Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 569
  • 570
  • 571
  • 572
  • 573
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#11401 Пользователь офлайн   asylzaadam   11 Сентябрь 2015 - 13:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения peri-jan (10 Сентябрь 2015 - 16:16) жазган:

Ассаляму алейкум, Асылзаадам эжеке.
Менде да суроо жаралды сизге..
"Тагдыр майданында "чыгармасындагы башкы каарман сиз эмес окшойсуз менин тушунугум боюнча же адашып жатамбы?
Сиз болбосонуз, озунуздун тагдырынызга канчалык окшоштуктары бар ушул окуянын.
Канча уул жана канча кызыныз бар, айта кетсениз.
Балдарыныз чоноюп эле калса керек, аларда да сиздикиндей, созго чечен, акындык онор байкадынызбы? Айтайын дегеним кимге окшош кобунчо.
Акыркы суроом, форумга катталганга чейин да кирип жургонсузбу?


Алдын ала жоопорторунуз учун рахмат. Сизге уй булоолук бакыт каалайм.


Уа алейкума ассалям Пери кызСүрөт
Бул баянда баш каарман мен болбосом дагы, кошо аралашып мына күнөөкөр көзүм менен күбө болгон тагдыр.Жеке жашоом менен окшоштугу болгону жеке ой-туюмум жана аздыр-көптүр жашоодон алган тажрыйбамдын негизиндеги ой толгоолор.
Кыздарым ээрчишип мектепке барып калышты.Экөө тең туулган күн,майрамдарда куюлуштура каалоо тилек жазылган ,өздөрү жасаган открытка беришет.Орусча окугандыктан бир саптарды айтып "Апа в рифму получилось" деп калышат.Бирок жазмакер өнөрлөрүн байкай элекмин. Уулум али кичинекей.
Албетте кирип жүргөм.
Рахмат Периш сага да жакшы каалоо-тилектер.

Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 11 Сентябрь 2015 - 14:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11402 Пользователь офлайн   bema_bema   12 Сентябрь 2015 - 21:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Саламатсызбы Асылзаадам эжеке суроом катуу тийсе кечирин.Сизди Мырзайым деген форумчу эжеге окшото берем,башка ник менен кирген окшойт деген ойдомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11403 Пользователь офлайн   asylzaadam   13 Сентябрь 2015 - 13:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 293
  • Катталган: 25 Февраль 15
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 23:04
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения bema_bema (12 Сентябрь 2015 - 21:49) жазган:

Саламатсызбы Асылзаадам эжеке суроом катуу тийсе кечирин.Сизди Мырзайым деген форумчу эжеге окшото берем,башка ник менен кирген окшойт деген ойдомун.


Саламатчылык Бема.
Мырзайым экөөбүздү бир адам дегенге эч кандай негиз жок.Андыктан ал тууралуу ойлорду унутуп эле койгонунуз оңСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11404 Пользователь офлайн   rnurzida   14 Сентябрь 2015 - 02:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Аsylzaadam эже,  супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат . Бар болуңуз.       

Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — суперстандагы активист, белгилүү футбол фанаты, чукугандай сөз тапкан, көптөгөн маанайды көтөрчү билдирүүлөрдү жазган eldar96  мырза болмокчу.  
eldar96, супер- интервьюга кош келипсиз. Бир апта бою форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.  
Анда, адаттагы суроолор;

1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.  

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...

4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз. 

Интервьюңузга ийгилик. 
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11405 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2015 - 06:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения rnurzida (14 Сентябрь 2015 - 02:00) жазган:

Аsylzaadam эже, супер- интервьюга келип, кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат . Бар болуңуз.

Бул жумадагы супер-интервьюнун кадырлуу коногу — суперстандагы активист, белгилүү футбол фанаты, чукугандай сөз тапкан, көптөгөн маанайды көтөрчү билдирүүлөрдү жазган eldar96 мырза болмокчу.
eldar96, супер- интервьюга кош келипсиз. Бир апта бою форумчулар менен кызыктуу маек куруп бересиз деген ишенимдебиз.
Чакырганыныздар учун терен раазычылык. Кызыктуу жана ачык маек куруп бергенге бүт аракетимди жумшайм.

Анда, адаттагы суроолор;

1. Бул жуманын коногу кайсы жердин кулуну жана өз аты-жөнү? Кыскача биография.
Жалал-Абаддын кулунумун. Алымкулов Элдар.

2. Суперге кантип катталып
калдыңыз эле? Жана нигиңиздин тарых-таржымалы.
Акыркы 3-4 жылдан бери super. kg сайтына байма бай каттап калгам. Бирок ошол убакыттан бери "суперстанга" көп кызыкбаптырмын. Ушул жылдын март айында бул жака кызыгуум артып суперстан жака баш багып калдым, капысынан спорт бөлүмүнө көзум түшүп калып, дароо катталгам. Башында спорт жака кируу үчүн гана катталгам, көп өтпөй башка бөлүмдөр менен дагы кантип аралашып кеткенимди өзум дагы жакшы билбей калдым.

3. Суперстандагы эсиңизде калган
кызыкка бай күндөрдөн бир көз
ирмем...
Бул чөйрөдө ар бир кун ар нерсеси менен өзгөчө эсимде сакталып турат. Бирок баарынан дагы спорт бөлүмүндө өзүмдүн сүйүктүү командам мадриддик "Реал" командасы женишти камсыздап турган күнү баарынан дагы өзгөчө шан шөкөөт менен өтүп турат десем адашпаган боломго.

4. Супер форум жана суперстандыктар тууралуу төрт сап ыр же эки ооз сөз.
"СУПЕР ИНФО" - алдыга,
Күн өткөрүп күнүгө
Баштайбыз түркүн "Шан" - ды да,
Керек болсо байкабайбыз,
Кечкирди бүгүн, тан мына.

Тамашакөйлөр форумду жарды да,
Таймаштар болот алдыда.
Тан калбай эле койгула,
Бир-биринер менен тааныш болуп алгыла!


Ким менен дос болгун келет?
Анда каттал форумга!
Кеп кенешин аябаган акылдуулар,
Футбол үчүн жанын берген күйөрмандар.
Кааласан тамашөкөйүбү!
Айтор баарын табасын,
Керек болсо президентти!

"ЫНТЫМАК" ты бекемдеп,
Кулку-шаттык экен деп.
Форумда дайым жүргүлө,

Достукту дайым бекемдеп! Сүрөт

Интервьюңузга ийгилик.
Рахмат


Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 14 Сентябрь 2015 - 07:06


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11406 Пользователь офлайн   Jelmoguz.brat   14 Сентябрь 2015 - 08:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 422
  • Катталган: 21 Февраль 15
  • Соңку аракети: 30 Апр 2021 12:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Билип емне кыласын

Ассаляму Алейкум! Кандайсын? иним интервьюга куш келипсин.

Суроо?
1 биринчиден жердеш экенбиз иним тагырагы Жалал абадтын кайсыл жеринен болосун?
2 байкашымча фудболдун фанаты экенсин озун Кыргызстандын бир командасында ойнойсунбу?
3 Спорттун башка турлоруно кызыгасынбы?
4 Кыргызстан спорт жагынан алсыз маамлекет ушул маселеден кантип чыгып кетуго болот ?
5 азыркы тапта бизде фудбол бир аз алдыга жылып баратат мисалы Германия Бразилия онду маамлекеттердин катарында коруго болобу келечекте ?
ИнтервьюГа ийгилик иним
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11407 Пользователь офлайн   happy02   14 Сентябрь 2015 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Оо кандайсын Эльдар иним. Куш келипсин интервьюга.

1. Окуунду бутум дегендей кылдын эле, азыр эмне менен алек болуп журосун.
2. Сулуулук- деген эмне. Кандай адам сулуу?
3. Конулуно жаккан бийкеч чыкса уйлончудойсун, кандай кыздар жагат? Качан уйлонсом деген пландарын бар?
4. Сени конфликттен таптакыр алыс, коп нерсени соз менен чечкен жигит деп элестетем. Элестеттуум туура эле жолдобу?)).

Ийгилик. Эки дуйно бактылуулук каалап отом. Кайрылып келишим мумкун.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11408 Пользователь офлайн   KUMTOR1   14 Сентябрь 2015 - 18:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 083
  • Катталган: 28 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2016 14:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Город 0322

Кош келипсиң! Менде суроо деле жок. Тек гана ийгилик каалайм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11409 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2015 - 19:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Jelmoguz.brat (14 Сентябрь 2015 - 08:45) жазган:

Ассаляму Алейкум! Кандайсын? иним интервьюга куш келипсин.
Ва алейкум салам. Жакшы. Рахмат.

Суроо?
1 биринчиден жердеш экенбиз иним тагырагы Жалал абадтын кайсыл жеринен болосун?
Сиз менен жердештен дагы, өтө жакын жердештерденбиз. Барпы айылынын кулуну, башка айылды билбесе дагы Орто-Азия айылын билсе керек. Ошол айылдын абасын жутуп чонойгон баламын.

2 байкашымча фудболдун фанаты экенсин озун Кыргызстандын бир командасында ойнойсунбу?
Жөн гана футбол жиндисимин. Эч кандай командада ойнобойм, антип командада ойногудай мыкты ойной албайм дагы. Сүрөт

3 Спорттун башка турлоруно кызыгасынбы?
Кызыгуумдун 99 пайызы футболго арналыптыр , калган 1 пайызы башка спорт үчүн арналган экен. Башка спорттон күрөш, бокс, оор атлетика ж.б.

4 Кыргызстан спорт жагынан алсыз маамлекет ушул маселеден кантип чыгып кетуго болот ?
Өзү реалдуу көз караш менен карап көрсөк, бизде мамлекет жана башка чөйрөлөрдөн колдоо анча болбосо дагы, спортчуларыбыз колдоосу эн мыкты болгон мамлекеттин спортчуларына тен ата атаандашып чон бийиктиктерди багынтып келе жатышат. Эгер ошол спортчуларга болуп жаткан эн мыкты денгеелдеги колдоо, биздин спортчуларыбызга дагы арналып калса, оо анда биз дүйнөнү дүнгүрөтөбуз деп толук түрдө ишенем. Кептин баары барып эле каражаттын түбүнө келип такалып жатат. Ошондуктан биз дүйнөлүк спортто тонкоруш жасай албай жатабыз. Мен ишенем, жакынкы убакыттарда "спорт" деген сөз айтылаары менен, дүйнөдөгү ар бир адамдын оюна биринчи кезекте дароо КЫРГЫЗСТАН деген ысым келет деп.

5 азыркы тапта бизде фудбол бир аз алдыга жылып баратат мисалы Германия Бразилия онду маамлекеттердин катарында коруго болобу келечекте ?
Кудайга шүгүр, футбол жаатында өнүгүү болуп жатат. Мына акыркы эле "МУНДИАЛЬ 2018" турнирине тандоо турунда КЫРГЫЗСТАН - АВСТАРЛИЯ беттеши бүт дүйнөнү КЫРГЫЗСТАН тарапга көнүл бурууга аргасыз кылды окшойт . Бут ЕВРОПАДАГЫ спорт журналдарында КЫРГЫЗТАН деген ысым менен толуп кетти окшойт. Чынында ошол беттеш дагы деле эсимден кете элек, дүйнө жүзүнө "женилсе дагы Дуйно кубогун уткандай кубанычга толгон күйормандарды биринчи жолу көрүшүбүз" деп бут дүйнө ан-тан болуп жатышты. Эгер ошол беттешти женгенде ошол кездеги ситуацияларды сөз менен айтып жеткирүүнүн өзү оор деп ойлойм. Бул сөздөр менен эмнени айткым келет, КЫРГЫЗ футболу уйкудан ойгонду. Келечекте өнугүү жолуна түшөбүз деп ишенем. Ал күндөр дагы алыс эмес деп ишенип турайлы. Андай күндөргө жетүү үчүн өтө чон тер төгүү керек. Эн негизгиси мамлекет тараптан чон колдоо абадай зарыл. Мамлекет көнүл бурбай турган болсо, өнүгүү жолуна түшүү оор.

ИнтервьюГа ийгилик иним
Рахмат.

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 14 Сентябрь 2015 - 19:15


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11410 Пользователь офлайн   Xanif   14 Сентябрь 2015 - 20:51

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Ассалааму алайкум...

Элдар, куш келиптирсин Допросканага. Бирок сенин форумда чыныгы жузун, чыныгы нигин менен, жасалма маскан жок, ачык айкын жургонуну баалайм. Жигит деген сендей болуш керек, болгонду болгондой эле тайманбай айтып, дегендей...

Анан, соз башында кенеш...

Хадисте; "Бир жаман ишти корсон, тилин менен токтот, ага кучун жетпесе, колун менен токтот, агада кучун жетпесе, журогунон жаман коруп кетип кал" дейт, же ал иштен жийиркенип, артка чегин дегендей эле, Аалымдар: "Эгер сен бир акыйкатты айтуун менен, элге жаман корунгонун, ал бир тыйынга арзыбаган нерсе, себеби акыйкат ото ачуу болгондуктан, элди секиртип, сыздатып ийет)), бирок сен эки дуйно Кудай астында жузун жарык болот" дешет. Демек, акыйкат чындыгында элдерди ызылдатып ийет))), дегеним, кумар ойунуна айланып калган, супорт болумундогу оюндан, акыйкатты гана айтып, элге жаман корунуп калганын, ал сен учун Кудай астындагы чыныгы жарык жузун, (Андай нерселер бир тыйынга арзыбаган нерселер) себеби сен чыныгы жигиттик милдетини аткардын. Ыйманына баракелде...

Шариятта; "Ким, кандай абалда болбосун, оз нафсисине ээ чыгып, же женип, арам жерден сууруп чыкса, мына ошол чыныгы жигит" дейт, демек элдин жекече ойу, же созу, сен, биз учун эчнерсеге татыбайт, так ышто, халалга в перёд, деген ураан менен жашаш керек дайыма...)))
Бирок, аалымдар; "Элдер сага душман болсо болсун, бирок сен эчкимге душман болбо, себеби душмандыка, озундун арамга жетелеген нафсин жетиштуу, ошол менен курош. Ал эми элдерге дайыма, туура жолго тушуусун, кыяматтагы азаптан кутулуп, эки дуйно бактылуу болуусун тилеп, дуа кыл" дешип баса белгилеп кетишкен. Так што тушундунда шарият кенештерин. ..)))

Эми суроо...

1. Суроо, томондогуну тушундуро кетчи, ачыктап дегендей...

Кыяматта чексиз азап беруучу куноолорду, бул жашоодо, чексиз суммадагы акчаларга, оз нафсибизге кул болуп, сатып алуудабыз. Ал эми кыяматтагы чексиз нурдуу соопторду, бул жашоодо бекер берседа, жуз буруп, артка качуудабыз, ошол акыйкатты айткандарга таарынып..)))

2. Суроо. Кыргыздын салттарынан, кайсы салтты баалап, ошону дайым аткарасын... ?

3. Суроо. Куран окуганды билесинби? (Арабчасынан дегем)

4. Суроо. Реалга мынчалык аша чаап фанат болгонундун себеби эмнеде? (Дегеним, Реал женилип калса уйкунда келбейт, тамакта отпой калат сага, мына ошол шарият эрежеси бойунча аша чапкандык, жана куноого алып баруучу жол)

Азырынча ушулар...

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 14 Сентябрь 2015 - 20:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11411 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2015 - 21:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

happy02 сказал:

Сентябрь 2015 - 16:13'timestamp=' 1442225596' post='2563520' ]
Оо кандайсын Эльдар иним. Куш келипсин интервьюга .

Жакшы , озунуз . Куш келдик .

1.
Окуунду бутум дегендей кылдын эле, азыр эмне менен алек болуп журосун .

Ата-энем чакан бизнес ачып берген, сентябрьдан бери ошол иш менен алекмин.

2. Сулуулук- деген эмне. Кандай адам сулуу?
Мм эми бул нерсени ар ким ар кандай денгеелде түшүнөт экен. Сырты сулуу болуп, ичи терс абалда болсо, ал адамды сулуу деп айтыштын озүү оор чынында. Сырты дагы сулуу, ичи дагы сулуу болуп турса, пах пах ушундай адамдар кандайсонун ээ.

3. Конулуно жаккан бийкеч чыкса уйлончудойсун, кандай кыздар жагат? Качануйлонсом деген пландарын бар?
Тез аранын ичинде үйлөнсөм үйлөнүп деле алсамбы деген чечимге келген күндөр дагы болуп турат . Үйлөнүүгө шарт болуп тургандан кийин, созо берүүнүн деле кажети жокпу деп ойлонуп кетем. Анын үстүнө бойдокчулук жашоодо көчөдөн көрүнгөн кызды карай берүү адат болуп калат экен, караган күнөө экенин билсек дагы. Ошого тезиреек ак никелүү жарлуу болуп, кунөөдөн тыйылбасак болбой калды. Кее бирлерге окшоп сүйүү-пүйүү келмейинче үйлөнбөйм дегендерден эмесмин, андайды жактыра бербейм негедир. Бирөөсүнө жактыруу сезимим жылый турган болсо, ошол кыздын аяк-быягын сүрүштүрүп туруп, дароо үйлөнүп алам деген принципте жашап келем көптөн бери. Өзүмдүн чөйрөмдөгү караштырып койгон кыздар көп эле, балким ошолордун бирөөсу менин жарым болуп калаттыр. Эн негизгиси ошол күндөргө Кудай жеткире турган болсо эле.

Биринчи кезекте Кудайдан корккон кыз, ыймандуу, куйөөсу не десе ошол деп турган, айтор кыргызымдын чыныгы айымдарына тишелүү сапаттарга ээ кыздар, кайсы эле кыргызымдын жигитине жакпасын. Сөссүз түрдө мага жар болгондун биринчи күнүнөн баштап жолук жана узун көйнөк кийүүгө милдеттүүсүн деп эле так кесе айтам, ошол нерсемди аткарса болду.Калган нерселерин кийин деле ондоп алганга убакыт табаарбыз. Өзүм ушинтип эле кыйынсынып жатам, бирок ушундай кыздарга өзүмдү татыктуу катары көрүшүм керек деген максатта, жашоодо жакшы жолдош болууга аракет кылам деп, дайыма жакшы адам болуунун үстүндөмүн.

4. Сени конфликттен таптакыр алыс, коп нерсени соз менен чечкен жигит депэлестетем. Элестеттуум туура эле жолдобу?)).
Балким. Көпчулүк учурда сөз менен тынч бүтүрүүгө аракет кылам, бирок кее бир нерсени сөз менен бүтүрүүгө болбой калат. Андайда сөссүз былчылдашмайынча жаным жай ала албайт. .

Ийгилик. Эки дуйно бактылуулук каалап отом. Кайрылып келишим мумкун.
Рахмат. Сизге дагы бакыт каалайм.

[font="Arial, sans-serif"]

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 14 Сентябрь 2015 - 21:25


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11412 Пользователь офлайн   Nurmatova   14 Сентябрь 2015 - 21:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

Эльдар кандайсын,иштерин, ден-соолуктарын жакшыбы? :salam:

Интервьюна ийгилик!! !
:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11413 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2015 - 21:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения KUMTOR1 (14 Сентябрь 2015 - 18:15) жазган:

Кош келипсиң! Менде суроо деле жок. Тек гана ийгилик каалайм...


Кош келдик. Менден деле сага жооп бере турган, жооп деле жок. Ийгилик каалаганын учун раазычылык.

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 14 Сентябрь 2015 - 21:18


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11414 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2015 - 23:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Xanif (14 Сентябрь 2015 - 20:51) жазган:

Ассалааму алайкум...
Ваалейкум салам...

Элдар, куш келиптирсин Допросканага. Бирок сенин форумда чыныгы жузун, чыныгы нигин менен, жасалма маскан жок, ачык айкын жургонуну баалайм. Жигит деген сендей болуш керек, болгонду болгондой эле тайманбай айтып, дегендей...

Жылуу пикирлер учун раазычылык.

Анан, соз башында кенеш...

Хадисте; "Бир жаман ишти корсон, тилин менен токтот, ага кучун жетпесе, колун менен токтот, агада кучун жетпесе, журогунон жаман коруп кетип кал" дейт, же ал иштен жийиркенип, артка чегин дегендей эле, Аалымдар: "Эгер сен бир акыйкатты айтуун менен, элге жаман корунгонун, ал бир тыйынга арзыбаган нерсе, себеби акыйкат ото ачуу болгондуктан, элди секиртип, сыздатып ийет)), бирок сен эки дуйно Кудай астында жузун жарык болот" дешет. Демек, акыйкат чындыгында элдерди ызылдатып ийет))), дегеним, кумар ойунуна айланып калган, супорт болумундогу оюндан, акыйкатты гана айтып, элге жаман корунуп калганын, ал сен учун Кудай астындагы чыныгы жарык жузун, (Андай нерселер бир тыйынга арзыбаган нерселер) себеби сен чыныгы жигиттик милдетини аткардын. Ыйманына баракелде...

Шариятта; "Ким, кандай абалда болбосун, оз нафсисине ээ чыгып, же женип, арам жерден сууруп чыкса, мына ошол чыныгы жигит" дейт, демек элдин жекече ойу, же созу, сен, биз учун эчнерсеге татыбайт, так ышто, халалга в перёд, деген ураан менен жашаш керек дайыма...)))
Бирок, аалымдар; "Элдер сага душман болсо болсун, бирок сен эчкимге душман болбо, себеби душмандыка, озундун арамга жетелеген нафсин жетиштуу, ошол менен курош. Ал эми элдерге дайыма, туура жолго тушуусун, кыяматтагы азаптан кутулуп, эки дуйно бактылуу болуусун тилеп, дуа кыл" дешип баса белгилеп кетишкен. Так што тушундунда шарият кенештерин. ..)))

Эми суроо...

1. Суроо, томондогуну тушундуро кетчи, ачыктап дегендей...

Кыяматта чексиз азап беруучу куноолорду, бул жашоодо, чексиз суммадагы акчаларга, оз нафсибизге кул болуп, сатып алуудабыз. Ал эми кыяматтагы чексиз нурдуу соопторду, бул жашоодо бекер берседа, жуз буруп, артка качуудабыз, ошол акыйкатты айткандарга таарынып..)))
Айта берсек сөз бүтпөгүдөй, нафсибизге алдырып коюп жатабыз. Кыямат жакындаган сайын адамдарды текебердик бийлеп калат дегендей, мени дагы, башкасын дагы текебердик жакшы эле ээлеп алды. Күнөө экенин билип туруп жасап жатабыз, мисалы өзүм кыйла эле күнөөлөрдү жасап жатамын. Ал эми билбей кылган күнөөлөрүмдү элестетсем жүрөгүм түшөт. "Нафсибизге биз баш ийбей, нафсибиз бизге баш ийгидей" кылганга бут аракетибизди жумшоо керек.


2. Суроо. Кыргыздын салттарынан, кайсы салтты баалап, ошону дайым аткарасын... ?
Кыргызымдын каада-салттарынын ар биринин өзгөчө орду бар. Кээ бир учурдагы өтө эле аша чаап, ысырапкерчиликге алып келген салттарды эске албаганда, калган салттарды терен урматтайм. Бул салт деп бөлүп айтыштын өзү оор экен, баары бирдей жагат. Тез-тез аткарып тургандардан, үйгө дайыма ысырык салып турабыз, көбүнчө мен эстетип турам. Сүрөт

3. Суроо. Куран окуганды билесинби? (Арабчасынан дегем)

Ушул убака чейин КУРАН китебине түшөйүн дегенде таштап коюп, окушту унутуп калган учурларым 2-3 жолу кайталанды. Алла Таалам мүмкүнчүлүк берип турганда үйрөнбөсөк болбойт деп, 1 айдан бери карындашымдан кайра башынан баштап үйрөнүүнүн аракетиндемин.

4. Суроо. Реалга мынчалык аша чаап фанат болгонундун себеби эмнеде? (Дегеним, Реал женилип калса уйкунда келбейт, тамакта отпой калат сага, мына ошол шарият эрежеси бойунча аша чапкандык, жана куноого алып баруучу жол)

Мм таксыр, мен мындай нерселерди, ар ким аалына жараша дегендей тушуном. Мен мактангандай болбоюн, бирок Аллага шугур нафсимди жакшы эле тыя алам. Оа футбол жиндисимин, ушунчалык берилип кетем, бирок ошол мезгилде жүрөгүмдө АЛЛА деген улуу соз дайыма чыгып кетпей, эсте болуп турат. Бир эле футбол эмес, айтор сен кызыккан нерселер намазга, шариатга чынында эле тоскоолдук жаратып, намаздан калтырып жатса, анда ал кызыккан нерсенди чынында таштоо керек. Оба мен футболго кирип кетем, бирок андан дагы башкы нерсе дайыма жүрөгүмдө эсте болуп турат. Мен ушинтип ойлойм. Эгер түшунугүм туура эмес болсо, анда эскертип коёсуз деген ишеничтемин.

Азырынча ушулар...


Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 14 Сентябрь 2015 - 23:28


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11415 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2015 - 23:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Nurmatova (14 Сентябрь 2015 - 21:14) жазган:

Эльдар кандайсын,иштерин, ден-соолуктарын жакшыбы? :salam:

Интервьюна ийгилик!! !
:)


Кудайга шугур, баары жайында. Сүрөт

Терен раазычылык.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11416 Пользователь офлайн   medina.   14 Сентябрь 2015 - 23:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Оо,кимдер интервью берип жатат.Салам Элдар, кандайсын?

Суроо:Чыныгы жигит кандай болуш керек,сенин оюнда?


"Жигитке жетимиш онор аздык кылат"кандай онорлорун бар?



Сенин тушунугундо ЛИДЕР адам.


Шайлоого катышасынбы?



Жашоондо ата-энендин орду?
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11417 Пользователь офлайн   eldar96   15 Сентябрь 2015 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения medina. (14 Сентябрь 2015 - 23:34) жазган:

Оо,кимдер интервью берип жатат.Салам Элдар, кандайсын?
Сонун, озун.

Суроо:Чыныгы жигит кандай болуш керек,сенин оюнда?
Мм эми кандай десем, биринчиден созуно бекем турган, бир үй-бүлөнүү багып кете ала тургандай, кыйынчылык келсе туруштук бере ала тургандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойм.

"Жигитке жетимиш онор аздык кылат"кандай онорлорун бар?
Мактанаарлык деле өнөр жок экен. Айылга барганда дароо айылдын ишине киришип кете алам, шаарда дагы эптеп иштин ыгын таап жашап кете алам десем калп айтпаган боломго. Анан кичине соода сатык жактан дагы тааныштыгыбыз бар.

Сенин тушунугундо ЛИДЕР адам.
Баарына бирдей мамиледе карап, кыпындай нерсени дагы адилеттүү чече билген адамды чыныгы "лидер" деп атай алам.

Шайлоого катышасынбы?
Эки анжы ойдо болуп турам. Мен ишенген партиялардын былыктары чыккандан чыгып, кичине болсо дагы ишенген ишеничиме суу сээп жатышат. Катышам же катышпайм.

Жашоондо ата-энендин орду?
Бул жашоодо алардын мен учун ото чон орду бар. "Ата-эне ыраазы болсо, Алла ыраазы, ата-эне нааразы болсо, Алла нааразы" дегенден эле, өтө чон жыйынтыкты чыгарып алсак болотго дейм. Алардын ыраазычылыгын алып, дайыма кубантып турууга аракет кылып келем.

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 15 Сентябрь 2015 - 00:09


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11418 Пользователь офлайн   Oceana   15 Сентябрь 2015 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Куш келипсин ЖЕРДЕШ)))

1) Кайсыл кесиптин ээсисин?

2) Жашоонун маңызы сен үчүн эмне?

3) Өз кесибиң боюнча иштейсиңби?


ИНТЕРВЬЮ ЖУМАЛЫГЫНА ИЙГИЛИК!!

Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11419 Пользователь офлайн   eldar96   15 Сентябрь 2015 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Oceana (15 Сентябрь 2015 - 16:22) жазган:

Куш келипсин ЖЕРДЕШ)))
Куш келдик.

1) Кайсыл кесиптин ээсисин?

Компыютер боюнча билим алдым.

2) Жашоонун маңызы сен үчүн эмне?

Кыйын суроо экен. Биз үчүн бул жашоо сыноо үчүн, өмүрүбүздө ар бир пендеге бир гана жолу мүмкүнчүлүк берилет экен. Бул жалган дүйнөнү бирөөсү туура эмес пайдаланат экен, бирөөсү туура пайдалана алат экен. Жакшы жашап өтүүм керек деген пенде үчүн, бул жашоонун мыйзамдары тээ "Адам" ата жаралаганда эле аки-чүкүсүнөн бери адамзатга жүктөлүп бүткөн экен. Өмүрдө бир жолу келчүү жалган жашоону туура пайдаланып, акыреттик түбөлүк жашоого даярдануу керек. Жашоонун негизги маңызы деп, мен ушундай түшүнөм. Сүрөт

3) Өз кесибиң боюнча иштейсиңби?
Тилеке каршы такыр башка тармакта өз ордумду таап алдым окшойт. Чакан бизнесим бар.

ИНТЕРВЬЮ ЖУМАЛЫГЫНА ИЙГИЛИК!!
Рахмат... ......

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 15 Сентябрь 2015 - 18:25


*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11420 Пользователь офлайн   osh93   16 Сентябрь 2015 - 10:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Ассаламу алейкум.
Элдар96, иним кандайсын? Ден-соолук, иштер
Анда менин суроолорум томондогучо:


1) Шариятка жакшы эле, тушунот экенсин эмнеге ушул кезге чейин,, Арапча куранды"- жаттай элексин?
Жана, канча суро билесин?


2) ,, Адамга эн кыйыны кун сайын адам болуу"-деген,
Макалга кандай тушуносун(кененирээк)


3)Бир,, Оркестр"- бар он бир адам музыка чертет, бироосу аларды карап турат. Алар музыка черткенин укбайсын бирок, кулдурот, кайгыга салат, а тугул бакыртат бул кайсы кесип ээлери:)

4) Жазганыны кобунчо, эмнеге тузотосун?


Рахмат, алдын-ала интервью жумалыгына ийгилик.
Эркин микрафон:)

Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 569
  • 570
  • 571
  • 572
  • 573
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 23:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: