- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Эмне үчүн сүйбөгөнү менен жашашат?
#1 08 Октябрь 2014 - 10:55
1. Стереотип.
Биздин өлкөдө 25тен ашканы кыз же бузулган, же кара далы. Бизде Европа, Америкадагыдай эмес: кыздар 25 жашка чыккыча же күйөөгө тийиши керек, же жигити болушу керек, иши кылып жалгыз болбошу керек. Ошол үчүн кыздар айла жок бирөөгө тийип жашап калышат.
2. Көнүмүш адат.
Бул пункт менен сүйбөгөн адамдар менен көп кыздар жашашат. Себеби, башында ал эркекти жактырышса, кийинчерээк ал эркекке жөн эле көнүп калышы мүмкүн. Бир достор, бирге өткөргөн убакыт-мунун баарына көнүп ал адатынан айрылгылары келбей калат. Кыздар "ал менин апама жагат" деген ой менен эркектер менен көп убакытка мамиле түзүп жүрө беришет.
3. Коопсуздук сезими.
Бара-бара кыздарга челкасы бар ыйлактап, наалыган балдар жакпай келе жатат. Кандай болбосун патриархат өз ишин кылды, феминисткалар канчалык аракет кылышпасын, баары бир аялзаты күчтүү эркектин колунда болгусу келет. Ошондуктан акыркы күндөрү "бэд бойлор" күч алууда. Эгер эркек чечкиндүү болсо, кыз аны менен сүйбөсө да убакытын аябайт.
4. Белгисиз келечектен коркуу сезими.
Алсыз натуралар бар экени баарыбызга маалым. "Мен кийин мындан жакшы эркек таппай калсамчы?" деген суроо менен жашагандар да сүйбөгөн адам менен жашоого макул болушат. Алар азыркысын жоготуп тобокелдикке барышпайт.
Аялзаты, эгер сиз сүйбөсөңүз, эркекти кармап аны да, өзүңүздү да бактысыз кылбаңыз. Жашоо уланат, коркпоңуз, сүйбөгөн адамды коё бериңиз. Мээримиңизди, өзүңүздү, сүйүүңүздү сүйгөн адамыңызга бериңиз. Эгер сүйүү жок болсо, үмүт менен иллюзия берүүнү токтотуңуз. Ал адам дагы "сени сүйөм" деп чынчыл айтылган сөздү уккусу келет.
#2 08 Октябрь 2014 - 11:35

Сүйбөгөн адам менен өмүр бою өзүмдү кыйнап жашаганча, сүйгөн адамым менен 5 минуталык рахат алган артык мага! Өз эркин өтө бийик койгон адамдарга кирем мен.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 08 Октябрь 2014 - 12:00
#4 08 Октябрь 2014 - 11:54
Jamalym (08 Октябрь 2014 - 10:50) жазган:
Жон андай дебе. Оюнча жолдогу жетелешкендер баары бири-бирин суйот дейсинби?
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)
#5 08 Октябрь 2014 - 11:58
#6 08 Октябрь 2014 - 12:16
Билдирүүнү түзөткөн: gulperi92: 08 Октябрь 2014 - 12:16
#7 08 Октябрь 2014 - 12:31
Suiuu jok bolso dale jashait da bala chakaluu bolup kalsa.
#8 08 Октябрь 2014 - 12:37
2.Суйушпой эле турмуш куруп бирок кийин суйушуп кеткендер да коп
3Суйуу темасы уй-було кургандан кийин анчалык мааниге ээ болбой калат биздин менталитет боюнча,бул нерсени азыр ар бир экинчи уй-було тастыктап бере алат...
Анан калса суйуу деген бул озу эмне?,аны ким кандай тушунот деген суроо жаралат экен, бирок башка тема бар болсо дагы....Бир кырдуу суйуусу жок жашай албайм деген жооп жок...
#9 08 Октябрь 2014 - 12:41
Ал эми тааныштардан байкабаптырмын .... Кыз жигитти жактырып суйбой туруп турмушка чыгып кетсе суйуп кетери толук мумкун. Ажигит суйбой туруп уйлонсо анда бир нерсе деш кыйын главный жигит тараптан суйуу болуш керек.
Жүрөгүмсүң
#11 08 Октябрь 2014 - 12:47
Saiha.84 (08 Октябрь 2014 - 12:37) жазган:
2.Суйушпой эле турмуш куруп бирок кийин суйушуп кеткендер да коп
3Суйуу темасы уй-було кургандан кийин анчалык мааниге ээ болбой калат биздин менталитет боюнча,бул нерсени азыр ар бир экинчи уй-було тастыктап бере алат...
Анан калса суйуу деген бул озу эмне?,аны ким кандай тушунот деген суроо жаралат экен, бирок башка тема бар болсо дагы....Бир кырдуу суйуусу жок жашай албайм деген жооп жок...
Үчүнчү пункт. Ушунусуна кошулам. Сиз да турмуштук тажрыйбаңыздан келип чыгып айтып жатсаңыз керек. Бул нерсе турмуш курган ар бир экинчи үй-бүлө тастыктаса керек.
#12 08 Октябрь 2014 - 14:08
Аял киши суйбой жашап кетиши мумкун,эркек суйбой жашай албайт го деймда.
#13 08 Октябрь 2014 - 16:02
А негеиз кыздарики силерге совет. Силер суйгон менен эмес, силерди суйгон менен жашасанар жашоонор дагы да оной болот.
#14 09 Октябрь 2014 - 13:26
#15 09 Октябрь 2014 - 14:11
#16 09 Октябрь 2014 - 14:31
#17 11 Октябрь 2014 - 02:48
WINNER (08 Октябрь 2014 - 11:54) жазган:
Тушунбой калган окшойсуз мен башкалардын оюн эмес озумдун оюмду жаздым.Ооба, суйуусуз жашап келгендер да толтура,бирок мен озум адамды жактырбай туруп жашай албайм деген мааниде айттым.
#18 11 Октябрь 2014 - 11:59
#19 11 Октябрь 2014 - 18:13
Азыр уйбуло сезимди пайдубал катары кармайт. Он жагы: кыздын да сезими, чечими эске алынат. Терс жагы: сезим очсо, ажырашуулардын саны кобойуп жатат.
Элдин дуйнотаанымы кенейди. Азыр кыздарда кааласа уйбуло кутконго, кааласа карьера жасаганга шансы бар.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#20 12 Октябрь 2014 - 05:24
Баары жакшы, мен жаман...
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »