Суперстан: Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Косметология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет .

#1 Пользователь офлайн   hihikayu   12 Июль 2015 - 20:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Организмдеги жыйналган шлактар ички органдардын жабыркоосуна алып келет. Кээ бир ооруларды ордунан козгойт жана анын кесепетинен сырткы сулуулугуңузга да таасирин берип, жагымсыз абалга жеткирет. Төмөндө организмиңиздин "таштандыга" толуп калгандагы белгилери.

1. Эртең менен жаңы ойгонгондон баштап эле денеңиз оорлошуп, маанайыңыз жок болот жана кечке чейин абалыңыздын начарлашы жогорулай берет. Ишке болгон жөндөмдүүлүк кескин азаят. Бат эле чарчап каласыз.

2. Маалыматтарды кабыл алуу начарлап, унутчаак болосуз.

3. Себепсиз эле башыңыз ооруй берет.

4. Уйкуңуз бузулат

5. Жан дүйнөңүз жабыркап, ачуулуу болуп чыга келесиз.

6. Териңиздин абалы начарлай баштайт. Кургайт, түлөйт, безетки чыгат.

7. Денеден жагымсыз жыт чыгат.

8. Ооздо жагымсыз жыт пайда болот.

9. Тиштериңиз ооруйт

10. Сасык тумоо тийгендей дене табыңыз көтөрүлүшү мүмкүн.

11. Терчилдик пайда болот.

12. Ичиңизге газ көп топтоло баштайт жана ич катат

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

Ичегилерди тазалоодон баштаңыз

Алгачкы күндөрү 2 даана алмадан эки маал жеп отуруп, күн сайын дагы экиден кошуп 2 килограммга чейин жегенге жеткириңиз. Мында, кофе ичүүнү токтотуп, ордуна минералдык суу же чөп чай ичишиӊиз керек. Айына бир жолу ичегилерди алма менен тазалап туруу натыйжылуу болот.

Бир күндө 2 литрге чейин жаңы жер-жемиштерден сыгылып алынган шире ичиңиз. Ширени өзүӊүз каалаган жемиштен даярдасаӊыз болот. Шире менен ичегини тазалоо күнү башка эч кандай азык жебешиӊиз керек. Бул ыкманы бир айда бир гана жолу жасаңыз.

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

Бөйрөк

Дарбыз жана кара нан. Тазалоонун бул түрүндө кара нан менен дарбыздан башка эч тамак желбеши керек. Күндүз кечке дарбыз жана кара нан менен гана тамактаныӊыз. Мындай тазалануудан эки-үч күн өткөндөн кийин бөйрөктөгү майда кумдар жана таштар заара аркылуу бөлүнүп чыгып баштайт. Эгер бир жумада бул процессти байкабасаңыз, тазалоону дагы 2-3 жума кайталаңыз. Организмдеги кумдардын бөлүнүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп ынангыңыз келсе, анда заараны атайын идишке заара ушатасыз.

Кан тамырлар

Кан тамырды тазалоо менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Бул ыкма аркылуу организмди жашарта алабыз. Тамырлар тазаланган соң кан айлануу жакшы иштеп, ар бир клетка таза кан менен азыктанып, натыйжада терини, тырмактарды, чачты бекемдейт.

Малинанын, карагаттын жана ит мурундун кургатылган жалбырактарын кошуп чай демдеӊиз. Ит мурундун мөмөсү жүрөктү жакшы иштетет, токсиндер менен шлакты айдап чыгып, организмдеги холестериндин деӊгээлин азайтат. Ит мурундун жалбырагынын ордуна мөмөсүн колдонсоңуз да болот.

Сарымсактын з тишчеси менен 2 лимондун кабыгын эт туурагычтан өткөрүп майдалап, ага 1 килограмм бал, 200 грамм зыгыр майын кошуп аралашма даярдайсыз. Даяр болгон массаны айнек идишке салып муздаткычка коюп коёсуз. Эми андан бир күндө үч жолу бир аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда жеш керек. Мындай аракет аркылуу сиз кан-тамырларыӊызды тазалоо менен бирге жаштыгыӊызды сактай аласыз.

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

Боор

Боорго шлак толуп калганда бетке безеткилер чыга баштайт. Боорду тазалоону ичегилерди тазалап бүткөндөн кийин баштасаңыз жакшы натыйжа берет. Мындай аракетте кан тамырлар жана өт да кошо тазаланат. Бул органды тазалоонун алдында эт, жумуртка жана сүт азыктарын рационуңуздан азайтып же алып салыңыз. Алардын ордуна жашылчалардан жасалган салат колдонсоңуз болот.

Бир күндө 2 килограммга чейин табитиӊизге жакын жашылчаларды жеӊиз. Бул күнү жашылчалардан башка тамактарды токтотуп коюӊуз. Бир гана газдалбаган суу ичсеңиз болот.

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

Салат. Салаттын курамын сабиз, түстүү капуста, болгар калемпири, редиска, жашыл алма, кызыл кызылча, бадыраң жана аш-көктөр түзөт. Бул жашылчалардын баарын туурап, оливка майы менен аралаштырып, татымына жараша туз кошосуз. Даяр болгон салатты ар эки саат сайын жеп, кадимки тамак катары кабыл алыӊыз. Бул ыкманы ар эки күндө бир кайталасаңыз натыйжалуу болот.

Күнүңүздү бир аш кашык зайтун майын ичүү менен баштаңыз. Майды эртеӊ мененки тамактануудан жарым саат мурун ичиӊиз. Мындай тазалануунун натыйжасын бир жумада эле байкасаңыз болот. Жүзүӊүз жылмакай тартып, жумшарып калат. Зайтун майы жок болсо ордуна зыгыр майын колдонсоңуз болот. Бул майды шаарыбыздын бардык дарыканаларынан таба аласыз. Бир ай май ичип, экинчи айда эс алып турсаӊыз болот. Бул ыкма сиздин бооруңуздун жакшы иштешине жардам берет

.
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

Муундарды тазалоо

Бутуңуздун бүгүлүшүн оорлоткон муундарыңыздын оорусунан арылгыңыз келсе, демек, муундарды тазалоо керек. Муундар тазаланганда организмдеги ашыкча туздар ээрийт. Туздардан арылуу менен өзүӊүз каалаган саламаттыкка жетсеӊиз болот.

Лавр жалбырагы. 5-6 грамм лавр жалбырагынын үстүнө 300 грамм кайнак суу куюп, жай отко 3-5 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон кайнатманы жалбырагы менен банкага куюп коёсуз. Тамактануу ортологон маалда ал кайнатмадан 50 граммдан ичип туруңуз. Бул ыкманы 3 күн катары менен жасаңыз. Ортодон бир жума эс алган соң дагы бир ирет кайталаңыз. Экинчи ирет кайталагандан кийин бул жолу бир ай эс алыңыз да, кайрадан кайталаӊыз. Организмиңиздин тазалана баштаганын бир жумадан кийин байкасаңыз болот. Муундарыңыздын ооруганы басылат.

Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет

Организмди ар дайым таза алып жүрүүнү каалсаңыз, анда:

1. Таттуу, майлуу жана ундан жасалган азыктарды чеги менен кабыл алуу зарыл.

2. Майлуу эмес эт жана балыкты жумасына бир жолу гана жегенге болот;

3. Өтө тоё тамактанып алгандан алыс болуу кажет

4. Бир күндө 2-2,5 литрге чейин газдалбаган суу ичүү зарыл;

5. Жашылча-жемиштерди дайыма жей жүрүү талапка ылайык;

6. Ар дайым кыймылда болуу маанилүү.


Макаланын автору: Кайыргуль Райымбек
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   momuntay   13 Июль 2015 - 01:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Жакшы кенештер экен. Рахматсулуу кыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Faina   20 Август 2015 - 01:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 12 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 10 Янв 2018 02:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Рахмат ото керектуу маалыматтар экен.Издегеним коктон табылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   lucia01   21 Август 2015 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 21:38

кунуно 2-2,5 л таза суу эринбей ичип,коп кыймылдап болушунча тердесен, тер м.н кошо токсиндер болунуп чыгат. Эрте м.н ач карын 1аш кашык гречканы сууга демдеп эч нерсе кошпой жесе да организм тазаланат. Бет тунарып,жылтырап калат,озумдо 1 жумада байкалды. Баарынанда каалоо жана эрк болуш керек экен. Жогорудагынын баарын аткарыш моралдык жана материалдык жактан кыйын болгондорго ушул 2 ыкманы сунуштаар элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Dauletika   24 Август 2015 - 12:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 26 Январь 14
  • Соңку аракети: 11 Мар 2019 01:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштар шаары

Просмотр сообщения lucia01 (22 Август 2015 - 00:09) жазган:

кунуно 2-2,5 л таза суу эринбей ичип,коп кыймылдап болушунча тердесен, тер м.н кошо токсиндер болунуп чыгат. Эрте м.н ач карын 1аш кашык гречканы сууга демдеп эч нерсе кошпой жесе да организм тазаланат. Бет тунарып,жылтырап калат,озумдо 1 жумада байкалды. Баарынанда каалоо жана эрк болуш керек экен. Жогорудагынын баарын аткарыш моралдык жана материалдык жактан кыйын болгондорго ушул 2 ыкманы сунуштаар элем.


демдеп деген кандай? Кайнатыпбы? Тушуно албадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   lucia01   08 Сентябрь 2015 - 16:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 21:38

Просмотр сообщения Dauletika (24 Август 2015 - 12:06) жазган:

демдеп деген кандай? Кайнатыпбы? Тушуно албадым

демдеп дегени кайнак сууну гречканын устуно куюп эле капкак м.н жаап коесуз. Ошооо кайнатпайсыз себеби суу о3у кайнакта)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aikol87   09 Сентябрь 2015 - 17:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 12:23

Жакшы го мен эртенден баштайын анда.)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   leili1   17 Сентябрь 2015 - 17:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 217
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Дек 2020 12:57

Ообада гречканы канча минута демдейт,жумшайбы гречка? Кечинде кефирге гречканы аралаштырып эрте мн жесечи экоонун айырмасы болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   lucia01   24 Сентябрь 2015 - 22:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 06 Май 2017 21:38

10-15 мунотто даяр болот,экоонун айырмасын билбейт экем,мага кефир кошуп жеген жакпайт ошон учун озун эле жейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   leili1   25 Сентябрь 2015 - 22:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 217
  • Катталган: 02 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 29 Дек 2020 12:57

Просмотр сообщения lucia01 (24 Сентябрь 2015 - 22:49) жазган:

10-15 мунотто даяр болот,экоонун айырмасын билбейт экем,мага кефир кошуп жеген жакпайт ошон учун озун эле жейм

Рахмат мен уже баштадым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   saltan_93_94   27 Октябрь 2015 - 10:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 25 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 18 Июл 2017 07:33

Просмотр сообщения lucia01 (24 Сентябрь 2015 - 22:49) жазган:

10-15 мунотто даяр болот,экоонун айырмасын билбейт экем,мага кефир кошуп жеген жакпайт ошон учун озун эле жейм


Аны жегенден кийин канчага чейин тамак ичбей туруш керек. .....?????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   asia_92   27 Октябрь 2015 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

Колдонгондор барбы жыйынтыгы, кандай болду???
[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   asylym77   14 Ноябрь 2015 - 22:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 08 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Июн 2023 08:45

Рахмат кенешинизге
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   malika14   16 Ноябрь 2015 - 04:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Jakshy keneshter bar eken.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   leilek85   17 Ноябрь 2015 - 20:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 491
  • Катталган: 28 Апрель 14
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 20:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Исфана

Жакшы кенеш экен,буюрса эртен баштаймын мен дагы
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Декабрь 2015 - 10:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы!! !

Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы
Сууга кошулган лимон дарылык касиетке ээ эликсир болуп эсептелет. Андыктан күн сайын эртең менен ичип туруу сунушталат. Ал эми кандай пайдалуу таасир тийе тургандыгын чогуу окуп көрөлү.1.Иммунитетти бекемдейт

С витаминин булагы болгон лимон эң күчтүү антиоксидант болуп эсептелет. Ал сиздин организмиңизди ар кандай вирус, бактериялардан коргойт. Мээнин иштешин жакшыртып, кан басымын калыпка салат.Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы

2. Кант ээритмелерин калыпка салат

Ашказанга барган азыктардын бардыгы кант ээритмеси же кислота менен сиңирилиет. Эгер кислота көбүрөөк бөлүнүп чыкса, анда торчолор жабыркоого учурайт, зат алмашуу үзгүлтүккө учурайт. Андыктан сууга кошулган лимон буларды калыпка салат.Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы

3.ашыкча салмактан арылтат

Сууга кошулган лимондо пектин заты пайда болот да, ал ачка болуунун жолун жабат. Демек, ашыкча салмактан арылууга болот.Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы

4. Тамак- сиңирүү жакшырат

Суу менен лимондун курамы ашказандагы микрофлорго окшош келет. Андыктан аны тамактануга чейин 10-15 мүнөт мурун ичүү сунушталат. Муну менен сиз ичеги карындарды тамак сиңирүүгө даярдаган болосуз.Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы

5.Организмди тазалайт

Организмди бүт баарынан тазалайт. Муну менен катар эч бир органга зыян тийгизбейт. Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы

6. Терини тазалайт

Узак убакыт сууга кошулган лимонду ичип жүрсөңүз, териңиздин абалы абдан сонун болуп жакшырат. Теринин курактыгы, майлуулугу, безеткинин пайда болушун жоготот. Ал эми курамындагы С витамини бет терисин агартып, майда бырыштардан арылтат.Сууга лимон кошуп ичүүнүн пайдасы

7. Кургактык менен күрөшөт

Бир күн боюу организм 10 стакан суюктук жоготот. Андыктан аны калыбына келтирүү талап кылынат. Болбосо, булчуң спазмалары дүүлүгүп, баш ооруну пайда кылат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Декабрь 2015 - 10:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

КОРИЦА ЖАНА БАЛ ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ -15 ТУРУУ.АР КАНДАЙ ООРУЛАРГА ЖАНА КОЙГОЙЛОРГО ЖАРДАМЫ....

1.ЖУРОК ООРУСУ...
Кун сайын эрте менен нан жениз,бал,болбосо джем (повидлого окшош таттуу нерсе),жана карица.Холестренди томондотуп, инфарктан сактайт,ошондой эле инфаркка кабылган адамга экинчи жолку иныарктын алдын алат.

2.ЧАРЧОО ЖАНА АЛСЫЗДЫК.. .
Кун сайын 1/2 аш кашыкта балга корицаны кошуп бир стакан сууга аралаштырыныз, эрте менен ач карынга жана кундун жарымында 15:00,ичип журсонуз сизге куч кубот болот.

3. АРТРИТ(муунаксак). ..
КУН сайын эрте,кеч бир стакан жылуу сууга 2 чай кашык бал жана 1/2 чай кашык корица. Кун сайын ичип журсонуз илгерттен ооруруткан артриттен арыласыз.

4.ХОЛЕСТЕРИН. ..
2 аш кашык бал,3 чай кашык корица,аралаштырып 2 стакан жылуу сууга.Бул кандагы холестеринди 2 саатта 10% томондотот. Бир куну 3 жолу ичип журсо артриттен жана коптон бери холестеринден азап чеккендерге жардам берет.Кун сайын таза бал ичип жургондор эч качан холестеринден арызданышпайт.

5.ИММУНИТЕТ. ...
Жугуштуу ооруларды же белгилүү бир ууларды организмдин кабыл албашынан сактайт.Кун сайын бал менен корицаны ичип журсо,иммунитетти которот.

6.ЦИСТИТ.
2 аш кашык корица жана 1 чай кашык бал бир стакан женил жылуу сууга аралаштырып ичиниз,бул сийдирүүчү, табарсыкты даарылайт.7. КОП ТУШКОН ЧАЧ.
Жылытылган зайтун майы 2 аш кашык,,1аш кашык бал,1чай кашык корица.Чач жууш алдынан чач тамырларына ушулардын баарын ботко сымал аралаштырып 15 мунотко карманыз.Жылуу суу менен чайканыз,5 мунот турсанызда озгоргонун байкайсыз.

8.ТЫРМАК ЭТИНДЕГИ ГРИБОК.
Грибок (жугуштуу оору таркатуучу жана түрдүү нерселерди ачытуучу өсүмдүк микроорганизми). Ботко жасаныз бал менен корицадан,бир олчомдо экоону кошунуз.Тырмак этиндеги жугуштуу инфекция таркатчуу ооруга бир калыпта суйконуз 30 муноттон кийин жылуу сууга чайканыз..

9.БЕЗЕТКИ. (УГРЕЙ )
Ботко,3 аш кашык бал,1чай кашык корица.
Жатаар астынан бетинизге суйкоп эрте менен жылуу суу менен жууп салыныз.2 жума ичинде безеткилерден толугу менен арыласыз.10.АШКАЗАНДЫН ООРЛАШУСУНА. ..
1/2 чай кашыкта корица, 2 аш кашык балга кошуп тамактануу алдынан жеп алыныз.Бул оор тамактарды иштешине жана кычкыл даамды кетуусуно жардам берет.

11. Метеоризм.(жел)
Бал менен корица ашказан жана ич желденишин алдын алат.

12.ТАЗА ДЕМ АЛУУ...
Туштук Америка жашоочулары биринчи эле иши эрте менен тамакты (алкымдын ичин,оозду) бал менен корицадан ыстык сууга аралаштырып чайкашат,кун бойу ооздун жагымсыз жытын кетирет .

13.СУУК ТИЙУУ ЖАНА ГРИПП..
1 аш кашык жылытылган бал,1/4 чай кашык корица аралаштырып, бир кундо 3 жолу ичуу.Жотолду, суук тийуудо жардам берет, мурун жолдорун ачат...

14.ОСТЕОХОНДРОЗ. .
1 чай кашык корица, 1 аш кашык бал,аралаштырып оорулуу жерге женил массаж менен суйконуз,уруп когортуп,жыгылып оорутуп алган жерге да суйкоп компресс жасап алсаныз пайдасы жакшы.

15. УЗУН ОМУР
1 аш кашык корицаны,3 стакан кайнатылган сууга дымдап койуп,муздагандан кийин 4 аш кашык бал кошобуз.Стакандын 1/4 болугунон 3-4 жолу бир кундо ичиниз,Тээринизди абалына келтирип,онун ачып,жылмакай кылат.Каарылыктын алдын алат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Декабрь 2015 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

КЫШКЫ МОМО ЖЕМИШТЕРДИН ПАЙДАСЫ!

Дасторконду көрккө келтирген кышкы мөмөлөрдү чегинен ашырбай, сунушталган өлчөмдө кабыл алса ден соолукка пайдалуу. Кыш мезгилинде арбын суроо-талапка ээ болгон ал мөмө-жемиштерди ден соолугуңузга жана сулуулугуңузга пайдалана билиңиз.



Банан жөтөлдөн айыктырат

Ден соолук:

100 грамм бананда 99 калория болгондуктан аны спортчулардын тамак рационуна киргизишет. Банан кан басымы, боор, бөйрөк, уйкусуздук оорусуна чалдыккандар үчүн пайдалуу. Бул жемиштеги В6 витамини маанайды көтөрөт жана инфаркт, инсульт ооруларынын алдын алат. Муздаткычка сакталбаган жана жапжашыл болгон быша элек бананды жебеңиз. Катуу жөтөлдө 2 бышкан бананды майдалап эзип, ага 200 миллиграмм ысык суу жана татымына жараша бал кошуп аралаштырып ар эки саатта бир жеңиз. Кыйнаган жөтөлдөн арыласыз.

Сулуулук:

Бир жумуртканын агын чалып, ага эзилген бир бананды кошуп бирдей массага келгиче чаласыз. Масса даяр болгон соң бетиңизге сүйкөп 20-30 мүнөт кармайсыз да, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бет терисин жылмакай кылып, аны жашартат.

Кимдерге жегенге болбойт? Ашыкча салмактан жабыркагандар жана диабет оорусу менен ооругандар, өтө бышып кеткен бананды жебеңиздер. Себеби анын курамындагы углевод кеч сиңип ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет.



Ананас рак клеткаларынын пайда болушуна тоскоолдук жаратат

Ден соолук:

АКШнын Мичиган штатында саламаттыкты сактоо системасында эмгектенгендер ананастын ширесиндеги заттар заара чыгаруучу жолдордогу инфекциядан арылтарын изилдеп чыгышкан. Мындан тышкары анын ширеси иммунитетти көтөрүп рак клеткаларынын пайда болушуна тоскоолдук жаратат. Ананастын курамындагы бромелайн заты химиотерапиядан күйгөн терини калыбына келтирет. Бир күндө бир маал жаңы сыгылып алынган 1-2 стакан ананастын ширесин ичиңиз.

Сулуулук:

4 аш кашык ананастын ширесине 3 аш кашык йогурт менен 1 чай кашык балды аралаштырып 10-15 мүнөт тыныктырып коёсуз. Маска даяр болгон соң тазаланган бетке жаап 4-5 мүнөт кармайсыз да, жылуу суу менен жууп саласыз. Эскертүү: аталган масканы колдонордон мурун ананастын ширесин колуңузга сүйкөө менен андан аллергия бар же жогун билип алыңыз. Бул маска бетке түшкөн сепкилдерди кетирип, жүздү агартат.

Кимдерге жегенге болбойт? Кант диабетине чалдыккандарга таптакыр сунушталбайт. Себеби өтө таттуу болгондуктан кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жиберет.



Апельсиндин ширеси менен баш жазса болот

Ден соолук:

Элдик дарылоодо апельсин бир топ ооруларга даба болуп келет. Тамакка табити жокторго түшкү тамактын алдында күн сайын ач карын бир мөмө берип же анын ширесин ач карын ичирген пайдалуу. Апельсиндин ширесин арак ичкендин эртеси ач карын ичсе баш ооруну басат.

Сулуулук:

Бир даана апельсинди кабыгы менен сүргүчтөн өткөрүп алып бетиңиздеги безеткилердин үстүнө сүйкөп 10-15 мүнөт кармаңыз да, жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул ыкманы беттеги безеткилер кеткиче күн сайын жасап туруңуз.

Кимдерге жегенге болбойт? Ашказанында жарасы, он эки эли ичегисинде көйгөйү барлар жана гастрит илдетине чалдыккандарга сунушталбайт.



Мандарин кош бойлуулардын талгагын жеңилдетет

Ден соолук:

Бир аш кашык майдаланган мандариндин кабыгына 1 стакан кайнак суу куюп, оозун жаап 5 мүнөт коюп коюңуз. Демделген бул чай жүрөк айланууну жок кылып, кош бойлуулардын талгагын жеңилдетет.

Сулуулук:

Косметикалык салфетканы мандариндин ширесине суулап алып бетиңизге толук жабасыз да, 20 мүнөт кармайсыз. Салфетканы алган соң бетти алгач муздак, андан кийин жылуу суу менен жууйсуз. Бул маска бет терисин азыктандыруу менен аны жашартып, майда бырыштардан арылтат.

Кимдерге жегенге болбойт? Кичинекей балдарга чеги менен берүү керек. Себеби бул жемиш аллергия чакыруучу болуп саналат.



Киви эркектерди кубаттуу кылат

Ден соолук:

Киви эркектин жыныс мүчөсүндөгү кан айлануу процессин жакшыртып, анын активдүү иштөөсүнө шарт түзөт. Себеби убакыт өткөн сайын жыныс мүчөсүндөгү кан тамырлар керексиздерге толуп ал өзүнүн активдүүлүгүн жоготуп баштайт. Ал эми киви активдүүлүккө тоскоолдук жараткан токсин менен нитраттарды жана кандагы ашыкча холестериндерди тазалап турат. Күн сайын жатарга жарым саат калганда бир кивинин ичин алып, ага бөдөнөнүн жумурткасын кошуп аябай чалып туруп жеп алыңыз.

Сулуулук:

1 даана кивини майдалап эзип, ага жарым лимондун ширеси менен 3 аш кашык йогуртту кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон масканы чачтын түбүнөн учуна чейин сүртүп 20-30 мүнөт кармайсыз да, жылуу суу менен жууп коёсуз. Бул маска чачты майлуулуктан арылтат.

Кимдерге жегенге болбойт? Ашказанында жарасы барлар, гастрит, он эки эли ичегисинде көйгөйү барлар көп жегенге болбойт.



Курма - богок оорусуна табылгыс дары

Ден соолук:

Богок оорусу менен ооругандар үчүн йодго бай курма - табылгыс дары. Ошол себептен богок илдетине чалдыккандар бир күндө 3 маал бирден курма жеп туруусу керек. Жогорудагы рецептти кынтыксыз аткарсаңыз, ал бир гана богок оорусун эмес, аз кандуулукту дагы дарылайт.

Сулуулук:

1 даана курманы аябай майдалап эзип, жүзүңүзгө сүйкөп 15-20 мүнөт кармаңыз. Бул беттеги безеткини кетирип, жүздү жылмакай кылып коёт.

Кимдерге жегенге болбойт? Кант диабети менен ооругандарга, өтө семирип кеткендерге болбойт. Курманы суу менен же сүт менен чогуу кабыл алуу сунушталбайт.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   feruz1990   03 Апрель 2016 - 22:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 196
  • Катталган: 25 Март 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2018 13:44
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения lucia01 (21 Август 2015 - 23:09) жазган:

кунуно 2-2,5 л таза суу эринбей ичип,коп кыймылдап болушунча тердесен, тер м.н кошо токсиндер болунуп чыгат. Эрте м.н ач карын 1аш кашык гречканы сууга демдеп эч нерсе кошпой жесе да организм тазаланат. Бет тунарып,жылтырап калат,озумдо 1 жумада байкалды. Баарынанда каалоо жана эрк болуш керек экен. Жогорудагынын баарын аткарыш моралдык жана материалдык жактан кыйын болгондорго ушул 2 ыкманы сунуштаар элем.


Кундо эрте менен ошентип жеп турса эч кандай салмак кошпойбу.Озу арыктай албай зорго журом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Mediziner   06 Апрель 2016 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения feruz1990 (03 Апрель 2016 - 22:47) жазган:

Кундо эрте менен ошентип жеп турса эч кандай салмак кошпойбу.Озу арыктай албай зорго журом.


Гречка тескерисинче салмак таштооңузга жардам берет.
Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Косметология
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: