Суперстан: Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Көпчүлүктүн жинине тийип, айрымдарды суктандырган цыгандар Цыгандар жашоосунан...

#1 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цыгандардын жашоосуна көбү кайдыгер карабаса, айрымдары алардын жашоо образына, эркиндигине суктанышат. Кээ бирлери алардан коркуп сактанышат. Прикрепленное изображение: bb3566612dafb764e48d6b06fc1204a1.jpgjpg]Прикрепленное изображение: d7bb0630c3dbff42f51544e34a1c6354.jpgjpg]Прикрепленное изображение: 624a025c41ac35b7a37feb886dbdd141.jpgjpg]Прикрепленное изображение: 1d9a6a42dfb14de7ebc6b0a57b3311d5.jpg
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Цыгандардын баш калкалаган жайы : Көчмөн элдер мал-жан багуу, аңчылык менен жан багып келсе, цыгандардын жашоосу таптакыр башкача. Алар уурулук, соода кылуу, элдин көңүлүн көтөрүү жана көз боёчулук менен алектенип келишет. Цыгандардын жашаган үйү-төрт дөңгөлөктүн үстүнө чиркелген араба. Баш калкалай турган жайды алар "вардо" деп аташат. Ар кандай жасалгалар менен кооздолгон үйдө цыгандардын болгон мүлкү сакталган. Вардону кайсыл жерге токтотсо, жанына сөзсүз чатыр тигишет. Алардын тилинде чатыр-бандер деп аталат. Ай-күнүнө жетип толгоо тартып турган аялды бандерге кирип төрөтүү цыгандардын кеңири тараган салты. Ичээр суусу түгөнгөн, өзүн-өзү сыйлаган цыган да бандерге жатып жарыкчылык менен кош айтышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Канын булгагысы келбеген калк : Цыгандарда куда түшүү, алакачуу салты мыкты өнүккөн. Кыз бала 9-10 жашка чыкканда жигит тараптагылар куда түшүп келишет. Эгерде кыздын ата-энеси макулдугун билдирсе кызга куда түшкөн тарап 13-15 жашка чыкканга чейин кызды өз үйүнө алып кетип, андан кийин гана той өткөрүшөт. Айрым учурларда кыздарды "башма-баш" алмашкан учурлар да кездешет. Тактап айтканда кызын күйөөгө берген тарап кудасынын кызын кайрадан өз уулуна алып берип коюшу мүмкүн. Өзүнүн канын бузуп, тукум курут болуп кетпеш үчүн цыгандар балдарын же кыздарын башка улуттагыларга оңой менен беришпейт. Болбосо бир тилке жери, мекени жок цыгандар ушунча жылдан бери бир бүтүн бойдон кантип сакталышмак эле. Айрым цыгандар жарманкеге барганда таанышышып "жылдыздары келишип" үй-бүлө курганга барышса, көпчүлүгүн ата- энелери 14-15 жашында үйлөндүрүп салышат. Баш кошуп өзүнчө түтүн булатууга камынып жаткан түгөйлөр үлпөт тоюнда уруу башчынын маңдайына тизелеп турушат да бири-бирин өмүр бою сыйлап жашайбыз деген ант беришет. Уруу башчы колундагы айнек идишке куюлган сыраны жубайлардын башына тамчылатып, калганын экөөнүн бактысы үчүн калтырбай алып, айнек идишти башынан ылдый ыргытып сындырат. Эгерде нике түнүндө кыздын актыгы жок болсо тойго кеткен чыгымдын баарын кыздын туугандары көтөрөт. Дүйнө жүзүндө цыгандардай болуп күйөөнү өзгөчө сыйлаган калк болбосо керек. Үйдөгү болгон жумуш келиндин мойнунда. Күйөөсү ага кайрылып бир нерсе сурамайын ооз ачып, өз оюн айтууга жол берилген эмес. Турмуш кураарда "сени өмүр бою мен багам" деп ант берген цыган кыздар да жок эмес.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чыныгы бакыт-балада: Цыгандардын үйүндө уул төрөгөн аял ал үйдө эркек киши менен бирдей укукка ээ болот. Кош бойлуу аял араба чегилген ат менен эркек кишинин астын кесип өтүүгө катуу тыюу салынган. Атасынын үйүнө алдын-ала эскертмейин баш багууга да мүмкүнчүлүк берилген эмес. Жогоруда айтып өткөндөй ай-күнүнө жетип турган аялды бандерге киргизип төрөтүшкөн. Наристе жарык дүйнөгө келээри менен төрөтүн кабыл алган аял кудуктан чакага суу толтуруп алып, элдердин үйүн кыдырып суу чачып: "Те авен састе тай бахтале" (Силердин ден-соолугуңар чың болуп, башыңардан бакыт кетпесин! ) деген сөздү бир нече ирет айтат. Үй ээлери кыз же бала төрөлгөнүн, атын ким коюшканын сурап-билип, көңүлүнөн чыккан тыйынын чакага салышат. Алты жумага чейин эне-баланы үй- бүлөнүн башка мүчөлөрүнө аралаштырбай багышат. Эгерде жубайлардын төрөлгөн балдары улам-улам чарчап калса, цыгандардын арасында төмөндөгүдөй өзгөчө салт бар: кокусунан бараткан жолоочу ошол үйгө кирип "балаңарды сатып алдым" деп ырымдап көңүлүнөн чыккан акчасын же буюмун берет. Ошондон кийин бала ден-соолугу чың жакшы чоңоёт. Бул ырымга цыгандар катуу ишенип, ушул кезге чейин өз күчүн жоготпой келет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Маркумду вардого салып өрттөшөт : Цыган өлөөрүнө аз калганда жакындары аны туздалган сууга киринтип, жаңы кийимдерин кийгизишет. Адатта аялдарга жок дегенде беш кат көйнөк кийүүсү шарт. Кыйналып жаткан цыгандын үй-бүлөсү аны тегеректеп кадимкидей эле тамак ичип-жеп отурушат. Көз жумгандан кийин кыйкырып ыйлашып, ыйдын арты ырга айланат. Өлгөн адамдын сөөгүн тыйын менен кооздолгон табытка салышып, ичине маркумдун жактырган буюмун (кашык, вилка, күл түшүргүч ж.б.) салышат да, ырдын коштоосунда акыркы сапарга узатышат. Адатта цыгандар сөөктү элдин көзүнө көп чалдыкпаган талаа-түздөргө көмүшөт. Мурда өлгөн цыганды вардонун ичине жаткызып, ичине өзүнө тиешелүү буюмдарды салып туруп өрттөп салышкан. Үйү жок калган маркумдун балдарын алыскы туугандары бөлүп алышчу. Бирок, 1950-жылдан бери вардонун коллекциясын чогулткусу келген обун таппаган байлар бир вардого сексен миңден жүз миңге чейин доллар төлөшкөндүктөн цыгандар мындай кымбат "мүлктү" өрттөгөнүн токтотушкан.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Leti   12 Ноябрь 2013 - 14:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 447
  • Катталган: 03 Август 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2020 01:04
  • Жынысы:Белгисиз

Цыгандар жонундо кызыктуу маалыматтарды жазыптырсын. ..
Бирок мен ушул цыгандарды эмнегедир аябай жек кором
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алтынга арбалган цыгандар: "Жардылык кайсы жакта болсо, ошол жерде уурулук күч алат" деген сөз цыгандардын урааны десек жарашчудай. Өз-өзүнчө топтошуп жүргөн цыгандар алтынга башынан ылдый көмүлмөйүн ыраазы болушпайт. Цыган аялдар тишине чейин алтын чаптап алышкандарынын бирден-бир себеби, күйөөсү менен ажырашып үйүнөн кууп чыккан күндө да цыгандар аялынын тагынып жүргөн алтындарына эч убакта кол салбайт. Белекке берилген же мураска калтырылган алтынды цыгандар эзели башканын колуна карматышпайт. Анткени алар үчүн бул нерсе өтө жаман белги. Колуктуну алаарда күйөөсү жок дегенде алтын шакек же бир алтын тиш салдырып бергенге милдеттүү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   kanat4ik   12 Ноябрь 2013 - 14:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыскача кызыктар: Цыган аялдардын эң жакшы көргөн кийими кенен, чоң алжапкыч болуп эсептелет. Цыгандын бир кулагына тагылган сөйкөнү көрсөңүз, ал ошол бүлөнүн жалгыз эркек баласы экенин билсеңиз болот. Россиялык цыгандардын 1% гана көчүп-конуп жашашат. Цыгандарда кыска чач менен жүрүү -уят иш. Табордон куулган же жөн жүрбөй жаза алган цыгандарды уруу башчылар чачын кыска кылып кыркып кууп салышат. Байкасаңыз бүгүнкү күндө да цыгандар кыска чач алып жүрүшпөйт. Хинди тилинде айтылган сөздөрдүн көбүн цыгандар оңой түшүнүшөт. Ошондуктан цыгандардын көбү индия кинолорун сүйүп көрүшөт. Цыгандар үч кесипти жактырышпайт. Фабрика жумушу, көчө шыпыргыч жана журналистика. Өз чөйрөсүнөн чыгып калбаш үчүн ушул үч жумушту аркалаган цыгандар өз кесибин жашырууга аргасыз болушат. Башкалардай эле цыгандардын да улуттук тамагы бар. Токойго жакын жашаган цыгандар коёндун, доңуздун эти менен тамактанышкан. Андан сырткары кирпинин эти цыгандардын "фирменный" тамагы болуп саналат. Цыгандардын Эл аралык күнү 8-апрель. Дүйнө жүзүндө канча цыган болсо ошонун баары 8-апрелде майрамдашат. Бул чечим Улуубританияда 1971-жылы 8-апрелде цыгандардын урматына өткөн биринчи конгрессте кабыл алынган. Цыгандардын желеги көк жана жашыл эки түстөн турат. Көк түс асмандын, жашыл түс чөптүн символу болуп саналат. Желектин ортосунда дөңгөлөктүн сүрөтү чагылдырылган. Цыгандардын гимни "Джелем, джелем" деген аталышта.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Жолоочу_altinim_* 12 Ноябрь 2013 - 15:24

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

"Дүйнө жүзүндө цыгандардай болуп
күйөөнү өзгөчө сыйлаган калк болбосо керек.
Үйдөгү болгон жумуш келиндин мойнунда.
Күйөөсү ага кайрылып бир нерсе сурамайын
ооз ачып, өз оюн айтууга жол берилген эмес.
Турмуш кураарда "сени өмүр бою мен багам"
деп ант берген цыган кыздар да жок эмес"))))))))) салтын мн куруп кал десе ))))) анча мынчада чон аялдар " Ооо лолунун эркегиндей килтейген арамза" деп суйлонуп карганып какшынып калышатко корсо ))))) цыган эркек жыргализмге торолот турбайбы анда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   WwWwWwW   12 Ноябрь 2013 - 16:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2016 14:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Wsufyrfkfh-Цыганкалар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Lumia-800   12 Ноябрь 2013 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Цыгандардын жашоосуна суктангандарды уккан эмес экемин.



Биздин коншу айылдан 4-жаштагы кыз жоголуп кететда,издеп табышбайт. Анан арадан 5-жыл откондон кийин жоголгон кыздын женеси Карасууда базарлык кылып журсо,жанакы жоголгон кыз базарда ысырык салып журот имиш. Анан аталарын чакырса баары биздин кыз деп таанышат. Корсо аны (лолулор) цыгандар уурдап кетишкен экен. Кызды айылга алып келишти,бирок айныганга окшоп ооруп калыптыр.


Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   vankuver   28 Январь 2014 - 11:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Ушул биздеки жана Орто Азиядагы Лолулорду Цыгандар дешет копчулугу. Бул биздеки Лолулор Цыгандарга эч тиешеси жок. Булар тупку теги Индиядан келген калк. Тилдери да хинд тилдерине жакын. Ал эми Европагы цыгандар Роман тилдуу таптакыр башка эл. Европа цыгандары азыркы учурда Югославия, Испанияда, Мексикада,Италияда, Румынияда, жоон топтору жашайт. Алар совроменный эле жашашат. Орто Азиядагы Индиядагы Лолулор цыгандарга эч кандай тиешеси жок. Жогоруда канатчик жазгандар Лолулорго таандык
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aidyn   28 Январь 2014 - 12:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 244
  • Катталган: 24 Февраль 13
  • Соңку аракети: 16 Май 2021 01:09

Цыгандар лолунун эле бир туру бирок цивилизованный лолулор деп уккам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   vankuver   28 Январь 2014 - 14:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

цыгандар биздеги Лолулорго эч тиешеси жок европадан таралган эл. Лолулор Индиядан чыккан эл. Орусча цыган дейт экен деп эле Европа цыгандары менен Индия лолулорун чаташтырып алышат
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Saiha.84   07 Февраль 2014 - 13:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"ТЛС" каналынан атайын Америкадагы же Европадагы цыгандар жонундо теле беруу бар.Кобунчо алардын улпот тою кандай отот жана салттары тууралуу коргозушот. кобун эсе трейлерлерде жашагандары коп экен,козу ачыктык же карта менен тагдыр ачуу деген тушунук жокко эсе.Абдан чуулгандуу жана маданияты томон деп эсептелинет экен.Кебетелери кадимки эле еврорасага кирет.,Аялдардын турмушка чыккандан кийинки жашоосу мусулмандардыкына окшоп кетет.Уйдо отурушат,куйоосунун айтканынан чыкпайт кол которуусу да мумкун экен.Анан да абдан ачык кийинишип жылтыр жултурга жакын келишет экен.Той кечелеринде ото шандуу келишип ыр бий менен коштолот.Башка улуттар цыгандардан кыз алып беруудон дээрлик качышат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   sterva   07 Февраль 2014 - 23:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Лолу-дегендин орусчасы цыган да, же экоо эки башкавы?
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   vankuver   08 Февраль 2014 - 01:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Лолилер башка Цыгандар башка
Лолулор тупку теги Индиялык. А цыгандар Европадагы роман тилдуу элдерге жакын.
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Rinatik94   08 Февраль 2014 - 12:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Цыгандар тууралуу маалыматым аз, жокко эсе экен. Булар тууралуу тартылган бир сериалды, аталышы "Кармелита" болсо керек эле, абдан күтүп көрөөр элем. Алардын каада-салты, үрп-адаты, кийген кийимдерине таң калчум. Анан да соту сүрдүү, коркунучтуу экени эсте калыптыр.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Umnitsa   12 Февраль 2014 - 00:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 588
  • Катталган: 16 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Фев 2020 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан олкосу)

Ушу Цыгандар вообще жакпайт.. Жинимен жаман кором.. Фу
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   i4peit_4ekpeit   18 Март 2014 - 08:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 270
  • Катталган: 25 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2016 07:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:::::: коз жаштарга ишенбеген шаарда ::::

Жакпайт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 00:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: