СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#12441 07 Февраль 2017 - 23:50
Мен да Зуура Соронбаеванын чыгармаларын суйуп окуган жанмын.
Баса мага кызым деп туура эле кайрылгансыз.
(Издейм сенинин статусу эркек окшойт )
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#12442 07 Февраль 2017 - 23:57
#12443 08 Февраль 2017 - 00:26

#12444 08 Февраль 2017 - 01:01
Бактылуу каарылыктын доорун суруп, Неберелериниздин кулкусуно оролуп журобериниз демекчимин))).
Анда менда суроолорумду бере кетсем.
Башынан болбогон турмуш акырына чейин болбойт деген созго коз карашыныз кандай?
Жек коруп калган адамынызга кийн журогунуз жылыды беле, деги эле сиз жактырбаган, мамилениз келишпеген адам барбы жашоонузда?
Кантип сабырдуу болууну уйрондунуз эле, же турмуш озу кондурдубу сабырдуу болгонго?
Балдарынызга капа болуп, таарынган учурунуз болду беле ?
Жогоруда берилип жаткан суроолордун ичинен сизди ойлонтуп, же болбосо сизге кандайдыр бир таасир бергенин айта кетсениз?
Алдын ала чоон рахмат сизе, кооп нерселерди айткым келди бирок, соз байлыгым азыраак эле))) Кызым деп кайрылсаныз менда ото кубанам)))
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#12446 08 Февраль 2017 - 02:02
Сиздердин жаштыгыныздардагы суйуу менен азыркы жаштардын суйуусун айырмасы кандай?
Сиз, биздин чон-атабызды кайдан жолуктуруп, кантип, качан турмушка чуккансыз?
Сиздерда суйушконсуздорбу?
#12447 08 Февраль 2017 - 08:00
DNurgiza (07 Февраль 2017 - 22:54) жазган:
Кутмандуу танын менен кызым!!
Азыркылардын ойу менен жазсам,уй тиричилигин тербетип.балдарына жакшы тарбия берип,кунуго иштен келгенде жолдошун майрамдагыдай тозуу бул жакшы нерсе го ошондо да шартын келишсе.Бирок байдын деле тузу кемиптир демекчи ай тан ай жетиштим тойдум деген пенде аз го.
Озумдун ойум бойунча жазсам куйосунун колуна кол,бутуна бут болуп тен жарыша иштеп,экоо ынтымактуу жашаса ошондон отору жок.Иштеп,эки жака барып эл менен аралаша жургон келиндердин куругозору кенен болот.Жакшыны корот,жаманды корот,жакшысынан сабак алат,жаманын эл жактырбаганын сезип озуно таалим алат.Кеп акчада деле эмес болуш керек.Азыркы жаштар мен жетишерлик таап атам эмнене жетпейт отур уйдо деп колуна беш он сом тапкандар иштетпей койот.Турмуштан деле коруп журом,кинолордон деле кором.Ушунча байлык болгон менен экоонун ортосунда акыры бакыт жок.Экоонун ортосунда аялдын укугу тебеленип акыры жарамсыз кунго айланып сыгылып калгандарды коруп журом.Ото байлык акылдан адаштырып аял бечара эч нерсесиз кочодо калат.Иштейин десе иши жок,колунан эч нерсе келбей ошондо нак азапта калгандар коп...
Дагы бир жагы бар кудай сактасын жесир калгандар кыйналгандарын коп кором.
Ошон учун адам деле кумурска сыйактуу эмгектениш керек.Эмгек эч качан сени жерге урбайт...
Эгер иштесен тын болосун.Балдарыны деле карап,уй ишин деле болуп,куйого деле конул болуп чыйрак кыз болосун....
Сага да уй- булоно бакыт,кичинекей чожолорун сени тегеректеп энелик бакытынды сездирип турсун...
#12448 08 Февраль 2017 - 08:05
Aruukeramazan (07 Февраль 2017 - 23:50) жазган:
Мен да Зуура Соронбаеванын чыгармаларын суйуп окуган жанмын.
Баса мага кызым деп туура эле кайрылгансыз.
(Издейм сенинин статусу эркек окшойт )
-Оба кызым жанылышыпмын, сени окугандан кийин,кайрылып баш жака барсам издейм сени деген балам экен.Арбаныз деген создон жанылышыпмын.
Бул да болсо шакалактап аягына чейин карабаганым го деп уялып калдым...
Ракхмат кызым.
#12449 08 Февраль 2017 - 08:09
Sema04 (07 Февраль 2017 - 23:57) жазган:
Саламатчылык балам.Окубашын да мумкун мен журок сырында,уй-булодо, кыздын сырында,адабият болумундо кобурок болом.
- Оба балам мен жалганчылыкты жиним суйбойт.
Ракмат.
#12450 08 Февраль 2017 - 08:16
Shaa-82 (08 Февраль 2017 - 00:26) жазган:

Ракмат кызым.Аллахым насип кылса,туз,насип буйруп калса Жуздошобуз. Кыргызда эки тоо корушпойт,эки адам корушот деген соз бар го...
Сени корбосом да озумчо Шаа деп жактырган кызымын бирисин...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 08 Февраль 2017 - 08:18
#12451 08 Февраль 2017 - 09:18
mentol (08 Февраль 2017 - 01:01) жазган:
Бактылуу каарылыктын доорун суруп, Неберелериниздин кулкусуно оролуп журобериниз демекчимин))).
Анда менда суроолорумду бере кетсем.
Башынан болбогон турмуш акырына чейин болбойт деген созго коз карашыныз кандай?
Жек коруп калган адамынызга кийн журогунуз жылыды беле, деги эле сиз жактырбаган, мамилениз келишпеген адам барбы жашоонузда?
Кантип сабырдуу болууну уйрондунуз эле, же турмуш озу кондурдубу сабырдуу болгонго?
Балдарынызга капа болуп, таарынган учурунуз болду беле ?
Жогоруда берилип жаткан суроолордун ичинен сизди ойлонтуп, же болбосо сизге кандайдыр бир таасир бергенин айта кетсениз?
Алдын ала чоон рахмат сизе, кооп нерселерди айткым келди бирок, соз байлыгым азыраак эле))) Кызым деп кайрылсаныз менда ото кубанам)))
Саламатчылык кызым!!
Биз неге адамбыз?.Биз адам болуп туулуп,бул турмушка курошуш учун келгенбиз.Оной эч нерсе жок,ошон учун болбогон нерсенин озу жок.Намсытанып ,чыналып,чыйралып ошол болбогон нерсени болтуруш керек.Ошол жердин озуно таштай катып,суудай синишин керек.Киргизгиси келбесе да озун учун,туулган балан учун,сыгылып, тыгылып атып киришин керек,эгер сен чыныгы адам болсон.Анан оздугунду таанытып ошол болтурбагандар кийин атин кылып,сени кимдигинди тан алып,сени жакшылыгынды элге оздору жайган болсун.Ошон учун турмушка туз карап,аркага кылчайып ата эненин уйун карабаш керек...
- Эмне десем экен,жек коргон кундорум болгон бирок байым учун чыдап,тишими тишиме каткам.Эгер озумон куноо кетсе,мынчалык болбос белем дагы билбедим.Кулагыман кирген заар соз журогумо барып муз болуп калган.Кутуу атамын уйуно бейкубар кыз келгем бирок Фрунзеден эрчип келгкен канчык,энен. с деген создорун эч кечире албадым.Чогуу басам бетижок,чогу баспа дейт эле,аркасынан басам укамды эрчибе дейт эле не кылышымы билбей нес боло тушот элем.Тун баламды которуп биринчи босогону атасам астыман чыгып артка кайрылып басып кеткен.,жон кетпей Атам раматылык Акмак колунан баланы ал,биздин тукум,деп калчылдап озу астанадан тушо албай акеми урушуп мага жалынып жаман болгон.Буга окшогон баланы ит да туйт дегенде колуман бала тушуп кете жаздаган.Кийинчерек баламы колуна алып эркелетип калганда бул итин баласы го дегим келчу бирок улуулугун сыйлап дилимдеги тилиме чыкпай сумсайып отуруп калат элем.Жылдар отуп бул кишинин башына оор иш тушту ошондо келининдей эмес карындашындай мамиле кылдым.Милдет кылбайм Аллахым озу раазы болун.Турмуш деген озу кызык,жылдар отсо да менин башыма салган кунду,бут кайрып озу корду бул да таба эмес тобо дейин.Карыганда кол кармашып,жаштардай эрчишип,элге кулку болду.Эчен биз эрчишсек сокчу элениз го карыганда сизге не болду аке дегим келчу бирок бети жоктук кыла албадым...
Бул кишини эч кечире албадым бирок козу откончо сый урматын жайына койдум.Конулун эч орутпадым десем болот.бирок кечире деле албадым.Ичимен сыздап кетет элем бирок айла жок байымдын жакшы коргон бир боору эле да...
- Жок десем болот.Мен айтышып же ушак кууп корбогом.Уруштан оло корком.Эгер мага пейли туура келбесе жон кана четеп кетем бирок корушкондо жон жай учурашып журо берем...
Бир окуяны айтпасам болбойт.Бир уй було бизге кочуп келди.Жаш кезибизде тентуш болуп бирок алысырак жашап алыстап кеткенбиз.Кийин бир домдо жашап калдык .Биздин жоролорго кошулуп тентуш болуп калдык.Анын кежеси,менин кенжем экоо тен болуп эко мушташат да.Меники ото шок анын баласын уруп койот.Шок болгон учун меники айтсак деле болбой жинине тийсе уруп салат.Озум ооруп тошокто жатым эле.Курбум эшикти тээп уйго кирип келип,кыйкырып атат,каргап атат ох андай созду эч качан укпагам.Эсим ооп отурам анан чарчадыбы билбейм чыгып кетти.
Кийин кулуп эй досум мени жаман олтурдун го.Сен айтышып кетсен сени уруп,сага кошуп баланды ургум келип энирендеп барсам.Он алатан кетип,озуна соз кирбей жалдырап туруп бербединби. Кийин эсиме келип уйунон чыга качтым,уят,уят деп уйумдо жаман болдум,аяшын да ошону кормоксун.тилсиз сени жыга чааптыр да деп шылдындады дегени бар...
Бул менин апаман калган белеги болсо керек.Апам ото сабырлуу адам болгон...
- А кызыма турмуш болгондон кийин баары болот да.Бирок таарынган менен кечире да билем.Эне эч качан баласына таарына албайт,анткени баласы да...
- Бул жообуна акырында айта кетейин...
Ракмат кызым бар бол,аман бол,бактылуу бол....
#12452 08 Февраль 2017 - 09:22
#12453 08 Февраль 2017 - 09:36
UEFA-FIFA (08 Февраль 2017 - 02:02) жазган:
Сиздердин жаштыгыныздардагы суйуу менен азыркы жаштардын суйуусун айырмасы кандай?
Сиз, биздин чон-атабызды кайдан жолуктуруп, кантип, качан турмушка чуккансыз?
Сиздерда суйушконсуздорбу?
Жакшымын балам,жакшымын. ..
Айтып берсем биздин жаштык жомоктогудай. Балдар менен эрчишип журмок турсун,жазган катты эжей,агайлардын колуна тушсо,кыздардын чогулушуна тушуп,ортодо бети куйуп жер карап,жашыктары ыйлап куноолу болот эле.Мен 8- классыман кыздар советинин прсидатели болдум буга окшогонду коп кордум...
Ал учурда суйом,куйом жок эле жигитер жакшы корсо коз карашынан билгизет эле.,анан кат жазышат эле.Инилерибиз почтолон болот эле эки жактан эптеп конфет жеп жыргашат эле.Айыбынды айтам баланчанын баласынан кат алгансын деп оло коркутушат эле да...
Киного чыкырса,концертке чыкырса эн кеми 5-6 кызды шагыратып эрчитип алат элек да ошо замандын балдарына ракмат...
Кыздарга келгенде кычырап кийинип,шымдын кыры бычак биякта калсын.туфлиси жалтырайт.,тиштери аппак,чачтары тегиз болуп,жасанып келишет эле да...
Бишкекте жолугуп,эч кимге айтпай Ошко качып келе бергенбиз...
-А балама сезим болбосо,качып келмек белек.Чон атан азыр деле сыйлап,кадырлап турат...
#12454 08 Февраль 2017 - 10:34
#12455 08 Февраль 2017 - 10:42
#12456 08 Февраль 2017 - 11:12
Кааларым ден соолукта жүрүңүз.
Кайталангыс шаңга толсун үйүңүз.
Үй-бүлөңүздүн маңдайында жаркырап.
Узак-узак бактылуу өмүр сүрүңүз!! !
#12457 08 Февраль 2017 - 13:25
Озунду жалан кана жакшылыктар коштоп журсун.Бар бол,аман бол,бактылуу бол!
#12458 08 Февраль 2017 - 20:14
#12459 08 Февраль 2017 - 20:40
]Кайра келип калдым)
Ушу "кызым,балам " деген сөздөрүңүз аябай жагат да). "Чоң-апа,чоң- ата,тайэне,таята" дегенди билбей өскөнгөбүү, ушу сөздөрүңүзгө эрээкеп кеттим))).
1 Чоң атабыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
2. Чоң атабыздын катуу ачуусу келгенде,эмне кыласыз?
3. "Келин оорубасын "-дегенге кандай карайсыз?
4.Сизден кичине адам,сизге бир кеңеш же (акыл) айтып калса кандай кабыл аласыз (реакцияңыз) кандай?
4."Кайнененин камырынан " дейт эмеспи,апаңыздан эмне алып калдыңыз же окшоштугуңуз?
Кызыктай суроо болуп калды окшойт а)
Даагы келем буйруса)
кидают камень, отвечайте плодами»
#12460 08 Февраль 2017 - 20:52
ShaKe11 (08 Февраль 2017 - 20:14) жазган:
Ракмат !!
Эми карылык ракат эмес деп орус калкы айтмакчы,карылык чындап ракат эмес да бир куну оору,бир кун соо демекчи жашоо болуп атат...Озунун да ишине ийгилик каалап кетем...