Бул кыштоодо жети түтүн жашайт. Жети жепирейген жер там. Жети тамда тогуз жан. Илгертен ушунда жашап, ушул тоо түбүн, бир кулак суусу бар булакты байырлап келатышат. Өздөрүн алмат уруусунанбыз дешет. Тээ ылдыйдан, эл арасынан качкан адам ушуларды эш тутуп, тоолор ичинде жашынат. Качкынды куугандар да алгач ушуларга келип түшөт. Ушулар ал тууралуу биле тургансып, сурап калышат. Булар болсо укса да, көрсө да айтышпайт. Башкалар менен түк иши жок өз арабаларын өздөрү сүйрөй күн өткөрүшөт. Дегеле буларга илгертен “элге түшкүлө, бизге кошулуп жашагыла” деп эч ким сунуш кылбаган. Андыктан унутулган кишилердей,
тоо боорунда жашап кала беришкен. Айта берсең, булар эми ушундай бир журт.Булардын өнөрү – тоо-ташты кыдырып аңчылык кылмай. Анан жаныбарлардын эти менен майын, аңдардын терисин жаңгак токойдун койнунда күн кечирген адамдарга алпарып, зарыл нерселерге алмаштырып келүү. Көбүнчө мылтыкка, окко жана унга. Буларга башка эмне керек? Өмүрүндө жашылча жеп көрүшпөгөн.
Оттук ташы, жаргылчагы колдо. Тузу болсо мына бул тоолордо. Анда-санда тээ этектеги жаңгактуу жылгаларга кирип, жаңгак, мисте, алча, карагат, кызылгат, чие, кожогат сыяктууларды терип жеп, калганын ала келишет. Антпесе эмне кылышсын, булардын турагында алар бышпаса?! Булар турактаган жер тоо-таштын арасы болгону менен, шамалдан далдоо, кышта кар аз түшөт. Бир байлам булагы соолуп калбаса, жепирейген жер тамдарын көчкү шыпырып же зилзала силкип салбаса эле болгону. Ошентип, жашоо кылдырап өтүп, көзү өткөндөрдүн ордуна наристелер жарык дүйнөгө келип, жашоо уланып келүүдө.xxxОшол алматтардан бир мерген бул жолу да адаттагыдай эле тоо-ташты аралап көпкө жүрдү. Жети түтүн үчүн аң уулап, жети күн жүрдү. Ак кар баскан ашууларды ашып, андан ары шагылдуу, чөп да чыкпаган, түтөктүү зоого келди. Кайберен, илбээсин атып, аларды мерчемдүү жерлерге калтырып кетүү анын адаты. Артынан жигиттер келип атылган аңдарын чогултуп, кыштоого жеткиришет.
Мерген бүгүн да жолдуу эле. Шагылдуу аска тараптан семирген текелерден тандап туруп бирди атып, дароо мууздап, боорун кактап жеди. Ичин оодарып таштап, анын ордуна жыттуу чөптөрдөн салып, алматтын жигиттери билген таштын алдындагы оюкка жашырып кете берди. Караңгы кирерде жаай баштаган жамгыр көнөктөп төгүлүп, бир ыктуу коңул табылбай, мергендин шаштысын кетирди. Бир-эки таштын коңулуна жашырынса, жайлуу болбоду. Кайра ары басты. Чагылган чартылдаса мергендин айланасы жарык боло түшөт да, кайра эле көөдөй караңгы түн үстөмдүк кылып калат.
xxx
Бир жуп адам-жапайы жашаган бул тоолордун кокту-колотун киши баласынын буту баса элек. Ал эми тиги адам-жапайыларга айла жок. Экөөнүн атасы да, энеси да өмүрүн ушул жерден өткөрдү. Бир кезде адам-жапайылар кыйла болуучу. Азайып-азайып отуруп, акыркы экөө калды. Негедир булардын тукуму соңку жылдарда уланбай келет. Абаданбы, сууданбы же табияттын башка дагы бир сыры барбы, айтор, адам-жапайылар жер үстүнөн куруп кетмек болду. Мурдагыдай эмес, азыр эми жем издеп кыйла тоону кыдырып, кыйла сууну кечип, кыйла тозокту башынан өткөрүп чыгат.Бүгүн да эркеги жер кыдырып, жей турган бир нерсе издеп кеткен. Ургаачысы үңкүрдө үңкүйүп отуруп, эми минтип жаан жаап, күн күркүрөп, чагылган түшкөнүнөн кабатырланып,
үңкүр оозуна чыкты. Тээ алысты көзүн албай көпкө карады.Чагылган жарк эте асманды тилип өттү эле адам-жапайынын көзү жарыктан уяла түштү. Ошол жарк эткен жарыкта төмөндөн бир караан көрүнгөндөй болду да, кайра көөдөй караңгыга сиңип жоголду.Кайра чагылган. Кайра караан…
Акыркы адам жапайынын арзуусу Тойчубай Анаркулов
#2 19 June 2015 - 11:44
Бир убакта кулак-мээни тундуруп асман жарылып кеткендей күркүрөп, алаамат доош чыкты. Эркегин күтүп турган ургаачы адам-жапайы кулаган таш сымал ыргып кетти. Бир кезде эсине келип, теңселип ордунан акырын козголду. Тирүү экен. Чагылган алды жагына, баягы караан келаткан жерге түшкөндөй. Анткени ал жактан катуу чыңырык, анан онтогон доош угулгансыды.
Адам-жапайы шагылдарды аралай бирде эки буттап, бирде төрт буттап ылдый чуркады. Ал баамында “эркегим чагылгандын огуна кабылды” деп күркүрөп, озондоп чуркап бара жатты. Анан ошол тейде тигини басып жыгыларда караса, анысынын жыты башка. Кандайдыр башкача онтоп, кыйкырып, жан айласы кылып, озондоп жатат. Ары жакта денеден үзүлгөн бут жаткансыйт.
Бул жандуунун ким экенин билбегени менен, анын жардам сурап жатканын түшүнгөн адам-жапайынын энелик сезими ойгонду. Эки эмчеги зыркырап, көөдөнүн ысык бир нерсе тээп чыкты. Жанагы чагылган урган жандууну үңкүр-үйүн көздөй көтөрүп жөнөдү.Бир буту үзүлүп, кансыраган эки аяктууну колтукка кыса үңкүргө алып келип, парандалардын тыбыт жүнү төшөлгөн жайга кулатты. Таш коңулунда катылып турчу дары чөптөрдү жамгыр суусуна нымдап, кан таамп турган тамырларына басты. Бул эле эмес, жапайы жандыктардын майын сыйпап, жан алакетке түшө берди...
ххх
Тагдыр башка салса арга жок экен. Чагылгандуу ошол күнү адам-жапайынын эркеги тоонун башынан төмөнүрөөк түштү. Көп эле жол арбытты.Бир жерден эки аяктуунун изин көзү чалды. Сонуркап из кууп басса, анын үч аттаганын бир эле аттап коюп жатты.Былтыр да ушул учурда талааларды сары ыраң каптап, кыш ызгаары жакындап келатканда тоо башынан ылдыйлай түшкөн. Бир жерге келгенде алыстагы жер үйлөр көзүнө урунган. Айры бут жандарды калың өскөн долонолордун арасынан сонуркап карады. Алар жыт билбеген немелер белем, муну байкашкан жок. Анан ары басып, жаңгак токоюн аралады. Бул жерде да айры бут жаныбарлар. Алардын кетүүсүн күтүп, бир жаңгактын башына чыгып көпкө отурду. Курсагы курулдап ачкан соң не кыларын билбей, дарак башындагы тоголок нерселерди алып оозуна салды. Ошолор ага аябай жакты. Бир убакта кыйкырык, ызы-чуу чыкканда жаңгактан-жаңгакка аттап-буттап секирип качып жөнөй берди. Дарактардан жаңгактар дабырап күбүлүп, жер бети жаңгак болуп жатып калды. Кечинде кайрадан таш тамдуу жети үйдүн жанындагы долонолордун арасына келип жатты.Ошондо эң биринчи отту көрдү. Эки аяктуулар болсо оттон аттап секирип өтүшүп, аны айлана отурушту. Отко этти куйкалашып, куйкум жыттантып, эттин даамын кетирип, оюна келгенин кылышты. Негедир адам-жапайыга ушул алматтардын айылы жакындай сезилип, ушул адамдар бир боорундай туюла берди. Ошондонбу, кийин да алматтардын тамдарынын өйдө жагындагы долонолуу жайга кирип жатса жайлуудай сезилип, ошол жерди имерчиктеп калган.Эртеси кайра баягы жаңгак токоюна – адамдар тарапка баргысы келди. Акырын абайлай барса, кечээги эки аяктуунун бири да жок. Ар-ар жерде сороюп каптар турат, анын бирөөсүн түрттү эле, кечээги өзү жегендей даамдуу азыктар жер жайнап төгүлүп жатып калды. Арыраактан аттын бышкырганы жана кишенегени угулганда адам-жапайы чоң каптагы жаңгактын төрт-бешин колтукка кыса качып жөнөй берген. Андан бери жыл айланды. Ошондо таап келген жаңгактары ургаачы адам-жапайыга аябай жаккан. Кийин кайра-кайра келип андагыдай каптарды, дарак башындагы жаңгактарды таппай канча убараланды. Көп узабай кыш келди. Кар оор түшүп, суук күчөдү. Ошентип, булар үңкүрдөн көп чыкпай калышты.Эми минтип өткөн жылкы окуялар эске түшүп, айыл тарапка улам-улам карап, аң уулоого бара жатканы да ошондон…Былтыркы жерге келди. Ана, өткөн жылы үстүнө чыккан аркайган беш миң жылдык карт жаңгак. Буту айрылар көрүнбөйт. Көзү төбөдө жылдыздардай жайнаган жаңгактарга байланат. Акырын, абайлай аттап жаңгак түбүнө жакындай берип, бир убакта эле “күп” этип кулап түштү. Денеси катуу нерсеге тийип жанчылып калгандай болду. Көзүнөн от чыккансыды. Ал адамдар казган орго түшүп кеткенин билген жок. Аңдан чыгуунун жолун издей жанталашып туш тарабын ургулай, тепкилей берди. Озондоп, кыйкырып-өкүрүп атты. Оо бир топто төбөдөн эки аяктуу жандар баштарын салаңдатып карап турганын көрүп, асманга – аларга карап чамынды. Жете албады. Жети күн, жети түн өткөндөн кийин гана ал зынданга түшкөнүн, эми бул жерден такыр чыга албасын билди. Төбөдөн эт, анан жаңгак ташташты. Суу беришти. Адегенде алардын баарын апчып кайра сыртка ыргытты. Суусун төктү. Бара-бара курсагы ачып, башы айлана баштаган соң жаңгактарды адамдардай чагып жегенди билбеген неме сырты менен эле апсыгып жеп алды… Анан этке, сууга өттү..
ххх
Ургаачы адам-жапайы өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган адамдын жытына көнүп калды. Башка айла жок эле. Кишинин жараатына дары сыйпап, бозунач, кийик от дегендей чөптөрдү сууга чылап, анан аз-аздан оозуна салат. Анысы болсо эптеп күрмөп жутууга аракет кылат. Анан да дары болор тамырлардан таап келет. “Көзүн качан ачат, өзүнө келгенде эмне болор экенбиз, эркегим келсе эмне деп ойлойт?” деп сарсанаага чөмүлгөнү менен, ушул күнөөсүз жанды айыктырып ордунан тургузсам деп тилек кылды. Күндөр өтө берди. Же эркегинен дайын жок же жанындагы эки аяктуу эс-учун жыйбайт…
ххх
Элдер орго түшкөн адам-жапайыны көргөнү күндө келет. Ошентип, билинбей адам-жапайы да, адамдар да бири-бирине үйүр ала башташты. Кишилер бир нерселерин көтөрүнүп келип, караңгы зынданга таштайт. Бүт денесин түк баскан, шыргыйдай узун эки колу тизеден ылдый түшкөн, чулдурап бир нерсе дегендей болгону менен, оюн айта албаган макулук экен. Эки көзү кызарып, кишилерге бирде атып ийе тургандай, бирде чарчагандай кайдигер карайт. Таноолору дердейип, тумшугу коңкоюп, колу эпке келбей тартайып, чачтары апсаят. Энеден туума жылаңач денеси күрөң тартып бир башкача. Андыктан бул жаныбарды көрүү үчүн алыс жактагы адамдар келип, жапайы адамды жарданып тамаша кылышат. Тамаша кылып эле калбай, ар кими ар кандай сөздөрдү айтат:– Адам сыяктуу го?..– Жапайы адам окшойт!– Киши кийик экен!– Ургаачы бекен, эркек бекен?– Эркек болсо тийип алайын дедиң беле?– Тийсе тийип эле алам! Карасаң, карасаң сага караганда ушул адамга окшошот!– Ой шүмшүк десе, жапайыны да жөн койбойсуң, ээ...Адамдар ушинтип оюна келгенин сүйлөшсө, ор казган токой ээсинин кыялы башкада. Күчтүү бул жаныбарды эпке келтирип, күздө жаңгак күүдүрүп, кышта чийне менен чөп сүйрөтсөм, арык каздырып, суу чыкпаган какыр адырларга суу чыгарып, жер чегин дагы кеңейтсем дейт. Ошон үчүн бул жапайы неме адамдарга көнө берсин деп тим коёт. Чын эле адам-жапайы кишилерге, кишилер адам-жапайыга көнүп баратканда алматтардын эки аксакалы токой ээсинин үйүнө атайын бастырып келишти.

#3 19 June 2015 - 11:49
Бир күнү алматтардын эки аксакалы токой ээсинин үйүнө атайын бастырып келишти. Аны-муну сүйлөшүп отуруп, акыры келгендердин бири:– Cизди «жапайы адамды кармап алыптыр» деп уктук, таксыр,- деди.– Укканыңыз туура. Жараткандын ырыскысы да.– Жок, таксыр, алар да табияттын бир жандыгы, сиз аны коё беришиңиз керек.– Мен аны коё бербейм, атайын аңдып жүрүп колго түшүрдүм.– Эмне кыламын деп ойлойсуз?– Өзүм билем!– Өзүңүз билгенде болбойт, таксыр, мунун куну оор болот.– Оорбу, жеңилби, өзүм тартам. Силер да ушул жапайы адамдай эле жапайы экенсиңер. Көп башты оорутпай, келген жолуңарга түшкүлө!Ошентип, тигилердин суранычына токой ээси көнбөдү. Аларды сөгүп-сагып, ит талагандай кылып айылынан кууп чыкты.
ххх
Акыры бир күнү адам-жапайы багып жаткан алматтардын айтылуу аңчысы эсин жыйды. Жанында эки эмчеги салаңдаган, дене-боюн түк баскан, көзү чанагына кирген сөөк-саактуу жаныбардын турганын көрдү. Аюубу деди, окшобойт. Аюулардын далайына аңчылык кылып, далайын күрөшүп жыгып, териси менен этин олжо кылган. Алар адамдан качат же баса калып уйпалап таштайт. Минтип адамдын жүзүнө колун басып, суу ичирип отурбайт.Мергендин оюна кайдагы бир уккан жомок сыяктуу баян келе калбаспы.Ал уламышта эбак оңко түшүргөн, мээлегенин жаза кетирбеген мерген жигит болору айтылат. Ошол жигиттин ашкере чыйрактыгы, адам суктанарлык сулуулугу, көзгө атарлыгы бар экен. Кайберен кууп барбаган тоосу, чыкпаган чокусу калбаптыр. Бир жолу борчук таштын арасында капыстан бутун сындырып алат. Же өйдөгө чыга албай же ылдый түшө албай, аскалардын ортосундагы жайыкта туруп калат. Сыныгы ырбап, таңып коёр дарысы аягына чыгат. Ошондо кайберендин каргышы анын кулагына жаңырат:– Бириң экиге уланбасын, уругуң узарбасын! Мылтык-сылтыгың менен ташка жабышып катып кал! Куткарар адам чыкпай, алдыңдан айбан чыксын! Ал сени тытып жесин. Сөөгүң элиңе жетпесин, сөзүңдү шамалдан башка укпай калсын, ылайым!Ошентип, ал мергендин кулагына каргыш жаңырып, жалама зоокалардын арасында бир канча күн кечирет. Как эткен карга, кук эткен кузгун, шырп эткен чычкан көрүнбөйт. Бир күнү эле көзүн ачса, алды жакта бир кыз келатат. Өңүмбү, түшүмбү деп кайра-кайра көзүн ачып-жумат. Чын эле – кыз. Болгондо да майда өрүм чачтары желкесин жаап, өңү-түсү келишкен кыз. “Бул кыз кийик гана жүргөн жерге кайдан келди?” деп ойлонот жигит. Ойлонгондо эмне, ага караан болор, бүгүн-эртең өлүп калса көөмп коёр адам табылса болгону эмеспи.Кыз жигитти айланчыктап, кетпей коёт. Биринин тилин бири билбейт. Бирок кайдан-жайдан алып келет, айтор, кыз сүт, дары чөп, эт, жылуу кийим таап келет. Түнү да кетпейт. Буттарына ар кандай чөптөрдү жаап, майларды сүйкөп, мергендин сынган жериндеги жараатты соруп түкүрөт. Кайдандыр бир жерден баткактарды алып келип сыйпайт. Ошентип, мерген түзөлүп кетет. Өңүнө чыгат, аз-аздан кубат кирет.Бул жердин бийиктиги ушунчалык, жылдыздарга кол узатсаң кармап алгыдайсың. Түнкүсүн өзгөчө ажайып. Бажырайып жылдыздар чыкканда экөө жылдыздардын кучагында калышат.– Тээ тиги менин жылдызым,- дейт жигит. Кыз түшүнбөйт. – Менин айылым кайда калды болду экен?- дейт жигит. Кыз дале эч нерсе түшүнбөйт.– Сенин тилиң жокпу?- деп таң кала карайт жигит. Кыз унчукпайт. Акыры экөө ымдашып жүрүп, бири-бирине айтар оюн болжолдоп түшүнгөнгө жетишишет. Айлар өтүп, жанагы кыз эми келишкен чырайлуу келинге айланып, мергенге боюнда бар экенин билдирет. Акыры жигит толук айыкты. Кыз кай жакка барбасын, мергенди өзү менен эч жакка ээрчитпейт. Бир күнү мерген артынан аңдып бир топ жерге дейре барат. Барганы менен урчуктуу аскалардын арасынан өтө албай туруп калат. Ошол кезде тээ төмөндөн бир дөбө отун жылып келатканын көрүп таң калат. “Мындай отунду көтөрүп келаткан кандай неме болду экен?” деп таң калат. Кайра ордуна келип жатса, аялы келип, отун алып келгенин кабарлайт. Ошондо жигит жанагынча отунду аялы алып келгенин жана анын соо жан эмес экенин боолголойт. Бир күнү дагы аңдып артынан барса, аялы отун жарып жатыптыр. Караса, тырмактары жапайы адамдыкындай өскүлөң, көзүнөн чаар чыгат. Ошондо гана мерген жигит кимге үйлөнүп алганын толук аңдайт. Бул сулуу кыз болуп кубулган албарсты же жапайы адам дейт оюнда.Аска ичиндеги ажайып түндөрдүн биринде кош бойлуу жарын таштап качып жөнөйт. Аялы билип, артынан кууп отурат. Ал мергенге жакындап калганда жигит тээ төмөнкү аска тарапка жүгүрөт.– Ал жолго түшпө, ал жол менен барсаң өлөсүң! Кайт артыңа, мен сага башка жол көрсөтөм! Келинчеги көзүнүн жашын он талаа кылып боздоп, чачын жулуп, чыңырат. Бирок жигит жарынын сөзүн укпай кете берет. Айткандай эле көп узабай мерген аскадан кулап өлөт. Кийин убагы жетип, баягы келин көз жарат. Көз жашын көлдөтүп, ымыркайына уйдун сүтүн таап келип багат, сары май оозантат. Сүттү тээ алыстагы адамдар жашаган айылдын чет-жакасында аркандалган уйлардан саап келсе, сары майды аңдып отуруп айыл четиндеги үйдөн уурдай качкан. Баласын ошентип торолтот. Айыл четиндеги үйлөрдүн кермесинде жайылып турган ымыркайлардын кийимин уурдап келип, аны баласына кийгизет. Бир күнү ал чүрпөсүн, боор этинен чыккан наристесин түн ичинде айылдын үстүнө алып келет да:– Сен ушундан кийин ушул адамдар менен жаша! Сенин атаң адам баласы болгон, сен да адам баласысың! - деп күйөөсүнөн айрылганга бир арман кылып, баласынан айрылганга жаны сыздап, өзү кайра аскалар тарапка чыгып кетет.Ошол чүрпөдөн алмат уруусу тарайт. Бул уруунун кишилери азырга чейин чыйрак, суукка чыдамдуу, тоого жакын.Жанагы алматтар, жети үйлүү айыл эли, алардын ушул жарадар мергени да ошол тукумдан тараганбыз дешет.
ххх
Айыл тарапка өзүнчө эле бир дөбө жылып келаткансыйт. Улам берилеген сайын дөбө сезилген нерсе отун, аны болсо бирөө көтөрүп келаткандыгы билинет. Күн сайын айылга ушундай бир дөбө жылып келип, ал дөбө кулаганда гана алдынан адам баласы көрүнөт. Айылдыктар бул көрүнүшкө жадеп көнүп калышкан. Жылып келаткан дөбөнү көргөндө эле отунчу келатат дешет. Отунчу дешкендери кыз. Анын кыз экенин дале эч ким элес албайт. Жөн гана аты жок немедей отунчу атаганга көнүшкөн. Туулгандан отун ташып, көмүр өчүргөндөн башка иши жоктой бул кыз бирөөлөр менен ачылып сүйлөшпөйт. Анан калса кулагында да бир кыйла мандеми бар, көп сөздү укпай калат, укса да көбүн түшүнө бербейт. Кыздын тили да кекеч, ошондонбу, анын бул айылда бар экенин, жашап жатканын дале эч ким этибарга албайт. Ашка-тойго чакырылбайт. Отундан колу бошогон учурда кимдир бирөөлөр ээрчитип алса барат да, эч кимге кошулбай четке отуруп алат.
#4 19 June 2015 - 11:52
Үй ээсинин марттыгы кармаса, токойчунун алдына чоң табак менен тамак тартат. А бул аны алеки заматта жеп түгөтөт. Анан үй ээсинин жанына келип, жонунан сылап коюп калган жамаатты күтүп отурбай, өз билген жолуна түшөт. Эгер казан-табак кармагандардын ак көңүлү кармаса, ашкан тамак-аштан салып берет, болбосо, жалдырабай ары бар дегенсип кууп ийишет.Отунчу кыздын алып келген отундары – куураган карагай, арча, шилби, тал, долоно, жапайы алма, жаңгак, өрүк, терек дагы-дагы башкалар. Ошолорду таңып көтөрүп келет да, токойчунун короо четине таштап, чакмак ташты чагып отунга от коёт. Ал бир топ күйгөндөн кийин арыктагы шалдырап аккан суудан жыгач челектер менен ташып келип, отко чачып өчүрөт. Отунчу далай суу куйгандан соң гана жалбырттаган жалын аста тартылып, от бир кыйла быкшыйт. Анан акырын бир четинен карарып күйүктөрү чыгып, көмүр болуп калат. Ал арада ыш каптай бергенден улам отунчунун өңү көмүрдөй карарат. Тоң алма жей бергенден кашкая түшкөн тиштери агарып, ырсаят. Бул өчүрүлгөн көмүрлөр адам боюндай кар жааган кышта табылгыс отун. Мунун баары токой ээсиники, ал эми отунчу болсо, кара курсактын айынан гана ошол кишиге иштеп берет. Жаткан, тамак ичкен, жасана турган жайы да ошол отундардын арасында тигилген боз алачык. Кышта гана токой ээсинин мал сарайынын бурчундагы чакан бөлмөгө баш калкалайт. Катуу үшүгөндө өзү ташып келген отундан жагып, жылынып алат.Кийген кийими токой ээсинен арткан чапан-чупан,
чокой, малакай. Сөгүнгөнү да, ойногону да эркек балдарча. Бул жерге мунун качан, кандайча келип калганын жана анын ата-энесинин бары-жогу менен эч кимдин иши жок. Сууга түшкөндү жактыргандыктан күн жылыгандан тартып, кечинде шаркыратма жакка жөнөп калат. Суу тээ жогортодон аска таштарга жабышып, жылмышып, сүттөй агарып чачырап, күч менен жерге урунат. Шаркыратма түшкөн жер көлмөгө айланып калган. Терең жери адамды көмөт. Ошол көлмөгө түшүп алат. Мупмуздак сууга киринип атса, айылдын эркек таналары тамаша кылып, шылдыңдап калышат. Отунчунун шылдың менен иши барбы, кулачын кенен жайып ары сүзөт, бери сүзөт. Кайдан билет ким билсин, айтор, башын, денесин дайым бир түрлүү чөп менен жууйт. Ошондонбу, акыры чачы калың, кайраттуу. Биттебейт дагы. Анан дагы суу ичиндеги килтейген балыктарды тутуп, өзүн арыда аңдып тургандарды көздөй ыргытат. Балдар балыктардан бокочо көргөндөй качса, өмүрү балык жеп көрбөгөн чоңдор андан жийиркене мурдун чүйрүй оолак кетишет. Ошентип, отунчунун сууга түшкөн күнү айылдагы адамдар үчүн өзүнчө эле кызык, тамаша.Бүгүн да отунчу ошентип сууга түшүп келаткан. Караса, кишилер токой кожоюнунун айтылуу бай түп жаңгагынын түбүндө топтолуп алышыптыр. Ошол жакка карап басты. Баягы күндөрү отунга жибербей, токой ээси отунчуга ошол жерди он күн каздырган. Анда отунчу эмне үчүн казып жатканын ойлогон да, түшүнгөн да, сураган да эмес. Муну менен анын иши канчалык?!
Казып бүткөн соң ээсинин көрсөтмөсү менен үстүн билгизбей чырпык менен жаап, үстүнө жука топурак таштап, жер менен жер кылып койгон.Отунчу жабалактап,
жарданып тургандардын жанына барса, баягы өзү казган ор ичинде бирөө онтогонсуп,
чапчыланып,
озондогонсуйт.
“Орого түшүп калган бул эмне жандык болду экен?” деп жакшылап караса, анысы апсыйган неме экен. Орду айланып-тегеренип,
буту менен жерди тепкилеп, жаны жай албайт. Бир караса, адамга окшоп кетет, бирок денесин түк баскан. Отунчу аюуларды жакшы билет. Отунга чыккан сайын токой ичинен, тоолор арасынан аларды көп эле көрөт. Бири-бирин карашып өтө берет. Аюулар негедир буга эч тийбейт. А түгүл бир жолу озондоп жаткан аюунун баласын капкандан чыгарган жайы бар. Отунга баратса, бала ыйлагандай угулду. Кулагын оо бир топко тосуп турса, чын эле баланын үнүндөй. Күндү көрсөтпөй калың өскөн чынарлар, жаңгактар, анан алардын көлөкөсүндөгү шилбилерди,
карагандарды аралап токой ичиндеги жайык түзөңгө чыкса, аюунун мамалагы чын эле ыйлап атат. Ушунча сүйкүмдүү, ырайымдуу, болпойгон мамалак. Жалооруп, жалынып, жардам сурагандай отунчуну карайт. Отунчу ары жак-бери жакка көз агытты эле, эч ким көрүнбөдү. Болгону, куштардын безеленип сайраганы, ар шакка учуп-конгон ала-була сагызгандын шакылыктаганы угулат. Мамалакка жакындаганда,
анын бутун капкан кыпчып калганын көрдү. Эптеп ары тартып-бери тартып отуруп, мамалактын бутун капкандан чыгарды. Мамалак чын эле бошодумбу дегендей отунчуну кылчактай карап, токойго ооруксунган аяктарын сүйрөй кирип кетти.Кийин ал мамалакты отунчу көп көрдү. Саратандын ысыгында чогулткан отунун көтөрүп жөнөрдө чырым этип уктап алчу. Ошондой тук этип аларда баягы мамалак жакынсырап жанына келип, эркелеп ойной кетчү. Ал гана эмес, отунчуну кырсыктардан:
асмандагы алгыр куштардын кол салышынан, жердеги сойлоп жүргөн жыландардын,
чаяндардын чагуусунан этияттап турчу.Адамдар болсо отунчуну көргөндө ар ким, ар кандай кептерин айтат:– О, анын колдоочусу аюу да!– Багы ачылбаган бир байкуш да!– Аюуга тийген адам баласы!– Боюнда бар имиш!– Аюудан имиш!..Ушуга окшош ушактар. Бирок алардын бири да бул ушактардын чындыгына жетүү үчүн отунчуга даап барып сүйлөшө да, сурай да алышпайт.Отунчунун бул ордогу жаныбарды биринчи көрүшү. Аюуга окшогону менен, аюу эмес. Кишиге окшогону менен, сүйлөй албайт бейм, кишилер анын бир нерселерди булдураганын аңдай албай таң. Кара, түктүү жылаңач денесинин болгон нерсеси көрүнүп турат. Андыктан жабалактап карагандарга Кудай берип эле калыптыр. Отунчунун шаркыратманын көк иримине түшүп жатканына кызыгып карашкандай,
сонуркап тиктешет.– Сен да келдиңби, сага эмне жок, бар кет!- токой ээси бир убакта отунчуну көрө калып, ага тап бере урушту.– Тим кой, көрсүн!- деди жанындагы бирөө.– Көргөндө эмне, бул кишилерге тең беле?!
#5 19 June 2015 - 11:54
Отунчу ээсинин айтканын кантип аткарбай койсун? Ата-энесин, бир туугандарын билбеген ага ата да, эне да, бир тууган да ушул киши. Эс тарткандан бери баш-аягы отуз жылдай болгондур ушул токой ээсин гана угуп, ушул токой ээсин гана билип келатпайбы.
Отунчу ары басып кетти. Жабалактаган адамдар аң ичиндеги адам-жапайыны тамаша кыла, тарабай турушту.
***
Мерген кырк күн дегенде ордунан араң турду. Кайда экенин жакшылап ажырата албады. Бир убакта ооруксунуудан улам көзүнөн чууруп жаш чыкты. Башын мыжыкты. Жанынан бир нерсени издеген болот. Таппады шекилдүү, кайра көзүн жумду.Ургаачы адам-жапайы мергенди колтуктап көтөрүп, тоо боорундагы мөңгүгө алпарды. Муздак мөңгү суусу менен кишинин бетин жууду, буттарынын жаратына мөңгүнүн муздак карын басты. Аска-таштардан мумиё алып келип сыйпады, ичирди. Мерген азыр бир нерселерди аңдап-билип, өзүн бул жаныбардын дарылап жатканын туюп жатты. Бетин, бутун түктүү колдору менен сыйпалап турушу анын денесин жибитип, көшүтүп, жанына жагымдуу сезим тартуулагандай мемиреп уктап кетти…
***
Талыкшып катуу уктаган экен, эртеси мерген ойгонуп караса, жанында баягы апсайган неме дале отурат. Куду энесиндей акырын башынан сылап жатат. Энеси да кичинесинде ушинтип башынан сылап, ырдап берчү. Бир гана окшобогону, алдыдагы түктүү жандын ыры да, сөзү да жок. Бир убакта ал мергенге бир нерсе сунгандай болду. Караса, таяк. Бул эмнеге деп барып, анан өзүнүн буту жок калганын эстеди. Таякты колуна алып, ордунан туруу керектигин түшүндү. Жанагы адам-жапайы мергенди колтуктап жөлөдү. Мерген бир бутун чолоңдотуп, таякты эш кылып, бир кыйладан соң үңкүрдүн оозуна чыкты. Жарыкка көзү уяла түштү эле, килтейген адам-жапайы аны түшүнө коюп, денеси менен мергенди күндөн калкалай берди. Мерген дагы басты. Баскан сайын адам-жапайы күндү көлөкөсү менен калкалайт. Ошентип, бир топ күндөр өттү. Мерген чолоңдоп басууга көндү. Көнбөгөнү эле чийки эт. Тигиниси анын маңдайына отуруп бышпаган, кээде жыпжылуу этти үзгүлөп, тытмалап жеп кирет. Көп жейт. Мерген болсо чийки этти таш үстүнө коюп, күнгө бир топ кактайт да, тоорсуй түшкөндө гана оозуна салат. Оттук ташы баягы чагылган урганда жоголгон белем, от жок кыйын эле болду.Бир күнү ал ташты ташка тийгизип отуруп кургак отундан куу жасап, от күйгүздү. Ташты аябай кызытты. Анан таш менен этти эзгилеп, оттон кызарып чыккан таш бетине жапты. Кызуу ташка муздак эт тийгенде чыз-чыз этип доош чыкты эле адам-жапайы чочуп кетти. Колундагы этти ыргытып ийип, аттап-буттап ары качты. Айлана күйүк жыттанып, мергендин шилекейи куюлуп, ичтейи ачылды. Адам-жапайы болсо күйүк жытына чыдай албай, арыдагы таштын үстүнө сопоюп отуруп алды.
***
Эркек адам-жапайы өзү түшкөн ордон качып чыгуудан түңүлдү. Баягыдай түнү-күнү уңулдап боздобойт да, жаткан жерин оюп тепкилебейт да. Ал эле эмес, кишилер алып келген тамактарды кайра өйдө көздөй ыргытпай да койду. Тамактары жакпайт, күйүк даамданып, от жыттанат. Оттон болсо аябай коркот. От дегенде асмандан түшкөн чагылганды жана анын күчүнөн улам күйүккө айланган нерселерди гана түшүнөт. Ошол чагылган түшкөндө кээде тоодогу жаныбарлар күйүп калат да, тегерек-чет чыдай алгыс жыттанып кетет. Мындай эттер алардын кускусун гана келтирет. Алар үчүн эт деген – жаныбардын башын жулуп алып, ысык каны менен буртулдатып, аймалап-жулмалап жеш. А жанагы кишилер алып келип таштаган эт менен тамак эптеген эле бир нерсе.Ошол тамак-аш алып келгендердин ичинен бирөөнүкү башкача. Ал дайыма эмес, анда-санда гана келет. Билгендей эле бышпаган эт алып келет да, аң ичине алыстан таштап, өзү өңү-түсүн көрсөтпөй жоголот. Анын эти өйдөдөн түшүп келе жатканда эле жыттанып, каңылжаарды жарат. Шап илип алат да, бурдап жеп кирет. Ким ыргытканын билбей, аз гана шоола түшкөн зындандын төбөсүн тиктеп жалдырап кала берет.
***
Адам- жапайынын ургаачысы үңкүрүндөгү эки буттуу жандыктын жакшы болуп баратканына көңүлү тынды. Эми эркегин жакшылап издөөгө киришти. Өзү көрүп-билген жердин баарын кыдырып, издебеген жери, акмалабаган адыр-коктусу калбады. Баягы алматтардын жети үйүнүн жака-белиндеги долонолуу токойдон анын качанкы бир жатагын, издерин таап, көкүрөгүн кусалык тээп чыкты. Көзүнө жаш алып, ал жерге кайра-кайра барып, жыттап да жүрдү. Ал жерге улам барып, мүмкүн, ушул жерге кайра келип калар деп үмүт этти. Бирок акыры келбешине көзү жетти. Анан калса үңкүр-үйүндөгү киши баласы эмне болуп кетти деп санааркап, түнөк жайына кайтып келет.Бир жолу кайтып келатса, үңкүрүнө жакын жерде киши жүрөт. Өзү карап айыктырган киши бир нерселерди издеп, улам-улам аксак буту менен таштарды оодарып коёт. Бул болсо ага билдирбей карап тура берди.
***
Мерген бир топ күч жыйнап калганда бул жерге кантип келип калганын, өткөн турмушун эсине түшүрүүгө аракет кылып көрдү. Жамгыр, чагылган... Анан эс-учун билбей жыгылганы, үңкүрдөгү жапайы адам менен өткөргөн күндөр…Анан “кайда барса артынан калбаган бул жапайы жандыктан кантип кутуулуу керек?” деген ой келди. Ой келди да, мылтыгын эстеди. Чагылган түшүп, эс-учун жоготкон күнү жанында таянычы – мылтыгы бар эмес беле? Анысы кайда? Ошону эстеп, ордунан ыргып туруп, таягын алып, баягы чагылган түшкөн жерге болжолдоп барды. Мына ал жер! Ошондо өзү жанталашып жашына калган чоң таш тең ортодон бөлүнүп турат. Аны бөлгөн ошондогу чагылгандын күчү экенин эстегенде дагы бир жолу жүрөгү ордунан козголо, жакасын карманды. Мылтыгын дагы издеди. Таппады. Кийинки күнү, андан кийинки күнү да… Такыр таппады. Анан бир күнү корумдалган таштарды оодарып кирди. Мылтык ушулардын алдында болуусу мүмкүн деп шагылдарды оодарып жатып, жүрөгү болк этти, анын көзүнө бут көрүндү.

#6 19 June 2015 - 11:57
Өзүнүн буту. Эти куурап, сөөгү даана билинип турат. Сөөккө кошо өзү мергенчиликке кийген өтүгү жатат. Эми өмүр бою бир бутсуз жүрөрүн, аңчылык күндөрү аягына чыкканын эстеп селт эте түштү. Бутту кайра корумдап кирди. Кызык, муну ким корумдады экен? Муну ким бул жерге жашырды? Алар неге мергенди алып кетпеди? Артынан шакирт мергендер келип мылтыгын алып кетишип, бутун таап, корумдап жашырыштыбы?
Же муну жанагы жапайы киши жасадыбы? Түшүнө албады.Азыр мылтыкты тапканда эле эмне, киши-кийик болобу, адамноо болобу, жез тырмак болобу, неси болсо да үңкүргө келери менен так маңдайга басып-басып албайт беле?! Өлбөсөчү?!
Өзүн өлтүрүп салсачы?! Ошондо чагылгандын огу чала чарпып өткөндө кансырап жаткан өзүн ушул жапайы адам өлүмдөн алып калып, жакшылык кылбадыбы? Ал эми канча жыл аткан кийик, кулжа, аркар эти менен багып келген алматтарынын издеп келгени, артынан жоктоп чыкканы болбодубу? Ошол жети үйлүү алматтарынан көрө бул түктүү жапайы киши адам экен да…
***
Таң атып, кайра кеч кирип, мезгил көчкөн булуттардай кайдадыр шашып жылып жатты. Мерген көбүнчө үңкүрдүн түпкүрүнө кирип уктайт. Ал жерде таңдын атканы да, күндүн батканы да сезилбейт. Уктап жатканда адам-жапайы андан көзүн албай, каректерин кадалтып карап отурат. Кээде түктүү, тырмактары өскөн колун адамдын бешенесине тийгизип чачтарынан сылайт, жондорунан сылайт, жалгыз бутун сылайт. Мындайда адам-жапайынын да, мергендин да бүт бедени ысып, көөдөндөрүн жылуу бир нерсе тээп, денелери чыңалып чыгат. Адам-жапайы мурдагыдай шеригин издөөнү токтотту. Атүгүл бул үңкүрдө жашаган адамга да, анын отуна да, отко бышырган этине да үйрөнүп калды.Кишини көтөрүп алып, адам-жапайы тоолордун бийик чокуларына чыгарат, мөңгүлөрдү аралап муз тээп, шар аккан муздак сууларды кечип ойной да кетет. Адам турмушу менен жапайы адам турмушу аралашып, кимиси кимисине ооп баратканы түшүнүксүз, бири-бирине окшошуп, бири-бирин толуктап барат. Бул ургаачы адам-жапайы эркеги менен жүз жылдай жашаса да, балалуу болбоду. Жараткан, балким, буларды эң акыркы адам-жапайы болсун, ушулар менен алардын тукуму үзүлсүн деп каргаганбы, ким билет? Мерген да карып баратат. Али үйлөнгөн жок. Бул алматтардын салты ушундай, өз уруусундагыларга гана үйлөнөт. Башка уруулардан жар күтүү буларга буйрулбаган, туугандарын алып, туугандарына тие беришет. Алматтардан аял алгандар же алматтарга күйөөгө чыккандар бир туугандардай ысык жашаганы менен, балдары анчалык токтобойт, көбөйбөйт. Үйлөнүү үчүн же кыздар, же эркек балдар жетпейт. Төрөлгөндөр да оорукчан болуп жарык дүйнөгө келип, көпкө жашабай калышат. Ошондонбу, өзгөлөр гана эмес, өздөрү да «алматтар жоголуп барабыз» дешет. Ошон үчүн жети тамда, болгону, тогуз жан бар. Алардын көбү жалгыз бойлор же карыгандар. Мерген катын алып көрмөк турсун, өмүрү ургаачыга жакын барган жан эмес.Адам-жапайы менен мерген бийик чокулардан алыска-алыска көз жүгүртүшүп, күндүн чыкканын жана батканын сонуркап карашат. Кийиктерди чубамада тосуп, эттүүсүн баса калышат. Асманда учкан бүркүттөргө көз сала көпкө тиктеп турушат. Анан экөө ээрчишип ным жыттанган, караңгы бирок өздөрү үчүн кызык сезилген үңкүргө кирип кетишет.
***
Токой ээси күн сайын эки маал ордо жаткан адам-жапайыны көргөнү менен, ага даап эч нерсе дей албайт. Деген менен анысын тигил түшүнмөк беле? Киши өз кыялы менен гана жашап, ошол кыялында адам-жапайыны куду Отунчуну жумшагандай жумшап алганын элестетет. Жаңгак башына чыгып бир силксе, жаңгактын баары топурап түшүп, анан аны бир паста каптап, каптардын үчөө-төртөөнү бир көтөрүп төөгө артып, кербендерге кошуп берет. Ордуна мата алып, байларга көтөрмөлөп алтын, күмүш берип, атактуу болуп калууну кыялданат. Атүгүл бир жолу ой дегендин ооздугу жок белем, адам-жапайыны үйлөндүрүп коюуну да ниеттенген. Бир мертебе токой ээси ордо жаткан адам-жапайыдан кабар алганы келе жатса, ор оозунда төмөндү карап Отунчу туруптур. Жакындаганда урушуп, кууп салайын деди. Кулагы оор неме укпай жатат го деп катуу жөтөлдү, бутун сүйрөп шырпылдатып басты. Аны тигил угуп, сезе бербеди. Дал маңдайына барып карап тура берди. Отунчунун өңүнө кызыл жүгүрүп, башкача болуп тамылжып алыптыр. Сүйлөп, ырдап ийчүдөй талпынат. Колун чапкылап, секирип да коёт.Отунчунун ушул турушун көрүп, токой ээси адам-жапайыны ордон чыгаруунун кези келиптир, анын колу-бутуна кишен салып чыгарып алып, ит байлагандай эшик алдына байлап коюу керек деди. Шарт бурулду да он чакты балбан жигиттерди алып келип, аларга Отунчуну кошуп, адам-жапайыны ордон сууруп чыгышып, короосуна жакын өскөн жаңгак башындагы балаканага алып келип байлап ташташты. Токой ээси «жаңы тууганга» тамак берүү ишин Отунчу гана аткарсын. Башкаларыңар ал тарапка басып да барбагыла» деп катуу эскертти.
***
Токой ээсинин үйү жаңгактуу дөбөдө, бийикте жайгашкан. Дөңсөө жерлер өтө көп болсо да, токой ээсиники өзгөчө дөңсөөдө. Ал дөңсөө башкаларды карап туруу үчүн атайын орнотулган сыяктанат. Ал жердин тегерегин курчаган кайнар булактар тегерек-четке жагымдуу серүүн берип турат. Дөңсөөгө ийри-буйру жолдор менен кыялап, тегеренип чыгуу керек, ошол жолдор жаанда, селде чуңкурайган. Кара топурактуу кыртышты суу жууп, жолдун ар кайсы жеринен жаңгактын, чынар теректин, талдардын, долонолордун, алмалардын, алчалардын тамырлары чыгып калган. Жолдун жака-бели шибер менен капталган, ал шиберди мал оттогону да, адам басканы да билинбейт. Анан жолдун эки жагынан шагын ийип алча, алма, алмурут жерге ийиле самсааласа, жерден боюн көтөрө албаган кулпунай, бүлдүркөн, чие дегендер тим эле төшөлөт.Адам- жапайынын балаканасы беш миң жыл жашаган жаңгактын башында.

#7 19 June 2015 - 12:02
Ошол жаңгакты курчай алма жыгачтарынан сөрү жасап койгон. Ал балакана-сөрүгө кендир аркандан жасалган шаты менен гана чыгат да, чыгып-түшкөн соң шатысын алып коёт. Ошондо ал жерге ит-куш гана эмес, айлакер адам да чыга албайт. Балакананын тегерегине сүтактар конуп, таң атканча «сүт…ак» деп безеленип чыкса, булбулдар күндүзү бир тынбай сайрашат. Буларды канчалык көрөйүн десе да, адам-жапайы көрө албай койду. Азат жүргөн кезде адам-жапайынын булардын бирөөсү менен да иши болбойт эле. Кээде баюулуу (үкү) келип аны шылдыңдап кеткенин карасаң, кармата тургансып өтө жакын келет да, узун колун серпип аларда бир канат күүлөп ары боло калат. Чынжыр болбосо аны ушул мазагы үчүн шарт кармап, башын жулуп, канын ичпейт беле...
ХХХ
Отунчу балаканадагы адам-жапайыга тамак алып баруу милдетин алгандан кийин отунга деп тоого, токойго көп баргысы келбей калды. Токой ээсин “тойбос немени багып алдың” деп урушкан туубас катыны эптеп бышырып берген тамагын жаңгак кесеге толтура салат. Анан балаканага баратып, аны өзү казып койгон жугунду төгүүчү жерге шарт оодара салып, анын ордуна өзү даярдап койгон чийки этти шашып салып, салаңдап турган аркан-шатыга шарт жабышат. Аттап-буттап өйдөгө чыгып, адам-жапайынын алдына барып этти анын идишине оодарат. Ошондо экөө бирин-бири тиктеше түшүшөт. Тиктешет да, бир топтон кийин көздөрүн ала качышат. Экөөндө тең тил жок, сөз жок. Жөн гана ымдашып коёт. Кээде тамак бергени адам-жапайыга кеткен Отунчу көпкө жоголот. Токойчу муну билсе да, билмексен… Башкалардын болсо булар менен иши деле жок. Бара-бара адамдардын да бул жапайы жанга кызыгуусу сууган. Бир гана аны колго түшүрүү үчүн ороо казып берген Отунчу бул иште өзүн айыптуу сезип, ошол айыбын кантип жууштун амалын таппай кыйналат...
ХХХ
Токойдогу сансыз көп дарактардын каршы-терши чырмалышкан бутактарына жабышкан бариктерден асман араң көрүнгөн жайкы кечтердин биринде көктө толгон ай сүзүп жүрдү. Ал анда-санда гана бариктердин кычыгынан кылайып көрүнбөсө, таарынган баладай жашырынат. Бирок токой үстүнө жарыгы текши тийгенге ормон ичи да айсыз кечтерге караганда бүгүн кыйла нурлуу. Отунчу адатынча отун өчүрүп кеч жаткан. Уктап кетиптир. Бир убакта жапайы кишинин үнү чыккандай болду, каңырыш уктумбу дегенсип кулагын кайра жакшылап тоссо, тааныш үн. Шарт турду да асма шатыны түшүрүп, аны менен өйдө көтөрүлдү. Үн басылып калды. Отунчу адам-жапайынын жанына барды. Сүйлөнө берди. Тигиниси да бир нерселерди айтып, өз тилинде сүйлөнгөн болот. Анан экөө жакын келишти. Кадимкидей биринин дем алганы бирине угулуп турду…Отунчуга адам-жапайынын колу тийди. Түктүү, кайраттуу, тырмактуу, эркектин колдору…Адам- жапайыга Отунчунун колу тийди. Жумшак, назик, ургаачынын жыттуу колдору… ХХХ
Жайкы түндөрдүн биринде Отунчу тобокелге салып, адам-жапайыны байланган жеринен чечип, байлоонун бир учун өз колуна ороп, эптеп ымдап, асма аркан-шаты менен жерге түшүрдү. Ээрчитип алып, баягы шаркыратма- көлмөгө алып барды. Таштан жабышып, сыйгаланып түшкөн мупмуздак сууга экөө көпкө кириништи, муну бир да жан, бир да макулук көрбөдү да, билбеди. Түн оогон кез эле. Атүгүл адамдардын эң эле куйтусу, эң эле митаамы – токой ээси да муну байкаган жок. Ал билсе, экөөнү тең катуу жазаламак.Көлгө жакын келгенде өмүрү сууга түшүп көргөн эмеспи, адам-жапайы тайсалдап турду. Отунчу ошондо үстүндөгү чапанын чечип ыргытып, сууга боюн таштады. Адам-жапайыда болсо кийим жок. Отунчу ымдаганда аргасыз сууга шумгуду да, ичиркенип, секирип-секирип, оозунан жуткан суусун бүркүп, анан көнө түштү. Муздак сууда балыктардай ойноп, ары-бери сүзүп, суу чачышып, шаркыратманын шарына денелерин тосуп, бири-бирине жакындашып, алысташып, суу денелерин сылашып…Эч кимге билгизбей Отунчу адам-жапайыны ордуна алып барып байлап салды. Адам-жапайы канчадан бери «бошонсом эле кетемин, качып кетемин, учуп-күйүп үңкүрдөгү түгөйүмө жетемин» дегени менен бул жолу анте албады, кандайдыр бир күч анын бутун шилтетпей тушап турду… Сыягы Отунчуга жакындай түшкөнү себеп болду окшойт...
ХХХ
Алматтардын жети үйүндө сегиз жан калды. Тогузунчусунун өлүү-тирүүсү белгисиз. Жыл айланса да мергенчинин кабары билинбейт. Төрт жигиттин издебеген, тинтпеген жери калбады.Ошентип, издеп жүргөн күндөрүнүн биринде аскада асылып турган мылтыкты көздөрү чалып калды. Таң болушту. Мылтык ал жерге кайдан барды, ким алып барды? Деги эле ал жакка адам баласы эмес, тайган иттер да өтө албайт. Канаттуу куштар алып барып, аскадагы жалгыз арчага көрүнө илип салганбы? Төрт жигит канча күн жалама, шуштугуй асканын үстүнөн да, астынан да барышып, ошол түтөтмө мылтыкка жете албай суй жыгылышты. Акыры муну адам эмес, кайып жан алып келип илип кеткен экен деп түңүлүп кайтышты. Көргөндөрүн он бир мүчөл жашаган куу сакал карысына айтып келишти.– Бул мерген канча жолу оңко тургузду эле?- деп сурады ал абышка жигиттерден. – Үч жолу! Төртүнчүсү да жакындап бараткан,- дешти жигиттер.Кары алмат көпкө үнсүз-сөзсүз турду. Баары күйүп жаткан арчаны, андан заматта пайда боло калган чычаланы карап унчугушпады. Аксакал ушинткенде бир-экөөнүн эми эле ушул отко кактап оозуна салган кайберен эттери жумурун жулуп кеткендей болду.– Бул турагыбызды таштап, журтубузду өзгөртүп, ылдый эл араласакпы? Аксакал дагы да кыска сүйлөп, сөзүн кайра үздү. Башкалар унчугушпады. – Өзүбүздөн өзүбүз көбөйбөй жатабыз. Аз калдык. Ааламдын бир учунан бир учуна жетебиз деген алматтардан ушул алты үй – акыркысы. Жетинчиси ээсин кыйладан бери жоктоп турат. Биз, эмне, Жараткандын каргышына калдык бекен?!Кары киши ушинтип айтканда баары дем албай укту. Дем албай жооп издешти. Бирок эч ким жообун ашкере айтууга батынган жок.– Макул, дагы кырк күн ойлонолу! Кырк күн мергендин өлүгүн издегиле! Кырк күндөн соң же башка урууларга аралашып кетебиз, же ушул жашообузду уланта беребиз. Аны алдыдагы тагдыр ташы көрсөтөт!
ХХХ
Алматтар көргөн мылтык чын эле мергенчиники эле. Бая чагылган тийгенде дал ошол мылтыгы колдон учуп, тээ төмөнгө кулап кеткен. Аны ургаачы адамжапайы кокус көрүп калган. Көрөрү менен жүрөгү оозуна кептелди. Түрү суук, өзүнө зыян алып келчү нерсе сыяктанды. Мурда-кийин көрбөсө да ушундай ой келди, анан аны жок кылуу үчүн коомай кармап, ар жерге алып барып жашырып чыкты. Бирде мөңгүнүн астына бекитсе, эртеси кайра ишенбей, дарыянын ортосундагы аралчага алып барды. Үчүнчү күнү таштын коңулуна таштап ийди. Акыры булардын баарына ишенбеди, жанагы жаналгыч немени адам баласы таап албасын деп кабатырланды. Анан мерген ачуусуна тийген күндөрдүн биринде мылтыкты аска бооруна илип келди. «Үңкүрдөн качып чыкса да ушул куралын алам деп зоодон учуп өлсүн» деген ой менен атайын ошол жерге көз көрүнө илип таштады.

#8 19 June 2015 - 12:06
Адам-жапайы кийин мерген экөө ынтымактуу болуп кеткенде деле мылтыкты алуудан коркту. Ошол курал өзүнүн жашоосуна бир алаамат түшүрөрүн ички сезими менен туюп, корко берди. Ал канчалык сактанбасын,
мерген күндөрдүн биринде кокустан аскада илинип турган мылтыкты көрүп калбаспы. Көрөрү менен аны таанып, жүрөгү болк эте түштү. Бирок түбүнөн мулуюп турган бутуна көз жүгүртүп алып, ичи сыйрылды. Ушул кейпи менен эми кайдагы аңчылык?! Же аска-зоолорду аралай албасаң, куусаң же эчки-текелерге жетпесең, жөн гана мылтык асынып жүргөнүң кимге керек? Ошентип, мылтыгын караган боюнча ойлору аны өткөн күндөргө жетеледи.Адегенде бул мылтыкка ээ болгондогу күн эсине түштү. Мылтыкка айырбаштасам деп аюу, сүлөөсүндүн терисин чогулткан эле. Анан бир күнү аларды атка таңып, тээ 2-3 айыл нарыдагы кыштакта жашаган кызыл кулактын үйүнө барган. Барса, анын үйүндө туугандарынын кызы жүрүптүр. Анын күйөөсү каза болуп, учурда башы бош экен. Соодагер мергенге тийише сүйлөп:– Мунун башы бош. Көрдүңбү, сулуу десең сулуу, кылыктуу десең кылыктуу. Өзүң атактуу мерген болгонуң менен, ушул убакка чейин бой жүргөнүң жарабайт. Кааласаң, ушуга баш коштуруп коёюн,- деген эле. Тигил жубан да муну күлүмсүрөй карап, “не дейсиң?!” дегендей каш каккан. Мерген чындап назар салып караса, чын эле кызылы кызыл татына жубан. Бирок булардын салтында башка уруунун кызына үйлөнүү жок болгондуктан,
“болбойт” дегендей баш чайкаган. Анан терилерге мылтыкты алмашып кетип жатканда жанагы жубан жанынан өтүп кетти эле, аялдын жыты бур этти. Ошондо мергендин эркектик сезими козголуп барып басылган. Кечинде уктаарда да ошол жубандын элеси келе берип, кыялында аны кучактагысы,
төшөктө лазаттуу мүнөттөрдү өткөргүсү да келип кеткен. Бирок бул кыял гана эле... Болгондо да ишке ашпас кыял. Ошол түндө мерген эркек-аял мамилеси, үй-бүлөлүк турмуш жөнүндө көпкө ойлонуп жатып, анан уктаган. Мылтык демекчи, бул мылтыгы жанына караан болуп, аңчылыкта эч нерседен коркчу эмес. Мылтыгы барында буга азуулуу карышкырлардын үйүрү, кара кулак кабылан да кеп эмес болчу. Жалгыз мылтыгы канча бир эрдин ордун алмаштырып турар эле. Эми минтип аскадагы мылтыгы бүтүн, өзү жарым жан. Ушундай болот деп оюна тургай, түшүнө да кирген эмес.Мергендик атын дүң кылган да ушул мылтыгы болчу. Тоо тараптан мылтыктын үнү чыкты дегиче алматтар “дасторконубузга аркар же кулжа буюрду” деп кубаныша турган. Эми ал күндөр келбейт. Эч качан келбейт. Муну ойлоп, мергендин көзүнөн жаш тегеренди.Дагы ар нерселер оюна түшкөн мерген узакка отурду. Акырында үшкүрүнө туруп басып кетти. Тээ бир топ узаганда токтоду да артын бир кылчайып карап, мылтыгы менен коштошконсуду.
ххх
Алматтардын аксакалы “жигиттер, силерге кырк күн мөөнөт берели. Ушул аралыкта мергенди издеп тапкыла. Тирүү болсо өзүн, өлүк болсо өлүгүн апкелгиле! ” деп буйрук берген. Ошентип, төрт жигит мергенди издөөгө чыгышты. Алар тоо ичин түрө кыдырып жүрүшүп, акыры мөңгүлүү бийик тоонун тескей жагына өтүштү. Мына ушул жерден алар кызыктай издерге туш болушту. Байкоого караганда, эки жандуунун изи катар кеткендей. Бирок кызыгы, алардын бирөөсүнүн таманынын изи адамдардыкынан 2-3 эсе чоң экен. Болгондо да жылаңайлак. Ошол жылаңайлак буту менен таш болобу, тикен болобу, аңдабай басып өткөнү байкалат. Кадамынын чоңдугун ушундан бил, адам 3-4 аттай турган жерди бир гана адымдап өтүптүр. Берки из адамдыкына окшошот. Бирок бир тамандын гана изи түшкөндүктөн, бир буттуу адам өткөндөй элес калтырат. Кадамынын арбышы да анчалык эмес. Бул эки из жанаша барып, акыры адамдын изи жоголот да, жанагы алп жандыктыкы гана калат.“Бир из киши кийиктики окшойт, экинчиси кимдики?” деп ойлонгон алматтын жигиттери бир аптадай из кууп убараланышты. Акыры адам-жапайынын ургаачысы менен аксак мерген жашаган үңкүрдү акмалап таап алышты. Жигиттер үңкүр оозуна буктурма коюп, капкан ташташты. Анан жайлуу жай таап, төртөө төрт жерде бугуп жатты. Бир кезде тээ төмөнтөдөн бир караан көрүнгөндөй болду. Жигиттер көзүн андан албай, катып калышты. Караан жакындап келе берди. Денесин түк баскан аюудай, бирок басышы кишиден айырмаланбаган бул жан жакындаганда анын бир колунда адам, бир колунда бала бар экендигин көрүштү.Ана, келип калды. Оң колундагы адамды – өздөрү издеп жүргөн мергенди алар жазбай таанышты, атүгүл бир буту жоктугун да көрүштү. Эмне кылуу керек, кантүү керек? Төртөө төрт жакта тургандыктан, бири-бири менен сүйлөшө да албайт. Мылтыктарын түтөткөндө адам-жапайы жытын сездиби, таноолорун дердейтип, көктү карап, анан күтүлбөгөндөй тездик менен мергенди жана баланы койнуна тартты. Төрт мерген адам-жапайыны окко алды. Тегерек түтүн жыттанды. Тигил адам-жапайы тоо жаңырта айкырып, адам менен баланы октон коргой, өзүн болсо окко тосуп, экөөнү басып жыгылды. Алматтын кыл мерген жигиттери адам-жапайыны кайра мээлешти. Айлана сасык түтүнгө чулганып, адам-жапайынын асман жарган айкырыгы аз-аздан барып басылганда төрт жигит эттияттанып жакын барышты. Жапайы адам да, мерген да булардын огунан жан бериптир. Кичинекей гана же жапайы адамга окшобогон, же киши баласына окшобогон жандык тирүү экен. Буларды карап ылжыйып күлүп койду…
ххх
Токой ээси эркек адам-жапайы менен Отунчунун ымалалаша баштаганын өз көзү менен көрбөсө да, ичинен сезди. Ою ишке ашып жатат. Эми бул адам-жапайы адам жытын искеп, аял кумарына батып калды, эч жакка кете албайт деди. Анан бир күнү экөөнү кошоктоп, узун чынжыр менен байлады да, биргелешип жумуш аткарууга чегерди. Отунга барса да, жаңгак күүсө да, таш ташыса да, жол салса да бир чынжырга көгөндөлгөн экөө чогуу жүрөт. Бул экөөнүн жасаган ишин жаамы айыл биригип жасай албайт эле.

#9 19 June 2015 - 12:10
Отунчу менен адам-жапайы адамдарча сүйлөшө албаса да, булдуруктап,
жандап, ымдашып бири-биринин оюн түшүнүшөт. Адам-жапайы Отунчуга кам көргөнү кам көргөн. Жумуш убагында “мен иштей турайын, а сен азырынча эс ала тур” дегендей колун жандай, ары жакка түртөт. Отунчу анын тилин алып, бир аз дем алат. Жөн отурбай шеригинин иштеп жаткан кыймылын, жапайы болсо да кам көрө билгенин ойлоп, ичи жылып отурат.Тамак жегенде да тамакты мунун алдына жылдырып, “же, көп же, болбосо анан жумуш кылганда ач каласың” дегендей жалооруй карайт. Антсе Отунчу көзүн кыбыңдатып,
кайра табакты аны көздөй түртөт. Экөө анан бири-бирин тиктешкен бойдон табакка бирге кол узатышат. Кийинки кезде адам-жапайы тамакты шашпай ичкенге көнүп баратат. Болбосо, адамдар арасына келгени коркконунан,
анан чочулаганынан улам оозуна тийгенди эптеп эле күрмөп жутуп жиберүүгө ашыкчу. Курсак тойсо болду дегенчелик эле. Токой ээси аны Отунчуга кошкону адамдарга көңүл бурбай деле калды. Жүрөгүндөгү өзү жашаган турагын, мурунку жашоосун сагынуунун ордун Отунчунун жакшы мамилеси толтуруп бараткандай.
Адам-жапайыга баарынан да Отунчунун сылап-сыйпаганы жагат. Экөө эс алганы отурганда өзү чарчап турганына карабай, Отунчу адам-жапайынын бети-башындагы терди жоолугу менен аарчып, анан жүзүнөн, далысынан, кең көкүрөгүнөн сылап коёт. Ал болсо колун тартып албасын дегенчелик кылып, Отунчунун колун денесине баскан бойдон бир топко коё бербейт.Ушундай кезде адам-жапайы адамдар арасында ушул Отунчу үчүн байланып жүргөнүн сезет. Тигил жакта калган ургаачысы менен жашап келаткан жылдар аралыгында ичин жылытып, өзүнө тарткан мээримди сезген эмес эле. Эми ошол жүрөгүнүн түпкүрүндө эңсеген мээримди минтип Отунчудан таап отурат. Болбосо, бул качан эле өзү турактаган тоо тарапка сызып жөнөмөк. Убагы келгенде эле качып кетмек. Минтип Отунчуга байланып калгандан бери “мындан кийинки жашоомду көрө жатармын” деген ойго чырмалгандай.
Бир жолу тоодон карагай артынып келатып, экөө катуу жаанга калган. Ошондо кайда баш калкаласак дешип, акыры кичине үңкүргө кире качышкан эле. Жаандан улам көйнөгү денесине жабышып, саамайынан суу тамчылаган Отунчу адам-жапайынын көзүнө ушунчалык сулуу көрүнгөн. Жука көйнөктүн ичинде өзүн тарткан мүчөгө көз жүгүртүп, анан кандайча Отунчунун жанына барып, ошол денени сылап, кармалай баштаганын билбей калган. Анда Отунчу мындан боюн тартып албай, көзүн жуумп туруп берген. Ошондо Отунчу жашоосунун кемтиги жалгыз жашап, бирөөнүн камкордугуна,
эркелетүүсүнө муктаж экенин туйган. Бирок андай орунду адам эмес, минтип адам-жапайынын ээлей турганын ойлоп, бир жагынан чочулай, бир жагынан буга да макул болгондой тим болгон. Ошол үңкүрдөгү мамиле буларды бир топ жакындатып койду. Ошентип, орто билинбей жакындап бара берди.Бир ирет адам-жапайы түшкө дейре суз жүрдү. Ал таңга маал угулган ачуу үндөн чочуп ойгонгон эле. Ал үн чындап угулдубу же түшүндө угулган үнбү, ачык айрый албады. Айтор, ал үн бир кездеги өзүнүн апасынын да, алтургай бирге жашап калган ургаачысынын үнүн элестетти. Ал үн өзүнө чакырып жаткандай, «өзүң ким экениңди унутпа» деп эскертип жаткандай сезилди. Эсинде калганы апасы бул тентектик кылганда, анан бир жамандыктан коруганда ошондой ачуу үн чыгарчу. Ургаачысы да бул үңкүргө узакка келбей же жегенге эч нерсе апкелбей калса, ошондой ачуу үн чыгарып, үтүрөңдөп калчу. Ички сезими негедир “өзүң мекендеген жайга кет, адамдар сен үчүн эмес” деп шыбырагандай.
Бул үн жөн үн эмес, алдыдагы жамандыкты эскертүүчү катары туюла берди. Апасынын элеси да көрүнүп, муну тигил тоо койнуна чакырып жаткандай болду.
#10 19 June 2015 - 12:11
Оо бир топ отургандан кийин адам-жапайы тишин кычыратып, онтогондой болду да, тээ ары көздөй жөнөдү.Аны күтүп турган Отунчу таң кала узатып карап кала берди. Тигил болсо урчукту айлана берип көрүнбөй калды. Отунчу анын ички жан дүйнөсү кыйналып жаткандыгын сезип, токой тарапка отун чогултууга кете берди. Мезгил чак түш болгондо гана адам-жапайы Отунчуну таап келди. Унчукпай келди да чекесинен жыттап койду. Отунчу анын жүзүнөн кусалыктын залдарынын издерин окуду. Адам-жапайы ошол күнү кечке түнөрүп жүрмөк беле ким билет, баарын аюу бузду. Токойдон кокустан аюу чыга калбаспы. Дал маңдайынан чыга калган буларга карап күркүрөп коё берди. Канчалык айбат көрсөткөнү менен, анын өтө эле картаң аюу экендигин билген адам-жапайы Отунчуну артына калкалай, аюуга сес көрсөттү. Көзү чанагынан чыга тостоюп, заары бетине чыккан адам-жапайы белин бүкүрөйтө аюу менен кармашууга даярдангандай.
Отунчу бул тегеректеги аюуларды билчү, алар буга тийчү эмес. Бул аюу башка жактан ооп келген сыяктуу. Эсин жыя, артынып келаткан отун ичинен жоон бутакты адам-жапайыга кармата салды. Аюу кантсе да күчү жетпестигин сездиби, артына бурулуп кете берди. Отунчу мунун кайратын бааладыбы, айтор, башын көкүрөгүнө жөлөп, жылмайды. Тигил болсо мунун чекесинен жыттап койду. Ошентип, экөөнүн көңүлү ачыла түштү. Күн да ысып чыккандыктан,
арыдагы өзөнгө сууга киринип, сергип алуу үчүн бет алышты.
ххх
Токой ээси бул экөөнө жаз алды менен тоо бооруна токой болор көчөт тиктирди. Алардын ичинде алманын да, теректин да, деги койчу, бир топ жемиш дарактарынын көчөтү бар эле.Аларды сугаруу үчүн арык чаптырып, суу бурдурду. Кыялында бул көчөттөр жетилип, өзүнө канчалык киреше алып келерин эстеп, санаасында байыды да калды. Эми чөптү чаптырып, үйдүрүп алса, анан кышкыга көп отун чогулттуруп алса... Ушинтип токой ээсинин көңүлү шат жүрдү. Алтургай үч-төрт жолу марттыгы кармап, бышкан эттен экөөнө көп бөлдүрүп бердирди. Анан кар түшөргө аз калганда бир күнү Отунчунун жыгылып түшкөнүн, көп баса албай калганын, атүгүл бир жолу адам-жапайыга көтөртүп алганын көрүп калды. Ооба, отунчу кош кат эле. Элдей болуп келиндерге аралашпагандыктан, бойго бүткөндө кандай болорун билчү эмес. Болгону, ички туюму менен бала төрөөрүн сезген. Талгак тууралуу да түшүнүгү жок неме кычкыл алманы самап калгандыгын билген. Алманы эстегенде эле колдон иши түшүп, токой жакты карамай адат тапты. Анан эки жагын секин карап, алмалар көп өсчү жакты көздөй жөнөйт. Кычкыл алманы болушунча жеп, качан ыраазы болгондо жоолугуна да түйүп, кайтып келет. Анын бул адаты адам-жапайыга түшүнүксүз. Бирок ал да ичинен Отунчуда өзгөрүү болуп жатканын жана ичи чоңоюп баратканын сезип, ага көп үйрүлүп түшчү болду. Демек, жакында жашоосунда кезигер жаңылыкты күтө берсе болот...
ххх
Ошол кышта токой ээсинин жигиттери Отунчуну жыгач арабага салып, тээ алыс кыштоодогу анын бир досунукуна алпарып салышты. Токой ээсинин оюнда Отунчуну ошол жакта кыштатып, анан убагы келгенде эч кимге билгизбей төрөтүү. Анан баласын өлүп калды деп көрсөтпөй ээн талаага алпарып таштатуу. Отунчуну кайра алып келип, адам-жапайы экөөнү ишке чегүү турган эле. Ошентип, Отунчу кыштоодо кала берди... Кышта кар жылдагыдан оор түштү. Убакыт өтсө да, Отунчу негедир кайрылып келе бербеди. Отунчуну жоктогон адам-жапайынын озондогон үнү айыл ичин жаңыртып, күнү тынчтык, түнү уйку бербей калды. Бооз малдар төл салып, койлор үркүп, жылкылар дүрбөп, бул жакты беймарал жойлоочу сүлөөсүн да, суусар да, карышкыр да, түлкү да жоголду.

#11 19 June 2015 - 12:14
Анан калса элди тумоо каптап, көзү ачыктар менен төлгөчүлөр “бул жапайы адамыңарды жоготпосоңор,
жакшылык көрбөйсүңөр” деп туруп алышты.Адам-
жапайы болсо бирөөлөр алып келген тамакты тээп ыргытып, адамдарга айбат кылып, арсылдап итче үрүп, караңгы түндү как жара кыйкыра, ботосу өлгөн каймалдай боздоп, көпчүлүктүн үшүн алды. Акыры тамак да жебей, суу да ичпей калды. Ошол чыкыроон күнү адам-жапайы ордунда алсыз жатты. Сырттан шыбырт угулса эле, умсуна башын көтөрүп карап коёт. Ооба, ал Отунчуну күтүп жаткан. Келип калабы деген үмүтү алсыз илинип тургандай. Ошентип, шалдырап жатып көзү илинип кетти. Түшүндө Отунчу экөө кызгалдактуу талаада жүрүшүптүр.
Отунчунун чачы абдан узун экен да, үстүнө кызыл көйнөк кийип, колуна кыпкызыл кызгалдактарды кармап алыптыр. Экөө бири-бирине ымдашып, көңүлдөрү көтөрүңкү. Анан бир убакта эле жанында келе жаткан Отунчуну куюн көтөрүп кетип, тээ алыс жакка алпарып таштайт. Бул болсо ага жетмекке чуркап, колун сунат. Анткен сайын Отунчу андан алыстайт. Ошентип, аракет кылып эми жетейин дегенде эле баягы куюн келип өзүн көтөрүп учат. Ошол боюнча аны сөлөкөттөр жүргөн жерге алпарып таштайт. Алар эмне болгон сөлөкөттөр экенин ажырата албай башы маң. Чочулап, ал жактан кетмекке бурула бергенде бир күчтүү кол муну кармап калат. Андан бошонуу үчүн жандалбас кылып жатып ойгонуп кетти.Кара тер басып, суусап калыптыр. Бир жагынан суусап, бир жагынан Отунчунун элеси көз алдына тартыла берип, акыры адам-жапайы ордунан козголду. Жүрөгүндө Отунчуга болгон кусалык ашып-ташып бараткандай.
Кыймылдагангабы,
айтор, жаны сыздап, бүт денеси ооруп чыкты. Тиштенип ордунан туруп, эми сыртка кадам таштаганда өзү байланган байлоого көзү түштү. Жашоосундагы жаман нерселердин баарына ушул күнөөлүүдөй байлоону болгон күчүн жумшап үзгөнгө жетишти. Ошол кезде көзү караңгылап,
айланасы туманданып кеткендей болду. Бир маалда өзүнө келе түштү да, шатыга карабай, жаңгак менен сыйгаланып жерге түштү. Көзүнө дароо Отунчунун уктачу жайы урунуп, ал жакка жөнөп, жетери менен кулады. Аңгыча кандайдыр бир туңгуюкка кулап бараткандай болуп жаны сыздап чыкты. Ушул сезим өлүм коркунучунан белги берип жаткандай мээси чыңалды. Көзүн ачса эле ошол коркунучтан аман кала тургандай жанталаша көзүн ачты. Мурдуна өзүнө тааныш жыт уруна берди. Караса, жакын жерде Отунчунун жоолугу жатыптыр. Эптеп жылып ага жетип, шуу жыттады эле күлүмсүрөгөн Отунчунун элеси келе калды. Ага колун суна бергенде анын элеси өзүнүн апасынын элеси менен алмашып кетти. Апасы буга колун сунду да, жетелеп жөнөдү. Экөө мунарыкка сиңип баратышты...
Ошентип, кечке жуук адам-жапайы жарык дүйнө менен коштошуп кете берди.
ххх
Отунчудан болсо дарек жок. Каттагандардын бирөөлөрү “төрөгөн соң бирөөлөр баласын уурдап кетиптир. Ошондон улам акылынан айнып калыптыр” дешсе, бирөөлөрү “антпей эле бирөөлөр баласын уурдамак болушканда, ымыркайын алып тоого качып кетиптир” дешти. Дагы бирөөлөр “мунун баары жалган, адамга да, жапайы кишиге да окшобогон чүрпөсүн жакшынакай эле багып жатат” дешти.Эл кайсынысына ишенерин билбей кала берди.
ххх
Алматтардын жигиттери адам-жапайы менен мергенди корумдап көөмп, аман калган баланы айылына көтөрүп келишти. Алты үйдө калган сегиз киши узакка үнсүз отуруп, мергенди эскергендей болушту. Шам жагылып, бакшы бийледи. Бирөөлөр мергенди алматтардан башка бирөөгө үйлөнүп алганы үчүн жектешти. Дагы бирөөлөр түпкү энебиздин урпагына үйлөнүп туура кылды деди. Бир гана чачы, сакалы куудай карыя күтүлбөгөн сөзү менен баарынын оюн бузуп ийди:– Даярдангыла, эл арасына кетебиз! Акыры минтип алматтар ада болду, кимде ким башка уруудан кыз алса, кыздар башка уруудагы жигитке күйөөгө чыкса туура тутабыз! Бул баланы болсо, журтубуздун ээси катары жети үйдүн ортосуна таштап кетебиз. Жашай турган күнү болсо, аны көрсүн. Жок, ичер суусу түгөнсө, акыры баарыбыз барар жерге эртерээк күнөөсүз кезинде кете берсин!..
(Аягы)

#13 19 June 2015 - 12:16
Оздук чыгарманызбы,
же автору башкабы?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев

Супер-Инфо
super.kg
видео