СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#10461 04 Май 2015 - 00:46
Интервьюнун аркасынан сиз жонундо коп маалымат топтоп алдым, жыл айланып супердин торунон дагы орун аласыз деген умуттомун.
Кааларым сизге таптаза суйуу ( суйуунун артынан бакыт да, байлык да ээрчип келет дешет), ден-соолукта болуп дайым, конулунуз ачык болсун.
Ойма тамашалуу суроо тушо калды.
"Колдуктон олдук" деген фраза менен сизди да далай адамдар чымчып отсо керек. Колдуктордон мынчалык корккондорунун себеби эмнеде болду экен?
Дагы бир жолу баарлашканча кош айтышайын.
#10463 04 Май 2015 - 10:55
Ал эми бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу— айдын биринчи жумалыгына акимдер чакырылгандыктан, dina айым болмокчу.
dina, супер-интервьюга кош келипсиз. Кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенемдемин. Анда, адаттагы суроолор;
1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
Интервьюңузга ийгилик.
#10464 04 Май 2015 - 11:16
Саламатсызбы Дина эжеке! Супер Интервьюга кайрадан кош келипсиз. Сизге тынчтык, амандык, ден соолук каалоо менен бирге суроо таштай кетсем.
.
1 - Таласта төрөлүп ошол жакта чоңоюп өскөнсүзбү?
.
2 - Жездебиз кайсыл жердин кулуну?
.
3 - Кесибиңиз кандай, учурда эмне менен алексиз?
.
4 - Канча тил билесиз?
.
5 - Турмушка кечигип чыктым деп ойлойсузбу же баары убак убагы менен эле болдубу сиздин оюнузда?
.
6 - Жетпей калган орундала элек кыялыныз барбы?
.
.
Сизге ийгилик! Конулдуу маанай каалайм. Ар дайым аман болунуз.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#10465 04 Май 2015 - 16:17
rnurzida (04 Май 2015 - 10:55) жазган:
Ал эми бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу— айдын биринчи жумалыгына акимдер чакырылгандыктан, dina айым болмокчу.
dina, супер-интервьюга кош келипсиз. Кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенемдемин. Анда, адаттагы суроолор;
1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
Интервьюңузга ийгилик.
Кош келдик.
1. Атым Динара, Таласта төрөлүп, өскөм. (Калганы анкетамда).
2. Кантип келип калганым деле эсимде жок, интернетти чукулап жатып эле сайтты таап алгам. Биринчи оюндарга кирип жазыш үчүн катталгам, анан кызыгып калдым. Нигим өз атымдын кыскартылганы, толук атымды жазсам андай ысым катталыптыр. Башкача ник жазыш ойго деле келбептир.
3. Суперстандан күндө эле кызык нерселерди таап окуп турса болот. Эсимде калган кызык күндөр жолугушууларды уюштурган, аларга барган учурлар болсо керек.
4. Суперстан жана суперстандыктар менен эч качан мезгилден артта калбайбыз, ашсак ашарбыз)))
Рахмат.
#10466 04 Май 2015 - 16:29
vankuver. (04 Май 2015 - 11:16) жазган:
Саламатсызбы Дина эжеке! Супер Интервьюга кайрадан кош келипсиз. Сизге тынчтык, амандык, ден соолук каалоо менен бирге суроо таштай кетсем.
.
1 - Таласта төрөлүп ошол жакта чоңоюп өскөнсүзбү?
.
2 - Жездебиз кайсыл жердин кулуну?
.
3 - Кесибиңиз кандай, учурда эмне менен алексиз?
.
4 - Канча тил билесиз?
.
5 - Турмушка кечигип чыктым деп ойлойсузбу же баары убак убагы менен эле болдубу сиздин оюнузда?
.
6 - Жетпей калган орундала элек кыялыныз барбы?
.
.
Сизге ийгилик! Конулдуу маанай каалайм. Ар дайым аман болунуз.
Каалоолорго ыраазычылык, тең болсун!
1. Ооба.
2. Чүйдүн.
3. Кесибим маалымат технологиялары жаатында. Учурда өз кесибим менен бир сайтта эмгектенип келем.
4. 100% эч кайсы тилди деле билбейм. Орус, түрк, англис тилдүүлөрдүн өлкөсүнө барсам өлбөй жашап кете аларымды билем).
5. Баары убак убагы менен окуумду бүттүм, эл-жер көрдүм, эч кайда деле шашпай эле болчум))) (подозрительный суроо экен))))))
6. Жетпей калган кыялым деле жок, кыялдарымдын баары оорундалып жатат Жаратканга шүгүр, жакында аткарылчу кыялдарымдын бири ЭНЕ болуу Кудайым буйруса.
Айтканыңыз келсин!

#10467 05 Май 2015 - 00:26
Mipabella (03 Май 2015 - 19:48) жазган:
1) ЫССЫК-КОЛдо балык болобу болбойбу?
Аскар Салтанат айымдан ото деле кичине эмес. Мен 6-10 жаш кичуу жигитти жактырып калсаныз деген мааниде айткам.
#10468 05 Май 2015 - 00:35
Сизге темирдей бекем ден-соолук, чексиз бакыт каалап кетем. Ар дайым жакындарыныздын курчоосунда болунуз.
1) Канча баланыз бар?
2) Жолдошунуз менен кантип таанышып калдыныз эле?
3) Атыныз кандай чечмеленет?
5) Жашоодогу урааныныз кандай?
6) Кумир туткан инсаныныз?
7) Кайсы жазуучунун чыгармаларын озгочо баалап окуйсуз?
8) Жашоонузду (оюнузду, жан дуйнонузду) бир аз да болсо жакшы нукка озгорткон чыгарма же кино болгонбу?
9) Интернеттин жаман жана жакшы тараптарын атай кетсениз.
10) Убакытты туура пайдаланасызбы?
Жооптор учун алдын ала чоон рахмат!
#10469 05 Май 2015 - 00:36
Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 05 Май 2015 - 00:37
#10470 05 Май 2015 - 01:01
dina (04 Май 2015 - 16:29) жазган:
1. Ооба.
2. Чүйдүн.
3. Кесибим маалымат технологиялары жаатында. Учурда өз кесибим менен бир сайтта эмгектенип келем.
4. 100% эч кайсы тилди деле билбейм. Орус, түрк, англис тилдүүлөрдүн өлкөсүнө барсам өлбөй жашап кете аларымды билем).
5. Баары убак убагы менен окуумду бүттүм, эл-жер көрдүм, эч кайда деле шашпай эле болчум))) (подозрительный суроо экен))))))
6. Жетпей калган кыялым деле жок, кыялдарымдын баары оорундалып жатат Жаратканга шүгүр, жакында аткарылчу кыялдарымдын бири ЭНЕ болуу Кудайым буйруса.
Айтканыңыз келсин!

.
.
Ыраазычылык жооптор учун.
.
Мунозунузду да айта кетсениз. Сизди негедир сурдуу ачуусу чукул, ашыкча кулбогон, ачылып сыр айтпаган элестетем. Ушул элестетуум туура элеби? Форумда кимдер менен жакын доссуз? Жашоодо да ал жай сурашып дегендей?
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#10471 05 Май 2015 - 18:18

1. Таакс)) Уй-булодо канча бир туугансыз, и сиз канчанчысы?
2. Кайсыл облуска келин болдунуз?
3. Алгачкы келин болуп барган кундорунуздон бир элес?
4. Вирт дуйно сиз учун?
5. Келин болгон кандай экен? Жактыбы жакпадыбы?

6. Дина айым ашканада кандай?
7. Аял затынын, куйоосунун мээсин ачытканынын себеби эмнеде?
8. Эркек болбой кыз болуп жаралып калганынызга, окунгон учурлар болду беле?
9. "Эрди эр кылган да аял, кара жер кылган да аял" чечмелеп салынызчы...
10. Эркин соз...
Интервьюнузга ийгилик! Ар дайым ден-соолукта, жолдошунуздун суйкумдуу жубайы болуп, журо бериниз.
#10472 06 Май 2015 - 10:31
1. Суйуу жана бакыт деген сиз учун эмне?
2.Озунуздун эмненизди сыйлап, эмненизди суйосуз?
3.Жолдошунуз экоонуздордун окшоштуктарыныз жана айырмачылыктарыныз?
4.Бош убактынызда эмне менен алектенесиз?
5.Жашоодогу урааныз?
6.Байлыкка кызыгасызбы же сулуулукабы?
7.Беш жылдан кийин озунуздун жашоонузду кандай элестетесиз?
8.Жолдошунуз сизди кантип эркелетет?
9.Ырга кызыгасызбы кандай ырларды суйуп угасыз?
10. Кумир тутасызбы ? Тутсаныз ким?
11.Суперде сиз баалап, сыйлаган форумчу барбы?
12.Кайсы форумчунун билдируулорун коп окуйсуз?
Сизге чын ден-солук, ачык маанай каалоо менен бирге, тилеген тилегинизге жетишинизге тилектешмин. Кунуз конулдуу улансын.
#10473 06 Май 2015 - 10:37
.
.
Ыраазычылык жооптор учун.
.
Мунозунузду да айта кетсениз. Сизди негедир сурдуу ачуусу чукул, ашыкча кулбогон, ачылып сыр айтпаган элестетем. Ушул элестетуум туура элеби? Форумда кимдер менен жакын доссуз? Жашоодо да ал жай сурашып дегендей?
[/ quote]
Мүнөзүм сүрдүүң туурарак, ачуум бат деле келбейт өмүрү эч ким менен деле катуу урушуп көргөн эмесмин, сырымды эжемден башка эч кимге деле айтпайм. Элестеткичин жакшы иштейт экен))).
Мурдагы форумчулардын көбү менен ал-абал сурашып турабыз. Азыр Фианит, Нели, Заир, Откур, Максимустар менен кабар алышып, секреттешип))).
Билдирүүнү түзөткөн: dina: 06 Май 2015 - 10:38
#10474 06 Май 2015 - 10:39
[quote name='kanat4ik' date='05 Май 2015 - 00:35' timestamp='1430764505' post='2356498' ]
Дина айым интервью торуно куш келипсиз!
Сизге темирдей бекем ден-соолук, чексиз бакыт каалап кетем. Ар дайым жакындарыныздын курчоосунда болунуз.
1) Канча баланыз бар?
2) Жолдошунуз менен кантип таанышып калдыныз эле?
3) Атыныз кандай чечмеленет?
5) Жашоодогу урааныныз кандай?
6) Кумир туткан инсаныныз?
7) Кайсы жазуучунун чыгармаларын озгочо баалап окуйсуз?
8) Жашоонузду (оюнузду, жан дуйнонузду) бир аз да болсо жакшы нукка озгорткон чыгарма же кино болгонбу?
9) Интернеттин жаман жана жакшы тараптарын атай кетсениз.
10) Убакытты туура пайдаланасызбы?
Жооптор учун алдын ала чоон рахмат!
[/ quote]
Кош келдик! Каалоолор үчүн ыраазычылык, сизге да эки эсе кайтсын!
1) 1
2) Тааныштар аркылуу таанышып, сүйлөшүп, баш кошуп дегендей)
3) Эжекелерим Венера, Чынара, Мунара, анан мени деле уйкаштырып койсо керек. Негизи баалуу ташты же металлды билдирсе керек...
4-сурооң кайда кеткен?)))
5) Кудай буйруса...))
6) Эч ким
7) Эч кайсы, колго тийгенин окуп кое берем.
8) Ар бир окулган, ар бир көргөн кинодон кичине да болсо жакшы жактарын алганга аракеттенем
9) Жакшы жагы - алысты жакындатканы, издеген нерсенди тапканын, көңүл ачканын. Жаман жагы - убакытты кээде өлтүрүп коет, түн уйкудан калтырып)))
10) Аракет кылам, бирок туура эмес пайдаланган сааттар болуп турат.
Рахмат!
[/ quote]
#10475 06 Май 2015 - 10:53
Bad-boy (05 Май 2015 - 18:18) жазган:
1. Таакс)) Уй-булодо канча бир туугансыз, и сиз канчанчысы?
2. Кайсыл облуска келин болдунуз?
3. Алгачкы келин болуп барган кундорунуздон бир элес?
4. Вирт дуйно сиз учун?
5. Келин болгон кандай экен? Жактыбы жакпадыбы?

6. Дина айым ашканада кандай?
7. Аял затынын, куйоосунун мээсин ачытканынын себеби эмнеде?
8. Эркек болбой кыз болуп жаралып калганынызга, окунгон учурлар болду беле?
9. "Эрди эр кылган да аял, кара жер кылган да аял" чечмелеп салынызчы...
10. Эркин соз...
Интервьюнузга ийгилик! Ар дайым ден-соолукта, жолдошунуздун суйкумдуу жубайы болуп, журо бериниз.
Жакшы, дадилин эмне?)
1. Таакс) 4, мен 2.
2. Чүйгө.
3. Биз жакта келин көшөгөдө 3 күн отурат, улуу эркектер кирбейт. Кайындарымда барганда эле аралаштырып, кайнатам көшөгөгө кирип алганда кызыктай болгом))))
4. Вирт дүйнө мен үчүн - ммм менин ишимдин бир бөлүгү)
5. Ченемдүү көрүнүш, (кыз болгон кандай экен деген сыяктуу суроо))) ар бир кыз келин болгонго даярданат, Жаратканга шүгүрлөр.
6. Ашканада мамам менен апама (кайненеме) жетпейм)))
7. Ачытып турбаса мээ иштебей калат да, ал эркектерге деле пайдалуу))))
8. Өкүнгөн деле эмесмин, кээде үй күчүк эркектерди көргөндө "ай мен ордуңда болсом бул жерде турбайт элем" деп ичимден айтып койгон учурлар болгон.
9. Алдагы 7-сурооңдо айтып кеткендей жакшылап ачытканда эр - эр болот, ачыта албагандардыкы башкача болушу мүмкүн))))
10. Мынча көп суроо)))
Айтканын келсин, рахмат!
#10476 06 Май 2015 - 22:51
Суроом:
1) Бул жашоодо сиздин баарынан окундургон нерсе эмне?
2) Сиздин жан дуйнонузго озгочо таасир берген корком чыгарма(эмнеси менен эсинизде калды эле?).
3) Алгачкы махабатынызды эстеткен ыр саптарын жаза кетиниз(эгер болсо).
#10477 07 Май 2015 - 10:38
patma.mahmud-
kyzy (06 Май 2015 - 10:31) жазган:
1. Суйуу жана бакыт деген сиз учун эмне?
2.Озунуздун эмненизди сыйлап, эмненизди суйосуз?
3.Жолдошунуз экоонуздордун окшоштуктарыныз жана айырмачылыктарыныз?
4.Бош убактынызда эмне менен алектенесиз?
5.Жашоодогу урааныз?
6.Байлыкка кызыгасызбы же сулуулукабы?
7.Беш жылдан кийин озунуздун жашоонузду кандай элестетесиз?
8.Жолдошунуз сизди кантип эркелетет?
9.Ырга кызыгасызбы кандай ырларды суйуп угасыз?
10. Кумир тутасызбы ? Тутсаныз ким?
11.Суперде сиз баалап, сыйлаган форумчу барбы?
12.Кайсы форумчунун билдируулорун коп окуйсуз?
Сизге чын ден-солук, ачык маанай каалоо менен бирге, тилеген тилегинизге жетишинизге тилектешмин. Кунуз конулдуу улансын.
Салам, ден соолук жаман болсо да кыргыздыкы боюнча жакшыле.
1. Суйуу жана бакыт - жашоонун мазмуну.
2. Өзүн сыйлабаган адам эч качан өспөйт, өзүмдү баарынан жакшы көрөм, эмнемди экенин билбейм))) ушу так жүргөнүм, жалган айткандан коркконум да жагат.
3. Түйгөйлөр окшош болот го биздин тыш келбетибиз такыр окшошпойт, а мүнөзүбүз экөбүз тен көп сүйлөбөйбүз, айтканыбызды аткарабыз, анан оюндарыбыз окшош)))
4. Интернет, уйку, айылдоо ошондо бош убактым деле жок калат.
5. Адамкерчиликти сакташ керек.
6. Мен үчүн экөө бир маанини түшүндүрөт жакындарымдын амандыгы, ден-соолугумдун сактыгы - байлыгым, жүзүмдүн жакындарымдын, душманымдын алдындагы актыгы - сулуулугум - экөбү тең маанилүү.
7. Баары кудайдын колунда, алты саныбыз аман болсо болгону.
8. Жаным, саксашкам деп.
9. Кызыгам, поэзияга кызыгам, жаш акындардын ырларын сөзсуз окуп турм. Т.Казаковдун, К.Нуртастын, Л.Фабиандын музыкалары плей листимде көбүрөөк.
10. Тутпайт деле окшойм.
11. Баардык эле форумчуларды сыйлайм, Рая эженин жазгандарын жактырам.
12. Рая эженикин анан Адалстын бир чыгармасын калтырбай окуйм.
Айтканыңыз келсин, сизге да Жараткан жакшылыгын аябасын!
#10478 07 Май 2015 - 10:47
s9zen098 (06 Май 2015 - 22:51) жазган:
Суроом:
1) Бул жашоодо сиздин баарынан окундургон нерсе эмне?
2) Сиздин жан дуйнонузго озгочо таасир берген корком чыгарма(эмнеси менен эсинизде калды эле?).
3) Алгачкы махабатынызды эстеткен ыр саптарын жаза кетиниз(эгер болсо).
Айтканыңыз орундалсын, рахмат.
1) Наристелеримдин бул дүйнөгө келбей калганы.
2) Окуган, көргөн баардык чыгармадан сөзсүз таасирленем. Азыркы учурда Улуу Жеңишке карата чыгармалар "мода" болуп ошолордун таасири күч болуп жатат)
3) Алгачкы махабатым никелешкен жолдошум деп билем, жолдошумдун ырдап берген ырларынын баарын жакшы көрөм. Көбүнчө экөбүз зериккенде отуруп алып "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" деп дуэт ырдайбыз тажаганча)))
#10479 07 Май 2015 - 11:11

- Форумга катталганыңызга 5 жылга жакындап калыптыр. Сиздин оюңузча, форумдун кызыктуу болушу үчүн дагы эмнелер жетишпейт? Же сизди көбүнчө форумдун эмнеси тажатып жиберет?
- Ишиңиз интернетке байланыштуу болсо, канчалык интернетке көз карандысыз? Мисалы, интернетсиз канча күн жашай алышыңыз мүмкүн?

Жеңиш - менин тагдырым.
#10480 08 Май 2015 - 14:18
adalsvards (07 Май 2015 - 11:11) жазган:

- Форумга катталганыңызга 5 жылга жакындап калыптыр. Сиздин оюңузча, форумдун кызыктуу болушу үчүн дагы эмнелер жетишпейт? Же сизди көбүнчө форумдун эмнеси тажатып жиберет?
- Ишиңиз интернетке байланыштуу болсо, канчалык интернетке көз карандысыз? Мисалы, интернетсиз канча күн жашай алышыңыз мүмкүн?

Көбүрөөк жазсын деген стимул)))
- Форум ар кимдин маанайына жараша кызыса керек. Тээ илгери союзда төрөлгөндөр көп отурчу кезде башкача кызык болчу, кийинкилер өз деңгээлинде кызытышат)) Биринин оюн бири сыйлап, ар бир тема олутту каралса. Ар кандай сынактар уюшулуп жатат аны кошсок болот. (Ммм... сайттын кызмткерлери да мурдагыдай өздөрүнө тартпай калды көрүнөт форумчуларды, концертине да чакырбай коюшту)))) Калганын жазсам эрежеден чыгып кетем, шыбыраш керек))) Форумдун эч нерсеси тажатпайт, бул суроо неден жаралып кетти?)
- Ишимден тышкааркы соцтармактарды күнүгө 1 саат кыдырып чыгам. Мүмкүнчүлүк болбой калса башка түшсө айла жок)). 2 күн кирбесем мезгилден артта калып калгандай болом)
Билдирүүнү түзөткөн: dina: 08 Май 2015 - 14:19