Суперстан: Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм

#141 Пользователь офлайн   Jadyrashka   19 Январь 2017 - 04:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения aika17 (18 Январь 2017 - 00:04) жазган:

Ыйың ырларда эле калсын! Жашоодо ыйлай көрбө,чырагым)

:)рахмаат
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Lili   19 Январь 2017 - 21:09

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 754
  • Катталган: 05 Июнь 10
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 16:00
  • Жынысы:Аялзаты

Бул жакты байкабай кайда журдум экен?!)))
Эн сонун Жадырашка, калемин курчуй берсин!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Jadyrashka   20 Январь 2017 - 00:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Lili (19 Январь 2017 - 21:09) жазган:

Бул жакты байкабай кайда журдум экен?!)))
Эн сонун Жадырашка, калемин курчуй берсин!! !!

Терээң ыраазычылык.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   -NURIK-   21 Январь 2017 - 22:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Ырларымда бирде ыйлап бирде күлөм,
Унуталбай өзүңдү жалгыз жүрөм,
Жүрөгүмдү жаралап кетсең дагы,
Билип койгун баары бир сени сүйөм,

Ырламда бирде күлүп бирде ыйлайм,
Башка жанга өзүңдү такыр кыйбайм,
Сени күтүп жашаймын өмүр бою,
Сен келесиң бир күнү күмөн кылбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Jadyrashka   25 Январь 2017 - 02:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения -NURIK- (21 Январь 2017 - 22:25) жазган:

Ырларымда бирде ыйлап бирде күлөм,
Унуталбай өзүңдү жалгыз жүрөм,
Жүрөгүмдү жаралап кетсең дагы,
Билип койгун баары бир сени сүйөм,

Ырламда бирде күлүп бирде ыйлайм,
Башка жанга өзүңдү такыр кыйбайм,
Сени күтүп жашаймын өмүр бою,
Сен келесиң бир күнү күмөн кылбайм.

Баракелде)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Jadyrashka   27 Январь 2017 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Эй бакытым неге менден алыссын?
Балалыкта көп келчүүсүн сагындым
Байкабастан баркыңа шек келтирип
Капа кылып койдумбу же таарындың?

Бакытым ай кандай ынак жан элек
Ошол күндөр көптөн бери келе элек
Келчи жакын таарынычың жазайын
Айланайын ойноок кызга эселек.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   doni-beku   13 Февраль 2017 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 06 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Апр 2018 21:12
  • Жынысы:Аялзаты

) :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   15 Март 2017 - 14:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Көптөн бери жаза элек экенсиз..

Сизден "Бактыма жеттим" же "Балама" деген аталыштагы ырларды күтөм,буйруса. .)))

Бактылуу болууңузду каалайм!
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Jadyrashka   29 Март 2017 - 10:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Просмотр сообщения Syr_sandyk (15 Март 2017 - 14:17) жазган:

Көптөн бери жаза элек экенсиз..

Сизден "Бактыма жеттим" же "Балама" деген аталыштагы ырларды күтөм,буйруса. .)))

Бактылуу болууңузду каалайм!


:) рахмаат алынкыз
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Aza79mat   08 Апрель 2017 - 20:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Авг 2017 00:33

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
"Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"

Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.

Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
"Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.

Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

Азамат Токоров
7-апрель. 2017-жыл. Москва.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   mikoo   08 Апрель 2017 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 30 Июль 16
  • Соңку аракети: 03 Янв 2021 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Октябрьский

Просмотр сообщения Aza79mat (08 Апрель 2017 - 20:17) жазган:

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
"Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"

Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.

Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
"Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.

Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

Азамат Токоров
7-апрель. 2017-жыл. Москва.

Сооонун жазылыптыр.
..... . .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Jadyrashka   03 Октябрь 2019 - 22:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Кызыма

Даткайым кичинекей, аппак кызым
Эсимде алгач колго алган күнүм
Ыраазы болуп келем жаратканга
Мончок көз, сулуу кызды ыйгарды да.

Эсимде таңды жарып ыйлаганын
Заматта унут болгон кыйналганым
Жытынды жыттап алып мемиреткен
Апа болуу бакытына балкыганмын

Колдорун колдорумду кармаласа
Унутам кайгы-капа, түйшүктү да
Арманым болбос эле алтын кызым
Аллахым бакытынды тоодой кылса.

Акылын суудай тунук болсо керек
Ыймандуу болсо экен деп жүрөм тилеп
Ден соолук, узун өмүр берсе Кудай
Мен үчүн эң чоң бакыт ошол демек.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 21:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: