип, алгач Азирет түшүп, чуркап жетип атасын жөлөп түшүрүп жатканда гана жеңилдене дем алып алды.
– Уфф, аман экен, экөө тең...
ххх
Болуп өткөн окуядан соң Аскар көпкө чейин өзүнө келе албай жүрдү. Эч кайда чыкпайт, анда-санда тамак ичкенде гана бир нерсе деп ооз ачканы болбосо, жарытылуу эч ким менен сүйлөшпөйт. Бул канча убакытка созулат эле ким билсин, бир күнү Азирет жарылып кетти.
– Силерге эмне болгон? Өмүр бою бири-бириңерди кектеп өткөнү жүрөсүңөрбү? Бири-бириңерди тааныбагандай болуп канчага чейин жашайсыңар? Канчага чейин минтип жашайбыз? Жетер эми!- деди ал ата-энесин алмак-салмак тиктеп.
– Силерди билбейм, мен минтип жашай албайм,- деди да, тамак жебестен ордунан туруп кетти. Жымжырттык. Ыңгайсыз болгон Аскар күбүрөнүп алды.
– Балаң түшкүр десе.
– Али жаш да, көп нерсени түшүнө албай жатат,- деди Мариям.
– Кечирип кой мени. Мен...
– А сен мени кечирдиңби? Аскаттын өлүмүнө сен өзүңдү күнөөлөсөң, мен андан беш бетер өзүмдү күнөөлөп жүрөм. Мен аны таштап кетпегенде...

#52 19 June 2015 - 10:03
– Сени эбак эле кечиргем, Мариям. Азирет тууралуу билгенде эле кечиргем. Ал учурга сен гана күнөөлүү эмессиң. Мен түрмөгө түшпөгөндө,
жардамсыз эки бала менен калбаганда сен аны кылбайт элең. Түрмөдөн чыгып келип сен тууралуу укканымда мага асман көңтөрүлүп кеткендей болгон. Жүрөгүмдү кимдир бирөө сууруп ыргытып жибергендей эле. Көп жылдар бою ошол абалда жашадым. Ызамдан улам таанылгыс адам болуп өзгөрдүм. Эч кимди аябаган, эч кимге жылуулук тартуулай албаган, каардуу, коркунучтуу адамга айландым. Дүйнөдөн жүзүмдү терс буруп деле кетмектирмин.
Бирок ата-энем, Аскат бар эле. Аскат... “Жакшынын өмүрү кыска болот” деген чын белем. Мендеги, сендеги эң жакшы сапаттардын баарын чогултуп келип Кудай Аскатка ыроологондой болчу. Аидага үйлөнгөнүмдү өтө оор кабыл алды. Бирок бир да жолу ооз ачып туура эмес кылганымды,
Аиданы жактырбаганын айткан жок. Билдирбеди дагы... Аттиң, ажалы ошол аялдан экенин билгендей кабагы түшүп, келе жатса жактырбай бурулуп кетер эле. Мен ошонун баарын көрүп туруп көрмөксөнгө салдым. Мен аны эмес, өзүмдүн кызыкчылыгымды бийик койдум. Көрдүңбү, дагы да болсо мен! Бардыгына мен күнөөлүүмүн.
Аскардын денеси солкулдай түштү. Көкүрөк тушун кармалай туруп калды. Мариям анын купкуу болуп кеткен жүзүн карап, өзүнчө үрпөйө түштү.
– Эмне болду? Жүрөгүңбү?
– Эч нерсе. Баары жакшы, кабатыр болбо...
– Аскар, балким, экөөбүз тең күнөөлүү эместирбиз. Балким, мунун баарына тагдыр күнөөлүүдүр.
– Билбейм, Мариям. Эч нерсеге мээм жетпей калды. Көкүрөгүм сайгылашат да турат. Аскат мен үчүн экинчи жолу өлгөндөй болду. Уулум менин айымдан өлтүрүлгөнүн билгенден кийин жашоом тозокко айланды. Аскар бүт денеси солкулдай ыйлап жатты. Мариям жанына келип, ак баскан чачын сылай, бооруна кысты. Анын көздөрүнөн да жаштар салаалап агып жатты. Экөө ыйлап жатышты. Жаштыгын, жоготкон бактыларын, кырчынында кыйылган уулун жоктоп ыйлап жатышты. Ушул окуядан кийин гана экөөндө жакындык пайда болду. Эч кимге билинбеген бир үмүттүн шооласы пайда болду.
ххх
Азирет Бегимайга жолугуунун айласын таба албай убара. Улам телефонун терет, кайра коюп коёт. Айтчу сөзүн ичинен миң кайталап алат да, кайрадан “эмне деп ойлоп калат? Туура эмес ойдо калбаса экен” деп азап жейт. Баарына кол шилтеп коёюн десе, жүрөк кургур ага да жол бербейт. Айтор, ушундай оор акыбалда жүрдү. Сагынычы көкүрөгүнө батпай кеткенде акыры баары бир телефон чалды.
– Алоо...
– Салам!
– Азирет, мен сени чалбайт го деп жүрдүм эле.
– Эмнеге? Менден антип оңой кутулам деп ойлобо,- деди Азирет күлүп.
– Акыркы окуялардан улам сага оор болсо керек дегем. Кантсе да рахмат. Аскат үчүн рахмат... Сен болбосоң... Бегимайдын үнү мукактанып кетти. Чамасы ыйлап жаткандай. Азирет шашып кетти.
– Кайдасың азыр, жолугалычы? !- деп жиберди жалынычтуу.
– Сен Малайзиядан келгенде Алина экөөбүз алып келбедик беле, ошол үйдөмүн. Алыстан апамдын туугандары келе жатышыптыр. Ошолорду жайгаштырганы үйдү тазалаганга келген элем. Иш көп.
– Оо, анда сага мыкты жардамчы барат азыр.
– Азирет...
– Эч нерсе деп айтпа. Мени күтүп тур, барганда баарын сүйлөшөбүз. Бегимай макул дебегенге аргасы калбады. Азирет телефонду коё салып, күзгүгө ашыкты. “Уфф, сакалым өсүп кеткен тура. Тез ала коёюн”. Шашкалактап сакалын алып жатып жаагын да тилип алды. Эмнеге шашып жатканын өзү деле билген жок. Бирок бир мүнөт кечиксе эле зарыккан бактысынан куру калчудай сезилип жатты. Апасы атайы арнап жасап жаткан тамакка да карабады.
– Кайда шаштың, балам, деги тынчпы баары?- деген атасынын сөзү да кулакка илинген жок.
– Мен бүгүн кеч келем го. Кабатыр болбогула,- деп апасынын бетинен чоп эттире өөп, үйдөн атып чыкты.
– Өрт алгансып бул кайда эле шашкалактап калды?- деди апасы аркасынан кабатырлана.
– “Машинаны жай айда” дей берип тилим тешилди. Короодон атырылып чыкканын кара,- деп нааразылана өзүнчө күңкүлдөдү Аскар. Уулу үчүн бул күн өзгөчө экенин экөө тең сезип турушту.
ххх
Эшикти ачкан Бегимай биринчи эле гүлдү көрдү. Чоң гүлдестенин аркасында Азирет адатынча шайыр жылмайып турган экен.
– Оо, магабы? Рахмат!
– Албетте, сага. Эмне, бул жерде сенден башка да кыз барбы?
– Жок, мен жалгыз элемин! Бегимай каткырып күлүп жиберди. Азирет таң кала тиктеп калды.
– Биринчи жолу сенин чындап каткырып, чын дилиңден кубанганыңды көрдүм. Дайым эле гүл алып келип турсамбы, бул күлкүнү угуш үчүн...
– Сага айла жок. Жылмайган Бегимай вазага суу куюп, гүлдү бирден этияттап салып жатты.
– Эмне босогодо туруп калдың? Кирбейсиңби?
– Иш көп деп жаттың эле го. Баарын бүтүрүп койдуңбу?
– Сага терезе жуушту калтырдым. Бирок сен жумуш кылганы келбей эле, ресторанга баруу үчүн келген окшойсуң,- деди Бегимай Азиреттин кийимдерин тиктеп.
– Аа, булбу? Чечип коюп эле иштей берем. Азирет терезенин айнектерин жууп жатты. Канчалык карабай коёюн десе да болбой жигиттин белинен өйдө кең далылуу жылаңач денеси кыздын көзүнө түшөт. Түшүнүксүз кысынуу жүрөгүн дүкүлдөтүп, жүзү кызара, көзүн ала качып жатты Бегимай. Жигиттин кыймылын тиктеп, терезенин кырына отуруп калды.
– Бема...
– Ов...
– Жыгылып кетпе, терезенин кырына отурбачы. Ушунчалык жылуу, камкор үн.
– Макул. Эми түшөйүн деп умтулган кызды жигит сүйөй калды. Демдерин ичине алып, ушул абалда бир топко туруп калышты. Магниттей тартылган бир күч экөөнү тең апкаарытып, калтыратып жиберди. “Ары тур” деп түртө албай же сезимге баш ийе кучагына жыгыла албай, башын эңги-деңги кылган эки анжы ойдон арыла электе эле Азиреттин эриндерин сезди. Жыпжылуу, таптаттуу эриндер... Өрттөп жибере тургандай жигиттин деми ого бетер күчүн алып койду. “Болду, жеңилдим мен. Өзүмдөн өзүм качкандан, эч кимди жүрөгүмө жуутпай, сезимден баш тарткандан тажадым. Эми баш тартканга аргам жок. Баш тарта да албайм”. Бегимай көзүн чылк жумуп, кооз дүйнөгө өзүн коё берди. Экөөнүн ортосундагы дубал өзүнөн өзү жоголуп, ысык сезим алдында кыйрап калды. Азиреттин күчтүү колдору кыздын ийкемдүү денесин балкыта кысып жатты. Бегимай башка бөлмөгө киришкенин, эки кишилик керебетке суналганын, көйнөгүнүн топчулары чечилгенин элес-булас гана аңдап жатты.
– Бема?!- деди жигиттин өтүнгөн, суранган үнү.
– Мен макулмун. Мен баарына макулмун бүгүн, Азирет. Баарын унуткум келет. Жок дегенде бир күн...- деди кыздын дирилдеген добушу.

#53 19 June 2015 - 10:05
Катуу уйкуда жаткан Азирет күндөн көзү чагылышып ойгонуп кетти. Алгач кайда жатканын түшүнө албай турду да түнкү окуяны эстеп, мыйыгынан жылмайып, одарылып алды. Көзүн жарым жартылай ачып, бактылуу жымыйып көпкө жатты да акырын үн катты.
– Бема!
– ...
– Бүгүн мен эң бактылуу адам экенимди билген болсоң. А балким, билесиң, аа?.. Бем, не унчукпайсың? Уялып жатасыңбы? Мен сени күтүп жатам. Жооп уга албагандыктан көзүн ачты.Өзүнө муңайым тигилип, чыканактай жаагын таянып отурган кызды көрүп, кайра көзүн ала качты. Анткени ал күткөндөй бактылуу жүз, нур чачкан каректер эмес эле.
– Келчи мага...- деди кучагын жая.
– Эмне кылып койдук экөөбүз, ыя? Не кылдык?! Кыздын үнүнөн жан ачыта турган арман, эч качан бүтпөй тургансыган күйүт, жан кейиткен өкүнүч угулуп кетти Азиретке. Башын жаздыктан көтөрүп, таң кала тиктеп калды. Бегимайдын каректерине жаш толуп мелт-калт болуп туруптур. Шашып кетти. Эмнеге? Эмне деп ойлонуп турат бул кыз? Кечээ эле баары башкача эле го...
– Кечээ түнү...- деп баштап келе жаткан жигиттин сөзүн кыз кескин бурду.
– Кечээ жаңылыштык болду. Мен токтотушум керек эле, токтото албадым.
– Бема, токтой турчу. Мен сага баарын мурун эле айтышым керек болчу. Бирок мен корктум, батына албадым.Адамдар өмүр бою өзүнө тиешелүү болгон адамды издейт экен. Мен дагы сени издегем. Мен азыр бул нерсени сөз менен айтып түшүндүрө албайм, бирок сен меники экениңди сезип турам. Жан дүйнөм, жүрөгүм, денем менен сезип турам. Сен дагы сездиң ошол нерсени. Болбосо кечээки түн болбойт эле. Биринчи жолу жолукканда эле, жо-ок, атүгүл интернет аркылуу сүйлөшүп жатканда сен меники экениңди сезгем. Анан жолуктук! Жүрөгүңдөгү так өтө терең экенин, мага азырынча орун жок экенин билдим. Бирок үмүтүмдү үзө албай жүрдүм. Аскатты ким өлтүргөнүн билгенде, балким, өзүнө келет деп ойлодум. Аны таап чыгам деп максат кылдым. Эми баары бүттү. Биз үчүн эми тагдырдын жаңы барагы ачылышы керек. Эми сени коё бербейм. Ортобузда дубал эмес,, бүтүндөй тоо турсун. Экөөбүз жеңебиз! Балким, азыр сени шаштырып жаткандырмын, өзүң билесиң го, мен аябай шашмамын. Баарын ойлонуп көр, а мен сени күтөм. Мүмкүнчүлүк гана берип кой, мен күтөм. Билесиң го, мен көпкө күтө алам. Азирет мындан артык сөз таба албады. Сезимин, ойлорун ачык айтты. Андан ары кантип түшүндүрүштү билбей жаагын сүрткүлөп отуруп калды. А кыздын көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаштар тынбай агып жатты.
– Сен ошон үчүн Азиретсиң да. Турган турушуң менен... Каалаган нерсеңе жетпей тынчыбайсың. Баары сен каалагандай болушу керек. Бул жолу да кайданжайдан пайда болуп, акыл токтотконго алымды келтирбей койдуң. Бирок...
– Сен мени сүйөсүң, өзүң да билбей жатасың азыр...
– Айтчы, сүйүү деген не? Эгерде мен Аскатты унутуп ушул жорукка барсам, анда сүйүү деген нерсенин өзү жомок экен да. Жаныңдан артык адамыңды унутуп туруп, анын арбагынын алдында көз жумуп туруп ушу жорукка барсам... Андан да жаманы, анын бир тууганы менен! Ушинтип эле жоголуп кете турган болсо, анда сүйүү деген нерсе жөн эле сөз тура. Кимдир бирөө жогортон бизди кыйноо үчүн гана ушу түшүнүктү жаратып койгондой...
– Бемааа, алтышка, сага кантип түшүндүрөм? Аскат жок, кандай кылсаң да, эмне кылсаң да ал кайтып келбейт. А мен тирүүмүн го. Ал бере албаган, ал бере албай кеткен нерсени бере алам. Экөөбүз үйлөнөбүз, бактылуу болобуз. Ишенесиңби? .. Бегимай башын жай чайкап алды. Азирет эми чындап чыдамы кете тыбырчылап, жүрөгү булкуна согуп алдастайт.
– Билесиңби, кечээки түн керемет эле. Көптөн бери мындай сезим болгон эмес. А бирок билесиңби, ойгонорум менен мен ким тууралуу ойлодум? Мен ойгонорум менен “Аскат менен болсо, бултүн кандай болот эле?” деп ойлодум. Биринчи жолу эркек менен ойгонуп жатып да оюм ал тууралуу эмес, Аскат тууралуу болду. Азирет, түшүнчү, мен өмүр бою ушинтип салыштыруу менен жашагым келбейт. Өңү тамчы суудай окшош адам менен жашап, бирок ал Аскат эмес экенин ойлоо мага оор. Сенден башка адам менен аны батыраак унутушум мүмкүн. А сен менен аны унута албайм. Экөөң ушунчалык окшошсуң, бирок ушунчалык башка адамсыңар. Сенин жаныңда күнөөм эки эсе оор сезилет. Мен антип жашай албайм. Мен Аскатты сенин жаныңда унута албайм. Азирет башын мыкчый отуруп калды. Ачуу, ыза, өкүнүч чогулуп келип башына тээп жиберди. Алдастаткан ачуудан улам менменсинген текеберлиги, намысы ойгонуп, тез чыйрала өзүн колго алды. Ордунан ыкчам туруп кийинип болду да, Бегимайга адатынча мыскыл тиктеп калды.
– Бемуль, сен өтө эле ашыкча ойлонуп кеттиң. Эс ал, бул жерде эч кандай драма жок. Мен сени жөн гана пайдалангым келген. Мени билесиң го, ушундаймын. Бүгүн сен, эртең Алина, бүрсүгүнү дагы бирөө... Бул нерсеге анчалык маани бериштин, атүгүл көз жаш төгүштүн кереги жок. Мындай түндөр акыркы эмес, мен үчүн. Баса, сен үчүн да акыркысы эмес. “Мына эми, Азирет, өзүңө келдиң” деп ойлоду ичинен өкүнүч аралаш. А көздөрү эч нерсе болбогондой, кадимкисиндей күлүңдөп, мыскыл жылмайып турду.
– Туура айтасың, балким, Аскат менен болгон түн өтө башкача болмоктур. Ким билет?- деп ийинин куушуруп койду.
– Азирет, жетишет, суранам сенден, эч нерсе дебе...- деди Бегимай жаш аралаш. Азирет ишенимдүү арыштап чыгып кетти. Эшиктин шарт жабылганын угуп, кыз елейип туруп калды. Жүрөгүндө бир коркуу сезими пайа болду.
xxx
Ушул окуядан кийин Азирет өзгөрүп кетти. Болгон күчүн, ызасын кыздар менен көңүл ачкандан, түнкү клубдардан чыгарчу болду. Мурун эле урушка жакын жаны эми күн сайын мушташмай, көзү көгөрүп келмей. Атасынын сөзү да, апасынын ыйлаганы да таасир эткен жок. Мариям гана энелик жүрөгү менен бул эркелик же көпкөндүк эмес, түпкү маселе башкада экенин сезип жатты. Азирет эртең менен ойгонсо, башы жарылып кетчүдөй болуп калган экен.
– Эй, бул үйдө жан адам барбы?- деди бийик үн сала. Эч ким жок экенин байкап сыртка чыкса, атасынын айдоочусу бир нерселерди кылып жүргөн экен.
– Азирет, Мариям эже Аскаттын мүрзөсүнө кетти. Ар бейшемби сайын эле барат го. Сени ойгонсо айтып кой деген эле. Ошондо гана апасынын “эртең куран окутуп келеличи, балам, Аскаттын күмбөзүнө” дегенин эстеди. Кийинип, жуунуп алып бейит башына жөнөдү. Келсе, апасы убараланып көчөт отургузуп жаткан экен.
– Бул эмне, апа?
– Ак кайың өстүрүп коёюн дедим. Көлөкө береби деп ойлоп...
– Уфф, апа, жердин алдында жаткан адамга көлөкөбү, көлөкө эмеспи, баары бир эмеспи.
– Мен уулум үчүн тирүүсүндө эч нерсе кыла албадым. Жок дегенде арбагы үчүн эми бир нерсе кылганга акым бар го дейм. А сен... Сага эмне болду? Сенин күйүтүңдүн себепчиси да Аскат болуп жүрбөсүн...
– Апа?!
– Эгерде баары мен ойлогондой болсо, сеники туура эмес, балам. Ал кыздын жүрөгү Аскат деп соксо, эгизи болгон үчүн эле сен деп согуп калбайт.
– Апа, мен сүйүүгө татыктуу эмесминби? Бул туура эмес, апа. Менин абалымды эч ким ойлогусу жок. Мен... Апа, ал “сени менен жашап, Аскатты ойлобой коюу мүмкүн эмес” деди. Мен ансыз жашай албайм. Ал болсо мени көргүсү жок. Билбейм, түшүнбөй калдым ал кызга. Эмне кыларымды билбейм. Айтчы, апа, кандай кылам? Ким күнөөлүү буга? Мариям унчукпай уулунун чачтарынан сылай берди.

#54 19 June 2015 - 10:07
Мариям уулунун чачтарынан сылай берди.
– Мен күнөөлүүмүн, балам. Аскат экөөңдүн эки жакта өскөнүңөргө мен күнөөлүүмүн. Уулдарымдын тагдыры мындай болуп калат деп ойлогон эмес элем. Бегимай тууралуу атаңдан көп уктум. Атаңдын айтымында, ал кыздын жүрөгүнө терең тамырлаган сезим экен. Көп жолу көрүстөнүнө келип, ыйлап отурганын көрүп, “жаңы жашоо башта” деп урушуптур. Мезгил баарын дарылайт, бир аз сабырдуу бол, балам. Мен сабырсыздыктын айынан үчөөңдүн тең убалыңарга калдым. Кимдир бирөөнүн жакындап басып келе жаткан кадамынан Мариям менен Азирет кылчайып калышты. Колуна гүлдесте кармаган Бегимай келе жаткан экен. Үчөөнүн тең оозунан сөзү түшүп, бирин-бири тиктеп туруп калышты.
– Саламатсыздарбы?
– Кандайсың, кызым?
– Мен силердин да бул жакка келгениңерди билген эмесмин. Болбосо башка күнү келет элем,- деди Бегимай кысыла эки жагын каранып. Азиреттин өрттөнүп тиктеп турган көздөрүнөн каректерин ала качты.
– Эмнесине кысыласың? Бизге караганда сага жакын адам. Туурабы, апа, анын үстүнө биз кеткени жатканбыз,- деди кыжырланганын жашыра албаган Азирет.
– Балам, сен бизди жалгыз калтырчы. Биздин сөзүбүз бар эле,- деди Мариям аста гана. Аргасыз басып кеткен Азиреттин аркасынан тиктеп туруп, Бегимай акырын улутунуп койду. Колундагы гүлдестесин коюп, Аскаттын сүрөтүн алакандары менен сылап, бир нерселерди айтып жатты. Муну көрүп турган Мариямдын каңырыгы түтөсө, обочого барып аларды тиктеп турган Азиреттин айласы биротоло кетти. Мариям менен Бегимай бир топко үнсүз отуруп калышты.
– Кызым, Аскар силер тууралуу мага көп нерсе айтты. Мен сенин абалыңды жакшы түшүнүп турам. Бирок сага бир нерсе айткым келет. Азиреттин сага болгон сезими таза... Бир дагы кызга уулум ушунчалык күйүп-жанган эмес эле. Ал сыртынан гана ушундай көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү өтө назик. Бегимай Мариямды кыжалаттана тиктеп алды.
– Сиз тууралуу Аскат мага эч нерсе деп айткан эмес. Бирок ал энелик мээримге зар болуп жүргөнүн мен сезер элем. Кээде гитараны ушунчалык муңдуу чертип, апалар тууралуу ырдап калчу.
– Мен өз күнөөмдүн жазасын жетишинче тарттым. Меникиндей тагдырды эч кимдин башына салбасын. Андыктан күнөөмдү эске салып, мага оор кылыштын кажети жок.
– Туура, меникиндейди да эч кимдин башына салбасын. Менин жарамды сыйрыштын да кереги жок. Мени жалгыз калтырыңызчы, суранам. Жакында алыс жакка кеткени жатам. Бүгүн атайын Аскат менен коштошуп алганы келгем. Суранам сизден, жалгыз калтырыңыз бизди. Мариям ордунан туруп кеткенге аргасыз болду. Машинада отурган Азирет апасынын кубарган жүзүн байкады.
– Эмне деди, апа?
– “Кеткени жатам, коштошуп алайын деп келгем” дейт. Азирет жиндене рулду колу менен уруп-уруп алды.
ххх
Ушул окуядан кийин бир топ күн өттү. Күзгү жалбырактар сапырылып, суук катуулап келе жатты. Чарбактагы бир аз жемишти үзүп, үйгө киргизип коёюн деген Мариям короодо убараланып жүргөн. Жанына келген Аскарды эми байкап, жылмайып койду.
– Сени байкабай калыпмын...
– Убакыттын өткөнүн кара, кечээ эле жай эле,- деди Аскар кайгылуу.
– Ушинтип өмүр өтө берет. Күз келет, анан кыш... Кечээ эле экөөбүз тең жаш элек. Жээкке урулган чамындыдай эки жакка бөлүнүп калабыз деп ойлободук эле. Көрсө, ушунун баары турмуш экен. Бирок мен тагдырыма ыраазымын, Аскар. Ачуусу, таттуусу болду. Азирет бар, Аскатыбыз бар эле.
– А биз, биз ушул бойдон эле кала беребизби? Аскар келгенден бери биринчи жолу Мариямдын жүзүнө тике карап, саамайынан аста сылады.
– Жакын болуп туруп алыс, өз болуп туруп жатка айланып кала беребизби? Мен буга макул эмесмин. Биз үчүн деле Жараткандын бир аз мээрими калгандыр. Көп жылдан кийин экөөбүз бекер жолугушпагандырбыз. Ыя, кандай дейсиң? Мариям саамайын, жүзүн сылап жаткан Аскардын колдорун алып өөп, энтиге ыйлап жиберди.
– Неге ыйлайсың?
– Сени кайра тапканыма. Бөксөсү толбой келген жан дүйнөмдүн толгонуна ыйладым. Аскар Мариямды бооруна кыса кучактады. Алып учурган күзгү жалбырактын арасында бири-бирин тапкан эки адамдын жүрөгү кайрадан биригип, бирдей ыргакта согуп баштады. Бул жаңылык Азиретти да кубантпай койгон жок. Атасы менен апасын алмак-салмак тиктеп туруп, адатынча тамашалай берди.
– Уфф, мен силерди дагы далай аңдышып жүрө береби деп корктум эле. Куттуктайм, баса, мени да куттуктасаңар болот,- деди шоктоно көзүн кысып.
– Эмне менен?- деди атасы чочуй. Мариямдын жүрөгү бир нерсени сезгендей нес боло тиктеп калды. Дагы эмнени баштаганы турат дегендей сактануу менен карады. Азирет ичинен кыйналып турса да, апасына жадырап күлүп турду.
– Кийин айтам, апа. Жөн эле куттуктай бергиле.
– Дагы эмнени баштаганы турасың?
– Ой, апа, мен жөн эле айтып койдум. Баары жакшы, балким, жакын арада келиндүү болуп калышыңар да мүмкүн деп ойлоп жатам.
– Уулум, бул маселе оюнчук эмес. Жакшылап ойлонуп иш кылышың керек. Куру намыс жигиттерде күчтүү өнүккөн эмеспи. Азиретти сүйүү азабынан да, Бегимайдын баш тартып кетиши оор абалга таштады. Бир аз эле убакытка ойлонуп туруп кадам жасаса, балким, Бегимай да өзүнө келип калар беле?.. Аялдык ийкемдүүлүк басымдуулук кылып, балким, жакшы да көрүп кетмектир. Бирок Азирет ага убакыт бере койбоду. Мурункудай эле Алина болуп чогуу жүрүшүп, сүйлөшүп жатышты. Азирет Бегимайдын жаралуу жүрөгүн оорутуп, жети атасынан берки өчү бардай кереги жок жерден кекээр сүйлөп, ого бетер жанын кыйноого салып жатканын билген жок. Ошентип өч алам деп ойлоду. Бирок бул анын тагдырындагы эң чоң жаңылыштык болгонун кечигип билди.
xхх
– Бема, Бема, сени кандай гана сагынам болду экен?- деди Алина Бегимайдын чемоданга иреттүү салынып жаткан кийимдерин карап.
– Эй-й, мен эмне, биротоло кетип жаттым беле? Көпкө апамдарсыз мен деле чыдай албайт болушум керек. Келем бат эле.
– Бема, чынын айтсаң, эмнеге Америкага кетип жатасың?
– Бир аз атмосфераны өзгөртүп, өзүмө келейин деп ойлодум. Мен катуу кыйналдым, көп ыйладым, Алинка. Эми бактылуу болгум келет, баарын унутуп. Жашоомду башкача баштагым келет. А бул жерде баары мага Аскатты эске салат. Экөөбүз жүргөн көчөлөр, экөөбүз барган жерлер... Алина Бегимайды кучактап калды. Чын эле, жакын курбусу гана эмес, бир тууган эжесиндей эле жакын болчу.
– Макул, сенин айтканың да туурадыр. Чын эле, кыйналып жүрөсүң. Бирок мен сенсиз кантер экем?
– Эч нерсе эмес, көнүп кетесиң. Жаныңда Азирет бар эмеспи. Ал сага мени эстете койбостур. Мага таарынып жүрөт...
– Мен дагы байкадым. Сен жокто жакшынакай эле жүрөт да, сени көрсө эле атырылып жиндеп чыга келет. "Жакында бир сюрприз кылам" деп жүргөн ал. Билбейм, эмне камдап жатканын.
– А мен анын апасын көрдүм...- деп бараткан Бегимай токтой калды. Мариямдын "Азирет бир да кызды сенчелик жакшы көргөн эмес. Сыртынан мындай көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү өтө назик" дегенин эстеди. Негедир ушул сөздү көп эстечү болду...

#55 19 June 2015 - 10:10
Врачтын жыйынтыгы чыккан жука барак Бегимайдын колунда дирилдеп, ансыз да чоң көздөрү чанагынан чыга жаздайын деп отуруп калды. “Кош бойлуу!” Врачтын сөздөрү кулагына жаңырып жатканы менен, бул түшүнүктү акылы, сезими таптакыр кабыл ала албай турду. Кызыгы, ушул абалында да биринчи оюна келген адам Аскат болду. “Аскат, не кылып койдум? Кантем?” деп жатты чырылдап көмөк издей. Өңүнөн кетип, тизелей отуруп калган жаш кызды кимдир бирөө аяй карап, экинчиси кызыга тиктеп өтүп жатышты. Бегимай эптеп машинасына жетти да, башын рулга жөлөй отуруп калды. Дагы деле аң-таң... “Ушундай да болушу мүмкүнбү? Бир гана түн! Мен тагдырдан качканым менен, баары бир Азиретке тартылып жатам. Азирет муну билиш керек!” Оюна ошол нерсе келгенде сүйүнүп кетти. Дароо телефонун тере баштады.
– Азирет, мен сага тез жолугушум керек. Бир жагдай болуп калды.
– Аа, жакында учат деп уктум эле сени. Не болду анчалык шашылыш?
– Бул... бул телефондон айтыла турган сөз эмес.
– Алина экөөбүз кафеде отурган элек. Бизде да бир чоң жаңылык бар. Бирок аны Алина өзү айтсын. Кезикчү жерди болжошкон соң телефон коюлду. Бегимай машинасын айдап жөнөдү. Дал ушул күндөгүдөй, ушундай эч качан ашыкпаса керек. Ичиндеги бир күч аны алып учуп, жүрөгү бир нерсени сезгендей аптыгып шашып баратты. Машинадан чыгары менен өзүнө кучак жая чуркаган Алина көзүнө урунду.
– Ураа-а! Бема, Бемуль, мен кандай бактылуумун! Мен... Азирет экөөбүз ушул айда үйлөнө турган болдук...- деп келип кучактап калды.
– Ыя? Алишка, не дедиң?
– Бизди куттуктасаң болот, мына, Азирет мага шакек салды... “Булар не деп турат?! Чынбы?” Бегимай эңги-деңги болуп эч нерсе айта албай, буттарынан ал кетип теңселе түштү.
– Бема, сага эмне болду?- деп чебелектеген Алина сууга чуркап кетти. Өзүн тынчсыздана тиктеп турган Азиретке Бегимайдын көздөрү туташа түштү.
– Ушундай дечи,- деди эриндери араң кыбырап.
– Сенин сүйүүң ушунчалык эле беле? Ушунчалык туруксуз, кыска беле?
– Ооба, дал ошондой болчу.
– Мен... мен дагы кечигип калдым.
– Эмнеден? Эрдин кесе тиштеген кыз муңайым жылмайганы менен, көздөрүндө жаш мөлтүлдөп баратты.
– Мен дагы кечиктим. Мен дайым эле кечигип басып жүрөм. Апам, атам, досторум, баары “кечигип эле жүрөсүң, Бема” дешип ушул сапатымды жактырышчу эмес. Аскат гана канча кечиксем да күтүп, кышында тоңуп, жайында акактап, токтоо жылмаюусунан жазбай тура берчү. Ал жок эми... Андыктан бир жолу кечикпейин деп катуу ашыккам, бирок болбоду. Кыз өксүп ыйлап жатты. Азирет да ыйлады. Кучакташып ыйлашты. Бири оозунун учунда турган “сен экөөбүз балалуу болобуз” деген сөздү айта албай, бири “мен сени чексиз сүйөм” дегенди айта албай ыйдан күчүн чыгарып жатышты. А сыр ошол боюнча айтылбай калды. Азирет менен Алинанын тою болду. Колуктунун курбусу болгон Бегимай ошол күнү көркөм да, ары муңайым да болчу. Эртеси эле күнү аны жакындары, Азирет, Алина болуп аэропорттон узатып кала беришти. Чет өлкөдөгү Бегимайдан каттар келип жатты. Жакшы иштеп жатканы, ден соолугу, окуусу тууралуу кенен жазчу. Азирет өзү да байкабай андан кабар күтөр эле. Күндөрдүн бир күнүндө Бегимайдан таптакыр кабар болбой кетти. Анткени ай-күнү жакындап калган эле.
– Уул!- деп кубанычтуу үн каткан акушер айым бети тамылжыган Бегимайдын көкүрөгүнө баланы жаткыра берди. Уулун абай караган Бегимай аргасыз жылмая берди. “Аскат!” деди ичинен. “Атын Аскат коём!”
xхх
Окурман, ушинтип баяныбыздын акырына чыктык. Мен автор катары бул окуянын реалдуулуктан үлүшү бар экенин айтып кетүүнү парз көрдүм. Муну менен окуя бүтүшүн силер да каалабасыңарды билем. Кудай кааласа, кийин да бул ашыктык баянын улантабыз деп ишенем.
(Аягы)

#57 19 June 2015 - 16:40
Аси айым,бул чыгарманын уландысы бар.Супердин гезитине чыгып,элдин баары окуган.Ошентсе да талыкпай эмгек кылып,бул жакка жазганынызга ыраазычылык
#58 19 June 2015 - 16:50
Аси айым,бул чыгарманын уландысы бар.Супердин гезитине чыгып,элдин баары окуган.Ошентсе да талыкпай эмгек кылып,бул жакка жазганынызга ыраазычылык
Рахмат. Ооба бар аны да кочуруп коем.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#59 19 June 2015 - 20:39
Арамза жаным зеерикпей окуп чыктым, жакшы чыгарма экен...
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!

Супер-Инфо
super.kg
видео