mawa.32 (31 Май 2016 - 20:41) жазган:
1. Озунду канчаалык денгелде акылдуумун деп ойлойсун?
2. Озунду аз суйлогондорун катарына кошосунбу же коп суйлогондордунбу?
3. Сенин билдируулорунду кобунча башка жактардан окуп калам. Эмне максатта суйроп келесен форумга?
4. Университетте акча берип зачёт алган учурун болгонбу?
5. Озунду табигый сулуулардын катарына кошосунбу же боёк аркылуу сулуулангандардын катарынабы?
Салам!
1. Жогорку да, төмөнкү да деңгээлде деп айта албайм. Билгенден биле элегим көп. Бирок ошол менен катар, жаман, жакшыны ажырата албаган акылы тайкы да эмесмин.
2. Көп сүйлөгөн жерде көп сүйлөйм, аз сүйлөш керек болгон жерде аз сүйлөйм. Баары жагдайга жараша.
3. Сиз кирген кыргыз тилдүү сайттардан көзүмө жылуу учураган, "макаланы" бул жака көчүрүп келгем убагында. Бирок ал сайттардагы маалыматтар толук канааттандырбагандыктан дээрлик кирбей калдым, акыркы учурдагы макала түрүндөгү жазган билдирүүлөрүмдүн баары башка тилден которулган. Б.а жөн гана алып келип "илип" койбой, которуп, керектүүсүн гана жазуудамын. Себеби жөпжөнөкөй: өзүм окууган маалыматты башкалар менен да бөлүшүү.
4. Болгон.
5. Азыркы учурда мен курактуу бардык эле жаштарда "табигый" сулуулук бар. Себеби организмибиз жаш, ден-соолугубуз чың. Мындан артык сулуулук барбы? "Бырыштан кантип арылам", "Төрөттөн кийинки такты кантип жок кылам" деген көйгөй бизде жок, б.а "жаштыктын табигый сулуулугу" бизде.. девеле))
Рахмат, келип туруңуз!
