Тырмакка кандай кам көрүү керек?
Адамдардын жаш курагын көбүнчө анын колундагы жана моюнундагы бырышынан жана тырмагынын сулуулугунан билсе болот. Андыктан, тырмакты жана колду сулуу алып жүрүү үчүн эмне кылуу керектигине көңүл буруңуз.
Негизи адам дене мүчөсүн жакшы алып жүрүү үчүн каражатты аябаш керек жана алар ден-соолукка да зыянын тийгизбеши абзел. Тырмактын сынышы, чачтын түшүшү бул адамдын көркүн, сырткы келбетин бузат. Адистердин берген кеңеши боюнча тырмакка кам көрүүнүн эң жөнөкөй жолу күн сайын жок дегенде кайнатылган бир литр сууга бир кашык тузду аралаштырып 10-15 мүнөт колду салып туруу керек. Ал эми териси сезгич айымдар үчүн бир аш кашык оливка майын кошуп койсо болот. Бул ванна колдун бырышынын да алдын алат.
Андан сырткары косметологдор тырмакты өстүрүү үчүн метакрилат деген каражатты колдонушат.
Тырмактын түбүндөгү бизге көрүнбөгөн майда микробдор ден соолукка зыян. Ошонун натыйжасында тырмактар морт болуп сына баштайт, бул учурда тырмактарыңызга кастор майын сүйкөп, массаж жасап туруңуз. Тамактанууда балык, деңиз азыктарын көп колдонуңуз.
Ошондой эле курамында кальций, темир бар витаминдерди кабыл алыңыз.
Жасалма тырмакка кандайча кам көрсө болот?
Учурда көпчүлүк кыз-келиндер жасалма тырмак жасатууда. Бирок, тилекке каршы ага кам көрүүнү көпчүлүк биле бербейт. Жасалма тырмакты алгандан кийин өз тырмагың бузулбасын десеңиз төмөнкү кеңешке көңүл буруңуз.
* Тырмак алгыч менен кайчыны колдонбой, жасалма тырмакты өгөө менен гана формага келтирүү керек.
* Жасалма тырмактар ысыкты көп сүйө бербейт.
* Колду көпкө чейин сууда кармоо жасалма тырмакка зыян.
Негизи жасалма тырмакты өстүрүүнүн эки түрү бар: акрил жана гель. Акрил менен өстүрүүдө упа атайын суюктук менен аралаштырылат.
Ал эми гель менен өстүрүүдө суюктук тырмактын үстүнө куюлуп, ультра кызыл нурлардын жардамы менен катырылат. Бизде мындай кызматтын баасы 100 сомдон 6000 сомго чейин. Бирок, жасалма тырмактын зыяндуулугу бар экенин эстен чыгарбаңыз.
Кийин өз тырмактарыңыз сынып, ыңгайсыздыкты жаратат.
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1