СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#11841 20 Апрель 2016 - 10:35
1)Дин турмуштан ажыратылган, дегенге сиздин пикириниз, дегеле ошондой болушу мүмкүнбү?
2)Кудай бар бирок биздин иштерге аралашпасын, биз өзүбүз каалагандай жашайбыз деген туурабы?
3)Саясий исламисттерге каршыбыз, аларды өлтүрүш керек. Камаш керек. Демократияга коркунуч туудурат деп айтып жатышпайбы. Дегеле саясаты жок идеология болушу мүмкүнбү?
4) Билишимче илгерки форумчусуз, ортодо корунбой калдыныз, кайра келгенинизге эмне туртку болду?
Аллах ыраазы болсун, Аллах өзү ыраазы болгон пенделеринен кылсын.
#11842 20 Апрель 2016 - 21:00
Кандайсыз анан?!
Сиздин фамиялыңыз чото тааныш учурап жатат да. Сиз кайсы мектепте окугансыз?
Гимназияда окуган эмесизби?
Калган суроолорду жообуңузга карап беремин буйруса.
Билдирүүнү түзөткөн: Xanif.Kg: 20 Апрель 2016 - 21:00
#11843 20 Апрель 2016 - 21:17
Цитата
Уалейкум ассалам! ИншаАллах баары жакшы,шүгүрчүлүк, алхамдулиллах!
Цитата
Өсүп келе жаткан муун түйшөлтөт. Демократия, цивилизация деп батыштын канализациясына уланып калгандар, кечээги эле өтмүшүнө мурдун чүйрүгөндөр түйшөлтөт. Базар экономикасынын жапайы заманында калыптанып, көнүмүш ишке айланган алдым-жуттумдук ойго салат. Китеп окубаган, сабатсыз, кругозору ченелүү жаштардын өзүнчө бир катмары пайда болуп калгандыгы кыжаалат кылат. Адамдын укугун коомдукунан өйдө коюуудан улам түптөлүп келе жаткан менменсинүү, көкүрөк кагуу, текеберлик, кайдыгерлик, руханий жардылык, көрөңгөнүн боштугу түйшөлтөт.
Цитата
Улуттун кызыкчылыгын көздөгөн идеология жок. Руханий байлыкты чанып, материалдык байлыкка, күнүмдүк курсакка, бул онбеш күндүк жалган дүйнөнүн кулуна айландык. Жогоруда айтып кеттим, ар бир адам өзүнүн керт башынан мурун коомдун, жалпынын кызыкчылыгын жогору койсо гана... Союз маалында кандай гана күчтүү идеология бар эле. Тагам айтып калат, мектепти бүтүп жатканда классыбыз бойдон колхоздо калабыз, өз колхозубузга кызмат кылабыз деп чогулуш өткөрүп,транспаранттарды жазып

Цитата
Качан кыргыз элим , жалпы кыргызстандыктар, эл башкарган элиталар (жок дегенде 60пайызы) ыйман келтиришип, Кудайдан коркуп, Аллах көрсөтүп берген туура жолго моюн сунганыбызда гана өнүгөт. Кайсы бир эл өзү өзгөрмөйүнчө, Аллах ал коомду өзгөртпөйт.
Цитата
Сизге да рахмат!
Үйбүлөңүзгө Аллахым берекесин жаадырсын!
#11844 20 Апрель 2016 - 21:19
Цитата
Уалейкума ассалам!
Цитата
Акындар айтышы деген теманыз бар да,ошол теманы башында озунуз баштап онорунузду коргозгон экенсиз.Анан акыркы эки,уч жылдан бери ал жакка баш бакбай коюпсуз себеби эмнеде?
Ал теманы ачкан кезде жаш экен элек, бойдок экен элек, оозду "а" деп ачканда эле ыр төгүлүп турган, илхам алыс кетпей айланчыктап турган убак экен эле да

Цитата
Бул дуйнодо озунузду канчалык денгеелде бактылуу жашап атам деп ойлойсуз?
Алхамдулиллах! Бактылуумун. Пайгамбарыбыз (сав) "эрте менен ойгонгондо өлкөңдө тынчтык болсо, денсоолугуң таза болсо, бир күндүк тамак-ашың бар болсо, андан ашык бакытты табалбайсың" деп айткан. Канчалаган адамдар ушул тапта ооруп жатышат, канчалаган адамдар ачка, канча жерде согуш оту тутанып... Кудайга шүгүр, Аллахты тааныдык, ага ыйман келтирдик, кылба дегенинен алыстап, кыл дегенине умтулуп жатабыз... Мындан ашык бакыт барбы?
Цитата
Кайсы кесиптин ээсисиз?
Тилекке каршы, эч кандай кесип ээси эмесмин. Орто мектепти бүткөн бойдон андан ары жогорку же атайын кесиптик окуу жайларды окуган жокмун.
Цитата
Сизге да рахмат!
#11845 20 Апрель 2016 - 21:20
Цитата
1. Дин тууралуу кабарыңыз бар. Кайсы жактан илим алгансыз?
Уалейкум ассалам. Диний илим алган эмесмин. Өзүмчө эле изденип дегендей
#11846 20 Апрель 2016 - 23:40
USSR (20 Апрель 2016 - 21:17) жазган:
Өсүп келе жаткан муун түйшөлтөт. Демократия, цивилизация деп батыштын канализациясына уланып калгандар, кечээги эле өтмүшүнө мурдун чүйрүгөндөр түйшөлтөт. Базар экономикасынын жапайы заманында калыптанып, көнүмүш ишке айланган алдым-жуттумдук ойго салат. Китеп окубаган, сабатсыз, кругозору ченелүү жаштардын өзүнчө бир катмары пайда болуп калгандыгы кыжаалат кылат. Адамдын укугун коомдукунан өйдө коюуудан улам түптөлүп келе жаткан менменсинүү, көкүрөк кагуу, текеберлик, кайдыгерлик, руханий жардылык, көрөңгөнүн боштугу түйшөлтөт.
Улуттун кызыкчылыгын көздөгөн идеология жок. Руханий байлыкты чанып, материалдык байлыкка, күнүмдүк курсакка, бул онбеш күндүк жалган дүйнөнүн кулуна айландык. Жогоруда айтып кеттим, ар бир адам өзүнүн керт башынан мурун коомдун, жалпынын кызыкчылыгын жогору койсо гана... Союз маалында кандай гана күчтүү идеология бар эле. Тагам айтып калат, мектепти бүтүп жатканда классыбыз бойдон колхоздо калабыз, өз колхозубузга кызмат кылабыз деп чогулуш өткөрүп,транспаранттарды жазып

Качан кыргыз элим , жалпы кыргызстандыктар, эл башкарган элиталар (жок дегенде 60пайызы) ыйман келтиришип, Кудайдан коркуп, Аллах көрсөтүп берген туура жолго моюн сунганыбызда гана өнүгөт. Кайсы бир эл өзү өзгөрмөйүнчө, Аллах ал коомду өзгөртпөйт.
Сизге да рахмат!
Үйбүлөңүзгө Аллахым берекесин жаадырсын!
Жоопторунузга рахмат! Дагы суроо жаралып калды. 1) Осуп келе жаткан жаштарды канткенде мекенчилдике тарбияласа болот? 2) Менде бир идея бар да. Мына Кыргыз окмоту Россия менен ГЕЦтерди куруу жонундо тузулгон келишимдерден бир тараптуу чыкты. Эми болсо башка инвестор издеп журот. Ошону окмот элдин жардамы менен курса болобу? Маселен, 18 жаштан 40 жашка чейинки олконун ар бир эркек жаранын аскерге милдетуу турдо кызмат отогон сыяктуу олкобуз учун 1 айбы, 2 айбы милдеттуу турдо иштетсе болобу? Иштебегендерди алтернативалык аскерде кызмат отогон сыяктуу акча толотсо дейм. Дегеле ГЕЦпи, жолбу, завод-фабрикабы иши кылса окмот ушинтип элдин жардамы менен куруп олкону онуктурсо болобу? Дегеним себеби олкобуз кыйын абалда турганда ар бирибиз ушинтип болсо да мекенибизге жардам берсек дейм. Тиги заводду курганда мен иштегем, тиги жолду салганда мен иштегем деп жаштарыбыз сыймыктануу менен айтып мекенчилдик дух ойгонот беле дейм? Же жарандардын укугун тепсегендике жатабы? Ушул идеяга кандай карайсыз?
Билдирүүнү түзөткөн: bessmertnyi: 20 Апрель 2016 - 23:44
#11847 21 Апрель 2016 - 10:50
Цитата
Уалейкума ассалам. Аллахга шүгүр, аманбыз.
Цитата
Дин турмуштан ажыратылган дегени такыр эле туура эмес. Ислам дини камтыбаган жашоонун бир да бөлүгү жок. Ислам бул жашоо системасы.
Цитата
Атеисттер эле ушинтпесе. Бар дегени акыйкат, аралашпасын дегендер айнып калыптыр, Аллах эч кимден эч нерсе сурабайт, ага кимдир бирөөнүн пикиринин кереги жок, АллохусСамад, ал "кулли шайин кодир", " ла хавла ва ла кувватта ила биллах".
Цитата
Мунуңуз өтө "тонький" суроо экен. Хизбилер жөнүндө кыйытып турасыз го чамасы. Хизбичилердин максаттары туура, алар деле Аллах ыраазычылыгы үчүн, дин үчүн деп аракеттенип жатышат. Өлтүрүш керек дегендер аша чаап кетишиптир. Камаш керек эмес. Бирок, жеке мен өзүм каршымын. Менимче ,бул бир туугандарым Исламдын "саясат" , "бийлик" деген гана бурчун бекем кармап алышкандай туюлат. Саясий ислам, салттуу ислам, радикалдуу ислам, ультра ислам, деги койчу , Исламдын кандай гана түрүн чыгарып жатышат. Ислам бирөө эле, аны мындай көп түргө бөлгөн биз болуп жатабыз да.
"Халифалыкты тикелейбиз, азыркы бийлик болбойт" дешет. Кантип тикелейбиз? Куралдуу көтөрүлүш мененби? Бейкүнөө адамдын каны төгүлүп кетсечи? 7-апрелдегидей болбойбу? Элди козутуп, ар кандай чакырыктар менен биримдикке жарака кетирип жаткан жокпузбу? Халифат тикелейбиз деп Сирия болуп кетпейбизби?
Кудайга шүгүр, бизде дин эркиндиги. Кемчиликтер жок эмес, идеалдуу ыймандуу коом али калыптана элек. 90-жылдардын башында, борбодук мечитте жума намазында бир сап толбойт эле дешет... Ана ошолордун дубасы менен Аллахым биздин мамлекеттке ,элге хидаят берип койду. Азыр жума намаздарда эл батпайт. Эми жыйырма ,элүү жылдан кийин элестетели, шүгүр дейли. Коңшуларды карайлы, диндин эркиндиги ушунчалык болот, шүгүр кылайлы Акырындан ,эволюциялык жол менен, сабр менен, сабр менен гана ийгиликке жетебиз. Илим алайлы, даваат кылалы, диндин жайылышына көмөк кылайлы, иншаАлллах, Аллахым берээрин унутпайт. Иншаллах, ыймандуу, такыба бир муунду тарбиялап алсак, келечегибизде толук дин жашосуна жол ачылат. Бирок, сабр менен, даваат менен, тарбия-үлгү менен. Атамбаевке, бийликке асылганда, халифат деп күрөш жүргүзгөндө кыйналып калабыз го дейм.
Цитата
Тирилик деп жүрүп эле. Бир чети кызыгы да кетип. Анан бир күнү "дин жана философия" бөлүмүнүн жанданганын көрүп кайра аралаша баштадым. Убакыттан пайдаланып, дин жаатында аракеттенип жүрүшкөн, жооп-кеңештерин аябаган, даваат кылган форумдун алим, алималарына разычылык айтып кетейин.
Цитата
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 21 Апрель 2016 - 10:51
#11848 21 Апрель 2016 - 10:55
Xanif.Kg (20 Апрель 2016 - 21:00) жазган:
Кандайсыз анан?!
Сиздин фамиялыңыз чото тааныш учурап жатат да. Сиз кайсы мектепте окугансыз?
Гимназияда окуган эмесизби?
Калган суроолорду жообуңузга карап беремин буйруса.
Уалейкума ассалам үкам!

Алхамдулиллах, баары жакшы.
Ноокат гимназиясында окуп, 1998-жылы аяктаганмын.
Калган суроолорду эми бере бер.))
#11849 21 Апрель 2016 - 11:22
1. Акыркы 10 жылда кандай өзгөрдүңүз?
2. Философия сиз үчүн...
3. "Адамдар кызык эле, кандай мамиле кылса ошондой жооп берсең таң калышат" кандай ойдосуз?
Амандыкта жүрүңүз!
Бул үйдүн ээси кайтып келгенине кубанычтамын!

Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#11850 21 Апрель 2016 - 12:49
Тааныдынызбы сиз бизди,
Убагында айтыштан,
Коё берчу элениз тизгинди!
Салам айтам агатай,
Жоголдунуз байкалбай.
Эмне кызык эми сизде,
Айтынызчы кана бизге,
Акын айылын таштапсыз,
Устуртон эле байкапсыз! !!
Бирок сиздей доо шаалар,
Кызытчу эле айтышты,
Айтышка кирген адамдар,
Кызыкка батып кайтышчы! !!
Эми сизге айтаарым,
Ага катары бааларым,
Аягында кааларым:
Кайда болсонуз ден соолук,
Жанынызда журчу ак жоолук,
Кулку,бакыт коштосун,
Кырсык сизде болбосун,
Уй булонуздун баарысын,
Кудайым дайым колдосун! -деп урматым менен ининиз!
Кайран омур эскирер
#11851 21 Апрель 2016 - 13:24
1. Байкашымча созго ото байсыз)) Соз байлыгынызды кантип остургонсуз?
2. Биз азыноолак атын уккан акебиз балалыгында кандай болгон?
3. Улуттук оюндардан сиз баалаган оюн. Эмне учун?
Уй булолук бакыт.Аман болунуз!
#11852 21 Апрель 2016 - 20:52
Цитата
Жаштарды тарбиялаш үчүн чоңдор өздөрү ошондой мекенчил тарбияда болушу шарт го. Бир күндө, бир жылда, же болбосо он жылда эле оңолуп кетүү кыйын. Өткөн кылымдын башында "кызыл террор" атыккан совет бийлиги улут каймактарын калпып алып, кыңк этпей ийилип берчү адамдардын бир муунун тарбиялап алышты. Эгемендик алганы баягы "кулчулук аң-сезим" биздин шайды оодарды. 50 жылда эл жаңы дейт, ушул элүү жылдын тегерегиндеги убакыттан кийин азыркы тарбиянын жыйынтыгы билинет деп ойлойм. Ошондуктан, өз балдарыбызга тарбия берсек, биздин балдар болбосо, балдардын балдары ошол жаңы заманда жашап калышаттыр. Себептерин аткарабыз, жыйынтыгын Аллахка тобокел кылабыз , анан сабыр жана сабыр, үзгүлтүксүз сабыр...

Цитата
Идея эң сонун. Чоң Чүй каналын согуш маалында аялдар менен жаш балдар, кары картаңдар эле техникасыз (!) казып салышты эле го? Бирок, коом, эли-журтубуз ошого абийир жагынан, жоопкерчилик жагынан даяр болушу керек го? Азыр өзүң билесиң, бекер иштемек түгүл, парктын ичин булгаганыбызды милдет кылып отурабыз. (Государство төлөп берет

#11853 21 Апрель 2016 - 22:40
Цитата
1. Акыркы 10 жылда кандай өзгөрдүңүз?
Саламатчылык. Он жыл аралыгында аябай эле токтондум. Мурда эртеңки күндү ойлонуп койбостон салпактап эле жүргөн экем көрсө.
Цитата
Жакын болчумун философияга. Г.Г.Маркес сымалдарды анча түшүнүп аңдай албасам да окумуш боло берчи элем. Азыр андай эмес. Философиядан баш ооруйт азыр.

Цитата
"Аш койгонго аш коём, таш койгонго таш коём" деп коюшат го. Ошого таң калгандар да бар бекен э? Өзү негизи идеалында " аш койсо да, таш койсо да аш коём" деген түшүнүк болсо жакшы болоор беле.
Цитата
Бул үйдүн ээси кайтып келгенине кубанычтамын!
Рахмат, сизге да аманчылык, мен да кубанычтамын.
Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 21 Апрель 2016 - 22:40
#11854 22 Апрель 2016 - 00:48
"Заманың бөрү болсо бөрү бол,түлкү болсо түлкү бол" деген макалга кандай карайсыз?
Ийгилик,ден- соолукта болунуз!)
#11855 22 Апрель 2016 - 14:42
USSR (21 Апрель 2016 - 10:55) жазган:

Алхамдулиллах, баары жакшы.
Ноокат гимназиясында окуп, 1998-жылы аяктаганмын.
Калган суроолорду эми бере бер.))
Аа болду анда. Ошо айттым фамиялыңызды окуп анан ошол Талант ака окшойт деп ойлогом,корсо дал өзү экенсиз да))
1.Сиз эмне үчүн окубай калдыңыз жогорку окуу жайда,айтайын дегеним сиздер аябай күчтүү окуучулардан элеңиздерго, район, област,керек болсо республикалык олимпиядаларды жеңип жүрчү элеңиздерго?
Окуу дегенде жанын бергендерди көрөт элем мен сиздерден ошондо?
Биз ошондо 6-класс элек,сиздердин классыңыздардын ар бирин биз кумир да тутуп алат элек кееде,бизда ушундай болобуз деп.
2.Билсеңиз керек тартип өтө күчтүү эле,бир класс жогору окугандарды да сиз деп ака эже дейт элек,ошондой болсо да ар бир линейкада тартип бузуу боюнча эч кимди алдыга чыгарбайт элем мен))
Азыр кееде барып калам мектепке,бирок мурунку окуунун,тартиптин жыты да жыттанбайт, орто мектептен айырмасы жок болуп калган.
Ушунчалык денгеели түшүп кетишине эмне себеп болду деп ойлойсуз,жана өкүнөсүзбү?
3.Ошол классташтар менен чогулуп турасыздарбы?
4.Дин боюнча да маалыматыңыз жакшы экен Кудай Таала раазы болсун.
5.Канча балалуу болдуңуз. Жеңем да намаз окуйбу хиджап кийип оронуп жүрөбү?
Азырынча ушулар дагы келип калышым мүмкүн.
#11856 22 Апрель 2016 - 16:12
USSR (21 Апрель 2016 - 22:40) жазган:
Жакын болчумун философияга. Г.Г.Маркес сымалдарды анча түшүнүп аңдай албасам да окумуш боло берчи элем. Азыр андай эмес. Философиядан баш ооруйт азыр.

"Аш койгонго аш коём, таш койгонго таш коём" деп коюшат го. Ошого таң калгандар да бар бекен э? Өзү негизи идеалында " аш койсо да, таш койсо да аш коём" деген түшүнүк болсо жакшы болоор беле.
Рахмат, сизге да аманчылык, мен да кубанычтамын.
Саламатсызбы) "Эртенки куйруктан бугунку опко" деген коз карашка кандай карайсыз, турмуштук маселелерде? Жана дагы бир кызыктырган суроо - чечкинсиз, тагдырдан бир белги куткон, же бир колунда жок нерсе пайда болуусун куткон, ошол белги же нерсе колуна тийгенден сон кана жашоого аракет кылып, омурун откоргон адамдарга кандай кенеш берер элениз?))) Биринчи суроо менен экинчи бири бирине карама каршы да, анан абройлуу форумчу болгонунуз учун коз карашыныз мумкун кээ бир учурларды тамайлатып берет деген ой менен кайрылып калдым.
Иштеринизге ийгилик.
Fall into my trap :)
#11857 22 Апрель 2016 - 19:03
Цитата
Тааныдынызбы сиз бизди,
Убагында айтыштан,
Коё берчу элениз тизгинди!
Салам айтам агатай,
Жоголдунуз байкалбай.
Эмне кызык эми сизде,
Айтынызчы кана бизге,
Акын айылын таштапсыз,
Устуртон эле байкапсыз! !!
Бирок сиздей доо шаалар,
Кызытчу эле айтышты,
Айтышка кирген адамдар,
Кызыкка батып кайтышчы! !!
Эми сизге айтаарым,
Ага катары бааларым,
Аягында кааларым:
Кайда болсонуз ден соолук,
Жанынызда журчу ак жоолук,
Кулку,бакыт коштосун,
Кырсык сизде болбосун,
Уй булонуздун баарысын,
Кудайым дайым колдосун! -деп урматым менен ининиз!
Интервьюнун жаңыча
Айтыш стилин баштапсың,
Суроо-собол дегенди
Ыр түрүндө таштапсың,
Көптөн бери ырларды
Жазбай жүргөм деги мен,
Айласын таап акыры
Ырдаттың мени Кейжимен!

Бу илгери жаңы келгенде
Убактымдын көбүсү
Суперстанга бөлүнчү,
Анда жашмын,бой кезим
А деп оозду ачканда
Агып бир ырлар төгүлчү,
Сынак да кылып айтыштан
Өзүм да эки ирет катышкам,
Анда сынак боюнча
Жок болчу адам тартышкан,
Кандай болсо ошондой
Туура кабыл алышчу,
Улуулардын алдында
Башты төмөн салышчу,
Ошонун бири азыр жок,
Карачы байкап Кейжимен
Азыркы супер форумду
Бир-бири менен тытышкан,
Шондон саал көөнүм бузулуп
Тизгинди тартып калгамын,
Апалар тема сынак деп
Азыраак жазып баштадым.
Ырахмат иним Кейжимен
Агаң болду ыраазы,
Жакшы тилек айтыпсың
Аллахым болсун ыраазы!
#11858 22 Апрель 2016 - 19:34
Цитата
Саламатчылык Айылдык кыз. Мен дагы кубанычтамын.
Цитата
Таятамдын атасы жамакчы, сөз баккан киши болуптур. Ошол жактан да кичине болсо керек. А негизи сөз байлыкты өстүрүү үчүн адабий чыгармаларды өтө көп окуш керек. Китеп акыл азыгы, тилдин байлыгы. Ошондуктан китепти көп окууну баарына сунуштайт элем. Тил байлыгын эле эмес, акылды өстүрөт, кругозорду кеңейтет, тарбиялайт, кулк-мүнөздү калыптандырат. Окуу, окуу жана окуу деп Ленин безилдеген эмеспи. Бир нерсени билген да ал киши деле. Көрсө, пайгамбарыбызга (сав) эң алгачкы аят " ٱِﻗْﺮَﺃْ" -"оку!" деп түшкөн тура. Демек окуш керек, атеисти да (ленинди угуп

Цитата
Балалыгымда жоош элем. Бирок, жайдын күнү айылда кечке көчөдө өтчү жашоом. Сүрөт тартчу элем, ыр-пыр, аңгеме чиймелеп, ишигылса кичинемде өзүмчө эле бир "толкунда" жашачумун.
Цитата
Албетте, ар бир кыргыз жигитти улак (көкбөрү) деп жооп берсе керек. Болгондо да аламан улак болот го, ошол жагат. А берки командалык көкбөрү анча кызыксыз, анткент ат да аз, адам да аз, анан эрежелери бар. Эмне үчүн жагат? Кыргыздын ойну болгон үчүн, өзүм кыргыз болгонум үчүн.

Цитата
Рахмат , Аллахым баарыбызга тең берсин!
#11859 23 Апрель 2016 - 09:16
Цитата
Эстутууң жакшы экен а. Мен чынын айтсам, силердин фамилияңар эмес, өзүңөрдү да элестете албайм. Экөөбүз ошондо "одношколчан" экенбиз да

Цитата
Окуу дегенде жанын бергендерди көрөт элем мен сиздерден ошондо?
Биз ошондо 6-класс элек,сиздердин классыңыздардын ар бирин биз кумир да тутуп алат элек кееде,бизда ушундай болобуз деп.
Тагдырга жазылганы ушул болду окшойт. Гимназияны бүтүп, ОшМУнун физматына тапшырган элем. Жыл айланбай жашоо шартка байланыштуу окуумду уланта албай калдым. Сырттан окууга которулуп, анан ошол бойдон Ошко кайтпай калдым да, окуум да ошол бойдон калып кетти.
Сабакты аябай окутчу эле. Силер оо начарлап калганда келдиңер. Биз убагында өзүбүздүн "кабминди" кумир тутчубуз, бизден мурункулар бизден да күчтүү окушаар эле. Же ошондой сезилчү беле, кыскасы, ошолордой болобуз деп биз да умтулчубуз. Республикалык олимпиадаларга келип жүрүштү классташтар, бирок мен райондун масштабынан көтөрүлө албадым.)))
Цитата
Азыр кееде барып калам мектепке,бирок мурунку окуунун,тартиптин жыты да жыттанбайт, орто мектептен айырмасы жок болуп калган.
Ушунчалык денгеели түшүп кетишине эмне себеп болду деп ойлойсуз,жана өкүнөсүзбү?
Өкүнөм, аябай өкүнөм. Оо гимназия жаңы ачылганда (анда колледж болчу) олимпиадаларда эч кимге орун бербейт элек, билимкана менен гимназия бар орундарды бөлүштүрүп алчу. Ошол себептен жалпы тизмеден бөлүп, билимкана,лицейлерди өзүнчө жарыштырышат эле)) Айттым го, силер алсыздап калганда келип калдыңар деп. Сегизде окуп жүргөндө онунчу класстын программасын бүтүрүп койгон окуучулар да бар эле. Тартип, адеп-ахлак, этика, алар жөнүндө унчукпай эле коёюн, алар эң жогорку деңгээлде эле го. Эң алгачкы директорубуз Өктөмкан эжекенин тушунда гимназиянын алтын доору болду окшойт. Аны иштен алып тынышты, ана ошондон кийин башталды да деградация. .. Себепти жетекчиликтен эле көрөм мен, Өктөм эжеке коюп кеткен планканы,ошол деңгээлди кармай алышпады. Кыскасы дасыккан адистин ордуна ортозаар адамдар келип калды да...
Цитата
Классташтар чачырап кетишти, Ош,Бишкек, Россия ж.б... Бишкекте экөөбүз барбыз, жолугуп турабыз.
Цитата
Ырахмат, Аллах баарыбызды туура жолго салып, баарыбыздан ыраазы болсун!
Цитата
Кеч үйлөндүм. Кызым бар, үч жаштан өттү. Өзүм намазды баштаганыма жыл айлана элек, жеңең азырынча эки маал эле окуйт намазды. Хижабды азырынча кие элек. Качан өзү жүрөгү менен чечкенде анан кийсин деп жүрөм. Кийдирип коюш колдон келет го, бирок хижаб мен үчүн кийилбейт да

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 23 Апрель 2016 - 09:19
#11860 23 Апрель 2016 - 09:40
Цитата
Иштеринизге ийгилик.
Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы, анткени өпкө колуңузда турат)) Ал эми куйрукка кепилдик жок, ал эртең болот. А эртең куйрук да, өпкө да болбой калышы мүмкүн, ал эле эмес эртеңки күн өзү болбой калышы мүмкүн, анда эмне кылабыз? Ошондуктан, өпкөнүн бар экенине шүгүр кылабыз, эртеңки куйруктан үмүт үзбөйбүз, ага жетиш үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. Кудай бизге акыл, дене, жөндөмдүүлүк, кыскасы бүт баарын берди. Эми ана ошонун баарын колдонобуз (аалымдар айтмакчы, "асбаабды аткарабыз" ), алыбыздын жетишинче аракет кылабыз, бирок жыйынтыкты бир Аллахтан күтөбүз, сабыр кылабыз... анткени баардык нерсе Анын гана колунда... Анан, жыйынтыгында өпкө келеби, куйрук келеби, балким экөө тең жок, балким кабатталып экөө тең болуп калышы мүмкүн, кандай гана жыйынтык болбосун, ЫРААЗЫ болобуз,ошого моюн сунабыз. Мына ошондо гана жашообузга гармония, жүрөккө бейпилдик келет. Эртеңки куйрукту кууп жүрүп күйүгүп калбайлы да, бүгүнкү өпкө боло берет деп чыйт түкүрүп жамбаштап жата бербейли. Аллахым баарыбызга сабыр, күчкубат, топук берсин!