"Жашоо-бул театр,а адамдар андагы актёрлор"
деп туура айтылган экен.Театрдын сценарийин өзүбүз жазып,актёрлорду да өзүбүз тандап алууга болоорун билебиз.Бирок,
ошол театрга жаңы каарман келгенде сценарийдин мазмунун унутуп,башка каармандарды көзгө илбей калабыз.Бакыттын кучагында ээрип,сезимдердин асылдыгынан канат бүтүп,ал каармандын бүт кыял жоругу менен,жаманын жакшысына жооруп сүйүп кабыл алаарыбыз шексиз.Ал адамды сүйүп,жана дал ушундай сүйүү ал адамда да бар экенин сезсең,анда абдан жакшы.Балким аягы "Бактылуу,
өмүрлүү болуп жашап калышыптыр"
деп бүтүшү мүмкүн.А кээде сүйүү бир тарапттуу болуп,же өйдө жактагы адамдар эки жүрөктүн бир болушууна каршы болот.Бул учурда эки ажырым жолго түшүп,өйдө жак тандаган адам менен бир болосуң,же дагы бири убакыт өтүп башка адамга жолугасың.Андайда,
сценарийди кайрадан жазууга туура келет.Бирок,
жүрөктө АЛГАЧКЫ МАХАБАТ кала берет......
Терезеден сыртты ойлуу карап,жамгырдын тамчыларын Алтынайдын жүрөгүнүн ыйлап жаткан жаштары кошо коштоп турду.Ал бир нерсени эстеп кеткендей,шарт бурулуп,күрмөсүн алды да ,сыртты көздөй чуркап жөнөдү.
-Эрке кыз,кайда кеттиң?Тамак даяр болбодубу...
.,-деген жеңесинин ашканадагы кыйкырыгын уккан да жок.
-Эмне болду бул кызга?Жакшынакай эле жүрдү эле го?,-деп аркы бөлмөдөн чыгып келе жаткан Садыр жубайын суроолуу карап калды.
-Билбейм,Саке.
Телефон менен сүйлөшүп аткан,бирөө жарым келген го....
-Ким келмек эле,таанышы деле жок.
-Эми иштешкен жериндегилерден го.Эми келсе сурайбыз да өзүнөн.Кел,отур тамак даяр болду.
-Арыктап да кетти,өңдөн азып,эрке кыз.Мынчалык ойчул,жүрөгунө эмне анча кабыл алды билбейм,-деп Гүлнур кейип алды.Аялы күйөөсү өткөн кеткенди сүйлөшуп тамак ичип отуруп калышты
Эшикке чыгып эле,жээкте калган балыктай жан дүйнөсү туйлап,дем жетпей,жаанга бетин тосо калды Алтынай.Ал үчүн жамгырдын жаап жатканы маанилүү эмес эле.Көнгөн жолдор менен,көчөлөрдү аралап,алда кандайдыр бир жерге шашып,эң бир баалуу нерседен куру калчудай энтигет.Көксөгөн жерине келип,отургучка отура кетип ыйлап жиберди.Жамгырдын бир жакшы жери,ыйлап турсаң ыйыңды жашырганы.Алтынай да көптөн берки бук болуп кеткен ызасын,бугун азыр ушул жамгыр алдында төгүп жатты.Бир топтон кийин башын өйдө көтөрүп,аккан жаштарын сүрттү.Жанатан бери төгүп жаткан жамгыр да,кызга боору ооруп кеттиби,"
жарк"этип,
"Ыйлабачы,
Алтынай.Кана күлүп койчу"дегенсип нурларын чачыратып,кара булуттарды ары айдап күн чыга келди.Босфор да кыздын көңүлүн көтөрмөкчү болуп,толкундарын шарпылдатып жатат.Алтынай салкын гана карап,жылмайып койду.Ушул шаарга келгенден бери жалгыз сырдашы ушул Босфор.Анын жанында ыйлайт,күлөт,
сырын айтат.
-Билесиңби,досум.
Бүгүн мен ушунчалык аны менен жолуктурган тагдырыма нааразы да,ыраазы да болдум.Аны жек көрүп,бирок,
ошол эле маалда сүйүп да турам.Жүзүнөн аккан жашын,колунун сырты менен аарчып,оор улутунуп алды да,кайра сөзүн улады.
-Бүгүн Эдил чалды.Бул чалууну көптөн бери күтсөм да,сүйлөшүүгө даабай турдум.Эки жолу удаа удаа чалгандан кийин алдым.Ал адаттагысындай эле сүйлөдү.Үнү бир аз пасыңкы чыкканы менен жакшы эле экен.
-Кандайсың,Алтынай.
Ден соолуктарың,
иштериң жакшыбы?Оорубай жүрөсүңбү?
-"Жок,жаманмын.
Ооруп атам,болгондо да "сен"деген оору менен ооруп жатам.Дартыма дабаа болчу өзүң экенин билсең гана"деп ичимен айтып тим болдум.Ушул үндү көп убакыттан бери күтүп,зар болуп жүргөнмүн.Анын акыбалымды сураганына эрээркеп,тамагым буулугуп кетти.Ыйлабадым,
тек гана үнсүз,тилсиз калгандай,бир чекитти тешип карап тура бердим.
-Алтынай,мен.
......Угуп жатасыңбы мени?-деп шаштысы кетип сураган сөзүнөн эсиме келе түштүм.Тамагымды кыра жазап:
-Ооба,угуп жатам.Кандайсың,
Эдил?
-Мен жаман,Алтынай.
Бир кезде иттик кылып сенин жүрөгүңдү оорутканым үчүн өкүнүп отурам.Асылым,
менин угуп жатасыңбы?Башкалар сендей болуп бербейт экен.Сеникиндей сүйүү,жылуулук,
сезим алардан таба албадым.Мени кечирим койчу?Кыргызстандан кеткениңди укканда чындыгында ишенбедим.Эки ай бою,бүт сенин барган жерлериңден,
тууган-таанышкандарыңдан издедим.Акыры чындап эле айрылганымды сезгенде,кокустан,
классташыңды жолуктуруп калып,номериңди андан алдым.Билесиңби,
ошондон бери өчүп бараткан үмүтүм кайрадан жанданды.Суранам,
менин өткөн нерселерим үчүн кечирип койчу?
Эдилдин минтип жалдырап кечирим сурашы жаңылык эле.Дайыма өзүнүн айтканын бербеген,дайыма өзүнүкүн туура кылган Эдил телефондон мага кечирим сурап жатты.
"Мен сени кечирдим,жаным.
Мен да сени сагынып,сенин чалууңду,келишиңди күтүп жургөм"деп жүрөгүм болгон үнү менен кыйкырып жатса,акылым экөөбүз биригип алып аны жээрип,жаман көрүп турдук.Бар болгон күчүмдү жыйнап:
-Мен сени кечиргем.Бирок,
эми баары кеч,-дедим да,телефонду коюп салдым.Бул сөзүмө кубанычы коюнуна батпай акылым эки колун көтөрүп алып,жеңишине сүйүнүп жатса,журөгүм ызалуу көздөрү менен карап "Ай ушу сени..."деп кол шилтеп нары карап алып ыйлап жатты.Анын ыйы менен кошо сыртта жаап жаткан жамгырдын тамчылары кошо жерге тамат.Аба жетпей,башым тумандап бара жаттым.Жеңемдин кыйкырганын да укпай,сага чуркап келбедимби.
Эми кандай айла кылсам.Сагынганым,
сүйгөнүм чын,бирок...
Дагы бир жолу оору улутунуп алды кыз.Босфор да кыздын жүрөк сырына ортоктош болгонсуп,бир калыпта,жай баракат агып жатты.Ээк ылдый аккан жашын сүртүп,башын көтөрө асманды карады.Жаап өткөн жамгырдан калган үзүк үзүк булуттар каалгып туруптур асманда.
"Булуттар,
булуттар
Жандап өткөн жалгыздыкты унуткар"деп шыбырады Алтынай.Айланага көз жүгүрттүп,жаздын келгенин билдирип жашыл чөптөр,ар кай жерде кызыл тазыл гүлдөр жайнап калыптыр."
Мен келгенде саргарып алтынга бөлөнүп турду эле бул шаар.Бир гана сен өз калыбыңан жазбайсың,Босфор.
Кош эми,эртең келем"деп ордунан араң турду.Денеси оорлошуп калыптыр.Көнгөн жолу менен жай баракат,үйдү көздөй жөнөдү.
Бакыт байрагы
#2 07 March 2015 - 20:51
Эдил машинадан түшүп,үйдү көздөй кетип бара жатып,кайра бакча жака бурулуп кетти.Кулагына "Эми баары кеч...."деген сөз жаңырып турду.!Эмне кылып салдым.Журөгүңду ушунчалык эле мерээз кылып салдым беле?Мага деген сезимиң калбай калды беле?Жоок...Алтынай мен ишенбей сага.Мени дагы деле сүйөөрүңдү билем.Ал оюңдан кайтчы суранам,ойлончу дагы да".Азыр анын жанында болсо,чөгөлөп кечирим суроого да бараар эле.
Улам улам небересинин ары бери тынымы жок басканын көргөн чоң апасы "Мындай абалын көрбөгөн элем,эмне болду экен"деп калды.
Бир топтон кийин башын жерге сала,өз ойлору менен алышып,үйгө кирип келе жаткан уулун көргөн Алтын:
-Кайда жүрөсүң?Кейпиң кантет?
Баласынын бырыш болгон кийимдерин көрүп таң кала карады.
-Эч нерсе...деп жолун улап бара жаткан Эдилди колунан кармап токтотту.
-Ай бала,каалаганыңдай келип каалаганыңдай кеткидей сен эмне бизди ойлобой калдыңбы?Эки күн үйдө тунөбөй,телефонуң өчүк кайда жүрдүң деги....
-Мага качантан бери эле сарсанаа болуп калгансыңар. Атам экөөң тиги мага берген машинаңарга сарсанаа болсоңор керек.Акча силерге маанилүү эмеспи ,-деп бурк этип алып,экинчи кабатка чыгып кетти.Өз бөлмөсүнө өтүп баратып,адатка айланганындай чоң энесинин бөлмөсунө баш бакты.Дайыма көз айнегин тагынып алып,китеп окуп отурган чоң энеси,бүгүн терезени карап,негедир ойлуу отуруптур.Артты карабастан:
-Кулунум,кагылып кетейин,сенсиңби?
-Мен...мен чоң эне.Майыптардын арабасында отурган кемпирдин келип,колун ийнине коюп,башынан жыттап койду.-Эч жериниз оорубай элеби?,-деди, тизелеп мандайына отуруп жатып.
-Жок,кагылып кетейин.Мен оорубаган жерим калбай калды го.Айтчы садагам,кайда жүрдүң,жаман эненди сарсанаа кылдың го..... Өңдөн да азып кеттиң
-Жумуштарым менен эле жүрдүм,эне.. ....
Бир саамга жымжырттык ээлеп,Эдил кайра сөз баштады.-Чоң эне айтыңызчы,эмнеге адамдар өзүнүн бактысын колдон алдыргандан кийин сезишет.Неге убагында сени сүйгөн адамдардын жүрөгүн оорутабыз?
-Сенин жүрөгуңду ооруткан адамың барбы?
-Жок,эне....Башын чайкады жерди караган бойдон -Ал кыздын жүрөгүн мен оорутуп жүрөм....
-Кулунум,-деди, Айша небересин башынан сылап-Бул сүйүү деген ыйык сезимди,аны барктап,сыйлай алган адамга берет.Кыз менен жигитке сүйүү келгенде,аны менен сыноосу да келет.Ушул экөө бири бирин барктай алаар бекен,ишенип, ар кай жерден колдоор алаар бекен дейт.Эгер ошолордун баарын жеңе билсе гана бактылуу болушат.
-Чоң эне,мен ал кыздын жүрөгүн аябай эле оорутуп койдум.Эми баркын билип,кайрылганымда "баары кеч"деп койду,чоң эне мен ал кызды сүйөм,кандай айла кылам эми,-деп жаш баладай чоң энесинин тизесин кучактап ыйлап жиберди.
-Аай,кулунум ай,ошол кыз үчүн азап тартып жүргөн турбайсыңбы, байкушум.Эгер ал сени сүйсө сөзсүз кайрылып келет,садагасы. Тур эми,чоң эле жигит да ыйлайт бекен.Эс алчы,алдыгы кийимиңди алмаштырчы, сакал мурутуң да өсүп кетиптир.Минтип алсыз болсоң,сүйүүң үчүн күрөшө албайсың,кулунум. Тур эми,тур....
Эдил башын өйдө көтөрүпп,ордунан туруп барып,чоң энесин кучактап,бетинен өптү.Ушул кемпирдин таалим тарбиясын,тээ балачагынан бери алып келет.Ата-энесин айлап жылдап чет өлкөлөргө чыгып,балдарынан акча маанилүү болуп жүргөндө эжеси менен Эдилди чоң энеси канаттууга кактырбай,тумшуктууга чокутпай бапестеп баккан.Аталык, энелик мээримге муктаж болгон Эдилдин ата энесине деген таарынычы да ошондон.
Өз бөлмөсүнө кирип,эч нерсеге көңулу чаппай,керебетке кулады.Көз алдында Алтынайдын жаркылдап кулуп,жайнаган элеси тартылып турду.
"-Сүйүнчү, сүйүнчү.....деди кубанычы койнуна батпай,колун жигиттин мойнуна артып,өпкүлөп алды.
-Ии не болду анча?,-деп жигит бурк этти,жактырбагандай. Анын жактырбаганын түшүнө бербей,эми эле кубанып турган Алтынайдын колу шалдая түштү.Көздөрунө тике карап:
-Сен менин кубанычыма да ортоктош боло албайсың э.Дайыма эле мени кагып койгондон ырахат аласың да турасың
-Болбойсуңбу эми,айтпайсыңбы, эмне болду?
-Жумуш таптым,-деди Алтынай ары басып.
-Эмне байкеңдер берген акча жетпей атабы?Эмне жумуш?
-Качаңкыга чейин байкемдин акчасын алып жашамак элем.Анын да өзүнун үй бүлөөсү бар да.Жумуш...... Айтканда эмне,сага баары бир эмеспи.
-Эмне эле бүгүн наалып калгансың.Мени окутуп эле,андан башка ишиң жокпу.Башкасыныкы бүтүп сеники жетпей атты эле.Эдил атасы менен жаңы эле үйдөн урушуп чыккан жинин,минтип Алтынайга кыйкырып,жаш баланы урушуп жаткансып чыгарып жатты.Капкара көздөрунөн мөлтүлдөгөн жаштар агып,аппак жүзүнөн тоголонуп ылдый агып кетти.Шарт бурулуп,артын карабай чуркап бараткандан Эдил жетип барып,колунан булуп тартты:
-Кетесиңби?
-Кое берчи мени....
-Кетсең мени көрбөйсүң экинчи.Ошол жумушуң менен кошо кете бер.Мен сени ушунча эркелеткеним үчун дагы рахмат айт.Бар кет,экинчи жолуман чыкпагын.
Кыз көздөн аккан жашын сүртүп,жигиттин көздөрүн тике карады.Биринчи жолукканда ушул көздөргө арбалып,ушул көздөр үчүн баарына даяр болуп сүйбөдү беле...Азыр да сүйөт.Бирок. ....
-Бир нерсе болсо эле көзүңдөн жашыңды агызасын да турасың.Ыйласаң эле мени жибип кетет дейсиңби?Болду, жетишет,-деди да,бурулуп алып басып кетти."Токточу, жаным.Мени ушундай таштап кетпечи.Мени кечирчи"деп кыйкыргысы келип турса да,тек гана,сүйүүктүсүнүн кетип бараткан жолун,ыйга толгон көзү менен узатып калганын Эдил сезип эле турду."
-Жүрөгүңдү ушунчалык эле музга айландырып койдум беле,асылкечим. Сага деген мендеги сүйүүнү кеч түшүнгөнүм үчүн кечирчи.Аза күтүп,жүрөгүң ооруп турганда колдоп турбаганым үчүн кечирчи.Аруу сезимиңди тебелеп тепсегеним үчүн кечирчи.Мени кечирчи,кайрылып келчи,Алтынайым.
Эдил куду Алтынайдын жанында кечирим сурап жаткансып,бир топко чейин сүйлөп атып,таттуу уйкуга кетти.

#4 08 March 2015 - 13:16
-Ии,эрке кыз кайда жүрөсүң?Кайда чуркап кеттиң,ботом?
,-деди,үйдүн эшигин ачып,бет маңдайындагы Алтынайга Гүлнур.
-Жөн эле,жеңе.Бир нерсени унутуп калыпмын.
-Телефон чалсам,үйдө калыптыр телефонуң... Сарсанаа болуп аттык,эрке кыз
Жеңесинин мээримдүү сөзүнөн,кабатырланганына уялып кетип,кучактай калды:
-Кечирип коюңузчу,экинчи антпейм,-деп шыбырады.
-Антпечи,эрке кыз.Кана мени карачы.Бул жаштарыңды сүртөбүз,акырын. Анан минтип өөп коебуз,-деп Алтынайдын чекесинен өөп койду.-Жүрү, колуңду жуу.Тамак ичебиз.
-Байкем кайда?
-Үйдө.Телевизор көрүп отурат.Чакырчы.
Бөлмөгө баш багып,агасынын гезит окуп отурганын көрдү.Ата-энесинен кийин ушул бир тууганы бар дүйнөсү,таянаар тоосу,өйдөдөгү өбөгү,ылдыйдагы жөлөгү эмеспи.Карачы анан калса отурушу да атасына окшошуп.Акырын барып,жанына отура кетти.
-Мен сизди сагынып кеттим,-деп кучактап,өпкүлөп алды.
-Кичинекейим го ушул кыз.Мен дагы сагындым.Кайда жүрдүң?
-Босфорго бардым...
-Досуң кандай жатыптыр?Дени сак бекен?,-деп агасы тийише сүйлөдү.
-Ооба,жакшы. Сизге салам айтты,-дегенде, экөө тең каткыра күлүп калышты.
-Ой баай,эки бир тууган болбойсуңар го.Мени кошосуңарбы ыя?
-Кошпогондочу. Сиз мага жеңе болгондон бери бир тууганым болгонсуз да,-деп Алтынай,женесинин кучактап алды.Бул кичинекей үй бүлөө бул күндүн кечин өткөн кеткен жакшы күндөрүн эстеп,үйдүн ичи күлкүгө бөлөп өткөрүштү.
Алтынай эртең менен уйкудан көзун ачып,ордунан шайдоот туруп,терезеден эшиктин карады.Тан жаңы атып,саат 7лер болуп калса да,күн нурларын чачыратып,жер бетине жылуулугун бере баштаган экен.Шаша-буша терезени ача калып,жаздын жагымдуу жытынан кере-керек дем алып алды.Бүгүн негедир көңүлү ачык.Кечеки Эдилдин чалганын да унутуп койду.Гардеробунан эң жакшы көргөн көйнөгүн кийди.Өзүнө куп жарашкан узун чачын,экиге бөлүп өрүп,аркасынан кайра бириктирип койду.Жүзүнө бир да боёк колдонбойт. Ансыз деле капкара,ботонукундай көздөрү,кырдач муруну,борпойгон оозу,сулуулугуна көрк берип турат.Кыңылдап ырдап,ашканага кирди.
-Кутман таңынар менен,алтындарым! Кандай эс алдыңар?
-Оуу,бул биздин кыз мынча сулуу бүгүн?-деди Садыр,карындашын чекесинен сүйүп-Сага да кутман таң!
-Бүгүн бир жакшы күн го э,эрке кыз?
-Жоок,жеңе.Маанайым жакшы,анан да карагылачы эшикте,чайыттай күн ачык.
-Ооба,жаз келбедиби эми.Болгула, тамактангыла. Алтынайды жумушка таштап коёлу.Убакыт аз.
Үй бүлөө шашыла тамактанып, машинага түшүп жөнөп кетишти.
Алтынай жумушка келсе,чогуу иштеген кыргыз жигит Аслан да келип,столдорду жыйнаштырып жүрүптүр.
-Кандай,Алтынай? Эс алуу кандай өттү?
-Жакшы,рахмат. Сеникичи?
-Буюрса,жакшы. Бүгүн аябай сулуу болуп калыпсың.
-А эмне башка күндөрү сулуу эмес белем,-деп,Алтынай тамашалай кетти.
-Жок,жок....Аслан мукактанып сөз таппай,уялгансып, башын кармап калды.
-Макул,тамашаладым. Жүрү ылдамдайлы.
-Бир аптадан кийин айлык берет экен,уктуңбу? -деди Алтынай Асланды жагдайдан чыгарып кетиш үчүн.
-Ооба.Апам ооруп аткан,айлыгымды дарысына салам.
-Ии,сакайып кетсин тезирээк.
-Рахмат.Алтынай, билесиңби,сен жакшы кызсың аябай,балким. ..деген жерге келгенде,башка официанттар келип,сөзүнүн аягына чыга албай калды Аслан.
Жумуш убактыларында Алтынай көңүлдүү иштеди.Түштөн кийин бир аз элдер солгундап калганда,кечиндеги түшү эсине келе калды.Түшүндө апасы менен атасы кирип жатыптыр.Жапжашыл болгон жайык талаада,Алтынай гүлдүү көйнөгүн кийип алып,бактылуу болуп жүрүптүр.Тээ нары жакта апасы менен атасы отурат.Чуркап барып,бала кезиндегидей экөөнө эркелеп атат.Апасы чачын өрүп берип,анан атасын тизесине башын коюп,алып жатып алды.Атасы менен апасы аябай жаш,сулуу,бактылуу болуп калышыптыр, кудум мурунку кездериндей. Атасы башынан сылап"Кызым, бизди ойлобой,өзүңдү кара,садагасы. Көрдүңбү,биз жакшыбыз.Үйдөн кетип калдың,үйгө барчы,берекем. Биз эми кетели.Тээ тиги жол менен барсаң,үйгө жетесиң"деп чекесинен апасы экөө тең сүйүп,жетелешип алып узап кетип бара жатышыптыр.
"Алтындарым, сагындым силерди.Айлыгымды алсам эле кетпесемби. Сардар байкем менен Гүлнур жеңем эмне дейт болду экен?"
Жумуш убактысы бүткөндөн кийин Алтынай адатынча Босфорду көздөй жөнөдү.Босфор чайкалып,бир калыпта агып жатыптыр.Сыягы, бүгүнку күндүн ачыктыгына ал дагы канааттанып жаткан болсо керек.
-Мени күтүп жаттыңбы,курбум? Алтынай өзүнүн көнгөн орундугуна отуруп жатып Босфорго сүйлөдү-Ооба, мен дагы сагындым сени.Билесиңби, бүгүн кандай сонун күн болду.Жумушдан айлыгымды бир аптадан кийин берет экен.Мекениме кайтайын деп жатап.Ооба,билем. Таарынып калдын
ңбы?Мен дагы сагынам сени.Кечинде атам менен апам түшүмө кирип "Кел"деп жатышыптыр. Алардын сөзүнө кантип каршы чыгам.Анын үстүнө мен да куса болуп сагынып атам.Берметти да сагындым.Ал бараарымды билсе аябай сүйүнөт го э.Мен келип турам бул жака.Сардар байкемдер бар го,Босфор.
-Сиз ким менен сүйлөшүп жатасыз?
Күтүусүз чыккан үндөн чочуп кеткен Алтынай,бурулуп артын караса,бою узун,чымыр денелүү,мурду кырдач,кой көз,каштары калың болгон келишимдүү жигит,күлүмсүрөп карап туруптур.
-Босфор менен
-Ким менен?-деди, жигит таң кала.
-Босфор менен.Бул куйманы аты Босфор,уга элексизби?
-Жок,укканмын. Отурсам болобу?
"Өзүң бил"дегенсип Алтынай ийнинин куушуруп койду.
-Сиз көп келесиз го бул жерге.
-Эмне аркаман андып жүрөсүзбү?
-Жоок,андай жаман ойлобоңуз.Тээ адамдар көп баскан жолду көрдүңүзбү? Ошол жакта күнүгө чуркаймын.
-Спорт менен машыгасызбы?
-Жок.Жон гана,ден соолукка кам көрүп.Өзүм журналистмин.
-Жакшы.
-А сиз эмне менен алексиз?
-Менби?Мен жөнөкөй эле официантмын.
-Официант деле кесип да.Канча деген эмгек кетет.Бирде жакшы кардар,бир жаман кардар келет.Баарынын тилин таап,тейлөө керек.Ушундайбы дегенсип жигит кызды карап калды.Алтынай эч нерсе деп жооп кылбастан,тек гана жылмайып койду.Бир мүнөттүк тынчтыктан кийин,Алтынай кеттүүгө камынып,ордунан турду.
-Кеттиңизби?
-Ооба.Жакшы туруңуз!-, деп башын ийип,жөнөп кетти.
"Ойлуу дагы,сулуу дагы кыз экен.Мынча жүрөгүн өйүгөн эмне болду экен?"деген ойлор менен жигит,бир аз отурду да,ордунан туруп бат эле элдердин арасына сүнгүп кетти.

#5 09 March 2015 - 01:51
Кечинде үй бүлөө чогулуп,тамакка отургандан кийин Алтынай сөз баштады.
-Байке,жеңе сиздерге ыраазычылыгымды билдирем.Атам менен апамдан кийин эң асыл кымбат адамдарым сиздерсиздер. Кыял жоругума бүт чыдап,бапестеп карап жатканыңыздар үчүн рахматымды айтам.Бир аптадан кийин айлыгымды алам,Бишкекке кетейин деп жатам.Мен эми өзүмчө жашап,жашоонун чоң сыноолоруна даярдануум керек го.Кечке эле силердин төрүңөрдө жыргап жүрө бермек белем.
Аялы күйөөсү бул жаңылыкка эмне деп жооп кылаарын билбей,бири бирин карап калышты.Бир топтон кийин Сардар сөз баштады.
-Алтынай,Бишкекке барганда эмне кылмак элең.Бул жакта жаныбызда болсоң да жеңең экөөбүздүн да көңүлүбүз тынч болоор эле.
-Ооба,эрке кыз,кетпей эле койчу.Үйдө болгонуңа биз каршы болгон жокпуз го.Бизге да эрмек болоор элең,-деди жеңеси жалооруп.
-Түшүмдө апам менен атам таарынып жатыптыр." Үйгө келчи" дешти,мен алардын сөзүн эки кыла албайм,-деп агып кеткен жашын сүрттү.
Ким эмне деп сүйлөөрүн билбей,бир аз жымжырттыктан кийин байкеси:
-Мейли,барсаң бар.Ал жакта үйдү да караш керек.Даярдана бер,-деди.Ошол бойдон сөз козголгон жок.Ар ким өз ойлору менен алышып,тамактанышты. Жумуштарды бүтүрүп коюп,өз бөлмөсүнө кирген Алтынай,ноутбугун күйгүздү.Скайпка кирсе,Бермет дагы онлайн болуптур.Дароо эле чалууну басып,анын алышын күтүп калды.
-Алтышка,кандай. Жакшы жүрөсүңбү?
-Мен жакшы.Өзүң кандай?Эмне уктабай жүрөсүң?
-Кайдагы уйку.Сессия башталды.Улам эле бир сабактан реферат деп кууратты.Өзүңдө кандай?Иштеп атасыңбы?Иии мен сени аябай сагындым.Эч ким менен сүйлөшпөй,жолукпай эле тажап кеттим,-деп армандап жиберди курбусу.
-Бема мендеги жакшы жаңылык бар
-Эмне жаңылык?Мага жагабы,-деди шаштысы кетип Бермет.
-Бир аптадан кийин Бишкекке учам.
-Урааа,алтышка. Мен сени жакшы көрөм го.Урааа!! !
-Чүшшш....акырын эми жинди кыз.Үйдөгүлөрдү ойготосуң.
-Ой кечир,сүйүнгөнүмөн кыйкырып жибербедимби.
-Мен дагы кубанып атам.Башында байкемдер каршы болуп барып,анан макул болушту.
-Мен сени эч кимге капа кылдырбайм, айтып кой э Сардар байкеге.
-Макул.Мен уктайын,эртең жумуш.Мен сени жакшы көрөм,Бемкоу.
-Мен дагы.Жакшы эс ал.
Бермет менен Алтынай тээ бала кезден бери эле дос болуп келишет.Кичине кездеринде кошуна жашашып,окууга бирге барып,бирге ойноп чоңоюшкан.Кийин 9-класс болушканында Алтынайдын үй булөсү башка жерге көчүп кетишкен.Бирок, экөөнүн достугу бекем сакталып,бири биринен ажырачу эмес.Бермет, арыкчырай,бакыраң көз,баарын жазканбай бетке айткан,шайыр кыз.Алтынайдан бир жыл мектепке кеч барып,азыр жогорку окуу жайлардын биринде бүтүрүүчү.
Эртеси Алтынай жумуштан чыгып,сүйгөн жерине келди.Бир азга сырын,жаңылыктарын айтып,сүйлөшүп отурган Алтынайды кечеки жигиттин жанына келип калганы бузду.
-Саламатсызбы, сырдуу кыз?
-Сырдуу деле эмесмин,-деди Алтынай жактырбагандай.
-Бүгүн да сырдашыңызга келдиңизби?
-Мм..өзүңүз көрүп тургандай
-Жүрөгүңүздү оюган мынча эмне сырыңыз бар?Мүмкүн,мени менен да бөлүшөөрсүз?
-Өйүгөн эч нерсе деле жок.Эмнеден улам антип ойлодуңуз?
-Өзүңүз калп айтканы менен,капалуу көздөрүңүз калп айтпай жатпайбы.
-Журналисттик кесиптен тышкары дагы,адамдын көзүнөн окуган да өнөрүңүз барбы?,-деди Алтынай жигитке тигиле.
-Жооок,андайым деле,жок,-деди күлүп.-Болгону мындай сулуу кыздын капалуу болушу жарашпайт го,-деп суроолуу тигилди.Алтынай кандайдыр бир сырын билип калгансып,өрттүү көздөргө каршы тура албай,башын буруп кетти.
-Балким,мени менен бөлүшсөңүз, өзүм иштеген газетага басып чыгарайын,кандай дейсиз?
Алтынай Босфорду караган калыбында,мыйыгынан күлүп:
-Газетага басып чыгарсаңыз, менин жүрөк дартымдын баары айыгат деп ойлосузбу?Жаш баланы алдап жаткандайсыз да..
-Каттуу тийсе кечирим сурайм.Болгону, ичиңиздегини айтсаңыз жеңилдеп каласызбы деп ойлодум.Айтасызбы? ,-деди жигит кызыкканын койбой.
Алтынай бул журналист жигиттин күтүүсүз пайда болуп,эми минтип "сырыңды айтасыңбы?" деп жатканына жини келип кетти.
-Сиздин мени менен ишиңиз канча?Мен сизди тааныбай,сиз дагы мени,жайыма коюңузчу,-деп, ары карап отуруп алды.
-Тааныбасаңыз, келиңиз анда таанышалы.
-Жай отуруп,адамдын жанына коюшпайт го,чиркин,-деп, жигиттин сунган колун кабыл албай,ордунан туруп,кетип калды.
"Кандай неме?Күтүүсүз пайда болуп,анан сырыңды айт,газетага жазам деп.Уфф...ушул эле жетпей аткан.Батыраак кетсем экен"Алтынай жолдо катар,бейтааныш жигитке жинденип,сүйлөнүп келе жатты.Үйгө бир көчө калганда,жолдун аркы бетиндеги дүкөнгө көзү түшүп калды.Ойлонбостон өтүп барып,кирди. Ичи аябай кооз жасалгаларга бай,көргөн көздүн жоосун алган буюмдар бар экен.Алтынай көпкө айланып карап,кайсынысын алаарын билбейм,аягында ойлонуп,алтын түстөгү,гүлдүү сүрөттөрү бар саатты колуна алды.
-Эң мыкты тандоо.Өзүнүзгөбү?
-Жок,курбу кызыма.
-Сөзсүз жагат деп ишенебиз.Рахмат. Келип туруңуз!
-Рахмат!,-деп сатуучу менен сыпаа коштошуп,чыгып кетти.Өз ойлору менен алышып кетип бараткан,Алтынайды "Эрке кыз"деген үн бузуп жиберди.Аркасын караса жеңеси Гүлнур келе жатыптыр.
-Бүгүн эрте келе жатасыз го?
-Ооба,бүгүнтөн баштап ремонт кылабыз дейт,бир апта.Мага да жакшы болду.Сени менен убактымды көбүрөөк өткөрүп алганга.Өзүң жөө келе жатасыңбы?
-Жок,Босфордун жанына отуруп,ошол жактан бери басып келдим.А баса,мындай белек алдым Бемага,кандай экен?
-Айиий,эрке. Сонун экен.Жакшы белектерди тандайсын ай,табитиң мыкты,-деп жеңеси,кайын сиңдисин өптү.-Эртең жумушундан чыккандан кийин дүкөн кыдырып кийим албайлыбы сага?Кандай дейсиң?
-Жөн эле коюңузчу.Тапканыңардын баарын эле мага дей бересиңерби?
-Ананчы..сенден башка эркебиз болбосо.Жүрү эми,көчөдө сүйлөшпөй,үйгө кирели,-деп, экөө ээрчише үйдү көздөй басышты.Гүлнур менен Сардар сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.Алтынайдан алты жаш улуу.Ачык айрым,мээримдүү, үйдө да мыкты кожойке.Сардардын кийимине чаң жугузбайт.Ооруп калса үйрүлүп түшүп,баардык учурда жанында колдоп турат.Бир гана кемчилиги,баш кошушкандан бери согончогу канабай койду.Сардарга "Мени ташта.Башка аял ал"десе,ал сөзүн уккусу келбейт." Али жашсың.Кудайым бергиси келсе берет.Кантип эле бизди баладан куру калтырсын" деп келинчегин өөп коет."Бирөөгө зар дүйнө,бирөөгө кор дүйнө" деген ушу тура.Адамзатты бир жагынан баары жакшы болуп турса,бир жагынан минтип бала жытына зар кылып.

#7 09 March 2015 - 22:44
Эдил эртең менен уйкудан көзүн ачып,башын көтөрүп терезени карады да,кайра шылк этип жаздыкка кулады.Түндөсү түшүндө Алтынай бакчаны,каткырып күлүп айланып,ойноп жүрөт.Кичине баланыкындай чыккан шыңгыр күлкүсү,кадимкидей угулат.Кармайын деп,колун созсо жетпей кыйналып атып ойгонуп кетет.Чыпылдап тердеп кеткен чекесин сүртүп "Алтынайым,
чын эле жетпей калдымбы,сага?
"деп ойлор менен күрөшүп жатып уйкуга кетти.
Үч күндөн бери ордунан турбай жаткан небересинен чоң энеси сарсанаа,беймаза болуп жатты."Байкуш, балам ай...."деп кейип кепчип калат.Апасы алып келген тамактан наар тартып койбой,бир чекитти караган бойдон үнсүз жата берет.Арабасынын кыбыратып алып,Эдилдин жанына барат да,бир топко отуруп,кайра кетет.Балким, өзү сөз баштап калабы десе,Эдил да "Эч нерсе айтпайм"дегенсип, жата берет.
-Ээ..Аку,тиги балаңдын дос-курбуларын тааныбайсыңбы? -деди,ашканага барып.-Бир балээсин кылбасаң,баланы таппай калбайлы.Же тамак ичпей,же сүйлөбөй,жатканы жаткан.Ошол досторунан чакырып,кичине шаарга чыгарып,аба жуткур десеңчи?
-Макул,апа.Азыр телефон чалып көрөйүнчү.Ошону ойлонбоптурмун, -деп,телефонун алып Эдилдин досуна чалды Анара.
Көп өтпөй эле досу да келип калды.
-Биз дагы чалсак албайт,же өчук.Бүгүн өзүм деле келейин деп жаткам,-деди, эшиктен кирип келе жаткан Азамат.
-Ай билбейм.Мен эмес,чоң энеси менен да сүйлөшпөй жатат.Эмнеси экенин билбейм.
-Ой,аяш апа ал тиги Алтынайдын айынан ушинтип жүрөт.
-Апеей,аныңар ким эле?,-деди таң кала Анара.
-Экөө үч жыл сүйлөшүп,анан урушуп кетишкен.4,5 күн мурун телефон номерин таап чалган болчу.Турцияда экен азыр.Сыягы,сүйлөшпөй койгон го жакшы,келин балаңыз.-деп шыбырады Азамат.
-Ал кимдин кызы?Фамилиясы ким?
-Бекова Алтынай.Аябай татынакай кыз,келин балаңыз,-деп күлүп алып,Эдилдин бөлмөсүнө чыгып кетти.
Адегенде,досунун абалын көрүп таң кала түштү Азамат.
-Салам алейкум,дос. Мынча эмне ырайын кеткен?Эмне эркелеп атасың?
-Ооруп атам
-Эмнең ооруп атат?Аяш апамдар оорубай эле дешти го?
-Жүрөгүм ооруп атат.Ар бир согушу "Алтынай" деп жатат.
-Мдааа...досум. Кыз үчун мындай ахыбалга келээриңди билбегем.Жүрү кичине сыртка чыгып сейилдеп келбейлиби? Балдарга жолугуп дегендей?
-Жайыма койчу.Эч нерсени каалабай турам,-деп ары карап жатып алды.
Бир аз тынчтыкта отуруп,Азамат ордунан турду
-Мейли анда,дос.Жакшы тур.Бирок,алдыгындай болуп жата берсең,Алтынайга жетпейсиң,-деген бойдон Азамат чыгып кетти.
Ал күнү Эдил жалаң Алтынайдын сүрөттөрүн кайра кайра көрүп,университеттеги кайсы бир концертте созолонто,мукамдуу ырды ырдап жатканда,былтыр туулган күнүн досторунун курчоосунда бактылуу болгон кездерин тартып алган видеолорду кайталап көрүп,экөөнүн жактырган ырларын угуп жатып,уктады

#10 12 March 2015 - 22:01
Эртеси күндөгүдөй эле,ордунан турбай жатты.Досу Азамат келгенден кийин бир аз өзүнө келет го деген үйдөгүлөрдүн тилегин таш кагып отуруп калышкан.Түштөн кийин гана ордунан туруп,душка түшүп,кийинип алып,үйдөн чыгып кетти.Шаар аралап,көпкө жүрдү.Алтынай экөөнүн жакшы көргөн тамактануучу жайына барды,экөөнүн жүргөн жерлерине барды.Ойлоруна Алтынай экөө ушул жерлерде жетелешип жүргөндөрүн эстетеди.Бир жолу Алтынайды күтүп отурган.Сабактан чыгып анан келмек."Эдииил!
"деп кыйкырып эле алыстан чуркап келе жаткан Алтынайды көруп,ал жете келгенде көпкө көрүшпөй калган адамдардай кучакташып турушкан.Андан кийин жетелешип алып шаар аралап жүргөндө "Бутуң оорудубу?"
деп аркасына көтөрүп алганын,Алтынайдын "Коё бер!"десе,
урушуп койсо,унчукпай,
бактылуу,сүйүнүп баратканын эстеди.Андан кийин жамгыр нөшөрлөп,андан калкалайбыз деп,чуркашкан эле.Кандай гана бактылуу мүнөттөр болчу"
Эдил өткөндөрүн эстеп келе жатып,кандайча Алтынайдын үйүнө келип калганын билбей калды.Көп кабаттуу үйлөрдүн терезелерин карап,Алтынайдын үйүнүн жарыгы күйүп турганын көрүп,таң калып калды."Алтынай келгенби?" деп ойлоп,кайра ал оюн четке какты.Арыда турган отургучка барып,отуруп калды.Бир кездерде күндө сүйүүктүүсүн узатып,ушул жерге көп келчү.Андайда, эки жаш коштошо албай атып,коштошчу. "Неге,ушул нерселердин баарын ойлончу эмесмин?" деп өзүнө таң кала суроо берип алды.
Бир маалда эшик ачылып,бир кыз чыкты.Күүгүм кирип калганга жакшы көрө албай барып,аягында таанып калды Эдил.
-Бема?,-деп ордунан тура калды.Эдилди көргөн Бермет биринчи чочуп кетип,кайра эсине келе түштү.
-Эдил?Сен кайдан?
-Мен..Эдил эки жагын карап.-ушул жактарда эле,-деди.-А сенчи?Сен бул жакта кайдан?
-Мен Алтынайлардын үйүн тазалап жүргөм.Макул, жакшы тур,-деп Бермет шашып кетти.Эдилдин Алтынайдын келээрин билип,жолугам деп кайра жүрөгүн оорутушун каалаган жок.
-Токтосоң,Бема. Алтынай,келдиби? Сүйлөшүп атасыңбы?
-Жок,келе элек.Эдил эгер Алтынайга бакыт кааласаң,эми анын жолунан чыкпа.Ансыз да сен үчун оорукчан да болуп калды.Кош! -деп Бема шашыла,машинасына түшүп,жөнөп кетти.Аркасынан бир ооз сөз айта албай Эдил турган ордунда катып калды."Алтынайды сүйсөм,ал мени сүйсө кантип жолобой коём жанына.Жок,Бема жаңыласың,мен аны эч кимге бергим келбейт.Мен эми баякы Эдил эмесмин,мен башкамын" деп,көпкө чейин ойлонуп отуруп,эртеңден баштап Беманын аркасынан аңдып көрүүнү чечти.Жүрөгүндө Алтынайдын келишин сезип турду.
Үйгө келсе баары кабатыр болуп жатышыптыр. Эшиктен кирип келгенде эле атасы кыйкырды:
-Атаңдын оозун урайынын баласы,кайда жүрөсүң?Мобул эки энеңди азапка салмак болдуң го?.
Эдил атасынын сөзүн укпаган немедей үстүңкү кабатка чыгып бараткан.
-Кулунум,-деди чоң энеси.Эдил бурулуп карап,шылкыйып басып жанына келди.-Келчи бери,жаныма. Кулунум,кайда жүрдүң?Атаң менен апаңдын сөзүн укпайсыңбы? Булар ата-эне дейт,балдары үчүн сарсанаа болушат.
-Коюңузчу,чоң эне.Качантан бери сарсанаа болгонду билип калышты эле.Элиза эжем экөөбүзгө качан эле мээримин төгүп,"балам" деп эркелетип,тарбиясын берди эле.Байлык,бийлик, саякаттоо менен эле күнүн өткөрүшөт го.Жадакалса уулу менен кызынын эмнени жакшы көрөөрүн,эмне кыялы бар экенин билишпейт.Анан ушунун баарына кийин мен сөзүн угамбы,чоң эне?Жүрөгүм жылыйбы ушундан кийин айтсаңыз,-деп Эдил токтоно албай кыйкырып жиберди.Атасы менен апасы эмне деп сүйлөөрүн билбейм,уулунун айткандарын унчукпай угуп турушту.-Кичине кезимде бала бакчадан кечинде апасы же атасы алып кетсе,бизди дайыма айдоочусу Марат байке алып кетчү.Башкалардын атасынын моюнуна минип алып,бактылуу кетип баратканын көрүп,"Мени да атам ушинтип алып кетсе"дечүмүн. Андан кийин мектептен,ата- энелер чогулушуна барып койдуңарбы? "Балам менен кызым кандай окуп атат?"деп кызыктыңарбы? Жалынып,жалбарып эле чоң энем барчу эмес беле.Бириң да аталык же энелик мээримди бербегенден кийин,азыр эми менин силерди угушумду каалап атасыңарбы? Болбойт андай,-деп алып,өз бөлмөсүнө чыгып,кетип калды.
Ата-эне бири бирин карап,чын эле уулу менен кызына турукттуу мээрим,тарбия бере албаганына кеч түшүнүшүп,ар кимиси өз ойлору менен алпуурушуп турганда,Айша чоң эне сөз баштады:
-Уулум,качандыр бир күнү мындай сөз чыгаарын билгем.Эдилдин сөзүнө эч кимибиз каршы чыга албайбыз.Уулуң чындыкты айтып жатканын баарыбыз эле билип турабыз.Өзүңдү тартып,бетке айтып сүйлөйт.Ушул бойдон эле силерди жат көрүп калышын каалабасаңар, өзүңөргө тартып,мээрим төгүп,жакын болууга азыр да кеч эмес.Жаш жигит,кыз жандап,кыз сүйүп,ошол сүйүүдөн азап чегип кыйналып жүрөт.Кайра силер да бир жагынан чыгып,жүрөгүн оорутпагыла. Бакма балаңар болсо да эмне болуптур,капырай. Өзүңөрдүн кан жаныңардан чыккан бала.Түшүнөт, бара-бара таарынычтарын унутаар,-деди кемпир.
Ошол бойдон эч кимиси унчукпастан тамак ичип болуп,жатып калышты.
Эртең менен үйдөгүлөр уктап жатканда,таң атпай үйдөн чыгып кетти Эдил.Түз эле Берметтин үйүнө барып,машинасын обочороок токтотуп,кыздын чыгышын күтүп калды.Бир аз убакыт өтпөй эле,Бермет инисин жетелеп алып,машинасына түшүп,айдап жөнөдү.Биринчи, инисин мектепке таштады да,өзү болсо университетке барды.Болгон убактысын окуусунда өткөрүп,кечинде үйүнө келди.Эртеси күнү да кайталанма күн болду.Негедир, Эдил жаңылып калгандай болуп "эртең да байкап көрөм,болбосо, жаңылыптырмын. Жөн гана Алтынай жокто,үйүн тазалап жүрсө керек"деди. Кечинде үйүнө келсе,апасы ашканада тамак жазап жазыптыр.Эдилди көрө калып,шаша колун аарчып
-Уулум,келдиңби? Колуңду жууп кел,тамак ичебиз.Бүгүн сенин сүйгөн тамагыңды жазадым.
-Жок.Курсагым ток.Ач эмесмин.
-Антпечи,карачы өңүңдү.Арыктап кеттиң,ырасттуу тамак ичпей атып.Макул дечи,-деп апасы суранып жиберди.Эдил бир топко апасын карады да;
-Макул.Чоң энемди алып келейин,-деп, үстүңкү кабатка чыгып кетти.
Бир аз убактан кийин баары кошо тамактанып отурушту.Ар ким өз ою менен алек.Бул тынчтыкты телефондун шыңгыры бузуп жиберди.Анара ооз бөлмөдөгө өтүп,телефонду алды.
-Жакшы.Ии рахмат.Ооба бар,үйдө.Азыр, -деп телефонду көтөрүп келип,Эдилге сунду.
-Сага экен,уулум.Азамат досуң.
Эдил телефонду кулагына такады.
-Салам алейкум
-Алейкум салам,дос.Ден соолугуң жакшыбы?-деди телефондун нары жагынан Азамат.
-Жакшы,жакшы. Өзүңдө кандай?
-Жакшы,телефонуң өчүк,анан үйгө чалдым.Дос,жакшы жаңылыгым бар.
-Айта бер,кандай жаңылык?
-Алтынай сулуу,Турциядан ушул дүйшөмбү келгени жатыптыр.
-Чын элеби?,-деп сүйүнгөнүнөн Эдил тура калды.-Кайдан уктуң?
-Мени менен кошо бөлөсү окуйт эмеспи.Ошол айтты."Дүйшөмбү күнү менин ордума иштеп бер,бөлөм келет эле.Тосуп алышым керек"деди.
-Макул.Рахмат, досум,-деп телефонду койду.
-Жайчылыкпы, кулунум,-деди чоң энеси небересинин бир заматта эле маанайы өзгөрүп,бетине кызыл жүгүрүп кеткенин көрүп.Эдил башын өйдө көтөрсө баары тең аны таң кала,карап турушуптур. Бырс этип күлүп жиберди.
-Мени биринчи көргөндөй карадыңар го?
-Анан эмне,бир заматта эле кар жаап турган кабагың,чайыттай ачылса,-деди Эсен күлүп.
-Жакшы жаңылык уктум да,кел тамак ичкиле,муздап калды,-деп отуруп алып,тамагын ичип баштады.Баары тең уулунун жакшы жаңылыгы бул Эдилдин көптөн бери үнсүз,алсыз жаткан,жүрөк дартынын дабаасы Алтынай экенин билип эле турушту.
"Бүгүн ишемби.Демек, Алтынайым бүрсүгүнү келет.Кандай жолугам?Мени көргүсү келеби?Эмне кылыш керек?"деп ойлонуп жатты Эдил.Көзүн жумуп алып,Алтынай экөө бактылуу болуп алып,ойноп күлүп жүргөнүн кыялданып алды.

#15 13 March 2015 - 16:43
"Кыргызстанга кетем"дегенден бери Алтынайда тыным жок.Жеңеси,байкеси менен убактыларын көп өткөрүп алгысы келип,жумуштан чыгып,түз эле Босфорду көздөй жөнөйт,жанында бир аз отурат да,үйгө шашат.
Кечинде байкеси,жеңеси болуп тамакка отурушту.
-Алтыш үйгө барганда,менин машинамды айдай бер э.Күбөлүгүң деги бар.
-Жок,машинасыз эле жүрөйүнчү,байке
-Мейли анда.Бул жакта эле бол десек болбой койдуң.Өзуңө сак бол.Таятамдар менен катташып,барып тур.
-Макул.Камсанабаңыздар, баары жакшы болот.Жанымда Бема болот,-деген бойдон унчукпай тамак ичишти.
Негедир Алтынай толкунданып жатты.Жарым жыл мекенинен алыс болсо да,ошол убакыт көп жылга соңулуп кеткендей,көп нерсе өзгөргөндөй болуп жатты.
Аэропорттон байкеси менен жеңесин кучактап,коштошуп алып,учакка түшүп кетти.Терезенин жанынан орун алып,өзүн алаксытмакка колундагы Пауло Коэльонун "Алхимик" китебин карап отурган.
-Саламатсызбы, сырдуу кыз?,-деген тааныш үндөн,башын көтөрсө,баягы журналист жигит туруптур.
-Дагы сизби?,-деп Алтынай жини келе.
-Дагы эле мен.
-Сиз бул учакта эмне кылып жүрөсүз?
-Айтсам,ишенбейсиз. Мен дагы Кыргызстанга учуп атам,болгондо да сиздин жаныңызда отуруп барат экенмин,-деп, үстүңкү текчеге кол сумкасын койду да,Алтынайдын жанынан орун алды.
-Экөөбүз эки ирээт жолуксак дагы тааныша элек экенбиз.Менин атым Бектур.26 жаштамын.Журналист экенимди билесиз.А сизчи?
-Алтынай.22 жаштамын.
-Жакшы атыңыз бар экен.
Стюардессанын сөзүнөн кийин,учак асманга көтөрүлүп,бат эле көктө кайкып учкае булуттар аралап,учуп жөнөдү.Алтынай терезеден булуттарды карап,биринчи Бишкектен Стамбулга учканын эстеди.
Анда Берметтен ажырай албай,көпкө ыйлап жатып коштошкон.Төрөлгөнүнөн бери жашаган,таттуу балалык кези,окуучулук күндөр,студенттик жашоо,алгачкы сүйүүсүн тапкан шаарды таштап кетүү өтө эле кыйые болгон."Эми сенсиз кантем"деп көздөрүн жашка толтуруп кала берген курбусунун элеси келе түштү.А Эдилчи....ал келмек турсун,билген эмес эле.Алтынай башка өлкөгө кетсем унутуп калам деген тилеги орундалган жок.Чын эле,Эдилдин акыркы чалганында өзгөргөнүн сезсе да сезмексен,билсе да билмексен болуп койбоду беле....
-Алтынай...Алтынай? ,-деген үндөн ойлору чачырап кетти.Өзүн суроолуу карап турган Бектурду карап калды.Жанында өзүнө куп жарашкан формасын кийген стюардесса, жылмайып туруптур.
-Кандай шире ичесиз?
-Мм.....апельсин ширесин,-деп стюардессага кайрылды.
-Рахмат,-деди колуна стаканды алып жатып.
-Сагынсаңыз керек,Бишкекти? .Жылмайыңкы күлүп,колундагы стакандагы алманын ширесин ууртап,кайра ордуна коюп жаткан Бектур.
-Ооба,сагындым. Күтүүсүздөн эле кетип калгам.
-Канча болду келгениңизге?
-Жарым жыл.
-Менин келгениме эки ай болсо да,араң чыдадым.Өзүмдүн мекенимден башка жер жакпайи экен.Таза абасы,сулуугу менен башка жерлерди салыштыра албай койдум.
-А сиз Стамбулга кандай максат менен баргансыз?
-Эки айлык окууга келгем.Тажрыйба тотоо үчүн.Анан да Стамбулдагы дал сиздин сүйгөн Босфоруңуз жөнүндө макала даярдап жаткам.
-Жакшы экен.Анан даяр болдубу?
-Буюрса,даяр. Бир аз өзгөртүүлөр, кошумчоолор калды.
-Мм...Ишиңизге ийгилик.
-Рахмат.Алтынай сизди өткөндө капа кылып алдым окшойт.Кечирим сурайм.Өзүм журналист болгондон кийин бетке айтып,эч нерсени жашырбаган адаммын.
-Капа деле эмесмин.Болгону, жараатымды кайра сыйрып алуудан коркуп жатканмын,-деп Алтынай башын терезе жака буруп,бир аз үнсүз турду.Кайра Алтынайдан көзүн албай карап турган Бектурду карады да,оор улутунуп алып,сөзүн баштады.
"Ар бир адам баласынын жашоосунда бактылуу көз ирмемдер сакталып калат эмеспи.Бирок, ошол көз ирмемдер да кээде аягы кайгылуу аяктап,жүрөктөргө так калтырып коёт экен.
Мектепти ийгиликтүү аяктап,шаардагы окуу жайлардын бирине өзүм каалаган психология жагына тапшырып,өтүп кеттим.Атам өзүнүн чакан ишканасы менен,апам болсо ооруканалардын биринде врач,байкем менен жеңем болсо баш кошушкандан кийин эле Стамбулга көчүп кетишкен.Жанымда бала кезимдеги,жакшы көргөн курбум бар.Эч нерседен кем эмес өстүм."Убакыт зымырык куш"дегендей бат эле,үчүнчү курска келдим.Ошондой күндөрдүн биринде Эдил менен таанышып калдым.Экөөбүздүн таанышуубузду азыр эстесем да күлкүм келет.Бөлөм турмушка чыгып,алардын үлпөт тоюнда урушуп кеткенбиз.Биринчи жолукканда эле анын өзүмчүл,бой көтөргөн жигит экенин байкагам.
-Бактылуу болгула!
-Үйлөнүү тоюңар кут болсун,эки жаш.
-Көшөгөңөр көгөрсүн.Азаматсыңар! ,-деген ызы чуу болгон,бактылуу болгон эки жаштын үлпөт тоюнан,мен кыздын бөлөсү,Эдил жигиттин досу болуп келген жерден баары башталган.
Тойдун орто ченинде элдер эс алууга чыккан болчу.Эшиктен кирип келе жаткам.Бир маалда бир жигит уруп кетти.Ордумдан тайсалдап барып,жанымдагы тууганым кармап калды.
-Аай,көзүңөр барбы?
-Өзүң алды артыңды карап баспайсыңбы!
-Эй,кечирим сурагандын ордуна,мени күнөөлүү кылганың кандай?,-деп жиним келип кетти.
-Хехе,эмне кыздар дайыма эле кечирим сурайт деп күтөсүңөрбү?
-Сен көктү карабай,бет маңдайыңды карап басчы биринчи,сын айтканды коюп,-деп басып кеттим.Анын бул кылыгына жиним келип отурсам,бөлөм келип "жүрү бийлейбиз" деп,ой боюма койбой сүйрөп чыкты.
Кызыгы бийлеп жатыканыбызда да дагы экөөбүз,түртүшүп, чоң жер бизге тар болгонсуду.
-Дагы сенби?Эмне эле уйгактай жабышып алдың?
-Мен эмес сен уйгак болуп атасың.Өз жолуң менен кете берчи
-Өз жолум менен эле кетип баратам,сен эле чыга калып атасың
-Сен менин жолуман чыгып атасың,чоң кыз.
-Ой,ой экөөң эмне чукчуңдашып? Эдил,таанышып ал бул аяшыңдын бөлөсү Алтынай,-деди экөөбүздүн жаныбызга келген Кутман.-Ал эми бул болсо менин досум Алтынай,аты Эдил.Аябай өжөр анан эрке бала
-Ооба,көрүнүп түрат,кыздарды какшыктап ат койгондон башка билбейт экен,-деп алып бурулуп кеттим.
Ошол бойдон экөөбүз бет келген жоксуз.Бирок, анын менден көзүн албай карап жатканын байкап жаттым.Эч качан балдардан уялып көрбөгөн жаным,өзүмдү кандай алып жүрүштү билбей кыйналып жаттым.Той бүтүп,баарыбыз үйлөрүбүзгө тарадык.Канчалык Эдил жөнүндө ойлобоюн десем да,жүрөгүм мени укпай,тыбырчылап, дайымкысынан башкача кагып жатты."Эми кайдан көрмөк элең аны"деп өзүмдү сооротуп коюп атып,уктадым.
Эртеси күнү кыздар болуп,сабактан чыгып келе жатсам,университтетин алдында Эдил колуна кучак гүл кармап алып,ары бери өткөн адамдарды карап,бирөөнү издеп жаткандай.Мени байкаган жок.Акырын билинбей өтүп кетип бара жатсам:
-Алтынай!Алтынай- деген үндөн токтодум." Ушундай маалда кычап калганын карасаң" деп алып артымды карасам,курсташ балам чуркап келе жатыптыр.Колуна көтөргөн ректор берген кагаз бар экен.Андан бир апта мурун,мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын волонтёрлук иш кылуу максатында ректорго кайрылган элек.Ошонун жообун көтөрүп,сүйүнүчү койнуна батпай келе жаткан экен.
-Сүйүнбай Кенешбекович бизге макулдугун берди."Эртеңден баштап,ишке киришкиле" деди,Алтынай.
-Чын элеби?Кана берчи?!-деп колундагыны алып,көз чаптырып алып эле сүйүнүп кеттим.-Макул, эртең ишти баштайбыз.Балдарга айтып кой.Мен үйгө кетип баратам,-деп коштошуп,бурулсам Эдил жылмайып алып,мени көздөй келе жатат.Бул учурда бутум титиреп,жүрөгүм тынымсыз согуп,коркуп кеттим.Ооба, чын эле коркуп кеттим.
-Кандайсың,Алтынай. Ден соолуктарың жакшыбы?
-Жакшы,рахмат. Келипсиң?
-Кече капа кылып койдум окшойт.Кечирим сурап келдим.Бул сага!,-деп колундагы гүлүн сунду.
-Сендей жигиттер да кечирим сураганды өилет бекен э?,-деп жөн турбай какшыктап жибердим.
Эдил жылмайыңкы карап
-Өзүң көрүп тургандай,-деди. Айлананы карасам баардык студенттердин көзү экөөбүздө экен.Ары жакта эми эле чогуу кетип бараткан курсташ кыздарым," Албайсыңбы! "дегенсип гүлдү көрсөтүшөт. Эдил болсо,гүлдү сунган бойдон,менден көзүн албай карап туруптур.
-Макул эми.Убара болуп келиптириң. Алып коёюн,-деп гүлдү алдым.Эдилдин болоор болбос башын чайкап алганын байкап калдым.
-Кичине шаар аралап келбейлиби?
-Менин жумуштарым көп.Үйгө кетүүм керек.Курбуларым күтүп калды,-деп кыздарды көздөй бастым.
-Жүрү анда,үйгө чейин узатып коёюн,-деп болбой,мени коштой басты.Кыздар менен тааныштырым, аялдаманы көздөй жөнөдүк.Бою узун,көздөрү капкара,өзүн тыкан алып жүргөн,спорттук дене түзүлүштөгү Эдилди менден башка кыздар да жактырып,ар кайсы суроону берип,тийишип жатканын көрүп,ичимен жинденип,кызганып жаттым.Бирок, ал сезимди билдирбей,унчукпай эле келе жаттым.Көз кырым менен карасам,Эдил да мени карап келе жатыптыр.Уруум кармалып калгансып,көзүмдү алып кеттим.Бетимди ысып,жүрөгүм баттан согуп кетти.
Аялдаманын жанына келгенде,Эдил:
-Алтынай,экөөбүз бир аз баспайлыбы, -деди мени карап.Кыздар, "Аа түшүндүк.Макул. Биз кеттик"деп алып,ары басып кетишти.Эдил экөөбүз ээрчише андан ары жолубузду уладык.
Экөөбүз көптөн берки тааныштардай кбпкө сүйлөшүп жүрүп отуруп,үйгө да келип калыптырбыз.
-Мына,үйгө да келдим.
-Рахмат.Мен үчүн жакшы күн болду,-деп,телефон номеримди алды да,коштошуп кетти.Болгону бир күн.Ушул бир күндүн ичинде мага жакын болуп калды Эдил.Аны дагы да көрүп,сөзүбүз бүтпөй сүйлөшүп,анын жалжылдаган көздөрүн карап эле тургум келчү болуп калды.Ошол күндөн кийин Эдил экөөбүз бат-бат жолугушчу болдук.Негедир, көрушпөй калсак сагынып,күндүзү смс жазышып тажабасак,түндөсү таң аткыча уйкусуз түндөрдү өткөрүп,телефон менен сүйлөшчүбүз. Бир күнү эсимде экөөбүз тең сабактан качып чыгып,Аларчага барганыбызды. Кызыл-тазыл болуп жайнаган ар түрдүү гүлдүн жыттары буруксуган, чымчыктардын өз тилинде сайрашып,обондорду чыгарган,таза абасы таза болгон жаратылыш койнуна суктанып көпкө жүргөнбүз.Кичине жаш балдардай бири бирибизди куша ойноп,бизден өткөн бактылуу адам жоктой,махабатка бөлөнгөнбүз. Үйгө кеч кайтып,апаман сөз уккам.Дагы бир жолу
Университететте болчумун.Аудиторияда студенттер көп.Лекция окуп
жаткан агайды бирибиз уксак бирибиз
укпайбыз.Колдорум шыпылдап,телефондун
жанын койбой Эдил менен жазышам.Ошол күнү жолукмакпыз.
-Кутуп атам сени,асылым
-Дагы жарым саат кутосун го
-Макул,куто берем.Эн башкысы сенин
келээринди билем да,-деген сөзүнө жылмайып,бактылуу элем.Сабагым юүтөөрү менен,биздин жолугушчу жерибизге кетчү,тезинен жетиш үчүн шашып жаттым.Ар бир мунот,мунот эмей эмне
секунд мен учун коп болуп
жатты.Негизи убакыт деген нерсе күткөн сайын көп болот окшойт.Жол
узарып кеткен белем,жете албай
бараттым.Катарлаш өскөн бактардан кеткен
узун жолдо,жүзүмдү сүйүпп өткөн жазгы
жел да мени шаштырат. Биздин жерге жакындай
берип,анын орундукта отуруп алып,өз
ойлорун менен алпуурушуп атканын
көрдүм.Ошол маалда ал мен үчүн бир чоң асыл,кымбат адамым эле.Ал куну экөөбүз шаардын
көчөлөрүн жөө араладык.Жазында бүчүр
байлап келе жаткан бак дарактар,жаңы
ачылып калган гүлдөр,чымчыктардын
сайроосу,экөөбүздүн сүйүүбүзгө көрк
берип тургандай эле.Анан да мени жаш баладай кылып жонуна көтөрүп алганычы,бутуң ооруду деп.Ошол күндүн акыры жамгырга айланып,экөөбүз андан калкаланыш үчүн эч кимди карабай чуркаганбыз, -деп Алтынай көпкө бир чекитти карап олтуруп,оор улутуна,сөзүн баштады.-Анан ошондой бактылуу күндөрүмдүн асманын кара түн каптап,бир заматтын ичинде эле жан дүйнөм аңгырап бош болуп калды.

#16 13 March 2015 - 16:46
Достор,бул чыгарманы кайын синдим жазып аткан,озун сынап кормокко.Китеп кылып чыга элек,бирок чыгарам деп жатат.Баттан жазып сунуш кылганга аракет кылам
#17 13 March 2015 - 22:49
Өйдө жакта айтып кеттим го,мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам кылабыз деп аракет кылып жүргөнбүз деп.Ошол иш чарага даярданып,сабактан тышкары университте калып,кеч тараганбыз.
Курсташтарым менен коштошуп,автобуска олтуруп,үйгө жөнөдүм.Аялдамадан түшүп,шашыла үйдү көздөй бара жаткам.Жайдын аптапттуу күндөрү болуп турса да,киши жок болчу көчөдө.Аялдамадан бери аркамда эки караан келе жаткан.Оюмда жамандык алгым келбей кете берген элем.Бир маалда оозумду басып,мен тыбырчылап жатканымды билем,андан кийин эсимди жоготуп коюптурмун.
Көзүмдү ачсам,жерде жатыптыр.Кайда жатканымды билбедим.Биринчи эле ата-энемдин ишенген кызы намысымдан айрылганымды билдим.
Алтынай ушул жерге келгенде көзүнөн мончок мончок жаштар тамып кетти.Алаканы менен бетин басып,ошондогу элеси көз алдына тартылып жаткансып,бир дем менен дем алып турду.Бектур чөнтөгүнөн кол аарчы алып чыгып сунуп,стюардессага барып,бир стакан суу алып келип берди.Алтынай суудае ичип,кичине эс ала түштү да,кайра баштады.
-Ордумдан турууга аракет жазадым.Денемдин баары ооруксунуп, алым жок болуп калыптыр.Аракет кылсам да тура албай койдум.Ошол жаткан жеримде көпкө ыйладым
Мен үчүн дүйнө астын-үстүн болуп кетти.Бир заматта ата-энемди,Байкемди, Эдилди,Берметти көз алдыма тартып алдым.Адамдардын мени колу менен көрсөтүп," Кордолгон кыз"деп айтып жаткандары кулагыма жаңырып жатты.Эдил.. ..Мен анын сүйүүктүү жары болмок эмес белем.Аруу,таптаза дүйнөм менен анын үйүнүн босогосун аттамак эмес белем...Эми ал мени таштап кетсе керек.Жоок.. .Ал мени сүйөт да,"Дайыма жаныңда болом"дебеди беле....Канчага жатканымды билбейм.Менин үнүм гана чыккан тынчтыкты телефонума келген чалуу бузуп жиберди.Ордуман зорго туруп,арыда жаткан кол сумкамды аңтарып баштадым.Карасам Эдил экен.Калтыраган колум менен кулагыма такадым.
-Алло,асылым. Үйдөсүңбү?
-Эдил,-деп үнүмдөгү коркунуч менен ызаны жашырууга аракет кылып
-Алтынай,сага эмне болду?Жайчылыкпы, жаным?
-Эдил,мен..... мени....-деп аягына чыкпай кайра ыйлап кирдим.
-Ыйлабачы,айтчы? Эмне болду сага?Кимдир бирөө капа кылдыбы?Каяктасың?
-Мен...мен билбейм кайда экенимди
-Кандайча билбейсиң?Алтынай. ...?
-Эмил,мени... .мени...эки бала....үйгө келе атсам
Эдил көпкө унчукпай турду.Кайра бир маалда
-Алтынай,жаным менин,азыр турган жериңди карачы?Эмнелер бар?,-деп сурады.
Көзүмдүн жашын аарчып айланамды карасам бак-дарактар көп экен.Алыс жактан машиналардын өткөнү угулуп жатты.
-Эдил,мен билбейм кайда экенимди.Айланамда бак дарактар...Башка эч нерсе көрбөй жатам
-Алтынай,эки жака басып карачы.Мен баратам сенин үй жагыңа.Телефонду койбо.Ордуман жылып,оң жакты көздөй бастым.Жагымсыз буруксуган жыт мурдума жыттанып жатты.Кичине эле шырт этсе чочуп кетип,эки жагымды алаңдаган көзүм менен карап жаттым.
-Алтынай,кайда экениңди билдиңби?,-деген Эдилдин сөзүнөн чочуп кеттим.
-Жок,мага тааныш эмес жерлер экен.
-Бирөө жарым көрүнбөйбү?
-Жок.
-Коркпо,мен барам азыр жаныңа,мен табам сени...Эдилдин бул сөздөрүн угаар замат көзүмө жаш келип,кайра ыйлап баштадым.
-Ыйлабачы,суранам сенден.
Алыстан шарактаган поезддин дабышы угулгансыды. Улам жакындап келе жатканын андап турдум.
-Эдил,мен темир жол жакта окшойм.Азыр. .,-деп поезддин дабышы чыккан жака чуркадым.Ошол үн мени куткарчудай болдум.Темир жол вокзалын көргөндө сүйүнүп кеттим.Анткени бул мен жашаган үйгө жакын жер болчу.
-Эдил,мен чын эле темир жолдун вокзалында экенмин.Суранам, тезирээк алып кетчи.Айланада эч ким...деген жерге келгенде поездин кыйкырыгынан чочуп кеттим.
-Мен жетип калдым.Бир жерде туруп тур.Коркпо,- деп Эдил телефонду коюп койду.Далдоо жерге туруп,Эдилди күтө баштадым.Саатымды карасам 21:34 болуптур.Эки саат мурун жакшынакай үйгө бараткам,бул дүйнөдөгү бактылуу кыз элем,ата-энемдин жүзү эле,а азырчы...?Ушул нерсени эстегенде,көзүм кайра жашка толду.Ошол учурда Эдилдин "Алтынай" деген үнүн угуп калдым.Вокзалдын алды жагын карасам,Эдил мени издеп жатыптыр.Жашоомдогу кымбат адамымды көргөнүмө сүйүнүп кетип,жашынып турган жеримен чыгып,чуркайм деп жатып,жерде турган бир нерсеге чалынып кеттим.Ансыз да алсыз турган жаным,көтөрүлүп барып,көмкөрөмөн жыгылып түштүм.
-Алтынааай.. ..,-деп Эдил чуркап келе калды-Абайласаң боло.Акырын, -деп мени өйдө кылды.Аны көргөнүмө кубанып,моюнуна асыла кучактаган бойдон ыйлап жибердим.Анын мага тааныш,ымыркайдын жытына окшош жыты,жылуу кучагына жылынып турдум.
-Болду,ыйлабачы. Жүрү үйгө жеткирем.Баса аласыңбы?-,деди жаштарымды аарчып."Билбейм" деп башымды чайкадым.Акырын аракет кылып,алдыга кадам таштасам бутум шилтенбейт, аябай ачышып ооруду.Эдил шап колуна көтөрүп,машинаны көздөй жөнөдү.Мен айдоочунун жанындагы жанындагы орундукка отургузду да,өзү машинаны айланып келип,рулга отуруп,үйгө айдап жөнөдү.Үйгө чейин үнсүз келдик.Эдил жолду караган бойдон мен жакты бир карап койбоду.Анын көз карашынан эмнени ойлоп келе жаткан биле албаганым,анын үнсүздүгү мени ого бетер анын алдында басынтып турду.Үйдүн алдына келип токтоткондон кийин да унчукпай турдук.Бул жымжырттык оюну мени кыйнап жиберди да,өзүм сөз баштадым.
-Сен болду ушул бойдон келбейсиңби? ,-дедим калтыраган үнүм менен.
-.........Эдил маңдайын караган бойдон үнсүз.
-Мен атайын кылган жокмун го...Мен сабактан келе жаткам....анан. ..Аягына чыга албадым сөзүмдү.Ыйлап кирдим.Эдил жини менен эки үч жолу машинанын рулун койгулап жиберди.Башын мыкчып кечке турду,а мен болсо ыйлаганымды токтоткон жокмун.Мындан ары экөөбүздүн жолубуз бир эмес экен деп ойлодум.Ага менден аруу,таза кызды ыраа көруп турдум.Эшикти ачып:
-Кош.Бактылуу болушуңду каалайм,-деп эптеп айттым да,ооруган бутум менен сылтып,үй жака бастым.Подьездин эшигине аз калганымда, Эдил аркаман келип кучактаа калды.Ошол учурда экөөбүз тең ыйлап жаттык.Эхх.. .анын кучагы ушунчалык ысык жана түбөлүккө меники болуучу эле.Бирок,ага кордолгон кыздын кереги эмне.Сүйгөн адамың үчүн баардык жакшы нерселерди каалайт экенбиз да.Мен өзүмдү ага ыраа көрбөй турдум.Акырын колун бошотуп,артымды карабастан, үйгө кирип кеттим.Эдил токтотподу. Кабаттардан араң көтөрүлүп,үйдүн эшигин ачып эле жерге куладым." Эмне үчүн?Кайсы кылганым үчүн?"деп кыйкырып ыйлаган үнүмдү эч ким уккан жок.Канча жаттым билбейм,бир маалда ордуман туруп,ваннага кирип,өзүмдөгү калган нерсенин баарын тазалагым келди.Аттиң. ..ошол таза,жылуу суу баардык аруу таза дүйнөмдү кайтарып берип койсо гана....Төшөгүмө келип жатып эле көзүм илинип кетиптир.Түшүмдө эки караан аркаман кубалап келе жатат.Алдыда атам менен апам турат,колумду сунсам,жетпейм. Бирок,негедир алар сунбайт.Муңайыңкы көздөрү менен мени карап коюп турушат." Атаааа,апаа. .."деп кыйкырып жаткан жеримен ойгонуп кеттим.Жаздыгым сууланышып, аябай тердеп чыгыптырмын. Жүрөгүмдүн кагышы ылдамдап дүкүлдөйт.Саатты карсам,түнкү 3төн 18 мүнөт өтүптүр.Кызык, апамдардан бир да чалуу болбоптур.Көлгө туугандардын тоюна кеткенден бери "жеттик" деп чалган,ошол бойдон чала ала элек.Атамдын номерин терип барып,кайра "уктап жатышса керек,эртең менен чалам"деп, туруп барып суу ичтим да,кайра келип жаттым.Бирок, негедир бул жолу көпкө уктай албай жаттым.Керебетимди башында коюлган текчеден Эдил экөөбүздүн сүрөтүбүздү көпкө тиктеп жаттым."Мени сүйсө,баарына көз жумуп кайыл болоор беле?Сүйүүсү меникинен да алсыз турбайбы демек.Мен аны сүйгөнүм үчүн аруу таза кызды ага ыраа көрүп жатсам,ал менин артымдан келбеди го?Жоок,жаңыласың, ал сени издеп келди,үйгө алып келди,кетээриңде артыңдан кучактап кетиргиси келбеди....Жок, мен эми анын жашоосуна кийлигишпейм" деп сүйлөнүп атып уктап кетипмин.Телефонумдун тыным албай чырылдап жатканынан ойгонуп кеттим.Саатты карасам,эртең мененки 7:04 болуптур.
-Алло,угуп жатам.
-Алло.Саламасыздарбы, Бекова Алтынайсыздарбы?
-Ооба,менмин. Ким менен сүйлөшүп жатам?
-Биз 4-ооруканадан чалып жатабыз.Мен башкы врачмын.Бүгүн таңкы алтыларда бизге ооруканага сиздин атаңыз менен апаңызды оор ахыбалда алып келишти.Азыр ооруканага тезинен келе аласызбы?,-деген врачтын сөзүнөн көздөрүм тумандап кетти.
-Апа..ата..Барам азыр,-деп телефонду коюп,кийимдеримди шашып кийине,эшикке чуркадым.Жолдон таксиге түшүп,ооруканага кетип бара жаткан маалда курбум Бермет чалып калды.
-Алло,Алтыш кандайсың?
-Бема,мен көпкө сүйлөшө албайм.Апам менен атам авария болуптур.4-ооруканага баратам,-деп ыйлап жибердим.
-Алтыным,ыйлаба. Мына азыр биз дагы барабыз.Ыйлабачы. Баары жакшы болот.
Ооруканага жетип жете бербей,таксиге акчамдын берип эле,оорукананы көздөй чуркадым.Ичине кирип эле,биринчи учураган мед айымдан эле сурадым.
-Кечиресиз,бүгүн сиздерге эки адамды алып келген экен,оор ахыбалды...
-Чоң кыз,бизге толтура оорулу түшөт.Кайсынысын айтып атканыңызды кайдан билем.
-Фамилиялары Беков Амантур менен Бекова Гүлмира,-деп жибердим шашып.
-Жүрүңүз,тигил медайымдардан сурайлы деди.Кандайдыр бир кагаздарды карап жаткан медайымдардын жанына келип:
-Бүгүн канча оорулуу түштү?
-Беш адам түшкөн,үчөө оор абалда жатат.Сиз кимди издеп жүрөсүз?-деп мага кайрылды.
-Беков Амантур менен Бекова Гүлмира,-дегичекти эле,артыман:
-Алтынай,сизби? -деди
Артымды карасам атам куракттуу,ак халат кийген,чачтарын бир аз буурул баскан врач карап туруптур.
-Ооба менмин.Менин апам менен атам кайда?Мен көрсөм болобу?,-деп жалдырап жибердим.
-Мен Керим Бактыбекович. Алтынай,сабыр кылыңыз,биз болгон аракетибизди кылдык,тилекке каршы апаңызды куткара албадык.Үч кабыргасы сынып,жүрөгүн кысып калган,жана жүлүнгө доо кетип,көп кан кетип калыптыр." Апаңызды куткара албадык"деген сөз кулагыма жаңырып,маңдайымда турган врач көз алдымда кулап баратты.Көрсө, ал кулабай эле мен эсимди жоготуп атыптырмын. Бир аздан кийин эсиме келсем,Берметтин апасы колумду кармап ыйлап отуруптур.Нарыда Бема менен атасы врач менен бир нерселерди сүйлөшүп жатышат.
-Апам,апа...мен апама барам.Апакеме алып баргыла,-деп ордума тууруга аракет кылдым.
-Айланайын,кызым. Акырын.Тагдыр деген ушул экен.Жакшы адамдарды эрте алат тура.Атаңды кыйнабачы,каралдым, -деп аяш апам Чолпон,кучактай калды.
-Аяш апа,апам бизди таштап кетип калды.Эми биз кантебиз,алтындай апам жок,анын башка жанда жок мээримисиз кантип жашайбыз.Эмнеге, аяш апа,эмнеге бул кырсык болду,-деп ыйлай бердим.Аяш атам Алмаз кучактап,чекемен өөп
-Кызым,садагасы болоюн."Кырсык каш кабактын ортосунда" деген чын тура.Антип өзүңдү кыйнабачы.Атаңды аячы,садага болоюн.
-Атам,атам кайда?
Врач менин кан басымымды текшерди да
-Жүрүңүз бул жака.Атаңызды сизди күтүп атат,-деп мени колтуктап,жандандыруу бөлүмүнө алып келди.Толтура медициналык аспаптардарга кошулуп,ортодо керебетте атам жатыптыр.Мен дайыма күчтүү,эрктүү, сүрдүү көрүп жүргөн атамды мындай алсыз абалда көрүү мен үчүн оор болду.Мени менен кошо кирип келе жаткан аяш атамдарды врач токтотуп койду.
-Көп кыйнабаңыз, Алтынай.Азыр дем алуу органдары жакшы калыптана элек,-деп чыгып кетти врач.
Акырын атамдын жанына келип,тизелеп отура калып,колун кармадым.Колдорунун ар бир манжаларын өпкүлөп жаттым.Эми атам менен байкемден өтөөр кымбат адамдарым жок эле.Атам менин кыймылымдан акырын көздөрүн ачып,билинээр билинбес жылмайып койду.
-Ата,сиз жакшы болуп кетесиз!" Көп сүйлөбөсүн" деди сизди врач
-Алтынайым,мени коё туруп апаңа барчы,-деди атам араң дем алып.Ушул сөз ого бетер талуу жерге тийип,көзүмөн мончок жаштар агып кетти.Атамдын колун кучактаган бойдон,көздөрүн карай албай,жерди карап,ыйлай бердим.
-Алтынай....апаңды жакшы кара,кызым.Сөзүн ук...,-деп,колун өйдө көтөрүп,менин чачтарымды алсыз колдору менен сылады.
-Ата,антип айтпаңызчы, суранам....Апам. ..апам бизди таштап кетти....деген бойдон буркурап,атамдын көкүрөгүнө куладым.Өпкө өпкөмө тийбей ыйлап жаткан менин аркамада турган атамдын колдору улам бошоп баратты.Башымды көтөрүп карасам,көздөрүнөн жаштар тоголонуп,атам ыйлап жатыптыр.Дем алуусу басаңдап,кыйын болуп баштаганын көрүп,"Атаа. .."деп кыйкырып жибердим.Эшиктен чуркап кирип келген врач атамды карап,аппараттардын улам бирин текшерип,медайым болсо ийне сайып кирди.Аяш атам келип мени кучактап сыртка чыгарууга аракет кылды.
-Ата,атаке сен мени таштап кетпечи,суранамын сенден.Доктур, атамды сактап калынызчы,атама жардам кылгылачы.Ата, мени таштаба,эрке кызыңды таштап кетпе.Мен силерсиз кантип күнүм өтөт,-деп менин кыйкырып,ыйлаганыма болбой,аяш атамдар сыртка чыгарып кетти.Бир аяш апам,бир аяш атам,бир Бема келип мени сооротушат. Атам жаткан жандандыруу бөлүмүнүн эшиги жабылган бойдон,эч ким кирип чыга элек."Оо,Кудайым, атамды алып калчы.Суранамын сенден.Кымбат адамдарымдан мени айрылтпачы. Өткөн кечтеги жазаам эле жетиштүү эле го.Эки бутту айбандарга кор болгонум эле жетиштүү болду эле го.Кайсы күнөөм үчүн бул сыноону берип жатасың.Ырайымдуум, сен боорукерсиң го,атама жардам бер.Атамды алып калчы.Али неберелеринин жытын искей элек го.Апам көрбөгөндү атам көрсүнчү.Жардам берчи!" деп ичимен жалынып жаттым.Эшик ачылып,врач чыкканда баарыбыз тура калдык.Биринчи эле мен жетип бардым.
-Атама кирсем болобу?Жакшы болуп калды да э?-деген менин суроомо,ал башын жерге салып,чайкады. "Атаа,атаке. ..сен да мени таштап койдуңбу?Оо, кудайым ай,эң кымбат асыл адамдарымды неге менден алып кеттиң?Кайсы жазыгым үчүн?",-деп жерге отуруп алып,ыйлай бердим.
-Сабыр кылыңыз...
-Алтыш,сабыр кылчы.Өзүңдү кыйнабачы.
-Кызым,өйдө болчу.Тура гой.Байкеңди ойло..деген үндөрдүн бирин уксам,бирин укпайм,көз алдымда жер астын-үстүн болуп,күйүп турган жарык,үлбүлдөп барып,караңгыга айланды.
Көзүмдү ачсам,өз бөлмөмдө жатыптырмын. Бөлмө ичи караңгы экен.Ордумдан тура калсам,башым тегеренип,темтеңдеп барып,өзүмдү кармап калдым.Бүт денем талыкшып оорлошуп калыптыр.Жарыкты күйгүзүп,эшикти ачып аялдардын ыйлаган үндөрү,эркектердин бакылдап сүйлөп жаткандарын тыңшап туруп калдым.
-Уулуна кабар бердиңерби?
-Ооба."Таятаң ооруп жатат"дедик.
-Кайрандар,жакшы адамдар эле.Бир заматтын ичинде эле,кырсык баспадыбы.
-Камаздын айдоочусу мас тура.Ичиндеги бирөөсү ошол жерден эле мүрт болуптур.
Ашканадан чыккан Бема мени көрүп калып,жаныма келди.
-Курсагың ачтыбы,жүрү тамак берем сага
-Жок,тамакка табитим жок.Садыр байкемдер качан келет экен?
-Учакка отурушуптур. Таңга жуук келип калышат.
-Үйдө кимдер бар?Эмне кылып атасыңар?
-Атам апам,аяш аталар бар.Садыр байкени күтүп атышат.
Беманын мени жалооруй карап турган көздөрүн көрүп эрээркеп кеттим.Кучактай калдым.
-Эми кантип күнүм өтөт?Кантип жашайм?
-Антип айтпачы,Алтыш. Садыр байке бар,жеңең бар.Мен бармын,Эдил бар.Жакшы адамдар эрте кетет экен да көрсө.Алардын да тигил дүйнөгө кереги бар экен.Болду,кел жашыңды аарчыйлы,-деп чөнтөгүнөн жүз аарчы алып чыгып,жаштарымды аарчыды.-Жүрү, кийимдериңди алмаштырчы. Сардар байке келсе.Кантка кетебиз.Жылуу кийин,суук тийип калбасын,-деп бөлмөмө алып кирди.
Таңга жуук Сардар байкем менен жеңем келди.Үйгө кирип келип эле экөөбүз кучакташып көпкө ыйладык.Эми менин атам да,апам да байкем болуп калган эле.Андан кийинки күндөрдү көп элес ала албай калдым.Апам менен атамдын жоктугуна бирде ишенип,бирде ишенбей,көп учурда өзүмдү жоготуп коюп жаттым.Ыйлап жаткан таенем менен таятамды көрүү жаман экен.Эч качан балдарын жоктоп,алардын өлгөн күндөрүнө туш болушун каалабайт элем.
"Өлбөгөн жанга жаз да келет"дегендей, атам менен апамды акыркы сапарга узаткандан бери бат эле убакыт өтуп кетти.Кырк күндүгүн бергенден кийин Сардар байкем жумушуна кетүүгө камынып баштады.Өзү менен кошо мени да алып кетүүнү каалады.Мен макул болбой койдум.Атам, апам болуп бактылуу жашаган үйдү жалгызсыратып калтыргым келбеди.Сардар байкем менен жеңем кеткенден кийин,бир ай Кантта чоң атамдардын, сөөк чыккан үйдө болуп,шаарга кайттым.Үйдү ачып кирип,ушундай муздактыктты сездим.Көрсө ата-эне үйдүн куту болот турбайбы.

#19 15 March 2015 - 04:13
Ал күнү кечке үйдө,үй иштери менен алек болдум.Кечинде атамдардын бөлмөсүнө кирип,көпкө аларды эстеп,ыйлап жатып уктадым.Эртеси күнү туруп,университтетке бармакка даярданып,сыртка чыксам,Эдил туруптур.Атам менен апамды акыркы сапарга узаткан күнү Эдил да досу менен келип кеткенин,жолукканын Бема айткан болчу.Мен аны акыркы жолу жашоомдогу кара күнгө айланган күндөн бери көрө элек болчумун.Экөөбүз көздөрүбүз менен гана сүйлөшүп,бири бирибизди көпкө карап турдук.Эдил чыдабай кеттиби,айтоор,
келип мени кучактай калды.Мен да кучактадым,
көздөрүмдүн жаштары кайрадан акты.
-Кыйналдың го асылым.Алтынайым менин.....
-Эмнеге мага мындай тагдырды жазып койду эле,Эдил?
-Чүүшш...андай дебе.Сеникиндей жашоого да муктаж болгон адамдар бар экенин унутпа!
-Сагындым,атам менен апамды аябай сагындым.
-Тагдыр экен...Сабыр кыл,асылым!
Эдил мени кучагынан бошотуп:
-Окууга баратсыңбы? Жүрү жеткирем сени,-деп мени колдон алып,машинага отургузду.
-Бема,сени чоң атамдын үйүнөн көрдүм деди,-деп суроолуу карадым Эдилге,жолдо кетип бара жатканда.
-Ооба,Азамат менен барганмын.
-Рахмат.
Сөзүбүз ошол бойдон токтоду.Эдил үнсүз болгону менен жолдо такыр менин колумду коё берген жок.Университтетке жеткенден кийин
-Сабагың бүткөндө мага чалып кой,алып кетем,-деп чекемен өөп койду.
-Макул,-деген бойдон түшүп кеттим мен.
Сабагымда мугалимдер баарын түшүнүү менен кабыл алып жатышты.Аяктап калганда Эдилге телефон чалсам телефону өчүк экен.Бир аз күтүп дагы номерин тердим,эч өзгөрүүсүз. Маанайым жок,автобуска түшүп үйгө кеттим.
Түндөсүн уктай албай,ар кандай жагымсыз түштөр кирип,уктабай чыкчу болдум.Түштөрүмдө апам,атам "Кыйналдың, кызым"деп мээримдүү көздөрү менен карашат." Силер мени таштап кетип калдыңар" деп мына жетейин дегенимде белгисиз эки караан мени сүйрөп кетишет.Кыйкырып, же ыйлап атып ойгонуп кетем да,ошол бойдон кайра уктоодон коркуп,уйкусуз таңдарды атырып жаттым.Эдил "Алып кетем"деген күндөн бери дайыны жок болду.Күнүм менен түнүм алмашып,көздөрүм кызарган бойдон окуума барып келем.Аяш ата,апамдар улам бири келип кабар алып кетишет.Туугандарыбыз келип кетип турушту.Бир жолу окуумдан чыгып,автобус менен келе жатып Эдилди бир кыз менен көрүп калдым.Колунан жетелеп,машинасына салып жатыптыр.Жан дүйнөм дароо муздай түштү.Кызганыч күч алып,негедир экөөнү тең жек көрүп турдум."Демек, мага келбей жүргөнүн себеби,башка кыз тапканы турбайбы.Анда "Мени күт"деп эмнеге айтты?Эмнеге мага үмүт берди?....Өзү ушундай болмок да.Ага мендей булганыч кыздын эмне кереги бар.Жок,сүйсө баарына көзүн жумуп,жанымда болмок беле?Мен аны сүйгөнүм үчүн өзүмдү ыраа көрбөй турсам.Анын аз убакытта башка кыз табышы кандай?"деген суроолорума жооп таба албай жатып,түшө турчу аялдамага да келиптирмин. Үйгө келип,эч нерсеге көңүлүм чаппай,телефонумду өчүрүп,жатып алдым.Түнү бою баягы эле коркунучтуу, тынчтык бербеген окшош түштөр кыйнай берди.Уйкусуздук түндөр менен таң атып жатты.Күндөн күнгө арыктап,алсыз болуп бараттым.Жанымда балким Бема курбум болгондо баары жакшы болмок беле.Колдоп, коштоп турмак болсо керек.Бирок, курбумду окуусунан 2 айлык окууга Москвага жиберген болчу.Университет, курбу дос,волонтерлук иштер...баарын таштап койдум.Байкем жеңемдердин чалууларына "баары жакшы"деп ар кайсы шылтоону айтып,телефонду койгонго шашам.Кечке үйдөн чыкпайм.Ооруулуу адамдан бетер,төшөктө турбай жата бердим.Эдилден болсо дайын жок.Ушул жагдайга келген тагдырыма нааразы болдум.Эки буттуу айбандардын жашоомду кара түнгө айландырганы, андан кийин атам менен апамдын өлүмү,Эдилдин башка кызды табуусу...Баары кошулуп келип калганына,кайсы күнөөм үчүн мындай жаза болгонуна таарынып ыйлап жаттым.Ордуман алсыз туруп,ваннага кирип,күзгүдөн бир топко өзүмдү карадым.Чачтары ирээтсиз байланган,көздөрүнүн ичи кызарып,шишип турган,өңү купкуу,жаак эттери арык болгон кыз мени карап турду.Колумду текчедеги атамдын устарасын алып,ваннанын суусун агыздым.Жерге отуруп,агып жаткан сууну кечке карап,жашоомдогу атам,апам,байкем болуп бактылуу кездерим элестеттим. "Апа,ата мен силерсиз жашай албайт экенмин.Мен баратам силерге"дедим да,көзүмдү жумган бойдон,билегимдин тамырына устараны матыра,тартып жибердим.
Колумдан агып жаткан кан менен суу кошулуп жатты.А менин жан дүйнөм магдырап,уйкум келип,көзүм жумулуп бара жатты.Улам шарылдап аккан суунун үнү басаңдап,ага удаа үйдөгү телефондун удаама удаа чыккан үнү угулду.Оюмда "Мен эми жооп бере албайм"деген бойдон,караңгы дүйнөгө сүңгүп кеттим.
-Сардарга айтпай эле койсоң болмок экен...
-Ал кечке тыным албай чалып жатса эмне кылайын эми.Андан башка жакыны болбосо эмне кылам анан.Кийин таарынбайбы
-Качан келет дейт эсине?
-Кутө тургула дегенден башка эч нерсе айтпай жатат.Кан көп кетип калыптыр.
Бул эки адамдын сүйлөшүүсү кулагыма жаңырып угулуп жатты.Көзүмдү ачууга аракет кылып жатсам да,эч нерсе көрө албай койдум.Канча убакыт өткөнүн билбейм,кайра адамдардын сүйлөгөнү угулуп жатты.Бул үндөрдүн биринчисин жазбай тааныдым.Бермет. Мени Берметим,курбум болчу.Келген турбайбы,демек. А экинчи адамды сүйлөшкөндөрүнө караганда апасы.
-Жакшылап карабайт белеңер.Үйгө эле алып келгиле десем болбой атпадыңарбы.
-Ой,алып кетели десем болбой койсо эмне кылайын.
-Эми эмне болот?Эхх Алтыш эмне кылып салдың?-деген Беманын ыйлаган үнүн уктум."Бема, мени кучактачы,жанымдан кетпечи"деп кыйкыргым келсе да,оозумду ачмак түгүл,кыбырата албайм.Колумду көтөрөйүн десем,эч нерсе сезбейм...
Кийинки сүйлөшүүдө Беманы уктум биринчи.
-Сенин мээң барбы?Кандайча сенин балаң эмес болчу?Эмне Алтышты туура эмес жолдогу кыз деп айткың барбы?
-Бема,уксаң. Сен мени туура эмес түшүнүп жатасың.Мен Алтынайды жаман дебейм.Мен.. .Алтынай...бул нерсени сага айтпаганына ишенбей турам.Аны..." Жок,жок Эдил...ооба бул Эдилдин үнү.Мага тааныш үн.Чын эле жанымдасыңбы? "
Болгон үмүтүм менен көзүмдү ачууга аракет кылдым.Акырын жарык нурлар көрүнүп,караңгылык улам жарыкка айланып баратты.Дубалдары аппак болгон палатада жатыптырмын. Терезенин жанында Бема менен Эдил мага артын салып алып,эшикти карап турушуптур.
-Бема...,-дедим алсыз үн менен.Экөө тең бурула калды.Биринчи Бема чуркап келип колумду кармап
-Алтыш,берекем менин,кудайым ай эмнеге бул ишке бардың?Мени коркуттуң го.Жоготуп алдымбы деп коркуп кеттим,-деп ыйлап алып,колумду өпкүлөдү.Эдил турган ордунан жылган жок.
Негедир көңүлүм айланып,башым ооруп,ичим ооругансыйт.
-Мен...мени ким алып келди бул жака?
-Атам сага чалса албаптырсың, анан үйгө келип,ачпаганыңдан, эшикти талкалап кириптир.Алтыным менин,экинчи жаман жолго барбачы,суранам сенден.Мен сен жок кантем.
Мен үндөбөстөн башымды ийкеген болуп,Эдилди карадым.Бема менин оюмду билгенсип," Мен апамдарга айтып,врачтарды чакырып келейин"деп чыгып кетти.Эдил экөөбүз тиктешип бир топко турдук да,акырын шыбырады:
-Эмнеге өзүңдүн жаныңды кыйгың келди?
-Анан эмне кылам.Эч кимге керегим жок...Көзүмдүн бурчунан буурчак жаш агып кетти.
-Эмнеге керегиң жок?Бемага керексиң,байкеңе, таята,таенеңе керексиң...
-Сагачы?Сага керекминби? ,-дедим сөзүн бузуп.
Эдил тиктеп турган көзүмдөн көзүн ала качып кетти.Жерге башын салып,көпкө турду.Андан кийин жаныма басып келип,адаттагыдай чекемен өптү да:
-Сакайып кет тезирээк.Мен эртең келем,-деп шашыла чыгып кетти.А мен болсо суроом жоопсуз калган бойдон кала бердим.
Врачтардын текшерүүсү, Сардар байкем,аяш атамдар,таятамдар келип мени көрүп кетишти.Ал арада да Бема жанымдан чыкпайт.Менден көздөрүн ала качып эле тик карабайт.Жашырган бир сыры бардай.Мени бастырбай эле,төшөктө жаткырып коюп жаткандарына таң кала бердим.Бир жолу кирген мед айымдан чыдабай сурадым.
-Эже,мен баса берсем болот да.Өзүмдү жакшы эле сезип атам.
-Жок,чоң кыз.Сизге азыр басууга болбойт.Врач уруксат бербейт.
-Бирок,эмнеге? Эмне тамырын кескендерди бастырбайсыңарбы көпкө чейин,-деп күлдүм.Мед айым мени жаман көзү менен карап,башын чайкап алды.Ийне сайып туруп чыгып кетти.Мени мээсинен айнып калган деп ойлосо керек ошондо.Өзүмдү алаксытмакка китеп окуп отурсам,Сардар байкем кирип келди.
-Кандайсың,Алтынай. Кандай болуп калдың?
-Жаман.Качан чыгам бул жерден,же бастырбайт. Чын эле эмнеге бастырбай жатат?
-Алтыш,бир аз чыдап койсон чыгасың.Сенин ден соолугуна карап жатышпайбы. Андан көрө сен чыккандан кийин,таятамдыкына кет.Ошол жакта бол.Окууңду болсо мен сүйлөшөм.
-Эмнеге үйгө барбайм өңүбүздүн?
-Сен азыр жашсын,эч нерсени түшүнө элексиң да.Ошол үчүн шайтанга азгырылып бул ишти кылдың.Айтчы, сен жок болсон мен эмне кылам.Атам,апамды жерге бергеним аз келгенсип,сени да жоктоп ыйлап калаарымды ойлодуңбу?Бул дүйнөдөгү эми сенден башка бир тууганым,күйөөрүм эле сен болдуң го.Анан мени ойлобой койдуңбу?-деп байкем ыйлап жиберди.
-Кечирип коюңузчу мени.Кечирип коюңузчу..-деп ыйлаган бойдон,кучакташып, көпкө отурдук.Алдыбызга көптөгөн жакшы максат,тилектерди коюп,дайыма бири бирибиздин сөзүбүздү угуп,туура эмес ишти кылбоого сөз бердим.Бул маанайымды көтөргөн,менин жашоого дагы бир үмүт берген сүйлөөшүүнүн артында мени жакшы нерсе күтүп турбаптыр.Балким, мен бул жашоого ыйлап,кайгырып жүрүү үчүн эле жаралып калган болсом керек.Өзүмдүн башкаларга окшобогон назик көңүлүм,бирөө кичине каттуу сүйлөсө эле жашымдын даяр тургандыгы, кээде өзүмдү жек көрүүгө алып келчү.Бирок, дагы да болсо,тагдырдын мага деген жагымдуу белектери бар экенинен,бактылуу болоорумдан үмүт үзбөөгө аракет кылчумун.
Сардар байкем кеткенден кийин,жашы ортолоп калган,ак халат кийген эже кирип келди.
-Саламатсыңбы, Алтынай.Мени Мира Эсеналиевна десең болот,бул жерде айымдардын врачы болуп эмгектенем, -деп колун сунду.Оюмда "мага айымдардын врачы эмнеге келди?"деген суроо келди.Экөөбүз кол алышып учурашкандан кийин,отургучту алып келип,жаныма отурду.
-Алтынай,сиз туура эмес иш кылганынызды сезип турсаныз керек.Менин акыл айтып,башынызды оорутушумдун деле кереги жок.Ансыз да туугандарыңыздан угуп жатасыз.Бирок, менин айтчу сөзүм башка.
Сиз ооруканага түшкөнүңүздө көп кан кетип калган.Биздин текшерүүлөрүбүздүн жыйынтыгында сиздин кош бойлуу экендигиңизди билдик.
-Эмне?,-деп чочуп кеттим.Башканы күтсөм да мындай сөздү айтат деп ойлогон эмес элем.Башка каттуу нерсе менен чапкандай эле болдум.
-Ооба,үч жума болгон экен.Тилекке каршы,баланы сактап калуу мүмкүнчүлүгүбуз бизде болбоду,-деген бойдон мени суроолуу карап калды.А мен болсо айланам тумандап," кош бойлуу экенсиз.Баланы сактап кала албай калдык"деген үндөр кулагыма жаңырып жатты.
-Сизди бастырбай жатканыбызда ошондон улам.Бир аз убакытка эс алып турууңузду өтүнөбүз.Биз болгон аракетибизди жазадык.Сиздин ахыбал боюнча курбуңуз,агаңыз гана билет.Башка адамдарга айткан жокпуз.
-А мен кийин балалуу болбой калышым да мүмкүнбү?
-Баардыгын убакыт көрсөтөт.Эч нерсе айта албайбыз,-деди да,коштошуп чыгып кетти.
Башым кеңгиреп,жан дүйнөм муздак,үнүмдүн болушунча бакырып бакырып ыйлагым келди.Бирок, ыйлаган жокмун.Мелтиреп терезени тиктеген бойдон жаттым.Бир аздан кийин эшик ачылып,Бема кирип келди.Үнсүз жаныма келип,аркаман кучактап алып ыйлап кирди.
-Эмнеге,Алтыш? Эмнеге мага айткан жок элең?Мен болсо Эдилди күнөөлөп жүрбөйүнбү
-Менин сага айтчу убагым болдубу,Бема? ,-деп корс эттим.
-Сен аларды тааныйсыңбы? Сүрөттөп бере аласыңбы?Биз издейбиз.
-Бема,жайыма койчу.Ал күндү эстегим келбейт.
-Макул,-деген бойдон Бема унчуккан жок.
Күндөр өтүп мени да ооруканадан чыгарып кетишти.Баарынын каршы болгонуна карабай," өзүбүздүн үйгө барам"деп туруп алдым.Ал үйдөн гана өзүмдү эркин жана ата-энем жанымда бардай,мени колдоп жүргөндөй сезчүмүн.Бир апта жанымда болуп,байкем Стамбулга учуп кетти.А курбум болсо мени менен жашап калды.Эдил болсо келип жүрдү.Биздин мамилебиз мурункудай болбой салкындап калган.Албетте, ал дагы билүүчү эле менин боюмдан түшкөнүн.Акырындан өзүмө келип окууга барып,калтырган күндөрүмдү толуктап,адамдарга аралаша баштадым.Беманын да санаасы тынып калган эле.Түнкүсүн мурункудай түштөр кирбей,жакшы уктап,эс алып калдым.Ошондой күндөрдө юридикалык мекемеге психологдун жардамчысы керек болуп жатканын жарнамадан окуп калдым.Биринчиден өзүмдү сынап көрмөккө,бир жагынан байкемден каражат сурабай,өзүмдү баккым келди.Атайын уюштурулган сынактан ийгиликтүү өтүп кеттим.Ошол күнү сүйүнгөнүмдү айтпа.Биринчи эле жаңылыгымды бөлүшүүнү каалаган адамым Эдил болду.Бирок, ага бул жаңылыгым жакпады.Дайымкысындай кагып,анысы урушка айланып "Кош!" деп кетип калды.Анын кетип бараткан акыркы караанынан аз да болсо түбөлүкттүү элести сактап калууга аракет кылдым.Ал болсо,машинасына отуруп,бир аз турду да,каттуу айдаган бойдон кетип калды.Көзүмдө мөлтүрөгөн жаштар менен анын кеткен жолун карап тура бердим.Жанымда ары бери өтүп жаткан адамдар мени таң калуу менен карап жатышты,бирок, бирөөсү да "Сага эмне болду?"деп сурабады.Ошол сурабаганы мен үчүн жакшы эле.Ал күнү шаардын көчөлөрүн көпкө айланып,басып жүрүп үйгө келдим.Эшикти ачаары менен эле Бема мени көрүп коркуп кетти.
-Алтыш,сага эмне болду?
-Бүттү.Баары бүттү
-Эмне бүттү?Кабыл албай койдубу?Капа болбочу,алар албаса башкасы алат.
-Жок,Бема.Эдил мени таштап кетти.Баары бүттү.
-Капаланбачы. Эртең эле жарашып аласыңар,-деген Бема менин күрмөмдү чечип,ашканага сүйрөп келип,отургузуп коюп,өзү бир нерселерди сүйлөп,тамак даярдап жатты.Анын сөздөрүнүн бирин түшүнсөм,бирин түшүнбөйм.Оюмдун баары эле,Эдилдин акыркы сөзү "Кетсең биротоло кет.Экинчи жолуман чыкпа"." Ооба,эми чындап эле сенин жашооңдон кетем"дедим.
-Бема,мен Стамбулга кетем
Беманын колундагы чынысы түшүп кетти.Менин мындай кутуусуз созумду кутпосо керек.
-Эмне дейсиң?
-Мен Сардар байкемдин жанына барайын дедим.Сени да кыйнагым келбейт.
-Алтынай мен сага эч нерсе дебедим го.Мага тескеринче сени күндө корүп туруу кубаныч да.
-Берекем менин,-деп ордуман туруп барып,моюнунан кучактадым- Эми Эдилди көрө албайм.Мен аны унутушум керек,тушуносунбу. Бул шаарда экөөбүздүн өткөргөн күндөрүбүзду эстетип турчу жерлери көп.Кечир,сени таштагым келбейт.Бирок, айлам жок.Таарынбачы. Убакыт өтүп,баары унут болгондон кийин кайтып келем.
Бема унчукпастан мени кучактады.Эртеси күнү эле байкеме бараарымды айтып,документтерди даярдоого өттүм.Үч аптанын ичинде баары даяр болуп,атам менен апамдын күмбөзүнө барып,куран окуп,коштошуп, Стамбулга учуп кеттим.
Стамбулга келгенимде деле баары оңойго турган жок.Жумуш,тил үйрөнүү,чоочун эл....баары мага жат,тааныш эмес болчу.Жеңем менен байкемдин жардамы менен бат эле жумуш таап алдым.Бирок, мурунку уйкусуздук түндөр кайтып келди.Күндузү ресторанда официант болуп,жумуштан кийин Босфорго барып сырдашам.Ал менин жалгыз сырдашым эле.Кээде Бемага айтпаган сырларымды, Эдилге болгон сагыныч кусалыгымды ага айтчумун.Беманын айтуусу боюнча Эдилди эки-үч жолу башка кыздар менен жүргөнүн көрүптүр.Эч кандай мени издеп,капаланганы деле байкалбаптыр.
Күндөн күнгө жумушума берилип,өзүмдү алаксытып иштеп жүрүп,күндөр айларга айланып баратты.Келгениме билинбей алты ай болгондон кийин мен көптөн күткөн,сагынган адам чалды.Бирок, Эдилдин эсине эми гана келип,чалып жатканына жиним келип турса,бир жагынан сагынган жүрөгүм менен тирешип жатып,"Эми баары кеч"деген бойдон телефонду коюп койгом.Ошол бойдон дайыны жок.Менин бир гана сөзүмө сынып,чалбай калса демек жөн гана сынамакчы болгон экен да деп ойлоп жүрөм.Анан мекениме кетүүнү ойлонуп жатканымда, сиз жолугуп калбадыңызбы. Азыр,алдыда, Кыргызстанда мени кандай жашоо,келечек күтүп турганын билбейм.Бирок, эч качан эми өз үйүмдү таштап,эч жака кетпейм-деп Алтынай сөзүн бүтүрдү.Бектур терең дем алып алды.
-Алтынай,ата- энеңиздин арты кайрылуу болсун.Чынында тагдырыңызды душманга каалообоочудай экен.Көп кыйынчылык, жоктоону башыныздан өткөрүпсүз. Биринчи көргөнүмдө такыр ойлобогом,мындай арманыңыз бар экенин.
-Адамды бир көрүп,ички дүйнөсүн билип болбойт да.
-Ооба,туура айтасыз.Биз журналисттер деле сиздер сыякттуу психолог болуп калат экенсиң.Адамдын көз карашынан эле,кандай адам экенин бир аз болсо да билүүгө болот,менимче.
-Балким,-дегендей Алтынай ийнин куушуруп койду.
Ошол бойдон башка сөз козголбоду. Алтынай терезе жака башын буруп кетсе,Бектур колундагы китепке үңүлдү.

Супер-Инфо
super.kg
видео