Суперстан: Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм

#61 Пользователь офлайн   Jadyrashka   08 Октябрь 2016 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

nargis (07 Октябрь 2016 - 02:22) жазган:

Жан дунуйон куздун суугун суйгон болсо
Курдашын конго айланаар барик экен
Ырларын жалан кубанычка толсо
Жан дуйнодо жазды суйуп калаар бекен.

Эмнеге экенин билбейм бирок мен шаңдуу ыр жаза албайм, мектепте эжейим да көп айтчуу шаңдуурак жаз деп.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Эреркенип кетпеси үчүн далдаалап
Колдорумду койдум бүгүн жазалап
Телефондон бошобогон колдорум
Чыкты мынтип үйдүн баарын тазалап

Күндө жатчуу колдор үйдө чалкалап
Суу ташыттым эрте кечтир чакалап
Корообузга узунунан жип тартып
Бүт кийимди жууп кирди асталап

Түн күн дебей телефонду кармалап
Бошобогон колдор мага таң калат
Кечкисине элдин баарын кубантып
Тамак жасап, нан жаптырдым кайталап

Түн киргенде төшөнчүүнү акмалап
Телефонум турса дагы кыңкылдап
Түк карабай коюуу тартып колдорум
Уктап жаттым жылдыздарды аралап
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Ой

Кече болуп жан курбумдун тоюнда
Сансый ойлор, санааларга тойдум да
Ата-энеси көз жаш менен узатышты
Мен байкушту ким узатат тоюмда?

Энеси эбегейсиз сеп бериптир
Атасы эл чакырып той бериптир
Мен куураган төрт себимди кармасам
Эл айтат го "Өз атасы жээриптир"
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   nargis   15 Октябрь 2016 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Уйдо жалгыз биздин Айша
Коп жумушту аткарды
Идиш жууду уй шыпырды
Баарын озу башкарды . деген ыр эсиме келип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 01:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Атама

Бул дүйнөнүн ичи абдан тар экен
Бирөө тепсеп, экинчиси зар экен
Аталап караанына кагылып
Кадыры жок мендейлер да бар бекен?

"Атам" деп айта албай бир жанды
Алысты карап өткөн бала чагы
Күйүттүн ачуу даамын эрте татып
Көңүлдөр эрте күндөн кирдеп калды.

Сагынтып же бир кайра келип койбой
Бөбөктүн таттуу тилин угуп койбой
Канынан жаралганды кантип чандың
Атаке бооруңда таш жибип койбой

Күтүү, күйүт, куса жана сагынуу
Көздөрүмдөн жаш агызган кайгы бу
Акырында көөдөнүмө муз болуп
Ээрибестен, бузулбастан тоңуду.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 01:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

nargis (15 Октябрь 2016 - 01:25) жазган:

Уйдо жалгыз биздин Айша
Коп жумушту аткарды
Идиш жууду уй шыпырды
Баарын озу башкарды . деген ыр эсиме келип кетти.

:)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

....

Сен чалганда телефонум чырылдап
Кубанамын мен өзүмчө кудуңдап
Үнүңдү укканыма сүйүнүп
Сүйлөп кирем барды жокту божурап

Ыйлап алам кээде сага эркелеп
Сагынычым көз жашымды жетелеп
Жаш балача кайра эле сороном
Алдап койсоң барамын деп эртелеп

Ар күнүмдү кыялдарга бөлөймүн
Сагынганда миң түрлөнөт жүрөгүм
А сен мени эркелетип башкача
Такыр эле болуп алдым бөбөгүң
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 15:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Сууруп алып жүрөктөгү дартымды
Сууга агыз, каала өттө өзүң бил
Катып алчы эзгилеген кайгымды
Кубанайын, каткырайын менда бир

Сагынчымды шамалдарга сапыргын
Барлыгыңа шүгүр дейин түгөйүм
Кусалуумун булуттарга жашыргын
Көз жашымды ак жаандай төгөйүн

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 15 Октябрь 2016 - 15:42

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Jadyrashka   15 Октябрь 2016 - 19:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Jadyrashka (15 Октябрь 2016 - 15:32) жазган:

Сууруп алып жүрөктөгү дартымды
Сууга агыз, каала өрттө өзүң бил
Катып алчы эзгилеген кайгымды
Кубанайын, каткырайын менда бир

Сагынчымды шамалдарга сапыргын
Барлыгыңа шүгүр дейин түгөйүм
Кусалуумун булуттарга жашыргын
Көз жашымды ак жаандай төгөйүн

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   92nuraaly   20 Октябрь 2016 - 17:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 289
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Фев 2021 09:09
  • Жынысы:Эркек

Jadyrashka (09 Июль 2015 - 12:19) жазган:

Суроолор боюнча Нураалы байкеге

Форумдагы ашыгым
Виртте гана жакыным
Кези келбей жоолукпай
Журобуз эки жагында ааламдын

Конул ооруп бирде катуу таарынганмын
Кайра ойлонуп озум эле жазылганмын
Ушинтип алыстарда журо берсе
Бир кун келип тойума чакырамын)))

адбетте тамашалуу ыр. :)


Умутай сулууга жооп кылбасам болбос,бул жака ыр жазканын жакында кана билдим. Калемин курчуй берсин, акын чыга турган экен сенен.Ырларынын баары журоктон жазылыптыр.


Себепчи болуп Суперстан
Таптым сени Умутай
Махабат маркетине байланып
Жактырып калгам Умутай

Корбой туруп кылсак дагы мамиле
Кези келсе жолугабыз деп эле
Журдук эле ошол кунду кутуп биз
Барбай калдым сурдоп такыр кутуусуз

Корбосом да кыйын кыз деп билемин
Сагынганда суротуну коромун
Алыстабайт биздин мамиле
Садагасы сени жакшы коромун


Тамашалуу ыр саптар.
МЕН ДУЙНОНУ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Jadyrashka   21 Октябрь 2016 - 00:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

92nuraaly (20 Октябрь 2016 - 17:47) жазган:

Умутай сулууга жооп кылбасам болбос,бул жака ыр жазканын жакында кана билдим. Калемин курчуй берсин, акын чыга турган экен сенен.Ырларынын баары журоктон жазылыптыр.


Себепчи болуп Суперстан
Таптым сени Умутай
Махабат маркетине байланып
Жактырып калгам Умутай

Корбой туруп кылсак дагы мамиле
Кези келсе жолугабыз деп эле
Журдук эле ошол кунду кутуп биз
Барбай калдым сурдоп такыр кутуусуз

Корбосом да кыйын кыз деп билемин
Сагынганда суротуну коромун
Алыстабайт биздин мамиле
Садагасы сени жакшы коромун


Тамашалуу ыр саптар.

:)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Октябрь 2016 - 22:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Соонун го тамашалуу ырлар)).

***
Бирде кулуп, бирде ыйга оронгон,
Эх секетим, тагдыр чие оролгон.
Мээрим тогоор адам менен кол кармаш,
Коргойт Ошол ысык, сууктан, бороондон.

Ыйла алтышком, бирок, баары суйунуч, бакыт учун тамган аруу тамчылар болсунчу!
Дагы да коп коп жазып тур. :kiss2:

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 23 Октябрь 2016 - 22:58

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Jadyrashka   24 Октябрь 2016 - 00:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Sweet-Lika (23 Октябрь 2016 - 22:56) жазган:

Соонун го тамашалуу ырлар)).

***
Бирде кулуп, бирде ыйга оронгон,
Эх секетим, тагдыр чие оролгон.
Мээрим тогоор адам менен кол кармаш,
Коргойт Ошол ысык, сууктан, бороондон.

Ыйла алтышком, бирок, баары суйунуч, бакыт учун тамган аруу тамчылар болсунчу!
Дагы да коп коп жазып тур. :kiss2:

Иий бүгүн эмне эле күн башача десем чоң акын эжем келип биздек кичинекей адамды алкап кеткен тура. Чооң рахмат эже сиздин ырларга жетпейт барибир:)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Jadyrashka   24 Октябрь 2016 - 00:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Бүгүн кечте сол тарабым сыздатып
Ооруп турду онтолотуп, ыйлатып
Бул оору да сагынычтан АПАке
Жаткым келди көкүрөгүң жазданып.

Сүйгүм келди ак жүзүңдү аярлап
Турсам кана нан, ашыңды даярдап
Өзүң үчүн иштеп мен да АПАке
Бакмакмын да жылуу үйдө кастарлап.

Башкалардай ээрчишип той ашта
Жүргүм келчүү сизди алып жаныма
Неге билбейм жете албадым АПАке
Чогу жүрүү, сизди сыйлоо бактына.

Билдирүүнү түзөткөн: Jadyrashka: 24 Октябрь 2016 - 00:23

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Jadyrashka   24 Октябрь 2016 - 00:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Тилегеним көп бала да жан шерик
Аллах буюруп мага жолдош сен делип
Турса жаным арман болбос мен үчүн
Эң жакшы жан болсо болоор сенчелик

Бала тапсак, там салсак да, бак тапсак
Көйгөй болсо жөлөк болуп жандашсак
Уулубузга, кызыбызга суктанып
Арманы кем, бакыты көп жашасак.

Сыймыктансам жолдошум деп өзүңдү
Сыйлап турсак карап көзүң көзүмдү
Сүйүүбүздү Аллах үчүн асырап
Уласак дейм Жаннаттында өмүрдү
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Medinaa   24 Октябрь 2016 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Аии,сонун жазат экенсин:good:
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Jadyrashka   24 Октябрь 2016 - 01:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Бала бакыт

Оо Аллахым бала бергин жашоодо
Ансыз билем болбойт такыр жашоого
Бешти,онду, каала он беш барибир
Узун өмүр, бийик ыйман ырооло.

Үйүм толуп базар болуп жыргайын
Күлкү коштоп, "апа " сөзүн угайын
Балбылдаган балапандар каткырып
Эшигимди кайгы какса укпайын.

Эне болуу эбегейсиз зор бакыт
Таман асты Бейиш болуп аталып
Мен да ошол чоң бакытка кезигип
Өтсөм деймин жакшы эне аталып.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Jadyrashka   24 Октябрь 2016 - 01:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Medinaa (24 Октябрь 2016 - 00:46) жазган:

Аии,сонун жазат экенсин:good:

Рахмаат:)
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   92nuraaly   24 Октябрь 2016 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 289
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Фев 2021 09:09
  • Жынысы:Эркек

Баракелде онорун оркундой берсин
МЕН ДУЙНОНУ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Jadyrashka   24 Октябрь 2016 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 02:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Жылуу кийин, тамак көп көп ич дечүү
Апакем ай жаман ишим сүйбөчүү
Өзү ачка, эски кийимде калса да
Мени аяп мага баарын бүт берчүү

Этият бол, жол четинде бас дечүү
Мен келмейин өзү уйкууга кетпечүү
Себеби жок ойноп жолдо кечиксем
Асыл апам мектеп көздөй беттечүү

Сууга барсам чөгөсүн деп айланчуу
Отко жакын ойнобо деп эскертчүү
"Сен жалгызсың, жапжалгызым өзүң" деп
Ээлеп алчу апакемди жүрөксүү

А мен чунак ал кезекти баалабай
Кайгы салдым, капа кылдым барктабай
Кечир апа ойноок, эрке кызыңды
Сагынамын кең пейилиңди асмандай.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 06:07

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: