Курани Каримде; "Эгер өзүңөр кайрылып дуба кылбаган соң, Жараткан Алла Таала силерге кайсы амалыңар үчүн жакшылык берсин".
(Фуркан сүрөсү,77)
Жаратканга алакан жая "дуба" кылуу.
#2 07 August 2015 - 12:19
Дуба Алла Тааланын мээримине баш калкалаган өзгөчөлүгү менен ар кандай оор машакаттардан арылуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн өтө күчтүү таасирге ээ.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#3 07 August 2015 - 19:29
Азирети пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистеринде мындай дейт;
"Алла Тааланын алдында Ага алакан жая дуба кылуудан артык эч нерсе жок.
Дуба -бул ибаадаттын өзөгү! "
(тирмизий, дават,1) .
"Кыйынчылык, жокчулук учурунда дубасынын кабыл болушун каалаган адам молчулук, токчулук учурунда да Жаратканга көп көп дуба кылсын".
"Алла Тааланын алдында Ага алакан жая дуба кылуудан артык эч нерсе жок.
Дуба -бул ибаадаттын өзөгү! "
(тирмизий, дават,1) .
"Кыйынчылык, жокчулук учурунда дубасынын кабыл болушун каалаган адам молчулук, токчулук учурунда да Жаратканга көп көп дуба кылсын".
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#4 07 August 2015 - 19:34
"Кабыл болушуна ишенип чын ыкластан Алла Таалага дуба кылгыла!
Алла Таала кайдыгер жүрөк менен чын ыклассыз кылынган дубаны кабыл албайт. Муну эсиңерге түйүп алгыла! .
(тирмизий,65) .
Куттуу хадистерде байкалгандай, кайдыгер жүрөк менен тил учунан гана чыккан дубалардын Алла Тааланын алдында кабылдана тургандыгын ойлоо -бул шайтандын азгырыгы.
Алла Таала кайдыгер жүрөк менен чын ыклассыз кылынган дубаны кабыл албайт. Муну эсиңерге түйүп алгыла! .
(тирмизий,65) .
Куттуу хадистерде байкалгандай, кайдыгер жүрөк менен тил учунан гана чыккан дубалардын Алла Тааланын алдында кабылдана тургандыгын ойлоо -бул шайтандын азгырыгы.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#5 07 August 2015 - 19:41
kerakg,Аллах ыраазы болсун сизден,Бирок мен да тема ачкан элем манызы ушуга окшош."Ийгиликтин сыры"деген.
Кайдагы бе маани создор жазылган жерде эл толтура
Андан кору ушундай асыл создор м.н жан дуйнобузду азыктандырсак жакшы болмок.
Кайдагы бе маани создор жазылган жерде эл толтура
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#6 07 August 2015 - 19:43
Адамдар дубасынын кабылданышына үмүт байлаган адамдардан Жаратканга дуба кылууларын суранышат.
Дубанын кабыл болушундагы эң негизги күч -бул дубадагы ыкластын тунуктугу, демек, күнөөкөр адамдын мусулман боордршу үчүн чын жүрөктөн кылган дубасы Алла Тааланын алдында бул адамдын жогору турган адамдын көңүлсүз дубасынан алда канча артык.
Пенде күнөөкөрлүгү менен Алла Тааланын кечиримин эч качан ала албайт, деген эреже жок.
Дубанын кабыл болушундагы эң негизги күч -бул дубадагы ыкластын тунуктугу, демек, күнөөкөр адамдын мусулман боордршу үчүн чын жүрөктөн кылган дубасы Алла Тааланын алдында бул адамдын жогору турган адамдын көңүлсүз дубасынан алда канча артык.
Пенде күнөөкөрлүгү менен Алла Тааланын кечиримин эч качан ала албайт, деген эреже жок.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#7 07 August 2015 - 19:55
Ошондой эле дубалардын Алла Тааланын алдында кабылданышына себеп болуу өңүтүнөн адал жолдо жүрүүнүн, жакшылык иштерди жасоонун мааниси өзгөчө ролду ойнойт. Куран аяттарынын биринде;
"Алла Таалага аруу сөздөр, чын ыкластан кылынган дубалар көтөрүлүп жетет. Ал эми аруу тилектердин көтөрүлүшүнө жакшы амал иштер жөлөк таяк болот". (фатыр,10) .
Дубаны коркуу жана үмүт сезимдери менен кылууга аракет жасоо керек. Алла Таалага дуба кылуу, кечирим тилөө адамдарды бейпилдикке, жакшылыкка жетелейт, ар түрдүү кырсыктардан арылууга себеп болот.
"Алла Таалага аруу сөздөр, чын ыкластан кылынган дубалар көтөрүлүп жетет. Ал эми аруу тилектердин көтөрүлүшүнө жакшы амал иштер жөлөк таяк болот". (фатыр,10) .
Дубаны коркуу жана үмүт сезимдери менен кылууга аракет жасоо керек. Алла Таалага дуба кылуу, кечирим тилөө адамдарды бейпилдикке, жакшылыкка жетелейт, ар түрдүү кырсыктардан арылууга себеп болот.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#8 09 August 2015 - 09:06
Дуба Алла Тааладан кечирим тилөө менен башталат. Дуба кылууда жасалган күнөөлөр үчүн бушйман болуп, аны экинчи ирет кайталабоого кескин түрдө чечкиндүүлүк менен сөз берилсе, жүк баскан жүрөк руханий ыпластыктардан арылып, акыйкаттан алдында жаркыган өзүнчө күзгүгө айланат. Ошентип жүрөк береке кутка бөлөнүүгө ылайыктуу абалга келип, чыныгы руханий бейпилдикке карай сапар алат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#9 09 August 2015 - 13:36
Алла Таалага бет алып, жүрөктүн жогорку даражаларга жетишинде дуба кылуунун жана кечирим тилөөнүн орду өзгөчө мааниге ээ. Ар түрдүү таасирлерден улам ар качан өзгөрүп туруучу жүрөгүн Жараткандын адал жолунда бекем сактап калуу учун адам баласынын Жараткан Кудуретке алакан жая дуба кылуудан башка айласы жок. Бул багытта Жараткан Өзү пенделерине төмөнкүчө дуба кылуу керектигин үйрөткөн;
"Оо, Жараткан Алла! Бизди Туура жолго салгандан кийин адаштыра көрбө, бизди Өз мээримиңе ала көр..Чыдыгында Сен Айкөлсүң! . (али имран, 8)
"Оо, Жараткан Алла! Бизди Туура жолго салгандан кийин адаштыра көрбө, бизди Өз мээримиңе ала көр..Чыдыгында Сен Айкөлсүң! . (али имран, 8)
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#10 10 August 2015 - 12:23
Жаратканга жалбарган сайын, ага жакындайсың. Кудайдын буйруктарын аткар. Өзгөчө дуба кылуу -пенденин ыйык милдети. Дуба туура эмес түшүнүктөрдү аралаштырбоо керек. Бул ыйык милдетти Алла Таалага чын дилден ишенүү менен орундат. Дуба кылууда сыйлуу жолоочуну узатып жаткандай мамиле жаза. Анткени дуба менен Алла Тааланын мартабасынада бир жай даярдалат.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#11 10 August 2015 - 12:30
Дуба кылган соң, анын жообун дароо алууга шашылба, дуба же кабыл болот, же кабыл болбойт, ниетке жараша. Бул экөөнө тең макул болуп, сабак алууң керек. Эч качан аша чаап кеткендерден болбо. Анткени кайрыла турган башка каалга жок. Эч качан напсинин жакшылыгын же жамандыгын билбеген заалимдерден болбо.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#12 16 August 2015 - 15:20
Ушул жерден мени кыйнап келген суроолорго жооп таптым. Алла сизден ыраазы болсун!

Супер-Инфо
super.kg
видео









