(Интернет баракчаларынан ушул китепти таптым бирок аягына чейин эмес экен.Авторго жардам кылып тапканымды жүктөп койсом кап этпейсиздер деп ойлойм)
Машаев бөлүмдөгүлөрдүн жардамы менен бир квартира таап, аз жүгүн көчүрүп, мурунку иштегендерине чай берип, коштошуп келүү үчүн Тураттан эки күнгө суранып, Бишкекке келди. Дароо бөлүмгө барып, Мишаны таап, базар кыдырып, аны-муну алып, кечинде иштен бошогондо милийса досторун чакырып, тамагын берди. Жатаканасын үйлөнмөкчү болуп жаткан Мишага калтырып, аз идишин, жууркан-төшөгүн машинасына салып, жаңы ишине биротоло келди…
Ошентип, Машаев жаңы орунга олтуруп, ишин катуу баштагандай болду. Ошол көчүп келип, бирөөнүн квартирасынын бир бөлмөсүнө киргендин эртеси ал полковникке барды.
Турат Машаевди бир көргөндө эле жактыргансып калган эмеспи, жылуу кабыл алды:
- Ии, жолдош начальник, кел,-деп орун көрсөттү.
- Сизден бир нерсе сурайын деп келдим, жолдош полковник,-деди Машаев орун алгандан кийин.
- Ии, сура.
- Мага угронун начальниги катары эркиндикти кеңири бериңиз деп айтайын дегем.
- Эркиндикти бербей жаткан ким экен? Келе элек жатканда капаска түшүргөндөр чыктыбы?
- Жок. Бөлүмдөгү иштердин көбүн өзүм чечип, ар бир кызматкерге жеке жооп берейин дегенди айттым.
Полковник бул жигиттин курчтугуна ыраазы:
- Азырынча сен ишиңди баштай элексиң, мен сага аны кыл, муну кылба деп да айта элекмин. Туурабы?
- Туура, жолдош полковник.
- Туура болсо, эч нерседен кападар болбой, иштей бер. Менин талабым эле ошол - таза, тың иште. Калганы онунчу маселе. Түшүндүңбү?
- Түшүндүм.
- Таза иштесең, тың иштесең - артыңда мен турам. Тескери кетсең - менин да тескери кеткеним. Бара бер…
Машаев шефинин кабинетинен көңүлдүү чыкты. Полковник Турат жөнүндө мурун уккандары ашып-ташып кеткендей болду. Эми эч нерседен тайманбастан Машаев Турат үчүн жанын берүүгө даяр эле. Анткени таза, курч деп уккан адамы ал уккандан алда канча жогору сезилди….
Машаев баарын чогултуп, айтайын деген, жо-ок, жасалма эмес сөзүн айтып турду:
- Балдар, буйрук ушундай экен, мен силерге начальник болдум. Ошондуктан алгачкы сөзүмдү угуп коюуңуздарды суранам. .Азыр биз жөнүндө, милийса жөнүндө укмуштуудай аңыздарды угуп жүрөсүңөр. Бизди жакшы сөзгө алган адам аз. Анткени кай бир милиционер кадимкидей эле тонойт, жөн жерден күч колдонот, каалаганын кылат. Жанталашып,
жардам сурагандардын өзүн кууратат. Эми ал жөнүндө көп сүйлөй бербейин. Айтаарым ушул - таза жүргүлө, так иштегиле!
Бир балакетиңерди уксам - эч кимиңерди аябайм. Уктуңарбы?
- Уктук. -Ончакты адамдан үчөө-төртөө ушинтип күңк-мыңк этти.
- Уксаңар, бошсуңар!
Машаевдин замына бул сөз таптакыр жаккан жок. Ого бетер жаман көрдү. "Энеңди урайын выскочка, күпүлдөй тур, бат эле маңкаң куюлуп, жардам сурачу күнүң бар…"-деп каны кайнай, машинесине түштү.
Машаев бөлүмдөгү иштердин баары менен бир жуманын ичинде таанышып чыкты. Кол алдындагылардын баарын бирден чакырып, бети ачылбаган иштери үчүн чучуктарына жеткире жекирди.
Ошол күндөрдүн биринде таң эрте бир аял 18ден өтүп калган кызын ээрчитип, Машаевдин кабинетине киришти, арыз жазып. Кызды бир бизнесмен зордуктап койгон экен. Машаев арызды окуп, анан экөөнүн сөздөрүн шашпай укту. Аял чыштай кийинген, бети-башы кылдат боелгон, көздөрү ойноктогон неме экен. Оозу-оозуна тийбей, куюлуштура сүйлөп турду. Кызы да энесинен кем эмес кийинип, боенгон.
Алардын айтымында, бизнесмен кызды алдап, ресторанга алпарып, андан соң бир үйгө барып, таң атканча зордуктаган экен. Машаев кызга толгон-токой суроолорду берип, көптө барып узатты. Алар кеткенден кийин экөөнүн айткандарын таразалап көрүп, кыз зордукталбай эле, энеси экөө шантаж жасап, бир нерсе өндүрүүгө аракет кылып жатышкандай пикирде калды. Эки жигитин чакырып, ал бизнесменди алдырды, ушул эле базарга товар ташыйт экен. Ал отуздарга чыгып калган жигит өң-алеттен кетип, Машаевдин алдында отурду.
- Атыңыз, фамилияңыз?
- Кулбараков Адыкул.
- Эмне иш кыласыз?
- Россиядан ар түрдүү тамак-аш ташыйм. Көбүнчө балык консерваларын.
- Бул жерге эмнеге алып келгенибизди билесизби?
- Жок.
Чынында, жигит эмне күнөөсү үчүн ушул жерде отурганын ойлонуп, жооп таба албай отурган.
- Момуну окуңуз. -Машаев тигиге кыздын арызын сунду. Жигит арызды бат эле окуп бүтүп, көзү чекчейди:
- Калп мунун баары.
- Чыны кандай?
- Кыз менен бир үйдө болгонум чын. Бирок өз каалоосу менен болгонбуз.
- Аны менен качан таанышкансың?
- Көптөн бери билем. Менин товарларымдан алчу, энеси экөө. Энесин илгертен тааныйм. Күйөөсү жок, көрүнгөн менен жүргөн неме. Кызы да ошондой.
- Болгонун болгондой жазып бериңиз,- деп Машаев жигитке кагаз, ручка сунду.
Ал жазып болгон соң кое берди:
- Азырынча бошсуз.
***
Машаев базарга барып, жанагы аял менен кызды акмалап, соода кылып жаткан экөөнү алыстан бир топко карап турду. Экөө тең эч нерсе болбогондой,
күлүп-жайнап,
соодасын кылып жатат…
Машаев ошол жерден үч-төрт аял менен жанагы аялды көрсөтүп, ал жөнүндө сурады эле, бир аял:
- Жерге кирсин, өз аты ким экенин билбейм, баарыбыз эле Маруся деп коебуз.Ушул базарда урушпаган кишиси жок. Уялбай эле айтайын - өзү эмес, кызынын да аягы суюк неме.
Машаев түштөнүп алып, дагы бир жердеги иштерин бүтүрүп, кечке жуук ишине келсе, баягы бизнесмен Адыкул аны күтүп жатыптыр.
- Ии, эмне келдиңиз?-деди Машаев аны кабинетине ээрчите кирип.
- Келдим. Кыздын энеси жана мага келип, "5 миң доллар берсең - арызыбызды кайра алабыз" дейт. Менде анча каражат жок, баары товарда, экинчиден - жөн жерден эле төлөй беремби, байке?
Машаевдин планы менен жигит бүгүн кечинде кыздын үйүнө барып, "5 миң бере албайм, 2 миң берейин" деп соодалашмай болду. Кыз өз каалоосу менен барганын да айтат. Жигит Машаев берген диктофонду чөнтөгүнө салып, кеч күүгүмдө алиги аялдын эшигин какты…
Үйдө кыз жок экен. Аял жигит сураган долларын алып келген экен деп кымылдап, бат эле столун жасап, чай куюп кирди. Бир чыныдан чай ичилген соң жигит сөзүн баштады:
- Эже, Мираны зордуктаган эмесмин. Аны өзүңүз деле билесиз да…
Аялдын кабагы түйүлдү:
- Эмнеге зордуктаган эмессиң? Зордуктагансың!
Эксперттен справка бар, прокуратурага да, милийсага да арыз бердик. Бери дегенде жети жылга кетесиң!
- Мира ресторанга да, үйгө да өзү барса кантип зордуктаган болом?
- "Өлтүрөм"
деп коркутсаң - барат да…
- Коркутсам - анда эмне качпайт, жардам сурап кыйкырбайт?
Ресторанга жарыкта эле барганбыз. Зордуктасам эмне жанталашып,
бети-башымды тытмалабайт?
Өзүнүн кийимдери тытылбайт?
Аял буулукту:
- Кантип тытмалайт бычак такап жатсаң?
- Ушуну кызыңыз таптыбы же сиз үйрөттүңүзбү?
- Ай, сен көп башты оорутпай, 5 миң долларды бер да, ишиңди бүтүр. Сенде эмне, жокпу? Түрмөдө чирип жок болосуң.
- Ак жерден эле андай болбойт. Зордуктасам бир жөн…
- Зордуктадыңбы же жокпу - иши кылып, жаттыңбы. Уялбай эле айтайын - спермаң бар, зордуктаган дегенге ошол жетет. Көп башты оорутпай, кутулуп ал... ..Эртең алып келбесең - ал 5 миң долларың 10 миңге көбөйбөсүн.
Эртең - акыркы срок. Бүттү!
- Эже, 2 миң менен эле бүтүрбөйлүбү.
5 миң менде жок да.
- Бар. Сенде кантип жок болсун! 5 миңден эч кемитпейм.
- Менден кийин кызыңыз дагы кимден "зордукталар"
экен,- деди жаны күйгөн жигит.
- Ал өз иши. Болду, кет! Эртең базардан күтөм. 5 миңиң менен күтөм…
***
Түн небак кирсе да, Машаев жигитти күтүп отурган. Ал келер менен диктофонду угушту. Япондук техника мыкты эмеспи, экөөнүн алиги сөзү абдан даана жазылыптыр.
Машаев эки ирет укту. Жигитти эртең менен кел деп, өзү да үйгө кетти.
Эртеси жигитти ээрчитип, прокуратурадан кыздын арызын алган тергөөчүнү таап, үчөө отуруп, диктофонду угушту. Аны уккандан кийин тергөөчү сөгүнүп кое берди:
- Энеңди… Шойкомдуу немелер экенин бир көргөндө эле байкагам. Энеңди… Машаев, сен алардын арызын тытып, ыргытып жибер, мына, мен да тытам,- деп столунан кыздын арызын алып, тытып ыргытты.
***
Жигит Машаевдин айтуусу боюнча түз эле базарга келди.
- Ии, алып келдиңби?- деди аял айткан саламга алик албастан эле.
- Алып келдим.-Жигит эки манжасынын ортосунан бармагын бараандуу чыгарып, аялдын мурдуна такады. Жетеби же дагы кошоюнбу?!
.
Аял тил-ооздон калып, нес болду.
Ошол күнү аял менен кыз Машаевге келип, ишти тездетүүсүн сурады эле, ал диктофонду угузуп, кеп-сөзгө келбей, экөөнү тең кабинеттен кууп чыкты.
- Баргыла, билген жериңерге арыздангыла!
Бул жерге дагы бир ирет келсеңер - камап саламын!..
Машаев кийин укту - бул аял кызын далай жолу "зордуктатып"
оокат кылган неме экенин. Базаркомго сүйлөшүп, ал аял менен кызды самогон сатканы үчүн үч-төрт жолу кармап, акыры ал жерден такыр кууп таштады…
Машаев ушул жерге келгени бир менчик спорт залда машыгат. Күрөшкө да, бокска да такай катышып, мелдештерде наам албаганы менен десантта кызмат өтөп келгенден кийин такай машыгып жүргөн неме күрөштүн да, самбо менен бокстун да бир топ сырларын билет, азыркыча айтканда панкратиондун чебери болууга жарап берет.
Бул спорт залда боксерлор, самбисттер,
кикбоксчулар,
каратисттер кезеги менен машыгат. Машаев болсо бош убактысына жараша келе берет ар кайсы маалда.
Бир күнү залга келип, колуна машыгуучу мээлей кийип, мүшөк муштап, анан ар кыл тренажерлору бар залга келип, жатып алып штанга көтөрүп жаткан. Аңгыча эле күлтүйгөн төрт жигит кирип, ар кайсы тренажерлордо машыга башташты. Экөө орус, экөө кавказдыктар,
буура булчуңдуу немелер. Бөтөнчө мойнуна иттин каргысындай калың алтын тагынган орус оңбогондой булчуңдуу экен. Баскан-турганына караганда, адамдан эмес, кудайдан да коркчу түрү жок. Көпкөнү ар бир кыймылынан даана байкалып турат. Кебетеси, төртөөнүн лидери окшойт.
Машаев колу талып, чалкалап жаткан калыбында эс алып атты эле, жанагы күлтүйгөн жигит басып келип, буйрук бере сүйлөдү:
- Эй, братан, тур, менин кезегим келди.
Мындай мамилени көрбөгөн Машаев тигиге жараша жооп берди:
- Эй, братишка, менин кезегим бүтө элек!
Муну уккан орус ошол эле жерден Машаевди өпкөгө тээп калды. Катуу тийди. Антсе да ал обдула берди турмакчы болуп. Ошондо дагы тепки тийди. Көзү караңгылай түштү. Орусткн үч жигити жетип келип, Машаевди сүйрөп тургузуп, кийим чеччү жерге жетелеп келип, биртоп ийлеп салышты.
Машаев бир топто эсине келди. Бирөө тургузганга аракет кылып жатыптыр, спорт залдын ээси элүүлөргө барып калган болчу. Өзү орус. Машаев өйдө болуп, отуруп эсин жыйнап, душка түшүп келип, кийинип, жанагы залдын ээсине барды. Ал Машаевдин милийса экенин, болгондо да угронун начальниги экенин билчү эмес.
- Жанагы менин эсимди оодарып кеткендер кимдер?
Орус жактырбай, көңүл кош жооп берди:
- Кайдан билем, жүздөгөн кишилер келет, баарын кайдан таанымаксың.
Мына, мисалы, сени да тааныбайм. Мага эмне, төлөп турсаңар - болду.
Машаев чөнтөгүнөн күбөлүгүн алып чыгып, кыжырын жашыра албай, аны орустун мурдуна такады:
- Эй, мужик, тааныбасаң - мындан ары таанып жүр, уктуңбу?!
- Уктум,-деди орус чочулай.- Милийса экениңди билбей эле…
- Кана, эми айтчы, жанагылар кимдер?
- Ушул жердин балдары. Башчысынын аты - Константин.
"Слон" деп коюшат. Милийса деле аларды жакшы билет.- Орус коркуп жатып ушуларды араң айтып, анан кошумчалап койду,- мени айтты дей көрбөңүз. Талкалап кетишет.
- Айтпайм, коркпо! - Машаев жиндене чыгып кетти.
Караңгы кирип калган. Түз эле бөлүмгө келди. Бир жигити кабинетинде иштеп отурган экен. Ушул жигитти алгач күндөн эле жактырат. Мурунку ишиндеги Мишасындай жакшы көрүп да калган. Аты - Болсунбек. Баары Болсун же Бока дешет.
Машаев Болсунга болгон ишти айтты эле ал тиштене калды:
- Айбан! Аны беш колумдай билем. Далай жолу артынан түшүп, кармоого илинчек таппай койгонбуз. Райондогу рэкеттердин баштыгы. Фамилиясы - Петрушкин. Үйүн да билем.
- Жүрү, кеттик!- деди Машаев дароо эле.
- Азыр үйүнөн таппайбыз. Ресторанда же сауналардын биринде болсо керек.
- Табыш керек! Жерден чукусам да бүгүн табам!.
- Дагы бирөөлөрдү алып алалыбы?-деди Болсун кабинеттен чыгып баратканда.
- Экөөбүз эмне, кичинебизби?
Машаев жиндене айтты ушуну. Сыртка чыгып, Болсундун "Жигулисине"
отурушту. Машаев таякесинин машинесин өзүнө таштап келген эле.
Болсун экөө түз эле ушул борбордогу төрт-беш ресторандын мыктысы делген жерге келгенде табылбачудай көрүнгөн "Слонуң"
жөкөрлөрү менен ал жерден чыгып келатышыптыр.
Машаевдер машинеден түшпөй акмалап турушту эле "Слон" жанындагылар менен коштошуп, машинасын айдап жөнөдү. Машаевдер артынан түштү.
- Үйүнө баратат окшойт,-деди Болсун.
Ырас эле ал аз өтпөй эшиги көчөгө чыккан гаражынын маңдайына машинесин токтотуп, дарбаза ачмакчы болгондо Машаев эки аттап жетип, аны каруудан алды:
- Ии, айбан, спортзалдан жакшы машыктыңбы?
!
Эч нерседен капарсыз "Слон" чочуп кетти, анан жана эле өлөрчө тепкилеген немени тааный коюп, кайра кол какмакчы болду эле Машаев аз кетенчиктей берип, аны дал ич талаштыра тээп калды. "Слонуң"
борпоң белем, шалак этти. Ачуусу тыйыла элек Машаев өпкө талаштыра жана бир тепти. Тигил тырп этпей жатты. Аз өтүп кыймылга келди. Көзүн ачты. Ошондо Машаев аны ордунан тургузуп, кокодон мыкчый кармады:
- Кана, төртөөлөп бирөөнү тепкиледиңер,
эми көрсөтчү күчүңдү. "Слонмун"
деп жүргөн турбайсыңбы,
мындан ары чычкан болосуң, уктуңбу?!
Ал орусуң да оңой эмес экен, кармаша кетти. Бирок жагдайды колго алып, даяр турган Машаев аны дал ээкке уруп, ал бүк түшкөндө дал көкүрөккө тээп салды. "Слон" эми даана чычкан кейпин кийди.
Машаевдин кычуусу канып, жардамдашам деп бирок жардамы керексиз болуп турган Болсундун машинесине түшүп, кете берди…
***
"Слон" далайда эсине келди. Деле бала болуп башына жүн чыкканы мындай кордукту көргөн эмес. Сөзү - сөз болуп, каалаганын кылып, ресторан, кыз, сауна, акча деген гана дүйнөдө жүрчү. Катуу ызаланды. Ээги, көкүрөгү, ичи кол тийгизбей сыздатат. Эми эле өзүн талкалап кеткен неме ким болду экен деп далайга мээсин катырып, тапса тытып жеп, бу дүйнөдөн жоготууга өзүнө сөз берип, эптеп атып машинесин гаражга койду да, үйүнө кирди…
Эс тартканы биринчи жолу таяк жеген "Слон" аябай намыстанды.
Ошол түнү таптакыр уктай алган жок, бир жагынан эти ооруса, экинчи жагынан катуу намыстанып турду.
Эртең менен эрте туруп, жигиттеринин бирине телефон чалып. Тез келүүлөрүн буюрду. Аз өтпөй, өзүнө жакын үч жигити келип, көзү көгөрүп, кейпи кеткен шефин көрүшүп, чочуп да кетишти. "Слон" аларга суроо салдырбай эле өзү айтып берди эмне болгонун:
- Кечинде кол салышты, жети-сегиз неме экен,-деди сөзүнө калпты аралаштырып.
Анткени, Машаев жалгыз эле жайлабады беле.
- Алардын арасында спортзалдан "окутпадык"
беле, ошол бар экен, аны тезинен тапкыла.
Бул буйрукту алган жигиттери спортзал ачыла элек болгондуктан,
анын кожоюнунун үйүнө келишти да, кечээки тепки жеген неме ким экенин, кайда жашаарын сурашты эле, тиги билбестигин айтты. Машаев эч кимге айтпа деген эмеспи…
Бу күнү Машаев "Слон" жөнүндө кеңири маалымат алды. Бул кыргызы да, орусу да, кавказдыктары да жашаган райондогу кримдүйнөнү "Слон" колуна алган экен. Бардык фирмалар, ресторан, кафелер, сауналар "Слонго"
салык төлөп турушу небак эле закондошуп калган экен. Бирок, алардын биринен да милийсага арыз түшкөн эмес. А турсун бир ирет "салыгын"
кечиктирген бир кафени "Слондун"
жигиттери таламандын так түшүндө талкалап кетсе да, анын ээси эч жакка арызданган эмес. Муну баары билет, арыз жок - кылмыш жок. Раймилицияда,
прокуратурада "Слонду"
колдогондор бар дегенди да укту Машаев. "Эмне кылсам да сени отургузам"
деп Машаев өзүнө-өзү катуу сөз берди…
Тигилер өзүн издеп жүргөнүн Машаев билди. Издей тургула деп спортзалга да барбай койду. Чын эле "Слон" жигиттерин ээрчитип, жер-суунун барынан издеп жүрдү Машаевди.
Машаев бир күнү баягы "Слондун"
жигиттери талкалап кеткен кафенин ээси менен кезигишти, отуздардан өтүп калган кыргыз жигит экен. Аты - Эмил. Машаев өзүн тааныштырып,
келген жөнүн түз эле айтты:
- Кафеңди "Слон" талкалап кеткенде эмнеге милийсага кайрылган жоксуң?
Эмил жактыра бербей, жооп берди:
- Арызданганда милийса анын чарасын көрүп жиберет деп ишене албайм. Арыздангандар да болгон деп жүрүшөт. Бирок "Слон" жүрбөйбү шапар тээп.
- Эмил, мен аша чаппайын, бирок сен ойлогондой милийсалардан эмесмин. Андай айбандарды отургузуп келгем, дале отургуза берем. Бир тал чачыңа зыян кылдырбайм,
жигиттик сөзүм бул.
Эмил жумшара сүйлөдү:
- Эмне кылышым керек?
- Мындан ары ага эч нерсе төлөбө. Ал төлөттүрүүгө чара көрөт, ошондо биздин колго түшөт. Сен чочуба, алардын ар бир кадамы биздин көз алдыда болот. Жигиттик кыл.
- Мени эмне суужүрөктөрдөн деп жатасызбы? Менде да жоро-жолдош деген бар… "Слон" менен кармашып көрсөм деле болот эле, бирок ал иш кырсыксыз бүтпөсүн билем. Ошондуктан,
ал айбанга баш ийүүгө мажбур болуп жатпаймынбы.
Бул жигит Машаевге жагып турду, ал да Машаевге ишенди. Экөө кандай аракет кылышты шашпай талкуулап, коштошушту…
Ошондон үч-төрт күндөн кийин "Слондун"
эки жигити бири кавказдык, экинчиси орус Эмилдин кабинетине киришти.
- Мөөнөттөн эки күн өтүп кетиптир, даярбы?-деди орус жигит.
Эмил алардын канын кайнатчу сөз менен суроого жооп берди:
- Эмнени айтасыңар?
- Эй, эмне былжырайсың,
акча даярбы?
- Эмне, менде карызыңар бар беле?
Экөө делдейе калышты. Кавказдыгы кызуулана кетти:
- Эй, козел, сен эмне деп жатканыңды билесиңби, ыя?! Ичеги-кардыңды чубап салайынбы?
Жулунган немени шериги токтотту да, Эмилге айтты:
- Бул акыркы сөзүңбү?
- Тщбөлщк сөзүм!
- Туура айттың, бул - акыркы сөзүң болот!
Экөө кетээри менен Эмил Машаевге телефон чалып, болгон ишти айтты.
Караңгы кирип калган. Кафеде орун жок. Музыка ойноп, бир тобу бийлеп жатат, бокалдар кагышып, арак-шарап суудай агып, дуу-дуу. Бир маалда кафенин жанына эки иномарка келип токтоп, колдоруна таяк, арматура кармаган сегиз адам түшүп, карп-курп кафеге кирип келишти да, туш келди талкалай баштаганда даяр турган Машаевдин ончакты жигити туш-туүтан чыгып, тигилерди көз ачып-жумганча полго көмкөрөсүнөн түшүрүп, колдоруна кишен салышты.
Бу кезде "Слон" сырттагы машинеде отурган. Машаев ага жетип барып, бир жигити экөөлөп дегдеңдете жетелеп, кафеге алып келишти. Жолдо чала-була өпкө талаштыра берүүгө да үлгүрүшкөн.
"Слон" полдо жаткан жигиттерин көрүп, кубарып-кумсарып турду эле Машаев мазактай айтты:
- "Слон",
жигиттериңден калба, күтүп чарчаган чыгарсың, сен да эс ал.
Машаев "Слонду"
полго көмкөрөсүнөн салып, колуна кишен такты. Аларды жаткырып коюп, күбөлөрдүн көзүнчө протокол түзүлүп, тогуз айбанды милийсанын шалдыраган "уазигине"
тыгып, бөлүмгө алып келишти. Аларды тинткенде төрт бычак, "Слондон"
тапанча, дагы үчөөнөн наркотик табылды…
Бул иш оъой эле бүткөн жок, Машаевди бир топ убара кылды. Эмки сөз ошол жөнүндө.
Мент Баратбай Аракеевдин повести
#42 19 September 2015 - 14:18
Майор Машаев Слонду бандасы менен колго түшүрүп аябагандай чоң жыландын куйругун баскан эле. Анткени бу бүт дүйнөгө өзү гана эгедер сезген неменин колдоочулары аябагандай күчтүү болчу. Алардын экөөнү эле айтсак жетиштүү болор, бири Ак үйдөгү чоң кызматта, экинчиси депутат,байлыгы эпсиз анан да өзү аябай көпкөн неме. Адамды адам деп санабайт, бөтөнчө кыргызды. Ушул депутат орус бүтүндөй орустардын шовинисттик саясатын кош колдоп ишке ашыргандардын бири сыяктуу эле…
Мына ушул экөө Слонду бат эле чыгарып алышты. Дасыккан үч адвокат "кыргыз милийсасы улутчулдук кылып орустар менен кавказдыктарды жектеп жатат, күн көрсөтпөй куугунтукка алып жатат, бу жактан кетиргилери келип жатат…" сыяктуу саясий жалган маселе көтөрүп ызы-чуу кылып турушту. Мындайда кыргыз чоңдору шымын суулап жиберет эмеспи Машаевди начальнигине кошуп кысымга алып аз жерден кызматтан ала жаздап, сөгүштөн катуу берип туруп экинчи Слонго тийбегендей кылышты окшоду.
Сөгүшүн алганы менен, Машаев Слондун алдында шылдыңга калбайт эле. Өмүрүн сайса да аны сайрандатпайт.
Слон болсо ого бетер кутурду. Бүтүндөй криминал чөйрөсүнө милийсаларыңды тряпка кылдым деп адыраңдай мактанып турду. Эми аны райондун милийсасы да тийбей калды.
Слон кыргызды оңбогондой жаман көрчү. Анткени кичинесинде кыргыздан таякты көп жеген. Эстен кеткис тепкиленген учурлары болгон. Эми өч алар мезгил келип жетти деген таризде эле.
Машаев бу айбан жөнүндө күндө ойлочу болду. Нечен ирет тирүү жанга билгизбей өз колу менен жайлап салууга белсенип кайра ага баралбайт. Слон болсо күндөн-күнгө кыжырына катуураак тиет.
Бир ирет Машаев көчөдөн өтүп баратты эле жанынан бир "Мерседес" зуу өтүп баткак сууну жаба берди. Жининин келгенин ушундан бил Машаев колтугундагы тапанчанын сууруп чыгып тиги кетип бараткан машинени ата жаздап барып токтоду. Кантип токтоду өзү да билбей калды. Аздап демин басып, атпаганым жакшы болду деп ойлоп койду. Жолдун четине чыгып кийиминен баткак суунун тагын тазалагансып атса өзүнүн кол алдында иштеген милийса айтып атпайбы:
- Бу Слон жаман кутурду го, энеңдурайын десе! Атып салсаңыз болмок!
- Азыркы ошол беле?
- Ооба, рулда өзү. Баткакты чачып коюп каткыра кетишпедиби…
Машаев кубара кетти. Бу жарык дүйнө тумандай түшүп жинге айланып кетти. Анан "азыр өлүмүңдү таптың" дегенди ичинен тиштене кайталап силкине басты.
Кылмыш күчөп турган кез эмеспи Машаевда тыным жок. Кылмыш үстүнө кылмыш. Бир караганда элдин баары эле кылмыш жасап кеткендей башка иштерин таштап салып.
Кан-жанын милийса ишине берип салган жигит чарчап кеттим,кыйналып кеттим дегендин бирин айтпай кылмышкердин артынан түшкөнү түшкөн. Баланча кылмыштын бетин ачсам, анан мага момундай сыйлыктарды берсе,бат эле генерал болсом сыяктуу куру кыялдарды Машаев ойлобойт, ишинин кумарында гана жүрөт.
Баягы Слондун кебетеси, желмогуздай көрүнчү кебетеси Машаевдин жанын жай алдырбайт. Слон болсо бу районду гана эмес , кошуна үч-төрт районду да өзүнө имере баштаганда бу аймакты бүтүндөй тескеген авторитет ага балдарын жиберип эскертсе Слон "билгенин кылып алсын" дегенди таамай айтып келгендерди сөгүп туруп кууптур. Ал бекеринен анткен жок. Анткени анын бийлик тарапта колдоочулары күчтүү, анан өзүндө эми элүү-алтымыштай баш кесерлери бар. Алардын ичинде бир дагы кыргыз жок, орустар, кавказдыктар, анан тажиктер менен өзбектерден да беш-алтоо. Тез аранын ичинде мыкты куралданып да алган. Акчаң болсо жүздөгөн адамды куралдандырыш бир эле күндүн иши.
Бу аймакты тейлеген авторитет адамдарды улутка бөлчү эмес,бандиттерге гана бөлчү…

#43 19 September 2015 - 14:24
Жиберген жигиттери Слондон тил угуп жаман сөз алып келгенден кийин "энеңдурайын сала сасыган чочко орус" деп кабелтең улантып тилдеп Слонду өлүм жазасына буйруп салган. Бирок ал үлгүрбөй калды…
Слондун ар бир кадамы Машаевге белгилүү болчу. Ал маалыматтарды Болсун даярдайт. Машаевдин бу ишенимдүү жигити Слонду андан кем жаман көрбөйт. Бир ирет Машаевге айтып атпайбы "азыр эле барып Слонду атып салбайлыбы" деп. Машаев кой деген эмес, анын ордуна кезеги келгенде деп койгон.
Болсун отпускада болчу. Ошол күнү кечки саат сегиздерде телефон чалды да аздан соң милийса имаратынан эки көчө өткөн бир тар көчөдөн кара көз айнекчен, агыш шым, көгүш көйнөк кийген Машаевди машинасына салып кетти.
Болсундун Бишкекте эне-атасы сатып берген бир бөлмөлүү квартирасы боло турган. Кез-кези менен өзү келип турат. Калган убакта бек. Машаев экөө ошол квартирага келишти,үрүл- бүрүл болуп калган убакта кайра чыгышты. Машинеге түшүшкөн жок, жөө басышты шашпай. Ар биринде асынма сумка. Кебетелери да жанагыдан башкача - Машаев узун чачтуу, сакал-муруттуу, башында көгүш кепка. Болсун да муруттуу, а да көгүш кепкачан. Жарым сааттай жөө басып шаардын тоо тараптагы заңгыраган үйлөрдү аралай басышты. Үйлөрдө свет жаркыраганы менен көчөдө ошол үйлөрдөн түшкөн эле жарык, өзүнчө жарыгы жок. Бир маалда эң четки эки кабат заңгыраган үйдүн тушуна келип аны курчаган бакты айлана басып арт жагына чыгышты. Кебетеси үч метрдей дубал. Эки жигит сумкаларынан ичке болгону менен бышык аркандарды алып чыгышып дубалдын кырына ыргытышты эле, аркандардын учтарындагы кайыктын якорчосуна окшогон арсайган темирлер илинип калды. Эми аркан чыкпайт, илинген темирин кол менен чыгармайын. Экөө аркан менен тартылып дубалга чыгып, аркан темирин эми бери жагына илип өздөрү ичкери түшүштү. Парк сыяктуу түркүн бак тигилген жер экен. Эки этаждын сандаган терезелеринин кай бири күйүп турса кай бири караңгы. Бир терезеден музыка жаңырат.
Эки мент эми глушителдүү тапанчаларын белендей кармап эңкейе басып бир караңгы терезенин тушуна келип азга турушту. Киши бою терезе ачык болчу, экөө ичкери киришти…
Бул үйдү Слон эки ай мурун сатып алган. Ал оңбогондой акчаны Слондун бүтүндөй жигиттери чыгарган, түбү тонолгондордун акчасы эмеспи. Слонго бул үй аябагандай жакты. Бардык шарты бар, саунасынан эле үчөө,короодо килейген бассейн, бөлмөлөрдө сан жок. Бул үйдө Слон үч күндөн бери эч жакка чыкпай чардап жаткан, ооба кадимкидей эле чардап жаткан: тамак менен ичкиликтин айтып болгус түрү, аягы суюк кыздардын да айтып болгус түрү, кааласа атайын залдан кино көрөт, музыка угат. Жанагы кыздардын арасында эки кыргыз кыз да бар. Слон аларды атайын алдырган бутумду жууп турат деп. Алар үч күндөн бери бу айбандын бутун жууйт, кордогон сөзүн угат. Качып кеталбайт, акчасын көп күндүк кылып төлөп коюшкан. Азыр болсо бөлмөнүн бир бурчунда тыгылышат.
Слон саунадан чыгып килейген бөлмөдөгү дале килейген керебетте оонап жаткан жалаң турсийчен, төрт кыз төрт жагынан буту-колун ушалап тигинин буйругун күтүшөт…
Бул убакта эки мент Слондун үйүн жигиттеринен тазалап жатышкан. Баш-аягы жети жигитти тындым кылышты аркайсы бөлмөлөрдөн. Алардын эчкимиси үн чыгарганга да үлгүрүшкөн жок. Экөө короону бүтүндөй тинтип чыгышты, эчким калбаптыр. Бирөөлөр келип кол салса эмне болот деп санааркабай жатышкан да. Анткени эч ким көздөрүнө илинбей калган. Бул маанай алакөөдөндөргө гана келет. Баса, жанагы жантаслим болгон жети жигиттин бири Кыдыр эмес беле, Болсундун информатору болчу. Көп жыл мурун колу канга булганып түрмөгө тоок өлтүргөндөй мөөнөткө кесилип бат эле чыгып келген аны бу ирет тирүү коюшкан жок.
Эми кезек Слонго келди. Жана саунадан чыккандан кийин орустугун кылып килейген стакан менен таза арактан бирди басып, эми туш тараптан денесин жыргата кыздарга ушалатып жаткан неме жыргалдын улуу төрүндө болчу. Кирип келген эки маскачанды көргөн да жок, көзү сүзүлүү эле. Тиги экөө жүрөгү түшкөн кыздарды тобу менен айдап бир бөлмөгө киргизишти, чыксаңар өлдүңөр дегенди айтышты эле аларың дымып беришти. Кайра келишсе Слон дале магдырап жатыптыр, кыздардын ушалабай калганын да сезбейт, жыргалдын уйкусунабы жа уйкунун жыргалынабы кетип бараткан окшойт.
Болсун чалкадан жаткан аны түз эле жаак тушка тээп калды эле тиги өйдө боло бергенде эми бир тепти. Слондун жыргаган денеси жан чыдагыс ооруп кетти, онтоп жиберди.
- Тур, чочко! - деди Болсун.
Слон керебеттен түшүп бүрүшө турду. Жанагы ааламга батпачудай болгон эңгезердей денеси кичирейе түштү, бечара боло калды. Эсине даана келип өлүмдү эстеди, жаны чыга жаздады.
- Кыргыз деген ким болот, билесиңби?! - Машаев Слонду табарсыкка келиштире бир тепти. Ал бир бакырып алып бүк түштү. Аздан соң бир колу менен табарсыгын басып, экинчи колу менен башын калкалай корголой турду.
- Кыргыз деген ким болот?! - деди Машаев дагы.
Слон кыргызыңды "киргиз" дечү да Машаевдин суроосуна жооп берем деп киргиз… деп айтмакчы болду эле Машаевдин буту дал ээкке тийди:
- Киргиз эмес сука, кыргыз болобуз!
Кулап түшкөн Слон дагы бир аз онтой жатып ордунан турду. Бүрүшүп жаткысы бар, тургузган Болсун.
- Ии, ким болот кыргыз деген? - Машаевдин үнү бу ирет акырыныраак чыкты.
- Кыргыз деген жакшы адамдар… - Бу орусуң орусча сүйлөгөнү менен тумшукка бирди жегенден кийин "кыргыз" деген сөздү дапдаана айтат экен.
- Жакшы болсо, кана, буттардан өпчү.
Слон колдоруна тапанча алган бу эки неменин буттарын кезеги менен өөп турду:
- Мени өлтүрбөгүлө… баарын берем… акча толуп атат… - Улам бир жансоога, жалыныч сөзүн айтып буттарды өбө берди…
Машаевдин көптөн бери кайнап жүргөн кеги бийлеп кетти: Слонду чалкадан түшүрө тээп туруп тапанчасы менен анын табарсык тушуна басып - басып алды:
- Кыргыз деген ушундай болот, чочко!
Сегиз бандиттин - беш орус, эки кавказдык, бир кыргыздын өлүмү бүтүндөй өлкөнү дуу кылып турду. Милийса катуу изилдөөгө алды. Иш деген президенттин жеке көзөмөлүндө дешти. Орусиядан жардамын таңуулагандар келишти. Аткандар табылган жок. "Кыргызды сыйлаш керек!" деген гана компьютерден чыккан кагаз табылды…
Машаев менен Болсун дале ишинде. Мыкты жигиттер!
Аягы.

#47 22 September 2015 - 09:13
Аягы бутпочудой корунгон бул чыгарманы баштап анан таштап салган адамга жана кайдан болсо да таап бизге жеткиргендерге ыраазычылык!

Супер-Инфо
super.kg
видео