Суперстан: Кыргызстан жана «Ачык маалыматтар»: Бул бизге эмне үчүн зарыл? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызстан жана «Ачык маалыматтар»: Бул бизге эмне үчүн зарыл?

#1 Пользователь офлайн   Latyshka   30 Июль 2015 - 15:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 04 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июл 2021 10:12

Сүрөт

Кыргызстан жана «Ачык маалыматтар» : Бул бизге эмне үчүн зарыл?

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын карамагындагы электрондук форматтагы маалыматка эркин кирүү концепциясы – “Ачык маалыматтар” саясатын жайылтуу башталат. “Ачык маалыматтар” саясатын жайылтуунун маанилүү экендиги, Кыргызстанда азыртадан эле бул багытта эмне жасалып жаткандыгы жана бул кандай жыйынтыктарга алып келиши мүмкүндүгү
тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов жана “Маалымат эркиндиги” программасынын менеджери Лира Самыкбаева баяндашат.

- “Ачык маалыматтар” – биздин өлкө үчүн дээрлик жаңы түшүнүк. Айтыңызчы, бул эмнени түшүндүрөт жана ушул тапта эмне үчүн ушундай актуалдуулукка ээ болуп жатат?

Лира Самыкбаева (Л.С.): - Кыргызстанда акыркы бир канча жылдын ичинде бардык мамлекеттик органдар бардык ишти электрондук форматта жүргүзүп жатат жана ар кандай маалыматтарды чогултушат. Мисалы, Билим берүү министрлиги мектептерде окуучулардын саны, окуу китептери менен камсыздоо, мектептерди мугалимдер менен толуктоо боюнча маалыматтарды топтоп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылар, оорулар боюнча топтойт. Бул маалыматтардын бардыгы ушул ведомстволордо сакталып турат, бирок эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, ал жөнөкөй адамдар үчүн дагы ар кандай аналитика даярдоо, ушундай маалыматтардын негизинде бизнес-сервистерди түзүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бул маалыматтар биздин жарандарга пайдалуу болушу үчүн биринчи кезекте аларды ачуу керек. Маалыматтарды ачуу аларга интернет аркылуу эркин кирүүнү камсыздоону түшүндүрөт, ошол эле учурда маалыматтарды машиналар изилдеши үчүн машина окуй турган форматта болууга тийиш экендиги милдеттүү шарт болуп саналат. Албетте, бул персоналдык маалыматтар – фамилиялар, ысымдар ж.б. жок маалыматтарга таандык.

Шамил Ибрагимов (Ш.И.): - Эмне үчүн Кыргызстан “Ачык маалыматтар” саясатын жайылтууга тийиш деп эсептейбиз? Биз бул мамлекеттин жана бардык мамлекеттик органдардын жеткилең отчёттуулугуна алып келет деп ишенебиз. Маалыматтардын ачыктыгы боюнча чоңураак индекске ээ болгон өлкөлөр коррупциянын азыраак индексине ээ болгон өлкөлөр экендигин көрсөткөн конкреттүү изилдөөлөр бар. Маалыматтар ачык болсо, аларды жасалма кылуу кыйын, ошол замат комплекстүү жана кеңири картинаны көрүүгө жана анализдөөгө, чындыкты көрүүгө болот. Мисалы, Билим берүү министрлиги ар бир мектепке канча каражат бөлүнөрү тууралуу маалыматтарды жарыялайт, ошол эле учурда мектеп өз кезегинде ал канча акча алгандыгын кабарлайт. Бул 2 санды жөнөкөй эле салыштыруу менен биз бардык акчалар дайындалган жерге кеттиби же министрликтен мектепке чейинки жолдо кайсы бир жерден бир миллион жоголуп кеттиби же жокпу көрөбүз.

Ачык коом бардык мамлекеттик агымдардын ачыктыгын жана отчёттуулугун түшүндүрөт. Мамлекеттик каржы – бул биринчи кезекте сиз менен биздин акчалар. Бул салыктар, акча которуулар. Биз ошондуктан биздин акчалар кандай пайдаланылып жаткандыгы тууралуу билүүгө укуктуубуз. Ошон үчүн биз “Ачык маалыматтар” саясатын илгерилетип жатабыз.

- «Сорос-Кыргызстан» фонду “Ачык маалыматтар” саясатын илгерилетүүдө кандай багыттарды кучагына алат?

Ш.И.: - Биз алдыбызга “Ачык маалыматтар” саясатын илгерилетүү боюнча эки милдетти коюп жатабыз. Биринчи милдет – алар деги эле “Ачык маалыматтар” деген эмне экендигин, алар эмне үчүн маанилүү экендигин түшүнүүсү үчүн мамлекеттик органдар менен иштөө. Мисалы, биздин Улуттук статистикалык комитетти алсак, мен убакыттын жана аракеттердин көпчүлүк бөлүгү – 70-80 пайызы министрликтерден тарта мамлекеттик структураларга чейин дээрлик ар кандай билдирмелерди иштеп чыгууга кетет деп ойлоймун. Ошол эле учурда тиешелүү программалык камсыздоо болсо, мамлекеттик органдар зарыл болгон маалыматты өздөрү ала алат. Ал эми Улуттук статистикалык комитет аябагандай чоң катмардагы иштен бошойт жана түгөнбөгөн билдирмелерди иштеп чыгуунун ордуна башка максаттардын, маалыматтарды сапаттуураак топтоонун үстүндө иштей алат.

Экинчи багыт – калктын ачык маалыматтарды туура түшүнүүсү жана биздин максат – бул техникалык тажрыйбалары бар адамдар жана бул сандардын агымынан кандайдыр бир пайдалуу нерсе жасай ала турган журналисттер.
- Сиздер азыр кандай мамлекеттик органдар менен иштеп жатасыздар жана конкреттүү түрдө эмне кылып жатасыздар?

Ш.И.: - Биз Бишкектин мэриясынан баштоону чечтик. Азыр аларга нормативдик базаны иштеп чыгууга: маалыматтарды кантип ачуу керектигин, кандай маалыматтарды ачууга болорун, кайсылар болбостугун, чечим кабыл алуу кимдин компетенциясында экендигин, муну кандай мезгилдүүлүк менен жасоо керек ж.б. жардам берип жатабыз. Башкача айтканда, биз бүтүндөй аспаптарды иштеп чыгууга жардам берип жатабыз. Бул иш аяктагандан кийин, бул болжол менен бир жылдын ичинде аяктайт, биз ачык маалыматтары бар Бишкек шаарына ээ болобуз.

Ошол учурдан тарта программисттер, иштеп чыгуучулар ар кандай тиркемелерди жасай алышат. Мисалы, силер кайсы мектепке же бейтапканага таандык экениңерди билесиңер да. Мага жакын арада жайгашкан бейтапкананын же менин районумдагы паспорттук столдун дарегин шашылыш түрдө билүү керек болуп калды дейли. Бул жерде маалыматтардын бар экендиги жок дегенде шаардын деңгээлинде менин жашоомду шаардык адам катары ыңгайлуураак жана жайлуураак кылууга мүмкүнчүлүк берет. Мен тиркемени таап, эмнени табышым керектигин билдим, GPS менин кайсы жакта турганымды аныктап, жыйынтыкты берип койду: “сиз Биринчи Май районунда турасыз, бул райондук паспорттук столу же бейтапканасы ушундай даректе жайгашкан”. Бул абдан жөнөкөй мисал, бирок мындан дагы кызыктуураак нерселерди дагы жасоого болот. Мисалы, Мамлекеттик каттоонун ачык маалыматтарынын негизинде шаардагы жерлердин кайсы тилкелери ушул кезге чейин муниципалитеттин карамагында, ал эми кайсылары менчикке же узак мөөнөттүү ижарага берилгендигин дагы көрүүгө болот. Мен шаардыктардын көпчүлүгүнө мындай маалыматтар менен жөнөкөй, түшүнүктүү форматта таанышуу кызыктуу болмок деп ойлоймун. Ошондой эле алардын үйүнүн жанындагы тилке жеке фирмага ижарага берилгендиги тууралуу алар дубал куруп жана ушул тилкеде курулуш үчүн чуңкур каза баштаганга чейин билип алышмак.

Л. С.: - Биздин ишибиздин экинчи багыты тууралуу айтсак, июнда Бишкекте биринчи борбор азиялык хакатон өткөрдүк. Хакатон – бул форум, анын жүрүшүндө ар кандай тармактардагы адистер кандайдыр бир маселени чечүүнүн үстүндө биргелешип иштешет. Ага программисттер, жарандык активисттер жана журналисттер катышты. Биз даярдаган ачык маалыматтардын негизинде алар топторго бөлүнүп алышып маселени изилдешти, аны кантип жакшылап визуалдаштыруу керектигин талкуулашты, акыркы баскычта ачык маалыматтарды пайдалануу менен тиркемени иштеп чыгышты.

Хакатондун учурунда эле биз жыйынтыктарды көрдүк. Ошентип, долбоорлордун биринин алкагында Жогорку Кеңештин сайтынан ар кандай 2 маалымат салыштырылды. Бул депутаттардын жоктугу тууралуу протоколдор жана пленардык отурумдардагы добуш берүү протоколдору. Анын жыйынтыгында биз мындай кырдаалды көрдүк: А. аттуу депутат 3-июнда отурумга катышкан эмес, анткени ал Жалал-Абадда командировкада болгон, ошол эле учурда ал добуш берүү боюнча өзүнүн укугун эч кимге берген эмес, ал эми добуш берүү протоколунда анын добушу бар. Мындай дал келишпестиктер абдан көп, ар бир отурумда дээрлик катышпаган адамдар добуш беришкен. Бизге депутаттар телефон чалышып, бизди жалган айтып жатат деп айта башташты. Ал эми бул маалыматтар парламенттин сайтында 5 жылдан бери жатпайбы! Мунун баары көрүнө баштаганда гана бардык көрүнүш түшүнүктүү болот жана бул кызуу жоопту пайда кылат.

Ш.И.: - Мындай фактылар талкуулана баштаганы жакшы. Дал ошол талкуулоодо белгилүү бир социалдык чыңалуу алынып салынат, тигил же бул көйгөйлөрдү чечүүнүн оптималдуу жолдору табылат. Бул биздин максатыбыз. Эгерде көйгөй аныкталса, анда аны чечели, эгерде бизди кубандырган бир нерсе болсо, келгиле, аны өнүктүрөлү. Биз ачык маалыматтар сүйлөшүү үчүн объект түзүшүнө умтулуп жатабыз. Ооба, ошол эле Жогорку Кеңеш боюнча ачык маалыматтар көпчүлүк адамдарды нааразы кылды. Ооба, биз жагымсыз маселелерди көтөрүп жатабыз, бирок бул маселелер жарылып жана биздин өзүбүздү бузгуча күткөндөн көрө аны көтөргөн жана чечкен жакшы.

- Айтыңызчы, сиз келечекте кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыз? Фонддун “Ачык маалыматтар” саясатын ишке ашыруу боюнча пландарында эмне бар?

Л.С.: - Биринчи хакатондон кийин бизе Мамлекеттик каттоо кызматы жана Бишкек мэриясынан билдирмелер келип түштү. Алар өзүнүн маалыматтарын ачууга даяр жана биз аларга бул ведомстволордун базасында тематикалык хакатондорду өткөрүүгө жардам берүүгө камынып жатабыз. Ал жерде маалыматтардын ири катмары бар жана биз иштеп чыгуучулар мунун негизинде көп сандаган кызыктуу жана пайдалуу тиркемелерди жасай алышат деп ишенебиз.

Ш.И.: - Эгерде биз бара жаткан акыркы жыйынтык тууралуу айта турган болсок, биздин милдет – кийин ачык маалыматтарды колдоп, аларды иштеп чыгуу, тиркемелерди түзүү менен алектене турган адамдардын аябагандай көп массасын түзүү. Бизди кайсы бир даражада түшүнбөстүк дубалын тешип чыга турган, окутуп, айтып берген, келечекти көрсөткөн муз жаргыч деп да атоого болот. Андан ары өнүгүү табигый жол менен кетет. Ооба, бул кайсы бир убакытты ээлейт. Эки жылдан кийин биз ачык Эстония болобуз деп эч ким айтып жаткан жери жок. Ошондой болсо дагы бул жарандар жана мамлекеттин ортосундагы таптакыр башка өз ара аракеттенишүү болот. Биз мына ушуга келе жатабыз.

Сүрөт
Мектептердеги улуттук тестирлөөнүн жыйынтыгынын статистикасын жеткиликтүү болушун шартоочу кызматтын прототибин иштеп чыккан Азиядагы Хакатон 2015тин катышуучулары.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Aida91   31 Июль 2015 - 14:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 15 Март 12
  • Соңку аракети: 29 Авг 2016 09:45
  • Жынысы:Аялзаты

Абдан жакшы проект экен, коп коп ушундай проектилерди уюштуруп турсаныздар жакшы болмок! Ийгилик каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   http   14 Август 2015 - 10:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 22 Июнь 10
  • Соңку аракети: 10 Июл 2019 10:08

Жакшы, жакшы.
Келечекте коп пландар ишке ашса Кыргызстан онугуп-осот да.
Колдоо кучтуу болсо, калганын ишке ашырса болот!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Nadya_90   14 Август 2015 - 10:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 339
  • Катталган: 04 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Сен 2018 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:SUPER.KG-->>Соңку кабар

Ммм, жакшы экен. Эми иш жүзүнө ашса экен. Негизи Лира эже жакшы проекттерди жетектейт. 2013-жылы Кыргыз Уикипедиясынын проектисин жетектеп келген. Аябай жакшы жыйынтыктар болгон. Эми бул проектти дагы ишке ашырып, мыкты деңгээлдерге жетишет деген ойдомун.
Ачык маалыматтар бериле баштаса, коррупциянын деңгээли төмөндөйт деп ишенем. Ишиңерге ийгилик. Жаштар, алга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: