Guliii (23 Январь 2017 - 19:20) жазган:
Кайсы жердин кызы, кайсы жерге келинсиң?
Турмушка эрте чыккан экенсин (көңүлүңө алба э) өкүнбөйсүңбү? Турмушта кандай сыноолордон өттүң?
Кел-келегой)
Албетте болот.
Кара-кулжадан болом ошол жака эле келинмин.
Уулумду 19 жашымда тородум. Ошол убактарда бир ааз окунгондой боло берчумун,досторум ойноп журсо мен мынтип уйдо отуруп калдым деп. Жок азыр окунбойм, куйоого тие элек досторум толтура алар мени коруп суктанышат 2 балалуу болуп калдын бул деле оной иш эмес деп..
Урушсуз уй-було жок болсо керек анда санда уйдо чыр чатак болгон учурда саатты артка кайтаргым келип кетет)) саат артка кайтса башкача болуп кете тургансып))
Турмушта коп эле сыноолордон оттум окшойт. 5класстан баштап иштедим. 17 жашта апамы жоготтум. Апамы жоготконум ото оор сокку болду. 2 жылдай озумо келе албай кыйналып журдум. Ошшо анан майда чуйдо сыноолор толтура аларды жазсам бир том болуп кетчудой..