Сегиз сааттык учуу чарчатып, денем талыкшый учактын отургучуна чалкалай көзүмдү жумдум. Алдымда дагы үч сааттык учуу бар. Жаныма келип отурган сапарлашымдын үстүңкү багажникке бирдемелерди шыгыратып коюп жатканына да маани берген жокмун. Самолёт ордунан көтөрүлгөндө көзүмдү ачып иллюминатордон үйлөрдүн улам кичирейип баратканын,
учу-кыйрына көз жетпеген деңиздин жылып келе жаткансып жүрөк опколжута сестенткен сүрүн карап жерде жүрүүнүн кадырын сезип, тез эле жерге конууну самап кеттим. Бир кезде сапарлашым шуу үшкүрдү. Дене-бойду селт эттирген үшкүрүк азанын үшкүрүгүндөй күйүттүү экен. Жалт карадым. Кара тору, көздөрү бакырайган тили буруу жигит алаканындагы желим баштыкка оролгон бир ууч топуракты аялуу сылагылап ойлуу отуруптур. Көздөрү эми эле ыйлап сооронгондой жаштуу, шишимик тартып турат. Адам санаасы күлүк тура. “Туулган жеринин топурагы го, же бул жигитке катуу таарынган жакындары топурагын түйүп берди бекен. Жок, андай болгондо мынчалык аялуу сылагыламак эмес, туулган жердин топурагы эле болуу керек...” деген ой келди. Сапарлашым карап калганымды байкадыбы, мени карап саламдашкандай муңайым жылмайып койду. “Тил билбейт го, кап, тил билсе үшкүрүктүн,
топурактын чоо-жайын сурамакмын.
Мүмкүн, түрк тилин түшүнөт чыгар” деген ой, кесиптик кызыгуум тилимди кычыштырып түркчө саламдаштым.
– Саламатчылык,
– деди кыргызча таптак. Тим эле жоготконумду тапкандай кубанып кайра кыргызча саламдашып жиберген мени ал күлүмсүрөй карап:
– Кыргызсызбы же казаксызбы?
– деди акырын. Үнүндө кусалык шоолаланып турду.
– Кыргызмын, – дедим көөдөн толо сыймык менен. Сапарлашым мени жакынындай мээрим менен карап калганын байкадым.
– Кыргызмын деңизчи... Ал дагы оор үшкүрдү. Аза бойду дүрүлдөткөн үшкүрүк жүрөгүмдү үшүтө:
– Минтип үшкүрбөй жүрүңүз, бизде “үшкүргөн жаман” дешет, - дедим ичиркенип.
– Билем, бирок үшкүрсөм кадимкидей жеңилдеп калып жатам. Бул үшкүрүктүн мага шерик болгонуна жети жыл болду.
Экөөбүз саамга үнсүз отуруп калдык. Көзүм топуракка түшкөнүн сезген жигит:
– Бул топурак да менин жан жолдошум.
– Туулган жердин топурагы го ээ?
– Жок, бул менин жарымым, жүрөк жарам, арманым, жубатарым.
Жигиттин кареги жашылдана үнү каргылданып кетти. Не деп кеп айтарымды билбей апкаарып калдым. Жигит дагы үшкүрүп алып сөзүн улады.
Бул сырдашуу ушинтип башталган эле.
Бир ууч топурак
#2 28 July 2015 - 22:55
Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Египетте туулуп-өстүм.
Атам - аскер кызматкери,
апам - дарыгер. Атамдын жумушуна байланыштуу жер жүзүнүн чар тарабында болдук. Менин бизнеске кызыгуума да ушул жер кезүү себеп болду окшойт. Бала кезден туристтик фирма ачсам деп кыялданчумун.
Атам канчалык аскер кызматкери кылгысы келсе да мен өз каалоом менен кеттим. Бизнестин арты менен отуз жашымда Кыргызстанга келип фирма ачып иштеп калдым. Тоого чыкканды, күн узатып, таң тосконду аябай жакшы көргөн жаным ара күндө Ала-Арчага чыгып кетчүмүн, көлдү кылаалап басып, тээ Арсланбоб, Соң-Көл, Сары-Челекти кыдырып жүрүп кыргыз жериндей керемет жер аз эле экенин өз эли билет бекен деп ойлой берчүмүн. Бир күнү кечинде Көлдөн кайтып баратсам жол боюнда жаш кыз эрбейип жалгыз машине тосуп туруптур. Жамгырдан калкаланар эчтемеси жок кыздын үшүп калганы бекем кысып алган арык ийиндеринен көрүнүп турду. Жанына токтотсом мени бир карап алды да, “түшпөйм” дегенсип ары басып кетти.
– Кел, отура гой, коркпо, айткан жериңе жеткирип коём, – дедим жумшак. Алымдын жетишинче кыргызча сүйлөмүш болдум. Түшүндүбү же менин жамандык кылбасыма ишендиби, элеңдей келип артка отурду. Күзгүдөн суу болгонго тармалдаша жаагына жабышкан чачтарына, капкара көздөрүнө, али балапан түгү түшө элек аруу жүзүнө көз таштап “татынакай кыз экен” деп ойлоп алдым.
– Эмнеге жалгыз жүрөсүң? – десем ийнин кыса күлүп койду. Сыягы, менин сүйлөгөнүмө түшүнбөдү көрүнөт. Шаарга кире бергенде түшүп калды. Ошол күндөн баштап менде бир түйшүк башталды. Жанды эзген түшүнүксүз санаа жүрөгүмдү буулуктура берчү болду. Бейтааныш кыз менин жан тынчтыгымды уурдап кетти. Кайда жүрбөйүн, ошол кызды элеңдеп издегеним издеген. Окшош караан көрсөм аптыгып жетип барам да, ал эмес экенин көргөндө шагым сына ичим эңшерилет. Ушул жашка келип менде мындай азаптуу да, таттуу да сезим болуп көрбөптүр. Деги эле кыз аттууга минтип мээрим салып көрбөгөм. Ошол күнү бош болсом да таң атпай үйдө отура албай негедир сыртка чыккым келип ашыга бердим. Жол бойлоп баратып артымдан шыңгыраган күлкү уктум да, негедир далым чымырай кызыктай болуп кеттим. Бул күлкү мага бир өмүр тааныштай сезилди. Жалт бурула бердим да, бутум шилтенбей катып калдым. Мен издеген бейтааныш кыз мени байкабай жандай басып эки-үч курбусу менен өтүп кетти. Артынан ээрчип баса бердим, өзүмчө эле кудуңдап кубанып да, аптыгып да алгам. Жанындагы курбулары менен бейкапар сүйлөшүп бараткан кыз менин акмалап баратканымды сезгендей артына бурулду да, саамга көз токтотуп карап калды. Жанындагы кыздар сөз менен алек боло бири-бири менен тартышып кете беришти, сыягы, курбусунун артта калганын деле байкашпады көрүнөт. Ошол ирмемде мага аалам тегеренбей токтоп калгансыды. Экөөбүз тиктешип турган ушул мүнөттөр үчүн өмүрүмдү бергенге даяр элем. Кыз мени тааныды окшойт, ууртун бүлк эттире күлүп койду да:
– Мен сизди тааныдым, – деди жайдары. “Тааныганыңдан айланайын, жолуктурган тагдырдан айланайын”, - деп ичимден жалынып жибердим.
– Атың ким? – дедим кайра жоготуп алчудай шашып.
– Айжанка, – деди ал эч кири жок көздөрү менен жоодурай карап.
– Менин атым Жахан. Ал унчукпай колун сунду. Колдорун кармарын кармап алып апкаарып кеттим. Жупжумшак, назик алакандан жүрөктүн какканы угулуп тургансып сезилип кетти.
– Узатып койсом болобу?
Айжанка дагы ууртун бүлк эттире жагымдуу күлдү. Катар басып бараткандагы бактымды азыр сөз менен жеткире албас элем. Ушул жолдун бүтпөсүн, Айжанканын жаныман кетпешин тилегендей тилекти өмүрүмдө тилебесем керек. Бирок Айжанка тез эле кетип калды. Курбулары:
– Айжанка, кеттик, сабактан кечигебиз, – дешти шаштырып. Кыз кетип баратканда бирдеме айтчудай бурулуп бир карап алды да, анан этектерин делбиретип чуркап кетти. Аалам аңгырап, жан кыйнаган боштуктан кадимкидей ыйлагым, Айжанканы тапканыма кубанып кыйкыргым келип, айтор, миң бир сезим жан дүйнөмдө бороон түшүп атты. Мен Айжанканы сүйүп калдым, сүйгөндө да боз баладай акыл-эсимди жоготуп сүйдүм. Күн сайын таң атпай Айжанканын жолун акмалайм, негедир жанына басып барганга даай албай сүрдөнөм, басып барсам эле аялуу буюмумду кирдетип алчудай же туура эмес сүйлөп капа кылып алчудай тартынам. Айжанка менен өз тилинде сүйлөшүү үчүн курска жазылдым. Мен артынан акмалап жүргөндө Айжанка кимдир бирөөнү издеп жаткансып элеңдеп эки жагын карай берчү. Ал анткен сайын жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй дикилдеп дүйнөм оодарылат. Ошондой азаптуу күндөрдө Айжанка капилет жолуман чыкты. Экөөбүз тең саамга эндирей туруп калдык.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#3 28 July 2015 - 23:08
– Сизди кетип калган го дегем, – деди ал кыпкызыл боло албырып.
– Кайда?
– Билбейм...
– Сабакка баратасыңбы?
Кыз саамга унчукпай бирдеме айта албай жаткансып колдорун укалай үнсүз турду да:
– Мен мектепте окуйм, бирок сиз менден качпаңыз, мен тез эле бүтөм, – деди күтүүсүз. Мен чыны чочуп кеттим. Айжанканы биринчи курста окуйт го деп ойлогом. Бирок ошол замат мунун мен үчүн мааниси жок экенин тээ дил тереңинен туйдум. Мага Айжанка өзү макул болсо эле жылдап күтүүгө даяр элем.
– Анын мааниси жок, – дедим кыздын баёо каректерин карап.
– Чын элеби? – Айжанка баладай кубанып кетти. Бала да, бала эмей эмне. Анан божурап мектеби, курбулары, тилек-максаттары тууралуу айтып кирди. Ал сүйлөй берди, мен болсо дүйнөдөгү эң жагымдуу музыка угуп жаткансып жыргап тыңшап бараттым. Ошол күндөн баштап күн сайын жолукчу болдук. Мен жолуккан сайын сагынып, көргөн сайын көзүм тойбой, коштошо албай кыйналам. Арадан бир жыл убакыт кандай өткөнүн сезбей калдым. Ошол бир жыл аралыгында кыздын колун гана кармаганым болбосо, жакын туруудан сүрдөп жүрдүм. Сиз мунун мыйзамдан корккондон деп ойлобоңуз, Айжанка кол тийгис аруу эле, ой жеткис бийик эле...
Айжанка туулган күнүнө чакырып үйүнө бардым. Апасы Айжанкага куюп койгондой окшош сулуу, атасы болсо токтоо, ак сөөктөрдөй түптүз басып, аз, бирок абдан сылык, маанилүү сүйлөгөн адам экен. Алар мени азиз меймандай кабыл алышты.
– Сиз Айжанканын мугалимисиз да ээ? Сизге барганы кызым англисче жакшы сүйлөп калды, – деди апасы чай үстүндө. Айжанканы карасам каректери чоңоюп кетиптир.
– Ооба, англис тилинен сабак берем, – дедим сыр алдырбай. Айжанка мага ушундай бир ыраазы боло карады, ошол көз карашты мен али да көөдөнүмдө сактап жүрөм. Атасы болсо кызы менен мени алмак-салмак маанилүү карап койгону болбосо, кепке аралашпады. Биз мен болгон мамлекеттер, туулган жерим, ата-энем тууралуу сүйлөшүп отурдук. Айжандын атасы абдан билимдүү, көп өлкөдө болгон адам экен, ушул жагдай биздин маегибизге жардам берди. Айжанка мени гана чакырыптыр. Биз бир оокумга чейин сүйлөшүп отурдук, кетерде Айжанка мени узатып коймок болду эле, атасы:
– Сен кала бер, кызым, мен таза абада бир аз сейилдегенче мейманды узатып келем, – деди кызын эркелете мээрим менен карап. Бирок ошол мээрим толгон көз карашта алда кандай нааразылыкпы же шек санообу, айтор, бир кермек ой жатканын баамдадым. Мен азыр кандай кеп болсо да угууга даяр элем.
– Сиз канча жаштасыз? – деди сыртка чыгып бир аз басканда.
– Отуз төрткө чыгам жакында.
– А Айжанка эми он бешке чыкты, ал али бала. Кызым өзүндөгү сезимдерди талдай турган куракка жете элек. Сиз чоң адамсыз, баланын тагдырына кесириңиз тийип калышын каалабайм. Сиздей жигитке кыздар жокпу, тим эле чекесине чертип тандаганга мүмкүнчүлүгүңүз бар, – деди тамекисин ойлуу үйлөп.
– Мага эч кандай кыздын кереги жок. Мен сизге Айжанканы бактылуу кылам деп жигиттик сөз берем.
– Бул биздин акыркы кездешүүбүз деп ишенем, кызыма жакындасаңыз, таарынбаңыз, мекениңизге кандай жетип калганыңызды байкабай каласыз.
– Сиз мени туура түшүнүңүзчү, мен Айжанканы сүйөм.
– Кайдагы сүйүү, ал деген али бала, сиз муну түшүнүп жатасызбы?! Мен сизге эскерттим, сиз акыл-эси толгон адамсыз, туура чечим чыгарарыңызга көзүм жетет, – деди да, шарт бурулуп түптүз басып кетти. Мен түн бою үйгө кирбей көчөлөп басып жүрө бердим. Айжанкасыз жашоомду, ансыз өтчү өмүрүмдү элестете албай койдум. Тоого кетчү жолго түшүп алганымды качан тоо аралап баратканда байкадым. Тээ жол жок жерге чейин бардым да, сыртка чыгып алып үнүмдүн барынча “Айжанка” деп кыйкырып-кыйкырып алдым. Ошол түнү "Айжан" деп үнүнүн барынча кыйкырып, ыйлап, жиндеп кеткенсип ары-бери басып жүргөн мени тоолор, анан капкараңгы түн гана угуп тунжурап турду. Баса албай калганда сулк жыгылып, топурак тиштей жер кучактап көпкө жаттым.

#4 28 July 2015 - 23:10
Ордумдан турсам таң агарып калган экен. Көөдөнүм бопбош, алдымда эч бир максат, тилек жоктой жашоо кунарсыз сезилди. Менин жашоомдун маңызы Айжанка болгонун туйдум да, ушул туйгу мага өжөрлүк алып келди.
– Эмне үчүн мен Айжанкадан баш тартышым керек? Бул маселени Айжан чечет. Эгер ал мага жолугуудан баш тартса, анда башка кеп, – деп кимдир бирөөнүн алдында отчёт берип жаткансып сүйлөнүп алдым. Ошол эле учурда “а эгер Айжанканы да мага жолукпоого көндүрүп коюшкан болсочу” деген суук ой келип, бул ойдон улам ындыным өчө түштү. Саамга машиненин рулун кучактап отурдум да, эмнеси болсо да кызды көрүүнү чечтим. Антпесем жинди болуп кеткидеймин. Шаарга келдим да, Айжанка сабакка өтчү жолду акмалап көпкө отурдум. Сабакка барчу мезгил эчак болсо да кыз көрүнбөдү. Мүмкүн, мен келгенче сабагына кеткендир, эми сабактан кайтышын күтөйүн дедим өзүмдү жооткотуп. Күн күүгүм тартканча отурдум, Айжанканын көз карыктырган карааны көрүнбөдү. Демек, кызды да көндүрүшкөн. Кантип эле Айжанканы ушинтип көрбөй калам. Бото көз секелегим, чын эле мени көргүң келбейби?
Кыздын короосун бир жумадай кайтардым. Бир күнү күүгүм талаш формачан эки жигит келди да, машинеден түшүп документтеримди көрсөтүүнү талап кылышты. Мындай окуя далай жолу башымдан өткөн үчүн эч нерседен шек санабай эле документтеримди көрсөтүп машинеден сыртка чыктым. Ардемени сурап, анан бул жерде эмне үчүн турарымды сурашты.
– Бирөөнү күтүп турам, - дедим ишенимдүү. Алар бири-бирин карап алышты да, анан коюн чөнтөгүнөн менин сүрөтүмдү сууруп чыгышты.
– Сиздин үстүңүздөн Субайылдаева Айжанканын ата-энесинин атынан арыз түштү. Жашы жете элек кызды азгырууга аракет кылып, кыз макул болбой койсо артынан аңдып коркутуп жатыпсыз, чынбы?
– Кыз менен сүйлөштүңөрбү?
– Кыз эмне демек эле, ата-энеси айтып жатпайбы.
– Мен Айжанканы сүйөм, ага эч кандай жаман оюм жок. Эгер кыз да ушул сөздү тастыктаган болсо, ар кандай жазага мен макулмун.
– Кыз да тастыктайт, жаза тартканга шашпай туруңуз, – дешти ишенимдүү. Көз алдыма Айжанканын атасынын муздак көз карашы, “кызыма жакындасаңыз, таарынбаңыз, мекениңизге кандай жетип калганыңызды байкабай каласыз” деген ызгаар сөзү жаңырып кетти. Алар мени угуп-укпай эле кайдадыр алып жөнөштү. Сыягы, жакынкы милиция бөлүмүнө алып келишти көрүнөт. Ушул жашка чыгып биринчи жолу кандайдыр бир оюма келбеген күнөөнү мойнума алдырууга айбанчылык менен аракет кылган ыплас адамдарды жолуктурдум. Ушундай адамдар арасында кантип Айжанкадай кыздар жүргөнүнө таң калдым. Алар канчалык сабап, ит көрбөгөн кордукту көрсөтсө да чыдадым. Өлтүрүп эле коюшпаса, бул азаптын акыры жок болорунан үмүт кылдым. Ишенесизби, ошол күндөрү мага Айжанканын элеси күч берди.

#5 28 July 2015 - 23:12
Түн жарымда эңгезердей эки жигит кирип сыртка чыгууга буйруганда “ажалым ушулардын колунда го” деген ойдон далым муздай түштү. Караңгы, сыз, тамеки, колоңсо жыттанган тар коридор менен баратып ушу азыр демейде жагымсыз, комсоо көрүнгөн кууш дубалдар жылуу көрүнүп, жашоонун, жандын таттуулугун жон терим менен сездим. Негедир баарына макул болуу, ошол эле учурда Айжанканы бир көрсөм деген аруу, үмүтсүз тилек көөдөнүмдү ачуу сыдырып өттү. Экинчи кабаттан түз эле сыртка чыкчу эшикке алып жөнөштү. “Сыягы, качты деп атып салышат го, антпесе эмнеге сыртка алып чыгып баратышат. Же ичкеридегилерди ойготпой ушул жактан кыйнайлы дештиби?” деген ойдон жүрөгүм зыркырап кетти. “Адам чыдабаган азап жок, бирок ким кандай даремет менен чыдайт, кеп ошондо”, - дечү атам. Мен кандай болсо да жигиттик даремет менен чыдайын деп өзүмдү кайраттандырдым.
Сыртка чыгарым менен жүзүмө жабыла берген таза абадан демиге түштүм.
– Каякка баратабыз, билсем болобу? - дедим акырын.
– Өлүм жер тандабайт, сага кайда баратканыбыздын кандай айырмасы бар? – деди бири мыскылдуу карап.
Демек, өлүм. Ушул адам кейпиндеги айбандардын алдында алсыздыгымды көрсөтпөсөм экен, чыдасам экен деп тиледим. Короону айлана бергенде бурчта турган кара Жип үлгүсүндөгү автоунаага көзүм түштү. Биз түз эле ошону беттеп бастык. Жакындай бергенде машиненин эшиги куду күч менен араң кармалып тургансып шарт ачылды да, ичинен чыканактай караан атып чыгып мага бой таштады. Айжанка!! ! Жытынан тааныдым. Көз ирмем ичинде башыма сан ой келип, сан ой кетип ааламым сапырылып аңтар-теңтер түштү.
– Сен кайдан? – дедим боорума кыса берип. Эми эле бир көрүп өлсөм деген тилегимдин орундалганына ишене албай, кандай кыйноо болсо да көтөрүүгө даяр болгон күч көөдөнүмдү тиреп чыкты.
– Кетиңиз, мени карабаңыз, сизди өлтүрүп коюшат. Сиз “кетем” десеңиз эле тийишпейт, – ал аптыгып ыйлап мени машинеге карай тарткылап жатты. Айжанканын жетеги менен машинеге отурдум. Мени менен келген эңгезердей эки жигиттин кайра кетип баратканын машиненин айнегинен көрүп ушунун баары түш сыңары эсиме келе албай жаттым. Рулда отурган адам кайрылган да, бир ооз сүйлөгөн да жок. Айжанка болсо боорума бекем ыктап эки ийни солкулдай титиреп баратты.

#6 28 July 2015 - 23:14
– Айжанка, кайда баратабыз?
– Аэропортко, сиз кетиңиз.
– Сенчи?
– Мени карабаңыз, сизди өлтүрүп коюшат. Мен сизге экинчи жолукпоого, атам не десе, аткарууга макул болдум.
– Мени кантип таптың?
– Сизди милиция кызматкерлери алып кеткенин дос кызым көрүп калган экен. Шаардык милиция бөлүмдөрүн түрө кыдырып дайыныңызды таппаганда тамырымды кыйдым. Ошондо гана атам сиздин кайда экениңизди айтты. Мен баарына макулмун, мага кайсы бир жерде сиз аман болсоңуз жетет. Сизге бирдеме болсо, мен жашай албайм.
Кыз ээги-ээгине тийбей калчылдап сүйлөп да, ыйлап да, жарылган эриндеримди, шишиген бети-башымды сылагылап да жатты.
Ошондо гана кыздын сол колу таңылып жүргөнүн байкадым. Менин наристем, айланайын периштем. Мага бул айрылуудан көрө өлүм, бир нече күндүк көз ачырбаган муштум, кыйноо жеңил эле.
– Айжанка, мен сенсиз кетпейм. Айжанка бытыйган алакандары менен оозумду баса берип колума бир кагаз карматты. “Мен айтканга макул болгон, корккон түр көрсөтүңүз. Антпесеңиз сизди өлтүрүп коюшат. Өзүм аэропортко чейин барып сиздин самолёт учканын көзүм менен көрүп кайтам. Мен окууну бүтөм, жашым жетип өзүм чеччү мезгил келет. Ошол учурга чейин сиз кетиңиз. Мен сизди туулган күнүмдө биз алгач жолуккан кесилиштен күтөм” деп жазылып туруптур.
Жахан көкүрөк чөнтөгүнөн аппак жүз аарчыга оролгон бир бүктөм тумарчаны сууруп чыкты. Жүз аарчынын ичинде четтери бир аз кырылып калган сулуу кол жазма менен жазылган бир бүктөм кагаз бар экен.
– Айжанканын ошондогу каты, – деди каректери жашылдана оор күрсүнүп.
Айжанкасыз өткөн ошол эки жыл мага эки кылымга созулду. Атасы ушунчалык катуу көзөмөлдөдүбү же кыз мени алдап кетирип жиберип өз жашоосу менен жашап жатабы деген күдүк ойдон эзилип кеттим. Атам менен апамдын “үйлөн” деген сөздөрү кулак сыртынан кетип “мен үйлөнчү кыз алыста” деп кутулуп жүрдүм. Атам да, апам да караманча каршы болушканы менен менин Айжанкадан баш тартпасыма көзү жеттиби, атам кол шилтеп, апам ыйлап тажаганда унчукпай калышты.
Качан Айжанка он сегизге чыкканда, тагыраак айтканда, кыздын туулган күнүнө туштап кыргыз жерине келдим. Үч жыл аралыгында Бишкек абдан өзгөргөн экен. Биз жолуккан көчө да таанылгыстай өзгөрүптүр, бирок мен бул көчөнү түп-тамырынан бери омкоруп салса да таанымакмын. Жүрөгүм көкүрөгүмдү жарып чыгып кетчүдөй дикилдеп, эки жагымды элеңдей карап турдум. Канча турдум, билбейм, бир кезде эки кыз мени көздөй басты. Кыздардын бири Айжанка эле, дароо жазбай тааныдым. Бою солкулдап узарып, капкара кундуз чачы далысын жаап, ак жүзү тотугуп да, ошол эле учурда аябай сулуу болуп кеткен экен. Колдорум калтырай, канчалык утурлап басайын десем да тизем бүгүлүп ордумда кадап койгондой тура бердим. Ал да мага кадам жетпей токтоду.
– Келдиңизби?
– Келдим, периштем.
Башка сөзгө дареметим жетпеди. Биз бири-бирибизге бой таштадык. Мен ошол күндөн жума өтпөй Айжанканы мекениме алып кеттим. Биз эмнелерди гана баштан кечирбедик. Менин ата-энем, Айжанканын ата-энеси бизден жүз үйрүп, жападан жалгыз, бири-бирибизди гана караан тутуп калган күндөр болду. Бирок анын баарын жеңүү бизге азап эмес, бакыт эле, анткени биз чогуу болчубуз. Жети жыл бала көрбөдүк. Айжанка: “Ата-эне ыраазы болбосо балалуу болбойт” дешчү”, - деп ыйлап жүрдү. Ушул бакыраң көз периштемдин бир жарк эткен кубанычы үчүн керек болсо өмүрүмдү саюуга макул элем. Айжанканын ата-энесинен ыраазылык алуу үчүн кадырлуу досторумду, бирге иштешкен шериктештеримди салып сабылып барып жүрүп акыры кызын кыйбады көрүнөт, же чын эле дили агардыбы, айтор, баталарын беришти. Ошондогу Айжанканын кубанычын азыр да сүрөттөп бере албас элем. Биз жомоктогудай жашадык, бирок бала үнүн угуу улам кечиге берди. Акыры “Америкада бир керемет доктор бар экен” деп угуп Айжан эки ай дарыланып, акыры тилегибизге жетип Айжанканын боюна бүттү. Келинчегим Америкадан келгенде кеч күз эле. Аэропорттун жолуна кыламык кар жаап, жөө туман жол бойлой самсаалап, күн бүркөлүп турган. Айжанка: “Рулга мен отурайынчы”, - деп суранды. Эмнеге макул болдум деп эмгиче башымды койгулайм. Кубанычын көөдөнүнө сыйдыра албай жаттыбы же туулган жердин демиби, Айжанка машинени тим эле учуруп айдап келатты.
– Акырын, Жанка, – десем бир колу менен мойнуман ороло кучактап эркелеп да, күлүп, сүйлөп да баратты. Бир кезде рул колунан тайып кеттиби же дөңгөлөк жолдон чыктыбы, айтор, жолдон чыгып баратканыбызды, рулга жармашып жолго түздөөгө аракет кылып жатканымды билем. Машине жандуу немедей баш бербей жол четиндеги жоон дарактарды көздөй жулкунуп баратты. Карегимде кулач жеткис кош дарак гана калыптыр, башкасы эсимде жок. Ооруканада көзүмдү ачып эле Айжанканы сурадым.
– Баары жакшы, – деди картаң доктор көзүн ала качып. Ошентип, Айжанкадан да, али жарыкка келүүгө үлгүрбөгөн баламдан да көз ирмемде айрылып калдым. Мен доктурдан эки бутум иштебей, мойнум токтобой чыктым. Айжанканын атасы да, апасы да бир ооз жаман сөз айтышкан жок, атасы: “Кечиргиле, балдарым, кантели, кайгыда бириктик”, - деди да, көзүн басып мен отурган бөлмөдөн чыгып кетти. “Апам – дарыгер” дебедимби, ошол кишинин жардамы менен бутума турдум. Турганым курусун, мына жетинчи жыл Айжанкасыз жашап келатам. Жыл сайын туулган күнүндө мүрзөсүнө келем да, эски топурагын таштап, жаңысын алып кетем.
Жахан жаш баладай төгүлүп ыйлап жатты. Жүргүнчүлөр, ары-бери өткөн стюардесса кыздар бизди карап коюшканы менен эч кимиси эмне болгонун сурашпады. Адамдык дил ушунусу менен бийик го, алар Жахандын кайгысын айттырбай туюшту.
– “Топурак жаңырган сайын арбакка сурак жаңырат” дейт, – дедим көп батына бербей. Жахан жалт карады.
– Эмне, жыл сайын кыйнап жатамбы анда? – деди ый аралаш.
– Айжан периште кетти, ошентсе да топурагын жаңыртпаган оң. Андан көрө мүрзөсүнө Айжанка жакшы көргөн гүлдөрдү, дарак көчөттөрүн отургузуңуз.
Жахан баладай кубанып кетти.
– Ак кайыңды, анан хризантема менен аппак розаларды жакшы көрчү. Деги эле гүл аттууга жанын таштачу кургурум. Ал саамга “кандай гүл эксем” дегенсип тунжурап калды да:
– Азыр отургузса болобу? – деп ойлуу сурап койду.
– Болот, жер жибип калбадыбы, дал учуру азыр, – дедим бир ажат ачканыма жетине албай кудуңдап. Ал тургай, гүл алчу жерлерди көрсөтүүгө, тандашууга, а түгүл, отургузушууга да убада берип жибердим. Биз жылуу коштоштук. Алаканына бир ууч топурак кармаган чет жерлик жигит көрүстөнгө жакын жерден түшүп, жол четинде кол булгалай жалгыз кала берди.
(Аягы)

Супер-Инфо
super.kg
видео