Эң мыкты окуу жай. Абитуриенттерге жардам.
#201 11 Август 2017 - 12:59
Koz jetip kol jetpegen munaryktai...
#202 11 Август 2017 - 18:05
Oylonkyrgyzym (10 Август 2017 - 14:16) жазган:
Азыр билбейм кайсыл экенин.
.
Эгер Ош МУнун бизнес жана менеджмент факультетин мисал кылсаныз, эң паранын гулдоп онуккон жери ошол жер. Деги эле Ош МУ пара гулдогон ЖоЖ. Жогорудагы Ата Турк Ала-Тоо, Манас университеттерине билим сапаты жетпейт Ош МУнун.
#203 11 Август 2017 - 21:11
altyn_kyz (11 Август 2017 - 12:59) жазган:
Дээринде болгон адамга Манас университетине сынактан отуу да, анда окуу да эч кыйынчылык жаратпайт. Манас университети Гарвард же Оксфорд эмес, окуу татаал дегидей...
#204 12 Август 2017 - 10:13
altyn_kyz (11 Август 2017 - 13:59) жазган:
Бизде мындай бир окуя болгонда: агам токсон тогузунчу жылы окууну бүтүп ушул Манаска тапшырат. Өзү Себат лицейин артыкчылык күбөлүгү менен аяктап, Ата - Туркко, чет мамлекеттердеги бир канча университеттерге өтүп кеткен, бирок каражаттын тартыштыгынан Манаска тапшырат. " Экзамен оп оңой экен, эки жүз суроосуна баарына жооп бердим"- деп сүйүнүп келген үйгө, а жыйынтыгында агамдын жаман окуган классташы өтүп кеткен, атасы бир креслону ээлеген. Агам аппеляция берип, тестин текшертейин десе, текшербей койушкан, өзүнө көрсөтпөй дагы койушкан. Окуу процессинде развод жок, ал белгилүү, бирок окуу процессине кошулууну сатып алса болот экен деп калгам.
brother
#205 13 Август 2017 - 22:32
sister (12 Август 2017 - 10:13) жазган:
Эмнегедир ишенгим келбеди, ким билет, балким аган калп айткандыр, балким кандайдыр мучулуштук болуп сынак жыйынтыгын чыгарып жатышып аган менен анын классташынын фамилиясы алмашып калгандыр... Негизи бул окуу жайда мындай нерсе жок, мындай нерсе болсо да, университет жетекчилеринин кабары жок деп ойлойм, болбосо ким жасаса да катуу чара корушмок...
Баса, 99-жылы сынакта 200 эмес, 170 суроо болгон...
#206 14 Август 2017 - 09:53
#207 23 Август 2017 - 20:03
KUMTOR1 (11 Июль 2015 - 19:30) жазган:
1) БААУ Борбор азиядагы америка университети 5000-5500$
2) "Ата-түрк" эл аралык университети 800$-1400$
3)Б. Ельцин атындагы Кыргыз- Орусия славян университети КРСУ- 25000-54000сом
4) КММА Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 35000- 54000сом
5)КМЮА Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы 25000-54000 сом.
АБИТУРИЕНТТЕРДИН "ПРЕСТИЖ- 2 ОКУУ ЖАЙЛАРЫ
1)Эл аралык "Манас" -университети
2)Ж.Баласагын атындагы УКК
3)И.Арабаев атындагы университети
4)Политехникалык университет
5) ИСИТО Жаңы технологиялар университети
6) Ош мамлекеттик университети
7) Ош технологиялык университети
8) Ош мамлекеттик социалдык университети
9) Бишкек гуманитардык университети
10) Ош гуманитардык педагогикалык институту
11) Кызыл-Кыя медициналык окуу жайы
12)БАТМУ
13)ЖАГУ
14)ТАЛМУ
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай 236-упайды түздү. Өлкө боюнча ЖРТны 53-окуучу тапшырып, анын 24миңи гана 110-баллдан жогору алышты. Сиздин оюңузча кайсыл университет эң мыкты жана замандын талабына жооп берген окуу жай?
КГУСТА мн КЭУ кана
#208 24 Август 2017 - 10:20
Билим берүү мнистирлиги 1-сентябрда Курбан-Айт экендигине карабай билим күнү майрамдалат деп маалымат таратты,жалпы окуучулар мектепке баруусун айтты?
Менде суроо студенттер эмне кылат, университетке барышпайбы?
#209 25 Август 2017 - 01:09
Ооба, " мугалимде билим жок болсо студентке кайсы билимди берет? дешинер мумкун. Мугалим студентке жол корсотуучу гана, калганы студентке коз каранды.
"Мугалим бизден акча алат" дегендерге дагы не дейсинер? Кулкуну келтирет да.
Албетте алат да, мээсинде эчтеке жок болсо, сабакка катышбаса, окубаса, отуруп отуруп кетишсе, айла жылда бир барышат да жылдын аягында экзаменге барып акча ташташат да эртеси " акчага бутурдум" деп чыга келишет, мугалимдерди жаман аттуу кылышып.
Ар бир адам озу учун, келечеги учун, коздогон максатына кесипкой болуу аркылуу жетуу учун аракет кылыш керек.
#210 25 Август 2017 - 04:35
#211 26 Август 2017 - 00:02
General.kg (24 Август 2017 - 10:20) жазган:
Билим берүү мнистирлиги 1-сентябрда Курбан-Айт экендигине карабай билим күнү майрамдалат деп маалымат таратты,жалпы окуучулар мектепке баруусун айтты?
Менде суроо студенттер эмне кылат, университетке барышпайбы?
Биринчи курстан башкалары 1 сентябрь күнү кандай күн болсо деле барбайт. 5 курс 1 октябрда араң барат.

#212 26 Август 2017 - 00:08
#213 26 Август 2017 - 00:17
Sagyn.91 (25 Август 2017 - 01:09) жазган:
Ооба, " мугалимде билим жок болсо студентке кайсы билимди берет? дешинер мумкун. Мугалим студентке жол корсотуучу гана, калганы студентке коз каранды.
"Мугалим бизден акча алат" дегендерге дагы не дейсинер? Кулкуну келтирет да.
Албетте алат да, мээсинде эчтеке жок болсо, сабакка катышбаса, окубаса, отуруп отуруп кетишсе, айла жылда бир барышат да жылдын аягында экзаменге барып акча ташташат да эртеси " акчага бутурдум" деп чыга келишет, мугалимдерди жаман аттуу кылышып.
Ар бир адам озу учун, келечеги учун, коздогон максатына кесипкой болуу аркылуу жетуу учун аракет кылыш керек.
Оюнузга кошула албайм. 5 кол тен эмес да, андай деле окуучулар бар. Бирок кээ бири окуп, озунун кучу мн экзамен тапшырса деле нагло келип акча талап кылгандар жок эмес. Ошол учун баарынын мээсине синип калган корунушда бул, "ээ зачем окуп эртен бары-бир акча сурайт" деп калышкан
#214 29 Август 2017 - 14:24
#215 29 Август 2017 - 14:42
mma_fighter (29 Август 2017 - 14:24) жазган:
МВДга ден-соолук мыкты болуш керек экен.
Менин бир таанышым ОРТдан 184 балл алды эле физический жактан да норматив тапшырат экен. Зрейнасы бир аз слабый экен эле тааныштарын ортого салып зорго өтүптүр.
1)ден-соолук
2)ОРТ
3)физический жактан күчтүү болуш керек.
#217 29 Январь 2018 - 23:43
Окутуу англис тилинде отот. Кошумча тилдер туркчо + кыргызча + орусча.
Бир жыл англис тилин билуу денгеелге жараша жалан англисче окутулат.
Эгер эн алдынкы студент болсон окууну бутоорго аз калганда ар кандай компаниялар сени ишке алуу сунушун киргизет. + оздору келишип. Ала Тоодо окуганыма окунбойм.
#218 29 Январь 2018 - 23:46
#219 23 Август 2020 - 02:01
sister (12 Август 2017 - 10:13) жазган:
Бул жагы саясат болуп кетиптир.
"Манас" универи Түрк мамлекети тарабынан каржыланса, ал эми "Сапат" , "Сема" лицейлери жана "Ала-Тоо" универи "Кызмат" (Хизмет) кыймылына караштуу окуу жайлар. Түрк бийлиги буларды Фетхуллах Гүлен жетектеген террордук уюм же "ФЕТӨ" деп таанып, өз өлкөсүндөгү хизметчилерди куугунтукка, кысымга алып келет. Тээ ошол 2000-жылдардан тарта хизметчилерди түрк бийлигине караштуу уюмдар атаандаш катары көрүшсө, андан 6 жылдан кийин "террордук уюм" деп таанып, мүмкүнчүлүктөрдү оголе чектеп салышкан тилекке каршы.
#220 23 Август 2020 - 16:40
Aliyar-Bei (22 Август 2020 - 20:01) жазган:
"Манас" универи Түрк мамлекети тарабынан каржыланса, ал эми "Сапат" , "Сема" лицейлери жана "Ала-Тоо" универи "Кызмат" (Хизмет) кыймылына караштуу окуу жайлар. Түрк бийлиги буларды Фетхуллах Гүлен жетектеген террордук уюм же "ФЕТӨ" деп таанып, өз өлкөсүндөгү хизметчилерди куугунтукка, кысымга алып келет. Тээ ошол 2000-жылдардан тарта хизметчилерди түрк бийлигине караштуу уюмдар атаандаш катары көрүшсө, андан 6 жылдан кийин "террордук уюм" деп таанып, мүмкүнчүлүктөрдү оголе чектеп салышкан тилекке каршы.
Негизи "Хизмет" кыймылы деп аталганына жараша бир көздөгөн максаты бар да, жок жерден Түрк бийлиги куугунтукка албаса керек эле.
P.S акырында тилекке каршы деп жазганыныз бир башкача таасир калтырды.