Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар,
достор бул чыгарма учурда болуп жаткан турмуштан алынды. Бул окуяны досумдан коруп журсом да бул жонундо жазганга оюма келбептир. Качан гана ошол досум ыйлап отуруп айтып бергенде ойлоп койдум эле, "ушул досумдун баянын суйуусун бир чон жазуучу болгондо укмуш суроттоп коркомдоп жазаар эле" деп ойлогон элем. Бул жонундо досум тээ алты жыл мурун айтып берсе да, досумдун суйуусуно баа берип, ага таазим этип журо бердим. Бул окуяны ортодон алиги болумундогу "Кумардын эротикалык окуялары"
на кошуп жаза кетейин деп бирок бул ыйык суйууну булгагым келбеди. Бул журоктон чыккан журок сыры да болуп эсептелинет.
Мен кыйын чыгаан жазуучу да эмесмин, бирок жазгым келди катачылык болсо алдын ала кечирим сурайм. Колумдан келишинче аракет кылайын.
Досумдун аты Аскар. Аскар болуп биз мектепте 10 жыл бир партада отуруп, экообуз бир кызды бирдей чогуу суйуп, бирдей чуркап бирок жете албай болбой эле суйуу каттарын жазышып, бирге ойноп ынак достордон болуп бирге чонойдук.
Ажардын сүйүү батасы Ажардын сүйүү батасы
#6 01 May 2015 - 13:31
Аскар экообуз айылдын четинде сазда кок шибердин устундо ортодо бир литрлик арак, кесилген колбаса, бир суусундук, эки стаканга тубунон бираздан арак куйуп ичип отурдук, буга чейин досумдун башынан откоргон тагдырын устуртон коруп билип журсом да, тээ журогунун тупкурундогу сырларды билбептирмин,
досум экообуз бирге окуган классташ, бир уруудан жакын тууган ыйлашаарым кан досум болсо да менден мунун баарын айтпай жургонуно танданып анын ыйлап да суйлоп жатканын угуп, анын Ажарга болгон тунук аруу махабатын, суйуусуно тан берип, экоонун суйуусуно таазим этип отурдум. Досум экообуз буга чейин бирибирибизден эч сыр жашырбай сырдашып анын алма багында далай ирет шахмат ойноп отурчу элек. Мен анын бут сырын билем деп ойлочу элем. Корсо журоко далай сырларды айтпай журо берет турбайбызбы.
Досум экообуз тен мурда минтип арак иччу эмес элек. Ачууну ачуу басат дегенге кошулбасак да бул ирет экообуз тен ичип отурдук. Ажарым менин алтыным эле андай жанды кантип табам деп досум ыйлап жатты.
Анда соз башынан болсун!! !
Анда соз башынан болсун!! !
#8 01 May 2015 - 14:07
5 6 кундон кийин келет эми
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#9 01 May 2015 - 17:44
азаматсыз жигит парен калеминиз курчуй берсин улам улам такшалып келе жатасыз. Жалан секс кылып алиги болумон чыкчуу эмес элениз Кумарды кумарга батырып, эми адабиятты катырыныз. Уланта бериниз кутобуз.
#10 01 May 2015 - 18:14
Аскар бир уйдун эн кенже уулу эле, бала кезден эле экообуз бирге остук. Ата энелерибиз экообузго тен бирдей велосипед алып беришти, аны экообуз тээп алып айылдын ичин кыдырып жарышып, полицейский болуп кубалашып, айылдын жээгинен аккан Жетиогуз суусунун боюнда кумдан шаар куруп таш машина ойноп, кышкысын чана муз устундо коньки тээп балалыктын алтын кундорун бирге откордук. Кийин эс тартып чонойо баштаганда озубуздун паралелл окуган классташ кызыбызды экообуз тен бирдей суйуп, ал кызга нечендеген суйуу каттарын жазбадык. Бирок тилеке каршы ал кыз эч кимибизди карабады, жон гана жооп бербей коюп журуп алды. Биз ан сайын кучоп уч бурчтук каттарыбызды жазып жонотууну токтотподук.
Ал 90-жылдарда кайдагы телефон, сотка жон гана жазган каттарыбызды буктоп уч бурчтук кылып сыртына журоктун суротун тартып инилерибизден берип жиберчу элек. Отуруштарда экообуз тен ошол суйгонубуз Наргизаны талашып жанталаша бийге вальска чакырып бийлечу элек. Бирибиз бийлеп жатсак бирибиз тултуйуп аны карап отура берчу элек.
#11 01 May 2015 - 18:32
Башка кыздар менен таптакыр бийлечу эмеспиз. Наргиза корсо биз менен такыр бийлебей койот дечу белек айтор башкалар менен бийлечу эмеспиз бизди кызганчудай болуп, а бирок анда кайдагы суйуу, кайдагы кызганыч. Ал кезде негедир отуруштарда жалан эле "Титаник"
музыкасын коюп алып тынымы жок кыздарыбыз качса да улам улам вальс бийлей берет элек. Бирок Аскар экообуз бир кызды суйуп жарыша кат жазсак да бир да жолу ал кызды талашып мушташпадык.
Бирок ал кыз экообуздун балалык мектеп партасындагы алгачкы тунук тоок суйуубуз бойдон журогубуздо сакталып кала берди. Аскар классыбызда алдынкы атамандарыбыздан эле, биринчи атаман болом деп коп мушташчу. Мен болсо ортонку атамандардан элем. Досум кийин да Караколдо Тыныстанов атындагы Ысыккол универинде да коп мушташып журду. Ал кезде мен Бишкекте Арабаевте окуп жургон элем. Мына ошол мушташтын айынан досум Аскар бутун кокустатып областык ооруканада жатып калат. Кундордун биринде оорукананын тепкичинен чыгып келе жатып алдында алы жок чыга албай бара жаткан татына кызга..

Супер-Инфо
super.kg
видео



















