Достор бул жазгандарым менин жашоомо тиешеси жоок.болгону мен бир эжемдердин күндөлүгүнөн окугандарымды жазып жатам.
Жайында кыздар менен көлгө барганбыз. Жакшылап эс алып келүүнү чечкенбиз. Ошол жерден Марат менен тааныштым. Чогуу көңүлдүү убакыт өткөрдүк. Көз ачып жумганча үйгө кайтчу күн да келип калды. Дагы жолугушуп калаарбыз деген үмүттө Маратка телефон номеримди бергенмин. Эки ай өткөндөн кийин телефон чалды. Анын үйүндө жолугушмай болдук, анткени анын туулган күнү эле. Мен эртерээк келип, кокустан Мараттын менин курбум менен сүйлөшүп жаткан сөзүн угуп калдым. Мени такыр сүйбөгөнүн,
достору менен тартышып кеткени үчүн гана мени менен мамиле курууну чечкенин курбума айтып жатты. Уккан соң ушунчалык жаман болуп, чыдабай ыйлаган бойдон артка бурулуп жөнөдүм. Марат мени байкап калды. Чуркап чыгып, кечирим сурай баштады. Башында кечире албадым. Бир ай өттү. Кокустан паркта көрүшүп калдык. Чынында аны жолуктуруп калаарымды күткөн эмес элем. Аны унуттум деп ойлогом. Ал мени көргөнүнө аябай сүйүндү, анан мындай деди:
- Сени алдап, өзүм аябай кыйналып жүрөм. Мени кечиришиңди каалайм. Билем, менин сунушум кызыктай угулат, бирок баары бир айтайын. Кайрадан жолугушуп баштайлы.
Ал чынында эле мени сүйгөнүн көздөрү айтып турду. Мен көпкө ойлонбой эле макулдугумду бердим.
Эми биз биргебиз, мына жарым жылдай сүйлөшүп жүрөбүз. Ал менин үйүм тарапка келет. Чогуу сейилдейбиз.
Аны менен чогуу жүргөндө ушунчалык өзүмдү бактылуу сезип: “Мен Бактылуумун сени сүйгөнүм үчүн!” деп кыйкыргым келет.
Эгер анын жакын досу мага тийишип жүргөнүн айтпаганымда баары жакшы болмок. Ошондо ал дароо эле досуна жөнөдү. А мен үйүмө барып, аны күтүп туруумду айтты. Үйгө бардым, бир саат өттү, жок. Телефону өчкөн. Тынчсызданып үйгө батпай кеттим да анын артынан барууну туура көрдүм. Жалгыз жүрбөйүн деп экөөбүздүн жалпы досубузга телефон чалдым да, аны кошуп алдым. Биз келгенибизде алар сүйлөшүп отурушкан экен. Мараттын үстү кан экен, бирок бул негизгиси эмес. Эч нерсени түшүндүрбөй туруп мени бир чапты. Мен таарынып, эч нерсени түшүнбөгөн бойдон кетип калдым. Жан дүйнөм жабыркап жатты. Убакыт өтө берди, бул окуяны эстебегенге аракет кылып жүрдүм. Бир күн эшик такылдаганынан ачсам, Марат турат. Таң калдым. Эшикти жаптым да чыдабай ыйлап жибердим...
- Эшикти ач, сүйлөшүшүм керек, - деди.
- Эшикти ач, сүйлөшүшүм керек, - деди.
Эшикти ачып алып да ыйлап жаттым. Ал мени кучактап сооротуп жатты. Анан кечирим сурады, досу аны алдаганын айтып. Мен кайра кечирдим. Кезектеги көйгөй чыкканга чейин бирге жүрдүк. Мен окуган окуу жайдагы бир бала мага тийише баштады. Марат аны менен да сүйлөштү. Дайыма эле ушундай тоскоолдуктар чыга бергендиктен баары бир чогуу боло албайбыз деп ойлоп кетчүмүн.
Биздин жашообузда эң башкы окуя болуп өттү. Бул биздин мамилебиздин маңызын кандайдыр бир деңгээлде өзгөрттү. Биздин жакын досубуз Абай өзүн өлтүрүп алганын уктук. Марат аябай жаман абалда калды. Абайдын ата-энеси анын Маратка жазган катын берди. Катты окугандан кийин телмире отуруп калды. Ал жалгыз калууну каалады. Макул болуп чыгып кеттим. Экөөбүз эки жакта жалгыздыктан азап тартып жүрдүк. Ага телефон чалсам албайт... Анын үйүнө барсам апасы чыгып, ал эчак эле үйдөн кетип калганын айтты. Анан Мараттын бөлмөсүнө кирүүмө уруксат берди. Ошол жерде жанагы катты көрдүм. Колума алып окуй баштадым. Мараттын апасы жумушка кетиши керек экендигин айтып, мени үйдө калтырды. Катты окуп жатып көзүмө ишенбей колдорум да калтырап кетти. Абай бир кызды катуу сүйгөндүгү,
бирок ал кыз анын жакын досун сүйгөндүгү катта жазылыптыр.
Ал мындай азап менен жашагысы келбептир...
Досуна да тоскоол болугусу келген эмес. Баары үчүн кечирим сурап, ал кызды эч качан таштаба деп Мараттан сураныптыр.
Өзүмдү ушунчалык жаман сезип отурдум. Көздөрүмдөн өзүнөн өзү жаш куюлуп жатты... Эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Марат келген экен. Эшикти ачтым, көздөрүмдөн азаптын жашы агып жатты, эки колум кан... өзүмдү жоготуп коюптурмун.
Өзүмө келгенимде жанымда Марат отурган экен. Ал мени таштаган жок. Алтынай (менин курбум) айтып берди, Марат мени көтөрүп машинага алып чыгып, ооруканага апасына (апасы хирург) алып барганын. Мараттын үйүндө өзүмө келдим. Ооруканада калуума мүмкүн эмес экен, үйгө алып келишиптир.
Марат мени аябай катуу сүйөөрүн жана мени жоготуп алуудан аябай корккондугун айтты.
Таанышканыбызга эки жыл болду. Бул убакыттын ичинде көп эле жолу пикир келишпестиктер болуп өттү. Жайында да бир күнү уруша кетип, ошол күнү досторубуз өткөрүп жактан отурушка мени чакырбай кетип калган. Кечки саат ондордо менин мурдагы жигитим Камчы келип калды. Көп ойлонбой эле аны менен бардым. Марат мени Камчы менен көргөндө кызганып, ого бетер жинденди. Камчы мени жеңил бийге тартты. Бийлеп жатканыбызда Марат чыдабай кетип Камчыны бир муштады да менин колумдан кармап, алдымда чөгөлөп, кечирим сурады.
- Мага чыккынчылык кылсаң да баары бир сени сүйөм, - деп ыйлап жиберди. Анан ордунан туруп мени бекем кучактады да утурумдук кыздар менен көңүл ачууларга азгырылып мени жоготуп алгысы келбегенин элдин көзүнчө айтты. Анын сөзүнө ишенип, кайра кечирдим.
Бир апта өттү. Кайра эле чыр чыкты. Камчы карта ойноп, досторуна мени уттуруп жибергенин айтканда Марат мени шылдыңдап аябай көңүлүмдү оорутту. Эртеси күнү мага жалпы досубуз Эдил сөз айта баштады. Марат карта ойноп, мени ага уттуруп коюптур. Албетте, андан баш тарттым. Ошол күнү кыздар менен клубга бармакчы элек. Барсак эле Эдил менен Бектур ошол жерде экен. Анан Маратка телефон чалып, бул жерде Эдил бар экендигин айтып, келип калуусун өтүндүм. Ал дароо эле баш тартты. Клубдан кетишим керек деп чечтим. Бирок кыздар кетпе деп туруп алышты. Бир сааттай өткөндөн кийин Бектур келип колумдан катуу кармады да бул кечеде аны менен бирге болушум керектигин айтты. Ызама чыдабай аны жаактан ары чаптым. Баары бир коё берген жок. Экинчи жолу чапканымда колунан чыгып кеттим да коркконумдан шашып сыртка чыктым. Аялдамага жете бергенимде кууп жетти.
- Коё бер аны. Менин катам үчүн анын күнөөсү жок, - деген Мараттын үнү чыкты ары жактан. Бектур жөн турмак беле, Маратты сөгүп кирди. Марат жинденип келип Бектурдун мурдуна коюп калды. Мен эмне кылышымды билбей ыйлап турдум. Марат анын жакасынан кармап, дубалга такады да:
- Экинчи менин кызыма жолобогун, - деди ызырынып.
Күндөлүктөгү эч кимге айтылбаган сырлар. Сыр
#2 01 July 2015 - 16:07
Марат күрмөсүн чечти да үстүмө жапты. Коркконумдан,
үшүгөнүмдөн калтырап турган элем. Ал келбегенде эмне болмок элем Кудай билет. Марат мени бекем кучактады да бетимден өөп койду. Анын эриндери кан экен. Жүзарчымды алып чыгып акырын арчып койдум. Анан машинанын эшигин ачты. Эми отурганы жатканымда клубдан Эдил чыкты. Унчукпай басып келип Бектурдун жанына отурду. А биз машинага отуруп Мараттын үйүн көздөй бараттык. Дагы деле титиреп аттым. Марат унчукпай кийимин алып келип үстүмө жапты. Бир аздан кийин достору менен карта ойноп мелдеше кеткендигин айтып, кечирим сурады. Анан колумдан жетелеп, өзүнүн бөлмөсүнө алып кирип, гитараны колуна алып ырдап жатты. Ошентип уктабай таң атырдык. Эрте менен үйүмө жеткирип койду. Бирок баары бир бирге боло албасыбызды тагдыр көрсөтүп турганын түшүнүп турдум. Ошол эле учурда ал башкасы менен көңүл ачып жүргөнүн да сезип турдум. Бир аптадан кийин телефон чалып, менсиз жашай албагандыгын айтып кайра кечирим сурады. Досубуз ага дагы бир мүмкүнчүлүк бер дегенинен бир апта сыноо мөөнөтүн бердим. Ал мага ыр жазып, гитара менен ырдап, көңүлүмдү көтөрүп жүрдү. Паркта сейилдедик.
Анан кайра эле чыккынчылык.
.. Кайра эле мас... Анын айынан кайра эле уруша кетебиз. Катуу таарынып бир жолу ал чалганда трубканы албай койдум. Анан эле күтүлбөгөн окуялар болуп кетти. Эжеси мага телефон чалып, Марат рулду башкара албай кырсыкка кабылганын айтты. Ал ооруканада эс-учун жоготуп жатып үч күндөн кийин каза болгонун билдиришти.
Мен буга ишене алганым жок. Көзүмдөн жашым тыйылбай, басканымды же турганымды билбей далдырап эле калдым. Анын үстүнө анын өлүмүнө эжеси мени күнөөлөп урушуп атты.
#3 01 July 2015 - 16:09
Эртеси күнү да өзүмө келе албай дендароо болуп отурганымда эжеси телефон чалды. Марат өлгөн эмес экенин, комада жатып эми өзүнө келгенин айтып, кечирим сурады. Мен унчукпадым,
эмне айтаарымды билбедим. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жаттым. Шаршемби күнү үйгө чыгып, төшөк режиминде жатаарын билдирди. Шаршемби күнү анын үйүнө бардым. Жанында отуруп аны сүйөөрүмдү айттым. Ал мени сүйөөрүн айтты, бирок көздөрүндө баягыдай сүйүүнүн учкундары байкалган жок. Экинчи жолу келгенимде кыздар менен шаңдуу отурган экен. Мен унчукпадым.
Алар менен отурганы мага жакпаганын ал байкады. Ашканага барып, эжеси менен отурдум. Ал мени чакырды. Башында жиним келгенинен көңүл бурбаганым менен баары бир бардым. “Менин жаныма жат” деди. Албетте, баш тарттым. Анан ал жаныма отурду. Көздөрүбүз тиктеше түштү, бирок бири-бирибизди мурдагыдай сүйбөй калганыбызды түшүндүк.
- Мен сени башкага алмаштырышым мүмкүн, бирок баары бир оюмда сен, менин аялым болушуңду каалайм, - деди.
- Жок, - деп жооп бердим.
Эрте менен үйдө болчумун. Мараттын кырсыкка учураганын териштирип жаткан эже телефон чалды. Марат машинада жалгыз болбогонун, жанында бир кыз болгонун, ал алаксыткан учурда кырсыкка учураганын айтты. Көз алдымда жер тегеренип кетти. Мен аны катуу сүйүп жүрсөм... Анын алдап жүргөнүнө ызаланып түнү- күнү ыйлап жаттым. Өзүмө суроо бердим: АНЫН ЖАШООСУНДА МЕНИН ОРДУМ БАРБЫ? Жооп таба албадым. Бирок аны ушунчалык катуу сүйөөрүмдү билем. Жыйынтыгында азапка чыдабай ичип алып, Мараттын мен үчүн мааниси жок экендигин досума айттым. Ал албетте, менин азап тартып жүргөнүмдү түшүндү. Ишемби күнү өзүмдү бир аз жакшы сезип калдым. Досум менен сүйлөшүп отуруп, мен ушундай адамды тандасам туура болоорун түшүндүм.
Түнү Марат келди колуна бир тал роза кармап. Дагы деле аксап басып жүрөт. “Ажырашканыбыз жакшы болот” деди.
- Сенин жашооңдо ордум барбы? – деп сурадым.
Унчукпай көздөрүнүн жаш чыгып кетти.
- Эки жылдык мамилебиз текке кеткен экен да? Сүйгөн эмес экенсиң да?

#4 01 July 2015 - 16:10
Ал унчуккан жок. Ал мени таштап кеткиси келип жатат. А мен ансыз жашоомду элестете албай турам.
- Эшик суук экен, кеттик, - деп такси кармады да анын үйүнө бардык. Түнү менен мамилени талкуулап бүтө албадык. Эмнеге ажырашуунун каалаганын сурасам “сен мени сүйбөйсүң” деген жооп. Андай эмес экенин айткым келди. Бирок анын дайыма башка кыздар менен жүргөнүнөн тажап кеткенде “сени сүйбөйм” дегенимди эстедим. Аргасыздан жылмайып:
- КЕЧИР! КОШ БОЛ! – дедим.
Ал мага карап туруп, столду бир муштумдады да:
- ЭМНЕ ҮЧҮН АЖЫРАШУУ МЫНЧА АЗАПТУУ??? – деп телмирип отурду. Анан:
- КЕТ! МЕНИ МЫНДАН АРЫ ОЙЛОБО! – деди.
Эшик суук экен. Аны да сезбей ыйлаган бойдон жолдо бараттым. Телефонум шыңгырап калды. Марат экен. “Суукта жөө жүрбөй кайт, жеткирип коём” деди. Ага көңүл бурбай кете бердим. Жолго чыгып такси кармаганы турганымда ал атасынын машинасын айдап келип калды. Нары бурулуп кеттим. Ал жетип келип мени күчкө салып машинага отургузду. Ушунчалык жүрөгүм канап, кыйналып турсам да ага сөз айтканга намысым жол бербеди. Унчукпай терезени тиктеген бойдон кете бердим. Ал машинаны жолдун жээгине токтотту да, ордунан чыгып, мен отурган эшикти ачты.
- Мен мындай кыла албайм. Мага кыйын болууда, сага да кыйын болгонун сезип турам. Кечир. Мен сени сүйөм. Сен аябай намыстуу экенсиң, катаңды да моюнга алгың келбейт, - деди.
Мен машинадан чыгып ага боюмду таштап кайра ыйлап кирдим. Ал мени назик өөп жатты. Мен туура эмес кылганымды моюнга алдым. Ушунчалык өзүмдү бактылуу сезип, сүйүнгөнүмдөн эмне кылаарымды да билбей калдым. Мен Азыр бактылуумун ушул учурда.бирок билбейм тагдырым кандай жолго буруларын.

#5 01 July 2015 - 16:12
Тилегим орундалбай калды
Мен дагы эл катары борбор калаабыз Бишкекке барып билимимди андан ары жогорулатсам деп тилек кылаар элем. Бирок ойлогон ишимдин баары аткарылбай калаарын балалык кыялым менен билген жокмун. Мына бүгүн ошол күндөрдү эстеп көзүмдөн мончок жаштар куюлуп кетет. Аттиң эгер өткөн ишти кайра кайтарып ала алсаң, мен бүгүн мыкты журналист болмокмун деп ойлоп кетем. Башымдан өткөргөн окуяны окурмандарга төкпөй – чачпай баяндап бергим келди.

#6 01 July 2015 - 16:14
11 - классты аяктап жаткан учурда, ар бир эле бүтүрүүчү өзүнүн келечегине ой жүгүртөт эмеспи. “Кайсы окууга тапшырсам? деген ойлордон кучагына кирип, кыялданып жашайт экенбиз да. А бирок мен ким болоорумду ойлонуп койгом. Телевизордон “Арноо концертин” калтырбай көрчүмүн. Андагы сүйлөп жаткан Бактыбек Мамытовду көрүп алып ушунчалык сыймыктанаар элем. Мен дагы келечекте мыкты журналист болом. Эл үчүн иштеп, ак сөз, адал эмгек менен гана кызмат кылам деген тилегим бар болчу. Өзүм жалгыз үйдө калган учурда күзгүнүн маңдайында туруп алып, кыялга батчумун. Бирок ... бирок өкүнүчтүү жери окууга өтүүгө мүмкүнчүлүгүм чектелүү эле. Бир гана ишенгеним мамлекеттик тест тапшырып, жыйынтыгын гана күтүп турдум. Ошондой күндөрдүн биринде классташтар менен тоого чыгып эс алып келмей болдук. Дал ошол күн бүгүнкү күнгө чейин эсимде. 7-июнь болчу. Ар бирибиз коштошоорубузга саналуу гана күндөр калса да, бири-бирибизден ажырагыбыз келбей шатырма-шатман болуп ойноп жүрдүк. Бир кезде Улан менен көзүм тиктеше түштү. Ал менден 5 жаш улуу болгондуктан,
дайыма сиз деп гана сылык учурашып кетип калчумун. Бирок балалык сүйүүм жалгыз гана Уланга арналган болчу. Бирок бул жолкусунда андан алыстап кете албай койдум. Биздин тиктешүүбүз көпкө созулган жок. Ал менин жаныма келип, сылык гана учурашып ал-жайымды сурап жатты. Эч жаман оюм жок, суроолоруна таамай гана жооп берип, тамашалаша кеттим. Айлана жымжырт. Классташтарымдан бир топ эле алыс жакта туруптурмун.
Ошентип Улан экөөбүз ар кайсыны сүйлөшүп жатып кантип анын кучагына камалып калганымды билбей калдым. Мен кетейин дегениме болбой, мага болгон сүйүүсүн билдирип жатты. Бири кулагыма кирсе, бири тээ алыстан угулгандай туюлуп жатты. Эми мен алсыз адамга айланып калуу коркунучу жүрөгүмдү эзип жатты.
#7 01 July 2015 - 16:15
Жок, - деп мен андан колумду силкип алганымда, кош колдоп колумду коё бербей өзүнүн арам оюн ишке ашырды. Ошол учурда алысыраак байкемдин баласы бизди көрүп калып, Уланды ур-токмокко алды. Бирок Улан, “мен Кундузду алам, ошондуктан өз билгенимди кылдым” деп керсейип турду. Ошентип эс алуум ый менен аяктады. Эртеси күбүр-шыбыр сөздөр айылга тарап кетти. Ал сөз менин да ата-энеме жетиптир. Эми күнөөнүн баарын Уланга имерип, кызыбызды аласың деген сөздөрдү айтып жатышты. Эгер албасаң өмүр бою түрмөдө чирийсиң деген жаман сөздөрдү айтуу менен коштолду. Акыры анын ата-энеси биздин үйгө келип, мага сөйкөсүн салып, акыркы экзаменге жетпей эле үйүнө алып кетишти. Бирок Уландын босогосун аттаганы жакшылыктуу деле күн көргөн жокмун. Баардыгы эле мени жеп ийчүүдөй карашып, кагып-силкип,
ал тургай кичинекей кайын сиңдилериме чейин жек көрүп калышты. Эптеп күндөр өтүп жатты. Эми менин кыялымдын баары артта калды.
Чабан болуп, тоого жөнөп кеттик. Ал жакта мал-жанды карап, Улан экөөбүз тикшешип отурабыз. Кээ бир күндөрү күйөө сөөрөйүм жумушу жок болсо деле айылды көздөй жөнөп кетет да, бир жумалап жүрө берет. Ушунчалык ызаланып, бугумду ыйдан гана чыгарып жүрдүм. Кош бойлуу болсом да, жылкыларды маал-маалы менен саап, кечкисин койлордун баарын жайлаштырып койчумун. Ага көнүп алган Улан мага ишенип жүргөнү жүргөн. Бир күнү ичим ооруп, толгоотуп баштадым. Алыста эле бир кошунабыз бар эле. Эптеп ошол үйгө жетип, ал үйдүн ээси доктурга алып жөнөдү. Ошол учурда өлүмдөн башка эч нерсени ойлонбой калган элем. Балам төрөлгөндөн кийин баардыгын унутуп калып, өз ишимди жасап жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде Улан башка кыз менен сүйлөшүп жүрүп, боюнда болуп калганын уктум. Ошол тапта мени аяп, кайгымды тең бөлүшүп, абалымды түшүнгөн эч бир жан жок эле...

#8 01 July 2015 - 16:16
Канча убакыт өткөнүн ким билет, соолуп, башымды жерге салып, көз жашымды көлдөтүп отура берип, курсагым да ачып кетиптир. Бир убакта баламды көтөрүп алып, айылды көздөй бет алдым. Мага эми эч нерсенин кереги жок болчу. Кайындарымдын үйүнө келип, киргенде эле баары беттен алышып урушуп башташты. Бирок, мен жашоом үчүн күрөшкүм келди. Эч жакка кетпей, баламды боорума кысып отура бердим. Улан болсо экөөбүз ажырашабыз деген сөздөн башка эч нерсе айтпай тура берди. Мен акыры бул сөзгө макул болуп, үйдөн чыгып кеттим. Мен кеткен күнү эле баягы аялын алып, той берип жатышты. Үйгө келгенимде ата-энем кучак жайып тосуп алышты. Себеп менин турмушумдун татаалдыгын алар да сезип жүрүшчү. Ошол күндөн баштап төшөктөн турбай соолуп жаттым. Эшикке чыгып, бакка жөлөнүп, башымды жерге салып отура калдым. Башым айланып, кускум келип жатты. Көзүм жумулуп өйдө болууга алым келбей калды. Андан аркысын билбейм. Эч нерсе эсимде жок. Көрсө боюмдан 2 жарым айлык балам түшүп калыптыр. Көзүмдү ачсам борбордогу бейтепканада жатыптырмын.
Эми мага баары кызыксыз. Баягы журналист болом деген кыялдарым, жашоого болгон үмүтүм бир заматта бырчаланып,
талкаланды.
..
Эми мен киммин? Болгону бул жашоого капысынан келип калган алсыз аялзаты экенимди түшүндүм. Айтор, мал артынан жүрүп, өмүрүмдүн күлгүн кезин текке өткөрүп жибергенимди сездим. Өзүм курактуу кыздардан алда канча улуу көрүнүп, он жылга картайып калганымды сездим. Көргөн күнүм курусун. Ал күндөрдү эстегим да келбейт. Мындай учурда бир гана ата-энем жанымда айланчыктап жүрдү. Үстүмө бир сыйра жаңы кийим сатып алып, борборго жөнөп кеттим. Бул жакка келип алгач кийим тигүүчү цехте топчу кадам иштеп, өзүмдүн тырышчаагымдын арты менен тиккенди да үйрөнүп калдым. Учурда цехтердин биринде технолог болуп иштеп жатам. Бул жашоого жарык чачкан балам жана ата-энем жетеледи. Өткөн күндөрүмдү эстегим да келбейт. Баягы кыялдар жок , эми жашоого болгон көз карашым такыр өзгөрдү. Ал эми менин балалык аруу жан дүйнөмө бүлүк салган Улан аракеч болуп кетти. Аялдык бакыт тартуулайт деген аялы кетип калыптыр. Азыр кайындарым күндө кечирим сурап келишет. “Төө кыядан өткөн соң, оо деген курусуң” деп бирин да сүйлөтпөйм. Бирок, балам үчүн кечирейин дейм. Эмне кылам? Болгон күчүмдү жыйнап, кечирсемби же жөн эле койсомбу? Көңүлүм калып калган Улан экөөбүздүн мындан аркы жашообуз кандай болот?... Ушундай ойлор жүрөгүмдү жаралап, күндөн – күнгө азапка батып келем.

#9 01 July 2015 - 16:20
Бири кем дүйнө
Менин башымдан өткөргөн окуялардын тизмектери айрымдарга кызыктуу баян болсо, кимдир бирөө үчүн табышмактуу татаал тагдыр болсо керек. А менин өзүм үчүн, өз учурунда трагедияга айланган тагдыр, убакыттын өтүүсү менен бактылуу көз ирмемдерге айланганына ыраазы болом...
Биз бала кезде кошуна айылга велосипед тээп барып калчубуз. Тентекпиз да, ал жерде жашаган дудук үй- бүлөнү мазактап турууну эмнегедир адатка айландырып алган элек. Ошолорду шылдыңдап каччубуз. Кыязы, бул кылган жоосунсуз жоругубуз өз учурунда бизге кызык көрүнсө керек.
Дудуктарга эрмек болгон жалгыз кызы кээде биз менен да ойноп калчу. Балалык сезим менен ал кызды жакшы көрүп, балдар таш менен уруп калышса боорум ооруп, көзүндөгү жашты аарчыр элем. Ата-энемдин жалгыз баласы болгондуктан үйдүн эркесимин. Балдар менден да айбыгып турушчу. Анткени жаңы кийимди биринчи мен кийип, жаңы чыккан оюнчукту мен эшикке көтөрүп чыкчумун.
Дудук үй-бүлө жашаган үйдүн сырты эми эле көчүп түшчүдөй болуп турчу. Ошол дубалдын жанында ата-энесине Айгүл бийлеп, аларды кубанычка бөлөчү. Ал көз ирмемдерде алардын бактысына суктанчумун. Анткени менде баары болсо да ата-энемдин мага бөлүүчү убактысы өтө эле аз болчу. Бир туугандарым да жок болгондуктан өзүм үйдө зээригип эле олтурчумун.

#10 01 July 2015 - 16:48
Бирок, мен алардын бактылуу жүздөрүн кийин көрбөй калдым. Анткени алар жашоо-тиричилигинен кыйналып көчүп кетишиптир.
Ошол учурда андай нерсени түшүнбөсөм да эл арасына тарап кеткен сөз эсимде калыптыр.
“Бечара дудуктар кызынын бактысына аман болушсун. Жараткан аларга тил бербесе да чексиз мээрим берген. Жардам берчү жакындары жок болгондуктан, ар жакта жер кезип жүрүшөт да. Башка областтан бир алысыраак туугандары келип алып кетиптир. Кыязы сурап алаар адамдары жок байкуштарды кызмат кылдырып, бекер киши жалдагысы келсе керек”.
Мен эми “таптакыр жалгыз” калдым. Көчөгө чыгып балдар менен да ойногум келбейт. Үйдөн чыкпай Айгүлдүн жаш толгон көздөрүн элестетип олтура берем. Анда мен бар болгону сегиз жаштагы бала элем...
Арадан жылдар өтүп жогорку окуу жайга тапшырып, окуп калдым. Үчүнчү курста башка университетке студенттер катышкан сынакка барып калдым. Залдагы элдин агымына кошулуп өз ордумду араң таптым. Сынакка катышкан студенттер докладдарын окуп башташты. Менин да кезегим келип жетти. Толкунданып жатып төрт айдан бери даярданып жазып чыккан докладымды окуп бүттүм. Кайра ордума бара жатканда менден кийин сөз алган кыздын үнү менин оюмду бөлдү. Тааныш үндөй туюлду. Столго олтуруп, жылдыздуу кызды кайдан көргөнүмдү эстей албай башым маң болду. Оюма сүйлөп жаткан кыздан башка эч нерсе келбей койду. Таптым, ал мен бала кезимде жоготуп алган Айгүл экен. Же мен адашып жатамбы? Ал сүйлөп бүткөндөн кийин зал кол чаап жиберди. Жыйынтыгында университеттердин арасында өткөн сынактан ошол кыз жеңип чыкты. Мен экинчи орунду алдым.

#11 01 July 2015 - 16:49
Иш чара бүткөн соң кыздын артынан акмалап чыктым. Ал курбусу менен кубанычын тең бөлүшүп бараткандай,
алардын күлкүсү мага чейин угулуп жатты. Бирок жанына барып сөзгө тартуудан айбыктым. Эгер ал мени тааныбай калса, ыңгайсыз абалда калууну каалаган жокмун. Балким башка эле кыздыр...
Эшикке чыга бергенде алардын бир киши менен сүйлөшүп турганын көрдүм. Дароо тааныдым, ал Айгүлдүн атасы эле. Ал уста болгондуктан далай ирет бузуп алган оюнчуктарымды көтөрүп ага барчумун да. Жүрөгүм бир оопколжуп алды. Мен чын эле балалык сүйүүмдү таптымбы?
Ошондон тартып мен башка дүйнөгө киргендей болдум. Өзүмдү бактылуу сездим. Сүйүүнүн күчүн ушундан көр, мен жерге турбай эле учуп калдым. Бардык нерсени чоң көңүлдөнүү менен жасайм. Мурдагыдай болуп теңтуш балдарым менен түнкү клуб, кафелерге барууну кан буугандай токтоттум. Менин көп убакытта үйдө болуп китептен башым чыкпай калганын көргөн апам да кубанып калат. Атам мурдагыдай эле жумуштары менен жүрүп үйгө кеч келет. Кээде командировкага чыгып кетип бир-эки ай дегенде гана үйгө келет.
Тилегим ишке ашып Айгүлгө кезиктим. Ал окуган окуу жайга издеп бардым. Ага биз бир айылда жашаганыбызды айтсам, мени кубанычтуу карап: “Сен Аликсиңби?” деп, таң кала сурады. “Ооба” деген жообумду угуп, “А мен да сени унуткан жокмун.

#12 01 July 2015 - 17:06
Мен балдардан таяк жеп ыйлап жатканымда сен менин көз жаштарымды арчычу эмес белең” деп, балалык кезди эске түшүрүп жиберди.
Экөөбүз бири-бирибизди тапканыбызга төбөбүз көккө жеткенче кубандык. Ошол күндөн тартып күн алыс жолугууну адатка айлантып алдык. Бош убактыбызда паркка барып эс алабыз же киного киребиз. Тим эле эгиз козудай ээрчишип, бөлүнбөй басып калдык. Биздин жылуу мамилебиз көп өтпөй сүйүүгө айланды. Бири-бирибизсиз жашоону элестете албай калдык. Бизден өткөн бактылуу жан жоктой туюлат...
Бирок, бизди алдыда чоң сокку күтүп турган экен. Болгондо да ал соккуну ата-энемдин чолок оюнун таасиринен алдым.
Айгүл менен сүйлөшүп жүргөнүбүзгө үч жыл болду. Ал аралыкта экөөбүз тең колубузга диплом алып, жаңыдан жумуш ордуларыбызды таптык. Эми үйлөнсөк да болот. Мындай чечимди билдирсем апам кубанды, бирок көңүлүмө жаккан кыздын ата-энеси дудук экенин укканда абдан капа болду. “Той болбойт, атаң да каршы чыгат. Атаңды элдин баары тааныйт. Эгер ал кызга үйлөнсөң дароо эле Санжардын баласы дудук адамдарга күйөө бала болуптур, деп элдер шылдыңдашат. Билесиң атаң мындай сөздөргө чыдай албайт. Ал кызыңды унутуп, тектүү эле жердин кызына үйлөнөсүң! ”- деп апам катуу айтты.
Мен Айгүлсүз жашай албасымды айтып, эгер тойго каршы чыкса үйдөн чыгып кете турганымды билдирдим. Ага чейин мен дүлөй жана дудуктарга арналган китептерди окуп, болочок кайын журтум менен сүйлөшүүгө үйрөнүп жүргөн элем. Андай китептердин үйдө көбөйүп калганын апам да байкаган экен.

#13 01 July 2015 - 17:08
Эмне эле мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арнап жазылган китептерди окуп калган десе, сөздүн төркүнү бул жакта жаткан турбайбы. Ай, балам ай, жүрөгүмдү сыздатат турбайсыңбы.
Мен го сенин чечимиңди кабыл алам, бирок, атаң, анын эжелери сенин жаныңды койбойт го. Бир гана жардам бере алам. Атаң бир жумадан кийин эки айлык командировкага чыгат. Ошол учурда сени үйлөнтүп койсок болот.
Эненин жүрөгү кең экенинде талаш жок. Апам менин кыйналган түрүмдү көрүп, мага жардам берүүнү чечиптир.
Ошентип атам иш сапарына кетээри менен үлпөт тойго даярдык көрө баштадык. Бул чечимди телефондон уккан атам алгач каршы болду. Бирок апам аны ийге келтирди. Эмне деп айтканын билбейм, бирок апам атамдан тойго уруксат алды. Атамдын туугандары да каршы болушуп ар кандай сөздөрдү сүйлөштү. Апам мени кыя албагандыктан жаман сөзгө, кайын эжелеринин уу тилдерине да чыдоого аргасыз болду. Чуру-чуу менен той да өтүп кетти. Бирок тойго Айгүлдүн ата-энеси келген жок. Анткени өздөрүнүн майыптыгынан уялып чакырылган жерге келбей коюшту. Бул мага да катуу тийди. Аларды аядым. Айгүлдүн көзүндөгү жаш жылтырап жерге агып кете албай араң-араң турганын билип турдум. Жан эркемдин кандай абалда турганын билсем да, билмексен болуп анын маанайын көтөрүүгө аракет кылдым. Ошентип үлпөт тоюбузда экөөбүздүн көзүбүздөн бакыттын мөлтүр жашы менен бирге эле, армандын ачуу көз жашы да агып турду.

#14 01 July 2015 - 17:09
Биздин үй-бүлөлүк жашообуз тынч башталган жок. Алгачкы күндөн тартып эле атамдын эже-карындаштары Айгүлгө тескери мамиле жасашты. Үй-жайы бөлөк болсо деле биздин үйдөн чыкпай калышты. Апамдын да алардын астында тили кыска эле. Анын да бир кемчилиги ата-энесинин жетишпеген жашоодо жашаганы эле. Алардын көзү өтүп кетсе да өткөндү апамдын эсине салып турууну эжемдер адатка айлантып алышкан. Эч ким жокто апам мага арманын айтып ыйлап алат.
- Балам сенин бактылуу экениңди көрүп кубанам. Бирок, Айгүлгө боорум ооруйт. Анын тагдыры меникин кайталабаса экен деп чоочулайм. Анткени атаң мага үйлөнгөндө менин ата-энем да жетишпеген жашоодо жашачу. Ал эми өзүң билгендей чоң атаңдар бардар жашоодо жашаган, төрө пейил адамдар болгон. Эч кандай тоскоолдукка карабай үйлөнүп алганыбыз менен, башыма ак жоолук салынгандан бери эч бир жакшы сөз укпадым. Бизди ажыраштырууга аракет да кылышты. Бирок биз бардык нерсеге туруштук бердик.

#15 01 July 2015 - 17:10
Ошентсе да дагы деле кайын эжемдер мени көр жемеге алып турушат. Аларга тик карап сүйлөй албайм. Эми болсо мен көргөн кыйынчылыктарды Айгүлдүн башына жүктөп жатабыз.
Апамдын сөзүн угуп эжемдерге жиним келет. Бирок мен алардын инисимин да. Аларды кандай да болсо сыйлап алууга тийишмин. Жароокер Айгүл эч нерсени билгизбей, кабыгым-кашым дебей жаркылдап жүрө берди. Бардык нерсени акыл менен калчап, кыйынчылыкта ар дайым мени колдоого алып турат.
Ошол аралыкта атам да иш сапарынан келип калды. Үйдө болгон ызы-чууну айтпай эле коёюн. Айгүлдүн көзүнөн жаш кетпей калды. Атамдын ачуу сөздөрү менин да, анын да жүрөгүн тилип, кайгыга салып койду. Бири-бирибизге тик карай албай калдык. Атам “Кайдан алсаң, алып келген кызыңды ошол жерге жеткирип бер. Сага тектүү жердин кызы табылбай калдыбы? Апаң экөөң мени алдап кайдагы бир майыптарга кудаа кылып койгуңар бар экен да” деген ачуу сөздөрүн айтуудан тажабайт. Күнөөлүү болгондуктан атамдын алдында үн катпай тим болом. Бирок адамдын жакыр жашоосу, майыптыгы уят эмес да. Эмнеге адамдар ошол нерсени түшүнбөйбүз? Өзгөчө колго акча кармап калган соң көзүбүздү май басып эле асманды карап калат окшобойбузбу.

#16 01 July 2015 - 17:12
Ошол учурда да апам жардамга келди. “Турат, байлык деп балдардын бактысына тоскоолдук кылба. Сен мага үйлөнгөнүңдү эсте. Мен да эч нерсеге жарыбаган үй-бүлөнүн кызы элем. Бирок сен баарына көз жумуп койбодуң беле. Ошондон бери сенин туугандарыңдан жаман сөз угуудан чарчабай келем. Сен үчүн бардыгына чыдагам. Анчалык эле байлык керек болсо, биз балам экөөбүз үйдөн чыгып кетүүгө аргасызбыз.
Бей күнөө келинибиздин да көзүнөн жашы токтобой келет. Сенде адамдык сапат барбы?
Апамдын атама карата айтылган сөздөрү анын жан дүйнөсүнүн кыйкырыгы эле. Эчен жылдан бери сакталып келе жаткан ызанын кыйкырыгы эле. Атам “селт” эте түшүп, көпкө ойлонуп калды. Кыязы өзүнүн да бир кезде атасынын алдында башы жерге салынып турганын эстеди окшойт.
Ошондон кийин атам бизге жаман сөз айтпай калды. Айгүл экөөбүз чоң тоскоолдукту жеңип чыкканыбызга оор улутунуп алдык. Биздин жашоо да бир нукка түштү. Ал аралыкта балалуу да болдук. Биздин эле эмес ата-энемдин да кубанычында чек жок. Небересин көтөрүп эле кубанып калышты.

#17 01 July 2015 - 17:13
Бирок, балам бир жаштан ашса да “а” деп оозунан сөз чыгарган жок. Балабыз да сүйлөбөй калабы, деген коркунуч Айгүл экөөбүздө тең жашап жүрдү. Өзгөчө Айгүл өзүн күнөөлүү сезип, ичинен эзилет. Антсе да бул тууралуу бири-бирибизге үн катпайбыз. Атам менен апамдын да тынчы кете баштады. Балабызды ооруканага алып баргандан да коркобуз. Эгер дарыгерлер балабызды “сүйлөбөйт” деп билдирсе жашообуз чытырман токойго айлануусу күмөн эмес эле. Эч кимибиз жаман сөз угуп, үмүтүбүздү өчүргүбүз келген жок. Бирок, жай бербеген тынчсыздануу ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашап жүрө берди...
Жараткан бизге да берээрин унутпаган экен. Бир ирет Айгүл экөөбүз уулубузду ойнотуп жатсак кытылдап күлүп эле “Апа” деп үн чыгарды. Таң калычтуу жымжырттык. Эмне болгонун да түшүнө бербедик. Анткени биз балабыздын тили чыгаарынан да күмөнсүнүп калган элек. Бир оокумдан кийин гана өзүмө келип уулумду так көтөрүп: “Эркетайым менин, бизди чексиз бакытка бөлөдүң го” деп жүзүнөн өөп-өөп алдым.
Биз башыбыздан өткөргөн азаптуу күндөр, кыйчалыш учурлардын баары эми артта калгандай туюлду. Көзүбүздүн жашы тыйылгансыды. Бирок Айгүлдүн жараты айыкпаса керек... Ата-энесинин тагдыры, менин туугандарымдын ачуу сөздөрү аны өмүр бою коштоп жүрсө керек...
Бири кем дүйнө... Адам эч качан бардык тараптан бактылуу боло албайт окшойт. Бир сыноо аяктаса, экинчи бир тоскоолдук чыга келет. Кыязы өмүрдүн кызыгы да ушунда болсо керек.
Аягы

#18 01 July 2015 - 17:14
Бир туугандарды кайраштырган сүйүү
“Бир карындан чыккан балдарымдын келечеги экиге бөлүнүп, тагдырлары кайчылаш жолго түшүп калат деп ойлогон эмес элем. Азыр болсо эки оттун ортосунда алоолоп күйүп, эч бир айла таба албай жүргөн кезим, -деп Жанара эже сөз учугун улады.
Жолдошум балдарым жаш кезинде эле каза болуп калган. Үч кыз, эки уулумду эч кимдин көзүн каратпай, эч нерседен кем кылбай багып чоңойттум. Убакыт келип улуу балдарымдын баары үй-бүлө куруп кетишти. Мен алардын бактысын тилеп, кичүү балам менен үйдөмүн. Ал али үйлөнө элек болгондуктан, ар тараптан кыз караштырып да жүрчүмүн.
Бир күнү эле уулум үйгө келип:
- Апа, мен үйлөнөм, -деди башын жерге салып.
Кубанганымдан маңдайым жарылып:
- Качан, кимге? Алардын дарегин бер. Кыздын ата-энесинин алдынан өтүп келели,- десем, уулум ойлонуп олтуруп калды.
- Мен үйлөнө турган кыздын ата-энеси каза болуп калган. Үйгө алып качып эле келип алам. Биз ошондой сүйлөштүк. Анан дагы апа, ал турмушка чыгып ажырашып кеткен. Бир уулу бар. Билем, каршы болосуңар. Бирок мен баары бир Айымга үйлөнөм. Андан башка кыздын кереги жок. Ал экөөбүз мектепте окуп жүргөндө эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Бирок, менден эки жаш улуу болгондуктан, ал 11-классты аяктары менен алып качып кетишкен. Кийин кайра жолдошу менен пикирлери келишпей ажырашып кетишкен болчу. Суранам биздин бактыбызга тоскоол болбогула. Эгер таптакыр эле каршы чыксаңар мен өзүмдү- өзүм өлтүргөндөн да кайра тартпайм.
Ошол менен сөз бүттү. Уулумдун үйлөнүү тою “мындай-тигиндей болот” деп кубанып жүргөн үмүттөрүм акталган жок. Жакшынакай эле бир кызды үйгө алып келүүнүн ордуна, бир балалуу, турмуштан чыккан, өзүнөн эки жаш улуу келинди үйгө киргизгени жүрөт. Башым маң болду да калды. Көзүм тумандап, не кылаар айла таппай калдым. Эрке баламдын жоругун бир туугандары да угушту. Алар келип Кенжебектин айласын алты кетире урушушту. Бирок балам үн дебей, “баары бир ошол гана кызга үйлөнөм” деп көгөрүп тура берди. Агасынан катуу таяк да жеп калды. Уулумдун өжөрдүгүн ушундан көр “өлтүрсөңөр да Айымдан башка кызга үйлөнбөйм” деген чечиминен кайткан жок.
Энемин да боорум ооруду. Эки уулумдун тартышып жатканын көрүп жүрөгүм ачышты.

#19 01 July 2015 - 17:16
Буту күйгөн тооктой болуп жерге да тура албай калдым. Кыздарым бир жактан ыйлашат. Алар да инисинин келинге үйлөнүүсүнө каршы. Бирок кыз да. Кенжебекке катуу сөз айтыша алган жок.
Арга жок, баламды өзү каалаган келинге үйлөндүрдүк. Андан башка аргабыз да калган жок. Макул болбосок өз жанын да кыюуга даяр экенин көрүп, кыздарым менен кеңештим. Уулум болсо колун шилтеген боюнча шаарына кетип калган. Кыздарым инисине болбосо да мага боорлору ооруп, менин айтканыма макул болушту.
Келинибиздин баласы биринчи жолдошунда экен. Үйдө үчөөбүз туруп калдык. Жумуш жасаганды да билбеген келиниме көп нерсени үйрөттүм. Баламдын көңүлү деп ичим жылыбай турса да катуу сөз айтпадым. Өзү билбесе да айтканды жасаган келинимдин мүнөзүнө шүгүр кылам.
Кыз байкуш бир тууганга күйөт экен. Кыздарым үйгө келишкенде ыйлап-сыктап инисин урушса да, кетип жатканда кайра кучактап коштошушат. Кантсе да эң кенже, эрке иниси эмеспи. Улуу балам гана Кенжебек үйлөнгөндөн кийин үйгө таптакыр келбей койду. “Менин сөзүмдү укпаган бир туугандын мага да кереги жок. Эл караган бетимди жер каратты. Кайдагы бир баласын жетелеген келинди менден артык көрдү”- деп, инисине ачууланганын да койбоду.
- Ал кичүү балаңыз. Ошондуктан атамдан калган үйдө жашай беришсин. Бирок мен бул жерде Кенжебек жашап турганда кадам басып келбейм. Сиз бизди сагынганда шаарга барып турасыз. Биротоло алып кетейин десем болбой жатасыз, - деп инисин урушуп үйдөн чыгып баратканда баламдын айткан сөздөрү ушул болду. Анын сөзүн угуп, кийин да инисине жасаган муздак мамилесин көрүп жүрөгүм экиге бөлүндү да калды. Эки балам эки жагымдан тартат. Бирин коюп, бирине бара албайм. Аларды күнөөлөсөм да, энелик жүрөгүм беш мүнөттөн кийин кайра эле кечирип коёт.
Кенжебекке таарынып шаарга кетип калгым келет. Бирок араң бир ай чыдайм да кайра айылга жол тартам.

#20 01 July 2015 - 17:17
Анан да жолдошумдан калган тамды ээнсиретип шаарда жүрүп алганым да туура боло койбос. Келиним экөө жакшы эле жашашат. Бирок, анын биринчи турмушун, баласын ойлогондо кабыргам кайыша түшөт. Анткени, эң кенжетайымдын жашоосу татаал болуп калбадыбы. Эх, арман күн.
Менин жан дүйнөмдө жашап жаткан миң түркүн ойлордун учуна жетүүчү күн барбы? Бул суроого эки балам гана жооп таап бере алышат. Анткени, эки бир туугандын бир пикирге келип, бир дасторкондон жадырап чай ичип олтурган күнүн күтүп жашап келе жатканыма алты жылдан ашты.
Бул аралыкта менин эки бутум да жолдо калды. Төрт ай айылда болсом, бир ай шаардамын. Эки баламды тең кыя албайм. Экиге бөлүнгөн жүрөгүмдүн оор абалын түшүнгөн жан жок. Айрым түндөрү кирпик какпай ыйлап чыгам. Бирок арманымды ким угат. Мага ким жардам берет? Мага боору ооруп, аяр мамиле жасоого тийиш болгон балдарым минтип жүрөгүмдү канатып жатса...
Эки балам тең боорукер. Бирок бири-бири жөнүндө сөз кылгандан заарканып турушат. Тутанган отко суу сеппейин, деп мен да үн катпайм. Эне байкуштун тилеги балдарынын амандыгы, алардын ынтымагы менен чектелет турбайбы.

Супер-Инфо
super.kg
видео