Бул окуяны жазбай деле койсом болмок. Бирок кечээ күнү өз баракчамдагы профилди бойдок эмес "В браке" деп оңдоп койгонум чоооң сенсация болду... Ошол себептен кыштын биринчи кар себелеп турган күнүндө өзүмдүн махабатым тууралуу жазууну туура көрдүм... Анткени бул окуя 10 жыл мурда кыштын күндөрүндө болгон эле.
Кыштын чилдеси күчүнө кирип айланадагы жандуу-жансыздын баарын калтыратып чыкылдап турган кези болчу. Апасы каза болуп үйүнө кеткен досума барып куран окутуп милдетимден кутулуп келейин деп анын айылына жөнөп калдым. "Сайран"
автобекетинен Алматы-Кзылорда автобусуна түшүп 1000 чакырым жол жүрүп таң атпай Кзылордага жетип бардык. Кайра автобус которуп досумдун ээн талаада жайгашкан айылына дагы 300 км жол жүрүү керек эле. Ал жакка каттай турган автобус саат бирде жөнөгөндүктөн түшкө чейин вокзалдын күтүү залында отурууга туура келди. Вокзалдын ичинде эл толтура. Ошол жылдары Казахстанда да кризис болуп эл кыйналган кези эле... Аңгыча болбой апакай пальто кийген сулуу кыз кирип алаңдап орундук издеп калды. Андай жерден жигиттик сезим ойгонот эмеспи, ордумду бошотуп бердим. Тиги кыз рахмат деп айткандын ордуна тетири басып кетип калды. Эрке өскөн жаным шагым сынып, бирөө башка чапкандай кайра отурарымды же турарымды билбей турганда, тиги кыз ар жактан бир жигит орун бошотсо шып этип отуруп калды... Ушундай жиним кайнап, намыстанып дүйнөдөгү эң жаман адамдар тиги эркек менен кыздай сезилип терезе жакка бардым да автобустарды карап туруп калдым. Андайда кычагансып убакыт да өтпөй калат экен... Араң турганда безиме тийип тиги экөө ымалашып сүйлөшүп, шыңкылдап күлүп өзүнчө эле бактылуу боло башташты... Ошентип убакыт сааты келип жүргүнчүлөр автобуска жайгаша баштадык. Тагдыр ушундай кезде аеосуз ойнойбу билбейм, жанымдагы бош орундукка кишиси келбей автобустагылар ызы-чуу болуп айдоочуну жемелей башташты. Айдоочу да жанымдагы киши үчүн мен күнөөкөрдөй жаман көзү менен карап сөгүнүп кирди. Аңгыча болбой тиги ак пальточон кыз автобуска шаңдуу кирип келсе боло? Мен ушундай жиним кашайды. Элдер аны туш тараптан урушуп киргенде байкуш кыз сууга түшкөн чычкандай болуп шүмүрөйүп калды. Баарынан кечирим сурап келип менин жаныма отурду. Мен жаныма кара чаар жылан келгенсип денем жыйрылып карагым да келбеди. Терезе туш суук болгондуктан,
аны ошол жакка өткөрүп жибердим. Ал да: "Сиз тигил жагына өтүп аласызбы?"
, - деп айта албай күнөөсүн сезип унчукпай терезенин аязын сүртүп отуруп калды. Жол тайгак, эшик бороон болгондуктан беш-алты саатта жетебиз дешти. Шаардан чыгарыбыз менен укмуштай катуу бороонго кабылдык. Автобустагылар жанындагылар менен сүйлөшүп киришти... А экөөбүз эки жакты карап отурабыз. Ошентип эки сааттай убакыт өткөндө автобустун мотору күркүрөп келип эле токтоп калды. Айдоочу жарым сааттай миң алакетке түшсө дагы бузулган жерин таппады көрүнөт, жол улаш чыккан бирин-серин чыккан машиналарды тосуп элди кетире баштады. Ошондойдо адамдар өзүмчүл болуп калабы же намыс деген жоголобу айтор эркектер аялдарды түртө сала машиналарга тыгылып кете башташты. Менде кайра келерге гана акча болгондуктан автобус оңолор деп тобокел кылып калууга туура келди. Байкасам жанымдагы дагы былкылдабай отурат... Ошентип отуруп бир саатка жетпей элүү чамалаш адамдан мага окшогон студенттерден 5 адам калдык. Бизди аянычтуу караган шофер "Силер анда күтүп тургула мен механик алып келем" деп автобусун бизге кайтартып коюп кетип калды. Эшикте -25 градус суук. Элдин деми менен ысып турган автобус дагы убакыт өткөн сайын жан чыдагыстай сууп баарыбыз тоңо баштадык. Бешөөнүн үчөө эркек эки кыз. Жанымдагы кыздын аппак бети көк муштум болуп бечаранын кебетесин кийип калганын көрүп боорум ооруп кетти да дубленкамды чечип үстүнө жаптым. Ал мени карагандан уялып каршылык да кылбай эркиме көнүп жылуу тонду жамынып отуруп калды. Ага берерин берип коюп өзүм калчылдап баштадым. Намыс деген күчтүү эмеспи ичимдеги болгон күчүмдү колдонуп өзүмдү кармап титиребегенге аракет кылып отурдум. А берки жигиттер болсо тиги шордуу кызды карап да коюшпай курткаларына баштарын катып калп уктап жатышат... Чыдабай кетип ордумдан турдум да ары-бери баса баштадым. Эшикте шамал уулуп, күндүн убактысы билинбей боз-ала туман... Чоң энелер айткандай алаамат заман. Убакыт өтпөйт. Ошентип бираз бастым да кайра ордума отурдум. Тиги кыз мага жөлөнүп тонду чогуу жамыналы деди. Анда тиги байкуш куруп калчудай. Отура бер дедим кыйын болуп... Бирок ошентсе да кыз эмеспи мага капталын такап башын төшүмө жөлөп отурду... Ушундай кубанып, ага болгон жек көрүүмдү унутуп калдым да сүйлөшө баштадык... Көрсө вокзалдагы жигит анын бир тууган таякеси экен. Убакыт өтүп жан чыдагыс абалга кептелгенде гана шофер кирип келди. (( Алар автобусту оңдоп жылыткыча дагы бир саат өттү... Ошентип кайра автобуска жан кирип айылга жол тарттык. Арай экөөбүз эски тааныштардай сүйлөшүп коштоштук. Ал андан төрт айылдан кийин түшөт экен. Мен автобустан байкабаптырмын,
коштошуп атып карасам буттарында жайкы туфли экен... (( Мен досумдун үйүнө жетип эле куладым. Эки күн жатып кайра эптеп туруп Алматыга жетип кайра Кыргызстанга келдим... Үч ай катуу оорудум... Ошентип ооруп айыгып жүрүп окуумдун акыркы жылын кантип бүтүргөнүмдү билбей калдым. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон көтөргөнгө элдин чамасы келбеген заман болгондуктан тиги ак пальточон Арайымды бирде сагынып, бирде менин ооруганыма ошол кыз күнөөкөрдөй жек көрүп жүрдүм... Ал билим алган окуу жайы Кзыл-Ордада болгондуктан барганга да убактым жок болду... Аны ушунча сүйүп калганмынбы билбейм башка аялзаты көзүмө көрүнбөй Алматынын көчөлөрүнөн көрүп каламбы деп издечүмүн...
Сулуу кызды эчак эле алып кетти да деп үмүтүмдү үзгөн маалда, тагыраак айтканда алты жыл өткөндөн кийин ак пальтом менен тагдыр кайра жолугуштурду.
.. Аны менен кантип табышканымды айтсам убакыт созулчудай.
.. Көрсө ал байкушум да оңбоптур... Мен сыяктуу катуу ооруп, анын үстүнө бутун да үшүк алып бир бутун тизеден ылдый кестирген экен... Ал дагы мени унутпай, менин тонум анын жанын сактап, ошол тондун жылуулугу менен махабатка кабылганын билдим... Ал да мени күтүп жүргөн экен... Ошол менен ал протез коюлган бутунан уялып канчалык каршы болсо дагы, башкалар тоскоол болсо дагы баары бир бороонду автобустан тапкан махабатымды колдон чыгарбадым.
2011- жылы үйлөндүк. Азыр кадимкидей эл катары иштеп, жароокер жар, үйдүн куту болуп, Алия деген сулуу принцессабыздын апакеси!!
! Кыш келген сайын ошол бороонду күндү, муздак автобусту эсиме салам... Ошол учурда кудайымдын тагдыры мага сыноо берип кыйнаса дагы акыбетинде мен издеген асыл жарга насип кылды. Рахмат сага бороонду күн! Рахмат сага махабатымдын автобусу!
!! Уландысы Бар
Махабатымдын автобусу
#3 23 Декабрь 2014 - 09:58
Жакшы жазылыптыр.
..ушул чыгарманы мен фейсбуктан окудум эле жакында эле...эсимде калган бир элес...деген группадан ошондо ал жакада сиз жаздыңызбы автор?
#6 23 Декабрь 2014 - 10:10
жоок биз автор емеспиз жон кана отоо тасирдуу окуя экен ошондуктан жарыялап койууну чечтим
Билдирүүнү түзөткөн: Supataev.Salamat: 23 Декабрь 2014 - 10:14
#7 23 Декабрь 2014 - 10:27
Журок сырына озунордун башынардан откон же жакын адамынардын башынан откон окуяларды жазгылачы. Ойдон чыгарылган окуя жана ангемелерге болок болум бар. Дагы бир форумчу оз чыгармаларын ушул болумго жазып журот АДМИНдер конул буруп койсонор!
!!
Умей говорить в глаза, a не за спинoй.
#8 23 Декабрь 2014 - 10:34
Бир коргондо эле журоктон катуу тепкен экенда э? Аягы жакшы табышыптыр бир бирин.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#9 23 Декабрь 2014 - 11:26
бул эч кандая ойдон чыгарылган эмес ишенбесениз оз эркиниз ошондой менин таанышымдын окуясы жумурткадан кыр издегендин не кереги бар деймда
#10 23 Декабрь 2014 - 13:33
Сонун чыгарма экен,мага жакты.
Бирок "уландысы бар..." дегени эмнеси? Дагы эмнени улантат? Дегеним акыры бир бүтүнгө айланып бактылуу болушуптур го.Эми бул чыгарманы улантуунун кажети жок го дейм
....

Бирок "уландысы бар..." дегени эмнеси? Дагы эмнени улантат? Дегеним акыры бир бүтүнгө айланып бактылуу болушуптур го.Эми бул чыгарманы улантуунун кажети жок го дейм

Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#11 23 Декабрь 2014 - 14:00
Бутунан айрылганы жаман болуптур. Жигит да чындап суйгон экен.
Жакшы кундор албетте келээр.!
#16 23 Декабрь 2014 - 14:38
Бул Асеин деген мырзанын башынан өткөн окуя.казак кызына уйлөнгөн.кече уулду болдум уулумдун атын Алманбет койдум деп жарыялап жаткан.бул болгон окуя.еч кандай ойдон чыккан емес.