Суперстан: Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм

#101 Пользователь офлайн   Aisuluu160790   31 Октябрь 2016 - 11:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 596
  • Катталган: 01 Июнь 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 13:54
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Jadyrashka (09 Июль 2015 - 01:56) жазган:

Келечектеги жолдошума

Тапсам деймин жан шерик журогумо
Тынчтык берип санааркаган конулдорго
Издеп журуп мен адашып буттум окшойт
Жолукчуу кун болоор бекен озуно

Сезем дайым сен да мени издейсин
Конул толкуп коргун келет билемин
Кудай буюруп тагдыр жолдо кезигип
Бассак деймин бул турмуштун издерин


Бакыт куруп бир уй-булоо болобуз
Тунду узатып танды бирге тособуз
Кооз жерге, кооз кылып уй салып
Кичинекей наристелуу болобуз

Кудай берсе кооп балалуу болобуз
Кылыгына, кулкусуно тойбойбуз
Тагдыр бизди ойдо ылдый чайпаса
Бекем туруп эриш аркак болобуз

Уул уйлоп, кыз узатуу тилегим
Бирге корсок неберенин келгенин
Тордо олтуруп ыссык чайдан ууртаган
Кунду бизге жаратканым насип этсин

Мага абдан жакты мыкты жазылыптыр. ..



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Jadyrashka   31 Октябрь 2016 - 11:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

suiuu345 ыраазычылык.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Jadyrashka   31 Октябрь 2016 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Aisuluu160790 (31 Октябрь 2016 - 11:26) жазган:

Мага абдан жакты мыкты жазылыптыр. ..

Рахмаат:)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Jadyrashka   31 Октябрь 2016 - 11:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Ойлойсунбу?

Ойлойсунбу сен да мендей кусалуу,
Наалат айтып аралыкка ызалуу?
Карегиме тигиле албай кайталап,
Ээлеп алаар сени дагы кайгыруу?

Ойлойсунбу жүрөк түптө сагынып
Мен сыяктуу карааныма кагылып?
Жүрөксүткөн жай турмуштун агымын
Кечесинби кайгы,муңга малынып.

Ойлойсунбу урутуңду күлкү ээлеп
"Жаш баладай эркелеген жаным" деп
Сагынаарсын дал өзүмдөй берекем
Жүрөгүңдү жүрөгүмө энчилеп.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Jadyrashka   31 Октябрь 2016 - 14:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Тизгинделбей тизмектелген өмүрүм
Күндөн күнгө оор тартат мүнөзүм
Айтчы деги айыкчуу күн болобу
Толот качан бөксөргөнү көңүлдүн

Келесин да, жок болосун күтүүсүз
Жашап калам бардык ишке көңүл суз
Болду мына эми унуттум дегенде
Орношосун жүрөгүмө келип түз

Убаданы бек бересин жалбарып
Көңүл байкуш калат кайра алданып
Бирок үшүп жан дүйнөмдө бир сезим
Жашап калат кетчүү жолуң кайтарып.

Убадалар быр чыр болуп кайрадан
Бат өзгөрмө мүнөзүңө таң калам
Эми кайра келбес болсоң мейли эле
Айыксынчы сен ооруткан бүт жарам.

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 31 Октябрь 2016 - 14:25

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Jadyrashka   02 Ноябрь 2016 - 01:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Сен бир аруу, кир чалбаган таптаза.
Жаратканым жасап койгон башкача
Көнүп алгам эркеленип өзүңө
Жок жок такыр бербейм сени башкага!
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   madin_   02 Ноябрь 2016 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 524
  • Катталган: 18 Июль 15
  • Соңку аракети: 04 Янв 2025 21:14

Жаадырашже , калеминиз курчуй берсин..
Чымыныныз баркен билбепминго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Talantbek1994   02 Ноябрь 2016 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 227
  • Катталган: 07 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2021 12:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Таңдын атканын Азан менен билдирген жер

Курчуй берсин калемиң,
Кагаз бетин сыялап.
Атагың чыгып алыска,
Алп акын наамын алып жүр.



Ырларын жакшы жазылыптыр. Алдыга дагы ийгиликтер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Jadyrashka   03 Ноябрь 2016 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения madin_ (02 Ноябрь 2016 - 22:21) жазган:

Жаадырашже , калеминиз курчуй берсин..
Чымыныныз баркен билбепминго

Рахмаат чооң козу.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Jadyrashka   03 Ноябрь 2016 - 01:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Talantbek1994 (02 Ноябрь 2016 - 22:41) жазган:

Курчуй берсин калемиң,
Кагаз бетин сыялап.
Атагың чыгып алыска,
Алп акын наамын алып жүр.



Ырларын жакшы жазылыптыр. Алдыга дагы ийгиликтер

Терээң ыраазычылык.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Jadyrashka   03 Ноябрь 2016 - 02:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Күтүү

Күткөнүмө асмандагы ай күбө
Жалгыз жолдош ар бир күткөн күнүмдө
Термелебиз мен ага да ал мага
Күтүү коштоп ар бир өткөн түнүмдө.

Балким сизди көрүп жүрөт күнүгө
Балким ал да суусап жүрөт сүйүүгө
Балким айда күтүп жүрөт менчилеп
Жер жарытып сүйүктүүсүн көрүүгө.

Мен да сизге айдай болсом кана эле
Ээрчип алсам калбай сизден эч эле
Мага келчүү жолду жарык кылмакмын
Сиз сагынган, сиз самаган кездерде.

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 03 Ноябрь 2016 - 02:55

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   05 Ноябрь 2016 - 15:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Убадалар быр чыр болуп кайрадан
Бат өзгөрмө мүнөзүңө таң калам
Эми кайра келбес болсоң мейли эле
Айыксынчы сен ооруткан бүт жарам.

Мага жаккан саптар...

Ийгилик,эжекооу!
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   elya95   05 Ноябрь 2016 - 16:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

Ийгилик жадырашка калемин курчуй берсин.
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   elya95   05 Ноябрь 2016 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 905
  • Катталган: 16 Март 13
  • Соңку аракети: 28 Дек 2021 12:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызыстан, Ош

Ийгилик жадырашка калемин курчуй берсин.
Л
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Jadyrashka   05 Ноябрь 2016 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Syr_sandyk (05 Ноябрь 2016 - 15:50) жазган:

Убадалар быр чыр болуп кайрадан
Бат өзгөрмө мүнөзүңө таң калам
Эми кайра келбес болсоң мейли эле
Айыксынчы сен ооруткан бүт жарам.

Мага жаккан саптар...

Ийгилик,эжекооу!

Рахмаат :)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Jadyrashka   05 Ноябрь 2016 - 18:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения elya95 (05 Ноябрь 2016 - 16:06) жазган:

Ийгилик жадырашка калемин курчуй берсин.

Ыраазычылык.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Jadyrashka   06 Ноябрь 2016 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Качандыр мен кайгыга баттым десем
Чоң бакыт маңдайымдан чыккан экен
Сен кетип жүрөгүмө боштук берип
Ал жерге сүйүү орноп алды бекем.

Сени деп көз жашымды төккөн элем
А көрсө ал кубаныч жашы экен
Ыраазы болуп келем бир өзүңө
Кетпесең асыл жанды таппас элем

Мына эми мен өзүңө арман экем
Таңданам кантип сени сүйдүм экен
Бек кысып жанымдагы ашыгымды
Сен кеткен ошол күнгө шүгүр этем

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 07 Ноябрь 2016 - 00:39

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Jadyrashka   07 Ноябрь 2016 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Билчи деги сен деп жүрөк оолукту
Сагынамын күн да келбей жолукчуу
Тартылганым бир өзүңсүн билип кой
Сен да сүйчү таштап жаман жорукту

Же сен мени түк унутуп койдуңбу?
Башка жардын кучагына тойдуңбу?
Кой жаманды ойлобоюн садага
Арман болбос болсом сага колукту
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Jadyrashka   07 Ноябрь 2016 - 01:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Ыйлап алсам

Кара, бүркөк тартып турат асманым
Көңүлгө албай бул жашоонун кыш, жайын
Жашап жатам сөлөкөтүм сүдүрөп
Ыйлап алсам бир жеңилдеп алмакмын.

Көтөрө албай оор турмуштун аскасын
Кучактадым кара жердин таштарын
Ээн талаада болушунча кыйкырып
Ыйлап алсам бир жеңилдеп алмакмын

Айрып билбей адамдардын арамын
Айланыпмын жолдошуна жамандын
Көңүл үчүн колдоп турчуу табылса
Ыйлап алсам бир жеңилдеп алмакмын

Бүгүн мынтип качып менден кайратым
Жаш балача кылыгымды сагындым
Ата-энеме арызданып баарысын
Ыйлап алсам бир жеңилдеп алмакмын.

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 07 Ноябрь 2016 - 01:08

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Jadyrashka   07 Ноябрь 2016 - 09:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Экөөбүз

Арманы азабы да бирдей келип
Сезимдер экөөбүздү бирдей жээрип
Сүйүүбүз аска, зоого илдик эле
Жүрөккө жаңы жашоо бирден берип.

Ортого качан кимдер болду тоскоол
Экөөбүздү чырмап алып бүдөмүк ой
Кош айтпай, кел деп айтпай коштошконбуз
Багыттап эки жакты тартканбыз жол

Түшүндүк сен мага жат, мен сага
Сүйүүсүн тапсын дедик башкада
А балким жооткоруп көңүлдү
Жол туттук калбаганда башка арга.

Чынында экөөбүз тең бирдей жүдөп
Башка эмес өзүбүзго таппай түнөк
Экөөлөп сүйүүбүздү үзгөн менен
Сүйүүбүз бизден үмүт үзбөй жүрөт.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 05:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: