Суперстан: "Суперстан сулуусу - 2015" сынагы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • > Суперстандын архиви
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

"Суперстан сулуусу - 2015" сынагы Катышыныз жана озунузду сынап коруудон тайманбаныз айымдар!

#1 Жолоочу_Kosmopolitka_* 01 Июль 2015 - 11:29

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Саламатсыздарбы форумчулар! Сиздердин сунушунуздарды кабыл алуу менен Бегимкыз менен биргеликте "Суперстан сулуусу-2015" сынагын баштоонун алдында турабыз.


Анда эмесе дагы бир ирет сынактын шарттары менен кененирээк тааныштырып отсом.

1-тур. "Озун-озу тааныштыруу. "
Кара соз,ыр турундо эн негизгиси кыргыз тилинде болуусу шарт. Маани-манызы жана грамматикалык жактан да конул бурулуусу кажет.

1-тур учун 5 кун моонот ажыратылат. Ушул 5 кун ичинде катышкан сулууларыбыздын эсебине чек койбойбуз, канча сулуу катыша алса кийинки турга автоматтык турдо жолдомого ээ болот. :)


2-тур. "Оригиналдуу сурот галерея" деп аталат. Бул тур 3 тапшырмадан турат.
1-тапшырма. Баштан аяк, тулку бой келбетибизден бир сурот.
2-тапшырма. Бетти даана корсоткон бир сурот.
3-тапшырма. "Менин фантазиям" аттуу фондон бир сурот. Бул сурот сиздин фантазияныздан коз каранды, бирок эч кандай фото шоп, ретрика, кошумча шоулардын болбоосу шарт.

Эскертуу: Башка бир автордун суротун урдоого, колдонууга тыюуу салынат жана аёосуз чара колдонулат. Сурот оригиналдуу, сынак учун атайын даярдык менен тартылган (макияжы, кийими, эмоциясы ж.б) сапаттуу болуусу керек. Илгерки "ийгиликтуу" суроттор эсепке алынбайт.

Бул тур учун 5 кун моонот берилет.

3-тур. "Суроо-жооп. " Суроолор алып баруучуллар тарабынан даярдалып, конкурсанттардын баарына 10 суроо узатылат. Жана 3 кун моонот ажыратылат.

Эскертуу: Добуш беруу темасы сынактын сонунда ачылат, тушунбостукторго жол берилбоосу учун добуш берууго мырзалар гана катыша алышат.

Анда эмесе сулуулар чамданыныздар!


Баштадык.

1-тур.

Озун-озу тааныштыруу.


Мооноту: 1-5 июлга чейин. Ар бир тур оз убагы менен ушул темада уланат. Флуддоого жол жок. Ийгилик сиздерге жар болсун!! ! :)

Билдирүүнү түзөткөн: Kosmopolitka: 01 Июль 2015 - 11:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ROUSE   02 Июль 2015 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 167
  • Катталган: 19 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Апр 2024 02:40
  • Жынысы:Аялзаты

Келиндер катышса болобу? Атым Фарида. 87 жылы Фрунзеде торолгон экенмин. Бактылуу балалыгым кереметтуу Ысык-Колдо, тайларымдын колунда отту. Мектепти бутуп Политехке тапшырдым. 2009 жылы тигуу кийимдеринин инженер-конструктору деген диплом алып, суйгон университет менен да, студенттик кундор менен да кош айтышып алдыга умтулдум. Бир жыл иштедим кесибим менен. Карьераны таштадым да 'уй-було' деген кайыкка отурдум. Аллага мин катар раазычылыгымды айтып, бир уул, бир кыздын энеси болуп бакытка тунуп турган учурум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Жолоочу_Kosmopolitka_* 02 Июль 2015 - 16:10

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения Jaljal-kozduu- jamalym (02 Июль 2015 - 14:29) жазган:

Жалпыга кулактандыруу! Бул темага суроо жана ой пикир жазууга тыюуу салынат!

+1. Дагы бир ирет эрежени бузуучулар болсо жазаланат! :эреже:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   meerim8793   02 Июль 2015 - 19:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Бир мин тогуз жуз токсон учтун мартында, Кубантып ата-энемди отузунда, Кенжеси болуп сегиз бир туугандын, Жаралыппмын Кара-Суунун Папанында.

Аты-жонум Калмаматова Мээрим,
Сынака катышканы менда келдим.
Учурда уй кожойке,жароокер жар,
Бир уулум бар,тарбиялоо менен алекмин.

Келин болуп тушконмун Чон Алайга,
Убактылуу биз дагы Россияда .
Оз калоомдон буткон кесибим банкир,
Бактылуумун чексиз шугур Аллахга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Angel92   02 Июль 2015 - 23:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Салам достор!Сүрөт



Мен Нуржамал Турат кызы 1992-жылы,бейиштин тору болгон Озгон жергесинде, мугалимдердин уй-булоосундо туулгам.Уй-булоодо 3 бир туугандын улуусумун.

1999-жылы И.Базаркулов орто мектебине 1-класска кабыл алынып,2010-жылы аты аталган мектепти аяктадым.Ушул эле жылы ОшТУнун "экономика жана бухгалтерия" болумуно тапшырып,2014 жылы аяктадым.
Учурда эл катары дуйнонун эн кооз,эн чон шаарларынын бири болгон Москва
шаарындамын. Бул шаарда эмгектенгениме 5 жылдан ашыптыр.Албетте. ар жылы керемет
олкомо эс алууга барып турам.

Мекениме тынчтык,элиме аманчылык,чет
жердеги жердештериме ийгилик жар болсун!! !Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Angel92: 02 Июль 2015 - 23:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Meka77   03 Июль 2015 - 02:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Кутмандуу кечиниздер менен!Айымдар, мырзалар калайык калкка тен караган калыстар амансыздарбы?

Туура корсонуздор мен да ушул «Сулуулар сынагы» аттуу сынакка катышайын деп келип олтурам.Озумду тааныштыра кетсем аты жонум Макамбаева Акбермет Абибиллаевна мин тогуз жуз токсон учунчу жылдын,он бешинчи июлунда Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Тельман айылында кызматчынын уй-булоосундо жарык дуйного келгем.Уй-булоодо беш бир туугандын кенжеси болом.
Жолдошумдун суйуктуу жубайы жана бир кыздын камкор энеси болгон чагым.

Эки мининчи жылы №49Тельман орто мектебине кадам койуп,ошол эле мектепти эки мин он биринчи жылы аяктагам.Ош Технологиялык Университетинин «Кибернетика жана байланыш тармактары»аталган окуу жайга тапшырып эки мин он биринчи жылы,азыркы кезде акыркы курска кадам коюдум буюрса.Убактылуу Орус олкосундомун.

Чач жасалгалоого, каш терууго,бир аз чеберчиликке кызыгам.

Бош убакытымда Чубак ажы Жалиловдун суроо-жоопторун укканга,тамактардын турлоп жасаганга аракет кылам.
Адамдардагы баалаган сапатым:жонокойлук, кичи пейилдик,чынчылдык.

Жактырган тусум:кызыл, ак,кочкул кок.

Тилегеним:карыларга ыйман,жаштарга нысаап.Жараткан жакшыларга жанаштырып, жамандардан адаштырсын. Дуйнодо тынчылык болсун,ошол тынчылык заманда жакындарыбыз менен бар бололу,бир бололу.

Сынактын катышуучуларынын баарына ийгилик!

Билдирүүнү түзөткөн: Meka77: 03 Июль 2015 - 02:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   lazygirl   03 Июль 2015 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Жай мезгили. Кулжа айынын 2–күнү. Тээ эки тоонун ортосундагы кичинекей айылда, он чакты үйдүн чырагы жердин жылдызы сымал жымыңдап жанып тургансыйт . Айыл ичиндеги түнкү тынчтыкты шаркырап аккан дарядагы суунун добушу бузуп турат. Аңгыча ага кошо аялдын кыйкырган үнү угула баштады. Бир аздан соң аялдын добушун кичинекей аллейдин добушу басып калды. Жаңы эле төрөлгөн алдейдин үнү дүйнө жүзүн каптап кеткендей туюлду.
Бул деген мен... Мен болчуумун да. :tongue:
Бактылуу балалыктын доорун сүрүп, кылба дегенин кылып эркеликтин доорун куп эле сүрүп чоңойдум. :happy:
2003– жылдын 1–сентябрь күнү. Өзүмдү кыйын сезип, чоң адам болуп, мектептин астанасына кадам таштаган күнүм.
— Ай, ушу! Качан окууну бүтүп ушу мектептен кутулат экенбиз деги?!
— Ошону айтчы, тез эле бүтүп калсак экен ээ.. – деп, кээде кыздар көзүбүз төрт болуп, бүтүрүүчү болгон күндү самап калчуубуз.
Ошентип жүрүп окуучулук күндөрүм биринин артынан бирин улай, он бир жыл кантип өткөнү да билинбей кетти.
Мына , биз күткөн күн.
Бирде ыйлап бирде күлүп, окуучулук күн менен да коштоштум. Келечеке аруу тилек–максаттарым менен кадам таштадым. Убакыт учкан куш сыяктуу демекчи, жыл айланып, Медицина жаатында, 1– курсту аяктап, студенттик күндөрдүн доорун сүрүп жаткан убагым.

•••

Төрөлүп, кулжа айынын экиси,
Таңда эмес, күндүн батаар кечкиси,
Кудай буйруп, келдим жарык дүйнөгө,
Ата–энемдин болуп сүйүү белгиси.

Бала бакча, алгачкы сүйүү секелек,
Кайгы–капа али башка түшө элек,
Эси–дартым оюн менен курсакта.)
Өмүр өттү, мектепке да келип кезек.

Мектепке кадам таштап, бантик байлап,
Кудуңдап, чоң адамдай жашоо баштап,
Тамга таанып, билим алып мектептен,
Студенттик күнүм келип кезектеген.

Бул менин өмүрүмдүн баяны,
Басып өткөн жолдорумдун калганы,
Дале болсо өтүп барат шашылып,
Кээде күнөө , кээде сообум жазылып.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   jaanymgoo_janym   04 Июль 2015 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 117
  • Катталган: 24 Февраль 15
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 22:00

Салам айтам жалпыга,
Админ,аким баарына!! !

Форумдун коркун ачкандар,
Оюн,кулкуго шашкандар,
Кызыл тазыл кийинип.
Форумду айланып баскандар,
Жаштарга айтам саламды!:salam:
Кара кылды как жарган,
Жигиттер тобу аманбы?
Алдынарда турат бир сулуу:)
Сиздерге айтат саламды!

Айтайын озум жонундо баян,
Жылдызым менин чаян.
Мунозумдогу озгочо касиетим,
Берилет мага ар иштин алдынан аян!

1996-жылдын аптаптуу жай айында,
Жарыкка келген экемин.
Жалал-Абад шаарында
Зулпукарова Айгумуш Муса кызы боломун,
23-июнда 19га толгомун.
Жараткан озу колдосо,
Таттыбубудой сулуу боломун!

Атам Муса,апам Жаркын жарыктай,
Тарбия берет бизге дайым талыкпай.
32жыл бирге омур сурушту,
Уулдан урмат,кыздан кызмат корушту.

Ата-энемдин суйуусунон жаралдым,
2 уул 4 кыз бала алтообуз.
Турмуш куруп бешоо оз жолунда,
Эрке кызмын ата-энемдин колунда!

Суйомун тазалыкты,тыкандыкты,
Баалаймын инсандагы асылдыкты.
Жашоодо туу тутунган девизим,
Жактаймын эн биринчи адамдыкты!

Суйомун тамактардан куурдакты,
Бош болсом китеп окуп,ыр укканды.
Баалаган саясатчым Жылдызкан Жолдошова,
Ишенем онугот деп КЫРГЫЗСТАНды!

2003-жылдын сентябрь айында,
Ак мектептин босогосун аттадым.
11 жыл окуп,мектептен алып тарбия,
Азыркы учурда Б.Бейшеналиевада окуп жатамын.

Ошондогу эрке кызмын секелек,
Ата-энем акыл эсим туптоду,
Билим берип илим менен суугарып,
Тааныштырды мобул корком дуйнону.

Корком дуйно тартып алып озуно,
Жан дуйномо булук салат тынчытпай.
Корунсом дейм исскуство майданында,
Бубусара,Сабира апалардай!
Эл кызматын кылып дайым омурдо,
Чыгарсам дейм,айылымдын атагын.
Мени коргон арбир айыл тургуну,
Кубанса дейм сыймыктанып ар дайым!!! :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   05 Июль 2015 - 01:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Ассалому алейкум,
Форумчулар аманбы?
Амандык айтып жалпыга,
Саламдашсам жаманбы?

Екатеринбугтан айтам саламды,
Ардактуу акимдер аманбы?
Келтирип айтам саламды,
Супер форумчулар аманбы?

Эгер мен өзүм үчүн болбосом,
Анда мен ким үчүнмүн?
Эгер мен өзүм үчүн болсом,
Анда мен киммин?

Мен киммин?
Мен бир кызмын ушундай бир жөнөкөй,
Жан дүйнөм да, дал ушундай жөнөкөй.
Жаралыпмын жөнөкөй кыз болуп гана.
Пайдам тийип турса деймин элиме гана.

Мен киммин?
Мен бир кызмын нукура кыргыздын.
Ак шөкүлүнү басып кийген кыргызмын.
Ачырканбай кымыз ичип кең жайлоодо,
Эркин өскөн мен кыргыздын бир кызымын.

Мен киммин?
Мен бир кызмын бир үй-бүлөнүн кенжесимин,
Ата- энемдин эркелеткен эркесимин.
Үч эжени эжелеген жалгыз синдисимин ,
Кудай берген эгиздин бир шеригимин.

Жадыраган жаз жыргаткан айында,
Миң тогуз жүз токсон экинчи жылында,
Ыңаалаган эгиз бөбөктөр жаралаган
Жыйырманчы апрел жаздын экинчи айында.

Кубанышып ата-энем, бир тууганым,
Кеңешишип тай энем жана туугандарым.
Жаратканым буйруп бизге берди деп,
Атыбызды коюшуптур Батма Үсөн деп.

Ордолуу Ошко караштуу,
Ноокаттын кызы боломун,
Уркия Салиева эненин,
Урпактарынан боломун.
Башталып жол аалама,
Айылдык кыз боломун.
Жараткан ыйык алланын,
Жараткан пендеси боломун.
Суперстан деген форумдун,
Жөнөкөй форумчусу боломун.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Kursanai   05 Июль 2015 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 26 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2017 21:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Саламатсыздарбы форумчулар?
Саламдашуу салт экен,
Илгертен берки барк экен.
Ата бабам урпактап,
Калтырып кеткен ант экен.





Суперде сынак башталып.
Коркуно чыга баштаптыр,
Анда эмесе эли журт.
Саламым элден баштайын.



Баш ийип таазим этейин.
Кабыл ал менин саламым,
Анчалык акын эмесмин.
Создордун тузуп берметин.



Сиздерге кызык болсун деп.
Баарына бирдей жаксын деп.
Кара соз менен жазайын.
Озгочо элден болсун деп.






Мен Мурзалиева Курсанай Кудайбердиевна. Оруктун мекени болгон Баткен облусунун, Лейлек айылында, 1992-жылы,берекелуу куз айынын 26-октябрында жарык дуйного келгем.



Балалыгым оmmу менин айылда,
Тоо абасын кере жутуп жайында.
Кыздар менен кечке ойноп , кулчуубуз.
ЛЕЙЛЕГИМдин жолдорун биз чаныта.



Бактылуу балалыктын доорун мына ушул кооз жерлерде кочо чанытып,ойноп откордум..



Жети жашка толгон кезде курагым,
Келди эле тамга тааныр убагым.
Ошол жылы сентиябрь айында.
Ак мектептин босогосун аттадым.


1999-жылы, Лейлек районундагы номер1- В.И.ЛЕНИН мектебинин 1-классына кабыл алынып. "А" тамгасын ушул мектептен тааныдым.
2000-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна кочуп келдик. Номер 56- Кенсай орто мектебинде 9-классты аяктадым.




Билинбестен тогуз жыл отуп арадан,
Коп окуучу туш тарапка тараган.
Анан менда алардын катарында.
ОшТУнун студенти аталгам.


Ошентип студенттик жашоонун, кызык кундорун баштадым.
Студенттик жашоонун башаты, Ош Технологиялк колледжинен башталды...,Коллежде ПОВТАС адистигин 2012-жылы аяктадым. Ошол эле жылы ОшТУнун, Инженердик курулуш факультетинин Архитектура адистигине тапшырдым.



Негизи эле кызыкчуумун курулушка,
Бийик,бийик кабаттуу уй курууга. Архитектор болгум келет келечекте.,
Окуумду аяктап ОшТУда.



Уй булодо уч бир туугандын экинчисимин.


Учурда озум суйгон кесип боюнча билим алып жаткан учурум.










Анда эмесе баардык катышуучууларга ИЙГИЛИК!! !. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   -detka-   05 Июль 2015 - 17:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 565
  • Катталган: 02 Март 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 11:36
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Kyrgyzstan

Форумдагы Детка, атым Сезим
Сынакка катышсамбы деген кезим.
Мейли албайын байгелуу орундардан,
Мен колдойм, чыгарсанар кандай чечим.

1992 жылы Бишкек шаарында туулуп, азыркы мезгилде медицина тармагында иштеген форумчу кыз
Ж- И- В- И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   burbon   05 Июль 2015 - 21:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 79
  • Катталган: 08 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 12:54

Ассалоому алейкум достор кутмандуу кечиниздер менен.
Мен Жаныбекова Нуржамал 1996-жылы 17-январда Жалалабад облусу Сузак районунда жарык дуйного келгем. 2002-жылы N°43 орто мектебинин ак босогосун аттап 1-класска барып,2013-жылы мектепти ийгиликтуу аяктадым. Уй-булодо жети бир туугандын кенжесимин. Учурда коптун катарында Орусия жергесинде эмгектенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Lui   06 Июль 2015 - 12:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 438
  • Катталган: 27 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 12 Авг 2024 09:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Биш))

Бегимкыздын уруксааты менен кеч болсо да илип койдум..)


Салам айтам форумчуга жалпыга,
Кен пейилдуу менин кыргыз калкыма,
Жана дагы катар турган тизилип,
Сулууларга стартты куткөн аптыга.

Салам айтам куйөрманга көз салган,
Колдоп, коштоп четте турган каткыра,
Бийкечтердин жарышына баа берип,
Кел форумчу ырахатка баткыла.

Саламдан мен таанышууга көчөйун,
Таржымалым бир аз айтып өтөйун,
Келечекте инсан болуп калаармын,
Даңгыр жолун салчулардан өлкөнун.

Уй-булөөдө беш туугандын кичүүсү,
Эркетайы, май-каймагын ичүүчү,
Өз ысымым Эльгиза айым болсо да,
Луи аттуу ник аркылуу кирүүчү.

Форумдан бөлм ө "сатып алганыма" ,
Жашоочу, тургун болуп калганыма,
Күз үнд ө төрт жылга аяк басат,
Луи деп атымды алгач жазганыма.

Бир далай кызык күнг ө туш болупмун,
Күлк үл үү , тамашалуу, армандуу да,
Пенденин далай түр үн кезиктирдим,
Кең пейил,боорукерин, жалгандууда.

Катталган күнд үн алгач таңдарын да,
Теманын сүрт үп баскан чаңдарын да,
Энтең деп, чуркап келип калаар элем,
5 мүн өт мен бош болуп калганымда.

А азыр анда-санда бир баш багып,
Көз жүг үрт өм форумчунун жазганына,
Кең ешип, кеңеш айтып, талкуулашып,
Техника, илим жаатын казганына.

2011... сентябрдын ортосу,
Мына ушинтип көргөм Супер ордосун,
Шондон бери аралашып келемин,
Кээде жазсам, кээде болуп колдоочу.

Кесип алгам , окуу жайды аяктап,
Жаштан өткөм куурчак менен ойноочу,
Калем кармайм көңүлүмө төп келсе,
Канча жазсам “эх болду” деп тойбоочу.

Спорт түрүнөн качпайм, колдойм, жактырам,
Волейболдо ойнойм болом коргоочу,
Чуркоодон да озуп өтүп катардан,
Эңип алгам медаль, барак, олжосун.

165 см, а салмагым 50 дө,
5 килого бир аз толгум келүүдө,))
Мен жөн гана окуп алып конкурсту,
Катышсам деп келип алдым эргүүгө...

Маалыматты мен жөн гана бөлүштүм,
Мактанды деп ойлор жаман болбосун,
Жаратканым ар инсанды, пендени,
Ар бир куну, ар бир саатта колдосун!
Кыргыз элим ырыскыга чулганып,
Түбөлүктүү бек ынтымак орносун!!


PS: Кээ бир сөз аралары эмнегедир ачык болуп калды..оңдоого аракет кылдым, болбой койду. Жаралган ыңгайсыздыкка кечирим сурайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 06 Июль 2015 - 12:31

Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aliyam   06 Июль 2015 - 23:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 18 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июн 2018 04:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Атым Динара.1990-жылы 27-мартта ордолуу Ош жергесинде бул жарык дуйного келгем.1996-жылы Оштогу Ж.Боконбаев атындагы мектепке баргам.Ал мектепти 2007-жылы ийгиликтуу аяктап,Бишкектеги Эл аралык Ататурк-Алатоо университетине тапшыргам.Студенттер кундорум менен 2013-жылы кош айтышып,ошол эле жылы Турцияга сапар алдым.Учурда Ошто жашайм,озумо жаккан жумушум бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aliyam   07 Июль 2015 - 10:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 18 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июн 2018 04:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

фото

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: PhotoGrid_1436243229585.jpg
  • Прикрепленное изображение: Beka.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   aliyam   07 Июль 2015 - 11:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 18 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июн 2018 04:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

фото

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Mama.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Begimkyz.   08 Июль 2015 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кыздар оргиналдуу жана ажарлуу сүрөттөрүңөрдү күтүп жатабыз чыдамсыздык менен, кимдир бирөөгө таарынганыңар шарт эмес. Анткени, ар ким өзү үчүн жашайт жана өзү үчүн жаңы.ийгиликтерге жол ачат. Бул да болсо силердин бир ийгилигиңер! Буюрса, баштаган ишибизди сиздер менен акырына чыгарабыз.:).
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Жолоочу_Kosmopolitka_* 08 Июль 2015 - 11:45

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Кана эмесе чамдангыла сулуулар! 1-турда озун тааныштырып откон сулуулардан созсуз турдо суротторду кутуп калабыз жана сурот илуусу шарт. Эгер кандайдыр себептер менен сурот илуудон сынактан баш тарткан форумчуларга эскертип кетээрим "ит уро берет, кербен журо берет" демекчи озуно ишенген айымдар ишти сонуна чыгарасынар деп умут кылам. Сынак уюштуруучулардын мумкунчулукторуно жараша бир аз узгултукко учурап калуусуна аз калды. Бирок, азыр баары жайында. 2-тур 6-июлдун саат 00.00 дон старт алып 10-июлдун 00.00 го чейин уланмакчы. Баарына ийгилик. Конкурсанттар барсынарбы? ! Кеттик анда, суротторду жарыялоону баштайлы. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   ms.jankam   09 Июль 2015 - 18:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 12 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 20:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Эч кандай озгортуулорсуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   ms.jankam   09 Июль 2015 - 18:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 190
  • Катталган: 12 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 20:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Шартта жазылгандай озгортуусуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстандын архиви
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: