Эл ичи өнөр кенчи...демекчи,
кыргыз эли таланттарга бай эл! Бирок,ошол таланттар көмүскөдө жашап келүүдө,алардын бири мен сөз кыла турган инсан Исмаилова Умида Абдыманнаповна.
Бул менин эң жакшы көргөн эжем,анча-мынча ыр жаза койчу таланты бар. Жараткан ырларын сиздерге жеткирүүнү эп көрдүм,себеби,
канчалаган чыгармаларын жоготуп да салыптыр. А бул жерде сактоого да болот. Бул аракетимди Супердеги Поэзия бөлүмүнүн казынасын толтурууга кошкон кичинекей үлүшүм деп билем жана форумда поэзия сүйүүчүлөрү көп экенине ишенем...Сын пикир үчүн дайым эшик ачык!
Поэзия баракчасы... (Исмаилова Умиданын сезим тамчылары...)
#1 07 May 2013 - 00:43
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#2 07 May 2013 - 01:00
Чү,дегенделе бул дүйнөдө эң ыйык инсаныбыз 'Энекелер'
жөнүндөгү ырлары менен баштайын...
Апакеме таазим
Сиздей мээрим көрбөгөм,
Суудай болуп төгүлгөн.
Чырайы укмуш апакем,
Чачтары жал-жал өрүлгөн.
Ойлонуп туруп иш туткан,
Ата салтын туу туткан.
Бата тилеп Жараткандан кыздарына,
Аллага шүгүр алтын Апам сен барыңа.
Аял заты эң бир назик куш,
Билесиңерби, менин апам укмуш.
Башынан канча кайгы өтсө дагы,
Апакемди жеңе албаптыр бул турмуш.
Эрте менен ысык чайын берип бизге,
Жөнөткөн билим алган мектебиме.
Мектептен келген болсок, ошол замат,
Ысык чайын,ысык нанын берген бизге...
/©И.У./
Апакеме таазим
Сиздей мээрим көрбөгөм,
Суудай болуп төгүлгөн.
Чырайы укмуш апакем,
Чачтары жал-жал өрүлгөн.
Ойлонуп туруп иш туткан,
Ата салтын туу туткан.
Бата тилеп Жараткандан кыздарына,
Аллага шүгүр алтын Апам сен барыңа.
Аял заты эң бир назик куш,
Билесиңерби, менин апам укмуш.
Башынан канча кайгы өтсө дагы,
Апакемди жеңе албаптыр бул турмуш.
Эрте менен ысык чайын берип бизге,
Жөнөткөн билим алган мектебиме.
Мектептен келген болсок, ошол замат,
Ысык чайын,ысык нанын берген бизге...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#3 07 May 2013 - 01:31
Ардактуу атакеме
Үй-бүлөнү ынтымакка үндөгөн,
Чыр дегенди анча деле сүйбөгөн.
Кыздарына насаат айтып дайыма,
Орду менен салабаттуу сүйлөгөн.
Сиз бар кезде бийик чыгат үнүбүз,
Сиз бар кезде жарык тиет күнүбүз.
Жашообузга жарык болуп дайыма,
Тирүүлүктө аман-эсен жүрүңүз.
Кут болсун кутман курак элүү жашыңыз,
Эч качан азайбасын ичээр ашыңыз.
Бактылуу өмүр сүрүп апам менен,
Ар дайым аман болсун алтын башыңыз.
Жаркырап жылдызыңыз жанып турат,
Көргөндүн көңүл кушун дароо бурат.
Ушундай төп келишкен өң келбетти,
Кудайым өзү сүйгөн жанга сунат.
Эл үчүн жакшы иштерди жасап койгон,
Сиз үчүн алыс баары жаман ойдон,
Кайната болуп сиз калсаңыз да,
Көрүнөсүз дале жапжаш жигит бойдон.
Ар дайым жапжаш бойдон жүрө бериң,
Жаркылдап жигит сымал күлө бериң.
Апам менен өмүр гүлүн бирге терип,
Жыргалдуу доорлорду сүрө бериң...
/©И.У./
Үй-бүлөнү ынтымакка үндөгөн,
Чыр дегенди анча деле сүйбөгөн.
Кыздарына насаат айтып дайыма,
Орду менен салабаттуу сүйлөгөн.
Сиз бар кезде бийик чыгат үнүбүз,
Сиз бар кезде жарык тиет күнүбүз.
Жашообузга жарык болуп дайыма,
Тирүүлүктө аман-эсен жүрүңүз.
Кут болсун кутман курак элүү жашыңыз,
Эч качан азайбасын ичээр ашыңыз.
Бактылуу өмүр сүрүп апам менен,
Ар дайым аман болсун алтын башыңыз.
Жаркырап жылдызыңыз жанып турат,
Көргөндүн көңүл кушун дароо бурат.
Ушундай төп келишкен өң келбетти,
Кудайым өзү сүйгөн жанга сунат.
Эл үчүн жакшы иштерди жасап койгон,
Сиз үчүн алыс баары жаман ойдон,
Кайната болуп сиз калсаңыз да,
Көрүнөсүз дале жапжаш жигит бойдон.
Ар дайым жапжаш бойдон жүрө бериң,
Жаркылдап жигит сымал күлө бериң.
Апам менен өмүр гүлүн бирге терип,
Жыргалдуу доорлорду сүрө бериң...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#4 07 May 2013 - 06:55
Эн бир туура кылыпсыз, жакшы жазылыптыр калеми курчуй берсин.
"Сен таза болсон мен таза болсом, коом дагы таза болот."
#5 07 May 2013 - 09:22
Өмүр шерик
Окуудан шашып жатып үйгө барам,
Жолумдан тосуп чыгат Арлен кайним.
Сурабай эч нерсени эң биринчи,
Тагаң барбы деп ага суроо салам.
Тагасы жумуш бүтүп үйгө келип,
Каранат эки жагын элеңденип.
Көзүнө мен көрүнбөй калчу болсом,
Жеңең кана дейт ага суроо берип.
Баарынан кыйын окшойт өмүр шерик,
Кыйналат бирин-бири издей берип.
Ылайым эки жуубай түбөлүккө,
Жашасын өмүр гүлүн бирге терип.
Кээ күнү араздап кагылышып,
Таарынып утур тетир каранабыз.
Тез эле эки жубай кечиришип,
Таарыныч таркап кайра жарашабыз...
© /И.У./
Окуудан шашып жатып үйгө барам,
Жолумдан тосуп чыгат Арлен кайним.
Сурабай эч нерсени эң биринчи,
Тагаң барбы деп ага суроо салам.
Тагасы жумуш бүтүп үйгө келип,
Каранат эки жагын элеңденип.
Көзүнө мен көрүнбөй калчу болсом,
Жеңең кана дейт ага суроо берип.
Баарынан кыйын окшойт өмүр шерик,
Кыйналат бирин-бири издей берип.
Ылайым эки жуубай түбөлүккө,
Жашасын өмүр гүлүн бирге терип.
Кээ күнү араздап кагылышып,
Таарынып утур тетир каранабыз.
Тез эле эки жубай кечиришип,
Таарыныч таркап кайра жарашабыз...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#6 07 May 2013 - 09:31
Аялзаты жашообуздун.
..
Аялзаты жашообуздун ырахаты,
Аялзаты сүйгөн жардын махабаты.
Аялсыз өткөн өмүр курган турмуш,
Кандайын замандаш ойлоп тапчы.
Аялдар түн терметип бала багат,
Аялдар эрте туруп отун жагат.
Аялдын түмөндөгөн көп түйшүгүн,
Эркектер баалашса дейм атаганат...
© /И.У./
Аялзаты жашообуздун ырахаты,
Аялзаты сүйгөн жардын махабаты.
Аялсыз өткөн өмүр курган турмуш,
Кандайын замандаш ойлоп тапчы.
Аялдар түн терметип бала багат,
Аялдар эрте туруп отун жагат.
Аялдын түмөндөгөн көп түйшүгүн,
Эркектер баалашса дейм атаганат...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#8 07 May 2013 - 19:19
Менин максатым (алгачкы ырларынан)
Сабагымды жакшы окуп,
Жарайм апа керекке.
Азырынча сунамын,
Бештеримди белекке.
Чоңойгондо жакшы окуп,
Атактуу адам боломун.
Ата-энемди сыйлаган,
Үлгүлүү кыз боломун...
© /И.У./
Сабагымды жакшы окуп,
Жарайм апа керекке.
Азырынча сунамын,
Бештеримди белекке.
Чоңойгондо жакшы окуп,
Атактуу адам боломун.
Ата-энемди сыйлаган,
Үлгүлүү кыз боломун...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#9 07 May 2013 - 19:42
Мугалимдериме.
..
'А' тамгасын эң биринчи,
Жибек эжем үйрөткөн.
Эжекем мага билим берип,
Жан дүйнөмдү гүлдөткөн.
Жетекчибиз Кантайым эжей болчу эле,
Сабак өтсө мээге куюп койчу эле.
Сураганы ойдогудай болгондо,
Андан кийин журналга баа койчу эле.
Эжейимди сыйлаар элем дайыма,
Эжейим да сыйлуу эле баарына.
Андан бери өтсө дагы канча жыл,
Көңүлүмдө сыйлап келем дагы да.
Ошол менин математик агайым,(Имамат агайга)
Айтаар эле окугун деп ар дайым.
Окуп билим алган болсоң окуучум,
Түшүнөсүн бул турмуштун даалайын.
Физик эле Мажит менин агайым,
Түшүндүргөн кубулуштун даалайын.
Агайымдын бизди окуткан кездери,
Кантип эле унутуп мен калайын.
Сылык сөздүү Азамат менин агайым,
Окутчу эле мен сүйгөн тарых сабагын.
Өз ишине ушунчалык берилип,
Окуучуга катуу коюп талабын...
'А' тамгасын эң биринчи,
Жибек эжем үйрөткөн.
Эжекем мага билим берип,
Жан дүйнөмдү гүлдөткөн.
Жетекчибиз Кантайым эжей болчу эле,
Сабак өтсө мээге куюп койчу эле.
Сураганы ойдогудай болгондо,
Андан кийин журналга баа койчу эле.
Эжейимди сыйлаар элем дайыма,
Эжейим да сыйлуу эле баарына.
Андан бери өтсө дагы канча жыл,
Көңүлүмдө сыйлап келем дагы да.
Ошол менин математик агайым,(Имамат агайга)
Айтаар эле окугун деп ар дайым.
Окуп билим алган болсоң окуучум,
Түшүнөсүн бул турмуштун даалайын.
Физик эле Мажит менин агайым,
Түшүндүргөн кубулуштун даалайын.
Агайымдын бизди окуткан кездери,
Кантип эле унутуп мен калайын.
Сылык сөздүү Азамат менин агайым,
Окутчу эле мен сүйгөн тарых сабагын.
Өз ишине ушунчалык берилип,
Окуучуга катуу коюп талабын...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#10 07 May 2013 - 20:02
...
Евразия,Африка материгин,
Бөлүп турат Кызыл деген бир деңиз.
География деген бир сабакты,
Окутат Манзура эжейибиз.
Эже-агайым улуусун,
Баарынан да сулуусун.
Элестетпейм силерсиз,
Бул турмуштун сулуусун.
Эже-агайым жөлөгүм,
Ата-энемдей көрөмүн.
Силер берген билимден,
Мен көгөрүп өнөмүн.
Балапандай талпынтып,
Алга карай үндөдүн.
Ак жолумду ачууга,
Бар күчүңдү үрөдүң.
Алды артыңды байка деп,
Айттың асыл-насаат кеп.
Эмгегиңе эң бийик,
Эч убакта болбос чек.
Ачып өмүр бүчүрүн,
Эже-агайым гүлдөгүн.
Жаш муунду талбастан,
Келечекке үндөгүн.
Бассам-турсам ойлоном,
Миң түрлөнүп толгоном.
Эмгектерди актоочу ой,
Жанга тынчтык койбогон...
© /И.У./
Евразия,Африка материгин,
Бөлүп турат Кызыл деген бир деңиз.
География деген бир сабакты,
Окутат Манзура эжейибиз.
Эже-агайым улуусун,
Баарынан да сулуусун.
Элестетпейм силерсиз,
Бул турмуштун сулуусун.
Эже-агайым жөлөгүм,
Ата-энемдей көрөмүн.
Силер берген билимден,
Мен көгөрүп өнөмүн.
Балапандай талпынтып,
Алга карай үндөдүн.
Ак жолумду ачууга,
Бар күчүңдү үрөдүң.
Алды артыңды байка деп,
Айттың асыл-насаат кеп.
Эмгегиңе эң бийик,
Эч убакта болбос чек.
Ачып өмүр бүчүрүн,
Эже-агайым гүлдөгүн.
Жаш муунду талбастан,
Келечекке үндөгүн.
Бассам-турсам ойлоном,
Миң түрлөнүп толгоном.
Эмгектерди актоочу ой,
Жанга тынчтык койбогон...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#11 07 May 2013 - 21:08
Университетим.
.
Билим алып койнуңда эчендеген,
Студенттер жүрүшөт окуйм деген.
Мүдөөбүздү толуктап келечекке,
Өсө бергин кулачың дагы кенен.
Ар багытта адис чыгарып,билим берген,
Мугалимдер окутуп бизди терең.
Ыраазыбыз чыныгы ак жүрөктөн,
Бирге, али чыга элек сени менен!
Жаша,жаша жапжаңы университет,
Көк арчадай жашарып бизге иштеп.
Ар тараптуу өстүрүп кыргыз элди,
Таңкалабыз укмуштай сени тиктеп.
Университет бардыгы бул-шаарда,
Сонун дагы сүйкүмдүү алда канча.
Тай-тай бойдон жүрбөстөн,алга умтул,
Картайбастан кызмат кыл,кылым жаша...
© /И.У./
Билим алып койнуңда эчендеген,
Студенттер жүрүшөт окуйм деген.
Мүдөөбүздү толуктап келечекке,
Өсө бергин кулачың дагы кенен.
Ар багытта адис чыгарып,билим берген,
Мугалимдер окутуп бизди терең.
Ыраазыбыз чыныгы ак жүрөктөн,
Бирге, али чыга элек сени менен!
Жаша,жаша жапжаңы университет,
Көк арчадай жашарып бизге иштеп.
Ар тараптуу өстүрүп кыргыз элди,
Таңкалабыз укмуштай сени тиктеп.
Университет бардыгы бул-шаарда,
Сонун дагы сүйкүмдүү алда канча.
Тай-тай бойдон жүрбөстөн,алга умтул,
Картайбастан кызмат кыл,кылым жаша...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#12 08 May 2013 - 00:47
эх менин ушундай эжекелерим даиыма бар болунуздар,
сиздер менен сыймыктанам.
#13 08 May 2013 - 11:17
Убакыт учкан куштай
Убакыт учкан куштай алга шашат,
Уурдап алып жаштыгыңды ала качат.
Жаз кезиң күзгө,кышка алмашылып,
Кундуздай чачтарыңды бубак басат.
Күндөр болсо билинбестен өтө берет,
Күнү бүткөн бул жашоодон кете берет.
Көрөр күнү,ичээр суусу түгөнбөгөн,
Көп жашап,тилегине жете берет.
Карылык байкатпастан тушап алат,
Жаштыгын эстеп баары кусаланат.
Мезгилге баш ийбестен адамдар,
Жаш бойдон жашай берсе атаганат.
Чыкылдап саат жебеси жылган сайын,
Сездирет өмүрүңдүн өткөндүгүн.
Байкатпай бырыш салып беттериңе,
Билгизет мезгил сага өктөмдүгүн. ..
© /И.У./
Убакыт учкан куштай алга шашат,
Уурдап алып жаштыгыңды ала качат.
Жаз кезиң күзгө,кышка алмашылып,
Кундуздай чачтарыңды бубак басат.
Күндөр болсо билинбестен өтө берет,
Күнү бүткөн бул жашоодон кете берет.
Көрөр күнү,ичээр суусу түгөнбөгөн,
Көп жашап,тилегине жете берет.
Карылык байкатпастан тушап алат,
Жаштыгын эстеп баары кусаланат.
Мезгилге баш ийбестен адамдар,
Жаш бойдон жашай берсе атаганат.
Чыкылдап саат жебеси жылган сайын,
Сездирет өмүрүңдүн өткөндүгүн.
Байкатпай бырыш салып беттериңе,
Билгизет мезгил сага өктөмдүгүн. ..
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#14 09 May 2013 - 19:18
Тагама
Бүчүрүн ачкан тал элеңиз,
Бүтпөгөн таттуу бал элеңиз.
Бейишин берсин Кудайым,
Бейишке насип жан элеңиз.
Өлүмгө айла жок болуп,
Атылган кыска ок болуп.
Бир күйүп кайра өчтүңүз,
Кызарып турган чок болуп.
Уулдарын эркелетип урматтаган,
Балдары да тагамды ызаттаган.
Тагамды эстей калган кезде,
Жүрөк зырп этип көздөн жаш тынбай аккан.
Акыл-эстүү,зирек өсүп жашынан,
Көп иштерди өткөрүптүр башынан.
Ийне менен кудук казып чарчабай,
Атак-даңкка, сый-урматка татыган.
Аттиң арман кыска экен өмүрү,
Балдарынын көрбөй кетти убайын.
Эли үчүн жасап кеткен ишине,
Жаннат төрдөн жай бергендир Кудайым.
Бүчүрүн ачкан тал элеңиз,
Бүтпөгөн таттуу бал элеңиз.
Бейишин берсин Кудайым,
Бейишке насип жан элеңиз.
Өлүмгө айла жок болуп,
Атылган кыска ок болуп.
Бир күйүп кайра өчтүңүз,
Кызарып турган чок болуп.
Уулдарын эркелетип урматтаган,
Балдары да тагамды ызаттаган.
Тагамды эстей калган кезде,
Жүрөк зырп этип көздөн жаш тынбай аккан.
Акыл-эстүү,зирек өсүп жашынан,
Көп иштерди өткөрүптүр башынан.
Ийне менен кудук казып чарчабай,
Атак-даңкка, сый-урматка татыган.
Аттиң арман кыска экен өмүрү,
Балдарынын көрбөй кетти убайын.
Эли үчүн жасап кеткен ишине,
Жаннат төрдөн жай бергендир Кудайым.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#15 09 May 2013 - 19:32
Элүүгө чыкмак тагабыз,
Эгер тирүү болгондо.
Эл үчүн көп иш аткармак,
Шум ажал көрбөй койгондо.
Дили таза,жүрөгү ак сиздейлер,
Жашообузда жүрсө дайым,өлбөсө.
Жолун тосуп келе жаткан шум ажал,
Башка жакка өтүп кетсе,көрбөсө.
Уулдары,жакындары боздоду,
Тууган урук,айылдашы коштоду.
Жерге коюп жаткан кезде денесин,
Күлүмсүрөп тирүү кездей окшоду.
Коштошкону көп эл келди агылып,
Жеңем боздойт көкмөк жолук салынып.
Чыгаан уулун келбес сапарга узатып,
Таятам турду шум ажалга таарынып...
[Эрг.Ташп.(15. 08.1960-12.06.2005) ]
© /И.У./
Эгер тирүү болгондо.
Эл үчүн көп иш аткармак,
Шум ажал көрбөй койгондо.
Дили таза,жүрөгү ак сиздейлер,
Жашообузда жүрсө дайым,өлбөсө.
Жолун тосуп келе жаткан шум ажал,
Башка жакка өтүп кетсе,көрбөсө.
Уулдары,жакындары боздоду,
Тууган урук,айылдашы коштоду.
Жерге коюп жаткан кезде денесин,
Күлүмсүрөп тирүү кездей окшоду.
Коштошкону көп эл келди агылып,
Жеңем боздойт көкмөк жолук салынып.
Чыгаан уулун келбес сапарга узатып,
Таятам турду шум ажалга таарынып...
[Эрг.Ташп.(15. 08.1960-12.06.2005) ]
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#16 09 May 2013 - 19:49
Эх менин ушундай эжекелерим,
дайыма бар болуңуздар,
сиздер менен сыймыктанам.
Сиңдиме...
Кундуз чачы далы ылдый өрүлүп,
Кирпиктери каректерге төгүлүп.
Кылган ишин майын гана чыгарып,
Чыга келди эл көзүнө көрүнүп.
Ширин тили,шат күлкүсү биригип,
Мади сиңдим баарына тең жагыптыр.
Мектептеги чыгармачыл ишине,
Районо да медаль берип,тагыптыр...
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#17 09 May 2013 - 20:11
***
Тил жөнүндө...
Кыргызбы,же кыргыз тилин билбесе,
Кыргыз тилин тепсеп,тентип, тилдесе.
Кыргыз тили бир күн өлүп жок болот,
Ата сүйлөп баласына бербесе.
Карап көрчү жакын турган Ташкентти,
Арданышпайт өз тилдерин билгенге.
Орус,татар,казак, кыргыз баары бар,
Сүйлөп турат келиңиз деп өзбекче.
Мейли дечи,тил көпүрө илим менен билимге,
Ашык дөөлөт жарбайт дейм,канча тилди билгенге.
Бирөөн дагы бурмалоого акым жок,
Сүйлөй берсин кыргыз болуп орус,кытай,немисче.
Эң негизги кайнап жатат көөдөндө,
Папа деген кыргыз уулун көргөндө.
Үй-бүлөдө кыргыз тилин укпаса,
Үйрөнөбү кыргыз тилин өлгөндө.
Ойлоп
көрсөм үч сөз улуу кыргызда,
Ата-бабам сүйлөп келген кылымдардан- кылымга.
Эч болбосо үч сөзүңдү үйрөнгүн,
Ата,апа,мекен дегенди кыргызча.
© /И.У./
Тил жөнүндө...
Кыргызбы,же кыргыз тилин билбесе,
Кыргыз тилин тепсеп,тентип, тилдесе.
Кыргыз тили бир күн өлүп жок болот,
Ата сүйлөп баласына бербесе.
Карап көрчү жакын турган Ташкентти,
Арданышпайт өз тилдерин билгенге.
Орус,татар,казак, кыргыз баары бар,
Сүйлөп турат келиңиз деп өзбекче.
Мейли дечи,тил көпүрө илим менен билимге,
Ашык дөөлөт жарбайт дейм,канча тилди билгенге.
Бирөөн дагы бурмалоого акым жок,
Сүйлөй берсин кыргыз болуп орус,кытай,немисче.
Эң негизги кайнап жатат көөдөндө,
Папа деген кыргыз уулун көргөндө.
Үй-бүлөдө кыргыз тилин укпаса,
Үйрөнөбү кыргыз тилин өлгөндө.
Ойлоп
көрсөм үч сөз улуу кыргызда,
Ата-бабам сүйлөп келген кылымдардан- кылымга.
Эч болбосо үч сөзүңдү үйрөнгүн,
Ата,апа,мекен дегенди кыргызча.
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#18 10 May 2013 - 02:14
Сиңдиме...
Кундуз чачы далы ылдый өрүлүп,
Кирпиктери каректерге төгүлүп.
Кылган ишин майын гана чыгарып,
Чыга келди эл көзүнө көрүнүп.
Ширин тили,шат күлкүсү биригип,
Мади сиңдим баарына тең жагыптыр.
Мектептеги чыгармачыл ишине,
Районо да медаль берип,тагыптыр. ..
Кундуз чачы далы ылдый өрүлүп,
Кирпиктери каректерге төгүлүп.
Кылган ишин майын гана чыгарып,
Чыга келди эл көзүнө көрүнүп.
Ширин тили,шат күлкүсү биригип,
Мади сиңдим баарына тең жагыптыр.
Мектептеги чыгармачыл ишине,
Районо да медаль берип,тагыптыр. ..
уау эжеке рахмат чынын айтсам кубанганыман көзумө жаш келди тагамды эстеп эми ыйлап буттум эле.
#19 10 May 2013 - 19:39
Чын эле керемет саптар экен. Талантына таазим. Ал эми сага дося, талыкпай жазып, бизге жеткизгениңе рахмат! Дагы да жазып, жеткизип тур демекчимин.
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#20 14 May 2013 - 00:22
Эн бир туура кылыпсыз, жакшы жазылыптыр калеми курчуй берсин.
Эн сонун саптар,калеми курчуй берсин.А сизге баракелде
/>
эх менин ушундай эжекелерим даиыма бар болунуздар,
сиздер менен сыймыктанам.
Чын эле керемет саптар экен. Талантына таазим. Ал эми сага дося, талыкпай жазып, бизге жеткизгениңе рахмат! Дагы да жазып, жеткизип тур демекчимин.
Баарыңыздарга ыраазычылык. ..
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))

Супер-Инфо
super.kg
видео












