Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 623
  • 624
  • 625
  • 626
  • 627
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#12481 Пользователь офлайн   fea1990   09 Февраль 2017 - 15:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 709
  • Катталган: 12 Февраль 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2020 17:19
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсызбы Рая апа аман журосузбу? Башынан баштап окуп келдим сиздин жашоонузду апамдын жашоосуна аябай окшоштуктарды кордум. Апакемда сизге окшоп мага кайнелик кылбады озу коп кордук коргон учун. Озум кичик келинмин апакемди конулун алганга аракет кылам анан кайн атам отуп кеткенден бери мунозу да башкача болгондой .Анан кичик келиндин милдеттерин айта кетсениз. Жазгандарыныздан озумо чон сабак алгандай болдум.Рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12482 Пользователь офлайн   mega777   09 Февраль 2017 - 15:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Арбаңыз Рая ЭЖЕ!Интервьюга келип бергениңиз үчүн раазычылык!
Ар бир жообуңуз өзүнчө чакан баян.Жөнөкөй тил менен көрк берип жазганыңызга баа берип,купулума толтуруп берилүү менен окуп чыктым.Чынында жазгандарыңызды чогултуп чыкса автобиографиялык чакан,өтө кызыктуу,тарбиялык мааниси зор китепче болгудай.Башыңыздан өткөн кыйын күндөргө кошо аралашып,кошо кайгырып,кошо жек көрүп,кээде күлүп бирок ушул күндү жеңип азыркы бакубат турмушка жетишиңизди билип,таянып окуган кызыктуу экен.
Бир эле мен эмес окугандын көпчүлүгү сабырыңызга баа берип отурган чыгаар.

Сабыр демекчи мендеги ушул сапатты кээде "мерез" деп калышаар эле.Себеби окуяны сыртка чыгарбаганым менен ич ара эле чара көрүп,бүткөрчү жумушту бүткөрүп коймойум бар.Сиздин сабырыңызды тескери айландырып, кайра Сизге каршы колдонгондо кандай жол туттуңуз эле.

Баланын кичине ийгилиги да ата-эненин кубанычы экен.Биз дагы мектептен мактоо укканда башыбыз көккө жете сыймыктанып калабыз.Балдарыңыздын ийгили ата-эненин тарбиясынанбы, же дээриненби. Кээде жакшы атанын баласы деле начар чыгып калат эмеспи.

Адамдын мүнөзү аркалаган кесибине карап ооп кетиши мүмкүн деп ойлойсузбу. Агаларым менен тагамды көрүп "Бул дагы ушундай мерез болуп калат" деп атам инимдин органга кызыкканына жол койбой койгон болчу.Азырга чейин ушул иним көп ойлондурат. Башка окуу жайын бүтсө да жакпайт деп иштебей такыр эле башка,бизди кооптондурган нерселерге аралашып кетти.Чон атам экөөңүздөр балдардын кызыкчылыгын, нугун буруп көрдүңүздөр беле.

Шартка байланыштуу улуубуздү чоң энебиз 2жыл багып,3 жашка чыгарып берди.Бизди бир аз жатыркап жүрдү,кийин аралашып кетти.Бул көрүнүш биз эле эмес турмуш-шартка байланыштуу көпчүлүк жаштарда болсо керек.Ушундай эки аран чонойгон балдардын мүнөзү кийин кандай болоор экен.

Интервьюңузга ийгилик!Сиздин ар бир алкаган сөзүңүз мен үчүн кымбат жана сыймык!Бар болуңуз!(убакыт таап дагы баш багып кетем)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12483 Пользователь офлайн   Nurmuhammad-1   09 Февраль 2017 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 881
  • Катталган: 08 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Май 2017 23:19
  • Жынысы:Эркек

Саламатсызбы Рая эже!

Кандайсыз ден соолугуңуз жакшыбы?

Айтсаңыз азыркы кезде ажырашуу өтө көп болуп жатат,ошонун себеби эмнеде?

Жүрөк сырындагы темаларды сизда көп окуйсуз байкашымча, мен да кээ бирлерин окуп каламын,калп айтпасам 90 пайыз кыз келиндер эркектерди айыпташат.
Сиз буга кандай карайсыз сиздин оюңуз?

Деги эле үй бүлөөнү сактап калууда аялдын салымы канчалык дейсиз?

Менин билишимче мурдагы аялдар күчтүү болгон экен,канча кыйынчылык көрсө да,далай ачкачылыкты баштан өткөрсө да, деги эле жашоонун ар түрдүү соккуларына чыдап жашап келишкен экен,үйдөгү проблеманы эч кимге айтпай.
Азыркылар эмнеге андай эмес?
Же азыркылар да ошондой күчтүү аялдарбы ушуга да сиздин көз карашыңыз кандай?

Азырынча ушулар.Калганын жоопторго карап келеминго буйруса.Ар дайым ден соолукта болуңуз,бар болуңуз, эч оорубаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12484 Пользователь офлайн   kaidasyn   09 Февраль 2017 - 21:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Саламатсызбы?

"Ассолом алейкум" деп саламдашкан менен,"саламатсызбы" деп саламдашкан терминди тушундуруп бере аласызбы?
Мусулман Кыргыз элине кайсы бири туура келет деп ойлойсуз?

Озунузду Кыргыз мусулман эсептейсизби же Мусулман Кыргызмын деппи?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12485 Пользователь офлайн   raia   09 Февраль 2017 - 22:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения fea1990 (09 Февраль 2017 - 15:09) жазган:

Саламатсызбы Рая апа аман журосузбу? Башынан баштап окуп келдим сиздин жашоонузду апамдын жашоосуна аябай окшоштуктарды кордум. Апакемда сизге окшоп мага кайнелик кылбады озу коп кордук коргон учун. Озум кичик келинмин апакемди конулун алганга аракет кылам анан кайн атам отуп кеткенден бери мунозу да башкача болгондой .Анан кичик келиндин милдеттерин айта кетсениз. Жазгандарыныздан озумо чон сабак алгандай болдум.Рахмат.


Саламатчылык кызым!!
Эми кичуу келиндин кичуу болушу озу кыйын.Кичи ке линден эне биринчиден балдары уйго келгенде озу кандай тозсо,келин да жаркылдап ,жайнап тозуп алып,жаркылдап узатып койсо.Эмгек кылып чогултуп балдарыма деген биртике дунуйосун ондурбай,тоздурбай урунса да озу да уйум жайым деп кошумчаласа. Эртеден туруп саламдашып, астына тошогун салып,ысык чайын берип,энекелеп турса,неберелерин бар эненерге деп туртуп турса энеге мындан башка не керек....
Эми байы да каза болсо жангыздап калганы ошо.Жангыздатпай жанына болуп тур.Карган киши колунан иш келбесе,созу эч кимге отпосо тез эле упрап кетет.Силерге эненер керек экенин сезип тургандай болсун.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12486 Пользователь офлайн   izdeim.seni   09 Февраль 2017 - 23:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 07 Янв 2018 14:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Тынч токой

Жогортон карасам баары эле асалам алейкум деген созго коп токтолуптур. Ассалом алейкум деп аялдардын учурашканы одоно корунуш эмеспи. Эркектер ассалом алейкум десе жарашатта.
Анан да нукура кыргыз тилинин учурашуусу Арыбаныз жооп катары бар болунуз деген да Саламатсызбы дегени бул коомчулукта колдонулуп калган да .


Кечиресиздер. Интерьвьюга жазып жибергендигим учун акыркы убактарда мени да ушул нерсе ойлондуруп жаткан . Мектепте эжекелериме арыбаныз десем ии рахмат деп коюшат. Эжекелерге бар бол деп жооп бербейсиздерби десем беттен алдыго сен келип бизге уйротпо деп. Негизи кыргыздар Арыбаныз деп учурашканы жагат.
Арыба-чарчаба деген мааниде да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12487 Пользователь офлайн   raia   10 Февраль 2017 - 00:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бар бол,Мега кызым!!
Мен сыйлаган кыздарымын бири,жазгандарыны издеп окуп калам.
Ракмат кызым...
Чын,ундобосон да кайяша бербесен да кээде жанынан тойгузат.Адам баласы темирден эмес да акыры кандайдыр бир сезим ашып ташып чегинен чыкан кундор да болгон.Атабыз козу отордон бир кун мурун уйго кирсем бирдеме деди мен тушуно албадым.Азыр эстесем уялам.Отурам деп атат окшойт деп.Аркаларын бийик кылып,эки колтугунан тартып которуп отургуздум бирок кундогудой эмес оорлошуп калыптыр.Мен эси жок тошогун тебелеп тартып,ондоп эле журо берчуу экем.Намаз окуган пакиза адамдын тошогун басчуу экем.Кийин апам кантип бастын кайнатанын жаткан жерин деп урушса анан билип журом.Жок бир аз отургандан кийин дагы бирдеме деди.Чуркап чон атама айттым.Экобуз келдик,чон атам деле тушунбоду.Экобуздун тушунбогонуно капа болдубу а та лаа деп созуп кыйырып жиберди.Мен чуркап чыгып шашылганыман газга таяр курулган ундан бышырып келдим.Мен эки уртамдан суутуп атам,чон атам атама ичирип атат.Озу бошосо эле ашатып согуп атат,соктуро койбой кашык менен уртатып атат. Э наалаты кафыр газга жасайт,очоко кыл байсынбы деп атат.Мен ичимен газга жасаганымды кантип коруп алышты экен деп ойлонуп койом.Акыры атам тойду.Мен терезенин тубуно эле тизелеп отуруп ойлонуп отурам.Биринчи жолу капа болбодум.Имен акмак болбосом аталаны эртерек бербей белем.Иши менен деле курусунчу.Иш бутот эле го.Курсактары ачып кетиптир да деп окунуу менен ойлонуп отурдум.Чон ата деле эмнени ойлоду билбейм.Учобуз унчугушпай отурдук .Бешикте тунгучум уктап аткан 8-9 айлык болсо керек.Бир убакта атамын уну чыкты.Балам мен тиги баландай элемин,нан жебесем,курсагым ачып кетет.деп дагы унчукпай калды.Каап ишке алаксып кетиптирмин да деп окунуу менен ойлонуп отурам.Чыны туйшук коп эле.5 уй саайт элем,сут тартып,нан жасап,эшик эликтин иши.чондон алтыбыз,кичинеден алтыбыз.,ичкен жеген,иши кылып копчулук элек.
-Балам,энен жакшы аял экен,саа тарбияны жакшы бериптир.Эчен тилим тийди балам каяша бербедин соогум раазы.деп коп создорду айтып баласына.карап.
Эгер бузукулардын тилине кирип,келинимден ажырасан наамартсын. Колунан чыгарба.Экооно асылгандар оной менен жашатпайт экоон алыс кетип ,озунорчо жашагыла деп дагы коп создорду айтып мага узаак батасын берди.Эртеси каза болуп калышты.Экообуз чындап эч кимге айтпай качып Ошко келдик.Бир жылча таба алышпады,экообуз тынч жашадык.Дагы баягы баягысы башталды,жылдар отуп балам 4 ко чыкты,Чыдамым кетип бараты.Катту жанжал салды,тил кайтарбайын дедим эшике чыгып,жинди немедей басып журдум.Коп ойлондум.Акыры ажырашып укасын бошотойун деген чечимге келдим.Келгенде да каттуу чечимге келдим.Тунку саат 12 ишке барышым керек.Уйго кирдим,чон ата издеп чыгып кеткен экен.Киришиме дагы башталды.Мен унуму акырын чыгарып.
-Аке сиздин созунузду мен угуп эле журом,сиз да менин созумду угунуз.Мен чарчадым,мага да тынч жашоо керек.Мен сизди эмне кечирип,келсениз тошогумду астынызга салып,бар тамагымды койуп берем,неге ?
Мен сизге эмнеге каяша бербейм билесизби?Жок билбейсиз,мени сиз мал катары коросуз.Билсениз мен мунабу баламын авасы болгондо да жангыз авасы деп кечирип келем,ушул балам ата журтунан ажырап калбасын деп кана чыдап келем.Сиз дайыма айткандай кет десениз да кетпейм.Мен бул уйду иштеп окмоттон алгам,айылдагы уй сиздерге.Ушул уйдо тургандын баарын каласаныз эртеге жуктоп кетин мага дунуйо керек эмес бир кана жангыз уулум калсын.Уканызды кошо алып кете бериниздер. Эми мен уканыз менен жашабайм,мени жайыма койунуз.Мен торкунумо да кетпейм мен баламдын жеринде жашайм. десем акем тан калганча кала берди.Чон атам созумун ортосунда келип,бирок унчуга албады.Мен ишке кеттим.Экоо калышты.Эртен менен чон атам астыман тозуп акем сени кутуп атат,сенден кечирим сурайт экен деди.Мен унчукпадым бирок чогуу иштеген кызга уйумо чогуу барчы сураныч деп эрчитип алдым.Негедир озумон кыйла эле улуу кишинин менден кечирим сураганын каалабадым. Сыр бербей жумуртка кууруп чай бердим,кыйла кылчактады бирок бегана кыздын козунчо соз айталбады.Ушинтип мага асылганын койдургам.Оздорундой кыйкырбадым болгону жай эле айтым бирок чындыгында алып кетсе деле кайгырбасам керек эле.,ошол даражага жеттим эле.
Баланын тарбиясы ата -энеге деле,кошо жургон чойросуно деле таандык болот.Кыргызда макал бар го арасынан бир сасыткысы болот деген.Кээде 10 баланын ичинен бири сасыткы чыгып калды деген созду угуп калам демек бул соз бекеринен чыкпаса керек.
Дегеле баланы озу каалабаган кесипке окутуп болбойт экен.Кызым медфак деген ал учурда бизде ага окутушка шартыбыз жок эле.Озу каалабаган учун биз окутканды бутуп,кайрадан башка спеске окуду бири бирине байланышы жок.Ушу тапта эки диплом сандыкта...
Демек озунун ойун бербеген баланы буруп деле алалбайсын бир кана озуно ынсап берсин..
Али балан жаш силерге эле конуп кетет.Чон неберемди болунгондо кошо бергем 7 жаш эле.Азыр кадимкидей оз апасын апа ордунда,мени чон эне ордунда.корот. ...
-оба азыр баардык эле элде ушу койгой го...
Саламата бол Мега кызым,дагы эле кутуп калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12488 Пользователь офлайн   raia   10 Февраль 2017 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения Nurmuhammad-1 (09 Февраль 2017 - 19:42) жазган:

Саламатсызбы Рая эже!

Кандайсыз ден соолугуңуз жакшыбы?

Айтсаңыз азыркы кезде ажырашуу өтө көп болуп жатат,ошонун себеби эмнеде?

Жүрөк сырындагы темаларды сизда көп окуйсуз байкашымча, мен да кээ бирлерин окуп каламын,калп айтпасам 90 пайыз кыз келиндер эркектерди айыпташат.
Сиз буга кандай карайсыз сиздин оюңуз?

Деги эле үй бүлөөнү сактап калууда аялдын салымы канчалык дейсиз?

Менин билишимче мурдагы аялдар күчтүү болгон экен,канча кыйынчылык көрсө да,далай ачкачылыкты баштан өткөрсө да, деги эле жашоонун ар түрдүү соккуларына чыдап жашап келишкен экен,үйдөгү проблеманы эч кимге айтпай.
Азыркылар эмнеге андай эмес?
Же азыркылар да ошондой күчтүү аялдарбы ушуга да сиздин көз карашыңыз кандай?

Азырынча ушулар.Калганын жоопторго карап келеминго буйруса.Ар дайым ден соолукта болуңуз,бар болуңуз, эч оорубаңыз!
.Саламатчылык балам!!

Мен сыйлаган балдарымдын бирисин ракмат балам...
Азыр ажырашуунун себептери ото эле коп.Бири куйом дейт бири аялым дейт кээде куда соок келише албай калды дешет.Эн негизгиси эле эки жаштын оздорундо куноо.Анан ата энелеринде кичине кыйынчылык болсо ичиме баткан бала,тышыма батпайбы келе бер дегендер да кобурок болуп атат.Чыда кызым ,турмуш сага ойунчук эмес,баланын убалынан корк,жетим кыла корбо деш жок.Ажыратып алып баланды мен карап берем,эртерек куйого тий же эл барган жерге барып иште.Кыздын тагдырын ,небересинин бактысын ойло азыраак.Кече эле куйодон ажырашып келген кыз жана бироону жыргатабы же озу жыргайбы.Алыс жургон жаш келин,кимдер менен журот,ким менен жашайт,кандай иште иштейт ал жонундо ой жок ата энелер бар.Баласын ажыраткан ата эне эмне кыз жокпу,чекеден чертип кыз алып берем,кэче эле бир кызды бактысыз кылып койду ал да биоонун баласы убал го деген эч ким жок.Илгеркидей намыс,уят,эл укса эмне дейт деген жок ошон учун ажырашуу коп болсо керек.
Кечиресиздер кеч болуп кетти уландысын эртеге жазайын...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12489 Пользователь офлайн   Sagyn.91   10 Февраль 2017 - 00:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Рая эже саламатсызбы? :). Мен да суроо бере кетеин.

* Тундуктон Туштук жергесине, тактап айтканда Ошко кантип келин болгонунузду дагы бир жолу эстеп отсонуз)) Жолдошунуз мн кантип таанышып калдыныз эле?.

* Ата-эненин милдети балдарга жакшы тарбия берип, аларды окутуп, уйлоп жайлоо эмесби, Ар бир уул-кызыныздын кесиптери тууралуу жаза кетсениз, кайсы жерде ким болуп иштейт дегендей.?

Чынын айтсам, форумчулардын ар бир суроосуна жооп жазганынызды кызыгуу мн окуп чыктым.
Балдарыныздын бактысына дайыма бар болунуз. Аллаhым омурунузду узаак кылып, ден соолук берсин.
Рахмат:).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12490 Пользователь офлайн   raia   10 Февраль 2017 - 20:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

-Оба " Журок сырында" коп кирем,кээде кенеш да берип калам.Бир адам тагыдырын айтса карап турсан окула элек китеп сыйактуу.Анда он образ да тескери образда бар.Кобунчо кыздар жазган учун да жигитерге кобуроок сын айтылып калып атат го...Менин ойумча кыздарды кан какшаткан жигитер да бар.Ойлонуп корсон келип келип эле кайдыгерлик, текеберчилик, аял кишини сыйлабагандык, кэде омурлук жары эмес,кулдай коргондор жолугат.
Ал эми кыздарга саресеп салсан куйого тийгенден баштап куду озунун мечиги, болбосо пултовой роботтой корушот.Алардын ойуу бойунча эшике чыкты олду ал соо эмес.Ишке барып дудук болуп же сокур болуп туптуз уйго келиш керек.Кечикти олду сурак башталат.Телефон менен ызылдатып текшермей,кайда журдун эмне кылдын уйдо отуруп очет алмай.Уйго келсе быж быж кулагын жемей,чукулап телефонун текшермей мына ушунун баары жаш уй булону акыры бузуп тынат.Эркек адам эркин журуш керек.Акыры томого салган куш эмес го.Анын да бирге иштешкен таныш эже карындаштары бар.10 жыл бирге окуп бир туугандай классташтары бар.Жолугуп калат,суйлошуп калышы мумкун,достору бар чогулуп ары бери бири бирин сыйлашат.Эгер бири бирине тушунуп,ишенип жашаса чыр аз болмок да журоктор жаралуу болмок эмес.
Эркекпи,аялбы тугойун озундой ойлош керек абийирин озу корунгон жерге чачып журбойт го демек жан биргеси да андай ишке барбайт деп ишеним менен жашаса экооно тен жакшы болмок...
Дагы бир нерсе жаш алган келинчеги козуно айдай корунот,катасын корбойт анткени суйуунун козу жок делет го.Жыл отот,жаштык да артка кала баштайт.40 ка чыканча жигитин акылы толук толот,бардык нерсеге козу жете баштайт.Караса ата энеси карып баратат ончулукту сый корсото албай келет,ким куноолу?
Бир туугандадын катоосу жок алыстап кеткен.Караса уйдо чон кобра пайда болгонун озу да билбей калган.Кулак тынчыбайт быды быды кун тун айласыз эшике чыгат же арак менен дос болот.Болбосо ар кимге арманын айтып уйдогу сууктан,башка аялдан жылылуук издей баштайт.да акылдуу айлекер бир аялга туш болот.Буга ким куноолу?
Эко тен кунолу дегим келет.Анан эконун журогу эле эмес шорун каткан балдарынын журогу кошо ооруйт...
Бул жорук бардык уй- булодо дегим келбей бирок кобуроок...
Эми уй-булону сактап калуу эки тараптан болгону жакшы.Бирок ушундай учур болуп калат бечара аял балам жетим калбасын деп корбогон кордукту коргон аялдарыбыз да бар.Чыдап,чыдап куду жвачкадай созулуп бирок узуло албай,болоттой ийлип сына албай... Тан бересин чыдамдуулугуна. Илгеркилер бекер айтпаса керек аял ит жандуу деп...Мунун эле башка варянты болуп калат охо аял арстан,эрекек байкуш кул,атаэнеси менен кошо бир туугандары бир макоо,эч нерсени билишпейт мал,эринин достору бир айбан бирок оз торкундоруно эч ким жетпейт.озу болсо дуйного бир келген асыл зат,суйлосо тили тизесине жетип калат.Анан ындай аял кантип коломтосун сактап калат.Ошон учун бир жакшыга бир жаман делсе керек...
Бирок ушундай келиндерибиз бар кайненени колго алган,кайын журту сыйлап алган,омурлук жарды куштап алган,кирсен уйу таза,жесен тамагы даамдуу, балдары багылуу,жаркылдаган мунозун айт,берекенин баары ушу келинде раазы болуп кетесин.Демек алган жары жарашса,уйу тынч,ата энеси кадырлуу карылыкта жашап аткан,бир туугандары ата энесинин торундо жыргап отурса,достору келсе сый устундо болсо,балдары бактылуу торундо ойноп атса,алган жары жаркылдап узатып,жаркылдап тозуп турса кайдан уруш чыкмак да кайдан ажырашуу болмок.Эгер ушундай асыл зат аялдын кадырын билбесе ал эркек наамарт...
Илгерки энелерибизди кеп кылсак жомок...
Ал эми азыркыларда деле жакшы келиндер бар бирок сасыткысы да коп.
Мен ойлойм тарбиядан анан ата энеден го деп.Азыр былк этсе эле телефондон датанмай.Энеси болушчаактын баласы ыйлаак демекчи.Жок кызым,намыс, уят,турмуш деген ойунчук эмес,чыдап жашасан балан жетим калбайт,баландын убалы бар,сага жаман болгон менен атасы балана жакшы.
деген создор жок.Биз энелер кыздарыбызды турмушка пайымы жок,боору жок таш боор,адамкерчилиги жок бир кукла чонойтуп тарбиялап атат окшойбуз.Чыдамсыз, жалакай кылып турмушка он жол корсотуп бере албай жаткандайбыз. Бирок баары эле эмес...
Ракмат балам.Аман бол,бар бол...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12491 Пользователь офлайн   aijan   10 Февраль 2017 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Жоопторунуз учун ыраазычылык, Рая эже. Тамшанып гана окуп жатам. Сизге жана чон атабызга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайм, эже. Уулдун урматын, кыз- келиндин кызматын коруп узак жашаныз. Эл аман, эл ичинде сиздей жакшы адамдар коп болсун.
Билдируулорунуздун артында жаткан турмуштук мол тажрыйба бизди экран артында отургузуп коюп жумшак тарбиялаганын тана албайм. Сабырдуулугунузга тан берем, чексиз, мол бир койколгон колдой да сабырыныз. Ушул жактан сизге карап туздонууго копчулугубуз эле аракеттенсек керек.
Мурда апам алыста экенде сизди окусам апам козумо тартылчу, азыр болсо айылымдын кайталангыс озгочо эпкини келет. "Кыргыздын кыз- келиндери мындай болгон, биз уюткулуу улутпуз" деген сымал сезим пайда болот.

Сизге дурустап суроо суйроп келе албадым, бирок дагы да акыл-насааттарыныз менен болушо беруунузду умут кылам. Сизге озгочо таасир эткен, биз менен болушкунуз келген создор, окуялар менен болушо кетсениз, из кууп окумакмын.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12492 Пользователь офлайн   raia   10 Февраль 2017 - 22:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Саламатсынбы кызым Айжана!!
Сени куттум эле,ото кутум эле бирок суроо бербегенин чатак болуптур.Бугун комп талаш,эч убакыт болбоду...
Эртеге жооп жазам деп умут кылып турайын,Алла насип кылса...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12493 Пользователь офлайн   Monchoshka   10 Февраль 2017 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Дагы келип калдым..
Жоопторуңузду окуп отуруп, суроолор пайда болуп калды. (:

Айтыңчы, ата эненин ыраазычылыгын кантип алса болот? Кантип аларга жакшылык кылуу керек?
Өмүрлүк жолдошту тандоодо эң биринчи эмнесине көңүл буруу керек?
Чеберчилик демекчи.. Сиз канча жашыңызда үйрөнүп баштагансыз тиккенди?

Жоопторуңузга алдын ала рахмат !! Аллахым сизге эки дүйнө жакшылыгын, бакытын тартууласын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12494 Пользователь офлайн   Aruukeramazan   11 Февраль 2017 - 03:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 186
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 14:47
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол

Арыбаныз. Кайрадан келип калдым.
Чеберчилик деп калбадынызбы, канткенде бул онорду азыркы муунга кенен жайылта алабыз. Илгери муундан муунга отуп, ар бир эне кызына уйротууго парз эле. Баланчанын кызы мыкты ууз экен, кыйын саймачы экен деп калышчу эле. Азыр анын баары унутта калып бараткандай. Кейиткени кийинки урпактарга биз эмнени калтырабыз?
Бир мисал келтире кетейин:
Чон энем кейип калат, жаштыка салып, кайненем жасаган шакар самынды уйронуп калбаптырмын. Жуусан кирин бат кетет, денеге бирдеме чыкса бир жуунгандан кийин айыкчу деп. Ушул мисалдын сынарындай, канчалаган нерселерди жаштыкка салып, колдон учуруп ийип атабыз аттин.
Дагы бир мисал:
Мен бала кезде энем келиндерин чакыртып кийиз жасаганы эсимде. Жунду боеп, бышырып, тепкилеп жумушу машакаттуу болгону менен, бизге шаан шокот эле. Ары откон, бери откон киши кыя отпой, созсуз кармашып кетээр эле.
Кышында болсо кунубуз жун тытмай, шырдак шырымай менен отчу эле. Азыр болсо анын бири жок. Энем карылыкка моюн сунуп, аркасынан улап кеткен киши болбоду. Анын устуно улуу келиндери шаарда жашашып, колдо калган келини кийин келип, кийиз жасоо процессин корбой калды. Дагы да энем кийиз жасабаганы менен, тошок жууркан каптай салып журот
Бир жолу энеме собол узаттым. Мурдагыдай кийиз жасабай калабызбы десем, азыр баары даяр чыкпадыбы, анын устуно кийизди азыркылар баалап барктабай калбадыбы деген жообун уктум.
Биздин жан дуйнобузго жакын табигый буюмдарыбызды, кытайдан чыккан буюмдарга алмаштырып жатканыбыз мени озгочо ойлондурат.
Барган жерим деле чеберчилик менен алектенбеген жер экен.
Озум чеберчиликке кызыкканым менен туртку болгон киши жок.
Канткенде уузчулукту, чеберчиликти: колдолон жасоо, сайма сайуу, курак куроо, ала кийиз, туш кийиз, шырдак жасоо дегенди кайрадан жандандыра алабыз.
Айтмакчы бул онорлор кээ бир жерлерде дагы да уланып жасалып келетканы кубандырат албетте, бирок ал 30 пайызын гана тузот болуш керек.
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12495 Пользователь офлайн   raia   11 Февраль 2017 - 09:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения Sagyn.91 (10 Февраль 2017 - 00:49) жазган:

Рая эже саламатсызбы? :). Мен да суроо бере кетеин.

* Тундуктон Туштук жергесине, тактап айтканда Ошко кантип келин болгонунузду дагы бир жолу эстеп отсонуз)) Жолдошунуз мн кантип таанышып калдыныз эле?.

* Ата-эненин милдети балдарга жакшы тарбия берип, аларды окутуп, уйлоп жайлоо эмесби, Ар бир уул-кызыныздын кесиптери тууралуу жаза кетсениз, кайсы жерде ким болуп иштейт дегендей.?

Чынын айтсам, форумчулардын ар бир суроосуна жооп жазганынызды кызыгуу мн окуп чыктым.
Балдарыныздын бактысына дайыма бар болунуз. Аллаhым омурунузду узаак кылып, ден соолук берсин.
Рахмат:).


Саламатчылык балам!!
Суротун менен атынды коргон сайын,сагынып журуп жеткен баласы окшойт,айнанайын омурлуу болсун деп ойлонуп кетем...
Туштук жепгесине келин болгонумдагы кээ бир кулку келе тургпндарын жазынуу туура кордум.
Бир Куну кайненем " огой эле,бала торобогон учунбу ото заар эле"
- Эй келин ликап алып кел деди.Уйдо баары отурушат,чай ичилип атат.Эшике учуп чыктым да ликап,ликап бул эмне болду экен деп чый пыйым чыгып ойлонуп атам.Чайга кошуп жей турган неме го.Текчелерди карайм чобогодон башка эч нерсе жок,сурайын десем чон атада жок.Чобогону алпарсабы,башка болуп калсачы.
-Кана ликап деп акшырайып калды.Апа ликапты эмне кыласыз деп артынан бастым.Конфет салган баштыгына жетип.
-Эй келин ликап кана деп ачылуу мени карады.Кайра аркама тызылдап жонодум бир болсо тарелка бирок берип атып тарелка менен башыма салбаса болду деп коркуп турдум...
Бир куну колума оролу нерсени берип жабанга сал деди.Уго кирип жабан эмне болду экен деп коркуп,уйду айланып карайм.Текче болсо текчеге кой дейт эле,мындай карасам кастрюл турат ичин ачсам суу толо.Колумдагыны ачсам эт экен.А сууга салып кой деген турбайбы деп.Этти туздап,банкага салып,озун жаап салып койдум.Кечке жуук эле.апамын кыйкырыгы таш жарды.Чуркап барсам жыгачтан жасалган сандыка окшогон нерсенин жанына отуруп эле айгай салып атат.
-Келин болбой жерге кир,ачык койуп мышыка жегизип ийиптир,эми оозунан укмуш эле создор жаап атат.Эт тууралуу соз экенин билип атам бирок менин созуму уга турган туру жок.Гош кана гош деп эле атат.Дагы гошу эмне болду экен деп унчуга албай турам.Акыры чарчады окшойт.Кайнатана гошту озун толоп бересин деп докулдап калды.
- Апа гош эмне дедим,кайра куч алып кетти.Ошо куну кечке тил уктум.,кечирек байым келди.Гош эмне десем,эт дейт.Чуркап чыгып эле
-Апа гош мына мен жабанга салып койгом деп кастюрулдан алып чыксам.,мээн менен жерге кир жабан дегенди билбесен деп этти коруп эле кайра кыйкыра баштады.Корсо биздин Ошто этти туздабай сактайт экен да...
Атам раматылык,бейиши болгур дайыма кечинде аш жейт эле.Бир алым болсо да аш жакшы деп койор эле.Озубуздун Озгон курч мешок,мешок болуп турар эле.Кой эти менен демдейт элек.Ашка коно албай кыйналам,куруч жеп корбогом да.Катуу бир бышпаган эле нерседей да.Жей албайм.Бир куну кир жууп уйго кирсем женем казанда боз эле нерсени кайнатып атыптыр.
-Жене бул эмне десем.
-Атала деди.
-Силер жакта атала жасайбы?-деп калды.Оба атала жасайт уйга берет,итке берет дедим.
-Ок,ит ичу беле бул атала сонун тамак,биз эле ичебиз деп кагып койду.Мен томсоруп туруп калдым бул киши мени урушпайт эле да.Мени карап, коросун го атала жакшы тамак,адамды ток кармайт,ысыкта сусатпайт деп мактап калды.Кадимкидей тарстокон салдык нан койдук.Женем куйуп атат.Мен ташып атам.Акыры дарстокондун четине келип отурдум,курсагым ач эле.Элди карасам баары ичип атат,байыма карасам охо ракатанып ичип отурат.Ичимен ойлонуп койом и бозоргон менен жакшы тамак окшойт деп бир уртасам эле былжыраган бей даам нерсе.Курсагымдын ачканын ушундан бил чон уртап алыпмын.,не ары кетсе,жутуна албайм,тукуро да албайм,эшике чыкандан коркуп атам.Байкаган чон атам.
- Рая суу алып берчи деди.Эшике кантип жеттим билбейм да....
Бир куну помидор жеп атсам женем шакарап жасайын жейсинби деп калды.Коркуп калган жаным жок жене шакарапты жаман кором дедим.Ишакарапты да жаман коргон бар экен да мейлин,экообуз шакарап менен чай ичели дедим эле да деп чыгып кетти.Ошо куну уйдо эч ким жок эле.Женемдин чай ичкиси келгени белгилуу болду бирок,бирок кайненемдин айткан жабандан экоо болор эле.Биро кулптанат эле анда сары майдан баштап баарын кулптап,ачкычын чачына байлап алат эле.Анан кыйын болсон чай ичип кор.Чайды койуп,салат жасап,кошуна чон апам бар эле аябагандай жакшы байбиче эле ошол энеден нан сурап,женемди чыкырдым.Женем кирип келип эле.
- И шакарапты жаман кором деп атып шакарап жасапсын го деп тангалып калды.Корсо женем салат деген экен эле.
Балдарым,келиндерим, кызым баары жогоруу билимдуу.Неберем да Универде окуйт.Бир кана кенжем окуусун таштап койгон,окуубаса деле мейличи чыныгы адам болсо болду деп Алладан тилеп келем...
Келиндерим ыймандуу,пешенем бар экен.Келиндерим ыймандуу учун да уулдарым куйумдуу.бул жагынан Аллага шугур кылам балам.Мин балан акылдуу болсо да,куйумдуу болсо да келин эсиз болсо балан чекелеп,жалтандап каралаша албай калат бул турмуш чындыгы.Ошон учун жигит,мин суйуп турса да мин жакшы коруп турса да ата энени устун койуп,аялын ата энесин сыйлата билиш керек.Бир колунда ата энесин,бир колунда омурлук жолдошун кармап барса эки жак тен бактылуу жашайт...
Ракмат балам омурлуу бол,дайыма жигит пипри Шаймерден колдосун...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12496 Пользователь офлайн   raia   11 Февраль 2017 - 10:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения Monchoshka (10 Февраль 2017 - 23:50) жазган:

Дагы келип калдым..
Жоопторуңузду окуп отуруп, суроолор пайда болуп калды. (:

Айтыңчы, ата эненин ыраазычылыгын кантип алса болот? Кантип аларга жакшылык кылуу керек?
Өмүрлүк жолдошту тандоодо эң биринчи эмнесине көңүл буруу керек?
Чеберчилик демекчи.. Сиз канча жашыңызда үйрөнүп баштагансыз тиккенди?

Жоопторуңузга алдын ала рахмат !! Аллахым сизге эки дүйнө жакшылыгын, бакытын тартууласын.


Кел балам,келгенин учун ракмат!!
Кыз экенинди билбедим же жигит экенинди билбедим ошон учун балам дедим капачылык жок...
Ата эне баласынан асмандагы айды алып берсин дебейт жон кана балам карамдуу болсо,куйумдуу болсо,артымда бизди уят кылбаган чыныгы адам болсо,баланчанын баласы эле деген жакшы соз калса деп тилеп умут кылат.Озун ойлонуп корчу ата энеге кантип жакшылык кыла аласын?Колунан келсе Мекеге алпар.,калганы озуно баалык.
Омурлош тандоодо адамкерчилигине, ыйманына карасан болот го дейм...
Мен айтканымдай апам чебер аял эле дайыма коз кырымды салып койот элем.Бирок мектеп окуучусу кезимде эле озумо жараштырып юбка,сарафан тигип алат элем.,конулум чапса досторума да тигип берчуумун бирок кыргызча метир,сантиметрлебей тигет элем,коз олчом менен.Сайманы 4-5 класстан сайдым окшойт бирок оз фантазиям эмес кочуруп,санап саят элем.Токушту да эрте эле уйрондум.Турмушка чыканда ушул билген нерселерим менен да кайын атама тез жактым.Биз болунгондо жер тошок беришпеди,озумдун да себим болгон эмес.,качып келсем менде кандай сеп.Ошондо башыма тушкондо апакемдин курактары эсиме тушуп,копчулук кийимдерим Ош жергесине тура келбейт экен эле ошолорду бузуп торт курак тошок кылып кошуналарымды тан калтыргамын. Ошондо 19 га да чыга элек элем...
Келгенден ай отпой эле сайма сайдым анткени туштуктар эскирип кеткен экен эле,атам бечара мулина деген жиб болор эле,ал да колдо сатылат ошондон алып келип берет эле.Атам базарга коп барар эле,бир мешок кылып базардан келет эле.Мен деле жаш балдарга кошлуп астын тозуп чуркап барчуу элем.Колунан мешогун алып бирок кобунчо которушко алым жетпей калат эле ошондо да бар бол кызым бар бол,омурун узун болсун,кам болбо балам деп суйунуп калат эле.
Ошол мешоктун ичинде мага дайыма мулина жиб болор эле.Эртен менен балам кана деп сайган саймамды коруп и тузук,тузук кыйла арбытыпсын деп суйнуп калат эле.Бутконумдо кыздары келсе мактанып балам бутурду,ортосуна кыжым алып берем деп калар эле раматылык...
Сага да ракмат балам...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12497 Пользователь офлайн   raia   11 Февраль 2017 - 11:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бар бол кызым!!
Кызым эмес менин кичинекей синдим турбайсынбы? Жазганынан Ыссык -Колумдун керемет жыты жытанып,бала чагым эсиме келип кетти.
- Оба энелерибиз кийиз кылат эле.Биз окуудан келип классташтар таяр болуп калган,чийге оролгон кийизди жолго алып чыгып алып тепкилейт элек.Энелерибиз тушку тамактарын ичип,каткырышып узаак отурушат эле.Биз да кийиздерин болду дегенче тепкилеп берет элек.Бизге да жыргал классташтар зерикпей суйлошуп ойногончо ,тепкилеп журот элек.Кучтуу балдардын бири астыга чыгып тартып беришет эле...
Колдуктордун ала кийизиндей кооз салынган турун корбодум.Шырдактан бир аз айырмаланып кооз болот эле.Колдун дагы бир жакшы жагы шырдактын астын да кийиз кылат эле.Коп эле жерде таар кылат экен.Анан да чийге салган кийиз бышык болот экен.Биз жакта таарга орошот анча бышык болбой бош болуп калат экен.Ушу шырдакты,кийизге менин да жасоого куштар болдум бирок жасай албадым.Колго барып алып кетем деп чий тартканым эсиме тушуп кетти бирок балдарым,жук оор болуп алып кете албагам.Азыр ойлонуп корсом жалан башка мамлекетин килемин алабыз ( КЫТАЙДЫКЫНА КЕП ЖОК) бирок канчалык кымбатын алсак да шырдак менен кийизчелик жылылуук жок.
Эми жасаганга аракет кылсак ал созсуз болот.Кооз болуп уйундун коркун ачып турса элде да кызыгуу болот.Мисалы мен кыздардын себине курак заказ алып тигип берсем,соз жок кызыгуу болуп заказ келет.Демек копчулуко жагат.
Сен тиксен,мен тиксем дагы бироо сатып алганда кымбат экен,озум аракет кылайын деп дагы бироо тигет.Кооздук дайыма адамдарга ракат тартуулайт. ..
Ракмат кызым Аллахым бактынды мол берсин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12498 Пользователь офлайн   raia   11 Февраль 2017 - 12:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

[quote name='kaidasyn' date='09 Февраль 2017 - 21:39' timestamp='1486654770' post='3302144' ]
Саламатсызбы?

"Ассолом алейкум" деп саламдашкан менен,"саламатсызбы" деп саламдашкан терминди тушундуруп бере аласызбы?
Мусулман Кыргыз элине кайсы бири туура келет деп ойлойсуз?

Озунузду Кыргыз мусулман эсептейсизби же Мусулман Кыргызмын деппи?
[/quot
Саламатчылык балам!!
Менин салам бергеним кызуу талкуу болду окшойт.Чынын айтсам чычалабай ук балам.
Илгертен эрекетер (айрыкча тундук жакта) саламатсызбы, жакшысызбы,аманчылыкпы дешен,арбаныз байбиче деп кээде кээде гана укканым болгон.Эркектер ассолом алекум десе,алеки атсалам деп жооп бергенин билем. Ошол замандын кыргыз калкы деле оздорун мусулман сезишкен да.
Эми кайсыл бири деп деле айталбайм бирок ушул эле менин заманымда деле жаксызбы,амансызбы, саламатсызбы деп бири бирине кайрылышат. Менин да кенже балам бар алыста жургонундо смс кылып жогоркудай саламдашып калчуу.Ошондо деле мен саламатчылык балам деп койот элем...
Ош жергесинде деле мындай саламдашуу болгонун байкабагам да укпагам десем болот бирок мен озбечкалар коп жерде иштеген учун.Ошолордун ассолу алейкум деп бири бирине салам айтып,кучакташып чалпылдатып обушконун коруп тан калып койчуу элем.Ошол учурда уч кыргыз иштейт элек эшиктен кирип келе атып саламатсыздарбы деп жон кана учурашып койот элек.Азыр байксан эркеги деле аялдары деле,атссолму алекум деп, кучакташып чалпылдатып обушконун коруп тобо туугандардан жуканбы дечуу элем...
Мен го озумду мусулманмын деп эсептейм жана да ата тегим кыргыз.Коптогон кыргыз калкым кандай болсо ошондой жопжонокой эненин биримин...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Февраль 2017 - 12:52

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12499 Пользователь офлайн   zuxrab777   11 Февраль 2017 - 13:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 19 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Сен 2020 18:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Өтө кооз жерде.

Саламаттасызбы Рая энеке, сак саламатта болуңуз ар дайым, каарысы бардын ырысы бар демекчи форумчуларга берилген бир акыл насааттык ырыскысы болуп жүрө бериңиз, аталаны ары жута албай же чыгара албай калганыңызды элестетип жаш келин кезиңизди элестетип күлүп алдым, бар болуңуз бакубатта болуңуз демекчимин,
Эмди суроо бере кетпесем болбос сизге.
Түндүктөн түштүкө качып келгем дейсиз, кандай келсеңиз да, алысты жакын кылган кыз болгон экенсиз, азыркы күндө каттаганга каадалап күтүп алуучу төркүнүңүз барбы же ара чолодо эле сырттан кабарлашасызбы төркүндөн?
.Балдарыңыздын сизди Меккеге алып барышын каалайсызбы, Меккени көрүү ниетиңиз барбы?
Кандай болгон күндө да тилеген тилектериңиз кабыл болгон болсун, Пайгамбар жашында экенсиз, бактылуу болуу жаштарда эле эмес, каарыганда да бактылуу болууга не жетсин, бактылуу болуңуз, Сизге эки дүйнөнүн бактысын тилейм, жаш болсом тилегим кабыл болгусу бардыр, бар болуңуз.
Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12500 Пользователь офлайн   raia   11 Февраль 2017 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения zuxrab777 (11 Февраль 2017 - 13:25) жазган:

Саламаттасызбы Рая энеке, сак саламатта болуңуз ар дайым, каарысы бардын ырысы бар демекчи форумчуларга берилген бир акыл насааттык ырыскысы болуп жүрө бериңиз, аталаны ары жута албай же чыгара албай калганыңызды элестетип жаш келин кезиңизди элестетип күлүп алдым, бар болуңуз бакубатта болуңуз демекчимин,
Эмди суроо бере кетпесем болбос сизге.
Түндүктөн түштүкө качып келгем дейсиз, кандай келсеңиз да, алысты жакын кылган кыз болгон экенсиз, азыркы күндө каттаганга каадалап күтүп алуучу төркүнүңүз барбы же ара чолодо эле сырттан кабарлашасызбы төркүндөн?
.Балдарыңыздын сизди Меккеге алып барышын каалайсызбы, Меккени көрүү ниетиңиз барбы?
Кандай болгон күндө да тилеген тилектериңиз кабыл болгон болсун, Пайгамбар жашында экенсиз, бактылуу болуу жаштарда эле эмес, каарыганда да бактылуу болууга не жетсин, бактылуу болуңуз, Сизге эки дүйнөнүн бактысын тилейм, жаш болсом тилегим кабыл болгусу бардыр, бар болуңуз.


Саламатчылык балам !!
Ракмат балам берген суролорун учун!
Алысты жакын кылган кыз делет го.Мен жакын кыла албадым.Аркалык баары бир кетиребиз деген принсипте кайнагам баш болуп катабады.Атам раматылык озу жыйган дунуйосуно ээ боло албады.Бизге той кылып Колго барам деп турганда,акем байлаган койлорун сатып уй той кылып салды.Негедир атам копко узабай ооруп калды бирок дагы кой киргизип байлата баштаган эле бирок атам тошоктон турбай калды.Керезинде атам Каап экооно эч нерсе кыла албадым,аттин уул небереге жетишим кыйын болду эле уул небере коргонумдо той кыла албай калдым арманым уул небереге той кыла албаганым деп тунгучумду карап жаман болду.Балам эжене жазда барам деп айтып койдум эле баралбай калдым мени кечирсин,наалаты силерге арнаганымды той кылып салбадыбы.Экооно эч нерсе алып бере албадым,кызым эн жок десе кол килем сага арнап алып берем деп байлап турган ноопазымды сатып балдарына кийим кече алдым деп отурат.деп капа болушту.
-Ата капа болбон мен сизден капа эмесмин,килемди озубуз алып алабыз деген элем.Ошонтип атамдын да козу отуп кетти.Ошонтип эч ким каттоо кылган жок.Байым экообуз эрчишип атамын аманат созун айтып,атам учун кечиримди озум сурагам.
Азыр каттобуз бар.Бирок ата энемдин козу откондон кийин кыз балага торкун жок делет балам...Мурункудай жылда баруу жок.Эс алганы балдарым алпарат,кетерибизде апамын мурзосуно барганча учурашып корсоткон сыйын коруп келе беребиз.Атамдыкы тогуз жолдун тому Балыкчыда,жолдун бойунда...
Бар да балам,тилек кылам.Россиядагы балама Москваны корсотчу,атактуу музей,мавзелейлерин коргум келет десем.
-Апа Москваны эмне кылласыз андан коро атам экоонузду Мекеге жонотойун деген кеп кылды эле.Умут кылып,тилек кылып кутуп журом да...
Ракмат балам,соогум раазы болду,ракмат. Озун да тилеген тилегине жетип бактылуу,омурлуу бол балам...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 623
  • 624
  • 625
  • 626
  • 627
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 08:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: