bema_bema (28 Апрель 2015 - 06:24) жазган:
1.Форумчулар менен жолугушууга барып турасынбы?
2.Дос кыздарын менен сырдашып сырыны айтасынбы, деги эле досторго ишенесинби?
3.Окуучулук кезинде суйууго кабылдын беле?
4.Ыссык-колдо келиндер кайндарына кундо жугунот деп угам,
туштук тарапка келин болсон сендагы кундо жугуносунбу?
Сен жазган китептерди калтырбай окуюм,баардыгын бир илип коёсун.Дайыма так мамиледе,бактылуу кыздардан бол.
Интервьюну жакшы откоруп ал,Аскарчик менен бактылуу бол!!
Салам Бема! Жакшысызбы?
1. Форумчулар менен жолугушууга бара элекмин. Бир форумчу досум бар, ал менен дайыма эле жолугушам. Чон жолугуушууга барайын десем, туура келбей калып жатат.
2. Ооба, досторума болгон сырымды айтам. Алар да менден сыр жашырышпайт. Болгон проблемаларыбызды чогуу чечкенге аракет кылабыз. Жардам болсо аябайбыз. Досторго ишенсе болот. Сатып кетсе озунон корсун.
3. Ооба. Тоок суйуу мага да келген. Классташ баламды суйуп калгам, деги эле аны баардык кыздар суйчу, ал бабник болчу. Кийин эс тартканда ойлосом, бул жон гана балалык сезимдер экен. Азыр классташ катары эле амандашып турабыз.
4. Ооба бизде кайындарына кунуго жугунуу салт. Бирок кээ бироолор жаны келин болуп келгенден кийин бир нече кун жугунгондон кийин эле ыраазычылын кайын журту билдирип, жугунбой эле кой эмкиде деп уруксат бергендери деле бар. Жоолук, халат кийбей эле кой дегендери да бар. Эми туштук тараптын салты кандай болсо , биз да ошондой болууга аракет кылабыз да.

Рахмат Бема! Айтканыныз келсин, сизда бактылуу болунуз!