СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#11261 24 Август 2015 - 07:13
сизге суроом.
1. Оку жайды бүткөнсүзбү?
2.Кесибиңиз эмне?
3.Учурда эмне менен алексиз
#11262 24 Август 2015 - 08:46
1. Канча бир туугансыз.
2. Жеке озунуздон колунузду сурагандар жана ата-эненизди кайра кайра чарчатып кызынды мага бер дегендер ото коп болсо керек ээ. Тандоону сизге койсо, качан турмушга чыгууну каалайс.
3. Келечектеги жолдошуздун кандай сапаттарга ээ болушун каалайс. Негизи эле кандай эркектер жагат.
*************************************
#11263 24 Август 2015 - 12:25
1. Ф.И.О
2. Казан-табак университетине тапшыруучу убак келип калыптыр)) Качан тапшырайын деп жатасыз анан? Пландар боюнча бөлүшө кетсеңиз))
3. Сизди ала качып кетишти дейли, ата-энеңиз макулдугун беришти. "Сүйүү никеден кийин башталат" деген сөзгө таянып жашай бермексизби же....?
4. "Обу жок катын орсок уй саайт" ушул макалды чечмелей кетсеңиз?
5. Эркин микрофон...
Саламатта болуңуз! Эки дүйнөлүк бактылуук каалап кетем, учурдан пайдаланып. .
#11264 24 Август 2015 - 16:20
rnurzida (24 Август 2015 - 02:11) жазган:
Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — суперстандагы активдүү форумчулардын бири happy02 болмокчу.
happy02, супер- интервьюга кош келипсиз. Бир апта бою форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Анда, адаттагы суроолор;
Алгач саламдашып алуу салт экен кыргызда. Саламатсыздарбы жалпы форумчулар. Ушул торду мага ылайык коруп чакыргандарыныздарга ыразычылык.
1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
Аты-жонум Исхакова Жаркынай. 1993-жылдын 2-мартында Ысык-Кол областында жарык дуйного келгем.
2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
Супер-инфонун газетасын сандан-санга узбой алып уй-булобуз менен окуган кызыктуу гезит эле. Ал жерден сайттын адресин алып, ошол кундон баштап "форум" аттуу ооруга чалдыктым. Никтин тарыхы жонокой эле "happy end" ырдан алынган.
3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
Кызыктуу кундорум оо маекте калып кетти)). Чынында форумдан коп досторду таптым, бирок маектен таанышып, азыркы кезге чейин жылуу мамиледе калган форумчулар коп.
4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
Супер-инфо мезгил менен тен жарышып оркундоп осо бер! Кыргызстандыктарды бириктирген эн алдынкы интернет желеси бойдон калат деген умуттомун
Интервьюңузга ийгилик.
Рахмат айтканыз келсин.
#11265 24 Август 2015 - 16:28
Patriot...kg (24 Август 2015 - 07:13) жазган:
сизге суроом.
1. Оку жайды бүткөнсүзбү?
2.Кесибиңиз эмне?
3.Учурда эмне менен алексиз
Саламатсынбы Патриот иним.
1. Бир жыл айланып келсе Кудай буюрса окууну да бутуп калат экенмин.
2. Келечекте "соц.педагог- психолог" деген диплом алып чыгабыз.
3. Ушул суроо абдан бет кызартчу суроо экен да). Азыркы учурда "боштон бошобогон" бир жан экенмин. Же эс алуунун майын чыгарып жатат окшойм.
#11266 24 Август 2015 - 16:55
eldar96 (24 Август 2015 - 08:46) жазган:
1. Канча бир туугансыз.
2. Жеке озунуздон колунузду сурагандар жана ата-эненизди кайра кайра чарчатып кызынды мага бер дегендер ото коп болсо керек ээ. Тандоону сизге койсо, качан турмушга чыгууну каалайс.
3. Келечектеги жолдошуздун кандай сапаттарга ээ болушун каалайс. Негизи эле кандай эркектер жагат.
Сен да куш келдин Эльдар иним.
1. Уй-булодо эки бир тууганбыз. Менден улуу байкем бар.
2. Уй-було куруу сунушу бар, коп эмес сен ойлогондой, аз да эмес дегендей. Уйдогулордун окуунду бутуп, турмушта жолунду таап ал деген каалоолору куч болгондуктан сунуштарды четке кагууга туура келуудо. Озумдун ойума койсо буга чейин эле тийип кетмекмин го).
3. Мырзалардын ыймандуу, чечкиндуу, акылдуу, созуно турган, суйуудо туруктуу, аска-зоодой чеп болуп бере алган коргоочу, кичи-пейилдуу болушун каалайт экенмин. Жана болочоктогу жолдошумда жогоркудай саппаттар болсо дейм.
#11267 24 Август 2015 - 17:20
Bad-boy (24 Август 2015 - 12:25) жазган:
1. Ф.И.О
2. Казан-табак университетине тапшыруучу убак келип калыптыр)) Качан тапшырайын деп жатасыз анан? Пландар боюнча бөлүшө кетсеңиз))
3. Сизди ала качып кетишти дейли, ата-энеңиз макулдугун беришти. "Сүйүү никеден кийин башталат" деген сөзгө таянып жашай бермексизби же....?
4. "Обу жок катын орсок уй саайт" ушул макалды чечмелей кетсеңиз?
5. Эркин микрофон...
Саламатта болуңуз! Эки дүйнөлүк бактылуук каалап кетем, учурдан пайдаланып. .
Саламатсызбы Бед-бой мырза. Баардыгы жакшы Кудай буюрса, рахмат конул кош болбой сураганынызга.
1. Исхакова Жаркынай.
2. Ооба туура баамдаган экенсиз)), убак-саатынар келип калды деп журокту сыгып конгуроо улам-улам кагыла баштады. Буйруктан го баары. Ушул куну тапшырам деп так айтыш кыйын. Жакынкы планым, коздогонум эле окууну ийгиликтуу аяктоо, жакындарымдын коптон куткон умутун актоо.
3.Эгер мага куйоо болом, бактылуу турмуш курам деген жигит болсо мындай жолго барбашына ишенем. Эгер мени сыйласа...
4.Макалдын тупку маанисине сунгуп кире албадым. Кечиресиз..
5. Эркин микрофон деп эмненин башын кылтыйтыныз экен аа. Ушу мен жонундо бир нерсе дей кетиниз деген окшойсуз (тамаша). Эркин микрофонду сонку кунго калтырат окшойм.
Сиз да сак-саламатта тынч болунуз. Айтканыныз келсин, эки дуйнолук бакыт баардыгыбызга тен жеткен болсун.
Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 24 Август 2015 - 17:23
#11268 24 Август 2015 - 17:25
1) Бакыт сен учун - бул?
2) Конул ооруткан адамын кечирим сураса, баарын унутуп, кечире алгандар катарын толуктайсынбы же?
3) Психологиядагы „ Тартылуу законуна”(Закон притяжения) ишенесинби? Жашоодо колдоносунбу?
Жашоодо, окуунда анан интервьюна ийгилик алтышка!
#11269 24 Август 2015 - 17:56
sayana (24 Август 2015 - 17:25) жазган:
1) Бакыт сен учун - бул?
2) Конул ооруткан адамын кечирим сураса, баарын унутуп, кечире алгандар катарын толуктайсынбы же?
3) Психологиядагы „ Тартылуу законуна”(Закон притяжения) ишенесинби? Жашоодо колдоносунбу?
Жашоодо, окуунда анан интервьюна ийгилик алтышка!
Сиз да куш келипсиз эжем.
1. Бакыт- мен учун жакындарымдын амандыгы, бейкапар кулкусу экен. Кичине кабактары бурколуп, кайгыра тушушсо ички дуйном антарыла тушот. Ошондуктан жаркырашып журо беришсинчи. Алар бактылуу экенин коруунун озу эле мага бакыт.
2. Кек туйуп бет буруп кетчулордон эмесмин. Бирок таптакыр кечирип, баардыгын мурдагы ордуна койуп, конулду киргил суудан тазалай алчулардан да эмес экенмин. Конул коштук мамиледе калчулардан окшойм.
3."Тартулуу закона" ишенем. Озгочо конул чоккондо колдонот экенмин, жакшы ойлорду ойлоп. Университеттен эжейибиз кантип аткарыларын да образга кирип тушундурду эле)) Ойлор аткарылат, баары алдыда. Мен ишенем!
Рахмат айтканыныз келсин эже, сиз да жакшылыктардын гана устундо, кулкуго болонуп журо бериниз.
#11270 25 Август 2015 - 00:06
Салам айттык сизге бир букет гулу менен кошо.
Бойдокуңбу? жээээээ .......
Жооп берсен анан калганын шашпай суйлошобуз
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#11271 25 Август 2015 - 00:18
KOKOC (24 Август 2015 - 23:33) жазган:
1.Кесибине озун кызыгып тапшыргансынбы?
2.Психолог менен врачтын айырмасы? ( бир соз менен эле айтсан жетиштуу)
3.Саясатчылардын бирден психологу болот эмеспи.Демейде, карьеранды кайсы жол менен баштайсын( психологтордун тили менен жооп берсен)
4.Тундук- туштук болунуусу,?( трайбализм психолог катары оюнду айтсан)?
Алдын ала рахмат жооптор учун.Жообундан кийин кошумча суроо бериш учун келишим мумкун
Сизге дагы саламдар болсун. Куш келипсиз Кокос мырза. Нигиниз менен качанкы бир кошунамды эске салып оттунуз..)
1. Мен энсеген кесип эмес, турмуштун кыйчалышынан тапшырып, жоктон коро жогору болуп окуп калган кербезим.
2. Врач- сиздин физикалык оорунузга шыпаа болсо, психолог- жан-дуйнонуздун жардамчысы.
3. Карьерамдын алгачкы баскычын кризистик борбордон баштасамбы деген ой бар. Байкашымча тажыйрбаны мол топтой алчу жер ушул жай. (психологдун тили менен суйоо жондомдуулугум калыптана элек экен, келечекте онуктурот окшойбуз)).
4. Тундук-туштук маселеси мурдагыдай курч эмес, басандай тушту. Себеби туштуктук туугандар борборго кандай агылып келип жатса, тундуктон да ошондой темп менен келип жатышат. Бир жерге чогулган эл албетте суйлошот, бири-бирин таанып билет, таанышуунун аркасында мурда алыс аралыкта бирин-бири элестеткендей жаман калк эмес экендерин коруп жатышат, жакшы карым-катыштын аркасында Кудай кошкон куда болушкандарына да кубобун. Ар кошкон эл жуурулушуп, стереотип да бара-бара озгорот деп ойлойм..
Жоопторум канаатандыраалык болбой, супсак болуп калса тузун салганы келээрсиз. Суроолорунузга сизге да ырахмат. Келип турунуз.
#11272 25 Август 2015 - 00:23
Спортун кайсыл туруно кызыгасын?
#11273 25 Август 2015 - 00:26
ACAH_AKA (25 Август 2015 - 00:06) жазган:
Салам айттык сизге бир букет гулу менен кошо.
Бойдокуңбу? жээээээ .......
Жооп берсен анан калганын шашпай суйлошобуз
Сизге да салам Асан акеси. Букет гулго ыраазычылык.
Бойдок эле статустабыз. )))
Жооп да узаттым, эми шашпай суйлошот окшойбуз ээ.
(Кулуп жатып, аран жазып буттум))
#11274 25 Август 2015 - 00:35
Kanat8427 (25 Август 2015 - 00:23) жазган:
Спортун кайсыл туруно кызыгасын?
Саламатсызбы. Куш келдик, рахмат.
Спорттун эч бирин туруно кызыкпайм, мектеп учурунда дене-тарбия сабагына жылдын башында бир барчумун.. Байкем телени футбол коруп ээлеп алганда айлабыз алты кетип, кошулуп олтуруп алып футбол коробуз. Ошондуктанбы анча-мынча тушунугум бар бул спорттун турунон. Спорт жаатында жогорудагыдай результаттамын.)
#11275 25 Август 2015 - 08:26

Кандайсын синдим

Куш келипсин

Анда суроо берейин э.
1. Эн катуу окунгон нерсен?
2. Апанды кайсы эмгегин менен катуу кубанттын эле?
Ушул эле экен

кидают камень, отвечайте плодами»
#11276 25 Август 2015 - 11:50
rumaika5544 (25 Август 2015 - 08:26) жазган:

Кандайсын синдим

Куш келипсин

Анда суроо берейин э.
1. Эн катуу окунгон нерсен?
2. Апанды кайсы эмгегин менен катуу кубанттын эле?
Ушул эле экен

Саламатсызбы. Куш кордук эже. Кудайга шугурчулук, баары жакшы.
1. Эн каттуу окунгон учурум бар. Бул нерсе учун кимди куноолорумду билбейм.
2. 10-класста конкурстан утуп алган белегим, мактоо баракчасы менен Алтын Апакемди кубанткам. Негизи апалар кыпындай ийгилигине да кубанычтары тоодой го. Апалардын жузунон кубаныч гана жайнап турсунчу деги.
#11277 25 Август 2015 - 12:10
1-суроо:Жашоодо эмнени уттун, эмнеден уттурдун?
2-суроо: Исламга коз карашын, Аллах тааланын,, ПАРЗ "дарын аткарасынбы, аткарбасан эмнеге?
3-Кыргыз деген эл качан кантип пайда болгон?
4-Торт тарабы топ деп кандай адамдарды ойлойсун?
5 - эркин соз
Интервьюна ийгилик ар-дайым жакшылыктын устундо жур

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#11278 25 Август 2015 - 19:42
#11279 25 Август 2015 - 20:13
osh93 (25 Август 2015 - 12:10) жазган:
1-суроо:Жашоодо эмнени уттун, эмнеден уттурдун?
2-суроо: Исламга коз карашын, Аллах тааланын,, ПАРЗ "дарын аткарасынбы, аткарбасан эмнеге?
3-Кыргыз деген эл качан кантип пайда болгон?
4-Торт тарабы топ деп кандай адамдарды ойлойсун?
5 - эркин соз
Интервьюна ийгилик ар-дайым жакшылыктын устундо жур

Саламатсызбы Ош мырза, (ооба классташ болот экенбиз)).
1. Уттурганым- убакыт.. Убакыт колго толтурулган суудай илээшпей агып жатат. А менин максаттарым ушул агым менен билинбей агып, кумга синип кеттуудо. Ал эми утуш-мага жылмая элек экен азырынча.
2. Мен-мусулманмын. Бул жалган дуйного мусулман болуп торолгонумо суйунучум чон, жана мусулман болуп олом. (Бул менин Исламга болгон коз карашым).
Кудайдын 5парзынын бирин да аткара албай убарамын. Ханиф байке айткандай чыны менен ыйманым аздык кылып жаткандыр, балким чечкинсиздигим тоскоол болуп жатабы бир кумон. Жакынкы кундордо парздарымды аткарууга киришээрмин.
3. Кылымдарды карыткан "Кыргыз" элдин качан пайда болгонун билбейт экенмин. Дагы бир жолу тарыхка унулуп окуп коет окшойбуз.
Кантип пайда болгон деген суроого келсек. Ене-сайдан Тенир-тоого келип олтурукташып, жергиликтуу калк менен аралашып, сары, коздору кок келгиндер монголоид расасына тектеш болуп кеткен. Ошонтип Тенир-Тоолук монголоид кыргыздар калыптанган.
4. "Тогорогу топ келген" деп ички-сырткы сулуулук бап келген, ыйманы топ келген, ага жараша байлыктан оксубогон, ден-соолуктан кыйналып кемсинбеген адам.
5. Кыргызстан тогорогу топ келген олко болуп келечекте, алдыга гана онуго береличи.
Ыраазычылык. Сиздин да ишинизге ийгилик, уй-булолук бакыт, дайыма шаан-шокот, той-шарапаттын устундо журунуз.
#11280 25 Август 2015 - 20:33
KOKOC (25 Август 2015 - 15:46) жазган:
Алыскы туугандан жакынкы кошуна дейт эмеспи. Эсине тушсо жакшы мунозду кошунан бар экен.
Уландысы
Суйлошкон жигитине, жери алыс экен деп ата- энен бербей койду? Ата- энемдин конулун 1чи орунга коет белен?
Окууна ийгилик!! !
Келиниз Кокос мырза. Жаркынкун болуп алат окшойм айын алып салып)). Жакшы муноздуу экенин кантип билип койдунуз экен, тан бердим.
Уландысы деген экенсиз, экинчи сериалга отолу анда).
1. Там-тун баскандан баштап азыркы жашка чейин атага эркелеп, мээримине чомулгон эмесмин. Омур бою эркелетип келе жаткан жалгыз адам-Апам.
2. Менин бактым ошол гана адам экенине козум жетсе ак- батасын беришин сурамакмын.
Айтканыныз келсин. Сиздин да иштеринизде, жашоонузда ийгиликтер гана болсун!