Суперстан: Жан дүйнө чаңырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жан дүйнө чаңырыгы Жан дуйнодо болуп айтылбай жаткан чанырыктар жазылсын.

#1 Пользователь офлайн   Dimedra   24 Октябрь 2018 - 01:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бул жерге ар ким Жан дуйносун кыскача суроттоп жазса болот.



Атаке боорун таш беле!

Ээх-х эмнесин айтайын. Орустарды каапыр дейбизби, эмне болсо болсун бирок алар аялын таштаса да балдарын таштабайт тура. Бала менде калат, дем алышта менде болот деп талашкандарын айтпайсынбы. Биздин аталарчы, качандыр кулагына ынаалаган ун жанырып балалуу болгондорун да унутуп коюшса керек. Ошол аталардын журогу бир тыз дейт болду бекен, жуткан ашы калып кеткен баласын эстегенде тамагына такалып какап кеткен учурлары кездешеби, таштанды балдар эстеп ыйлаганда тушторундо коруп чоочуп ойгонушабы. Кайдаан, андай болсо менин атам бир тун да тынч уктап, бир да будур тамагынан отмок эмес.
Мен сени эстебеген кунум, сагынбаган мунотум болбоду атаке. Азыр сени ата дештен да корунуп турам. Сен кандай жашоодо жашайсын, ден соолугун жакшыбы бир кезде мени таштап колуна алган башка уул кыздарын сага жакшы карашабы, ата деп сыйлашабы мага баары бир, ооба мына бугундон баштап баары бир.

Сен мени абдан жакшы корчуусун, кичине болсом да эсимде калган, каалаганымды алып берип апам урушуп калса арага тушуп коргогон учурларын, " менин перим доктор болот" деп айткандарын баары эсимде. Бирок сенин кеткен кунунду эстей албайм, аябай эле жаш экенмин да 4-5 жашта болсом керек. Эч кимге айрыкча апама билдирбей сени куттум, кундо келет деп умуттондум, кантип эле жанындай коргон мени таштап кетсин деп ишенбедим, корсо адашкан экенмин мени таштаганын эмес жакшы коргонун жалган тура. Андай эмес деп актанба, анткенге акын жок. Сен башка кыздуу болдун, аны менден отуп жакшы коргондурсун, ал да сени жанындай короор, а менчи атаке! Мени ким жакшы корот, Ким коргойт, мен кыз бала эмесминби, сага айрыкча муктаж алсыз жан экенимди унуттунбу? же мен бул дуйного адашып жаралып калганмынбы? Менин ордумду басчуу адамдар чекеден чыкты. Апамдын ачуусу катаал экенин билчуусун, ал тилдеп мен эмшиндеп ыйлаганда ким сооротот деп ойлонбодунбу? Огой атамбы? Оз атам жакшы корбогон мени огой жыргатмак беле, ал апамды менден алыстатпадыбы. Озу акча кетирип бакпаса да апам оз мээнети менен таап мага берип калса ошол акчадан кызганып жаман корбодубу, аны апам байкуш жашырып айтпаганы менен экоонун урушун бир уйдо туруп кантип укпай коймок элем. Сен эле жанымда болсон, кээде эле жолугуп турсан эмне болмок, апамдын жаны куйосу бираз да болсо тайсалдамак беле, атасына айтат, болушаары бар деп жаман козун, кычык созун таштамак беле.
Билесинби, мен сен кеткенден бери тоюп эркелей элекмин, корунчаак, коркок болуп калдым акыркы кундору кок да болуп баратам. Бир кезде журогум опко боорум деп эркелетчуу апам азыр андан берээгирек эле жакшы созун да арнабай калган. Ал ордумду синдим басты, узулуп тушуп эркелеткенге башка адам тапты. Аны урушуп эле корсунчу атасы озун садака чабат. Ал кичинекейим барына шугур, менин таянычым, мени аячуу жан тартуучу жалгыз адамым. Кичинекей болсо да менин абалымды тушунгондой апам мени урушуп баштаса оз болмосуно кирип тизесин кучактап ыйлап отурат, "сизди эле уруша берет" дейт. Мен да аргасыз козумо жаш алам, апамдын урушканына душманга да ыраа корбогон ачуу создоруно эмес, мага болушчуу арачалаганга алы жетпесе да жан тартып конулумду жубатчуу кичинекейим бар экенине эреркейм. Ал кайдан билсин апам сенин очунду менден алып жатканын, ага туртку озунун атасы экенин. Анткени сени тааныгандар айтышат менин тусум сага окшоштугун. Менимче тусум гана эмес кыялым да окшоп калса керек чечкинсиз болуп. Атаке экообуздун жузубуз сулуу болгончо журогубуз сулуу болбоптур, сулуу жуздун айынан экообуз эки жээкте. Сен сулуу болбогондо башка аял сени бизден талашмак эмес беле, анда биз бирге бактылуу болмокпуз. Сени жакшы адам деп айтып калгандарын укчумун шайтанга азгырылып калды дегендерин, ал создорго ишенип чон умут менен жашадым, мени таппай жаткандыр, жакшы атам бар тура чоноюп жашоосунда пайда болсом кубанат го деп. Кандай толкундоо менен дарегинди таап, колдорум титиреп номурунду тергенимди билсен эле. Аттин сени таппай калсам не!, омур бою ширин кыялдарда жашасам не! Аты жонумду Кызынан "ова" кылып откоргонго сенин уруксатын керек экен, сен "Ало" дегенде кубанычтан журогум жарыла жаздабадыбы ата, унум титиреп аран баарын кыскача баяндап таанышканымда сен эмне дедин, "Баардык документин апанда менде эч нерсен жок" деп ашыкча соз суйлобой укпай да коюп койбодунбу. Жок дегенде созумду акырына чыгарып угуп менден баш тартып берсен жакшы болмок, сен мени тан албасан апамдын атына катталышым учун сенден ошол нерсе керек экен. Озундун муздактыгын менен жашоомду бырчалап салганынды билесинби? Сенден мага эч нерсе керек эмес, Кудайга шугур апам кедей адам эмес, озум да иштей турган абалга жетип калдым. Керек болсо сени кыйналып жашайт деп укканымда сага жардам берем дечуу эмес белем. А сен аялындан корктун, мени кызым деп коюшка жарабадын. Сен Алладан корккон жоксунбу ата? Ал Заттын алдында мен учун жоопкер экенинди унуттунбу? менден сураса Ал Заттын алдында дене мучом жалган айта албай тилим чынын суйлоп ыраазы эмесмин деп айтып койсо эмне кылам. Эми мага баары бир!

А баса апа мени аячы, жарты конул экенимди эске алчы, озуно, синдиме салыштырба! Мен силердей толук кандуу уй булоодо осподум, силердей бакытка ээ боло албадым, ошонум мени силерден айрымалап турса керек, тушунчу апа! Менин сыртым жалтыраган менен ичим бурганак, ирети жок текчедей экенин кантип тушундуром сага. Туура эмес кадамдарга барып койсом тилдебечи, жакшы соз менен тушундурчу, мен да тушунгонду уйроноюн. Апа жакшы мамиле жасаганды билбесем, суйуум чексиз экенин сага билдире албасам кечирчи, анткени мен суйууну кантип корсотушту билбейм, мага эч ким уйротпогон андайды. Ар дайым мага "сага акчам эле керек, мен сага керек эмесмин" дейсин, жок апа мен сага керек болбой калсам да сен мага керексин. Озун айткандай сендей эле кыз болуп бере аламбы сага же сен тайэнемдей жолдуу болбой калдынбы. Тайенемдин сендей кызы бар бактылуу, анткени сенин тайэнемдей апан бар, ал киши сени урушканын бир да корбодум, сен озун туура эмес кадам таштап туруп да ыйлап алдына барсан башындан сылап сооротот, "озун куноолусун, чала болот, койгойу жок журбойсун" деген создорду ал билбесе керек каарыды да. Апа мага жардам берчи, алыстабачы, алыстатпачы, жан дуйномду иретке коюп берчи. Менин сенден башка кимим бар! Эми ата энеге берилуучу суйум жалгыз сага арналат, канткенде аны сезесин.

Мурунку аял, мурунку куйоо болот. Мурунку бала, мурунку ата-эне болбойт!

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 24 Октябрь 2018 - 01:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Feriha   24 Октябрь 2018 - 18:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 170
  • Катталган: 03 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Янв 2019 01:00

Журогум ооруду.Жан дуйном ыйлады
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Feriha   24 Октябрь 2018 - 19:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 170
  • Катталган: 03 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Янв 2019 01:00

Кичинекейим, татынакайым сени эстесем жан дуйном антарылып, журогум ооруп чыгат.Эч ким мындай болушун каалабады эле ,кимде куноо кеп созго келбеген,женил ойго алдырган келечегин ойлонбой сени арсар кылган апандабы же апанды озуно баш ийдире албаган атандабы... Кимди куноолор экенсин.Арка алдын ойлобой уйлонуп алышып,мамилебиз келишпеди деп ажырашкандар кобойду.Сени катуу сагындым.Канттин экен бир боорум.Басып калдын бекен.Же бизге бербейт,же озу карабаган апан келди бекен Россиясынан. Жансыз буюмду сенден артык коруп басалек ,отура элек сени таштап качкан апан келди бекен.Биротоло бизге бер десен ага конбойт.Сен да бир кун баарын куноолоп,жандуйнон ыйлап атан апанды дек короорун анык.Ачык эле куноолого,таарынууга толук акын бар.Эс акылдуу, бактылуу, улгулуу кыз болуп чоной сен эки арага таштаган ата энен окунгондой болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   raia   26 Октябрь 2018 - 09:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Эх кызыма аа кызым окуп отуруп журогум сыздап кетти.
Кана эми сен акыркысы болсон ата энеси ажырашкандардын.
Бир кезде мен да атамы кутуп колго карап, мени атама алып кетчи деп асманга карап булуттар,булуттар мени атама алып кетчи деп,удургаган шамаал болсо,шамаал, шамаал мени атама учуруп кетчи деп суроанган кундорум коп болгон.Тайэжелерим атасына окшош сулуу кара жада калса да чачын кара турмолоктошуп турат ушул синдимди жыргатабы? Атасынын озу козун кара тирмейип дешер эле.Атамы жек корушор эле ошол адамдын кызы болгон учун мени да жек корушор эле.Алар канчалык жек коргон сайын мен атамы сагынып ики менин атам жакшы деп ичимен каяша берип жол карайт элем.Жол карап сагынычым артып жол жол атамы алып келип берчи? Мен атамы сагындым дээр элем.Козумун жашын агызып унсуз боздоп ыйлайт элем.Бала болсом да мен энемен коркуп жашыруун жолго чыгып алып болбосо кол жээгине барып алып коз жашымды колдой тогуп ыйлаар элем.Балыкчы колдун башында деген созду кулагым чалып калып
- Ошол Балыкчы тарапты карап алып папа,папа деп кыйкырып чыкыргандарым дагы эле эсимде.Мен ошондо 3 жашымда атаман ажырасам 4 жаштарда экем.Кийин тушумо кара плашчан адам келер эле бир кана тушумо тан калып мен таятам менен тайэнемди ата эне деп чонойдум.Мен оздугумду унутуп, оз ата энемди билбей чонойдум.Жетим бала кекчил болот,зирек болот.Дайыма кара плашчан адам мени машинадан тушуруп,кучактап ооп мени бир аялга бергенде мен ал адамдын жакасына жармашып кармаганым, ыйлаганым анан колумдун тырмактары зыркырап ооруп чынырганымча туштон ойгонор элем.Бул туш менден арылбады тез тез корбосом да корот элем.Бул тушумду менен апама 17 жашка чыканда туулган кунумдун туну тушумо кирип эртеси айтсам.Апам тан калып сен анда учко деле толо элек элен.Машинадан тушкондо атаны ээрчип ыйлагансын. Жармашып чырылдагансын кучко салып чыгарып берип атан да ыйлаган бойунча кеткен эле.Сен чырылдап басылбайсын карасак колун канап журот корсо тырмактарын сынып кеткенче катуу жармашкан экенсин ошондо сен учко деле чыга элек элен.Ошол кун эсинде калыптыр да балам деген эле.
Менин ошол коз жашым,куткондорум, каранына зарыгып ыйлагандарым бара бара таарынычка айланып,таш болуп журогумдо катып калды.
Мен атамы козу тируусундо кечире албадым...
Бир кездеги тайэжелерим атасына окшош,чачын кара деп жек коро чачымды оорута булкушар эле.Бешик баласы беш тулойт дейт.Азыр сени коргондо эжемди коргондой болом.Эжемин эле озусун,суйлогонун, токтолугун,баскан турганын,жада калса жылмайганын кудум эле эжем деп ыйлап жиберишет..
Бир кезде атасы таштаган жетимдин акыркысы мен болойун деп ыйлап кол менен сырдашат элем...
Кол жээгинде колумо карап жетим кыздын армандуу ырларын,журоктон сызылып чыкан ырларымды окуп берер элем..
Корсо эч качан акыркысы болбойт тура.Баланын арманын эне ата биле бербейт тура...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Dimedra   16 Ноябрь 2018 - 19:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сүйүү дүйнөсү - Бул эмне деген керемет дүйнө ээ. Миң бир байлыкка алмашкыс сезим.
Турмуш кыйынчылыктары сүйүүнү өчүрөт дешет, а мен бир саамча ойлонбой туруп айта алам, ал сөз жалган деп. Эгер өчүп калган болсо анда силер суйбопсунор, мендеги сезимди эч кандай кыйынчылык өчүрө албады, албаса да керек. Бирге өткөргөн он жыл аралыгында ал сезим болгону күчөп барат, мени бүт кучагына арбап алды, андан баш тартып чыгып кетүүгө кубатым жетпейт, чыккым да келбейт. Бул сүйүүнүн аягы кандай болот билбейм, эмне болгон ченде да мен тагдырга ыраазымын сени жолуктурган. Сен башкалар үчүн көптүн бири болсоң, мен үчүн бүт ааламымсын.
Алдын дүйнөнү бир гана милдет жана укукка бөлчүмүн, азыр ырахатты да кошуп калдым. Мунун баарын мен айтпасам да болот, анткени сен билесин, менин сезимдерим канчалык күчтүү экени сага маалым. Бирок... бирок сенден андай сезим көрө албадым, сен баарын акыл калчап гана чечесин, сүйбөгөнүндү жашырмак турсун баса белгилеп таамай айтасың. "Сен мени анчалык суйбо" деп да айта аласың, "мага жардам керек, колдоо керек, эгер жардамы тийбесе эркектин эмне кереги бар, убагы келсе мен кетемин" деген сөздөрдү нечен ирет кайталадын, а мен сенден баш тартып кете албадым. Бул сөздөр ар бир аялдын акылында болот, бирок кээси гана аны ачыктай алат сага окшоп өзүнө ишенгендер, белгисиздиктен коркпогондор гана, бул чындык! Сен суукта ысытып, ысыкта ушуто аласың, эч күтпөгөн учурда жардамга келип колдоо көрсөтүп, муктаж болуп турган учурда терс бурулуп басып кетүүгө да кудуретин жетет. Кээ бир кадамдарын ушунчалык акылдуулугуңа тан калтырса , кээде туруп сенден өткөн келесоо жоктой коруносун. Элдердей эле мактанасын, наалыйсын, кыялданасын, бирок алардын биринде да менин атым катышпайт. Экөөбүздүн тагдырыбыздан башка баардык нерсени ачык айтасын. Эң кызыгы мунун баарын керемет жасайсын, кылгандарындын бирин да туура эмес деп айта албайм, себеби сага баары жарашат.
Элдер кантип башкаларды сүйүп жүрүшөт сени эмес деп да таң калам. Сенден башканы да сүйүүгө болобу? Кантип?
Мен сен үчүн гана жашап жаткандаймын, сен үчүн гана дем алып, чарчап, акча таап, коркуп, коркутуп, жыгылып кайра туруп.
Жоок, акылым жайында, ата эне урук тууган дегендер да бар акылымда. Алардын алдындагы миллеттеримди да эстен чыгарбадым, апамдын бир тамчы көз жашы үчүн бүт дүнүйөну сапырууга даярмын, атамдын бир ооз сөзүн аткаруу үчүн ааламды кезем, тууганыма жүрөгүмдү ойлонбой сууруп берем. А сенчи? Сен башкасын, менин бар кудуретим сенин колунда. Мени соомоюндун учунда ойнотосун, а мен анына эч каршылыгы жок баш ийип берем. Эмне жасасам кандай кылсам да сен каалабасан сени кармап кала албайм, ага күчүм да кудуретим да жетпейт, себеби сенин алдында мен элдер билген баатыр эмес бир болбогон алсызмын!

(жан дүйнө чанырыктарындагы бир да окуя мага тийиштүү эмес, мен жакшы таанып ички туйгусун биле алган жана мага аны жеткире айта алган адамдарга таандык).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Dimedra   18 Ноябрь 2018 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Коркунучум коштоп журот

Корком! Мен сенден корком - жалгыздык. Кет! мени ташта, жандап журбо!
Кайдан сен мени укмак элең, сен менин мээмден, кан тамырларымдан жүрөк согушума чейин аралап кирип алгансын да, балким сени өзүм чакырып алгандырмын. Анан кантем туулуп бала боло албасам, тууп эне атанбасам, жар болуп жыргалга батпасам. Дуйнодо мен жалгыз эмесмин, жан дүйнөм жалгыз. Ал жерде эч ким жок, ачып кирүүгө аракет да жасалбаган, балким чын эле мен башкалардын ачуусуна мүмкүндүк бербегендирмин, өмүр бою корунуп жашайм. Анан кантем, жетимдиктин азабын тартпасам да балалыктын жыргалына батпагам. Жок-жок мен алардан наалыбайм, мени ушул эрежеге жеткирген апамды жандай көрөм, атамды хандай көрөм, кызымды өмүр деп билем, аларга миңден миң ыраазымын. Бирок айланамда ушундай адамдар жүрсө да мен жалгызмын, ушул жалгыздык мени кууп алды артымдан, сенден качып кичинемден жан дуйномду эч кимге ачпай келем, эгер ал жерде оргуштаган ойлор атып чыкса айланамдыгылар иренжип алыстап качпасын дейм. Сенден коркуп, жан дүйнөмо тугой таап туткунундан кутулам деп жүрүп кантип сенин сазына батып калганымды сезбей калыптырмын. Чындап эле мага эрегишип алсаң керек, мен жеткен тугойдон ар кандай жолдор менен айрып отурдун. Көрсө сени менен алышып жүрүп алыстамак турсун жанашып калган экенмин. Азыр болсо сенден башка эч кимим жок. Анткени өзүм эркелоо эмнелигини билбегеним аз келгенсип эркелетуу эмнелигини да унутупмун. Дүйнөдөгү эң жакын адамым, Жаратканымдын белеги болгон кызымдан да айрылган экем. Ал мага бөтөн болуп калган тура. Ооба туура кылат, анан мен эмнени куттум эле, ага эң керек болгон учурда кайда элем? Өзүм анын ордунда болбодум беле, аны менден жакшы ким тушунмок. Дененин оорусун сакайтуу ар кимдин колунан келет, жан дүйнө оорусун даарылоочу? Дүйнөдө канча колдор сыласа да эненин колу башка экенин мен билбейт белем? Көрсө ал күндөрү сени менен алышып жүргөн турбаймынбы, эми табан кандыбы? Бүтүндөй өзүңдүк кылып алдын, жанымдагы жарым да мендик эмес, ар күн ар мүнөт аны менден ажыратам деп коркутасын. Же эмне сен да мени коштоп жүрүүдөн чарчап эс алып жатасыңбы ээ жалгыздык?

(ашыра чапсам кечиресиз, бирок сиздин жан дүйнөнүздүң шыбырын мен ушундай уктум)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Dimedra   20 Ноябрь 2018 - 22:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Жарык күндөр мени унутуп калгандай.

Жашоонун он беши караңгы болсо он беши жарык дешет, менимче бул сөздү мага окшогон байкуштар ойлоп таап алышса керек өздөрүн алаксытып, же аларды тегеректегендер ойлоп тапкан мендейлерге үмүт берип. Мен эсе эчаак ынанып болдум бул сөздүн сөз боюнча эле калаарына, болбосо ал жарык күндөр менин дарегимди таппай жатабы. Үмүт кылуудан, жакшылык кутуудон да чарчайт экенсиң акыры. Билбейм, балким бала кезимде болгондур жакшы күндөр, бирок азыр ал кезди эстей албайм, акыркы жыйырма жылда жашоо менен алышып жүрүп алыста калган эмес жакынкы күндөрдү да унутуп бара жатам. Турмуш кургандан баштап азап коштоп эле келе жатат көлөкө сыңары.
Өлгөн адам тууралуу жаман айтпайт дешет, Алла мени да аны да кечирсин. Баардык эле кыздарчылап мен да "мачо мэндерди" суйчумун, суйбой сумурон кал, аларын өмүр бою эле озунун "мачолугун" ойлоп жашашат тура. Турмуш ушул экен деп ал мачонун канча кордугуна чыдадым, үйдө жатсам сен кимсин дебей ар тапкан жаңы кыздарына кеткеничи, ал аз келгенсип алардан алалбай калган калдык ырахатын менден алып, албетте алар анын ур тепкисин котормок беле. Кыз десе кыз уул десе уул төрөп бердим, анда да токтободу, же мага болушкан бир жан болсочу. Үйгө кетсем бир жылуу сөзү менен алдап арбап алып кетет. Ага эле алданмак эмесмин, бизде андан да курч маселе бар эмеспи куру намыс деген, олсон ол бирок урук тууганды жер каратпа деп туздуу жашты кылт жутуп жашай бермей. Мен да башкалардан айрымаланбай бешенем ушул тура деп баарын тагдырга шылтоп ал салттын курмандыгы болуп бердим. "Турмушка бышкан кыз" деп коюшса бышкан турбаймынбы деп бүт турмуш арабасын мойнума асып алып жашай берипмин, кайдан билдим ал арабаны бир илип алсаң эч түшүрө албасынды.
Акыркы убактарда жакшы жакка өзгөрүп келе жатканын көрүп жарык күндөр келет деген ушул деп суйунгонумду айтпайсынбы. Көрсө чындап эле ал күндөр мен үчүн жарык болгон экен аз болсо да, артынан учу кыйыры жок карангылыкты жетелеген.
Өлгөн өлдү тирүү жашайт болуп эми жакшыга айлана баштаганда "мачом" өлүп мен калдым жашоо менен жалгыз алышып. Ооба мурун эле араба мойнумда эле, бирок анда бирин экин чогулткан дүнүйөм бар эле да. Ал ооруганда бар дунуйомду ага сарптап арабам да бош калган, ага эми беш баламды салып алып калдыратып келе жатам. Шаарда эмес айылда, же бир малы жок же жашаган үйү жок чийедей беш бала менен эч бир колдоосуз калып коргонсузбу, эч качан калбай калың, бул азапты көргөн акыркы адам мен болоюн. Башына тартсан аягына жетпеген же бир алдыда үмүт бербеген кундор өтүп, тытынып эле келе жатам. Элдерчилеп алыска да кетип көрдүм, балдарым кароосуз калса өкмөт деген неме тартып алам деп коркутат тура, алардан коркуп ач кулактан тынч кулак балдарым менен болоюн деп келип алгам. Өкмөтүн дагы жерге кирсин, же өзү жардам бербесе, же өзүнө коюп бербесе.
Жетишет! Наалыба! Ар кимдин өзүнүн түйшүгү бар, сени менен кимдин жумушу болсун деп арманымды ичке жутуп какшая күлүп жашоодон да чарчап баратам, билбейм качан түгөнүп бутом, качан чарт жарылып же чарчап аяк тарта албай калам.
Аттин, болгону 41 гана жаштагы аял эмесминби, мен да күлүп, сүйүп сүйүлүп жашагым келбейби, мен да жашоонун жыргалын көргүм келбейби, же мен ал үчүн жаралбаганмынбы. Мен да адам экенимди аял экенимди эстегендер барбы. Баары эле балдар чонойсо жакшы болот дешет, бирок ал күндөр алыс. А мен адам катары жашоону эчаак токтотуп койгонмун, бул көнүмүш адат, бирөө үчүн жашап баарын ойлонуп, өзүн акыркы катарга жылдырган аялдардын арасын мен да толуктап келем, барына Шүгүр деп.
Жарык күн эгер бар болгонун чын болсо мага да чачыратчы нурунду, муздак жерге киргенче мен да сезип өтөйүн сенин жылуулугунду. ..

(эжем кечиресиз, анча мынча аша чапкан болсом, бирок бул сиздин ичинизде сыртка чыкпаган шыбырды мен ушундай уктум)

Башка жөнөтүлгөн каттарды да чыгарам келип түшкөн тартиби менен.

Кийинки каарманыбыздын өмүрү чыгармага арзыгыдай, жашоодон алынган окунуч коштогон чыгарма жакында.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 20 Ноябрь 2018 - 22:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Dimedra   03 Январь 2019 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Мен өзүмдү тааныбайм.

Мен чечкинсиз аялмын десем, керек эмес учурда өтө эле чечкиндүү болуп кетем. Ах ушул сапатым, мени көп кыйнады го. Кийин менин дагы бир дартым, кекчил көрүнөм, же өзүмдү акташ, аяш үчүн башкалардан күнөө издей беремби. Неси болсо да жашоом менин башаламан, ал үчүн ким күнөөлүү? Менин бар жок экеним кызыктырбаган жер бетинде өзүнүн тамчы канынан жаралган бир адамча жашаганын, ал үчүн эки дүйнөдо жоопкер экенин сезбеген ата атындагы адамбы? Же дүйнө кандай болоорун түшүндүрүү, жашоого болгон көз карашымды туптоо милдетин аткара албаган апамбы? Же ур токмокко алып, сен кайда бармак элең, кимге керексин деп кемсинтип эркекке болгон жек коруумду күчөткөн күйөөмбу? Ооба мен эркектерди жек көрүп жашап калгам, анын себептери көп, жада калса жанымдын барчасы тогуз ай которуп кыйналып тапкан жан балама да мээрим того албай койбодумбу. Менимче аң сезимим ал кичине чурпомду да наристе катары эмес өзүм эсептеген эссиз эркек катары кабыл алып алса керек. Азыр менин жазганымды окуп отурган адамдар да тообосуна келип турушкан чыгаар, кээ бирлериниздер тилдеп каргап да алгандырсыздар. Ооба, эгер өзүм бул күндөрдө жашап өтпөгөндо мен да так сиздердей кабыл алмакмын. Бирок жашоондо эркек аттудан жакшылык көрбөй, бир гана алардын пайдасы үчүн колдонулуп керек эмес учурда ташталып кете бере турган буюм катары тагдырда калганында башка алардан жакшылык күтпөй калат экенсиң, бул да ошолордун бири болот да деп гана тим болосуң.
Жок, мен адаштым, карачы дагы адаштым. Мен тааныган эркектин баары эле жаман эмес, мени бапестеп баккан тай атам , тартипке салган тай акелерим кандай асыл жандар. А балким менин атам, күйөөм, мени алдагысы келген эркектер да бирөөлөр үчүн ошондой асыл жандыр, а тайларым болсо башкалар үчүн эссиз эркектир. Мына ушундай жашоо, сен баарына тегиз жага албагандай эле, сага да баары тегиз жакшы боло бербейт.
Бирок аттин арман тай ата деген тай ата да, эркелетет, намыска бек бол дейт, тоюнтат ичинтет кийинтет, а бирок... бирок өз атаңдын орду башка. Андан тартынбайсын, оордугумду салып койдумбу деп чоочулап, мен үчүн жаман соз укпасын апам деп тыйынып жашап, тең курдаштардын алдында чунчубойсун. Урушса да тилдесе да өз атаң да жанына батпайт. А башкалардын колунда өскөн, азыркы тапта апаларын алыстан күтүп саргайып күткөн ар бир жан мени түшүнөт, канча тайрандатып караса да дүйнөн түгөл болбойт, ар убак аларга жага турган жорук жасап жашооно туура келет. Андай жашоо азыр ойлосом адамдын келечегине көп зыянын тийгизгидей, кудум мен сыңары чечкинсиз, жашоодон эмне күткөнүн билбеген, башкалардын оюнан көз каранды адам туптолот экен.
Мен да аракет кылдым, остум, жер көрдүм, дүйнө кабыл алуум озгорду, бирок орустар айткандай "детское психология не лечится" деген чын көрүнөт, али да ошол өзүмө ишенбеген сапатым калбады.
Көп эмгектенип баарына жетиштим, кызым, балам чоңоюп бой тартып калышкан. Жашым кыркка жакындап, озум апа болуп, билинбеген озум каалабаган тейде мен да апамдын жолун жолдоп балдарымдан алыс жүрүп, тарбиясын бере албай жатсам да, өз энемди түшүнүп жакын боло албай койдум. Ким билет балам деп тамырымды тартып, башка турмуштан көргөн балдарына карагандай көз караш менен караса балким мен да ээримекминби. Эмнегедир апам да анте албады, ал эмнеге андай? Менин го жашоом белгилүү, а апамчы? Жакшы эле тарбияда, толук кандуу үй булоодо, мээримге балкып осподу беле. Анын да себеби бардыр, мени кызым дебеген атамдын канынан жаралып калганым үчүн ошентсе керек, ар дайым бөлүп тургансыйт, өз баласына эмес бөтөнго карагандай карайт.
Мына кордунузбу, мен дагы өзүмдү актап башкалардан күнөө издей баштадым. Анан кантем, мен өзүм эмне каалаганымды, жашоодон эмне кутконумду да билбейм, жада калса мен өзүмдү да тааныбайм. Жан дүйнөм сыздап, бардык эле жалгыз бой аялдардай жалгыздыктан жабыркап келем. Алдыда жакшы күндөр бардай, кимдидир күтүп сагынгандай болом, бирок кимди билбейм. Жүрөгүмдү боштондукка чыгара албай келем. Эми жашоого кызыгып, мени жактырган адамдар пайда боло баштаганда дароо акылым оозанып жүрөккө күмөн жаратат "а балким ал да сен тааныган эркектердей болсочу, а балким алдап кетсечи, дагы кор болосуң, эркектен көңүлүн калбайт экен да" деген сыңары сөздөрү менен. А жүрөк байкуш дагы шомтуроп акылга кулак салат да чырмалган кулпуну ачканга даабай отуруп калат. Болду акыл женди дейин деп жүрөктүн түпкүрүнө жакшылап карасам бир нерседен үмүт кылгандай, жылуу кучак, бактылуу жашоо энсегендей. Же ал дагы өзү жактырган, өзү эңсеген жанды күтүп жүрдү болду бекен, жөн гана сүйбөгөнүн тан албай күнөөнү акылга оодара салып жалгыздыкка аны күнөөлөп жашап жатабы.
Билбейм ал экөө кандай жыйынтыкка келишет, менин болсо чыдамым тугоп барат, мен да жалгандан же кыска мөөнөткө эмес чын жүз менен бакыттан балкып узаак мөөнөткө тоюп күлгүм келет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Dimedra   04 Январь 2019 - 16:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сабырым түгөнүп бараткандай.

Туура эркек аял эки башка адам, алар эки башка ойлонот, жашоо кабыл алуусу да эки түрдүү, кыйынчылыктан чыгуу жолдору да башка. Бирок сага айтайын дегеним, эркекте деле сезим бар, ооруй турган жүрөк, кайра калыбына келбей турган көңүл бар экенин билчи. Сенин тилинден чыккан заар сөздөргө жооп айтпасам эле менин сөздөрүмдүн торкунуно түшүнбөйт, манкурт деп ойлоп алганга окшойсун. Жок жарыгым, сен оозуңду ача электе түшүнөм эмнени айткын келип жатканын.
Ооба сен айткандай азыркы тапта бир аз жолум болбой турган учур, бирок сен муну утурумдук гана сыноо катары кабыл ала албай койдун, мындан башта болуп өткөн таттуу күндөрдү такыр унутуп койгондойсун. А балким ал күндөр деле сен үчүн таттуу болбогондур. Эркектер кечирбейт бирок унутуп калат, аялдар кечирет бирок эсинен чыгарбайт дешчуу эле, сен андайга кошулбагандайсын, же аялдар жамандыкты гана эстеп жакшылыкты бат унутушабы.
Менин талдуу жерим эмне экенин да билесиң. Намысыма тийе бересиң, кудум сен мени багып жаткандай. Ундобойм, анан эмне сени менен эсептешип калмак белем. Каалабасан иштебе, андан мага зыян да пайда да жок. Аны өзүң жакшы билесиң, жумушка баруу өзүнө жакканы үчүн гана барасын мени багыш үчүн эмес. Өзү акылмандар туура айтышкан өңдүү, цивилизация жапайычылыктын башталышы деп. Жашоодон артта калбасын, өзүн эркин сезсин, сыртка чыгып көңүлү ачылсын деп иштөөнө тоскоол болбой жол ачып берсе, аны да башкача түшүнүп алгандайсын. Түшүнчү берекем, мага сенден эч нерсе керек эмес, жан эргиткен жылуулуктан башка.
Элдердин айткандарын кулак сыртынан кетирем, "кандай бала эле, кандай болуп баратат" дешкендерине маани да бербейм. Билем алар эмне дегиси келгендерин, бирок алар да кызык, эмне мени бирөө колумдан сүйрөп алсыз кылып коймок беле, кандай болсо да өзүм гана күнөөлүү эмесминби. Ар күн чыйралам мурунку курч муноз акылдуу кейипти кийүүгө, бирок кулакты жаап мээмди бутоп коё албай жатам, сенин ачуу сөздөрүн жылуулугу жок көздөрүн муздатып баратат. Өзүн ойлончу үшүп турган адам кыймылга жарайбы.
Мен баарына чыдап келем, сенин ар күн мээмди мите курттай жеген, жердин жети түбүн кыдырып таап келген заар сөздөрүнө, элдердин боор ачып караган көздөрүнө, сен муну алсыздык же менсиз жашай албайт деп түшүнбө. Бил, бул аракетим сенсиз жашоом өтпөй калганы үчүн эмес, аталап жүргөн чурполорумдон алыстабаш үчүн. Мен күнү келип сени менен эки айрым жолго түшүү үчүн ак бата алып үйлөнүп, алардан алыс туруп жашоо үчүн ата болбогонмун, силерди кыйнап көз жашынарды төгүп коюп четте карап туруу үчүн үй булоо курбаганмын. Силерди ач жылаңач койбоймун да, болгону азыраагына сабыр кыла турсаң, мындан начар жашоодо жашап жаткандар да бар экени чындык эмеспи.
Жан эркем, Кудайым кошкон жан шеригим сабыр кылууну уйрончу, антпесе акыркы күндөрү менин сабырым тугоп барат. Бул күндөр да өтөт, жакшы күндөр өтүп жаман күндөр токтоп калмак беле, болгону сабыр кыл. Баары жакшы болооруна ишен, өзүн да түшүнүгү кем аялдардан эмессин, жогорку билимдүү Алланы тааныган акылдуу аялсын, ошол адамдык сапатынды шайтандын акылына азгырылуусуна жол бербе...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Dimedra   05 Январь 2019 - 15:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бактылуу болгум келет.

Бактылуулук деген өзү эмне?
Эгер ал мен ойлогондой жан дүйнө тынчтыгы болсо, анда мен ушул жашымда ойлонбой туруп айта алам, мен бактылуулуктун даамын татып корбогом.
Жаштайымдан атамдан тирүүлөй ажырап апам өлүп тайларымдын колунда ары түрт бери түрт болуп жетим остум. Жетимдиктин күнү курусун, ал күндөрдү эстегим келбейт, тай акелеримдин ур тогмогуна чыдап, тай эжелеримдин зар какшаган ачуу тилдерине араң туруштук берип тыпылдап аккан көз жашым кургабай жүрүп бой жеттим. Дегеле ал күндөр деп алганымды айтпайсынбы, андан бери жагына жыргап кеткенсип.
Ошол кичине куракта эле бактылуулук жөнүндө көп ойлончумун, балким ага көчөдөгү шайыр балдардын жашоосу түрткү болгондур. Тай акелерим сабап баштаганда да денемдин ооруганына жаным ачышпай бир гана башымды калкалап туруп берчуумун, анткени угуп калганым бар, жаштайынан эркек адам башына урса бактысыз болуп калат деп. Ай курган жаным ай, ошентип жүрүп бактысыздыкты өзүм чакырып алганга окшойм. Бактылуу болоюн деп тилебей, бактысыз болуп калбайын деп коркконум өзү туура эмес болгон го. Жаратылыш мыйзамы терс сөздөрдү кабыл албайт, сөзмо сөз кабылдайт деп калышат эмеспи, демек менин коркунучум да тилектей кабыл алынып калса керек.
Мен тайларыма ыраазы да нааразы дагы болом. Тойоор тойбос тамак менен багып, ур токмокко алып эрмектешсе да олтурбой тирүү чонойткондоруна ыраазы болсом, кээде туруп ушундан көрө биротоло олтуруп эле коюшса болмок дейм. Жок мени нашүгүр пенде экен дебениз, Жаратканга миң ирет шүгүр мончоктой үч баланын энесимин, дени кардым соо, акылым жайында көзүм көрүп кулагым угуп турганына шүгүр. А балким бакыт ушулдур?
Албетте сыртым бактылуу экен, муну азыр байкадым, а бирок жан дүйнөмчу? Сырткы жашоом элдер үчүн гана эмеспи, а өзүм үчүн эң башкысы жан дүйнөмдүн тынчтыгы да, же сиздер үчүн башкачабы?
Ал жерде кайдагы тынчтык. Бойго жетип жетпей менден кутулуштун айласын кылып жакын эле тууган эжелерге келин кылып берип жиберишти, калыңы турсун каадасыз. Аларды деле түшүнөм, ашка жуп башка жүк кылып мени эмне кылышмак эле, же мендей жетимди кайсы шорлуу эле келин кылайын деп туруптур. А бул эң жакшы тандоо эки жак үчүн тең, башкадан келин алганга кудурети жетпей жаткан байкуштар бекер болсо ала беришти да. Бирок аттин, адам баласы өзүнө окшогондорду колдогондун ордуна басынтып кордогонду жакшы көргөн жан экенбиз да, алар мени келин эмес кул алдык деп түшүнүп алышкан экен. Чыдамым тугоп бир балалуу болгондо баламды да таштап чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Элестетип корунузчу, жаштайынан кордук көрүп көнүп калган кыз чыдай албай кала турган жашоону...
Ах! Апамдын бир туугандары аны менен эле тынчыбай коюшпадыбы, жардам колун сунган жалгыз тай эжемди да ортого алып менден кол уздурушту, экинчи жолу өзүмдүн каалоом менен биринчи эле туш келген адамга турмушка чыгууга мажбур кылышты.
Мен чыдадым, чыдап көнүп калганмын да. Кемсинткен сөздөр менин кулагыма көнүмүш да ур токмок адаттагы эле көрүнүш болуп калган. Эми артка жол жок деп канча тырмыштым, эки кыздуу болуп куйомдуу жибите албаган уулду болгондо бир жыргадым. Эркектер уулду жакшы көрүшөт эми баары жакшы болот деп. Кайдаан, мына ошондо накта караңгылык башталды, биз балдар менен жалгыз калдык... Аларым да мен сыңары атасы тирүү жетим болушту.
Мунун баарын жазганымдын да себеби бар, антпесем менин жан дүйнөмдүн чанырыгын түшүнбөй калмаксыздар.
Ойлоном, деги менин эң жаман күндөрүм кайсыл учур деп. Уул кыздарымдын төрөлгөн күнү жана жылмайган учурларынан башка баары эле бирдей го.
Тегирмендин айлампасындай чарк айланып жашап келем, ары чабам бери чабам, балдарымды багам, жашоо менен күрөшөм.
Бирок... бирок, мен тегирмендин ташы эмесмин да, мен андан алда канча жеңил, алсыз зат эмесминби. Ал ташты да майлап карап тазалап турушат, а меничи? Мени жөн эле аяп карап койгон көз карашка зармын, колумдан жетелеп жарык коргозгон адамга зармын, сен таш эмессин АЯЛсын бактылуу жашоого татыктуусун, чарчадын келе колундагы турмуш арабаны мен тартайын деген жанга зармын, бакытка зармын. Эми туура тилек кылам, мен бактылуу болгум келет!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   08 Январь 2019 - 03:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Буттубу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   akinaika   08 Февраль 2019 - 04:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Ооо бул окуялар канчадан бери муз болуп тонуп калган журокту толкутуп жиберди го?!... Жан-дуйно ашыктыктан ашып-ташып,конул калуудан бороон-чапкын борошолоп,урунаарга тоо таппай калганда, анда-санда саймедиреп баракка мен да бир нерселерди жазып калчу элем... Азыр ал чымындар дайынсыз сыйпалангансып. ..жок,алар бул эле жерде,мына! Коодондо! Коодондо буулугуп жатыптыр да ..
Андан бери 4жыл отуптур,4кылымга тете болду го чиркин! Ооба, бирок , табылды! Жок, издеген эмесмин, озу тапты мени. Канчалаган тундорду сенин караанына зар болуп тан атырдым,андайда тан да атпай калат эмеспи. Карангы тундо аба жетпей,бирок жарыкты коздой,жашоого умтулбай жургондо ал озу асмандагы жылдыздай чыга келди!!! Ал экообуз окшош элек,бирден сынык канатыбыз калган бири бирибизди дарыладык,ооба, анын жардамы менен жашоого кайтып келдим. Эхх.. чыгынып жазып чыкса китеп чыкчудай сен экообуздун жашообузду....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Dimedra   01 Март 2019 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Сүйүү формуласын тапкан барбы?
Оо, жок! Андай болсо Ромьео менен Джульеттанын сүйүүсү кылымдарга даңазаланбай, Ньютонго окшогон бир окумуштуу баарын илим менен түшүндүрүп эчаак бул теманы жаап салмак. Заринаны Канаттын артынан өлтүрбөй сактап калмак.
А мен, өз сүйүүмдү ал формулага салып чечип, көлөкөдөй ээрчиген сенин элесинден алда качан кутулуп, жашоом бактылуу уланмак.
Айткылачы баары мындай болбошун билип, ал сезимге чалдыккан жан оңбошун сезип туруп бул сүйүүнү ким ойлоп тапкан?
Мени кой, бул сүйүү дегенин керек болсо менмин деген баатырларды жыгыта чапкан. Түшүнбөйм, анан кантип мен өзүмдү алардан бийик тутуп сенден баш тартып алгам.
Көз жашынды агызып, жүрөгүңдү сыздатып туруп жети жаш улуулугунду шылтоолоп, жесир калган келин экенинди эске салып, эл эмне дейт деген жеңил ойго жетеленип, бойдок туруп сага уйлонууну намыс көрүп басып кеткем. Менимче ал кезде сенин сезимдериндин каргышынан эмес жада калса жаратылыштын жазмышынан да коркпой калган экем.
Мага чала!
Башыма конуп турган бакыт кушун учуруп жиберип түштөн кийин темселеп бакыт издеп калаарымды кайдан билдим.
Жүрөгүм сенден башка адамга ийибешин туюп туруп, ошол кезде жашоомдо эң чоң ката кетирдим.
Андан бери көп жылдар өттү. Сенин элесин жүрөгүмдү өрттөп бүттү. Керек болсо ак никелуу жубайымдын менден жети жаш кичүүлугу да ал жараны бүтөбөду. Наристе көрдүм, бал тилине балкып күлкүсүно бөлөндүм. Бирок, бирок жүрөк дартым сакайбай, сага болгон кусалыктан түгөнүп бүттүм.
Көрдүм, интернет баракчана жүктөгөн сулуу сүрөттөрүнду. Кимдир айтаар жашын өтүп бир аз өзгөргөнүндү. Бирок мен антпеймин, сен али да ошол сулуусун сакталган менин жүрөгүмдүн төрүндөгү. Суктандым карап сага, сагыныпмын катуу, жанган сүйүүнү көздөрүнөгү.
Бирок ал сүйүү толгон көздөр азыр мендик эмес. Жарысын башка жандын, ал эми сурансам да сени мага кайрып бербес. Сенде азыр мага болгон сезим өчкөндур, эстетсем дагы өткөн күндөрдү ал сезим эми сага кайрылып келбес. Туура күнөөм тоодой сенин алдында, кылымдар аккан сууга жууса да кетпес.
Эх! Билгенде алдын башкача болмок, сөздөрү элдин жашоого жардам бербесин. Өзүмдөн жашты жар кылсам эле, сүйүүсү бирге ээрчип келбесин. Аяп караймын, аяр кармаймын, сезбесин суйбоорумду деп балдарымдын энесин. Айтчы, буйрукка баш ийбесе жүрөгүм эмне кыл дейсиң! Жалгыз өзүң жүрөгүмдү ээлеп келесин. Жашоомдун маңызы болгон аял заты апамдан кийинки элесин.
Мейли, балканактай балдарым бар сүйүүсүз да жарым мене жашай беремин. Бирок мунун баарын ал байкуш туюп сезбесин. Сага болсо Жараткандан тилеп сурайын, башына конгон бактын чын болсо, эч качан ал сени таштап кетпесин.
Жүрөк сыздап, дене муздап, түз жашоодон тайдырып салган.
Айткылачы бул сүйүүнү ким ойлоп тапкан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Dimedra   11 Март 2019 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Эгер бул жерге жазылгандар менин сөздөрүм экенин билсен эмне кылаар экенсиң? Ишенбейсин албетте. Башканы кой өзүм да ишенмек эмесмин, качандыр бул жөнүндө жазып эмес мойнума алып калаарыма. Себеби мени башкалар күчтүү айым катары таанышат эмеспи. Күчтүү адамда да арман болмок беле. Алардын акылы баардык кыйынчылыктан куткарып кетиши керек да.
Бирок ишен, арман ар кимде болот экен. Болгондо да кандай, баарын оңдоп ордуна коюп кою колундан келип, кыялынды орундатуу өз колунда турса да жакындай албаганын, сенден бир көз ирмем гана керек экенин билип туруп көзүңдү ирмей албаганын арман экен.
Билип турам, бул жазууну окуган ар бир инсан азыр мени акылсыз деп ойлоп жатканын. Кыялын орундатуу өз колунда туруп ага жакындабаса демек ал кыялы жалган дешээрин. Бирок алар мен эмес да, а мен эми эч качан алар боло албайм, кааласам да.
Эсиндеби, биздин күндөрдүн акыркысы... Мен сенден алыстап кете бергеним. Ошондо сен мени күзөтүп көпкө тургансын, кайрылып карабасам да мен муну сезип бараткам. Артымдан келип кучактап калууну да ойлогон болсоң керек, себеби сен жумшак адам элең, болгондо да ал жумшактыгын мага карата күчөп турчу. Эгер билгин келсе ал учурда мен да ошону каалап бара жаткам, ар дайымкыдай намыстуу болуп, сенин алдында бырылдап ыйлап абалымды төмөн тушурбой өзүмдү жогору тутуп, үйүндөгүлор каршы болсо албетте алардын айтканын аткар деп сага бакыт каалап күчтүү көрүнгөнүм менен, ичимде бурганак жүрүп эмне кылаарымды, сенсиз кантип дем алаарымды билбей бараткам.
Кызык... эгер чындап эле сен ошондо жетип келип жолумду тороп, кучактап калганында эмне болмок.
Анда сен менин чыныгы жүзүмдү көрүп коймоксун. Алдында турган мен, сен тааныган акылдуу, апан "келин болуп жыргатмак беле мага" деп элестеткен өлкөнү дунгуроткон акылдуулар үй бүлөсуүнүн улаган тукуму эмес, бир тентек, баарын жыйыштырып бактылуу болууну каалаган сенин апандай, эжендей, дегеле бардык аял затындай эле бир алсыз аял экенимди көрүп коймоксун. Ооба, ошол учурда мен сенин жолумду тосушунду каалаган элем, бирок андай болбоду. Мен ошондо таэжемдин сөзүн эстедим. "Мага суктанба. Эгер чындап мендей болгун келсе анда көп нерседен ажырйсын, эң башкысы кийин ажыраган нерсенди кааласан да кайтара албайсың. Себеби ал кезде сенин дененди бир гана өрт ээлеп алат, ал өзүңдүн куру намысын" деген. Сенден ажырап баратканда ошол сөздөрдү эстеп аргасыз жылмайып алган болчумун, эгер азыр артка бурулуп сага жалынып барбасам демек мен да таэжемдей күчтүү боло алам деп ойлогом. Азыр да ал сөздөрдү эстеп турам, анткени мен бул учурда ал кишинин денгээлине жеткенмин, ар тараптан. Байлыгым анчалык боло элек болсо да, кызмат, аброй, керек болсо аялдык бакыттан куру калуу жагынан да жетип бардым. Канчалаган солокотту эркектер менин алдымда баш ийип титиреп турушат, тообо алар эмне менин бир кичинекей алсыз аял экенимди корушпойбу. Жоок, корушпойт, анткени мен ажыдаардын терисин жамынып алганмын. Ал териге керек болсо сен да суктанып журбойсунбу. Откондогу сөздөрүн ага далил, "сен алп адамсын, карачы ким болдун. Эгер ошондо мен сенин жолуңду тосуп озумчулдук кылганымда азыр мунун баарына жетишмек эмессин. Бирок дагы деле сени сүйөм" дедин. Менден бир ооз сөз кутсон керек, көзүмө карап өз умутторуно далил издедин. Бирок, сен караган көздөр азыр менин жан дүйнөмдүн күзгүсу болбой калган. Эгер андай болгон ченде деле, жан дүйнөм мурдагыдай эмес болсо керек. Ал жерде азыр сен тааныган аруу кыз жок, ал жерде азыр өзүн ааламдан коруй ала турган бир ажыдаар жатат. Өзүнүн куру намысы үчүн миңдеген сендей эркектин үстүнөн аттап өтүүгө даяр аял жашайт.
Көрсө таэжемдин сөздөрү мына ушул учур үчүн айтылган экен.
Азыр жан дүйнөм эргип, сага бир көз ирмеп, сага карай кадам таштагым келип турса да анте албайм. Анда мен сен суктанган же башкалар ойлогон күчтүү айым деген териден чыгып калам.
Бирок бил, мен өзүмө сен суктангандай суктана албайм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Bazana   23 Март 2019 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Качан жаңы чыгарма, Димедра кыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Dimedra   12 Октябрь 2019 - 14:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

"Сен кимсин?" ушул сөздү жок эле дегенде миң жолу уктум акыркы бир жылда. Ошондо күнүнө он ирет кайталайт экенсиң, эгер сенин үйгө келген күндөрүно бөлүп жибергенде.
Анда угуп кой!
Мындан туура он жыл алдын сенин "Сени албасам өлөм, куурап бүтөм, мага боорун ачып койчу, балларымдын энеси катары сенден башка аялды элестете да албайм, сени алаканыма салып жашайм, суукта ысытып ысыкта көлөкө болом, өмүр өткөнчө сенин кулун сенин өмүрлүк жолдошун болууну самайм" деп арналган сөздөрүндүн ээсимин. Ошол сөздөрүнө ишенип чынында сага боорум ачып, сенин колдорунду бекем кысып турмуштун узак, татаал жолуна кадам таштаган байоо секелек менмин. Ушул он жыл аралыгында сенин мага берген убадаларынды толук тескерисинен аткарып, ысыгына күйүп суугуна тонуп, өзүм жерде туруп сени алаканыма салып сөз жегизбей кастарлап караган аялга айландым. Бир убакта ата энемдин сени тоготпой, "ал сага эмне бере алмак эле кайгыдан башка" деген сөзүн жокко чыгарам деп тытынып жүрүп ал сөздөрдүн так сазына батып калыптырмын. Мына эми ошондо айтылган сөздөрдүн чындыгы далилденип отурат. Аларым байкуш ошондо алдыны көрө билишкен экен, сенин кимдигини менден жакшы түшүнүшсо керек. Атам деген көптү көргөн көрөгөч жан эмес беле, апамчы? Аным байкуш мен үчүн отко күйүп күл болуп кетүүгө даяр. Ушундай инсандардын сөзүнө эмес сенин жалган убадаларына алдандым. Жок, андай деле эмес, мен сени элдерчилеп жүрөгүм эзилип кеткенче сүйгөн деле эмесмин, болгону боорум ачыган. Атам айтмакчы мен анын кызымын да, биринчи башканы кийин өзүмдү ойлойм. Сенин сөздөрүнду угуп, эгер мен бир адамды чыныгы бактылуу кыла алсам анда ошондой болсун дедим. Сенин бактынды, эмгегимдин үзүрүн көрүү мен үчүн бакыт эле. Ал үчүн тыным албай эмгектендим. Уул артынан уул төрөп, саамайы сыланган кыз бердим белек кылып. Жумуштан алагды болбосун деп үйдүн түйшүгүн жүктөп алдым мойнума шуру кылып. Бир жолу сурадынбы, иштебей үйдө отуруп тиргиликке акчаны кайдан таап жатасың деп. Ойлосон керек базарда баары мени таанып бекер эле карматып жатышат деп, же жалгыз кызы эмеспи атасы буга бербей кимге берет дединби? Сен деги ойлойсуңбу алдагы отурган үстөлүн менин эле эмес атамдын канча кадырын кетиргенин. Аяш атамдын алдына канча ирет кирип, атама канча кулак каккынымды. Мунун баары чоң кызматтагы адамдын аялы болгум келгени үчүн эмес, сенин каалаганынды орундатуу үчүн жасалган. Мунун баарын сага карап айта албайм, биздин үйдө кылганын милдет кылуу сага гана жарашат эмеспи, башканын андайга укугу жок.
Эми дүйнөдөн атам өтүп менден пайда көрбөй калганда мени тааныбай калдын. Тегерегинде менден он жаш кичүү сулуулар турса, кааласан он жаш улуу пайда алып келчүү аялдар турса тизилип, менин ким экенимди унуттун.
Бирок мен да сенден ушуну сурайын дегем, Сен кимсин? Качан мындай болуп озгордун? Же алдын эле ушундай белең? Мен сени деги таанычуу белем?
Сен болгону бир энесине эркелеген жаш балача адамсын. Билбейм мен кай жерден адаштым. А балким мен да каалаганыма жеттимби? Сен азыр чындап эле бактылуусун да, керек болсо бир кезде колун жетпечуудой болгон мен сенин кулун болуп калбадымбы, сен үчүн "эч кимге" айланбадымбы? Эгер андай болсо демек менин каалаганым да орундалыптыр. Болгону сен ал бакытты көтөрө албай калаарынды мен кайдан билдим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: