Суперстан: Рысбек "Пресс-хата" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Рысбек "Пресс-хата" Рысбек "пресс-хата"

#141 Пользователь офлайн   saltanat.   13 Май 2016 - 12:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Бул чыгарманы бүтүрбөйсүңбү автор.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   EdikoKG   14 Май 2016 - 11:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Мен бул чыгарманы куйугуп башка жактан издеп журо берипмин. Корсо бар турбайбы)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Asan-aka   27 Май 2016 - 15:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 548
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 12:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ЫЗЫ ЖАНА ЧУУ БОЛСО НАК ОШОЛ ЖЕРДЕ.

жазгылачыыыыыы кудай жалгырлар кимде болсо да
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР







А.ОСМОНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   08 Июнь 2016 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Володя мындан болок адам оозу ачылып, та кала турган кыймылдарды биринин артынан бирин жасады. Коз кармап кала албаган "шарт-шурт" кыймылдар абаны тен жара токтоосуз кетет. Ана, турнанын канаттарын куулогон сымак, же, жылаандын жай гана башын ыргалтып туруп, капилеттен чокуп койгону, андан да кызык; Володянын-маймылдын кыймылдарын туураганы болду. Володя маймыл маймыл сыяктуу ийнин букуройто козго корунбогон душманынан коргонуунун аракетинде бирде онкобаш атып, тонкочуктап кетип, аласалып кетип атты. Рысбек ушул жерден чыдабай кулуп жиберди. Володя байкап калды. Дароо конуугулорду корсотуусун токтотуп, ойдо болду да, балага маани билдирбеген кыймылы менен жон салды баш ийкеп койду эле, Рысбек мостое тушту.Оюнда, тигини конулуно алып калдыбы деди эле,андай эмес экен; балага кайтадан кулумсурой тике карап, далысынан таптап койду: - Кызык бекен? ....Жанагы менин кийинки кыймылдарыма кулуп жатасынбы? Ал - маймылдын стили. Бул стиль кучтуу. Ийкемдуулукту, куулукту, тез ой жугуртууну, тездикти, укмуштай шамдагайлыкты талап кылат. Сыртынан караган кишиге кыймылдары кулкулуу корунгон менен чон даярдыгы бар атаандашы аны карап туруп эле коз жаздымынан кетирип, а тугул шаштысы кетип, женилууго учурашы ыктымал. Мында секирик, сальто, соккулардын багытын кескин озгортуу кенири колдонулат. маймыл стилинин бир озгочолугу: жерге кулап тушуп, онкобай атып жаткан учурунда деле, буттары, колдору менен кол салуусун уланта берет.
- А, сиз жанаа, колунузду жогору которуп, жылаандай койкондотуп жатпадынызбы? ал эмне стиль?

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 08 Июнь 2016 - 13:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   08 Июнь 2016 - 13:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

-Туура байкагансын. .. Жылаан ыкмасы. Ошондой деп эле аталат. Жылаан адатта, душманын короору менен шакекче болуп жыйрылып, мойнун жогору которуп, серпилип барып чагууга ыкыс берет. Бул стилди колдонгондор да жыйрылган, тар ал-абалда туруп, капыстан тузоло калып, манжаларынын учтары менен урат. Кээ бир учурда алыстан секирип келип тийишет. Тентайлашынын устунон кол салган учурлар кездешет.Муну алар: " Дарактан кулаган ак жылаан" деп аташат.Негизинен, манжалардын учтары, же, алакандын кыры менен - талуу жерлерге: моюнга, журокко, ичке, козго катуу урушат. Бул учун урушкерлер - манжаларынын учтарын жерге такап, астан-астан денесин жуздон ашык ирет которуп, салааларын бекемдеп бышыктырышчу. Ошондой эле жыйланайлак буттарынын учтары менен бир нече километрге чуркашчу.Таштардынустундо секирип, жыгачтарды, черепицаларды колдору менен сындырганыга чейин барышчу.Ушуда - "турнанын" ыкмасмы да кенири колдонулат. Турналарды деги кордун бел сен?
-Турна? - озуно озу суроо берип коюп, ойлонуп калат бала. - Ии, коргом. Чон атам корсоткон... Кузго жуук узун тартып, желе-желе болуп, катарынан бузулбай учуп отушот. Ун чыгарышат ошолбу? Чон атам: жылуу жактрга учуп баратышат, дечу.
- Чон атан барбы азыр? - суроо берет Володя.
- Бар. - ушул созду айтаарын алып, журогу бир булкунуп алат баланын.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   08 Июнь 2016 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Баякунчороок, эки кишинин суйлошуп жаткандарын кулагы чалган. Ошондо, бири: " Акматбай карыя жакшы карып келатат. Балдары жакшы чыкты, келиндери да мыкты. Айылдын - оозунда созу бар акылман карыясы. Эми олсо да арманы жок эмеспи" деп айтып жатканын угуп, балалык журогу муздай тушкон. Кичинекей кабагы туйуло, алиги, соз суйлогон кишини жактырбай тиктеп алган. Айылда:" Баланча каза болуптур! " - деп уйдогулор дупуроп, ошол жакка аттанып калышкандарын уга коро журсо дагы, кичинекей журогу чон атасынын козу отооруно эч ишенчу эмес. Олбостой туюлчу чон атасы.
Дал ушул калыбындагыдай: калпакты кайкалата кийип, сакал-мурутн сыйда серптирген уйутунон жазбай жылуу демин Рысбектин кулагына жакындатата, кез-кез илгерки санжырадан жобурап коюп, эл арасында, бала-бакырасынын кашында туболук омур суро беруучудой туюлат. Мына ошондуктан, Володянын кийинки кебинен кийин журогу тыбырай тушкону бекеринен эмес.
-Чон атамбы? Тируу! - оз оюн бекемдегиси келгендей бек айтты бала. Анын оюн тушундубу, кайрылып суроо жанырткан жок Володя. Созун улантты: - "Турна" ыкмасыд а озунчо техникага ээ. Турна кубаттуу канаттары менен абаны жиреп учкан сыяктуу, бул ыкмада машыккандар адатта кулачын кенири жайып, тентайлашын козго, кокого урат. Бул учун коп убакыт таштарды алакан менен урууга, жоон бутактарды ортосунан боло чапканга уйронушкон.
-Жолборстун ыкмасычы?-суроо берип ийет бала аягын бутуртпой. Кабагы чытыла тушот Володянын. Бирок озунун куноосун сезгенсип, ачык жуз менен озун карап турган баланын кешпирин коруп, жылмаят мыйыгынан:
-Адам суйлоп жатканда, кебин аягына дейре угуп уйрон. Бул да, сабырдуулуктун бир белгиси. Сага бугунку кундон баштап, чон сабырдуулук талап кылынат.Мына ушуну такыр эсинден чыгарба.ЧЫдамкай адам гана кыйынчылыкты жене билет. Болуптур.... Жолборстун ыкмасынын бир озгочолугу - кубаттуулугунда. Бул ыкма менен даярдыгы бар адам ашыкча куч коротуп олтурбай эле, атаандашынын кыр соогун, же кабыргасын жулуп алууга жараган. Мындай ыкмада машыккандар адатта, уруш ал абалы - буттарын кенен таштап, томонуроок олтуруп, кен кулаачын жайып кубаттуу соккуларды жаадырган. Мындан жолборстун кооз, арийне, кубаттуу кучунун элеси байкалат. Ыкмалар коп балакай. "Богомол" , "ордок" , короз", "чычкан" , "тулку" , жана башка стилдер бар.
Тынымдан пайдаланып, астыртан суроо узатат Рысбек:- Эмне учун стилдердин баардыгы жан-жаныбарлардан алынган?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   08 Июнь 2016 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

- Негизинен алганда, суроон туура. Чынында эле, эмнеликтен? Мен ойлойм: адамдар деле, ошол турна, жолборс сыяктуу, жаныбарлардай эле - жаратылыштын бир болукчосу. бирок адам алгачкы ийкемдуулугун, табиагатка болгон боордоштугун жоготуп койгон. Цививлизация! Ал эми, айбанаттарга болсо, ар дайым коргонууга, же тамак таап жеш учун турлуу айла амладарды колдонууга туура келет. Мына, ошондон улам, алардын денелери кучтуу онуккон. Адам аргасыздыктанбы, не, ой жугуртуусунун кучтуулугунонбу - уруш искусствосунун ыкмаларын айбанаттардын эсебинен байытууга барып жатпайбы. Тушунуктуу болгондур балакай?
- Тушунуктуу.
- Тушунуктуу болсо, анда бугунчо жетишет. Анда эмесе, Кудай Тааланын дагы бир макулугу бар - балык деген. Ошону туурап, колго чумкуп келели, кандай дейсин?
- Жакшы болот! - Кеттик анда!
Бул жээкте таштар жокко эссе. Кумдуу сайроон. Арыдан бери чечине салышып, эки караан; бироосу чон киши, экинчиси кичине бала сууга бут малышты.
- Эмне? коркуп кеттинби? - астыда кетип бараткан Володя он ийнинен кылчая берип, жылмая суйлоду: Суу канчалык салкын болсо, денени ошончолук бышыктырат.
Ашыкча этин болбой, чымыр болосун. Суу астында жургондо, козунду ачып журосунбу?
- Албетте!.. Антпесе болобу?.. Суунун термелгенинен ойдо корунуп турат эмеспи... Аа... мынабу, арканыздагы тырык эмнеден болгон Володя байке? - Рысбек жаны таанышын сол ийнинен ылдый опкосу тушундагы тери чогулуп калгансыган тырыкты колу менен нускады.
- Булбу?.. Тиги, жер кыдырып жургондогу окуя. Бир акмак бычак менен сайып жиберген. Селсаяк турмушта эмне окуялар болбойт дейсин?!.
- Коп жерди кыдырдынызбы?
- Ооба кыдырбаган жерим аз. Кези келгенде, шашпай айтып берем. Азыр болсо, мени мынабу кооз кол койнуна азгырып турат окшойт. - ушинтип айтары менен оозун ачып жыя электе, бел курчоосуна келип кол терендигинен ушунчалык женил, тизесине чейин куулоно, бийикке которуло берип, ошончолук ийкем денесин тупкучтой ийип барып, кол иримине Володя сунгуп кирип кетти. " Дельфиндин эле озу!" - деди оюнда, суктануусун жашырбаган Рысбек. Дельфиндерди телевизордон коргон. Кооз, кучтуу дениз жаныбарларынын дениз устуно атылып чыгып, айланасына сууну чачырата, терендикке житип кетип жатканы негедир эсинде калыптыр. Володянын азыркы кыймылы да ошону элестетип ийди. Эртерээк эле, кундур-тундур машыгып, Володянын денесиндей мучосу чымыр, корктуу, булчундары таштай катуу болгусу келген ой конулун оропкутуп турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   hayley   08 Июнь 2016 - 20:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 30 Январь 15
  • Соңку аракети: 08 Май 2017 14:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракол

Жашым он алтыда Сынган кылычты деле кызыгып окудум эле ушул китепти окуганда интерес жок, тушунукскуз болуп атып канча аракет кылсамда берилип окуй албай койдум:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   09 Июнь 2016 - 16:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Сууга бир чумкуган Володя тээ алда кайдан чыкты. Мыкты суучулдардын адатына салып, суудан тобосу коруноору менен чачын силкип койду артка. Колун которуп булгалап койду. Бала да - терендиктен, танкы жылый элек суунун салкындыгынан кооптонбой, сузуп жоноду. Жакшы сузчу сууда.
Экоо тен кунго курганганы жээкке бир маалда чыгышты.
- Мына, сиз менен эртелеп машыгам. А, башка убакта эмне кылам? - олуттуу турдо карады бала Володяны. Тиги болсо, Рысбекти сынагандай, бутунан башына чейин карап алды.
- Эмне кылам дейсинби? Мындай алып карганда, анчалык терен суроо эместей корунот. Бирок... Билесинби? Сен бир эле ай: машыгуу менен чектелбе. Кээ биролор бар, денесин тыныктырат, мээси бош калат. Чурка, ойно, уйуно жардам бер, бир аз шоктук кылсан да болот. Анткени, бул сенин жаш курагына тиешелуу нерсе. Китеп окуганды суйосунбу?
- Анчалык эмес... Кээде окуйм. Спорт туралуу.
- Мм, де... Анда, мындай кылалы.... Мен сага бир китеп берем. Сен тушунбошун мумкун - коп жерлерин. Ушунун жаралыш тарыхы, каратэ туралуу бар, жана ушул окшогон.
Рысбек алигиндей создорду укканда, коздору жайнап кетти. Аны Володя байкады. "Бырс" кулуп да койду.
- Коонуно топ келе тушту белем айткан созум? Тушуном... Баса, атан кандай карайт буга?
- Кайсыга? - бала тушунгон жок.
- Сен тушунсон, балакай... Чыгыштын жекеме жеке уруш искусствосу туралуу маалымат бизде жокко эссе. Коммунисттер тушунгусу да келбейт, жолоткусу да келишпейт. "Каратэ" , "кунгфу" , "ушу" дешсе, тобо чачтары тик турат! Негизги, философиялык концепсиясын тушунгулору келишпейт. Ну, кудай ала койсун аларды!.. Бирок, эртедир кечтир... прогресс, дуйнолук кыймыл деген бар эмеспи, качанга дейре, биздин олко дуйнолук жанылыктардан четте калмак эле - бир канча убакыттан кийин, азыркы биз кеп кылып жаткан тушунуктор келет, келбей койбойт. Бирок, аны ошол мезгилдеги жаштар тупку философиялык манызы менен кабыл алышабы, же алсыздарды коргоодогу куч катарында эмес, оз устомдугун, бийлигин орнотуудагы куч катарында кабыл алабы - кеп мына ушунда.
- Володя байке, биздин Чолпон-Атада спорттун оор атлетика, курош, бокс боюнча секциялары жок. Ачылса, бир жыл, же, жарым жылдан кийин,жабылып калат. Волейбол, баскетбол - болгону. Ушуларды эле ойното беришет. Мисалга сиз - ушу боюнча секция ачсаныз, укмуш болбойт беле?
- А, мен эмнени айтып жатам балакай?.. Биринчиден, мага эч ким андай секцияны ачууга уруксаат беришпейт. Экинчиден, мени дароо камакка алышат.
- Эмнеге? - элейди бала.
- Ошого... Мен турмонун созу менен айтканда - "гастролермун" да. Туруктуу иштеген кызматым жок, уй-жайсыз безерман, анустуно, пропискам да жок, кордунбу? "Кайдан келдин? Эмне максат менен биерде журосун?" деген суроолор башталат. Иштебей бош жургондорду камоого атайын кылмыш статьясы бар, сага айтпадым беле? Бир ирет турмодо отургам, экинчи ирет каалабайм. Ал эми, Чыгыштын уруш искусствосун жайылтып жургонумду билишсе, мага эркиндиктин эшиги жабылды дей бер! Ансыз деле, туулган кунумдон тартып, азапты коп тарттым, мынабу жаркырап тогулгон кун нурун, мелмилдеген колду, дегеле, табигатты болок нерсеге алмаштырып болобу? Кыдырып эле журо берээр элем омурум откончо. Бакытты мен селсаяк жашоодон кором, жаны адамдар, болок табигат. Баары кызык...
Володя ойго баткансып, унчукпай калды..
Ушунчалык куч-кубаттуу болуп туруп, кейиштуу суйлоп олтурган Володянын турпатына тан калды Рысбек. Чон кишилердин да озуно таандык кайгы-касиреттери болот тура. Четин чыгарса да, тупку бир сыры бардай Володянын. Аны озунон башка жан билбейт.
- Сиз жанаа, бир китеп туралуу айтып келатпадыныз беле?
- Ооба, ооба! ..-уйкусунан чочуп кеткендей болду Володя: - Ырас, менде китеп бар. Бирок... Экообуз макулдашып алалы...эч кимге корсотпо. Озун гана оку, макулбу? Сен жакшы баласын, эрктуулугун, бир созго турарлыгын козунон корунуп турат.
- Озумон башка эч ким окубайт. Ишениниз мага?
- Ишенем, ишенем. Эртен аласын китепти, суйлоштукпу? Мен эртенге даярдап коеюн.
Бир аздан кийин, Рысбек уйуно карай кетчу жалгыз аяк жолго тушту. Кетип баратып кылчайса; Володя эски ордунда. Башы тошуно саландап, козунун тобосу менен гана теке мандайындагы кыргыз денизин тиктегенсийт. Ушинтип, керелден кечке олтура береби? Кылаар иши эмне? Же озу айткандай: жаркырап тогулгон кун нуруна, кооз табигаттын корунушуно суктанып, ошондон канаат алып, кантип кун уясына батып, кеч киргенин сезбей калаар.
Кундогудон эрте уйкуга баш койду Рысбек. Апасы тан калычтуу кобуранып койду, балдар жатчу болмого кирип бараткан уулунун артынан карап:
- Рысбегимдин башына чоп сындырып коюшум керек экен? Бу маалда жатчу эмес элен, ооруп калган жоксунбу балам?
- Жок, апа. Эрте туруп жатпаймынбы. ..
- Ондо кино болот деп жатпайбы Тынычбек, аны да корбойсунбу?
- Корбойм.
- Мейлин, озун бил.
Ал туну Рысбек туш да коргон жок. Мемиреп, уйкуга коошуп баратып, эртенки тандын тезирээк атышын самады.
Эртеси.. Кайра эле, козго тааныш жалгыз аяк жол. Урул-бурулдо алыстан кунурт жылтылдаган кол. Шарпасы угулбайт. Демек, кечээ кол толкунсуз, тынч уктады. Рысбек улам алга жугургон сайын, карегинде асман, оролушкан тусу ачылбаган булуттар, ар кай жери жылтылдаган кол селкилдейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   10 Июнь 2016 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Ана! Жээкте бир караан журот. Албетте, ал - Володя! Баланын журогу кубанычтан туйлап кетти. Негедир таанышканына эку кун гана болгон сырдуу адам журогуно жылуу агымды толтургандай, бир туруп, бир боор адамынын озуно белгисиз бир сырын, ич куйутун туйгандай тула боюн чымыраткан сезимди туюп, дал ушул Володядай келечекте чымыр, денеси кара-курон тартып - кунго, куч-кубатка толгон жигит болооруна ишенип турду. Ошол мезгил - июнь айынын ортосу болчу.
Август айынын аяк чени, сентябрь айынын башында колдун жээгинде бака-шака тушкон ундор сээлдеп, кун суугуна билинбей тарта баштайт. Рысбек Володянын жанынан эртели кеч чыкпас болду. Кол жээгиндеги дем алуу уйунун кайыктары сакталган эки комуттун биринде Володя жашайт. Бир темир керебет, баш жагында суурмасы бар укокчо бар. устундо табак, бир стакан, ичинде чай кашык. Болок эчтеме. Кундогудон Володя ойлуу. Керебетинде ункуйуп отуруп, бир мыкка гана илинип, дубалда суйролгон тейинде илинип турган сурот-плакатты карап койду. Суротто чачтары салааланып ийнине тушкон сулуу кыз колго тушчу кийими менен жылмайган калыбында.
Кобуранып койду Володя озунчо:
- Кетсем окшойт биерден.
Босогодо турган Рысбек "селт" этти. Муну Володянын бекер айтпаганын билди. Кийинки кезде, оорудан жабыркаган кишиче чунчуп журот. Акыры, айта турган созу ушул экен да?
- Володя байке, кийинки сезонго чейин жашабайсызбы? Мен атама суйлошуп коройунбу, ал тушунот. Биз менен чогуу тура бересиз.
- Рысбек? Сен акылдуу жигит эмессинби... Мени угуп турчу?.. Ырас, мен бул жердин шартына, элине, Ысык-Колго, эн башкысы - сага, кичинекей досум - коно тушподумбу. .. Бирок, сен да мага тушунушун керек. Мен бир жерге отурук албаган кишимин. Кулум бир жерге додо болгон эмес. Уй-було кутуп, орун-очок алуу - мен учун жат. Балким, торолгондон эле, мандайыма ушундай жазуу буюргандыр. Жанакы, кытай чалга жолуканыман кийин, тайганы аралап жургонду коонум суйчу. Ал - тайга да! Озунду эч качан жалгыз сезбейсин. Турлуу жан-жаныбар, сайраган куштар бар. Жадакалса, бир дарактын кабыгын жакшылап карасан, ошонун ичинде да курт-кумурска кыбырап, оз оокатын термелеп, таап журот. Эми, мага ал жакка коз корсотууго болбойт. Бул эн узак соз, узак окуя. Аны мен озумо айтуудан да корком. Сени эч болбоду дегенде, бир жыл машыктырсам болоор эле. Сенден созсуз бирдеме чыкмак. Сага машыктыруучусуз кыйын болот. Ырас, мен корсоткон ыкмаларды, конугуулорду кайталап, дененди духун менен кошо бышыктырып журсон болот.
- Сиз азыр эле кетип калчудай суйлоп жатасыз да? - ыза болгонсуган баланын доошу босого тараптан кайра угулду.
- Азыр кетпейм дечи... - жооткоткон сыяктуу уну угулду Володянын: - Бирок, менин сапарга чыгаар убактым чукулдап калган ондуу. Журбойсунбу, тышка чыгып жээк аралап келели?
- Журунуз! Жарайт, мен макулмун - шашып жооп берди Рысбек. Экоо сыртка чыгышты. Кун батууга жакындап, жолундагы булуттарды унсуз кемедей жиреп бараткан маалы.
Рысбектин оюн Володянын уну бузду.
- Сен да эр жетесин Рысбек. Албетте, чон шаарларга барып, окуунду улантаарсын. Бир нерсени унутпа: сенин элин аман турганда, сен барсын. Элин мункуросо, сен кыйналасын. Ошол учун, элинди, мына бу кооз жеринди булунтпой сактоого уйрон. Аа, келгиндерге эмне: келет-кетет. Кунумдук жашоо аларга. Грузияны карачы? Канча курорттор бар. Бир сынык ботолкону таштап корчу- эр болсон! Мобу кум, кол, тоо - сенин мекенин. Сен элинди, жеринди кандай урматтап суйсон, келгиндер ошого жараша болот. Непада, аларга кошулуп, акчасына, жылтырак-жултурагына кызыгып, убактысынча чардап ойноп, жеринди тебелеп-тепсоого, элинди кемсинтууго жол бердинби, демек, эртен - сенин урук-тукумдарынды басмарлашат, кул кылууга аргасыз кылат. Ар бир улут оз жеринин талаа, токой, суулары менен сыймыктанышы керек, анткени ошонун откон ата-бабалары ошол молтур кашка сууну ичип, чет жоолордон тоолорун сактап, анан, урпактарына откоруп берген эмеспи. Мына, ушуну такыр эсинден чыгарба, балакай?! - Володя башында "балакай" деген болсо, кийинки кезде айтпай калган, бул жолу созуно кыстара кетти - эркелеткени бейм сыягы.
- Эртен келесинби Рысбек?
- Чолпон-Атанын жогору жагында Арал жайлоосу бар. Ошого барабыз эки кунго - деди эле атам.
- Болуптур, кеч да кирип баратат, уйдогулорун издеп калып журушпосун. Анда эмесе, эки кундон кийин жолугушат экенбиз да ээ?
- Ооба... Эки кундон кийин.
-Корушкончо!
-Корушкончо!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   12 Июнь 2016 - 10:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Бала озу конгон чукул жолго тушту. Дал ушул мезгилде, арт жакка кылчактатып каратууга аргасыз кылган бир тыбыраган сезимди туйду. Жаны, мурункуларга окшобогон сезим. Боордоштук сезим дейин десен, андан да откур, жакын адамынын алдыдагы тагдырын ойлоп санааркаган, ал учун чочулаган сыйкы сезим. Балалык азганакей откоргон омурундо жакын адамынан айрылуу деген оор сезимди башынан откорбогон, бирок, алмустактан ан-сезим, дургугон кан аркылуу жылжып келаткан адамзаттын ички, сырдуу туйгусунанбы - ажырашуу, деген сезимдин кормок даамын туюп, анын оор салмагын азыр билди. Ошол учунбу, азыркы муноттон тартып, анын балалык журогуно сырдуу шам катары куйуп калган адам менен корушпой калчудай болуп, улам-улам артын карады. Не, атайын эле ошенттиби, далысын балага салган тейинде, тиги жузун колдон бурган жок. Кузго жуук, эртели кеч кол ороону салкынына тартат. Бул айрыкча жээкте, кол шапатасы тула бойду ичиркенте баштаганда билинет. Жайдын тоукшуган маалындагыдай кол, устун бербей кым-куут тушкон балыкчы чардактардын да караандары сейрек - бирин-серини булуттарды туро айдаган шамалдын эпкининен селпектеп учуп, курбалдаштары жашынып олтурушкан камыштардын ыктоосуна кире качат. Табигаттын туру бугун жудомуш кейпинде. Асман, булуттар, кол да суз бугун. Колдун толкундарынын устунку каты менен жуз миндеген балыктар жондорун чагылыштыра ордоп жоногонсугон тариздуу бугун баары эле кайдадыр эле шашылат - бул ааламдан туп которо кочуп кетишчудой болушуп.
Тигине, Володянын эки колун жука курмосунун чонтогуно салып, кол бетин унсуз тиктеген сулпоту да корунбой калды. Бала озунчо терен улутунду. Оюнда ага эки кылымдай туюлган ортодогу эки кунду эстеп койду. Ойноок кезде, башында опол тоодой сезилген кайгы сымактар тез унутулаарын бала билет дейсинби, эртеси кун чачырап, тоо башынан коруноору менен атасы экоо эки атка минип бастыраар замат, эсинде "кылак" эткени эткен дечи, алдыдагы сапардын кызыгы ойюндагысынын жамысын суруп салды. Табигатка куштарланып баратат. Астындагы Тору жоош мал, бала-бакыранын кимисин болсо да мингизе берет. Астараак бараткан атасы минген жеерде ат жаш,, камчы салдырбайт. Рысбектин атасыАбдымалик ээрде каккан казыктай, далысы торт бурчтанган чымыр, эки бети эндик сурткондой мала кызыл, ак жуумал бийик мандай - сулуучумак киши. Артына кылчая берип минтти:
- Теминип кой. Торуну антпесен болбойт, журушу жылдагыдай эмес, карып калды байкуш.
- Ата, аз калдыкпы?
- Чолпон-Ата капчыгайынын ичи ушул. Кызыл-Кыя деген жер бар. Атан Акматбайдын кыштоосу ошол жерде.
Капчыгай арасы менен баратышат. Чанкайып асман ачык. Кун тободо кулундойт. Он-сол - эки жакта тен боксо тоолор, андан жогору катмар-катмар тоолор бийиктеп, алыстан кок зангелдуу, башынан ак кар, кок муз кетпеген чокулар. Баланын оюн биле койгон атасы кебин ачыка чыгарат:
- Аз калдык уулум... Бир аздан кийин, чон атандын кыштоосун коросун.
Бир саатка жакын убакыт отуп отпой, тоонун этегинде, шамалдан ыктоо, жайык жерге туш келишти.
- Мына, Рысбек, чон атандын кыштоосу. Боз уйунун орду эле калган турбайбы. Эмесе, аттан тушолу - деди атасы. Уну негедир дирилдей тушту. Атасынын конушун коруп, не, озунун жыланаяк балалык кези эсине тушкондур.
Бала элендеп, таныркаганын жашыра албай, туш тарабына коз жугуртту. Озгочо белгиси жок жер корунду алгач. Боз уйдун орду деп, атасы корсоткон туш мизилдеп тептегиз.
- Ата кышында кантип турчу эленер боз уйдо?
- Ээ, уулум, турчубуз да.. Боз уйдун сыртынан - алтыгана, чырканак, камыш менен короо ондонтуп кармайбыз. Шамал, кардан калканыч...
Ата-бала жогорудагыдай создорду суйлошкончо, кыштоого да жете келишти. Экоо тен аттарын чылбырдан алып, жетелеп алышкан.
- Мына, балам, ата-бабандын конуш алып, тутун булаткан жери. Жакшылап, эсине туйуп ал? Кийин, сен да оз балдарына корсотосун? Чон атан мага бая куну катуу эскерткен: Абдымалик, мен атка журо албайм, кыйналып калам. Эки уулуна - менин эски конушумду, боз уйдун ордун, балалыгын откон жерди косотуп кел деген. Мен ошол атамдын суранчысын аткарайын деп келдим. Тушундунбу, уулум?
- Тушундум ата - Башын ийкеди Рысбек - Андай болсо, Тынычбекти ала келсек болмок экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   12 Июнь 2016 - 10:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

-Албетте. Ал оюмда турган. Кичине састумоолоп калганынан тим койдум бул жолу. Быйыл болбосо, эмки жолу келээр.
Биртике убакыттан кийин чок тушкон ата-бала ортого куржундан дасоромолго оролгон бышкан эт менен нанды алып чыгып, Абдымалик кыраатын келтирип, куран окуй баштады. Рысбек буга чейин атасынын эл ортосунда куран окуганын уккан эмес. Адатта, чон, же аш-той сыяктуу калк чогулган жерде уй муйуз тартып олтурушкан абышкалардын ичинен бироосу ун созуп, куран баштачу. Жамысы арабча окулган куран создоруно арбалгансып, дымырап отуруп угушат да, куран окуган киши алакан жаяары менен туп которо аны туурашып, анан, жуздоруно бата тартышат. Азыр да ошондой болду. Бирок, айланада казганактаган эл жок, бышкырынган кош ат, ата менен бала. Атасын туурап, куран сонунда Рысбек алакан жайып, жузуно бата тартты. Ата-энеси менен бир уйдо жатып, бир уйдо туруп, алардын кылык-жоруктарын ийне-жибине чейин билсе да, атасы экоо Рысбек эс тарткандан бери мынчалык сыр чечишип суйлошуп алыс жолго чыгышкан эмес. Андыктан кундо коруп жургон атасын эмес, болок кишини карагандай - таныркоо аралаш, эч ким соз менен чечмелеп айтып бере алгыс - баланын атага болгон боор толгосу тариздуу бир ыйык тамырдын журогундо козголо тушконун туюп, коздору жалжылдай, жароокер тиктеди. Шам-шум этип алышкандан кийин, ата-бала сапарын улашты. Арал жайлоосун коздой.
Мына ушул откон эки кун баланын козун мурунтан байкабай жургон коп нерселерге ачып койду. Жайдын толгон кези аяктап, эл жайлоодон малын айдап, тузго тушоор маалы чукулдап калса дагы - жашыл торлордун кооздугу, топудай-топудай боксо тооор, бийикте, кол жетпестей корунгон мунарыктаган улбул чокулар баланын ички ой-сезимдерин кытыгылап, колуна энсеп жургон кооз, мукабалуу китеби эми тийгендей коруп турган кооздуктан апкаарыган, суйунгон абалга туш болду.
Ушул тапта, Рысбек Володянын жанында болушун каалап кетти. Тоолордун аралыгындагы килемдей жайылган шибери белден буралган жашыл торлорду, таштан ташка жанчылып агып келген кок кашка тунук булакты корсо эмне дээр эле? Тамшанаар, суктануусун жашырбай. Же адатынча: "Кылымдардан бери иштелип чыккан жондом! Вот эта реакция!" деп салаар. Созсуз, алгыр куштай жылкычынын чеберчилигине тан бермек.. Азыр эмне кылыбатты экен? Адатындай, конугуулорду, машыгууларын аткарып бутуп, женил курмосун жонуна салып, кийинки кездерде байкалган адатына салып; колду мелтирей тиктеп, бирок аны озу корбой, ой санаасы талаалап безип, алда кайда жургондур.
Эки кун отуп, учунчу кунго караганда, жолго чыгышты ата-бала.
- Тан атпай тошогундон туруп кетибаттын, биерден да чуркап журдунбу? Артындан удаа эле чыксам, алда кайда кетип баратыпсын. ..- атасы эмелеки кебин жон салды эле айта салса да бала кызарып, онтойсуздана тушту. Жылкычысы, койчусу деле тан атпай турушат дечи. Кыргыз ошого конгон. Чакаларын кынгыратып, женелер туруп басат желедеги бээлерди коздой. Бышкырынып жаткан койлорун тегерене басып, койчу журот. Бирок, кундун мурду коруно электе, наркы-терки тызылдап жугургон баланын кыймылы тоолуктардын козуно оон корунушу ыктымал. Чыгыштын уруш искуствосу уралууу карапайым эл билип коюптурбу? Андыктан, Володя кеп кылган Улуу нурду туюп, аны кан тамырлары аркылуу жугуртуш учун коздон далдоо, коктудан чыга бериште борчук бар донкойуп жаткан - ошонун аркасына кетчу бала. Тонкочуктап онкобаш атабы, ийилип-чоюлабы, не ой-кырды тегеренип жугуробу - эрк озундо. " Сен ан-донду айланып отпой, тескерисинче озундогу эрктуулукту тарбиялоо учун тоскоолдуктарды бет ала жугур" - деп уйротчу Володя. Мына ошол тоскоолдуктар тоо арасында каалашынча. Туз жерден тыным албай жонго чуркап чыкты эле, журогу кабынан чыгып кетчудой тарсылдайт. Тоонун чобу сыйгалак, эки-уч ирет жерге кулап тушту. Ошончолук ожорлонуп, бирде донго чуркап чыкса, бирде томонго кудуп тушот. Томон карай зымырап, аткан октой тушуп баратканда; кун мурунтан ар кай тушка сайып койгон куурайларды эбин келтирип колунун кыры, билеги менен чаап сындырып, кай бирде жыгылып баратып, бут менен тээп отот. Жыланаяк да чуркап корду ой-кыр менен. Азапты корду бейм! Дуулдап куйуп тургансыйт тамандары. Муну да, Володя айткан. Канчалык адам жыланаяк коп журсо, анын сезуу жондомдуулугу, бышыктыгы осот. "Башын асманга карап, бутундун таманы жерге жыланаяк тийип турган маалда, сен антенна сыяктуусун, - дечу Володя: - кунду, абаны, жердин азыктандыруучу кубатын сезесин. Куч-кубатты ошолордон аласын".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   12 Июнь 2016 - 11:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Мына ошол себептуу, алиги создордон улам, атасы анын тан эртен мененки, бир караганда тири шумдук корунгон кыймылдарын андоостон байкап койгондой, Рысбектин кызара тушкону бекеринен эмес. Калп айтууну жашынан уйронбогон турпаты бул жолу да, жарым-жартылай болсо да чынын айтты:
- Чуркап журдум.
Атасы мунусуна кубаттангандай баш ийкеди.
- Машыга бер уулум. Ден-соолугу баланыкы; Чын болсо, ал ата-эненин кубанычы.
Инир талаш, Чолпон-Атанын четки кочосуно кирип барышты. Ой-боюна койсо, Рысбек ушул атчан турпаты менен кол жээкке, кайыктардын станциясы тушка тушуп барчудай. Бир тууган агасына карата болгон сагынчыдай сезимди туйду бала. Ылаажы жок, танды кутууго туура келет.
Эртеси... Урган таштай озун куштай женил сезген Рысбек уч кун корбогонго сагына тушкон жалгыз таман жолдо буттарынын учтары алма-телме жерге тийип, жээкти коздой жугуруп барат. Володя кеп кылган убакыт. Улуу нур ободон тушчу маал.
Куйугуп келаткан бала тык токтоду. Жээк жетимсиреп ээн. Володя бул маалда булчундарын туйулто жазып, жээктеги кумга жыланаяк издерин калтыра, машыгып журчу эмес беле? Жымжырт. Бир гана, колдун шарпасы. Баланын журогунун дикилдегени менен ун алышкансыйт: "шарп-шарп" , "дик-дик" . Бул эмнеси? Ооруп калдыбы? Рысбек оорулуу Володяны такыр коз алдына келтире албай койду. Жузунон, тула боюнан ден-соолуктун ашып-ташыган оту чачыраган жигитти сыркоо адам катарында элестетуу кыйын. Абдан кыйын.
Баланын журогу булкуп алды. Куду, бир боор болуп калган адамынын башына келген жамандыкты туйгандай. Балким, Володя байкеси ушул тапта кыйналып жатпасын? Рысбек коп ойлонуп отурбай Володя байыр алып турчу уй сымакка карай чуркады. Володя жатчу эшик бек. Чон кулпу салынып турат. Ушунча болуп, ушул ушул комутко кулпу салынып турганын биринчи корушу. Берки комут болсо, дайым кулптануу, аныкы белгилуу дечи: кайыктар сакталат. Келерки жайга чейин. Володяга эмне болду? Кийинчерээк, тунт болуп кетти эле... Балким, кетип калып журбосун? Бирок, баланын журогу болок ойду айтып турду: анын чон досу эч качан "кош-пешин" айтпай туруп, кетмек эмес. Ал андай адам эмес.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   12 Июнь 2016 - 20:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Тан жарыгы айлана-тегеректи жаркыткан маалда, сокур кишидей болгон жалгыз терезеге жабышып, Рысбек комуттун ичинен козуно бирдеме илинтууго далалат кылды. Эки алаканын чекесинин кырына коюп калкалап, комуттун ичин карагычакты болбой, денеси "дур" эте жыйрылып, муздап алды. Комут бопбош. Мурун деле, анда кайсы жарытымдуу эмерек бар дейсин, арийне, чала жыланач, сууга тушчу кийими менен тушкон сулуу кыздын суроту дубалда жок, кимдир бироо жулуп таштагандай. Андан да, денени дурулдоткон: керебеттеги баш-аламандык болду. Матрац менен одеял тоголоктошкон тейде жерде жатат. Володянын кол чабаданы корунбойт. Астанада узук-кесик, айрылган бир нерсе жаткандай. Дааналап караса: жени айрылган. Володя жонуна салып журчу жука курмосу. Ушунусу озуно аябай жарашчу. Ийиндерин чатырата керип, денесин корктуу, олбурлуу да корсотчу. Эми, анысы болок-салак болуп айрылып жатат. Тигине, суу куюлуп турчу ботолко тоголонуп жерде, темир табак антарылып жатат. Ыстыкан гана козго чалынбайт. Тинтуу, каракчылар келип талап-тоногондой кейпи бар бул комуттун. Башы ман болду баланын. Тегеренип, ошол арада журо берди. Кумдагы издерди карап коет. Бул жээкте бир эле Володяныкы дейсинби, издер эсепсиз, кол жээкке кимдер гана келип-кетпейт.
Бала тегеренип журуп, жакшылап байкаса; эшиктин туткасынан ойдо, сырткы бетинде карарган бир так журот. Колдун салааларынын тушкон изиндей. Кандын тагы ондуу. Колдору канжалап, кимдир-бироолор болмого суйроп киргизээрде, жанталашып, салаасы менен мыкчый кармаган сыйкы, кандын тагына караганда; салаалары жазылбай, саал бугулуп, эшикке таканчык кылып, мыкчыган кыймылга окшоп кетет.
Ушуларды коруп турган Рысбектин журогу опкоолжуп алды. Тундобу же, эки кун мурунбу, бул жерде - Володяга байланышкан бир окуянын болуп отконун сезиминде элдир-селдир болгоолоду. Ушул жерге коншулаш, бута атымдай жерде, дем алуу уйундо, жайкы эс алуу мезгили буткондон кийин, айлана-тегеректи тазалап, иретке келтируу жумуштарын жургузгон кишилер бар, билсе ошолор гана билет. Сурабаса болбойт. Тынч ала турган эмес. Жаны эле ушул ой башына "кылт" эткенде, ары жактан ун чыгып калды. Коз кыйыгын салса; ушуерде жай бою кайыкчы болуп иштеген эки уландын бироосу - Жумай экен.Тамеки оозунан тушпогон, тили биртике чулдур, оргу-баргы суйлой берген улан болчу. Рысбекти коро сала кыйкырган ошол. Демейдеки, далыга чапкылап, ардеме-бирдемелерди суйлоп жатып алчу кейпи жок, урпойуп калыптыр.
- Эй Рысбек! - деди, туз эле: - Сен, тиги, Володяга келдинби?
- Ооба. Кайда кеткен ал? Эртеден бери кутуп олтурам. - Эми, аны кутпой койсон болот. Милисалар алып кетишти аны. Ой-ий! - кулачын серпти Жумай: - Ой! Анын укмуш турбайбы, тимеле! Бир чапты эле, учоо кулап тушту!
- Ким? Ким кулап тушту Жумай байке?
- Бостеринин балдары келген. Бешоо. Экоо машинеде олтурушкан, учоо бери басышты. Бостеринин - менмин деген балдары. Менден сурашты: " Жанакы, кытайын кайда?" - деп. Кызуу, баары тен. Бирдеме десем, таяк жей турганмын. Тенелген жокмун. Турлору бузук! Булар келатканда, Бостери титиреп, туруп берет да. Эки-учоосу кесилип барып келген. " Тиякта, уйдун ичинде олтурат" - дедим. " Бас, корсотпойсунбу жол корсотуп?! " - деп жанагы курсуйгон. Эркин дегени журот го, ошонусу желкеден алды мени. Эмне кылам, тенелемби, алдыга бастым... Кирсем, Володя китеп окуп олтуруптур. "Сага кишилер келиптир" - деп, тигилер жакты корсоттум. "Кел, келгиле?" - деп тура калды ордунан ал. Тигилер болсо, ай-буйга келбей эле омуроолоп киришти: "Эмне, боксерсунбу, каратистсинби? Кучунду королу, жур эшикке чыгабыз". Володя кулуп, баш чайкап: "Мен каратист эмесмин, аны силерге ким айтты? Мен жон эле, жай жургон кишимин" - дебаткан, бир оокумда, эмне эмне болуп кеткенин да билбейм, "карса-курс" болуп кетти. Корсо тиги, Эркин - Володянын эркине койбой суйроп киришиптир. Бироо жеткирген го сыягы: бир каратист ушул жээкте жашап журот деп. Намыстарына да тийип койгон окшойт. Алар да спортсмендер: бири боксер, экинчиси, жанагы Эркинчи - ал классикалык курош боюнча устат деп журушпойбу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   12 Июнь 2016 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

- Анан, эмне болду?
-Килейген учоо оюна коймок беле, сыртка суйроп чыгышты. Тырмышса да, болушпайт. Мен башында эле, качып чыккам сыртка. Тигилер болсо, демитип жатышат Володяны: "Кана, корсотчу каратэнди? Сенин кандай каратист экенинди королу? Кана, мен боксермун, муштап корчу?" Муштап да корушту, кемсинтип, согуп, кордоп да ийишти.
- Володя, эчтеке деген жокпу?
- Кулуп эле тура берди. "Койгула? " - деп коюп. Муштаса да, болгон жок. Буйтап коюп, тура берди. Укмуш буйтайт экен! Тимеле, мышык быякта калсын! Ошого да жиндери келишти окшойт тигилердин. Муштумдары даана тийбей жатты. Бир кезде, согуп-сагып киришти. Анан, билбейм, ону озгоро тушуптур Володянын. Учоо дагы эле аны ортого алып, муштагылап шакаба чегип жатышкан. Бир кезде, карай салсам: Володя таптак секирип, тигилердин тобосунон ашып, четке чыгып кетти! Оозум ачылып эле калыптыр! Тимеле, куш болуп кетет турбайбы! .. Антип-минткиче эле, жаткыра-жаткыра чаап салды учоону. Буту менен тептиби, колу менен урдубу - билген жокмун, иши кылса, тырайып эле жатып калышты: бири комкоросунон, анан,"охулап- ахылап" онтолоп, ордуларынан зорго туруп, сенделип, машинесине тушуп кетишти. Талуу жерлерге урганбы, анысын ким билсин, иши кылса, укмуш экен бул!
- Машинеде олтурган экоочу? Алар бери чыгышкан жокпу?
- Их-хи-хи! .. Аларбы? .. Биринчи: машинеден чыгып карап турушкан. Бир маалда, Володя тиги учоону жаткыра чапканда, машинесине кайра кире качышпадыбы. .. Машинесин алысыраак айдап, кутуп турушкан, тиги учоо эптеп туруп, суйролушо жеткенден кийин кетишти го? Экинчи келишкен жок. Куп гана, эси-коонунон калгыс кылды бейм! ..
- Озу кайда кетти Володя?
- Айтпадымбы; милисалар алып кетишти деп. "Бобик" машине бар го - милисалардыкы? Ошону менен жээкке учоо келишти, бироо жай адамдай кийинген, экоо формачан. Володя жээкте олтурган, эски кайыктын устундо, эмне деп суйлошкондорун уга алган жокмун, баарылап, уй жакка басышкан, Володянын чабаданын которуп, озун артынан турткулоп, кайра чыгышты. Ана, билесинби? - коздорун алайтты Жумай: - Милисалар анын колдоруна кишен сала коюшуптур. Кинодогудай! Кылмышкерди кармаганда ошентишет го, дал ошондой...
- Эмнеге?.. Эмнеге алып кетишти экен? - Чебелектеп ийди Рысбек: - Тиги, уч кишини урган учунбу? Бирок алар оздору тийишти да, туурабы?
- Билбейм анысын... Тиги, таяк жегендер деле корунгондой болгон эмес. Бироо - мушташып жаткандарды алыстан коруп, телефон чалып койгон го сыягы. Билбейм иши кылса... Машинеге салышты да, алып кетишти.
- Балким, келип калаар?.. - ишенимсиз угулду баланын уну озуно. Аргасы кеткенде айтылган соз окшоп калды. Чый-пыйы чыгып турат. Эмне кылса? Кимден кенеш сурайт?
- Эшикке кулпуну ким салган Жумай байке? - ушул суроону берууго жарады бала.
- Кулпунубу?.. Билбейм... Илинип калыптыр го? Ээлери салса керек. Кайыкчы бала. Кой, мен кеттим. Кайгырба малыш, келип калаар досун. Куноосу жок да. Кармап, сурап турушуп, анан, кое берип ийишет да. Балким, бугун кечке келип калаар, - баланын кокурок ойугон оюн тушунгондой, жубата суйлоду Жумай.
Бала жалгыз калды жээкте. Узап бараткан Жумайдын тартайган арык боюн, шымынын багалектеринин жерге суйролуп, кумду шыпырып бараткан илээнди кебетесин ээрчий карап, ийнинен тынып, улутуна туруп калды. Кун туштон оогончо, жээктен жылган жок. Оюна койсо, кечке журо бермек, уйдогулордун издешээрин ойлоп, сонку ирет томсоргон кумдуу жээкти "жалт" тиктеп алып, жолго тушту. Жалгыз таман жол менен жогорулай басып, дангыр кара жолду кесип отуп, бирликке кетчу чыйырга тушоордо - он жакта турган эки кабаттуу курулушка козу тушту. Ички иштер болуму. Астындагы аянтчада эки женил машине, бири-саргылт туско боелгон ГАИники. Формачан бироо сыртка башпагып, кайра ичкери кирди. Терезелери кунго чагылышат, болок курулушатардан эч нерсеси менен айырмаланбаган уй. Коркунучтуу эчтекеси деле жок. Володя байкесин ушул залалсыз корунгон эки кабат уйго алып кирип коюшсачы? Эмнеге камашмак эле? Кайсы куноосу учун?.. Балким, шашылыш зарыл иши чыгып, бир тарапка кетип журбосун7 Журогундо анын элесин жакын арада корчудой ой бар.
Бирок, ошол куну, андан кийинки кундордо да Володя келген жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   samsungc3   26 Июнь 2016 - 23:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Ой ййеее жазбай койдун а автор.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Disappear   02 Сентябрь 2016 - 17:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Эртен бурсугундон мен улантам, автор дайынсыз жоголгондуктан. Китеп аягына чыкпай калган, Рыспектин Сибирь турмосуно кеткенге чейинки кунумдук кадыресе турмушу чагылдырылган. Кыскача айтканда Рысбектин Рысбек болушу таржымалы бул китеп. Кунуно терип жазганга 1 саат кана убактым болот, жумуш учурунда.


Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   baiazat   03 Январь 2017 - 17:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 10:48

Уландысын жазгылачы сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   21 Январь 2017 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Тан жарыгы айлана-тегеректи жаркыткан маалда, сокур кишидей болгон жалгыз терезеге жабышып, Рысбек комуттун ичинен козуно бирдеме илинтууго далалат кылды. Эки алаканын чекесинин кырына коюп калкалап, комуттун ичин карагычакты болбой, денеси дур эте жыйрылып, муздап алды. Комут бопбош.Мурун деле, анда кайсы жарытымдуу эмерек бар дейсин, арийне чала жыланач, сууга тушчу кийими менен тушкон сулуу кыздын суроту дубалда жок, кимдир бирооо жулуп таштагандай. Андан да, денени дурулдоткон: керебеттеги баш-аламандык болду. Матрац менен одеял тоголоктошкон тейде жерде жатат. Володянын кол чабаданы корунбойт. Астанада узук-кесик, айрылган бир нерсе жаткандай. Дааналап караса: жени айрылган, Володя жонуна салып журчу жука курмосу. Ушунусу озуно аябай жарашчу. Ийиндери чатырата керип, денесин корктуу, олбурлуу да корсотчу. Эми анысы болок-салак болуп айрылып жатат. Тигине? Суу куюлуп турчу ботолко тоголонуп жерде, темир табак антарылып жатат. Тинтуу, каракчылар келип талап-тоногондой кейпи бар бул комуттун. Башы ман болду баланын. Тегеренип, ошол арада журо берди. Кумдагы издерди карап коет. Бул жээкте бир эле Володяныкы дейсинби, издер эсепсиз, кол жээкке кимдер гана келип-кетпейт.

Бала тегеренип журуп, жакшылап байкаса; эшиктин туткасынан ойдо, сырткы бетинде карарган бир так журот. Колдун салааларынын тушкон изиндей.. кандын тагы ондуу. Колдору канжалап, кимдир бироолор болмого суйроп киргизээрде, жанталашып, салаасы менен мыкчый кармаган сыйкы. Кандын тагына караганда; салаалары жазылбай, саал бугулуп, эшикке таканчык кылып,мыкчыган кыймылга окшоп кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   21 Январь 2017 - 16:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Ушуларды коруп турган Рысбектин журогу опкоолжуп алды.Тундобу, же эки кун мурунбу, бул жерде - Володяга байланышкан бир окуянын болуп отконун сезиминде элдир-селдир болгоолоду. Ушул жерге коншулаш, бута атымдай жерде, дем алуу уйундо, жайкы эс алуу мезгили буткондон кийи, айлана-тегеректи тазалап, иретке келтируу жумуштарын жургузгон кишилер бар, билсе ошолор гана билет. Сурабаса болбойт. Тынч ала турган эмес. Жаны эле ушул ой башына кылт эткенде, ары жактатн ун чыгып калды. Коз кыйыгын салса, ушуерде жай бою кайыкчы болуп иштеген эки уландын бироосу – Жумай экен. Тамеки оозунан тушпогон, тили биртике чулдур, оргу-баргы суйлой берген улан болчу. Рысбекти коро сала кыйкырган ошол. Демейдеки, далыга чапкылап,ардеме- бирдемелерди суйлоп жатып алчу кейпи жок, урпойуп калыптыр.

-Эй, Рысбек! – деди, туз эле: - Сен тиги, Володяга келдинби?

-Ооба. Кайда кеткен ал. Эртеден бери кутуп олтурам. – Эми аны кутпой койсон болот. Милисалар алып кетишти аны. Ой-ий! - кулачын серпти Жумай: -Ой! Анын укмуш турбайбы тимеле! Бир чапты эле, учоо кулап тушту!

-Ким? Ким кулап тушту Жумай байке?

-Бостеринин балдары келген. Бешоо. Экоо машинеде олтурушкан, учоо бери басышты. Бостеринин менмин деген балдары. Менден сурашты: Жанакы кытайын кайда? - деп. Кызуу, баары тен. Бирдеме десем, таяк жей турганмын. Тенелген жокмун. Турлору бузук! Булар келатканда, Бостери титиреп, туруп берет да. Эки-учоосу кесилип барып келген.Тиякта, уйдун ичинде олтурат-дедим. Бас, корсотпойсунбу жол корсотуп?! -деп жанагы курсуйгон, Эркин дегени журот го,ошонусу желкеден алды мени. Эмне кылам, тенелемби, алдыга бастым… кирсем, Володя китеп окуп отуруптур. Сага кишилер келиптир - деп тигилер жакты корсоттум. Кел, келгиле?- деп, тура калды ордунан ал. Тигилер болсо, ай-буйга келбей эле, омуроолоп киришти: Эмне, боксерсунбу, каратистсинби? Кучунду королу, жур, эшикке чыгабыз. Володя кулуп, баш чайкап: Мен каратист эмесмин, аны силерге ким айтты? Мен жон эле, жай жургон кишимин, - дебаткан, бир оокумда, эмне болуп кеткенин да билбейм, карса-курс болуп кетти. Корсо, тиги, Эркин –Володянын эркине койбой суйроп киришиптир. Бироо жеткирген го сыягы: бир каратист ушул жээкте жашап журот деп. Намыстарына да тийип койгон окшойт. Алар да спортсмендер: бири боксер, экинчиси, жанагы Эркинчи - ал классикалык курош боюнча устат деп журушпойбу…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 39 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 39, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 14:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: