1. Кенже келин демекчи мен кенже келин эмес учунчуу уулум менен калабыз деп чон ата экообуз кенешип чечим чыгарганбыз.
Азыр аларда Россияда,келинимен эн биринчи эле уйго балдарым келсе оз бир туугандай кабыл алса,кабагын буркоп,мени деле балдарымды деле кыжаалат кылбаса деп умут кылам.Анткени ата эне бар уйго бала чака туугандар келип турат да.Жузу жарык болуп ашын болбосо да кашын жокпу дегендей жадырап жайнап тозуп,кеткенде ошондой узатып койсо деп чон,чон умут кылам.Талапты жаш балдарга койосун ал эми ата сакалы чыгып калганга талап койсон биринчиден жарашпайт,экинчиден туура кабыл албаса кыжыры кана келет...
2. Оба окунгон учурум да болгон.Эгер мен жетим осуп,эчен оксугонумду балдарыма айтып жеткире жургонумдо балам экинчи ирет уйлонбойт беле деп эчен уйкусуз тундорду откоргом.
3.Чон баламды айылга барсам теледен кордук,сыймыктандык, деп кубана кеп кылып калышат.Мен да ичимен кубанып калам...
Учуну баламды балан учун ракмат,ниский паклон деп мактаганда катуу суйундум.Кызымды уй толо адамдардын козунчо кайнатасы мактаганда, кызым учун ракмат айтканда ото суйундум. Айылда эки чегибиз бар эле.Учунчу уулумду кошуна кылып бер деп эки кошуна талашканда да ото суйнгом,жаш болсо да элине жагыптыр деп....
4. Мен балдарды эч качан уруп же катуу айтып тарбиялабагам. ,мен ото баласакмын бирок чон атасы уруп же урушуп атканда ортого тушпогом.Козумон жашым тогулуп кетет эле го,башка болмого кирип кулагымы жаап отура калат элем.Ал киши деле боорукер жан ото эле эзип урбаган,кочугуно шапат берет эле.,эгер ачуусун келтирип койсо.Мен бурчка,туалетке, камап коймойум бар.Болбосо экинчи эч нерсе алып бербейм деп коркутат элем.Негедир урбаган менен менден коркуп турушат эле анткени айткан созуму созсуз аткарат элем.Бала эркелеткенинди да жана капа болуп ага жинин келгенин да сезип оскону жакшы.Бала кичине кезинде эркин болгону жакшы.Эркелетуу бул чалжандап ойуна келгенди кылуу эмес.Эркелет каалаганын алып бер бирок аркасында каттуу тарбия бар экенин сезе оссун.Бала иш кылгандан эч нерсе болбойт кайра акыл сезими осот.Сенин кыйналганынды сезет.Мен балдарды эрте ишке аралаштырып остургом.Айрыкча кызымды бирок уул кыз деп иш болуштурбогом. Эртеден кеч иште болот элем балдарым уй жыйнап кир жууп,тамак кылып бири бирин багышат эле....
5.Ачуумду келтире бербейм.Ото ашыкча капа болуп баратсам колума иш алып чеберчилик кылам,жай болсо суу жээктеп бир аз отуруп сууну карап,агымын карап неге мындай болду деп озуму соттоп кирем да женилдеп кечиримим келип конулум жайланып калам.Мен кобунчо озумду кунолойм,эгер мен адам болгодо ушул иш болмок эмес,демек мен ото жаман иш кылдым.Чынында да ошондой го.Сен адам болсон акмак деле сага карап тузолот да же болбосо сен акмака тенелип озун акмак болдун го деп ошонтип озумду очуром...
6. Жагымсыз соз ар бир адамга жаман сезилиши бул табий го.Бирок ички сезимим менен женем.Эгер ал соз чындык создон келип чыкса тан алам ошону болтурбашка аракет кылам,жалган нерсеге анча жакын албайм бетиме айтпадыбы демек ал ушак.Ушак бул болбогон бекерчинин иши...
7.Дагы жазышынды кутуп калам...
Ракмат кызым.кичинекей чожолорун менен аман бол,алганын менен бактылуу бакубат омур сур кызым..
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 07 Февраль 2017 - 16:07