
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#10961 13 Июль 2015 - 19:51

#10962 13 Июль 2015 - 20:12
orhideya (13 Июль 2015 - 17:01) жазган:

Куш кордук, Орхидея айым )) Ооба узата бериниздер, колдон келишинче аракет кылам жооп бергени.
1. Алгачкы эле суроом. Кандай онорлорун менен мактана аласын?
1.Онорум деле жок экен, аял затына тиешелуу болгон баардык эле жумуштарды аткара алам. А ырдоо ,бийлоо ,ыр жазуу деген онорлордон кур калган экенмин.))
2. Бироонун конулун оорутуп алсан, кечирим сураш сага оордук туудурабы?
2.Турмушта жашын жетилип, акыл калчап калганда ,бироону капа кылбаганга аракет кылат экенсин .А эгер байкабай конулун оорутуп алган болсом албетте кечирим сурайм, оор болсо да.
3.Конок тосконду жактырасынбы же тескерисинче баргандыбы?
3.Конок тосконго кыз кезимде конул деле болбойт экенмин, азыр озум бир уйдун кожойкеси болуп калганыма байланыштуу конок тосуу бул жонокой эле корунуш десем болот. Жактырам же жактырбайм деп айта албайм, колдон келишинче аракет кылып, жакшы тосуп алам.
4. Аял затынадагы баалаган сапаттарын?
4.Аял затын Алла таалабыз ушунчалык чыдамдуу, кылып жаратып коюптур,ушул сапат менен баарын женебиз жана чыдайбыз .
5. Кандай белек алганды жактырасын?
5.Белек алганды баары эле жакшы корсо керек ) ,мен деле кандай белек болсо да атайын атап, берип жатса суйунуп калам,Мындай белек алаганды жакшы кором деп айта албайт экенмин.
Оной эле суроолор.


Келе бериниз, дагы кутуп калам ))
#10963 13 Июль 2015 - 20:26
1) Каякта окугансыз
2) Ушуга чейин эмнени уттуңузда, эмнени уттурдуңуз?
3) Учурда сиз кейиген көрүнүш.
рахмат
#10964 13 Июль 2015 - 20:41
Ashka (13 Июль 2015 - 17:57) жазган:
Салам Ашка. Куш келдик рахмат.
1)Келечеке койгон максаттарыны3?
1.Келечекте максат, ниеттер албетте жакшы ИншаАллах. Кызыма татыктуу тарбия,билим берип озум алалбай калган, озум жетпей калган ниеттерди балдарым жетсе деп ниет кылам.
2)Бактылуулук сиз учун эмне?
2.Адам баласы ар дайым бактылуу боло албаса керек, бактылуу коз ирмемдер болуп турат. Бактылуулук деп -Эли жерин тынч, ата-энен, бир туугандарын, бала -чакан менен бирге,ден соолугун болсо ошол нерсенин озу чон бакыт деп эсептейм.
3)Арман кылбай кантип жашаса болот деп ойлойс?
3.Бекеринен бир кем дунуйо деп айтылбаса керек. Менимче ар бир адамда кичине болобу чон болобу арманы болот .Жашоо ошол учун кызык, телегейи тегиз болуп калса кызыксыз болуп калса керек эле.
4) Форумда сиз суйгон болум кайсыл?
4.Эркин тема болсо керек, себеби бул болумдо баардык жаата темалар бар .
5)Акыркы жолу эмнеге каттуу капа болдунуз,же сизди акыркы жолу ким капа кылды эле?
5.Озу конулчогурок жанмын ,ошол учун тез эле капа кылып коюу оной мени. Акыркы жолу жумушта болду бир жума болуп калды.
6)Суперде эн жакын досунуз?
6.Кооп эле жакын досторум )) бироо бар сырдашып турабыз,сыр эле болуп калсын аты жону..
7)Форумдан эмне таптыныз?
7.Форумда силерди таптым десем а) )чындыгында эле жакшы курбу, ага-ини ,эже-синди таптым .Анан албетте озумо пайдалуу кеп-кенештерди.
8)Чарчаганынызда кандай жол м.н эс аласыз?
8.Азыркы жумушума байланыштуу ,эс алуумду кызыктуу жана мазмундуу кылып откоро албайм .Уктап мээни эс алдырганга аран улгуруп журом. .
9) Кайсыл мамлекетке барып саякаттоону каалайс?
9.Жакынкы эле Турцияга баргым келип журот .Италияга барууну да кыялданам албетте насип кылса барып каларбыз ИншаАллах .
10) Азыркы жашоонузда бактылуумун деп ойлойспу?
10.Албетте бактылуумун деп эсептейм .Мени суйгон жана мен суйгон инсандарым жанымда.Данектей кызым бар ошол менин бакытым.
ИНТЕРВЬЮНУЗГА ийгилик!


Рахмат, сага да ийгилик каалайм. Келип тур. ..
#10965 13 Июль 2015 - 20:57
KUMTOR1 (13 Июль 2015 - 20:26) жазган:
1) Каякта окугансыз
2) Ушуга чейин эмнени уттуңузда, эмнени уттурдуңуз?
3) Учурда сиз кейиген көрүнүш.
рахмат
Рахмат Кумтор иним. Аллага шугур баары жайында. Чакырган экенсинер келип калдык ))
1.Кызыл-кыя шаарында, Медициналык колледжин 2007 -жылы тапшырып, 2010 -жылы ийгиликтуу аяктагам.
2.Убакыттан уттурдум десем болот,коптогон жакшы пландарым ишке ашпай калды.
Билимимди жогорулатуу боюнча жургондо турмушка чыгып кеттим, утканым кызым бар азыр ошол)). Баары алдында дейм,уттуруп жашым бир канчага да барып кала элек ..
3.Кыргызстанбыз онуго албай жатканы ,кымбатчылык, жакшы ишкерлерибиз жоктугу кейитет.
Сага да чон рахмат суроолоруна. Ийгилик каалайм.
#10966 13 Июль 2015 - 23:08
zhigitim_odnolub_bolso (13 Июль 2015 - 20:28) жазган:


Аз эмес коп эмес суроолорумду которунуп келип калдым.
1. Сиздин омурунуздогу биринчи жолу суйуу гулун алганыныз ? Кандай очущение болгон?
2. Бир Роза менен 101 розанын айырмасы эмнеде?
3. Сиздин оюнуздун копчулук пайызын ээлеп турган ой?
4. Китеп окуганга кызыгасызбы? же кино коргонго? экобунун кайсынысына кобуроок жакынсыз?
5. Бир конулунуз калган адамга кайра жарылып, ачылып суйлой аласызбы?
6. Кыз менен жигиттин ортосундагы достука ишенесизби?
7. Дин тууралуу жонундо да сурагым келип турат. Хиджап кийейин деген нийетиниз барбы?
8. Хиджап тууралуу суроо... бул теманы коп талкууладык сиздин оюнузду билгим келип турат да. Кыргыздын элечектуу койногун хиджап менен барабар деп ойлойсузбу? же созсуз турдо хиджап кийишибиз керекби?
9. Кайненениздин ото кылдаттык менен сынаган сынынан оттунуз беле? Же андай сындар болгон эмесби?
10. Жашоонуздагы эн бир бактылуу коз ирмемдериниз?
Суроолорум болсо дагы келем. Ийгилик интервьюнузга!

Куш кордук Назик синдишкам

Анда эмесе аракет кылып короюн суроолоруна жооп берип...
1.Жылмайттын, бала чагым эске тушту .Биринчи гул алганым эсимде )) мектепте окуп жургондо алгам .Гулдун тусу Сары болчу)) бир эле даана,сыртымда оло кыздардын козунчо уялып, суйлонгом, Сары гул да береби деп ))ичимде кудундап суйунуп ,алып барып сууга салып койгом.
2.101 роза берсе да, 1роза берсе да кимден алып жатканын маанилуу болсо керек менимче. Айырмасы ошол болсо керек ..
3.Эн кобун келечек ээлесе керек. Кандай болот деген ойлор ..Андан сон ата -энем, бир туугандарым, уй булоом .
4.Китеп окуганды жакшы кором ,бирок кинону кобуроок корсом керек .Китепти да азыр техника жетишип ,телефон ушундай нерселерден окуп калдык окшойт .
5.Ооба кекчил окшойм деп калдым озумду , каттуу конулум калтырса кечире албай коем, кечирсем да ич ичимден жарыбай коем ошол адамга .
6.Кыз менен жигиттин ортосундагы достука ишенбейм, экоонун бироосундо жактыруу сезим болот .Кыз -жигит экоо табияттан ар башка жан болгондуктан, бири биринин мамилеси дал келбейт. Бироосу жакшы корот, ошол учун чыдап, которот болуш керек.
7.Албетте, мусулман болгон сон ар бИр эле кыздын жакшы ниеттеринин бири болсо керек.
Ынсап берип Алла журогубузго ыйман берсе кием деп журом.Бир жакын адамым биринчи хиджабынды мен белек кылайын деп журот ,буюруса.
8.Кыргыздын улуттук кийими окшош эле десем болот экен, мен бул нерсеге баам бербей журупмун .Кыргыздын улуттук кийими деле кен келген ,элечеги болсо моюндан бери жапкан,эч ачык жери жок экен .Демек кийсе болот, бирок тар эмес кененирек кылып эле тигилсе окшош эле болуп калат.
9.Кайын журтка жаны келин болуп, барганында эле сындоодон отуп каласын го менимче.Кунумдук тиричилик кылып журуп эле, ошол болсо керек. Анан атайын мыноону жасачы, жасай алар бекенсин деп корбоптур.))
10.Жашоомдагы эн бактылуу кундорм коп эле ,эн эн дей турган болсом кызымды боорума биринчи жолу басканда .
Рахмат, сага да чын журоктон бакыт каалайм, тезирек той баштап бизди чакыр) )
#10967 13 Июль 2015 - 23:57
1. Сиз үчүн акча м/н байлыктын айырмасы?
2. Кыз болуп жаралып калганыңызга өкүнгөн учурлар болду беле?
3. Алиги бөлүмүнө киресизби?
4. Сүйүү никеден кийин башталат деп коюшат эмеспи. Ошондо сүйүү "с..." менен чектелеби?
5. Баалаган саясатчыңыз? (эмне себептен)
6. Ф.И.О¿

7. "Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында" ушул макалды чечмелей кетсеңиз?
8. Эркин сөз...
Учурдан пайдаланып, эки дүйнө бактылуулук каалап кетем. Ар дайым ден-соолукта болуңуз!
#10968 14 Июль 2015 - 15:32
Bad-boy (13 Июль 2015 - 23:57) жазган:
1. Сиз үчүн акча м/н байлыктын айырмасы?
2. Кыз болуп жаралып калганыңызга өкүнгөн учурлар болду беле?
3. Алиги бөлүмүнө киресизби?
4. Сүйүү никеден кийин башталат деп коюшат эмеспи. Ошондо сүйүү "с..." менен чектелеби?
5. Баалаган саясатчыңыз? (эмне себептен)
6. Ф.И.О¿

7. "Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында" ушул макалды чечмелей кетсеңиз?
8. Эркин сөз...
Учурдан пайдаланып, эки дүйнө бактылуулук каалап кетем. Ар дайым ден-соолукта болуңуз!
ВаАлейкум ассалом ва рахматтулохи. Сиздин да Рамазан айыныз мубарек болсун!Аминь.
Куш кордук

1.Акча колдун кири деп коюшат эмеспи ,бирде бар, бирде жок болуп калат .Эч качан туболук эмес, бир кун тугонуучу нерсе.
А байлык болсо туболук болуу мумкун, мисалы ден соолук, бир тууган, ата энен,жоро жолдошторун болсо, ошолор сенин байлыгын .
2.Жалган айтпайын коп эле болгон десем болот. Биздин уй-булоодо беш кызбыз, ошол себептен коп учурда ушу мен эле эркек бала болуп калсам деген ойлор коп келген. Уйдогу оор жумуштарды жасаганда,жалан кыздар чогулуп суйлошуп отурганда атам озу калат эле ошондо ойлоп кетет элем.
3.Алиги болумуно коп кире бербейм. Бир тема ачылса кирсем ошол болумдо болуп калса, окуп кайра чыгып кетем. Атайын кирип ачып окубайм.
4.Суйуу деп эмнени айтабыз озу? Бир гана с...болуп калса анда башка башка жашап деле журо берсе болотко .Никеден кийин башталат дегени туура эле. Бирге жашашса бири бирин сыйлап, урматтап, турмуштун оор, женил сыноолорунда бирге болушат жана бала-чакалуу болушат ошол болсо керек суйуу.
Кыз жигит болуп жургон кезде мындай ойлор болбойт жон гана жактыруу десек болот .
5.Саясатта бир адамды баалайм деп айта албайм, баары эле купулума толбой келет. Албетте болсо керек жакшы иштеп жаткандары да...
6.Аты жонум толук жазбай эле коёюн дедим эле) баарибир суроо арасында келет окшойт жазып кое берейин.
Рысова Пээри Эркуловна.
7.Мен бул макалды мындай тушуном ,"Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында ".Адам баласын бир карап же бир аз убакыттын ичинде тушуно албайсын. Мисалы сизди бир коруп биле албайм кандай ойлорунуз бар ,кандай мунозунуз бар.
Малды болсо бир коруп байкоого болот сыртынан, семиз экен же арык деп .Же болбосо багып семиртип алса болот деп байкап койсо болот.
8.Каалоо тилек айтып отойун .
Бутундой Кыргыз калкыма тынчтык, бейкутчулук, онугуп биз да алдынкы мамлекеттердин арасына кошулалы .
Рахмат суроолорунуз учун .Сизге да ыймандуу жар туш келсин! Ийгилик!
#10969 14 Июль 2015 - 23:22
jawynyz kan4ada
Билдирүүнү түзөткөн: Bogotik: 14 Июль 2015 - 23:23
#10970 15 Июль 2015 - 01:26
Бакыт деп эмнени түшүнөсүң?
Стрессти кантип жеңсе болот?
Жашооңдо бактылуулук, ишиңде ийгилик коштоп турсун!
Билдирүүнү түзөткөн: zaika.tvo9.1990: 15 Июль 2015 - 01:27
#10971 15 Июль 2015 - 02:05
1. Уй-булонуз жонундо уксам дедим эле.
2. Кайсы тамакты баалап жейсиз, жана ашканада кандай онорчулук корсото аласыз?
3. Биринчи жолуккан адамды кайсы сапатына карап баа бересиз?
4. Сулуулук сиздин коз карашынызда эмне? Жана сулуулуктун жеткен чокусу же эталону деп кимди белгилейсиз?
Азырынча ушул суроолор. Ишинизге ийгилик каалап кетем.
#10972 15 Июль 2015 - 02:13
#10973 15 Июль 2015 - 02:48
zaika.tvo9.1990 (15 Июль 2015 - 01:26) жазган:
Бакыт деп эмнени түшүнөсүң?
Стрессти кантип жеңсе болот?
Жашооңдо бактылуулук, ишиңде ийгилик коштоп турсун!
Кел Зая)). Жооп берип короюн суроолоруна. ..
1.Бакыт деп жогоруда айтып отконумдогудой эле, уй -булоон, ден соолук ,ата-энен баары аман болсо сен бактылуу адамсын.
2.Стрессти ар бир адам ар турдуу жол менен жеңсе болот.Стресс -убагында адам ,кем соз, ачуулуу ,жини тез келип жана ар дайым ыйлагысы келип калат. Ошол эле убакытта биз ошол нерселерди, бироого чыгарып алгыбыз келет .Биз ошол кылган мамилебиз туура эместигин билип турсак да ,озубузду контрольдой албай калабыз .
Стресстен чыгуу учун ,ар дайым маанайды которуп журууго аракет кылыш керек. Эч качан башынды артка буруп басуу туура эмес. Ар дайым алдыга карап жылуу керек. Терен -терен дем алып ,спорт да менен машыгуу да ото чон жардам берет,жок дегенде жугуруу керек .Бироо менен сырдашып, ичинде эмне болуп жатканын айтып салыш керек,ошол учун стресс убагында психологтун жардамы ото чон. Анан эн негизиси озун озу кондуруу дейби (самовынушение).
Рахмат ыраазычылык

Сага да уй -булолук бакыт каалайм !!!
Билдирүүнү түзөткөн: peri-jan: 15 Июль 2015 - 02:49
#10974 15 Июль 2015 - 03:03
Атынды ким койгон? Эмне учун Пери же Пэри эмес Пээри???
Озуну сулуу деп эсептейсинби? "Жок" деп жооп беришини билип турам))) Эмне учун жок???
Адамдын кайсы касиетин жогорку денгээлде баалайсын? Ошол баалаган касиетке озун ээсинби??
Рахмат))) Ийгилик каалайм!! !
#10975 15 Июль 2015 - 03:10
Билдирүүнү түзөткөн: AFFANCULO: 15 Июль 2015 - 03:42
#10976 15 Июль 2015 - 04:41
happy02 (15 Июль 2015 - 02:05) жазган:
1. Уй-булонуз жонундо уксам дедим эле.
2. Кайсы тамакты баалап жейсиз, жана ашканада кандай онорчулук корсото аласыз?
3. Биринчи жолуккан адамды кайсы сапатына карап баа бересиз?
4. Сулуулук сиздин коз карашынызда эмне? Жана сулуулуктун жеткен чокусу же эталону деп кимди белгилейсиз?
Азырынча ушул суроолор. Ишинизге ийгилик каалап кетем.
Салам Хеппи кыз кандайсын?))) Жакшы келип алдым рахмат, оор кетет окшойм))
1.Биздин уй-булообуздо алты бир тууганбыз, 5кыз, 1уул. Анан мен учун аска зоодой болгон ата-энем. Озум уй булоом жонундо айтсам, жолдошум жана бир кызым бар.
2.Тамак тандабайт экенмин)).
Ашканада мыкты ашпозмун дей албайм ,бирок колумдан бут баары эле келет .Бизде кыргыздарда дастаркон жасоо да озунчо бир онорду талап кылат эмеспи. Ошондуктан коп жерде угуп калам сен жакшы жасайсын сен жаса деп калышат фантазиян кучутууго дешип ) ). . .
3.Биринчи жолукканда адамдын албетте сырткы корунушун карайм.Кандай кийинген ,таза тыкан ,жарашыктуу кийинип алса демек ички дуйносу да окшош болсо керек менимче. Андан сон суйлогонуно, кылган мамилесине, адептуу суйлоо бул да озунчо, адамдын жакшы сапаты деп эсептейм.
4.Бул суроо албетте менин билдируумдон келип чыкты окшойт) ). .
Сулуулук деп, адамдын ички жана тышкы корунушу менен топ келишсе, ошол адамды сулуу деп эсептесе болот. Мындайча айтканда, сулуу адам жан дуйносу да сулуу болсо ошол сулуу болуп эсептелинет. Мисалы алсам бир ушундай чурок, сырткы келбети коз кубандырган болсо, бирок ички дуйносу, мунозу терс, суук болсо... Бул адамды эч ким сулуу дебейт.
Сулуулуктун туу чокусуна жеткен эталону деп 20кылымдан баштап ,ушул кунго чейин Мерилин Монро деп эсептешет. Ушул аялды идеалдуу деп ,башка аялдарды да ушуга каратып салыштырып келишет. Андан кийин, азыркы кундо Моника Белучи, Анджелина Джоли ,Айшвария ж.б ушулар болсо керек.
Рахмат синдим, сага да ийгиликтер жар болсун!
#10978 15 Июль 2015 - 10:35
1-ден„Ыйык рамазан"айында кылган амалдарыныз, кабыл болсун.Жана орозо кармадынызбы?
Анда;
1)чи, суроо?Химиядан. Менделлевдин канча таблицасы бар?айрымдарын атап оотсонуз.
2)суроо?
Аллахдын,99-ысымынын канчасын билесиз?
3)суроо?
Мектептеги жакшы коргон сабагыныз. Жана эмне себептен?
4)суроо?
Кургактыктагы эн -чон,суудагы эн- чон жаныбарларды атап отсонуз.
Азырынча ушул,Интервиюнузга ийгилик.Ар-дайым ар-бир кунду жакшы маанайда откорунуз.
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#10979 15 Июль 2015 - 13:53
1. Форум да, кооп, баалуу убакытымды короттум. Эртен АЛЛАХтын (ж.ж) астына барган да эмне деп жооп берем деп ойлоносузбу?
2. АЛЛАХ (ж.ж) жараткан жан-жаныбарлардын канчоосу эртенки кундун камын коруп жашайт?
3. Эмне учун АЛЛАХка (ж.ж) сиз эмес, сен кайрылабыз?
4. Жактырыыып жургон адамыныз барбы? Бар болсо ошол тууралуу бирааз айта кетсениз. Эмне учун жактырдыз эле?
Чоон рахмат))) Аллах таалам, журогунузго ыйман, жузунузго нуур берген болсун
#10980 15 Июль 2015 - 15:18
Kesh.26. (15 Июль 2015 - 03:03) жазган:
Атынды ким койгон? Эмне учун Пери же Пэри эмес Пээри???
Озуну сулуу деп эсептейсинби? "Жок" деп жооп беришини билип турам))) Эмне учун жок???
Адамдын кайсы касиетин жогорку денгээлде баалайсын? Ошол баалаган касиетке озун ээсинби??
Рахмат))) Ийгилик каалайм!! !
Салам, Kesh.26
Атым озу башкачараак, ошого толук жазбадым эле. Периштедей сулуу, назик болсун деп койсо керек.
Жок .
Эмнеге десениз, сулуулар мендей болбойт ))).Бирок ички дуйномду сулуу болушуна ар дайым аракет кылам.
Адамда эн баалаган касиет депсиз бир аз тушуно албадым. .
Менимче муноз дегеле адамдык сапатын айттыныз окшойт.
Адамдын баалаган сапаттарын, биринчиден чындыкты айта билген адамды сыйлайм, урамттайм.! Озум да аракет кылам ушул сапатка ээ болууну.
Рахмат суроолорунуз учун)) ,аман болунуз !